Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.
#42 22 Сентябрь 2014 - 12:16
кылба",-деген сөз бекеринен болбосо керек.
Жооп: - Ооба, молдонун айтканын кылам
деп убара болбо, колуңдан келбейт.
Суроо: “Тигил дүйнөнүн бар экенин ким
көрүп келиптир?”
Жооп: - А жок экенин ким көрүп келиптир?
Суроо: “Молдонун айтканын кыла берсең
акмагың чыгат”- дейт эмеспи?
Жооп: - Чынында молдонун айтканын
кылсаң акмагың чыгып кетет. Антпесе
акмагың менен жашай берип, өзүң да
акмак болуп каласың”- дегени.
Суроо: “Мусулмандар деле кара ташка
сыйынышат”
Жооп: -Мусулмандар Кара ташка
сыйынышпайт. Болгону аны сыйлашат.
Суроо: “Ажылыкта каза болгон кары-
картаңдардын жоопкерчилигин ким алат?”
Жооп: - Аларды карылыгында ошол жакка
өздөрүн жөнөтүп койгон уулдары алат.
Суроо: “Жылкынын баары жорго болот,
жиндинин баары молдо”-болот деп бир
олуя айткан экен. Азыр деле андайлар
толтура го?
Жооп: - Ооба, жинди атыкпаган молдо
чынында жинди. Анткени, пайгамбарыбыз
с.а.в.ды жинди дешкен. Бирок, ким жинди
болуп чыкты?
Суроо: “Карыганда деле намаз окуса
жетишет да, азыр эртерээк го”
Жооп: - Туура айтасыз, азыр эрте. Өлүм
периштеси кечке чейин келип калса керек.
Суроо: “Мечит көбөйдү. Алардын ордуна
мектеп курса болбойбу?”
Жооп: - Болот, ким кой деди. Курам
дегендер болсо курсун.
Суроо: “Арак деле нан жасалган буудайдан
жасалат да. Аны неге арам дейсиңер?”
Жооп: - Энеңиз менен кызыңыз деле аял
да, эмнеге аларга үйлөнбөйсүз?
Суроо: “Ажыга барып келсе деле
күнөөлөрдү жасап жатышпайбы? ”
Жооп:- Мончодон чыкса деле адам кирдеп
жатпайбы?
Суроо: “Ажыдан келип алып, мурдагыдан
бетер бузукулук кылгандар бар...”
Жооп: -Туура, эшек Аравияга барып келсе
эле эшектигин кылбай койбойт.
Суроо: “Кечээ эле арак ичип жүрбөдү беле,
бүгүн намаз окуп калыптыр...”
Жооп: - Ооба, а сиз дагеле ичип жүрөсүз.
Суроо: “Намазды кыргызча окуса
болбойбу?”
Жооп: -Болот, бирок кыраатын кайсы
обончуга жаздырасыз?
Суроо: “Эмнеге эле молдокелер арак
болбойт, аялга барган туура эмес, тамеки
тартпагыла” – дей беришет?
Жооп: -Алар муну мусулмандарга айтып
жатышат.
Суроо: “Көп аял алуу кыргыз элине жат
көрүнүш. Кайсы кыргыз көп катын
алыптыр?”
Жооп: - Манас, Семетей, Сейтек, дегеле эр
менен баатырдын баары.
Суроо: “Азыр жаштар ата-бабасы койбогон
сакалды коюп калды”
Жооп: -Тетирисинче, азыр ата-бабалар
койгон сакал коюла баштады. А силер аны
алып салгансыңар. Курманжан даткадан
башка бүт кыргыз жакшыларынын сакалы
болгон.
Суроо: “Адам динден көрө илимди үйрөнүү
зарыл. Илим гана туура жолго жетелейт”
Жооп: - Илдимпоздордун эң укмушу
Акаевпи?
Суроо: “Көзү ачыктар жолун ачып, иши
жүргөндөр толтура”.
Жооп: - Анда эмнеге көзү ачыктар өздөрү
самсаалап базарларда отурушат?
Суроо: “Жүрөгүм таза болсо болду да,
намаз окуп, орозо тутуп эмне кылам?”
Жооп: - Тетирисинче жүрөктү намаз менен
орозо тазартат.
Суроо: "Өзү эле кечээ арак ичип жүргөн,
бүгүн эле намаз окуп калганын кара”
Жооп: - А сиз дагы эле ичип жүрөсүз. Качан
намаз окуп калаарыңызды кудай билет.
Суроо: “Кыздарга жоолук салып, баарын
чүмкөп салсаңар эркектер кимди карайт
эми?”
Жооп: - Өздөрүнүн кыздарын чечинтип
алып карай берсин. Сөзсүз бирөөнүн кызын
караш керекпи?!
Суроо: “Жоолукту салынып алып,
кылбаганды кылганы канча...”
Жооп: - Ооба, алар али кылбаганын кылып
жатат. А силер кылганыңардан али кутула
элегиңер канча?!
Суроо: “Кыргыздын кыздары жүздөрүн
чүмкөгөн эмес”
Жооп: - Анткени бүгүнкүдөй эркектери жок
эле
Суроо: “Шалбырап кийинип алып, үч уктап
түшүнө кирбеген жерлерде тентип жүрүшөт”
Жооп: - Анткени сизге окшоп
шалбырабагандар кошунасын да тыйып
койо албайт.
Суроо: “Чала молдо дин бузат” дейт
элде...”
Жооп: - Ооба, анткени толо молдосу динди
билбейт.
Суроо: “Намазды буйурганда окуйбуз...”
Жооп: - Бойго жеткендерге “Оку” деп
буйрулган. Же Кудай Өзү келип,
маңдайыңызга туруп буйурсунбу?
Суроо: "Намаз окуганга убактым жок болуп
жатпайбы?”
Жооп: - Эч нерсе эмес, өлүм периштеси
келгенде табылып калаар.
Суроо: “Сакалчандар террористтер, а
терроризм дегени коркутуу дегенди
билдирет экен”.
Жооп: - Туура айтасыз, алар гана тозок
менен коркутушат.
Суроо: “Намаз окуп жүрүп деле күнөөлөрдү
жасап жатышпайбы? ”
Жооп: - Алар жок дегенде намаз окуп
жатышат. А силер күнөө да кыласыңар
намазды да окубайсыңар.
Суроо: “Эмне үчүн эркек бир нече аял алса
болот, аял бир нече күйөө менен жашаганы
болбойт?”
Жооп: - Бир эркектин төрт кепичи болсо
кандай жана бир кепичти төрт эркек кийсе
кандай?
Суроо: “Адалсынган молдодон алты
камандын башы чыгат”,-дейт.
Жооп: - Айылдын баарын тазалаган тура
кидают камень, отвечайте плодами»
#43 14 Февраль 2015 - 10:05
#44 15 Февраль 2015 - 02:23
violetta88 (14 Февраль 2015 - 10:05) жазган:
Чубак ажы бул жактан жооп бербейтта. Бул маалыматтар бизге сабак болуусу учун,башка сайттан алынып келинген.
#45 16 Февраль 2015 - 03:42
Гадир Хум, Ашура күндөрүн майрамдаса болобу? Кандай майрамдаш керек? Бизде бул күндөргө эмне үчүн өтө маани берилбейт? Шиалар эмне үчүн бул күндөрдү катуу майрамдашат?
- Раафиза (Шиалар) акыйдасы боюнча Зулхижжа айынын он сегизинчи күнү Гадир Хум майрамы деп эсептелет. Бул күндү алар "Чоң айт" (Ийдул акбар) деп аташып, Курман айт менен Орозо айтка караганда жогорураак көрүшөт. Бул күнү орозо тутушат. Ал эми Мухаррам айынын ону күнү Ашура майрамын белгилешет. Бул күндү кайгыруу, аза күтүү, чынжырчалар менен көкүрөккө чаап, бычак, кылыч сыяктуулар менен көкүрөк баштарын канатышып майрамдашат. Мунун бардыгын Азирети Хусейиндин өлтүрүлгөндүгүнө капалануу деп түшүндүрүшөт. (Мужмал акааиди аш шииати, 54-б.)
Бул күндөрдү жогорудагыдай таризде майрамдоо Ислам таалиминде жок. Мусулманчылыгыбызда жок болгон себептен майрамдабайбыз. Маани да берилбейт. Сүйүү майрамына, жаңы-жыл майрамдарына маани бербегендей эле.
Кимде ким майрамдаса жок жорукту баштаган болуп, бидьат –арам ишти ишке ашырган болуп эсептелет.
Ал эми Ашура орозосун тутуу мусулманчылыкта бар. Бирок анын Азирети Хусейиндин өлтүрүлгөндүгүнө байлабастан, Пайгамбарыбыз тутуунун жакшы экендигин эскерткендиги үчүн тутабыз. Бир күн кошуп тутабыз. Муса алайхис саламдын жөөттөрдүн колунан аман-эсен кутулган урматына кармала турган орозо. Бирок майрам деп айтылынбайт.
- Ахлибейт жана 12 имам боюнча маалымат берүүңүздү суранам. Эмне үчүн биздин булактарда аларды аз айтат?
- Эми биз шиалардан болбогондон кийин, албетте алар жөнүндө айтпайбыз. Себеби биздин акыйда маселелерибизге кээ бир жери коошпойт. Алардын пикиринде пайгамбарыбыздан кийин он эки имам келет, алардын баары (маьсуум) күнөөлөрдөн сакталынган болушат деп ынанышат. Ахлул байт дегенде пайгамбарыбыздын, тагыраак айтканда Азирети Алийдин тукумдарын түшүнүшөт жана аларга өзгөчө макам берип, ашырып да жиберишет. Кээде кудайлык даражаны ыйгаргандай таасир калтырат.
Шииалар жөнүндө кенен маалымат алгыңыз келсе Шаах Абдулазиз Гулам Хакиим Дихливийдин "Тухфа ал исна ал ашария" китебин, Махмуд Шукрий Алуусийдин ага берген мухтасарын (кыскартып, түзөткөнүн), Мууса Жарулланын "Вашииьа" китебин, Мамдуух Харбийдин "Мужмалу акааиди аш шииати" китептерин араб тилинде окууну сунуш кылат элем.
- Мусулмандар үчүн ЗАГС жана вечер той кылса өкүмү кандай? Талак түшөбү? Баатыр
- ЗАГС дегенибиз эки жаштын “граждандык актыларды каттоо бөлүмүнө» барып никесин каттатуусун айтабыз. Молдого нике кыйдырып, ошол эле учурда ЗАГС кагазын алуунун эч зыяны жок. Кайра жакшы болот.
Ал эми адатта ЗАГС дегенде капрон менен тордон тигилген көйнөктү кийип, "табарсык" менен жасалган машине менен ары-бери жүргөнгө айтылып жүрөт элибизде. Эгерде келиндин аврет жерлери көрүнбөгүдөй кылып этек-жеңи узун көйнөк кийип, башына жоолук салса, күнүгө эле турмушка чыгып жатыптырбы- эмнеге болбосун. Болгону шариат эрежелери сакталуусу кажет.
"Вечер" дегенибиз кадимки той деген эле сөз. Арак ичилбесе, жиндилик болбосо, эркектер өзүнчө, аялдар өзүнчө болсо эмне үчүн болбосун? Мусулманча той дегенди уктуңуз беле?
Кээ бир молдочалыштардын "ЗАГС жана вечер кылса талак түшөт" деп айтканын укканым бар. Бирок ал туура эмес айтылган сөз экендигин баса белгилөө керек.
- Аялым “жообумду бер” деди эле, “үч талак, бара бер” дедим. Талак кабыл болуп калабы? Биз ажырашкан жокпуз. 077712...
- Эгер сиз "үч талак" деп айткан убагыңызда аялыңызга талак түшүүсүн каалап айткан болсоңуз үч талак түшөт. Себеби сиздин "үч талак" деген сөзүңүз жылаңач айтылып, "Кимге? Эмне болот?" деген суроолорго жооп берилген эмес. Андыктан ал суроолорго жоопту тактоо үчүн сиздин ниетиңизди суроого мажбурбуз. Бул жөнүндө "Мухиит Бурхааний" , "Фатаава Валваалажия" , "Хулаасатул фатаава" "Фатаава Хаания" ж.б. китептерде айтылат. Кээ бир өзүнүкүн бергиси келбегендер каршы чыгуусу мүмкүн бул фатвага, бирок "Билгендики билбегенге далил" илимий эрежесин эстеп коюшса демекчимин.
Эгер сиз "Паланчага үч талак бердим "деп сүйлөмдү толук айткан болсоңуз, анда кандай гана ниетте айткандыгыңызга карабастан талак түшмөк. Тамашалап айтсаңыз да түшө бермек. Себеби талак маселеси тамашалаша турган маселе эмес.
