TheBlueBoy Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 9 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (9 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 23 Сентябрь 18
- Кароолор:
- 3 532
- Соңку аракети
01 Дек 2018 23:47
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 26 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 23, 1997
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Жан дүйнө менен күрөшүү.
Жазылган күн: 6 Окт 2018
Адамдар мага окшогондорду абдан жек көрүшөт, түшүнөм, бирок мен өзүм тандап алган жокмунда! Жыргал дейсинерби, даарылаганга да болбойт, элестетиңиз сизди эле даарылап туруп, мендей кылып койсо болобу? Болбойт!! ! Ошондой эле бул дарт да айыкпайт! Айыкпарына көзүм жетти! Жана да бул абдан өкүнүчтүү...
Эгер адамды чындап сүйсөң унута албайт экенсиң, билбейм меники ушундай болду. Канча аракет кылсам да, эстен кетпейт. Көзгө илинген ар нерсе аны эстетип тургандай. Жан дүйнөдөгү боштук, сагыныч сезилип жатты.
Февралдын төртүнчү күнү. Түшкү тамактын камын көрүп жаткам, телефонум шыңгырап калды, карасам Смс билдирүү келиптир:«Салам, достошуп албайлыбы?».
Такыр мүмкүн эмес деп ойлогоном нерселерим, ошол катка жооп бергенден кийин башталды... -
Темасы: Жан дүйнө менен күрөшүү.
Жазылган күн: 6 Окт 2018
(уландысы 4)
Ошентип ал кезигишүү да болду, отуруп баарын сүйлөштүк. Ашыкча эч нерсе деле болгон жок, экөөбүз ошондон тартып көп убактыбызды чогуу өткөрө турган болдук. Достук деп айтуу да болбойт эле, экөөбүз көрүшпөсөк сүйлөшүп, жазышып, күндү кандай өткөргөнүбүздү, деги эле оюбузда эмне болсок ошонун баарын бөлүшчүбүз.
Бирок андан ары уланбады, тагыраагы мен жол берген жокмун. Болушунча ортодогу аралыкты сактап жаттым, абийирим жол бербеди.
Акыры 11-классты бүттүк, ар кайсы жолго, турмуштун башка-башка кемелери менен сапарыбызды уладык. Азыр кадимки эски классташ, эски достордой кабарлашып калабыз. Бирок баарыбир айтылбаган көп- көп сөздөр калды. Бир жазуучу айткандай түшүнүшпөй калуудан корком дегендей, биз да түшүнүшпөй калдык.
Мен борбор калаага келип, окуй баштадым. Дартым күндөн күнгө өсө баштады, күрөшүү да оор болду. Ата-энеме айта албадым, жакындарыма да, психологго кайрыла албадым, биздин коомчулуктан корктумбу, же уялдымбы айтор такыр чечиле албай койдум. Дин жаатында, рухий жардам керек деп, көп-көп китеп окуп, намаз окуп, мечитти калтырбай барып жаттым. Ар бир намаздан кийин тиленгеним ата-энемдин амандыгы, анан дартымдан айыгуу эле. Ал да жардам бербеди, бирок мен да жеңилбедим.
Ажыкелердин сабактарын, кеңештерин угуп, жан дүйнөмдү азыктандырдым. Бирок натыйжа болбоду, кийинки жашоомду, ал жакта боло турчу нерсенин баарын ойлоп, оюм онго, саным санга бөлүнө турчу болду.
Жараткандан көп сурачу болдум: «неге мындай, эмнеге мен?» -деп. Бирок жообун али күнгө чейин ала албай, кыйналып келем.
Акыры намазды да таштадым.
Кадимки адам катары сүйө албайм, мен деле бактылуу болгум келет, үй бүлө күтүп, балалуу болуп, бактылуу түтүн булатып жашаганга не жетсин?! Бирок мен кыздарды сүйө албайм, аларга карата менде жактыруу, убактылуу алдануу гана болот. Бирок андан ары уланбайт. Досторум менен отуруп, кыздар жөнүндө сүйлөшүп калсак, сыр алдырбай, кошулуп «бул кыз мындай экен, тигил кыз тигиндей» деп коём, башкача айтканда бет капчан жүрөм ар дайым. "Кээде маршруткадан бир көрүп эле сүйүп калдым",-деген досторумду укканда ушундай да кантип болсун деп таң калам.
Эгер мага бир мүмкүнчүлүк берилсе, ушул дартымдан айыгайын, катардагы адам болуп, бактылуу болуп жашагым келет демекмин. Бул туңгуюктан тажадым. Күн сайын мени улам тереңге соруп барат.
