- (11 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Менин жолум
#1 06 Май 2018 - 15:46
Журогум..эмне мынча ооручу болдун?Же менин турмуш жолумдун аягына жакындап калдымбы?Андай эмес болсо эмне учун мынча сыгыласын?Билем,
сен кыйналдын..чыда аз калды..жакында баары бутот.
#2 06 Май 2018 - 16:25
жашым 24то.Ата энем 5 жашымда ажырашып кетишип мен тайлардын колунда остум.Балалыгымды эстегим келбейт,эстесем эле таенем жана 2 таекемдин мас болгон каарду элестери эсиме тушот.Апам болсо шаарда иштечу,бир айда 1-2 жолу келет,келбесе жок.Атамды болсо такыр коргон жокмун.Элес-
булас эсимде бир жолу шаарда таежемдикинде журсом Жигулисин айдап алып келип мени салып алып кечке апамды издегенбиз,
жарашам деп келген экен.Шаардагы болгон туугандардыкына бардык апамды таппай койдук.Тун жарымда мени таэжемдикине алып келип таштады,балам мен кайра жакында келем анан апан болуп кайрадан чоогу бактылуу жашайбыз деп.Мен "Ата алып кетчи мени,айылга барсам кайра мени сабашат атоу"деп ээрчип ыйлаганым эсимде.Ал кезде 1же 2 чи класс болсом керек.Корсо ата энемдин ажырашып кетишине таенем жана апамдан улуу таежемдердин салымы чон экен.Таятам колунда бар эл арасында абдан кадырлуу киши болуптур,мен жарык дуйного келгенден бир жыл отпой каза болгон.Таенем акылы тайкы ичкиликке жакын киши уул кыздарынын жашоосуна кийлигише берип бир тобун ажыраштырып тынган.Атам тарапты биздин тенибиз эмес деп тенине алчу эмес экен,акыры ажыраштырып тыныптыр.Ошентип атам кеткен куну эртеси апам келди таежемдикине.
Эмне атан менен кеткен кетпейт белен ээрчип деп урушту аябай,абдан катуу тийди.До сих пор унута албай койду ошол моментти.Корсо апам биз издеп барганда атайылап жок дедиртип эле чыкпай койуптур,сыягы озу деле ажырашкысы келип жургон окшойтта.Кийин мени айылга салып жиберди,атам болсо андан кийин дагы 2-3 жолу келген экен мумкунчулук болбой акыры умутун узду окшойт ошол бойдон аны коргон жокмун ал жонундо уккан да жокмун.Мектепти тырышып абдан жакшы окудум,уйдон таяк жегеним аз келгенсип классташ балдар да сабап койушчу эмнеге жакшы окуйсун сабакты дешип.Тун ичинде чумконуп алып апамды сагынып ыйлайм,кудайдан тиленип апам келсинчи деп канча сагынып ыйлап журдум.Бир жолу 6чы класс болчумун,кичуу тайкем(Миша) адатынча мас болуп келди.,иттин жугундусун бергенде унутуп койупмун,эмне берген эмессин деп сураганынан,
"Унутуп калыптырмын"
,деп жооп берсем,"Мен сени экинчи унуткус кылам,ушуну озун ичесин азыр давай ич бол!"деп сабай баштады.Тим эле душманын сабап аткансып аячу эмес такыр.Бир убакта ушундай куч менен тепти эле учуп барып чекем менен фундаменттин кырын сузуп эсимди жоготуп койуптурмун.
#3 06 Май 2018 - 17:02
Эртеси эсиме келдим,чекем томуйуп шишип кийин когоруп кочого чыга албай окууга барбай 2жума журдум уйдо.Ал убакта таенем кичуу тайкем,мен жана улуу тайкемдин биринчи никесинен баласы Нурик(89чу жылкы)болуп жашачубуз.Тайнем арак ичпей калса Миша баштайт,ал токтотсо кайра таенем ичет аягында учунчу болуп Нурик дагы иче баштаптыр.Миша озу соцфонддо иштеп жумушунан которулуп пенсия таратып журду айылга центрга кетип келбей калат келсе мас болуп келип сабайт.Ошентип журуп уйлонуп ажырашты,женем жакшы болчу аны да ичип келип сабачу,кееде центрга кеткен кеткен бойдон 2-3кун келчу эмес.Уйду залогко койуп мен бизнес жасайм деп 100 мин сом кредит алып же анысынан дайын жок банкрот болуп калды.Чындыгында иттей кооп кеткен болчу,акыры чумосу чыкты.Жумушунан дагы айдалды,ичип келип тайнеме асылат же женемди сабайт же Нурик братан экообузду.Бир жолу дагы адатынча сабап жатканда апам келип калып аябай урушту.Болду экинчи тийбейм арак та ичпейм деп соз берди.Апам кайра кеткенден кийин кайра эле баягы корунуш,акыры женем чыдабай торкунуно кетип калды,Миша барган жок артынан.Арагы эки эсе кучоп Нурик экообузго такыр кун корсоткон жок,7 чи класс болгонумда мас болуп келсе качып кете баштадым.Нурикти сабайт,анан ал уктаганда уйго келсем Нурик кайра мени сабайт эмнеге качып кетесин деп.Кыскасы кайда качсам дагы по любому жечу таягымды жечумун да.Ошентип Мишанын карызы кобойуп ага кошулуп ичкен арагы дагы кобойуп шаардан эжелери чогулуп келишип урушуп Москвага салып жиберишти барып иштеп карызынды жап деп.Таенемди ким карайт деп жатып шаарда бухарик болуп жургон улуу тайкем(Нуриктин атасы) мен карайм деп келди кыйратып ийчудой болуп.Ал дагы сука иттей сабады,кичинекей кезимде даже апам экообузду кошуп сабаган кундору болгон.Ал ортодо апам экинчи жолу турмушка чыкты.Огой атам менен мамилем жакшы болчу каникулда келип кетип журдум.Айылды коройун деген козум жок эле кетчумун.3 аял алып кетирген Жакеге тортунчу аял алып беришти тайжешалар.