Ал эми "бара бер" деген сөзүңүз кыйытма талактын катарына кошулат, кандай гана болбосун сиздин ниетиңизге муктаж. Талак ниетинде айткан болсоңуз талак болот. Башкача болсо башкача болот.
- “Аалам сырларындагыдай” көзү ачыктык кылгандардын көбүн эле билебиз, бардар, бактылуу эле жашап жүрүшөт го. А сиз эзели жарыбайт, бактысыз болот депсиз. Мен ойлойм, алар адамдын үнүн Кудайга жеткире алган ортомчулар деп. Алар деле сүрөлөр менен окушат го. 077118...
- Аларды карап жүр, тооба кылбаса бактысыз болоорун көзүң менен көрөөрсүң. Бул дүйнөдө болбосо акыретте чыркырап тозокко кетип жатканын көргөндө, мени туура айтты дээрсиң. Алар сүрөө окуса да мусулман болуп калбайт. Ар бир адам өзүнүн үнүн Кудай Таалама өзү жеткире алат. Ортомчунун кызматысыз эле. Намазды окуганда Кудай Таалама сөзүбүз жетет. Кечирип коюңуз.
- Ажылык сапардан келгенде, үйгө кирип келатканда айтылуучу келмени же жар чакырыкты билгим келди. Сүйүн
- Атайын бир айтылуучу келме же жар чакырык бул учурга белгиленген эмес. Жөн эле куттуктай бересиз...
- Мен студентмин. Студенттерге 15%дан акча берсемби дегем. Өзүм намаз окуйм. Бул күнөө эмеспи? Өзүмө такыр пайда калбайт. Болгону акча берип отурган кеңсенин эле ижарасы чыгат бир айда. Пайда калсын деген ниеттен алысмын. 055505...
- Ошол арам. Сөз болууга да мүмкүн эмес....
- Ден соолукка байланыштуу 15 күндүн түйүлдүктү алдырыш керек болду. Кандай болот?
- Эненин ден соолугуна олуттуу зыян келтире турган болсо, уруксат берилет. Андай болбогон шартта адам өлтүргөндөй эле болот.
- Жоолук салынамын, Кудайга шүгүр. Кээде көзүмө кирпик койгум келет. Болобу? 077710...
- Болбойт. Жакшысы бетиңи жакшылап эле жуу.
- Мечиттердин үстүнө орнотулган ай эмнени билдирет? 077754...
- Шариатта мечиттерге ай коюлсун деп деле айтылбайт. Кийинки доорлордо айга карап орозо тутабыз, айга карап айтыбызды белгилейбиз деген ишенимден улам мечиттердин үстүнө орнотулуп калган көрүнөт.
- Орозо кармаганда мисвак колдонсо болобу? Эрте менен азандан мурда ооз жабыш керекпи? Багымдатка чейин жапса болобу? Кечигип калса ниет кылып кармаса боло береби? Кечинде да азандан кийин ачыш керекпи? Орозо убакта гусул алса болобу? Санжар
- Орозодо мисвак колдонсо болот. Көбүрөөк колдонгону жакшыраак.
Эртең менен багымдат азанынын убактысынан мурда оозду жаап калуу керек болот. Багымдат убакыт киргенден кийин окулуп жатпайбы? Кечигип калсаңыз, азан убактысынан кийин эч нерсе жебеген болсоңуз, ниет кылсаңыз жарай берет. Рамазан орозосу менен нафил орозо туткан учурда. Кечинде да шам азанынын убагынан кийин ачуу керек болот. Орозо убакта гусул алса болот.
- Кыргызстанда Идрис, Сулайман пайгамбарлар жүргөн жерлер бар. Ал жерлер ыйыкпы жана алар жөнүндө айтып берсеңиз. 077143...
- Ал жерлер ыйык эмес. Болгону тарыхий жана кооз жерлер деп айтсак жарашат. Ибаадаттын кайсы бир түрүн (м: намаз окуу, курмандык чалуу, таваф аткаруу, бала суроо ж.б.) ошол жерлерге арноого болбойт.
- Кудай 1 адамга канча периштени кызмат кылууга буюрган? Оң желке менен сол желкедеги периштелерден сырткары. 077143...
- Бир канча периштелерди. ..
- Эркек адам алтын шакек тагынса болбойбу? Мисалы, нике шакектин зыяны жана күнөөсү кандай болот? 055193...
- Эркекке алтын шакек, алтын күмүш чынжырчалар арам. Тагынууга болбойт. Пайгамбарыбыз алайхис салам тыйган. Деги эле эркек адамга алтын жасалгаларды колдонууга тыюу салынат.
- Мен туулганда кекеч болуп туулгам. Азыр жакшы сүйлөй албайм. Эмне кылсам болот? 055011...
- Дуба кыл. Доктурларга көрүн. Меккеге барып калсаң, Каабанын ачкычын жаласаң пайда болоор эле...
- Бактылуулукту кандай түшүнөсүз?
- Кудай жолунда татыктуу жашоону, тагдырга ыраазы болууну түшүнөм. Калган баары жалганчы сезимдер, адамдын өзүн-өзү алдоосу, закым көрүнүш.
- Менин кошунам каапыр экен. Улуту орус. Жашым он төрттө. Мага “Куран окуба. Куран - бул саясат” дейт. Бирок апасы христиан. Биз андан сүт алып ичебиз. Ичкен сүтүбүз арам болуп калбайбы? 077935...
- Анын сөзүн укпа. Дөөрүй берет экен. Сүтүн алып иче бер. Сүттө айып жок. Теке болсун сүт берсин дейт эмеспи. Куранды үзбөй оку. Ошол оруска даават кылып мусулман кылганга аракет кыл. Бейиши болоорсуң...
- Гусулу жок зикир чалса, маркумдарга багыштаса болобу? 070552...
- Гусулу жок зикир жарай бергени менен, гусулу жок жүргөн кандай жийиркеничтүү. ..
- Мен намаз окуйм, ороном. Көп учурда башымды төмөн салып жүрөм. Туурабы? Бирөө менен бат тил табыша албайм. Аялдардан көп таанышым болушун каалайм. 077108...
- Эң туура. Ар кимдин жүзүн карап тастыңдагандын кимге кереги бар. Кудайым бактылуу кылсын.
- Талак бергенде сөзсүз атын аташ керекпи? Жакында абройлуу молдоке үч талак берген адамды ошол берген аялы менен кошо нике кыйыптыр. “Атын атабапсың, боло берет” дегендей. Ушул жорук шариятка туура келеби? Мирбек
- Жогоруда бул туурасында айтылынды. Маселени толук угуп-укпай эле өкүм чыгара берген туура эмес. Үч талак түшкөн болсо кайра нике кыйылбайт. Түшпөгөн болсо керек, же ар кандай себеп менен үчтөн аз талак түшүүсү да ыктымал. Кудайым ынсаптан айырбасын.
- Урматтуу уулум Чубак, Аллах Сизди кем кылбасын. Мен Баткенден аксакал ата болом. Өткөн бир санда бир жаранга “аялың мурастын сегизден бирин алат” деп жазыпсыз. Ошого караганда мурасты билет экенсиз баракалла. Мен 75ке чыгып, бир далил мурас маселесин чечкен молдо таппадым. Чоң молдо дегенинен сурасам албастап калат. Себеби менин чоң атам Өзбекстанда молдо болуп, анан мурас үйрөнөм деп Тажикстандан нары өтүп кетип кайра келген эмес экен. Орто Азияда бул илим жокпу? Бир неберемди берет элем, мурас билген молдо тапсам. Чоң атасынын арзуусун акташ үчүн. Кимге кайрылсам болот? 077387...
- Кудайым тилегениңизди берген болсун, Ата! Небереңизди Бишкектеги медреселердин бирине киргизсеңиз, мен өзүм мурас илимин окутуп берейин. Жетиштүү маалыматым бар. Кокустан убактым тарыраак болуп калса, менден кем билбеген Устаз Юсуф деген мударрисибиз бар (Ак +ргө мечитинин имамы), ошого дайындаймын. Мурас илими илимдин тең жарымы деп айтылат. Кудайым небереңизди забардас аалым, билгенине аамил кылган болсун...
- Келинчегим экөөбүз анча-мынча урушуп кетебиз. “Кет апаңдыкына” деп айтылып кеткен учурлар болот ачуу үстүндө. Талак түшүп калбайбы? 077215...
- Ниетиңизге жараша болот. Жөн эле урушкан болсоңуз эч нерсе болбойт. Эрди катын урушат, эси кеткен болушат, кечиндеси жатышат, таң атканда табышат.
- Дааватка кырк күнгө чыкканда бараар жерин айтып кетиш шариятка туура келеби? Же айтпай эле кете бериш керекпи? 055812...
- Бараар жерин айткан туура келет. Аркамдан жадатып издеп барып албасын деп айтпай кетсе керек. Болбосо кагаз жазылганда кайсы жерге экендиги даана жазылат эле.
- Аялым химиялык чач боек менен чачын боеп жүрчү ак чачым көп деп. Сиз гусул, даарат жараксыз болот депсиз. Эми аялымдын чачын кандай кылсак болот? Чачын кырып салайынбы же кандай? Биз буга чейин билбедик да, Аллахыма тообо, тообо! Нурбек
- Ошо чачын боёп берген боёкчуга барса, ал боёкту кетирип берет. Андан кийин табигый хна менен чачын боёп алса кулпуруп, жандуу абалга келет. Адашкандын айбы жок кайтып үйрүн тапкан соң.
- Никени ар үч айда жаңылап турса үй-бүлө бекем болот деген туурабы? Тимур
- Жок, туура эмес. Эң жакшысы аялыңызды сүйүп, эртең менен жумушка бара жатканда бетинен өөп кетсеңиз эле үй-бүлө бекемделе берет. Шариат менен жашоо эң сонун бекемдейт үй-бүлөнү. Болгону шариатты туура кармануу керек. Ар ким өзү билгендей эмес.
- Менин жүрөгүмдө ыйман жок. Бир нерсеге ишениш жок. Жалгызмын. Жалгыздыкты жакшы көрөм. Мага дуба кылыңызчы, ушул кыздын жүрөгүнө ыйман киргизчи деп. Өзүм намаз окуйм. Сырдуу кыз
- Кудай тилегиңди берген болсун....
- Шаарларда ачылып жаткан дарсканаларга кандай карайсыз? 070308...
- Кудайдын бергени ошол. Кудайым кут кылсын.
- Күйөөм арак ичет. 6 балам бар. Ичип алып тополоң кылат. Мени “үйдөн чыгып кет” деп айтат. Бирдеме деп ооз ачсам урат. Намаз окусам “сен чоң күнөө кылып коюп кудайдан кечирим сурайсың” дейт. Башым катты. Эмне кылам? Кимге барам? Өлгүм келет. 077063...
- Өлүп калсаң, тебелеп-тепсеп көмүп коюшат. Балдарың эмне болот... Сабыр кыл....
- Апам көп жылдардан бери нерв оорусу менен ооруйт. Ооруканага жатып дарыланып да чыкты. Кээде аябай жакшы, анан эле акылынан адашып кетет. Жашоодон абдан көңүлүм калды. Тубаса мындай болсо да минтип отурбайт элем. Сиздин кеңешиңиз керек. Кандай молдолор жардам бере алат? Апам мурда мүрзөнүн жанында катуу чочуган экен. 077744...
- Кудайдан башка эч ким жардам бере албайт. Молдолор себепкер эле болот. Ынтымак жаңы конушундагы Жыргал каарыга кайрылып көргүлө. Ошо мечитин имамы. Мен андан кыйынын билбеймин бул жаатта. Жинди дагы сиз деп атып кууп чыгат.
- Сиздин жоопторуңузду чыдамсыздык менен күтүп окуйбуз. Мени бир молдо “сенде дуба бар экен, кайтарма ич” деди. Эмне кылышым керек? 077288...
- Намаз окушуңуз керек. Ошонун өзү кайтарма болот. Кандай молдо айтканына бир аз акылым жетпей турат. Адашып аалам сырларына катышып жаткан жаңкы селде чалынган шордуудан сурап алган жоксузбу?...
- Атам арак ичет, апам оорукчан. Аламүдүн районунда бир табып суу дубалап берип экинчи арак ичкис кылып коет экен. Ошого барсак болобу? 077216...
- Ошондой болсо кана. Менин дагы анча-мынча тааныштарым бар алып келет элем...
- Исламда кыйнабагыла, зордобогула, колунан келгенин жасасын деп айтат. Бул деген чын жүрөктөн аңдап түшүнгөндөн кийин, Кудай дилине салгандан кийин болот. Жоолукту оронбосо деле жүрөгү таза, ыймандуу болуп, намаз окуп, туура жолдо жүрсө жакшы го, заманга жараша ылайыктап. 077143...
