Шариятка ылайык уйлону, турмушка чыгуу. Жигиттерге, кырдарга суроо.
#41 26 Март 2015 - 17:29
Мен ак көйнөктө , ата энемин алдынан той менен эле чыкканды арзуу кылам. Бул ар бир кыздын эле арзуусу да.
#42 26 Март 2015 - 18:36
#43 15 Апрель 2015 - 17:27
Билдирүүнү түзөткөн: Nakush: 15 Апрель 2015 - 17:31
#44 15 Апрель 2015 - 19:01
Nakush (15 Апрель 2015 - 17:27) жазган:
Бактылуу болосуздар ИНША АЛЛАХ! Конулдон чыгарап эле бересиздер, ал эми никени окуган адам канча берсениздер да ыраазы болот.
#45 15 Апрель 2015 - 21:55
#46 17 Апрель 2015 - 16:43
Janyla (23 Март 2015 - 21:25) жазган:
Мен макул болгом.
Бирок, кобу бул нерсени туура эмес кабыл алат экен. Мындай ойлоп калганыма 2-3 кыздар менен болгон диалог себеп болду,алардын бири:
Иштеген жеримде бир эже(жашы 30-32 нин тегереги,ойлогом 2-3 баласы бар болсо керек деп)менен суйлошуп калдым. Создон соз чыгып, соз турмушка чыкпаганын билип,тан калдым.
-Жигитиниз барбы?-десем,
-Бар.
-Неге уйлонбойсунор?
-Шарты жок.
-Аныкыбы, же сиздеби?
-Жигитимдики, -дейт.
Тою жок эле шарият боюнча уйлонсо болбойбу деп,озумдукун кыстара кетсем:
-Колдукторго боло берет да,-дейт.
-Силерге(Оштон экен) бироо болтурбайтабы? !-десем,
-Тою жок тиймек эмесмин,-дегенде, тойду, шартты кутуп жатып, кары далы болуп деле калыптырсыз дейин деп,тилимди тишиме каттым, конулун ооруткум келген жок,анын устундо улуу болсо деп, унчуккан жокмун.
Негизи, ал эле эмес,чечимди кабыл алганга чейин курбуларым деле айтып калчу, омурундо бир жолу турмушка чыксан, свадьбасы жок тийип кетесинби деп.Эч кимисине кулак салган жокмун, жолдошумдун динден тушунугу бар,намаз окуса,ичпесе, чекпесе,мындан артык эмне керек деп,баса бердим.Апама тушундурдум, эл катары папам-маамдар алдынан отуп,калынын беришти.
Ал эми элдин батасын алып,чакан той откоруш планда бар.Аллах буюрса, КР га жетип алалы
Мен да макулмун, негизгиси бактылуу болсок болду, той эмес, тойдон кийинкисин берсин Аллахым деп эле отурам. Менин кулагымды да достор, туугандар койбой атышат. Омурундо бир жолу ак койнок кийесин да деп.
Азырынча белгисиз, насип кылса откоробуз, а так мен ашыкча ысырап кылып, намыс деп эле жылдап тапканынды бир кундо элге чачканга каршымын.
#47 17 Апрель 2015 - 16:53
Азырынча экообуз тартышып турабыз ушинтип))) Дагы коро жатаарбыз.
#48 18 Апрель 2015 - 00:03
#49 18 Апрель 2015 - 00:55
vankuver. (25 Март 2015 - 16:26) жазган:
Йее кыздар айта берет "макул болмокмун" деп. Бирок чын чынына келгенде андай эмес. Алар да достору ж.б атаандашат, эл козуно арзуу кылып куткон той койнокту кийип ЗАГС лимузинде хаммерде чыгууну каалашат. Бул жерде акылдуу болуп жаза беришет да. Болушу мумкун макул деген 5% гана деп ойлойм.
#50 18 Апрель 2015 - 14:02
"Эми мындай да", - деп баштайын ажобузчасынан.
