Уулкандан ыр белек!
#41 23 Май 2014 - 17:31
Сыйкырлуу каректериң байлап мени.
Сүйүүгө ишенбеймин деген элем,
Кетти эх, адалдыгың алдап мени.
Уулкан АМИРАЕВА.
#42 23 Май 2014 - 17:32
Арыш таштап ишенимдүү кадамды.
Эч нерсеге карабастан көз жумуп,
Сүйүп алдым, ыйманы ыссык адамды.
Сүйбөй койуу күнөө сиздей жигитти.
Сүйкүмүңүз мени буттан жыгытты.
Эч бир жанда кезиктирбес дилиңиз,
Эчак тоңгон жүрөгүмдү жылытты.
Алыстарга койгон кезде багытты.
Айдан издеп жүргөнүмдө бакытты.
Жерден таап алдым, жанды кокустан,
Жалгыздыктан айыктыраар табыпты.
Сиз бар менин ар бир таңым керемет,
Сиз бердиңиз, мен издеген жарыкты.
Уулкан АМИРАЕВА.
#43 23 Май 2014 - 17:33
Жарпым жазат маңдайымдан өпкөнүң.
Жашый түшөм, сен жанымдан узасаң,
Жарым саатка менден алыс кеткениң.
Бактылуу ушул күндөрүмө себепсиң.
Бакыраң көз бактыма сен керексиң.
Бир өмүргө сүйүшпөстөн өткүчө,
Убактылуу сүйүшкөнгө не жетсин?..
Жазгым келбей калды ырлар кайгылуу.
Жазып калсам, себеби бул - "айрылуу ".
Нөшөр жашым төгүп, бирок басылам,
Ниетим жок, жалгыздыкка кайрылуу.
У. АМИРАЕВА
#44 23 Май 2014 - 17:33
Учуп жүрөм бийиктерде куш болуп.
Жаратканга миң мертебе ыраазымын,
Жолукканым үчүн сага туш болуп.
Үмүт үзүп жүргөн кезде жакшыдан.
Үйгө кирдиң, болуп мага шериктеш.
Багындырып алдың мендик сезимди,
Башка эми сендей асыл кезикпес.
…
Таптым дагы сени каттым жүрөккө.
Таалай кылып алаармын аа, күн өтсө..
Биз бактылуу өмүр сүрүп өтөөрбүз,
Багыбызда түбөлүктүү гүл өссө.
У. АМИРАЕВА
#45 23 Май 2014 - 17:36
#46 23 Май 2014 - 17:37
Жузунду коромун деп куйуп кеттим
Жалгызым жалгызсырап калбасын деп
Жакама бал жытындан куюп кеткин
Суйуундун тазасынан берип кеткин
Садагам, бал ырымдан терип кеткин
Суз тартып, конул чогуп турган кезде
Суйуктуум жаныма бир келип кеткин.
Амираева У.
#47 27 Май 2014 - 11:31
#48 30 Май 2014 - 17:04
Сүйүүсү түгөнбөгөн жайдан болот.
Сагынтып, жолугууга келген күнүң,
Мен үчүн, өзгөчө чоң майрам болот.
Сүйүүнү көңүлдөрдөн жоктоталбай.
Сезимден чыккан отту токтоталбай.
Таң атып, сөздөрүбүз түгөп бүтпөй,
Турабыз, убактылуу коштошалбай.
…
Не деген сүйүүгө биз башты ийип.
Неге биз көзүбүзгө жашты чийип..
Жашырбай, сүйүүбүдү даңазалап,
Жүрсөк не, көтөрүп биз башты бийик?
Же бөлүп, же кошподу бизди тагдыр.
Жарыгы бизге тийчүү күн да бардыр.
Күбөсү болду биздин махабатка,
Кечээги майда жааган жазгы жамгыр.
Уулкан АМИРАЕВА.
#49 30 Май 2014 - 17:06
nurai92 (23 Май 2014 - 17:37) жазган:
Жузунду коромун деп куйуп кеттим
Жалгызым жалгызсырап калбасын деп
Жакама бал жытындан куюп кеткин
Суйуундун тазасынан берип кеткин
Садагам, бал ырымдан терип кеткин
Суз тартып, конул чогуп турган кезде
Суйуктуум жаныма бир келип кеткин.