- Сиз гезит менен сүйлөшүп, дагы бир бетке суроо-жооп уюштурсаңыз болчу экен. Өзүңүздүн каалаганыңызды айта берет элеңиз. Сиздин оюңузча аялы бар адам мен колуман келгени ушул, мени зордобогула деп келип, башка бирөөнү зордуктай берсе болобу? Же эрлүү аял мени мажбурлабагыла деп эле бирөөнү ойнош тутуп алса не болот. Шумдугуң кур...
- Башка убакта жөн эле жүрүп намаз окуган убакта эсней берем же тазаланып жаткан боломунбу? Үйдө ондон ашык теспе бар. Күнүгө аларды ар намаздан кийин Аллага мактоолор айтып тартып чыгам. Болобу? 077143...
- Теспелериң өтө көбөйүп кетсе, 24 саат теспе тартып отура берсең эгинди ким чабат, малды ким жаят? Бир теспе жетпейби бир башка. Калгандарын көчөдөгү кичине кыздарга мончок кылып бер....
- Биз жолдошум экөөбүз жакшы жашап жаткан жерден ортодогу суутма дубадан ажырашып кеттик. Эми мен молдолорго барып окутсам болобу? Бирок өзү алыс жакта. Сүрөт аркылуу болобу? Кандай чара колдонсом болот? 055766...
- Сүрөт колдонгон эле болсо, ал молдо эмес. Бизде сүрөт колдонбойт. Бисмилла деп барып эле жарашып жашай бер. Мурдагы катачылыктарды кайра кайталабагыла. ... Намаз окугула...
- Өлүп жаткан адамга сөз берип аны аткарбай койсо эмне болот? Атам узап жатканда иниси менен карындашы сөз берип, анын бирин да аткарбай койду. Кийин апам менен айтыша кетип бизден кол үздү. Айка
- Эми анын эмнесин сурайсың берекем. Аткарса сооп алаар эле, аткарбаса ошого жараша күнөөкөр болду.
- Эгерде адам үйлөнбөй өлсө, кабырда, кыяматта жаза албайбы? Пайгамбарыбыздын (с.а.в) ырайымы болобу? Үйлөнүү мустахаббы?
- Эмне үчүн үйлөнбөгөндүгүнө байланыштуу болот. Үйлөнүү сүннөт. Кээде ваажып.
- Шариятта алимент төлөө барбы? 4 балам бар. Атабыз айына 2000 же 3000 миң берип коет. Өзүм иштейин десем балам үч айлык. Бага албасаң балдарды таштап кет дейт. Кайра жашаганга жол жок дейт. Кантип таштайм? Кантип багып алам? 077880...
- Шариатта эркек адам балдарын толук камсыздап багуусу керек болот. Эгер камсыздабаса алимент кестирип алуу керек болот. Кайра жашаганга жол жок экендигин илимине ишеничтүү молдолордон сурады бекен деги?...
- Мен жолдошум менен жашагым келбейт. Ортодо бир балабыз бар. Уяттуу кинону көп көрөт. Төшөктө кинодогудай “оозуңа сал” дей берет. “Болбойт” десем, “бири-бирибизге адалбыз” дейт. Ошон үчүн жашабай келе бергем. Эмне кылсам болот? Намаз окуймун. Шарият боюнча эркек менен аял кошулганда уяттуу жерлерин көргөнгө болбойт го. Сезим
- Жолдошуң сенден макрух нерсени талап кылып жатыптыр. Жубайлардын бири-биринин уяттуу жерлерин көрбөгөндүгү адептүүлүк деп билинет. Бирок тыюу салынбайт. Уяттуу кинолорду көргөн арам жумуш. Үйгө ал сыяктуу кинолорду киргизбөө керек. Жанагы жаман адатыңы ташта деп келишип алып, кайра жашагандыгыңыз макул.
- Мен саждага барганда көзүмө жакшы нерселер көрүнүп турчу. Акыркы күндөрү кара нерсе мага уят нерселерин, уят иштерин көрсөтүп көрүнүп кетип атат. Бул шайтанбы? Шайтан дайыма эле жаныбызда жүрөбү? 077909...
- Менин көзүмө эч нерсе көрүнбөйт. Жаманы деле жакшысы деле... Сиз намаздан кийин "Аьуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим" деп айтып сол жагыңызга үч ирет түкүрүңүз.
- Канча аракет кылсам да намазды жаттай албай жатам. Эмне кылам?
- Колуңдан келишинче окуй бер, утур жаттаганыңды кошуп кете бересиң.
- Исламда каргыш барбы? Бирөөнү бейкүнөө каргаса тиеби? Мен кошунам каргады. Мен бирөөгө жакшылык кылдым деп ойлосом, экинчисинен каргыш уктум. Тиги сата албаган буюмду сатып бердим, беркиси өзүнүкүндөй колдончу эле. Менде күнөөбү? 077262...
- Жок ал каргыш тийбейт. Маани бербеңиз. Сизде күнөө жок. Соопко калдыңыз....
- Бир кызды жакшы көрүп калганмын. Никесиз жүрсө күнөө болот. Эмне кылсам болот? 070394...
- Кудага жөнөт, сөйкө салсын. Нике кыйдырап ал дагы, кечке кучактап жата бер сүйгөнүңдү. ...Никесиз жүргөн арам....
- Менин абысыным биринчи күйөөсүнөн ажырашып, кайниме турмушка чыкты. Биринчи күйөөсүнөн боюнда бар экен, бизден жашырып кайнимден деп төрөдү. Шариятта эгер аялдын боюнда бар болсо, төрөп анан турмушка чыгышы керек. Экөөнүн никеси түштүбү? Анан экөө гусулду билишпейт. Гусулду билиш керек го. Туура жообуңузду күтөм. 077277...
- Туура жообуңузду күтөм дегениңизди түшүнө албай турам. Биринчи күйөөсүнөн экендигин кантип билдиңиз экен, же шам кармап бергенсизби? Гусулду билбесе үйрөтүңүз, сиз билет экенсиз. Анан дагы ар ким маселесин өздөрү сурагандыгы макул болот. Абысын аңдышкан жоо деген кеп да бар.
- Жолдошум менен эки жыл мурун ажырашкам. Эми жашаганыбызга 2 ай болду. Кайра нике кыйыш керекпи? Саку
- Кантип ажырашканыңарды билбей туруп, кантип жооп бермек элем...
- Намазда сажда кылганда эки бут көтөрүлүп кетсе намаз бузулбайбы? 055607...
- Сежде сеждеге өтпөй калат, эгерде сежде учурунда таптакыр жерге тийбесе. Жок эле дегенде эки буттун биринин манжалары жерге бир саамга да болсо тийүүсү керек.
- Намаз окуп жатканда телефонун өчүрүштү унутуп калса, анан бирөө чалып калып, аны колу менен өчүрсө намазы бузулбайбы? 055607...
- Эгер көп кыймыл менен өчүрө турган болсо, намаз бузулуп калуусу мүмкүн. Аз кыймыл менен боло турган болсо, макрух болуу менен дурус болот.
- Мен контейнер тазалатайын деп касыйдачы молдого баргам. Ал мага “арча, адырашман, туз, аарынын уюгун жана башка алып кел” деди эле. Ширк кылган жокмунбу? Анан акчасын берейин дегем. 077036...
- Кудайым ушуларды себеп кылат деген ишеним болсо ширк болбойт. Ушул нерселер менен тазаланат деп ишенген болсо ыймандан чыгып калат.
- Намаз окуйм деп жайнамазга отурсам эле кулагыма үндөр угулуп окуй албай койдум. Ал-Бухари мечитине барсам бир молдо жин жармашыптыр деп окуду эле. Үйгө жеткиче эле периште, ажал менен алышып, жинди болуп калып, туугандарым дарылатышып азыр жакшымын. Дагы окутсам жинди болуп калбаймынбы? Коркуп жатам. 077971...
- Окугандан жинди болчу беле? Кайра жакшы болбойбу?
Билдирүүнү түзөткөн: momyn_jygyt: 16 Февраль 2015 - 03:45
#46 16 Февраль 2015 - 08:03
momyn_jygyt (16 Февраль 2015 - 03:42) жазган:

Жакшы жооптор болуптур. Айрыкча жанагы шам кармап бердинизби? дегени кызык экен)))
#48 24 Февраль 2015 - 13:51
#49 24 Февраль 2015 - 17:11
sterva (24 Февраль 2015 - 13:51) жазган:
каралдым кайсы темадан, кайсы жактан, кимдин нигинен ачуу жооп угуп келдин экен,
#50 24 Февраль 2015 - 17:37
#51 24 Февраль 2015 - 18:17
#52 24 Февраль 2015 - 19:11
#53 24 Февраль 2015 - 19:29
#54 24 Февраль 2015 - 19:52
#55 25 Февраль 2015 - 14:58
*Суроо-жоопторду топтоп колдонууга ынгайлаштырсак кандай дейсинер. Себеби устасыбыздын сабагында кайталанган суроолор кобойуп баратат. Кыскача айтканда андроидке(програма катарында киргизипи?), же атайын веббаракча ачыпбы, кимин кандай ойу бар?
Мункун болсо ойлорубузду чогултуп жолугуп суйлошсок. (Айтбек aitbek.bostonov@gmail. com)
Балким туура эмес болсо кечирим сурайм.
#56 25 Февраль 2015 - 16:37
rumaika5544 (22 Сентябрь 2014 - 12:16) жазган:
/>Суроо: “Жылкынын баары жорго болот,<br />жиндинин баары молдо”-болот деп бир<br />олуя айткан экен. Азыр деле андайлар<br />толтура го?<br />Жооп: - Ооба, жинди атыкпаган молдо<br />чынында жинди. Анткени, пайгамбарыбыз< br />с.а.в.ды жинди дешкен. Бирок, ким жинди<br />болуп чыкты?<br />Суроо: “Карыганда деле намаз окуса<br />жетишет да, азыр эртерээк го”<br />Жооп: - Туура айтасыз, азыр эрте. Өлүм<br />периштеси кечке чейин келип калса керек.<br />Суроо: “Мечит көбөйдү. Алардын ордуна<br />мектеп курса болбойбу?”< br />Жооп: - Болот, ким кой деди. Курам<br />дегендер болсо курсун.<br />Суроо: “Арак деле нан жасалган буудайдан< br />жасалат да. Аны неге арам дейсиңер?”< br />Жооп: - Энеңиз менен кызыңыз деле аял<br />да, эмнеге аларга үйлөнбөйсүз? <br />Суроо: “Ажыга барып келсе деле<br />күнөөлөрдү жасап жатышпайбы? ”<br />Жооп:- Мончодон чыкса деле адам кирдеп<br />жатпайбы? <br />Суроо: “Ажыдан келип алып, мурдагыдан< br />бетер бузукулук кылгандар бар...”<br />Жооп: -Туура, эшек Аравияга барып келсе<br />эле эшектигин кылбай койбойт.<br />Суроо: “Кечээ эле арак ичип жүрбөдү беле,<br />бүгүн намаз окуп калыптыр...”< br />Жооп: - Ооба, а сиз дагеле ичип жүрөсүз.<br />Суроо: “Намазды кыргызча окуса<br />болбойбу? ”<br />Жооп: -Болот, бирок кыраатын кайсы<br />обончуга жаздырасыз? <br />Суроо: “Эмнеге эле молдокелер арак<br />болбойт, аялга барган туура эмес, тамеки<br />тартпагыла” – дей беришет?<br />Жооп: -Алар муну мусулмандарга айтып<br />жатышат.< br />Суроо: “Көп аял алуу кыргыз элине жат<br />көрүнүш. Кайсы кыргыз көп катын<br />алыптыр?”< br />Жооп: - Манас, Семетей, Сейтек, дегеле эр<br />менен баатырдын баары.<br />Суроо: “Азыр жаштар ата-бабасы койбогон<br />сакалды коюп калды”<br />Жооп: -Тетирисинче, азыр ата-бабалар< br />койгон сакал коюла баштады. А силер аны<br />алып салгансыңар. Курманжан даткадан<br />башка бүт кыргыз жакшыларынын сакалы<br />болгон.< br />Суроо: “Адам динден көрө илимди үйрөнүү<br />зарыл. Илим гана туура жолго жетелейт”< br />Жооп: - Илдимпоздордун эң укмушу<br />Акаевпи?< br />Суроо: “Көзү ачыктар жолун ачып, иши<br />жүргөндөр толтура”.< br />Жооп: - Анда эмнеге көзү ачыктар өздөрү<br />самсаалап базарларда отурушат?< br />Суроо: “Жүрөгүм таза болсо болду да,<br />намаз окуп, орозо тутуп эмне кылам?”<br />Жооп: - Тетирисинче жүрөктү намаз менен<br />орозо тазартат.< br />Суроо: "Өзү эле кечээ арак ичип жүргөн,<br />бүгүн эле намаз окуп калганын кара”<br />Жооп: - А сиз дагы эле ичип жүрөсүз. Качан<br />намаз окуп калаарыңызды кудай билет.<br />Суроо: “Кыздарга жоолук салып, баарын<br />чүмкөп салсаңар эркектер кимди карайт<br />эми?”<br />Жооп: - Өздөрүнүн кыздарын чечинтип<br />алып карай берсин. Сөзсүз бирөөнүн кызын<br />караш керекпи?!< br />Суроо: “Жоолукту салынып алып,<br />кылбаганды кылганы канча...”<br />Жооп: - Ооба, алар али кылбаганын кылып<br />жатат. А силер кылганыңардан али кутула<br />элегиңер канча?!<br />Суроо: “Кыргыздын кыздары жүздөрүн<br />чүмкөгөн эмес”<br />Жооп: - Анткени бүгүнкүдөй эркектери жок<br />эле<br />Суроо: “Шалбырап кийинип алып, үч уктап<br />түшүнө кирбеген жерлерде тентип жүрүшөт”< br />Жооп: - Анткени сизге окшоп<br />шалбырабагандар кошунасын да тыйып<br />койо албайт.<br />Суроо: “Чала молдо дин бузат” дейт<br />элде...”< br />Жооп: - Ооба, анткени толо молдосу динди<br />билбейт.< br />Суроо: “Намазды буйурганда окуйбуз...”< br />Жооп: - Бойго жеткендерге “Оку” деп<br />буйрулган. Же Кудай Өзү келип,<br />маңдайыңызга туруп буйурсунбу? <br />Суроо: "Намаз окуганга убактым жок болуп<br />жатпайбы? ”<br />Жооп: - Эч нерсе эмес, өлүм периштеси< br />келгенде табылып калаар.<br />Суроо: “Сакалчандар террористтер, а<br />терроризм дегени коркутуу дегенди<br />билдирет экен”.<br />Жооп: - Туура айтасыз, алар гана тозок<br />менен коркутушат. <br />Суроо: “Намаз окуп жүрүп деле күнөөлөрдү< br />жасап жатышпайбы? ”<br />Жооп: - Алар жок дегенде намаз окуп<br />жатышат. А силер күнөө да кыласыңар< br />намазды да окубайсыңар. <br />Суроо: “Эмне үчүн эркек бир нече аял алса<br />болот, аял бир нече күйөө менен жашаганы<br />болбойт?”< br />Жооп: - Бир эркектин төрт кепичи болсо<br />кандай жана бир кепичти төрт эркек кийсе<br />кандай?< br />Суроо: “Адалсынган молдодон алты<br />камандын башы чыгат”,-дейт. <br />Жооп: - Айылдын баарын тазалаган тура<br />
Дагы болсо жазыныздар, сонун жооптор
#57 25 Февраль 2015 - 17:26
-Эгер ислам шарттарына туура келбесе башка жумуш тапсаңыз жакшы болот. Пайызга акча берүү, алуу арам.