Бүт баарына кайыл болуп, кетип калайын дейм, бирок ата-энемди кыя албайм. Алардын үмүтү, мага болгон ишеничи гана кармап турат. Далай жолу жип кармап, ваннада ойго келбеген нерселерди кылгым келди, бирок дитим барбады. Өз жанын кыйгандардын деле дартын толук билберибизди ошондо түшүндүм, балким алар да мен менен бир кемеде болгондур? Эх, түшүнгөн, колдогон адамым болсо, антпесе бул ойлордун баарын өзүмө ката берип, тумчукмай болдум... Жакында дем жетпей калабы деп да ойлойм, ошондой болуп калса, мен жөнүндө жалаң жакшы гана эскерүүлөр калсын...
Былтыр дал ушул маалда, бир бала менен тааныштым, жолугуп, сейилдеп, бири-бирибизди көз караштарыбыздан эле эң сонун түшүнүп турдук. Сүйүүнүн күчүн, чындап ашык болуу кандай экенин ошондо алгач сездим. Ага чейин болгон сүйүүлөрүм болбогон эле нерсе болчу экен да, неге эле бат тажап кетем десе, мен ал кезде коомчулук эмне кылса ошону кылып, коомчулуктун жазылбаган эрежелери боюнча жашоого аракеттениптирмин. А бул махабат башкача болду, жуманын акырында кезикчүбүз, ага чейинки убакыт кылымга созулгандай сезилчү. Көчөдөн басып баратканда эч ким бизден шектенбейт, күмөн да санабайт эле. А биз болсо күндөн күнгө жакындай бердик. Мени окуумдан күтөт, анан шаардын четине басып барабыз, анын жанында убакыт зымылдап учуп өтчү эле, ошондо мезгилди көз ирмемге токтото билсек деп көп айтчубуз. Анын ишине барып, күткөн күндөр, али кечээги күндөй эсимде. Уккан музыкалар, дале аны эстетип, ага болгон сагынычымды улам күчөтөт.
Кыш жакындап калган, эң акыркы жолу Чыгыш 5 кичи районунан жолуктук, жамгыр жаңы эле жаап өтүп, жеңил жел желп этип жүзүбүздөн сылап өтүп жатты. Ал сөзүн баштады:
-Даниэл, бул нерсе мындай улана албайт, албетте экөөбүз эч нерсени токтото албайбыз, биз ушундай жаралганбыз, мен деле канча аракет кылдым, эч болбоду. Бирок, аша чаап кетпейли, баары бир башкалар кабыл ала албайт, күчөп кете элегинде эсибизге келели, өтө берилип кетпе, биздин өлкөдө мунун келечеги жок, акыры өзүн каалабаган нерсени кыласың. Ата-энебизди, туугандарыбызды ойлойлу, келечегиңди ойло, кечир мени, жашоомдо сендей адамды жолуктурганыма эч өкүнбөйм. Сагынам сени! Өзүңдү жакшы кара! - деп кол чатырын ачты да басып кетти...
«Кет!»-дей албадым, бирок «Калчы!»-дегим да келген жок. Селпейип көчөдө туруп калдым, мен үчүн күтүүсүз болду. Ошондо сынууну, ташталууну, сезимдердин тепселүүсүн сездим. Ал мени сүйүүнү, кыйналууну, жек көрүүнү үйрөттү. Бирок аны деле эң сонун түшүнүп турдум.
Кезиккенде : «Эң жакшысы биз бири-бирибизди билбей эле, тааныбай эле койсок болмок!»- деп айткым келет.
Ошол окуядан кийин аябай чүнчүп кеттим, сагындым чындап, ыйлаган күндөрүм болду, жакын сырдашым, ошол убакта менин бир гана таянычым - күндөлүгүм болду. Болгон нерсемди ага айтып берем. Аны менен баарлашам. Сабакты да көп калтырчу болдум, достор сурап калса, өзүмдү жаман сезип жатам деп коюп кутулам, андай болсо да көңүлүмдү көтөрүү менен убара, байкуштарым. Чын сырымды билишсе деле, ошондой мамиле кылышат беле билбейм, бирок ушул дартымдын айынан көп нерсе жоготком, жоготуп жатам. Күндөр өтө берди, Куандык Рахымдын - "Кош, Махаббат! " ырын тынбай укчумун, азыр ал ырды уксам кадимкидей ошол ирмемдер келет. Анан жумушка орношуп калдым, кичине өзүмдү жумуш менен алаксытып, көңүлүм көтөрүлүп, жакшы болуп калдым, кышында окуп-иштеп, "жакшы бала" болгонго аракет кылдым, сонун эле бала болдум.. -
Темасы: Жан дүйнө менен күрөшүү.
