ислам мамлекетти болгон Сауд Арабиясына виза кантип ачтырса болот? Америка кошмо штатарына виза кантип ачтырса болот? Шведцария мамлекеттине кантип виза ачтырса болот? Дегеле биздин жарандарга ушул олколорго виза Кыргыз олкосунон эле ачылабы? Литвияга казакстанга барып ачтырып жататко. Супер ушул суроолорума жооп алып берип коюнуздарчы.
Виза ачтырууга керектелуучу каражаттын суммасын кошо жаза кетсениздер сонун болмок.
Баракча 1 - 1
Сауд Арабия, Швейцария, АКШга визаны КРда ачабы? виза алуу
#2 15 Март 2016 - 17:35
mani (04 Ноябрь 2015 - 01:54) жазган:
ислам мамлекети болгон Сауд Арабиясына виза кантип ачтырса болот? Америка кошмо штатарына виза кантип ачтырса болот? Шведцария мамлекеттине кантип виза ачтырса болот? Дегеле биздин жарандарга ушул олколорго виза Кыргыз олкосунон эле ачылабы? Литвияга казакстанга барып ачтырып жататко. Супер ушул суроолорума жооп алып берип коюнуздарчы.
Виза ачтырууга керектелуучу каражаттын суммасын кошо жаза кетсениздер сонун болмок.
Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди:
- Кыргыз Республикасынын жараны эгер Сауд Арабия королдугуна барууну кааласа, анда Сауд Арабиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине кайрылуусу зарыл. Ошондой эле Америка Кошмо Штатарынын визасын алыш үчүн Бишкек шаарындагы АКШнын элчилигине кайрылуусу керек. Швейцария өлкөсүнүн визасын Швейцариянын Бишкектеги элчилигинен алат. Тилекке каршы, Латвиянын Элчилиги Кыргыз Республикасынын аймагында жок. Ал өлкөнүн визасын Казакстандан алууга болот.
Баракча 1 - 1