-Аялдарда кээде ак коюу суюктук келет го. Гусул алуу керекпи же даарат элеби? 055006...
-Бул жанагы “выделение” деген болсо, даарат эле бузулат.
-Тахажуд намазын 40 күн удаа окуса дубалардын баары кабыл болору чынбы? 077238...
-Ошондой болуу ыктымалы бар. Себеби, адам парз намаздарын окуп бүтүп, тахажуд намазын да окуп, нафил намаздардын ордун толуктап жатат.
-Алыска каттайм, таксистмин, 160-180ден кем айдабайм. Кырсык болсо баарына жооп беремби? Дин жолунда кандай? 077911...
-Белгиленген эрежеге карабай айдаган болсоңуз атайылап кырсыкка учураткан катары жооп бересиз.
-100 000 сомдон канча зекет берилет?
-2,5 пайызы берилет.
- Талак деп айтпастан жини менен “башың бош” десе кандай болот? 077018...
-“Башың бош” деп чындап ажырашуу ниетинде айтса түшөт.
-Биринчи баламды операция аркылуу төрөгөм, 9 ай болду. Дагы боюмда болуп калды. Врач “ден соолугуңа зыян, алдырып сал, курсагың көтөрө албайт” деди. Эмне кылсам болот? 077123...
-“Ден соолугуңа олуттуу зыян болот” деп врач айтса алдыруу керек. Бирок, бардык врачтардын пикири ушундайбы же бир эле врачтынбы? Үчтөн кем эмес врачтардан сурап көрүү керек. Баары ушундай пикирди карманса уруксат берилет.
-Жаңы жылда салют атса болбойбу? Тамакты столго эмес, жерге дасторкон жайып ичиш керекпи? Элмира
-Жерге отуруп тамак ичүү шарт эмес, ыңгайына жараша боло берет. Бирок, жерге отуруу адамдын кичи пейилдигин туюнтат.
Эмне үчүн салют атышат? Ойлонуш керек да, жөндөн жөн эле акчаны ысырап кыла бербей. Бул жерде акчаларды чыгарып айрып-айрып эле ыргыткандай сөз болуп атат.
-Менин күйөөм 4 айга дааватка чыгам деп болбой жатат. Базарда соода кылабыз, карызыбыз бар. Барбаса болбойбу? +79529....
-Карызы жок болсо, ата-энеси, үй-бүлөсү ыраазы болсо, анан дааватка барсын. Алгач карыздан кутулууга аракет кылсын.
-Бир дүкөндөгү рекламада мындай жазылган: “Зачем мне рай, если там нет шоколада”. Мындайга кандай карайсыз? Кыргызстан мусулман мамлекети эмеспи? Же баары боло береби? Четтен келгендер “кыргыздар Кудайды да унуткан го” деп айтпайбы? 055625...
-Кыргызстанда мусулмандар көп жашагандыгы үчүн мусулман өлкөсү катары тааныйбыз. Бирок, шарият канчалык деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгы башка маселе. Биз бирөөгө барып тыюу сала албайбыз, укугубуз жок. Болгону осуятыбызды айтабыз. Ал адамга сиз да барып “Кудайдан коркуңуз, мындай жазууң туура эмес” деп айтсаңыз болот.
-Мен 40 жаштамын. Жүрөгүмдү өйүткөн нерсе- сырткы келбетим, жыныс мүчөм эркектикиндей, бирок жан дүйнөм, оюм, баскан-турганым, сүйлөгөнүм, айтор баары кыздардыкындай. Кыйналып кеттим. Кеңеш бериңизчи. 077960...
-Жыныс мүчөңүз эркектикиндей болсо эркек болуп эсептелесиз. Врачтар менен кеңешип, эркектин гормонун көбөйтө турган дарыларды алып ичиңиз. Өзүңүздү эркек катары көрүңүз. Кээ бир адамдар өзүнөн өзү эле психологиялык жактан жабыркап жүрүп акырында жаман жакка келип калат. Шарияттын жолунда жүргөн болсоңуз иншаллах баары жакшы болот.
-Менин дос кызым намаз окуйт. Анан тамеки да тартат. Тамекини таштай албайм дейт. Ал кылганы күнөөбү? 055232...
-Тамеки тартуу макүрү (арамга жакын). Адамдын ден соолугуна, экономикалык абалына зыян жеткирет. Тегерегиндеги адамдарга да зыян. Намаз окуп алып тамеки тарткандарга таң кала берем. Намаз адамды жаман иштерден кайтаруусу керек. Анын намазы кандай болду? Анда намазды кайрадан карап чыгуу керек, кантип окуп жатат?
-Ыймандуу балага турмушка чыккым келет. Өзүм 5 убак намаз окуйм. Тилегиме жетиш үчүн кандай дуба кылсам болот? 055232...
-Намаздан кийин Кудайдан сураныңыз “Оо Кудай, мага төп келген, ыймандуу баланы насип эт” деп.
-Мен намаз окуган баланы жакшы көрчүмүн, ал да мени. Бирок урушуп кеттик. Аны менен турмуш кургум келет. Кантип анын көңүлүн алсам болот?
-Анын көңүлүн алуу үчүн күйөөгө тие турган убагыңыз келгенде бирөөнү жөнөтүп “мени алсын” деп айттырыңыз. Көңүлүн алам деп индияча бийлеп, оозу-мурдун боёп алып ары-бери баскан туура эмес. Жакшы жүргөнгө аракет кылыңыз, анан Кудайдан суранып дуба кылыңыз. Кудай баарын өз жолуна коёт.
-Атамдын жаман жолдо жүргөнүн билем. Көргөн сайын жиним келет, апамды аяйм. Кээде атама катуу сүйлөп жиберем. Кайра өкүнөм, бирок, кечирим сурабайм. Бул күнөөбү?
-Күнөө. Ата-энеңиз каапыр болгон күндө да жакшы мамиле кылууңуз керек. “Аргымакты жаман деп бууданды кайдан табасың, агайыңды жаман деп тууганды кайдан табасың”. Атаңызды жаман деп жээрисеңиз бирөө менин атам жакшы деп сизге берип койбойт. Урматташыңыз керек. Жараткандан суранып дуба кылышыңыз керек, “атама түз жолду көрсөт” деп.
-Намаз окуйм. Бирок, дайыма көңүлүм чөгүңкү. Тез жиним келет, жаман ойлойм. Көңүлдү тынчыткан, мээримдүү кылган дубалар болсо айтыңызчы. 077879...
-“Фатиха” сүрөсүн окуп өзүңүзгө дем салыңыз. Пайгамбарыбыздын, сахабаларынын тарыхын, диний китептерди окусаңыз иншаллах жакшы болот. Дайыма “бисмилла” деп жүрүңүз.
-Намазды кыргызча окуса болобу же болбосо эмнеге? 070027...
-Намаз араб тилинде окулат. Араб тили бардык мусулмандардын башын бириктирип турган тил. Бул бардык мусулмандарды арабдаштырып жиберүү деген сөз эмес. Болгону биздин эрежебиз, жазылган мыйзамдарыбыз, Куран китеби түп нускада болуусу керек. Баарыбыз түп нускасын окуганда гана биримдигибиз сакталат.
-Бей деген сөз эмнени билдирет? Көп ырларда ушул сөз колдонулат экен. Талант
-Бей деген түрк тилиндеги мырза деген сөз.
-Атам 1990-жылы каза болгон. Ошондо мурасты шарият жолу менен бөлөбүз деп молдо таппай койгонбуз. Азыр ошондой илимди билген молдо барбы? Насыр
-Мага келгиле.
-1950-жылы Курбан айт качан болгон экенин билесизби? 077872...
-Жакын күндөрдө муфтияттан Хиджра календарын чыгарабыз. 1950-жыл кайсы Хиджра жылына туура келгендигин аныктап, анан эсептеп чыкса болот. Бул өтө деле оор эмес, болгону бир аз убакыт керек.
-Жолдошумдун экинчи аялы бар. Барып келип “сен жамансың, шалаакысың” деп урушат. Ал жалгыз бой келин, менин үч балам бар. “Үйгө келсем башым ооруйт, сени көрсөм ургум келет” дейт. Үй-бүлөм бузулбашы үчүн эмне кылышым керек? 077880...
-Үй-бүлө бузулбашы үчүн жакшы кийинип, жасанып жүрүңүз. Атырларды себиниңиз. Үйдү таза кармаңыз. Келгенде тиги аялынан келди деп элестетип алып жиниңиз келбестен күйөөңүздүн көңүлүн көтөргөнгө аракет кылыңыз. Ал жакшы көргөн тамактарды жасаңыз. “Тиги менен жатып келдиң, мени менен жатпа” дебестен эркелетиңиз, нары карап уктап калбастан. Балдарыңызды жакшы караңыз. Кээде балдардын иштерин күйөөңүзгө жүктөп коюңуз. Мисалы, “баланы көтөрө тур, баланы бакчага жеткирип кел” деп. Анан намаз окуп, Кудайдан суранып дуба кылыңыз. Кээ бирлер балалуу болсо эле жүдөп кетет. Ашканадагыдай эле жүрө беришет, манты жыттанып. Андай болбойт. Бой-келбетине карап, таза жүрүш керек.
-Таштанды төгүп жатсам жанында эки бомж турган. Аларга көңүл бурбай эле бара жатсам сүйлөнүп, жаман сөз менен сөгүп кирди. Ал жакты карасам “менин кейпимди кийип кал, оомийн” деп тескери батасын берди. Жаман акыбалда калдым. Эмне кылышым керек? 077819...
-Эч нерсе кылбайсыз. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”. Туура жолдо жүргөн болсоңуз, намаз окусаңыз алардын каргышы тийбейт. Айта берет.