Жазылган күн: 5 Окт 2018
Ар кандай пикирлер жазылыптыр, айрыкча "Бул жомок", "Форумду кызытуу үчүн ойлонуп табылган оюн" дегендер, ошондой болсо гана? Мен деле ар убак ушунун баары түш болсо, азыр ойгонсом баары башкача боло дейм. Бирок атаганат андай эмес, баары биз ойлогондой эмес. Пикирлеринерди калтыргыла, жооп берем. Окуямды улантам, күттүрбөгөнгө аракеттенем, бирок жеңил тагдыр эмес, өзүңөрдү моралдык жактан даядрдай бергиле! Бейпил тун! -
Темасы: Жан дүйнө менен күрөшүү.
Жазылган күн: 5 Окт 2018
Кандайсыңар, достор! Албетте, тирүүмүн. Окуу, жумуш колум тийбей жатат бул жакка! Улантам, анын үстүнө жакынкы убакта эле толтура окуя болуп кетти. Баарын төкпөй-чачпай айтып берем. Азырынча муну окуй тургула:
------------
Түн. Ойлорум чачыраган. Кээде туруп «Мен чын эле ушул жердеминби? Болуп жаткандардын баары чындыкпы?» деп ойлоном. Себеби бардык нерсе түштөй сезим калтырат. Мурун:«Убакыт өтөт, жаңы адамдарды кезиктиресин, кээбир эң жакын адамым деп эсептегендериң тааныш эместерге айланат»,-дешсе күлөр элем. Бирок азыр ошол сөздүн чындыгына ынанып олтурам. Буга чейин көп нерсени туура эмес кылыптырмын, өкүнгөндө эмне. Канча ойлонбойлу ал мезгил, айрыкча бекерге кеткен убакыт кайрылып келбейт турбайбы. «Кап» деп бармагыбызды кырча тиштеп кала берет экенбиз. Сырттан караганда, эч нерсени капарына албаган, ашыкча жалжаке, кыймыл-аракеттери башкача болгон баламын. Бирок жан дүйнөм такыр башка. Убагында дос балдар:«Бет кабыңды чеч!»-деп айтышчу, балким ошолордун айтканын кылышым керек беле деп да калам, айтор, ойлоно берсе ой бүтпөйт. Кээде туруп «Азыр мен чын күлдүмбү, же жөн гана катардагы оюнбу?» деген сындуу ойлор болот. Көп ойлоном. Балким ушул менин кемчилигим болуп жүрбөсүн? Болбогон нерсени деле ойлонмоюн жүрө албайм. Башкаларга жардам берүүгө өзүмдү милдеттүү сезем. Бирок айланадагылар бул сапатымдан ашыкча пайланып жатышкандай. Жан дүйнө менен берилип эс качан кылбаш керек, адамдар баалабайт деген тыянак чыгардым. Балким сен үчүн бул туура эмес чыгар, жемелешиң мүмкүн... Жакшы сапаттарымды жоготтум. Анын ордуна көптөгөн терс сапаттарга ээ болуга жетиштим. Менин оюмча ар бир жетишкендикти ийгилик десек болбойт окшойт.
Бир туугандарымдын баасын билдим, биз үчүн кичинекей нерсе, башкалар үчүн бүтүндөй аалам боло аларына дагы ушул шаардан ишендим.
Эң башкысы адам өзү каалаганай жашоосу шарт. Ар адамдын өз принциптери, идеалогиясы жана эрежелери бар. Мага жол көрсөтүп ашыкча акылдуу болгон адамдарды да кезиктирдим. Кезиктирип деле келгем, таң калган жокмун.
Азыр чөйрөмдө жакшы көргөн адамым, бир туугандарым, ата-энем жана эң жакшы досторум бар. Тилегим ушул алтын адамдарды жоготуп албагай элем. Калган нерсенин бардыгы буюрса болот. Балким бүгүн эмес, бирок албетте бир күнү.
Ушул ойлордун баары, жеке эле мени эмес, менин ой-толгоомду өзгөрткөн, башында мага бейтааныш бирок убакттын өтүшү менен өз сырын ачкан шаарда болуп жатты.
-
Темасы: Жан дүйнө менен күрөшүү.
Жазылган күн: 1 Окт 2018
(Уландысы 3.)
Күндөрдөн Дүйшөмбү. Кайра эле баягы кайталанма күндөр башталды. Жума аягын дагы бекерпоздонуп откордум. Кечинде досторум келишти алар менен өткөн-кеткенди, окуучулук күндөрдү эстеп түн бир оокумга чейин отурдук. Таң эрте түшүнүксүз түштөн чочуп ойгондум, тагыраагы мага эмне жөнүндө кеп болуп жатканы айдан ачык, бирок башкалардын түшүнүүсү оор. Албетте , көп ойлонуудан, кабатырлануудан болсо керек. Туруп дароо эле үйдүн чатырына чыктым.