А дегенде эле жанагы "Тою болбосо тийбейм" дегенди жана ошого окшоп жүргөндөрдү "түркөй" деп айтууга батынып кетем. Менимче эң элементардуу салыштырууну билбегендиктен кийинке турмушунда да оголе кыйналат болуусу керек.. Не кереги бар дейм да ушинтип ээээң жөнөкөй нерселерди эле татаалдантып алып анан элдин баарына: туугандарына, досторуна, өкмөткө, президентке, анан Жаратканга таарынып, аларга нааразы болуп "Неге менин жашоом мындай болуп калды?", "Неге мен элдей болуп жашай албай жатам?", "Неге мен бактысызмын? " деген суроолор менен "турмуш куруп" калаары таң калаарлык деле эмес го. Татыктуу адам чыгып атабы чык нары "Той-пой, көйнөк, анан ЗАГСга Лимузин / Хаммер менен барчу элем", "элден калбайын" , "эл не дейт?", "Бир жолу күйөөгө тийип атам" (Оозума таш дечи, ошондой болсо да мыйзамченемдүү суроо узата кетейин - "А ким кепилдик берди биринчи эле жолу тийип атканыңа?.." Эгер мүмкүнчүлүгүң жетип атса, пожалуйста, чартаңбай тээп каалаганыңдай үйлөнүп / турмушка чыга бер. Бирок, насыя алып, анан аны төлөй албай УЯТ болгонуңдун өзү ТҮРКӨЙЛҮК! Мындай учурду кыргыз "К.түңдү жапкан көк чапан жок, анан кайсы арыңа мындай кылдың?" дейт.
Жеке байкашымча, адам канчалык түшүнүгү тарыраак, маданияттан алысыраак, китеп-журнал дегенди колго өтө сейрек алган, бүкшүмөлдөтпөй балп эткизип эле ачыгын жазайын, жапайыраак болсо, ошончолук шаан-шөкөткө, болбогон бир кооздукка жакын болот экен. Азыркы маалда дүйнөнүн көөөөөптөгөн өлкөлөрүнүн адамдары аралашкан жерде жүрүп алардын жүргөн-турганына, жашоо-тиричилигине акырын абай салып европалыктар канчалык көп маяна алса да жөнөкөй эле кийинип, моюн-башына бир балээлерди илбей эле жүргөнүн көрүп, ошол эле убакта маянасы мышык ыйлагыдай азиялык / африкалыктар моюндарына болбогон бир жылтырактарды илип, оюн-күлкү десе жантыгынан жата калгандарын көрдүм. Адам кайсыл жерде болсо да адам эмеспи. Ошондой эле көрүнүш жер шарынын бардык жагында болсо керек. Эгер илим-билимдүү болсо жөнөкөй, ал эми андай болбосо элге өзүн башка жагынан көрсөтүү муктаждыгы келип чыгып, анан ошонун жыйынтыгында болбогон бир нерселерди мойну-башына илип, жанагыдай "кооздуктарга" чылк оронуп, лимузин / хаммер минип (өзүнүкү болсо я молчу) анан баягы Пушкиндин жомогундагыдай тойдун эртеси тешик тепши менен калып анан бирин-бири күнөөлөп жатып калышат. Алган насыясын төлөй албай, жогоруда жазып кеткендей, Орусияга жөнөп, ал жактан кор болуп, төлөсө төлөдү, төлөбөсө жашоосу бузулуп жан кыйганга чейин барып атышат. ЭМИ ошонун НЕ кереги бар?..
Дагы бир форумчу кыз жазыптыр уккан/көргөнүн "Силерге (көлдүктөргө) боло берет, бизде (оштуктарда) андай болбойт", - деп. Ооба, туура бул маселе. Мен аймак-аймакка бөлүүчүлүктөн алысмын, бирок, айта кетчү нерсе, урматтуу Түштүктүк туугандар, ошондой хаммер теппей эле үй-бүлө курса болорун неге али күнгө чейин түшүнбөйсүңөр? .. Жогордо жазгандардан бир аз да болсо сабак алса жакшы болмок. Анан келип эле жаман жашап жатканыбызга Президент күнөөлүү, өкмөт күнөөлүү деп, каяктагы ууру-кескинин берген 500 сомун алып жол тороп жатып калышат "эрлер" . Кулов айткандай "к.т күйөт да, к.т күйөт".