-Медресеге баргым келет. Бирок ата-энем уруксат бербей жатат. Кайсы дубаны окусам болот? Нурзада
-Эң жакшысы, эки рекет нафил намаз окуп “Оо Кудай, ата-энеме ынсап бер, медресе окуганым менин дүйнөмө, акыретиме, диниме пайдасы тие турган болсо окута көр” деп жалбарыңыз.
-Байыркы кабырстанда зер буюмдар бар экен. Кандай жол менен алсак болот? Сурайлы десек ээси белгисиз. 077873...
-Ушул маселени мурда да сурашкан эле. Жообун таба элекмин. Тапканда айтайын.
-Биздин үйдө күндө уруш. Эжем 60тан ашты, жалгыз иштеп, 4 баласын багат. Алар отуздан жогору жашта. Бул балдары үчүн күнөө эмеспи? 077351...
-Балдары үчүн күнөө. 30 жаштан ашкан балдар кантип 60тан ашкан апасын иштетип коюп отурушат?! “Жаштыгында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү”. Эрезеге жеткирип койгондон кийин балдар ата-энени багышы керек. Жок дегенде Ош базарга барып тачки тартып иштесин.
-Жолдошум менен жашабай калганыма 5 жыл болду. Ажырашкан эмеспиз. Турмушка чыксам болобу? 077215...
-Муну такташ үчүн өзүңөр бизге кайрылгыла.
-Аял киши жылаңбаш отуруп куран жаттаса болобу? Аллакул
-Үйдүн ичинде болсо жылаңбаш отуруп жаттай берсе болот. Жоолук салынып отуруу- адептүүлүк катары бааланат.
-Айланайын Кудай, жан Кудай деп дуба кылса, Аллага жалбарса болобу? 4 рекет намазда 5-рекетке туруп кетсе эмне кылуу керек?
-Ооба. Жан Кудай дегени жаным Кудайга курбан, Кудай өзү жаратып, өзү алат деген сөз да.
5-рекетке туруп кетсе саждага бара элек болсо кайтып келип намазды бүтүрүү керек. Саждага барган болсо дагы бир рекет кошуп, 6 рекет намаз окуп бүтүрүү керек.
-Мен куран жаттайын десем эске тутуум начар. Дубасы барбы эске тутууну жакшыртуунун? Эмне кылышым керек? Али
-Эске тутууну жакшыртуунун жолу кайра-кайра окуу. Имам Бухариге “сиз жакшы жаттайсыз” дешкенде “көп караймын” деп жооп берген. Мен, Чубак ажы Жалилов жаттоосу эң начар адамдардын катарына кошулам.
-Гусул кылып аткан кезде суюктук чыгып кетсе кайрадан жуунуш керекпи же даарат алып койсо болобу? Аллакул
-Ооба, ошон үчүн жыныстык катнаштан кийин гусул алаардан мурда заарасын чыгарып жиберсин деп айтылат. Эгер заара чыкпаса суу чачсын. Ошондон кийин жуунса чыккан учурда да маани берилбейт. Дароо эле жуунганда суюктугу чыгып кетсе кайра гусул алуу керек.
-Биз акча топтоп ата-энемди ажыга жиберсекпи дегенбиз. Тилекке каршы, апам ден соолугум начар дейт. Атамды жиберсекпи же ошого кеткен акчаны апама сарптасакпы? 070006...
-Апаңарга сарптагыла, дарылаткыла. Ден соолугу чың болгондон кийин чогуу ажыга жөнөткүлө. Алар ал жакка барганга кыйналып отурбасын, өзүңөр кошо барып кызмат кылгыла. Тамак алып бересиңер, колу-бутун укалайсыңар чарчаса. Кээ бирөөлөр бар акчаны берип жатам деп картайган ата-энесин жөнөтүп жиберет. Картайган адам алыс жолдо кыйналат. Ошондуктан кошо барып караш керек. Акча таап берсе эле маселе чечилип калбайт.
-Келинчегим экөөбүз "Камаз" менен 2-3 күн жол жүрөбүз. Машинанын ичинде жатып калабыз. Дөөтү деп коёт го, ичинен жакындашсак болобу? 077911...
-Дөөтү дегени Даут алейхисаламга келип такалат. Ал темир уста болгон. Темирдин, машинанын пири Дөөтү деп коюшат. Мунун эч кандай мааниси жок. Ага ишенбей эле Кудай колдосун деп жата берсе болот.
-Дааватка чыгуу ниетим бар. Ага кандай даярдык керек? Намаз окубасам деле барсам болобу? Руслан
-Ооба, намазды үйрөнүү үчүн чыгышат да. Барып аалымдардан намаз үйрөнүңүз.
-Биз соода кылган жерге бирөө кол кабын унутуп кетиптир. Күтсөк келген жок, арадан көп күндөр өттү. Колдонсом болобу? 077147...
-Колдонбой эле коюңуз. Такыр келбесе бирөөгө садака кылып бериңиз, сообу ээсине тийсин деп. Өзүңүз муктаж болуп аткан болсоңуз колдонсоңуз да болот. Бирок, ошол үмүт үзгөнгө чейин турушу керек. Көп күн дегениңиз балким 5-6 күндүр, балким ал бир айда бир келеттир. Күтүшүңүз керек.
-Күйөөм намаз окуйт. Бирок, анын көзүнө чөп салгам. Кудай мени кечиреби? 077843...
-Кечирет. Эми чөп салбаңыз. “Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң” деген кыргыздын жакшы сөзү бар, хадистен алынган.
-Түшкө ишенсе болобу?
-Ишенсе болот. Бирок, түштүн баарын жакшылыкка жооруш керек. Түштүн моюну кылдай, кайда бурсаң кете берет. Ошон үчүн жакшы адамга айтыш керек, жакшылыкка жоорушу үчүн. Эгер түшүңүз өзүңүзгө жакпаса кедей-кембагалдарга садака берип койсоңуз жакшы болот.
#58 25 Февраль 2015 - 17:29
aitbek.bostonov (25 Февраль 2015 - 14:58) жазган:
*Суроо-жоопторду топтоп колдонууга ынгайлаштырсак кандай дейсинер. Себеби устасыбыздын сабагында кайталанган суроолор кобойуп баратат. Кыскача айтканда андроидке(програма катарында киргизипи?), же атайын веббаракча ачыпбы, кимин кандай ойу бар?
Мункун болсо ойлорубузду чогултуп жолугуп суйлошсок. (Айтбек aitbek.bostonov@gmail. com)
Балким туура эмес болсо кечирим сурайм.
Айтбек мырза, эгер кайталанма суроолор болсо, балким кайра эске салып жататтыр. А сиз кантип ойлойсуз?
#59 25 Февраль 2015 - 18:21
Чубак ажы Жалиловдон кызыктуу жооптору...
- Учурда айрым аялы бар адамдар убактылуу нике кыйышып, аны менен жыныстык катнашта болгон соң талак берип ажырашып алышат экен. Бул мусулманчылыкта күнөөбү же күнөө эмеспи?
- Убактылуу нике кыйганга шариат жол бербейт. Бул сойкулукту расмийлештирүү дегенге барбар. Ар бир адам ажырашаарда өзүнүн апасын, эже-карындаштарын, кызын элестетүүсү керек болот. Сойкулук, же шариатташтырып айтканда зынаа кылган адамдын тууган аялзатына эртели-кеч зынаа кылынбай койбойт. Такыр аялзатынан тууганы жок делгенине да акыр-түбү үйүнүн дубалына зынаакор адам жаба сийип кетет. Убактылуу нике кыйдырган менен ал кыйылып калбайт. Азыр өлкөбүздү каптап келе жаткан шийит агымында убактылуу никеге жол берилет деп айтылат. Бизге шийит агымы перс тили жана маданиятын улуттук, гуманитардык университеттерде окутуу аркылуу кирип жатат. Эгер шийит агымы күч алса Сириядагы абал бизге келиши мүмкүн. Анткени Сирияда сунниттер менен шииттерди кагыштырып, андан экономикалык жана саясый упай топтоп жаткан державалар бар.
- Урушчаак аялды кантип жумшартса болот?
- Урушчаак аял өзүнөн-өзү эмес турмуштун заарынан улам урушчаак болушу мүмкүн. Мышыкты деле ургулай берсең, айласы кеткенде арстандай айбат көрсөтөт. Айтор, баккан ээси жарашса күйпүл күчүк сак болот, алган эри жарашса кара катын ак болот. Жарашпай калса сакоо катынга тил бүтүп, уулуу заарга айланат. Ошондуктан аялды күндүзү үйдөгү идиш жуууп, кийим жууп, балдарды караган роботтой көрүп, түндөсү бир түндүк сойкудай пайдаланбай, ага аял катары, өмүрлүк жар катары, эң негизгиси эркек сыяктуу эле урмат-сый менен жыргалчылыкка укуктуу адам катары мамиле кылуу керек. Экинчиден, айылдын балдары үйрөтүлө элек тайларды үйрөткөндү, чарс аттарды жоошутканды билебиз да. Ошентип жоошутуп, анча-мынча алдаса да болот. Ортодогу сүйүү жалындап күйүү үчүн кичине калп айтып, аялзатын мактап койсо да болот. Аял киши көзүнө ишенбейт, кулагына ишенет. Акылына ишенбейт, сезимине ишенет. Ошон үчүн аялдар башкарган машинелердин авариясы көп болот. Үчүнчүсү, ачууланып баштаганда эле кучактап, сүйлөтпөй өбө калсаң, оозу жабылат. Кээде аял киши эркектин эркектей болуп чечкиндүү кадам шилтегенин жактырат. Куру жентельмендик өтпөйт бу кургур жашоодо. Илгери Жаныбек Жанызак деген кээде акыл-эстүү аял-эркек мамилелерин жаза коюп жүрчү, ошонун сабагынан бир аз үйрөнүү деле ашыкча болбойт. Аял киши кумарынан канбай калса да ачуусу мурдуна чыгып, жердин баарын өзүнүн жинди казанына салып кууруп ийет. Акырында айтаарым, аялдарды дааватчылар таалимдерине жиберүү керек. Аял динге келсе, кыз жибектей созулуп, Айчүрөктөй суналып, Курманжандай каада күтүп, Каныкейдей жароокер болуп, Акмөөрдөй сулуу боло түшөт. Өзүмдүкү беле деп көзүңдү ачып-жуумп тааныбай каласың. Миң уккандан бир көргөн артык, ошенткиле эркектер.
"Дааватчы менен Кожомкул алптын көйнөгүнүн көлөмү бирдей"
- Акырындап аялдын аялга, эркектин эркекке үйлөнүүсү Кыргызстанга да жылып кире баштады. Муну медицина кызматкерлери табигый көрүнүш, оору дешет. Ислам буга кандай карайт?
- Ошентип айткан доктурларды бир сыйра Жыргал каары деген жинайдаар молдобуз бар - Ат-Башынын кулуну. Ошого бир көрсөтүп дем салдырыш керек. Ага болбосо Оштогу Ак-Бууранын суусуна кыштын күнү бутунан кармап башынан сууга салыш керек болот. Э кокуй, ушул кантип табигый көрүнүш болсун? Бул накта жапайы, акмак көрүнүш. Эркекке тийген эркексымалдарга кой кайтартып, илгеркидей сакмалга эки жолу салсаң, жамгырдын күнү кезүү кайтартып, бутун торпокко сыя бастыртсаң, колтугундагы колоңсосу сасып, буту чирип кете тургандай абалга алып келсең, кечинде сарайдагы көңдү чаптырсаң, анан көрөөр элем эркекке эрге тийгенди. Чачын кырып салып, молдого шакирттикке берип, одоно көйнөк ыштан кийгизсең, такымы кызарып пикириндеги "айчүрөк сулуу" болгону эсинен чыгып, өзүнө келээр эле. Ал эми аял ала турган болгон аялдарга пахта тердирип, тамеки чаптырып, күнүгө он эки уйду саадырып, сүтүн уюттуруп ишке койсок алар да акылына келет. Эркекке эркектин, аялга аялдын гормондорун ичириш керек. Жогоруда мен айткан нерселер да ошол гармондордун эң күчтүүлөрү. Ислам мындай чектен чыккандарды жектейт. Бул коомчулуктагы оору. Ооруну жашырсак өлүм ашкере кылат, муну жок кылуу керек.
- Даабатчылардын кир, аялдыкындай узун көйнөк кийип келип даабат айтышы туурабы?