Амираева У.
Чооң рахмат Нурай. Абдан кубанып калдым.
#50 30 Май 2014 - 17:09
Баш кошуп, арнап сүйүү, өмүр балын..
Бейиштей уй-булону куруп бирге,
Бир бутун болгон элек куйуп жалын.
Мейличи, тагдыр бизди ажыратты.
Мени да, сени дагы жалдыратты.
Мыйзамсыз турмушка биз башты ийип,
Мына эми окунучтор азгырат бу.
…
Ойлобо унутту деп, өткөндөрдү.
Оо кезди, бизден алыс кеткендерди.
Мен сени кантип жаман көрмөк элем?
Бир кезде болгон мага жолдош-эрди?
Өзүң деп, бир кездери жалын болгом.
Өзүм да сен жактырган балың болгом.
Өмүрдөн белек болуп экөөбүзгө,
Өзүңө окшош бала дагын болгон.
Баламдын көздөрүнөн сени көрөм.
Билдирбей экөөңө тең мээрим төгөм.
Биз сенден алыс болгон күндө дагы,
Башкысы атабыздын барын билем.
Азыр биз, эки жолдо баратабыз.
А бирок, башка жашоо жаратабыз.
Биз эми эски достой ынак болуп,
Бала учун кол алышып жарашабыз.
Билемин, сен бактымдын катасысың.
Бир кезги көңүлүмдүн жаратысың.
Айрыбайм эт-тырмакты эки бөлүп,
Анткени, сен баламдын атасысың
#52 31 Май 2014 - 02:13
Билдирүүнү түзөткөн: barpynynkyzy: 31 Май 2014 - 02:14
#53 31 Май 2014 - 02:18
Жашагым жок менин борбор калаада.
Үй салсам дейм, булак чыккан талаага.
Ал үйүмдү толтургум жок буйумга.
Толтурсам дейм, этек толгон балага.
Илгим келбейт килем, парда, гүл-чырак.
Болсо болду бакыт, ырыс, ынтымак.
Илгим келет балдарымдын көйнөгүн.
Мына ушул менин бакыт-өрнөгүм.
Бала деген жараткандан асыл белек.
Ата-энеге чексиз сүйүнч, бакыт берет.
Короо толгон балдарыма сыймыктанып.
Мен жашоодо " Баатыр эне " болгум келет
Уулкан Амираева.
#54 31 Май 2014 - 17:33
barpynynkyzy (31 Май 2014 - 02:18) жазган:
Жашагым жок менин борбор калаада.
Үй салсам дейм, булак чыккан талаага.
Ал үйүмдү толтургум жок буйумга.
Толтурсам дейм, этек толгон балага.
Илгим келбейт килем, парда, гүл-чырак.
Болсо болду бакыт, ырыс, ынтымак.
Илгим келет балдарымдын көйнөгүн.
Мына ушул менин бакыт-өрнөгүм.
Бала деген жараткандан асыл белек.
Ата-энеге чексиз сүйүнч, бакыт берет.
Короо толгон балдарыма сыймыктанып.
Мен жашоодо " Баатыр эне " болгум келет
Уулкан Амираева.
Ннегизи ушул ырым аркылуу ийгилик жараттым десем болот.
#55 03 Июнь 2014 - 00:47
#56 03 Июнь 2014 - 19:01
#57 07 Июнь 2014 - 13:50
<br style="color: rgb(17, 17, 17); font-family: arial, verdana, sans-serif, 'Lucida Sans';"> Уулкан АМИРАЕВА.
Билдирүүнү түзөткөн: Uulkan2288: 07 Июнь 2014 - 13:50
#58 17 Июнь 2014 - 21:02
Uulkan2288 (24 Январь 2014 - 23:17) жазган:
Жашагым жок менин борбор калаада.< br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Үй салсам дейм, булак чыккан талаага. <br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Ал үйүмдү толтургум жок буйумга.< br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Толтурсам дейм, этек толгон балага. <br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;"><br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Илгим келбейт килем, парда, гүл-чырак.
Болсо болду бакыт, ырыс, ынтымак.
Илгим келет балдарымдын көйнөгүн.