Эх, күз кандай гана сонун. Кечээ табигаттын ушул таптагы кооздугун сүрөткө тартып, жеке баракчама жарыялап койдум эле, дароо эле бир канча жүз лайкка татыды. Ичимден кудуңдап сүйүнүп, мен деле бир нерсеге жарайт турбаймынбы деп ойлонгом. Азыр теребел өзгөчө кооздукта, таң атканы турат, күздүн өз белгисиби же кандай, эртели кеч абдан суук. Азыркы тапта мени жылыткан, бул чылым. Жанатан бери 3-4 тү чектим окшойт, эмне болбосун ушуну эле баса калам, күчүмдүн баарын ушундан чыгарып.
Кулагымда Атабековдун «Мен сени сүйөм, өмүр!» аттуу ыры жаңырууда. Мына ушуну талант, ушуну өнөр десе болоттур. Жөн гана ырдап койбой, жан дүйнөсүн төгүп жаткандай.
«Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга,
Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга.
Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр».... Аркама, өткөнгө бир кылчайдым. Окуяны улантайын.
****
Андайды эч күтпөгөн, керек болсо билбеген жаным, чочуп кеттим, ыргып туруп, класстан атып чыгып, тазалыкты көздөй жөнөдүм. Өзүмө келе албай бир канчага турдум, ошол жактан дароо эле ызы-чуу чыгарып, талпагын ташка жайсам деле болмок, жакшы досум болгондуктанбы же абийирин төккүм келбедиби айтор эч нерсе кыла албадым. Улам - улам бетимди жууп, мындан аркы окуялардын чынжырчасы кандай болот деп ойлондум, акыры кайра келдим. Эч нерсе болбогондой эле жүрө бердик. Ошондой болсо да, менде өзгөрүүлөр башталды. Буга чейин өзүмдү башкалардан өзгөчө деп эсептечү эмесмин. Бардык балдардай эле балалыгым өткөн, көчө таптап, мылтык атып ойноп, айылга барганда ат откоруп, мал кайтарып кадимки эле балдай башы-көзүмдү чарадай кылып алып эле жүрчүмүн. Орто класстарда окуп жүргөндө далай эле тоок сүйүүлөр баштан өтүп, далай жолу кыз үчүн согушкан учурлар болгон. Анан эле туруп бир окуядан кийин ушунчалык өзгөрүү болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сыртымдан катардагы эле жигит, азиат, бойлуу, кең далылуу, кара каш, бото көз. Спорт менен деле кыйратып машыкпайм, табигат өзү эле жакшы дене түзүлүштү белекке бергендей. Кыскасы, класстагы окуя экөөбүздүн ортобузда эле калды. Бирок ошондон кийин жан дүйнөдөгү күрөш башталды, күн өткөн сайын ал нерсе менин денемде көптөгөн оорунду ээлей баштады. Каалоолорумдун алдында канчалык алсыз экендигимдин ошондо билдим. Убакыттан пайдаландыбы, же абалымды жакшы түшүндүбү, айтор досум жолугушууга чакырды. Кыш мезгили келген болчу. Тыш суук. «Андан да сейил бакка келе аласыңбы? Сүйлөшчү сөздөр бар»,- деп. Ойлондум да, бир чечимге келдим. (Уландысы кийин)
****
Саат 8 болуп баратат, мен окууга барышым керек, сүйлөшүү үчүн убакыт көп, бир гана туура адамды тандоо керек. Мен кетейин, ой-толгоолоруңарды, пикирлериңерди күтөм. Сураныч акыл үйрөтүүнү кийинкилерге коёлу.
***
Мурун тамекини, тамеки чеккендерди жек көрсөм, азыр алардын катарын толуктап калдым. Бирок мени ойлонткону менин эч ким билбеген, бир гана силерге айткан көйгөйүм. Тамеки чегүүнү белгилүү ыкмаларды колдонуп таштап койсо болот, ал эми менин берки адатымды эч кандай ыкма да жогото албайт, жоготконду мындай кой башкарганды билсең гана, кээде башкаруудан да чыгып кетет...
(КАТАЛАРЫ ҮЧҮН КЕЧИРИМ СУРАЙМ, ТУШ КЕЛДИ ОЙЛОРДУ ЧОГУЛТУП, БАТ-БАТТАН ЖАЗЫП КАЛАЙЫН ДЕГЕН ТААРИЗДЕ, ШАШЫП ЖАЗДЫМ!)
Комментарийлер
TheBlueBoy ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?