- Эми ошол кир көйнөк кийген биздин (намаз окугандардын) эң жамандарыбыз болуп эсептелет. А намаз окубаган, кудайсыздардын эң жамандары бомж болуп көчөдө жүрөт го. Ошолор кир кийим кийип, бомж болуп жүргөндө көңүл бурбайбыз. Эң жакшы деп, сүрөттөрүн төргө илген, ошол намаз окубагандардын партиясындагы эки президент качып кетти го. Парламентте олтурган жакшылар ачуу суудан ууртаганын, даараткана таппай даракка жаба урганын, дагы башка болбогон иштерди кылганы көзгө көрүнбөй эле, ушул кир көйнөк көрүнүп калабы? Туура, мусулман таза болуш керек. А бирок ошону менен эле мусулманчылыкка көлөкө түшүрө берүүгө болобу? Ынсаптуулук кайда кетти? Биз карасак Абдышүкүр ажыга же мага карагыла. Биз бир ич кийимди эки күн катарынан кийбейбиз. Ал эми узун көйнөк боюнча, Суусамырдагы музейдеги Кожомкул алптын көйнөгү менен ошол дааватчынын көйнөгүнүн ыразмери бирдей болбосо, мага келгиле, мурдумду туурасынан кесип берейин. Мусулманчылыкты кармануу үчүн сөзсүз эле арабдардын же башкалардын көйнөгүн кийүү шарт эмес. А бирок ошол эле учурда алардын кийимин кийип алса тыюу салуу деле туура эмес деп билем. Анткени америкалыктардын же батыштын кийимин кийип жүргөндөргө эч ким каршы деле чыккан эмес. Мисалы тизесин көрсөтүп кыска кийген Каныкей энекебизди, же каре кылып чач кырктырган Айчүрөк апабызды, же көкүрөгүнүн жарымын көрсөткөн Курманжан датканы элестете аласызбы? Мен мисалы, элестетмек турсун акылыма сыйдыра албайм.
"Билип туруп сууга сийгендерге өзүүнчө азап болор"
- Атасы сакал кое электе баласы сакал коюп алууга ислам жол береби?
- Негизи исламда сакалы жок адам үйлөнбөйт. Ал күйөөгө тийет. Балалуу болгонго чейин сакалдуу болуп калуусу кажет. Алыс барбай филармониянын дализиндеги залкарларды карап көрөлү. Курманжан ападан башканын баарынын сакалы бар. Орустардын кашасын жегендерди буга кошкон жокпуз. Кашадан ооз тийбеген кытайлык кыргыздардан Жусуп Мамайды карачы. Жел келсе сакалы желбиреп, көзүңө бир жакшы көрүнөт.
- Намаз окуп, кайра ичимдик ичип, сойкулук, тоноочулук кылган адамдарды Кудай кечиреби?
- Эми чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгыптыр. Жаңылып-жазбаган пенде болбойт. Чындап тооба кылса Кудайым кечирет. Эң эле жаманы кечирет экен деп кайра-кайра күнөө кылуу болот. Билип туруп сууга сийген дегендей кээ бирлер билип туруп арам иштерге батынышат. Буларга өзүнчө азап болоор. Кандай болгон күндө да тооба эшиги дайыма ачык турат. Ошол эле учурда эске ала турган жагдай, ар бир пенде ар бир мүнөттө аркы дүйнөгө узай берүүсү ыктымал.
- "Халал" деген тамак-аш продукцияларынын адал экенине кантип ишенебиз?
- Мамлекет менен диний башкармалык чогуу-чаран көзөмөлдөгөн Адал ишканасы тастыктаган болсо коркпой ишенсек боло берет. А бирок жеке менчик ишкана болгон учурда, шайтан алайхи лаьнанын таасири көбүрөөк тийип калуусу ыктымал. Негизи адал тамак-аштагы эске алуучу орчундуу жагдай эт жана эт азыктары болуп саналат. Ошондой эле ден соолукка зыяндуу азыктар да макрух же арам деген баага татыктуу болуп калат.
- Аялынын көзүнө чөп чалган эркек кантип күнөөсүнөн арылса болот?
- Тооба кылсын. Экинчи кайталабоого өзүнө шерт берсин. Кылган ишине өкүнүп, күнөөлүү болгондугун Кудай алдында мойнуна алсын. Дагы деле болбой чөп салгысы келип жатса, адалдап никелеп токол алсын, орозо кармасын. Жөн эле тооба кыла бербей, ошол күнөөнүн алдын алуу керек го. Коррупцияга каршы күрөш ошол коррупционерлерди камоо менен эле бүтпөйт да, анткени жаңы коррупционерлер чыга берет. Коррупцияга каршы күрөш ошол коррупцияны шарттаган жагдайларды жоготуу менен болот. Чөп салууну деле алдын алуу керек.
"Аялы бар эркек, сулуу кызды караса көзү агып түшөт"
- Дин жолундагылардын ичимдик ичкендер менен бир дасторкондо отуруп тамак ичүүсү күнөө эмеспи?
- Күнөө болот. Колдон келишинче алар менен бир дасторкондо олтурбаганга аракет кылуу лаазым болоор. Арак бардык жамандыктын башаты. Бардык балээ ошого келип такалат.
- Ырдоо, сүрөт тартуу күнөө делет? Бул чынбы?
- Чын экени чын. Жандуунун сүрөтүн башы менен кошо тартуу күнөө. Жансыздарды мисалы жаратылышты же бир буюмду тартса боло берет. Ырдаганда да Жеңишбек менен Аалыдай болуп акыйкатты ырдаса сооп болот. Анан, жинди-кетти болуп ырдагандарга күнөө болот.
- Жини келген адам бирөөнү "эшек, "чочко" деп атаса, ага динде кандай күнөө тагылат?
- Сөккөндөй эле күнөө болот. Кээде мени ошентип айтты деп биротоло кыяматтык кас болуп алышат бирөөлөр. Антпей, аны да "чочко" , же "эшек" деп койсо тараза теңделип калат. Ошону менен маселе бүтөт.
- Никесиз бойдо бүтүп калган балага ким көбүрөөк жоопкер болот?
- Ошол никесиз бойго бүтүп калганга ким канчалык себепкер болсо ошончолук күнөө болот. Кунаажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзөбү. Үзгөнү да, сүзгөнү да күнөөкөр болот.
- Денесин саткан кыз-келин дин жолуна түшсө кечирим болобу?
- Тооба кылса кечирим болот. Кудай Таалам чексиз мээримдүү, тооба кылса кечирет. Кечирет экен деп сойкулук кылуу да жарабайт. Тооба кылганга мүмкүнчүлүк берилбестен аркы дүйнөнгө узап кетүү ар бир мүнөттө болуп калуусун жогоруда айттык.
- Аялы бар эркек көчөдө чырайлуу, сулуу кыздарга суктанып караса не болот?
- Көзү агып түшөт. Аны кыяматта билет. Ошондуктан азыр эмне кылуу керектигин жогоруда айттык.
#60 02 Март 2015 - 17:56
Эгер атын көтөрө албагандыгы чын болсо, Аман деп эле койсок, кайра азан чакыртуу керекпи? Рахмат! Сокулук. Батма 07052931..
- Атын көтөрө албай калуу деген түшүнүк туура эмес. Болгону эптеп баласын жакшылап бага албай калып эле, атка шылтоолой беришет. Ошондой болсо да, атын кайсы бир себептер менен өзгөртүүнү кааласа кайрадан азан чакыртуунун кажети жок. Азанды бала жаңы төрөлгөндүгү себептүү айтат, ат койгондугу үчүн эмес. Бул ааламга келгендеги алгачкы уккан сөзү ушул болсун деген изги максат, аруу ой менен.
Саламатсызбы, Чубак ажы! Менин жашым 21де студент кезимде намаз окуганды үйрөндүм, бирок мен такай намаз окуй албайм. Себеби мени жаман ойлор, жаман нерселер азгырып кээде (эркек бала менен) жаман иштерди кылып коём. Турмушка чыккан эмесмин, бул жаман иштен эч арыла албайтам. Кантип арылсам болот? Кеп кеңешиңизди берип койсоңуз.
- Турмушка чык. Тооба кыл. Жакшы адамдар менен дос бол. Дааватка чык, барып-барып нукка түшүп кетесиң. Тооба кыл. Ыйла. Намазды калтырба!
Кыздарым 10 жашта, мектебинен завучтары жоолуктарына асылышып жоолук же мектеп дешип катуу сынга алышты, бир нерсе айтайын дейм. Сууну айнекке куйгандай болуп калчудай угуп түшүнгүдөй эмес. Динге, парзга каршы чыккандар каапыр болуп калышат экен го? Байкуш завучтардын акыбалы шорлоду го. Сиз дуба кылсаңыз, мүмкүн акыл эс киреби буларга? 07736012..
- Кудайым ошолорго ынсаптуулук берсин. Акыл-эс берсин. Ыймандарынан ажыратпасын. Кыздарга мектептин формасын кийгизип, чакан ак жоолуктан тыкыйтып салып койсоңуз жакшы болот.
Ассалому алейкум. Шариатта аял менен жыныстык мамилени кандай абалда аткарууга уруксат берилет? Экөө тең тизелеген абалда уруксатпы? Улан 07730308..
- Никелүү жубайлар каалагандай ыкмада кошулганга уруксат берилет. Аялдын этек кири келген учурда жыныстык байланыш жасоого тыюу салынат. Бирок кучакташып жатса, өбүшсө боло берет. Ошондой эле арткы авретине кошулууга да тыюу салынат. Аналдык байланыш деп айтылат. Калган башка учурларда каалагандай шартта, каалагандай ыкмада эки тараптын ыраазылыгы менен кошулса жарай берет.
Мен бойдокмун, өзүм намаз окуйм, хиджап кием, башка чет өлкөлөргө баруу күнөө деп уктум эле. Ошол туурабы? 05518338..
- Аялзатынын чет өлкөгө коштоочусу жок баруусуна тыюу салынат. Махрам болгон эркек тананын коштоосу зарыл.
Эгер мен 70 миң ирет тахлил айтып 10 жыл мурда кайтыш болгон ата-энеме багыштасам болобу? Бош убакытта айтып, улантып кетсе болобу? Өзү үчүн да азыр айтып жүрсө кандай болот? Жообуңузга рахмат. 07778045..
- Сүннөт экен, шариатта бар экен, ушинтип аткаруу милдеттүү экен деп ниет кылбастан, жөн гана кайрымдуулук иш катары аткарган болсоңуз сообу тийет.
Саламатсызбы, урматтуу Чубак ажы! Мен эрте менен багымдат намазын окуп жатам, сизден сурарым өзүмө дем салсам болобу? Кандай адамдар өзүнө дем салат жана кантип салат? 777138889..
- Билген сүрөө-аяттарыңызды окуп дем сала берсеңиз болот.
Ассалому алейкум ва рахматуллох! Кандайсыз Дамбылда? Биз сизден бир нерсе сурайын дегенбиз. Баягы тизмеден бир кыз кайрылган экен, 23 жашта. Номуру 0551 83 38 .. деп толук эмес экен, эгер мүмкүн болсо, ошол кыз менен таанышсакпы дегенбиз. Өзүбүз намаз окуйбуз, 40 күн дааватка чыкканбыз, сүннөт кийимченбиз. Андай болбосо биздин номур 0703388913 Али. Жазакаллоху хойрон! 07033889..
- Менде да ал бир тууганыбыздын номуру жок. Гезиттин редакциясына кайрылып көрүңүз.
Ассалому алейкум. Мен өзү жетим өскөн баламын. Бир кызыбыз бар. Аялым экөөбүз урушуп кеткенбиз. Анын апасы, эжеси каршы болуп жашатпай жатат. Аялым дагы алардын тилине кирип, көнбөй жатат. Мен кызымды жетим кылбасам дейм. Үй-бүлөмдү бузбаш үчүн аялыма дуба окутсам болобу? Жардам бере аласызбы? 07091488..
- Менин жардамын силердин акыңарга дуба кылам. Сиз дагы тахажжуд намазына туруп дуба кылсаңыз жакшы болот.
Физика илимин алуу туурабы, шариатка туура келеби. Мен ушул кесипти окуп жаткам, шариатка туура келбесе которулайын. Аллах ыраазы болсун сизге. 07711319..
- Физика илимин окуу шариатка каршы келбейт.
Мени үй-бүлөм медиресеге жиберем дешет, мен кыздардай болуп мектепке баргым келет, эми эмне кылсам, 2000 жылкымын?.. 07052306..
- Ата-энеңдин сөзүн ук. Алар сага жамандык каалабайт.
Тойлордо келиндердин адамдарга салам салуусу ширк болуп калбайбы? 07734207..
- Ширк эмес. Анткени ниетинде ибаадат кылуу жок, болгону салам айтуу гана бар. Ошондой болгон күндө да барып-барып кала турган адаттардын катарына кошулат.