Айтмакчы, нике кыйган адам "мага мынча бер" деп айтканга акысы жок! Жана "анын каалаганын бербесең, турмушуң начар болуусу мүмкүн, бактысыз болуп калууң мүмкүн" деген туура эмес түшүнүк. Жашооң бактылуу / бактысыз болгону ошого байланыштуу болуп калса анда эле ошондой "молдокелердин" чөнтөгүн кампайтып эле бактылуу болуп кетпейт беле элдин баары? Логика кайда?
Молдокеге эчтеке бербей деле үй-бүлө кургандар жүрү норм эле жашап
Жыйынтыктаганда, ӨЗҮҢДҮН акчаң болсо чалчаңдап той бере бер. Чылк алтын тиктирилген көйнөк кие бер. Лимусин / Хаммер / Майбах минип (ӨЗҮҢДҮКҮ болсо) ЗАГСка барып нике күбөлүгүн ала бер. Каалаган ресторандан той бере бер. Бирок, ошончо кеткен каражатты жарытылуу тамак ичпей, ийни тозуп суукка тоңуп жүргөн бир канча жетимдин курсагына, кийимине жумшасаң ЖАКШЫРААК болот беле? 1 сом садака кайра 10 сом болуп кайтып келет. Жакшылык кылган адамдын көөнү да ток болот. А көөнү ток адам бактылуу болбогондо ким бактылуу болот?..
#51 18 Апрель 2015 - 15:11
unknown666 (18 Апрель 2015 - 00:55) жазган:
.
Жакшы, бактылуу болунуз. Кыялыныздан да артыгыраак инсанга туш келиниз.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#52 18 Апрель 2015 - 15:16
.
Туура айтасыз.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#53 18 Апрель 2015 - 18:12
#54 18 Апрель 2015 - 21:05
Албетте шариятка ылайык уйлонгондо той болот. Эркектер башка, аялдар башка болмолордо отурса, Жоолук салынабы, же башкача кийинсе да аураты жабык болсо, столго тыю салынган даамдар коюлбаса, Максат Аллахтын ыраазычылыгы учун болсо, эл корсун учун эмес, элге жарыя катары болуп калсын деген таризде, шариятка туура келбеген эстеликтерге барып гул коюп келуу сыяктуу жоролголор аткалырбаса, ысырапкерчилик болбосо, намаздар калып кетпесе Максатка ылайык болот. Каражат уном болот бул жакшы, бирок, бул башкы маселе эмес. Башкы маселе Аллахтын ыраазычылыгын алуу!
#55 18 Апрель 2015 - 22:45
Билдирүүнү түзөткөн: Beka.: 18 Апрель 2015 - 22:52
#56 18 Апрель 2015 - 23:17
Форумчунун жообуна толугу менен кошуламын.
Чынында эмне кереги бар кредитке той кылып анан аны кайра келинине толоттуруп (ушундай окуяларды угуп калдым эле).
#57 19 Апрель 2015 - 00:32
#58 27 Апрель 2015 - 17:12
#59 07 Июнь 2018 - 19:46
muslima-0788 (27 Апрель 2015 - 17:12) жазган:
МашаАллах бактыныздар туболуктуу болсун.
Теманы жанылап коеюн, азыркы форумчулар да оз ойлорун билдиришсе.
#60 08 Июнь 2018 - 07:02
muslima-0788 (27 Апрель 2015 - 17:12) жазган:
Мааша Аллах. Өтө соонун үлгү болуучу той өткөргөн экенсиңер. Никеңер түбөлүктүү болсун Иншаа Аллах.