asylai_312 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 13 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (11 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 04 Ноябрь 14
- Кароолор:
- 8 268
- Соңку аракети
10 Дек 2014 21:37
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 35 жашта
- Туулган күнү:
- Апрель 11, 1989
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Өчпөгөн үмүт
Жазылган күн: 4 Ноя 2014
Жашоодо умут очпойт экен,баарыбызды алдыга тартып,эртенкиге жетелеген да умут!!! Анда соз башынан болсун.Жашым 25де,шаарыбыздагы жогорку окуу жайлардын биринде окугам,тилекке каршы буто элекмин...Себеби учунчу курсту буткондо ала качып кетти.Жалгыз умутум ,ишенгеним ата-энем макулдугун берди.Ак жоолук салынып келиндик кызматымды кылып жашап калдым.Бир жылдай кайын эне,кайын атамдын колунда болдук,бирок ошол учурда торой алган жокмун,боюмда болгон жок.Бала жонундо укканда жашоом тугонгондой сезилип кетээр эле.Кыз кишиге кыйын эле экен,було болуп жашап кетуу,баарынын тилин табып жашоо.Ата-энем жакшы жерде иштегендиктен 21 жашыма чейин акча кандай табылаарын билбептирмин. Айыл жеринде жашоо кыйын эле экен.Озум тилди жакшы билгендиктен жолдошум бир аз оздоштуруп окуду,досторубуздун жардамы менен биз дагы чет жерге кеттик.Иштеп кичине бутубузга турганда боюмда болду,жаратканыма мин мертебе ыраазымын уул тородум.Балам чоноюп жети ай болгондо атам менен апам бизге берип озун дагы иште жардам болсун дешти.Айла жок келип таштап кетээрде мени баккан(папамдын байкеси)атамдан ажырап калдым.Жашоомдун жарыгы,эртенким, бугункум эле, мен атамдан ажырадым! !!Жашоо уланат экен кундор отуп,убакыт баарын женет экен!Бир жылда бир жолу мекенге барып турабыз.Айтайын дегеним бир уйдун туйшугу баары биздин моюнубузда. Тапканыбыздын баары эсептелуу.Керек болсо кайын синдимдин жууркан тошогунон бери озум жасаттым,свадьбасында салон,кешик, кийит баардыгын озум даярдадым.Анткени кайын энем андай нерсеге жокмун деди,абысыным мен бошобойм деди.Билинбеген менен ото оор экен даярдоо,бул жерге жазуунун мааниси деле жок го,баарыбызга таанылган кишинин баласына тийди,демек баары жогорку денгээлде болуш керек.Иштеп тапканыбыз баары кетти.Чон кайын энем каза болду кыркы,ашы,эстелиги баарын биз бердик.Озубуздун иштегенибиз аз келгенсип ата-энемден да жардам сурайм(озумдун). Менин жолдошумдан башкасы кайын эне,кайын атамды сыйлабайт,жок дегенде байкуштарга ысыгыраак чай бергенге жарашпайт.Кемпир чалдын батасы тиет деп колумдан келгендин баарын кылам.Ич кийимдеринен баштап кышкы кийимине чейин арзан кымбатына карабай алып берем.Жолдошум жакшы бирок...Быйыл февраль айынан баштап озгорду,ичимден сызып кайгырган менен билгизбедим. Журогум менен сезип турдум,кимдир бироо пайда болгонун калат деп ойлодум,уй-буломду сактап калуунун жолу эле.Жакшы эле чыдадым бирок андан ары чыдай албадым озу токтотоор дегем болбоду.Акыры чыдабай тел номери мага оформление болгондуктан офиске барып номерин текшертип баарын билдим,ал кыздын да номерин алдым.Чалып суйлоштум жаш экен 91 жылкы ойнош болбой эле жакшынакай куйоого тийсе болбойбу?! Куйоом актанды,ушул жылдар аралыгында ага байланганымды мурун байкабаптырмын. Буломду сактап калганыма суйундум,бирок озумду жа аядым,баарын билип туруп,билмексен болуп жашоонун озу эле-ТОЗОК! !!Баягы эле убакыт баарын колго алып,жашап калдык.Чыдамым кетип калды качанкыга чейин чыдайм билбейм.Ары карап ыйлап бери карап кулуп жашап келем.Жолдошума болгон ишенич кетип калган,суйуу деп суйлогум да келбейт.Чын дилимден берилип суйлобой,кулбой калганыма кооп болду...Басып кетейин дейм абышка кемпирдин жалгыз умуту,жарыгы менмин.Эмнеге адамдар кээде кайдыгер болуп калышат?Кантип ишенем эми,качан мен мурдагыдай шайыр болуп эркелеп кулуп,бактылуу болом?Умутум очпой келет...Ата-энеме билгизгенден корком,бактысыздыгымды жашырам.