Менин күйөөм менен балам 1 айт күнү, жан берди 2 айт. Жума күнү жума намазына чыгып коюлду. Сууга чөгүп өлгөн, бир ажыры барбы жана кандай ушуну түшүндүрүп бериңизчи. Биз кызым экөөбүз 5 маал намаз окуйбуз, кызым медреселерди бүтүргөн. Ушуларга ар ким ар нерсе деп жатат бир токтом берип, көңүлүмдү тынчтандырып кеңеш берип. Күйөөм 43 жашында, балам болсо 8 жашында көз жумушту. Биз намаз окуп атасынын билип билбей кылган күнөөсү үчүн кечирим сурайбыз. Сизден Аллах ыраазы болсун. Күйөөмдү коюп келген күнү күйөөм, түшүмө кирди. Чон мечитке окшогон үйдүн тегерегинде аппак кийим кийип айланып жүрүптүр, анан мен чал үйгө кирбейсизби десем, сен келсең экөөбүз бирге курган үй, кийин киребиз деп жүрүптүр. Ошол боюнча уулум дагы, күйөөм дагы түшүмө кирбей калышты. Түшүндүрүп бериңизчи. 07050072..
- Кудай таалам маркумдарыңызды бейиштен жай берген болсун.
Бизге белгилүү 4 масхаб олуя болушканбы? Тажикистанда бир олуя бар дейт го? Сиздин деле илимиңиз, Тажикстандык олуядан калышпайт, деп ойлойм. Терең урматтайм сизди. 05580742..
- Олуя деген ким? Олуя ыйман келтирип Кудай жолунда түз жүргөн адам олуя болот. Олуянын кыргызча мааниси Кудайдын досу деген сөз. Мазхаб башчылары, алардан башка үлкөн аалымдардын баары эле олуя болушкан. Тажикстандагы Хикмат дамбылда да илимдүү адамдардан. Кудайдын досторунан. Аллахым ыраазы болсун.
Менин күйөөмдү айылыбызга молдо бол деп жатышат, ага күйөөм макул болбой, андай болуш үчүн көп илим керек деп жатат. Күйөөм өзү беш убак намаз окуйт. 07026990..
- Андан башка түзүгүрөөк илимдүү жок болсо болсун. Адамдардын никеси окулбай, маркумдары көмүлбөй калса эмне болот? Илимдүүлөрү келгенде ордун бошотуп берет
Сиз абдан жакшы адамсыз! Адамдарды жакшы жолго саласыз! Аллах сизге ыраазы болсун! 07087377..
- Аллахым ыраазы болсун. Кем болбоңуз. Кудайым жакшылардын катарына кошкон болсун баарыбызды.
Шариятта спорт менен машыгып, витамин ичип бойду, салмакты өстүрсө уруксатпы? 07022597..
- Ошол витаминдериң ден-соолукка зыяны жок болсо, адал болгон болсо жарай берет.
Урматтуу Чубак ажы! Сиз нооруз майрамды, мусулмандардын майрамы эмес деп жооп бериптирсиз. Бул майрамды кайсы диндеги адамдар майрамдайт? Толук жооп бересизби? Өзгөндөн Касымали. 05580281..
- Бул боюнча Нооруз тууралуу макаламды окуп чыксаңыз жакшы болот экен...
Бирөөнүн тонолгон (мародёрстводон) кийимдери бар экен. Эми ошолорду эмне кылыш керек? Ошол кийимди кийип, намаз окуса болобу? 07729476..
- Ошол кийимдерде намаз окуса, намаздын сообу жок болот. Кайсыл жерден алса, ошол дүкөндүн, же үйдүн ээсине барып, акчасын төлөгөндөн кийин гана иштетсе болот.
Кээ бир мусулман туугандар, таптакыр телевизор көрбөй эле койгон жакшы дешет. Күйөөм экөөбүз тең намаз окуйбуз. Балдарыбыз мультфильм, биз болсо кино, теле берүүлөрдү көрөбүз. Же телевизор көрбөй эле койгон оңбу? 07079152..
- Анчалык эле катуу кеткен болбойт. Пайдалуу нерселерди көргөнгө эмне үчүн болбосун?! . Балдардын эмне көрүп жатканына маани берүү керек.
Периштелер көздөр бар жерге киришпейт экен го? Балдарга оюнчук, же кийим алып берели десек, баарында эле көздөрү бар. Кандай кылыш керек? 07079152..
- Периштелер чыныгы жаныбарлардын сүрөтү чындап тартылган сүрөттөр бар үйгө кирбейт. Адатта балдардын кийимдеринде оюнчук жаныбарлардын сүрөттөрү болот. Анын зыяны жок.
Мен Хиджап кийген бир кыз менен жолугуп жүрөм. Жолукпай койбоско экөөбүздүн тең ыйманыбыз алсыз. Күнөө болбойбу жолуга берсем? Сүннөт тирилткенге аздап эрте болуп атат эле… 777889292..
-
- Эрте болуп атат дегениңи өзүң эле түшүнбөсөң мен түшүнгөн жокмун. Жолуккан күнөө болот. Ыйманыңдын алсыз экенин билет экенсиң, көбөйтүүнүн аракетинде бол. Билбесең да бир жөн эле...
Саламатсызбы! Күйөөмдүн өткөнүнө 1 жылдан өттү. Бирок тынбай түшүмө кире берет. Түшүмдө көбүнчө, жыныстык катнашта болобуз. Кайненеме тез, тез түшүмө кире берет десем, нааразы болсо ошентип түшүңө көп кирет деди. Тынбай куран окуп турам, 3 балабыз бар. Күйөөм өткөн кезде 1 айлык боюмда бар экен эле, ал билбей кетти. Туугандарым алдырып ташта дегенине көнбөй төрөдүм, азыр 5 айлык. Нааразы болсо түшкө көп кирет деген чынбы? Суранам жооп берип коюңузчу! Айнура.777156127. .
- Айта берет. Ыраазы болгон үчүн кирип жатат. Сен дагы кызык экенсиң, кемпирлердин сөзүн сүйлөп. Шайлообек Дүйшеев "Агындыларында" кемпирлердин жомогун саймедирегендей болуп.
9 жаштан берки каза болгон намаздар кандай жол менен окулат? 9 жаштан берки хайз болгон күндөрдү кандай кылып эсептейбиз? 07711270..
- Адатыңды билеттирсиң. Билсең ошол адатыңа салыштырып эсептей бересиң. Билбесең ар бир айдан жыйырма күн деп окуй бересиң.
«Lets go» чайынын капкагынан чыккан утуулар адал болобу? 07776355..
- Ооба. Адал болот. Анткени сен лотереяга же башка бир нерсеге акча төлөбөйсүң. Болгону чайды сатып алууга кызыктыруулар бар. Анын зыяны тийбейт.
Менин жашым жыйырмада. 5 жыл болду орозо кармайм. Бирок ушул жылы ден соолугума караштуу 4 күн калганда эч карманалбай койдум. Азыркы учурда больницадамын. Эми кандай кылып кармасам болот? 07026938..
- Ооруканадан абдан жакшы болуп сакайып чыккандан кийин, күнүнө күн тутуп бересиң. Аллахым шыпаа насип эткен болсун.
Биз Нарындан болобуз. Кызым Жалал-Абадка турмушка чыккан. Эки баласы бар, күйөөсү менен жакшы жашайт бирок, кайненеси «аркалык» деп, мен балама өзүм аялды алып бермекмин деп куурата берет. Экөө ортодо кыйналды! Дуба окуп коюңузчу суранам, бактылуу болушсун! 05544747..
- Ошентип айткан кайненелердин баарын чогултуп, дунгандардын пияз талаасында эки күн иштетсе, сооп болоор эле, обедин бербей туруп. Кудайым балдарыңызды бактылуу кылсын. Омийин.
Арстанбек Абдылдаевдын «асмандан илим түштү» деген сөзүнө кандай көз караштасыз? Алла ыраазы болсун! 07784080..
- Аман эле болсун. Аман эле болсун....
Аламан Улак тартыш, шариатта кандай? 07795555..
- Сүннөткө туура келет. Улак тартуу боюнча макаламды окусаңыз көзүңүз ачылат.
Сирия мусулман мамлекети. Ал жерде, бийликке каршы уруш жүрүп жатат. Кыргыз 12 бала “дааватка” деп, үйдөгүлөрүн алдап, Сирияга кетишиптир деп гезиттен окугам. Кийин теледен эки бала кайтып келди деп, жаңылыктан уккам. Суроом, дааватты жамынып, башка мамлекетке согушка барып, тынч жаткан элге каршы ок аткан күнөөбү? Эмне үчүн дааватты жамынып, ушундай ишке барышат. Даават маселесин көзөмөлгө албайсыздарбы? 07072508..
- Бул суроону Муфтийге берсеңиз болмок экен. Же Президентке. Мага эмес.
Күйөөм 3 талак айткан. Бирок, эртеси “жиним менен эле айтып койгом” деп кайра жарым жылдай жашаганбыз. Азыр бир жарым жылдан бери чогуу жашабайбыз. Мен азыр бошмунбу? Талак бербейсиңби десем. “Мен сени баягы талак айтканда бошотуптурмун” деп койду. 05530513..
- Сенин күйөөңдү Чым-коргонго жаткырыш керек. Жини келип айтса деле түшө турган талак түшө берет.
Мен өзүмдөн 10 жаш улуу аялды жакшы көрөм. Үйлөнсөм шариатка туура болобу? Кеңеш бериңизчи, сураныч. Менин Атым Улан.
- Болот. Туура келет. Уктаарыңда сага жомок айтып берет...
Дигер намаз жөнүндө, кененирээк маалымат бериңизчи? Мага жакшы каалоо айтып коюңузчу. 07735573..
- Кенен маалыматты китептен оку. Эмнени нерсени айтуумду каалап турсаң, ошонун баарын сага тиледим.
Мен 35 жаштамын. Талма кармаганда, жыгылып башым ооруп, унутчаак болдум. Суроолорду жаттай албай жатам. Сөзсүз түрдө арабчасын окуш керекпи? Намаз окусам, китептен карап окусам болобу? Гулмира.
- Аллахым шыпаа берсин. Азырынча китептен окуй бер. Жаттагандан кийин шпаргалкасы жок окуп баштайсың.
Дубаны кантип жандырса болот? Күчтүү молдолор жандырып беришеби? Жандырыш үчүн, эмне кылыш керек? Дубалап, башын айланткандар чоң күнөөгө батышабы? 05588289..
- Намаз окусаң жазылып кетет. Намаз окубасаң кыйналып жүрө бересиң. Таза жүр.
Аялы күйөөсүнүн чачын алса болобу? 07776090..
- Болмок турсун болот. Кайра жакшы болот да, бетин жуубаган Таняга же Оляга алдыргандан көрө. Адамдын эң эле азиз мүчөсү башы. Башты ар кимге кармата берген болбойт. Мен дайыма чачымды аялыма алдырам. Бекерге дагы түшөт.
Ассалому алейкум, Чубак ажы! Кыргызстанда сиздей аалымдар бар экенине сыймыктанабыз! Аллах ыраазы болсун! Сизди көрө албагандарга Жараткан топук берсин! Алматыдан, туугандарыңыз. Али
- Кудайым кем кылбасын. Сыртта жүргөн бир туугандардын бардыгын Аллахым жаман сөздөн, жаман көздөн сактасын. Адал ырыскы насип этсин. Кудайым өзүнөн башкага муктаж кылбасын. Элибиз мамлекетибиз өркүндөп өссүн. Динге Кудайым күч кубат берсин. Кудайым барыбызга топук берсин. Аллахым ыраазы болсун.
Мен сыздан ооруп калганда астыма колум менен таблетка салам, гусул бузулбайбы? Намаз окуй берсем болобу же сөзсүз гусул керекпи? 07726171..
- Ошол таблетка салганда ырахат алып кетсеңиз, гусул бузулат. Ырахат албасаңыз гусулуңуз бузулбайт. Дааратыңыз да бузулбайт. Намаз окуй бересиз. Аллахым шыпаа берсин.
Ооруп жатканда, мындай күндөрү деле фатиха сүрөөсүн кандай үндө окушум керек? 07076948..
- Кадимки үнүңүз менен окуй бересиз. Эл жок жерде үнүңүздү бийик чыгарып, эл көп жерде жапысыраак чыгарып окуй бересиз. Үнүңүздү чыгарып окуганыңыз жакшыраак.
Чубак ажы, сизди Аллах 10 сахабадан кандай ыраазы болсо, он биринчи болуп, сизден ыраазы болсун! Сиздин жоопторуңузга адам аттуу инсандардын 100 пайызы ыраазы. Сизге Аллах Васиила Жаннатын берсин! Сиз менен сыймыктанабыз. Сизге орунсуз суроо бергендерге, көңүлүңүзгө катуу тийбесе экен деп тилейбиз. Сизге чиркейдин да залака тийгизишин каалабайбыз. 07736012..
