ekyshka09 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 140 (0,03 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (98 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 27 Август 11
- Кароолор:
- 14 867
- Соңку аракети
- 13 Дек 2016 19:32
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Белгисиз
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Москва
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Аллахымдын берген сыноолору
Жазылган күн: 3 Мар 2016
Сабырдын түбү сары алтын, бу да болсо Алланын жөнөткөн сыноолору. Бекем бол, балдарын үчүн,белинди бекем бууп,баарын артка таштап,жаша. Анан дагы айта турчу нерсе Аллах ар дайым чоң тамга менен жазылат. Окуган сайын көзгө көрүнүп жатты. -
Темасы: "Ташты жарып чыккан гүл"
Жазылган күн: 3 Мар 2016
-
Темасы: Жалгызым,сагынаарым...
Жазылган күн: 2 Мар 2016
Асылым,ардагымсын.
Тагдырлаш,таалайымсын.
Кечиксен бир азга эле
Санаага саларымсын.
Өмүрүң тилеп келем,
Өзүнсүз жарым жанмын.
Жалгызым,сагынаарым.
Бактымсын,байлыгымсын,
Эртеңим,аткан таңым.
Сыйлаарым,таянаарым.
Сөздөрдүн эң асылын,
Өзүнө арнаарым чын.
Баш ийип бир өзүнө,
Тагдырым байлаарымсын.
Жарыгым,жан жолдошум,
Сүйүүбүз өссүн,соолбосун.
Аллахым өзү колдосун.
Сураарым сенден болгону,
Көңүл назик,сүйүү назик.
Оорутуп аны койбойлу.
Кол кармашып,бирге түбөлүк,
Сүйүүбүздү бекем коргойлу. -
Темасы: Монолог.
Жазылган күн: 21 Фев 2016
Көкүрөк боштондукка толуп, эч бир жашоонун кызыгы жоктой туюлат...мен күчтүүмүн дегенин менен таянган тооң кулап, ишенгенин чыккынчы болуп чыга келсе жашоого болгон көз карашынды өзгөртуп таштайт экен. Таш боор,сезимдерин мерез болуп,сенейип калат тура тобоо. Мени аз убакыттын ичинде өзгөрттүн бирок, азыр өзүмдү өзүм тааныбайм... кечирдим дегеним менен унута албай эзилип келем. Аллахым бир өзүн жардам бер, күч кубат бер мага... -
Темасы: Чогуу ой толгоп корбойлубу.
Жазылган күн: 19 Фев 2016
CCCP (04 Март 2010 - 15:44) жазган:
"Манасты" ЮНЕСКОго кытайлык кыргыздар каттаганы чын болсо, анда уят эле бизге.... Андан башка не арга кылмакпыз? Сенин (bоsiа) жининдин келгени бир тыйын да.... Жинди келтирбей намыстаныш керек мындай учурда.... Алсыз, жалакай, кайдыгер, кенебес, ж.б. сапаттар синип келатканына арданышыбыз керек!
Маселени башка онуттон карап королу. Кыргызстан эмне учун "Манасты" кытайлык туугандарыбыздан озунуп каттата албай калдык? Айланайын кыргыз боорум, ЮНЕСКОну коюп, Манасты алгач журогубузго, дилибизг
е, турган турпатыбызга каттатып алганга аракет кылбайлыбы? ЮНЕСКОго катташын каттатып коюп, мектептеги окуучудан Семетей ким болгон деп сурасан,эси ооп сени Марстан учуп келген адамдай коруп таныркап карап турса, мага демек ЮНЕСКОго жуз жолу каттатсан да бир тыйын болуп калат го? Же натуура айтып атамбы? 5 жаштагы баладан сурап корчу азыр, "человек- пауктан" баштап "трансформерс" тин роботторуна чейин тааныйт... Кандай "эрдик" кылганына чейин айтып берет керек болсо...А Манасты сурап коргулочу? Бакай менен Кошойду, Аккула менен Тайторуну сурап коргулочу... .. Тоштук менен Чалкуйругун, Курманбек менен Телторусун жон эле коеюн..... Мына биздин оорубуз кайсы тамырда жатат....
Таамай айтылган, туура сөздөр. Чынында жаш жеткинчектер биле бербейт. Сууну тамырына куюшубуз керек, азыркы "чоңдор" үстүртөн эле мамиле кылып калдык го,кайдигер карабасак экен...
Комментарийлер
ekyshka09 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?