Жашаган соң адамча жашаш керек,
Жалгандыкты чындыкка такаш керек.
Баш аламан жумуштун майнабы аз,
Натыйжа берер ишти жасаш керек.
Табыш үчүн талыкпай издеш керек,
Табылган соң таштабай иштеш керек.
Пайдасы жок эмеспи ден соолукка,
Сиңбей турган тамакты ичпеш керек.
"Эр көгөрөт, делет ко, бата менен",
Эмгеги жок көгөрүү ката белем.
Куру кыял курсакты тойгузабы,
Суу сузулбайт түбү жок чака менен...
Тилим менен улутмун! Эсенгул Ибраев
#22 24 Сентябрь 2013 - 15:25
Жабыркап жүргөндөрдүн,
<br style="line-height:
22px;">Жадырап күлгөнү бар.<br style="line-height:
22px;">Бактысыз дегендердин,
<br style="line-height:
22px;">Бактылуу күндөрү бар.<br style="line-height:
22px;">Жолдордо уланыш бар,<br style="line-height:
22px;">Жок болуу, куралыш бар.<br style="line-height:
22px;">Күндөрдө көп болсо экен,<br style="line-height:
22px;">Күтүүсүз кубанычтар.
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 24 Сентябрь 2013 - 15:25