Мына ушул менин бакыт-өрнөгүм.
Бала деген жараткандан асыл белек.
Ата-энеге чексиз сүйүнч, бакыт берет.
Короо толгон балдарыма сыймыктанып.
Мен жашоодо " Баатыр эне " болгум келет
МЕН БҮГҮН...
Мен бүгүн, өпкөм толуп ыйлап турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Муунтуп, жүрөгүмдү кыйнап турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Мерез бул " ТАГДЫР " - деген боору ташка,<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Миң түркүн капалыгым жыйнап турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;"><br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Мен бүгүн, айга окшоп жалгыз турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Мерт кетпей, алдан тайып, алсыз турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Мени эй, бирадарлар талкуулаба! <br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Мен ушул турпатымдан арсыз турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">
Мен бүгүн кайгыга мас, толуп турам.
Менби?
Мен!
Сагынычтан ооруп турам!
Муңканып, жүрөктөгү дартым менен.
Мүрөксүз жоогазындай соолуп турам.
Каректеги жаш китебимден.
МАКУЛМУН!
Эч түбүнө жетпей келем акылдын.
Эч ойдо жок, жолугууга чакырдың.
Түбөлүккө колум сурап келипсиң,
Менин жообум:
" - Жар болууга макулмун! "
Нике шакек тагып менин колума.
Уруксатым алдың түгөй болуума.
Каалоо айтып, бакытымды тең бөлүп,
Күбө болуп кеткиле ээ тоюма?
Чексиз, чекчиз бактылуумун бүгүн мен,
Жеттим мына тилек кылган оюма!
БАЛАМА...
Алдей айтып, эң алгач эмизгеним.
Өз колумдан тамагың жегизгеним,
Алгач мени " апа " - деп айтканыңда,
Телегейим чынында тегиз дедим.
Тун баламды эң алгач тапканымда!
Кадам койуп, эң алгач басканыңда.
Мен өзүмдү бактылуу эне дедим,
Жыйган үйүм, талкалап чачканыңда.
Кудай берип, мени сага белекке.
Сен төрөлүп, үйгө толду береке.
Аманатым, эл уулу бол чоңойуп,
Мекен үчүн жарап тургун керекке.
Арча бешик болуп сенин төшөгүң.
Алдыңа мен бүт байлыгым төшөдүм.
Айланайын балам кокус оорусаң,
Аңтарылат күйүп ичтен өзөгүм.
Кел, олтурчу айтайын бир акылды.
Дилиң таза болсун уулум, макулбу?
Калыс болсун ар бир ишиң адалдуу,
Кемсинтпегин кедейсиң деп, жакырды.
Ишеничим акта балам, актагын.
Апакеңдин өтүнүчү акыр бу...
БАШКАЧА МУҢ!
Оорутуп, таза дилим байкабастан.
Омкоруп, жаратымды кайра баштан.
Мен бүгүн бир адамга капа болдум,
Муңайып, көзүмө жаш байлабастан.
Көптөрдүн катарындай көрүп мени.
Көңүлгө түз келбесе бөлүп мени,
Таарынтып алды мени өзү билбей,
Татына жүзүн ачык төгүп эми.
Мен бөлөк, башкалардан башкачамын.
Мен кетем, кайрылбастан артка жаным.
Айоосуз назик жаным ыйлап турат,
Аттигиң, бул жолкусу башкача муң!
СЕНДЕЙ ЖАН!
Болуп мендик сезимимде жактыруу.
Кыйын тура жүрөккө сыр баткыруу.
Сендей жанга түгөй болгон ошол жан.
Бул жашоодо кандай гана бактылуу.
Аруулугуң жүрөгүмдү ээлеген.
Куса болом элесиңе кээде мен.
Дили таза сендей жанга жар болуу,
Бактылуу жан, сага башын жөлөгөн.
Эрдигиң бар, башкалардан башкача.
Эх, ашыгым, сендик сезим башкада.
Мен өзүңдү сырттан сүйүп жүрөйүн,
Мейли мендик сүйүүм жоопсуз калса да.
АВТОР:
Уулкан АМРАЕВА.
ээээн сооонун
#59 18 Июнь 2014 - 13:53
#60 05 Июль 2014 - 11:33