- Аллахым ыраазы болсун. Мага тилеген жакшылыктардын баарын эселентип Кудай Таалам бардык пенделерине берсин деп тилейм. Аллахым абийирлерибизди арууласын, ниеттерибизди тазартсын. Адал ырыскы менен ырыскыландырсын.
Менин күйөөм наркы дүйнөгө кеткен, азыр экинчи болуп, бирөөнүн никесиндемин. Анын аялы бар. Менин чоң балам билбейт, ушул кылганым күнөөбү? Кыйналып кеттим, балдарды жалгыз өстүрдүм. Кыздарым билет, эмне кылайын? 07722663..
- Балаңызга билдирип койсоңуз жакшы болчу экен.
Мен Москвада ОМОН болуп иштейм, бирок жетиммин. Биздин кызматкерлер чоң, чоң курулуштагы балдарды кармап, качса урабыз, эгер жашынса эшик терезени сындырабыз. Ал күнөө болбойбу? Магамет.
- Жөнү жок жерден урсаң албетте күнөө болот. Чөптү кордосоң көзгө зыян.
Менин аялым чет өлкөгө иштегени кетти. Күнөө болбойбу? 07729010..
- Сен эмне бул жерде кабарды окуп олтурасың, аялыңды четке жөнөтүп коюп. Даюс десе...
Жолдошум “мал тосом “ деп, казактардын чек арасына өтүп кетип, камакта 5 бала, 3 ай болду. Баары тең малчылар. Ууру кылып, ушак айтышкан эмес, малдын азабы. Суранарым жолун ачып, дуба окуп батаңызды бериңизчи. 7 айлык боюмда бар. 05511703..
- Кудайым жолдорун ачсын. Курудай дооматтан, жалган жалаадан Кудайым сактаган болсун. Фаатиха сүрөөсүнүн урматы менен Кудай Таалам алардын жолун түздөсүн. Фаатиха сүрөөсүн көп окуп туруңуз...
Эки аял алгандар, анын жоопкерчилигин билбей эле үйлөнгөндөр көп. Ошондуктан ажырашуулар көп болуп жатат. Эркектер эки аял алуу шариаттагы бүт жоопкерчилигин билип туруп үйлөнүшсө, мындай болбойт эле. Эки аял алып бактылуу жашагандар аз. Ушул туурабы? 07734845..
- Эки аял алып бактылуу жашагандар аз дейсиз, бирок бир эле аял менен чекеси жылып кеткендер деле арбып кеткен жери жок. Колунан келгендер ала берсин. Бул дүйнө сыноо дүйнө. Акыретке барганда эс алабыз эми.
Теңирчилерге көз карашыңыз кандай? Теңирчилердин өзүнчө мыйзамы болобу? Алар Аллага ишенеби? Бирок баардык нерсе Алладан болотко! 07724646..
- Кудайым ал адашкандарды туура жолуна салгай! Тозок отунан сактагай! Өзү теңирчимин дегендерди чогултуп Жыргал каарыга дем салдыруу керек болот.
Мен эч кимге арнабаган аруулугумду, ак никелүү жолдошума арнагам. Боюмда бар кезде ажырашып кеткенбиз. Кызыман кабар албайт. Кийинки алган аялына жагыныш үчүнбү, билбедим.” Менин кызым эмес” деп айткан экен. Менден кийин эки аял алды, мейли кудайга ак болсом болду. Кудайга, ак никеге койдум дедим. Мен болсо кызымды ойлоп турмушка чыкпадым. Кудайдан кызымдын ден соолугун, бактысын тилеп келем. Батаңызды берип коюңузчу. 07702606..
- Кудайым бактылуу кылсын. Экөөңөрдүн тең жолуңар ачылып жакшы күйөөгө тийгиле.
Жолдошум экөөбүз тең сүннөт менен жүрөбүз. Жолдошум турмуш шартка байланыштуу Россияда иштейт. Анда санда акча салат. Беш балабыз бар. Кичине баламды үйгө таштап базарда иштейм, иштебейин десем жолдошумдун тапканы жетпейт. Жетишсиздиктин айынан өткөндө урушуп кеттик. Аябай сөгүп, мага уюлдук телефон менен чалба деди. Ошондо мен эмне кылышым керек? Балдар энеге эле керек болобу? 07798878..
- Ал деле жыргаганын ошентпегендир. Сабыр кылыңыз. Баары өтөөр. Балдар атага да, энеге да бирдей керек болот. Жыртык бүтөлөөр, курсак тоюнаар. Көңүл ордуна келбей калганы жаман болот. Көңүлдөр оорубасын.
Намаз окугандан кийин кайсы дубаны окушум керек? Зикирди ар бир намазда чалабы? Аятал курсун окубаса дагы болобу? Даарат кандай болгондо бузулат? Көкүрөктөн сүт акса, даарат кайра аламбы? 07772533..
- Көкүрөктөн аккан сүт дааратты бузбайт. Кийимди да булгабайт. Ал эми калган суроолоруңузду китептен карап окуп, түшүнбөгөнүңүздү сурап алсаңыз болот.
Мен медресеге кирейин десем апам болбой жатат. Менин алдымда окуй бер деп жатат. Атам, байкелерим киргизебиз деп жатышат. Эмне кылсам болот? 07094849..
- Атаңдын сөзүн ук. Ата акыркы сөздү айтуусу керек болот.
Күйөөм экөөбүз тең динде жүргөн адамбыз. Күйөөм жакында бир дамбыладан илим алып жатат. Ал дамбылданын устазы Таджикистандык олуя экен. Эми күйөөм, ал олуяга барып, зыярат кылып, батасын алып келебиз дейт. “Мен кичине күмөн санап жатам, бир олуяга ишенип албас бекен” деп. Айтуусу боюнча олуялар бардык нерсени билишип, көрүшөт. “Аллах бардык сырын ачып койгон” дейт. Ошол туурабы? 05576600..
- Олуя бардыгын билет дегени туура эмес. Кээде олуяларга ишенип олтуруп ыймандан да чыгып кетүүсү мүмкүн. Олуяны Кудай Таалама теңеп алса каапыр да болуп калат. Жөн эле барып, илимин алып, насааттарын укса бир кеп.
Мен реализатор болуп иштейм. Кожоюнум айткан баанын үстүнө 20-30 сом кошуп, жол кире чыгарып алам. Бирок, кожоюнум билбейт, акчасына тийбейм. Бул күнөө деп эсептелинеби? 07770135..
- Арам болот, садагасы. Адал тамак же, дубаң кабыл болот.
Үйгө, лөлү дубана келсе садака бериш керекпи? Даарат андай керекпи? Даарат эмне болгондо бузулат? 07796634..
- Садаканы тааныштарга берген, туугандарга берген жакшыраак. Даарат бузулганды китептен окуп, түшүнбөгөн жериңди сура. Адепти үйрөн.
Мен өткөн сандагы 5552159.. абонентинин суроосуна кошумча айтайын дегем. Уруксат берсеңиз? Бир тууган сага айта кетчү нерсе. Мусулман адам эч качан бири-бирин өлтүрбөйт. Сен мусулмансыңбы? Сенин аялыңды, кызыңды зордуктап жатса, унчукпай карап, олтура бересиңби? Үйүңдү талкалап, жериңди тартып алсачы? Мен мусулманмын деп олтура бересиңби? Ислам эмне, лохтор үчүн бекен? Сен ак үйдө иштеген же болбосо черныймын деген братанына таянып сүйлөңүз. Мен Аллахка таянып сүйлөйм. Ассалому алейкум. 07790907..
- Уруксат бердим. Ал пендеге сөздөрүңүз чучукка жете тургандай болуптур. Бир аз адептүү айтсаңыз мындан да чырайына чыкмак экен.
Досторума, эркек аттууларга “кыз менен сүйлөшкөн болбойт” десем, анда кантип үйлөнөм?
- Жеңелериң таап берет.
Үйлөнүү тою шариат боюнча кандай болот? Ушулар тууралуу бир макала жазып берсеңиз. 07790907..
- Аракет кылайын бир тууганым.
Менин ата-энем ажырашып кеткенине 6 жылдан өттү. Андан бери атам 2 аял алды, апам турмушка чыккан жок. Экөөнү жараштырыш үчүн эмне кылуум керек? Атам да апам да намаз окуйт. 5 убак, үй бүлөбүз баары окуйт. Атам 40 күндүк дааватка 2-3 жолу чыкккан. Сизден сураныч кеңешиңизди бериңиз. 07072113..
- Кандай таризде ажырашканын тактагандан кийин жакшыраак кеңеш берээр элем. Баары ошого байланат.
Сиз менен кол алышып саламдашканыма сыймыктанып турам. Сизге туура эмес сүйлөгөндөрдү окуп капа болом. Урматтуу кыргыз элим! Аалымдарды ушак кылып коюштук менен жети урпагына чейин хидаят берилбей калышы мүмкүн. Ясин сүрөөсүн 9 аятын душмандарга кантип колдонот? Тартиптерин айта кетсеңиз? 07092123..
- Жөн эле окуй бересиз. Болгону даарат менен, ыклас менен окусаңыз таасири ансайын күчөйт. Аллахым ыраазы болсун.
Эркек бала канча жаштан баштап үйлөнсө болот? Кайсы убакта сүннөт, фарз, важип болот? 07072113..
- Балагатка жетип, ычкырын өзү байлап, эки адамды бакканга жарагандан кийин үйлөнсө жарай берет. Ушул убакта үйлөнгөнү сүннөт болот. Шахваты күчөп, кызыл көйнөк көрсө айланчыктап кете албай турган болуп калса ваажып болот. Такыр болбой калса парз болот. Колунан бок келбей туруп эле, эки адам эмес, өзүн бага албай турган болсо макрух болот.
Эжем хиджап кийет, студент. Анан боёнуп турат. Боёнбо дейин десем, жини келет. Боёнсо эмне болот? 07092123..
- Боёнсо маймыл, маскарапоз болот. Боёнгону арам болот. Сойкулардын тизмесине кошулат. Көчөгө чыгып кайра үйгө келгенге чейин периштелер наалат айтып турушат.
Биздин аппак деген молдобуз бир убак дагы намаз окубайт жаназа окуйт, нике кыят. Ушул молдого кандай насаат айтат элеңиз. 05518090..
- Кудайым ал аты аппак болуп, өзү капкара болуп кеткен молдо сөрөйүңөргө хидаят, туура жол берсин.
Мен студент кызмын. Турмушка чыга элекмин. Менин түшүмө жаш наристелер көп кире берет. Эмне себептен? 07726883..
- Аларды жакшы көргөндүгүңдөн болсо керек...
Чубак ажы, оронгон хиджапчан кыздар кайсы окууга тапшырып, кандай жумуштарда иштесе болот, кээ бир адамдар айтып калышат, “оронгондор банкта же дагы ушуга окшогон иштерде иштесе болбойт” деп, ошол туурабы? 07728969..
- Мугалим, аялдардын догдуру, тарбиячы болуп иштесе эмнеге болбосун. Аялдын кадыр баркы, намысы сактала турган жерлерде иштесе болот. Эркектерге аралашып иштөөнү шариат жектейт.
Сексен бешке чыккан кайненем 17 жаштагы небереси экөө мени 3 балам менен уруп айдап чыкты. Үй жолдошумдуку. Азыр үйгө акча төлөп жашайбыз. Бизди үйүнө батырбайт. Кеңеш бериңиз, эмне кылам? Өзүм 5 убак намаз окуйм. 07796634..
- Жолдошуң кайсыл жакта экен?
Менин келинчегим оорукчан эле, каза болуп калды. Мен талак бере элек каза болуп калды. Мен үйлөнүп алдым, эми кандай болот? 07022496..
- Каза болоору менен нике ансыз деле ажырайт.
“Эгер мусулман аял, мусулман эмес адамга турмушка чыкса нике түшпөйт” деп жооп бергенсиз. Анда менин балдарым ойношчулуктан жаралганбы? Ал кореец болчу, ажырашкам. 07050897..
- Ооба. Тооба кылыңыз. Балдарга туура тарбия бериңиз. Балдарыңыз мусулман болуп эсептелет.
Күйөөм мени уруп, мурдум кыйшайып калган. Түздөтөйүн дегем. Шариатта Кудай берген көз мурун менен жашаш керек, эгер мен мындай кылсам шариатка каршы чыккан болбойбу? Кемчиликтериңди оңдотуп, башкача болгон күнөөбү? 05537773..
- Сиздин шартта түздөтсө болот. Экинчи кыйшайганга шарт түзбөңүз.
Азан айтылып жатканда басып бара жаткан болсоң, сөзсүз азан бүткөнчө олтуруп, бата кылыш керекпи же баса берсе болобу? 07080506..
- Баса берсе болот. Колунан келсе олтуруп укканы жакшы.
Билдирүүнү түзөткөн: Xanif.Kg: 02 Март 2015 - 18:24