Айтайын дегеним мен Жалал-Абаддын Сузак районунан болом жашым 18де. Фермерчилике кызыгам. Жылкыларды таптап, уйлардын жаны пародаларын алып келип,биздин уйлар менен аргындаштырып асылдуулугун арттырсам деген оюм бар. Анан мага лизингге жаны заманбап трактор береби. Женилдетилген шарттар менен. Биздин айылда иштетилбей жаткан 1000га ашык жер бар ошону иштетсем дейм. Жаш фермерлерди шыктандырып колдоо корсотосуздорбу?
Баракча 1 - 1
Жаш фермерлерди колдоо Жаш фермерлерди колдоо.
#2 04 Февраль 2014 - 19:46
joop kutom. Kuba95kg95@mail.ru 0771007192 0773559801 0773887535 @odnoklassnik. ru kubanych.satybaldiev
#3 04 Февраль 2014 - 19:50
Азамат экенсин. менде жакшы кенештер бар озум ойлонуп ишке ашыра албай жургон пландарым бар колум бошогондо кенен кылып жазып койом.
#5 04 Февраль 2014 - 20:00
сенин колунда азыр канча жандык жана акчан бар азыркы убакта ошону жазып койсон. мен ошонго карап оюмду жазайын.
#6 07 Февраль 2014 - 10:51
2000$дей бар анан бир уй бар. Кредит алсамбы деген оюм бар, бирок бизнес план керек.
#7 01 Апрель 2014 - 18:12
wolf_95 (04 Февраль 2014 - 19:34) жазган:
Айтайын дегеним мен Жалал-Абаддын Сузак районунан болом жашым 18де. Фермерчилике кызыгам. Жылкыларды таптап, уйлардын жаны пародаларын алып келип,биздин уйлар менен аргындаштырып асылдуулугун арттырсам деген оюм бар. Анан мага лизингге жаны заманбап трактор береби. Женилдетилген шарттар менен. Биздин айылда иштетилбей жаткан 1000га ашык жер бар ошону иштетсем дейм. Жаш фермерлерди шыктандырып колдоо корсотосуздорбу?
Лизинг тууралуу бул темада малымат берилди.
Ал эми сурооңуздун мал чарбага тиешелүү бөлүгүнө Айыл чарба жана мелиорация министирлигинин кызматкери Мусаев Кымбатбек жооп берди:
- "Мен фермерчиликке кызыгам, уйлардын жаңы породаларын алып келип, биздин уйлар менен аргындаштырып асылдуулугун арттырам" деп өз оюңузду айтыпсыз.
Учурда айыл жеринде калып, дыйкан-фермердик жумуштар менен алектенем деген жаштар аз, ошондуктан өз айылыңызда эмгектенип, айыл чарбасына өз салымымды кошоюун деген патриот жигиттерден экенсиз. Ошондуктан министрлик Сиздин оюңузга толук кошулуу менен келечекте чың ден-соолук, узун өмүр жана ойлогон ойлоруңузга жетишип, өлкөбүздүн эң алдынкы фермер-дыйкандарынан болушуңузду каалайт.
Айтылган ойлоруңузду ишке ашыруу үчүн, келечекте бир айыл чарбасына керектүү кесиптин ээси болушуңуз зарыл. Ал үчүн учурда Бишкек шаарында К.И. Скрябин атындагы агрардык айыл чарба академиясында мал чарбасына тиешелүү факультеттердин биринде окуп, билим алсаңыз болот.
Ошондой эле Сизге маалымат үчүн аталган академиянын «Ветеринария» факультетинде быйыл "мал докдурлукка окуймун" деген жарандар менен келишим түзүлүп, бир топ жеңилдиктер донорлор жактан берилмекчи.
Ал эми уйларды аргындаштыруу боюнча айта турган болсок, учурда Сузак районунда 3 жасалма жол менен уруктандыруучу пункт иштөөдө, жакында дагы 5 пункт ачылуу алдында турат, ошондуктан кызыккан фермерлер ошол пунктардан «Швиц», «Алатоо», «Абердин-ангус» породасындагы уйлардын уруктарын алып, адистердин жардамы менен уруктандырып, уйлардын порода составын оңдоого толугу менен болот.
Аталган уруктандыруучу пунктардын дарегин билүү үчүн облустагы, райондогу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыктарына кайрылсаңар болот.
#8 04 Апрель 2014 - 22:25
Саламатсынарбы туугандар,ким сут багытындагы Заанен породасындагы эчкилерди багып жатат?Мен андай эчкилерди бишкектен алып келгемин,жакшы сут берип жатышат.Айтайын дегеним ошол эчкилердин текесин алмаштырайын деген элем,кимде ошол породада текелер бар,жжоп кутом.
Баракча 1 - 1