Женем экоо тим эле пара бири бирине,каждой твари по паре дегендей аябай куу шумшук аял болуп чыкты.Уйдо кунуго уруш талаш,Нурик ичип келипатасын огой энесин кошуп тепкилечу болду.Мен болушсам болушпа дейт,унуттунбу кандай сабачу эле бизди дейт.Акыры бирин олуп бирин кал деп 7чи классты буттум дагы шаарга кетип калдым.
#4 06 Май 2018 - 17:36
Ошентип Ак -Оргодо жашап окуп калдым,апам менен огой атамдын колунда.Огой дегендер аман эле болушсун,чандалары эле жакшы болуп мээримдерин тогушпосо кобунчосу бироонун баласы деп кагып силкип жерий беришет экен.Огой атам мага унчукпаса да,мен жокто балан тигинтип анан минтип деп апамдын мээсин жей бергенин билген эмесмин,9чу классты аяктап озум каалаган окуу жайга отуп кеттим.Окууда тырышып жакшы окуганга аракет кылып группанын старостасы дагы болгонго жетиштим.Ал ортодо группадагы тагдыры меникине окшош же атасы же апасы жок 7-8 бала биригип аябай ынак достордон болуп кеттик.Апам эки жолу коз жарып карындаштуу болдум ортодо.Огой атам уйдо кезде такыр кысынып жаман болчумун.Эртен менен эрте окуума кетем туштон кийин келем уйго кечке маал садике барып карындаштарымды алып келем,анан апам жумушунан келеер маалында досторума кетип калам.Анан тун ортосуна чейин журмой алар менен,уйдогулор уктаган кезде келип акырын жатып алчумун.Суббота воскресенье эн жаман коргон кундорум болчу,анткени огой батя уйдо,эч жака чыга албайсын.Баса 16 жашымда озумдун атамды издеп барып таптым.Ад дагы экинчи жолу уйлонуп уже 2-3 балалуу болуп калган экен,негедир огой энем жактырган жок менин пайда болгонумду .Атама "Эмне мага келген жоксуз ата?"деп сурасам,"
Ээ балам убагында тушуносун баардыгын"
деп башын жерге салып койду.Кийин телефон чалышып суйлошуп журдук,чалсам эле огой энем жанына соз тынщап шыбырап отурганы угулат же атан жок деп грубо жооп берип койот.Акыры чыдабай "Ата сизге рахмат,уй булонуз менен аман эсен болунуз,убагы келгенде табам сиздерди"
дедим да номерди которуп ошол боюнча суйлошкон жокмун.Андан бери 8жылдын жузу болду,акыркы укканымда талма менен ооруп калыптыр деп айтышты.
#5 06 Май 2018 - 20:10
Сабыр кылыныз, жакшы кундор али алдыда. Ата энениздин козу тируу экен, козу тируусундо сыйлап алыныз. Ал эми огой ата эненизди алдап айтканын аткарып сый корсотуп койсонуз алардын деле ичи жылыйт деп ойлойм. Бул жашоодо башка тушкон кыйынчылыкты сабыр менен женип, алдыга гана умтулуп жашоо керек деп ойлойм.
#8 06 Май 2018 - 20:55
Адамдар ай мынча таш боор мынча мыкаачы болушат,бир тууган жээнин да ушунча кор кылабы?Уланта бер Перси Джексон.Үйлөнүп ажырашкандарыңы да толук жаз күтөбүз.
#9 06 Май 2018 - 21:14
● Аял киши деп эле окуп жаткам да анан өзүм байкап калдым. Нигине маани бербепмин))
Уландысы?
Уландысы?
Билдирүүнү түзөткөн: KRIMINAL: 06 Май 2018 - 21:15
#10 06 Май 2018 - 21:31
![:(](https://www.super.
kg/superstan/public/style_emoticons/
default/sad.gif)
Наалыбаш керек экен
Билдирүүнү түзөткөн: Medinaa: 06 Май 2018 - 21:31
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#11 06 Май 2018 - 21:47
Ушул жигиттин темасы ачыларын кече болжолдоп жаткам, журогундо коп нерсе катылуу экени башка темалардагы комментарийлеринен билинчуу. Уланта бер автор, кутуудобуз,
аябай жакшы жазып жатасын...
#13 06 Май 2018 - 22:20
#16 06 Май 2018 - 23:45
Бир куну окуудан уйго келсем апам менен огой атамдар урушуп жатышкан экен кире бериштен огой атамдын "балан тажатты,же уйго токтобойт кетип калбайбы эмне журот" деп жатканын угуп калдым,апам байкуш ал дагы менин балам жон кой тийишпе ага деп кыйкырып жаткан экен.Унчукпай кирип бардым дагы "Ата,апа урушпагылачы.
Мен озунчо болунойун деп жатам.Дос балдар болуп квартира снимайтетип жаткантабыз,
сиздерге рахмат мындан ары оз жашоом оз колумда.Апоу мага оокат болуп беринизчи.Бугун кечинде кетем"дедим.
Апам бул создорду угаары менен каршы болду,эптеп кондурдум,Огой атам унчуккан жок.Эгер мындай кадамга барбасам экоо менин айымдан ажырашып кетишмек,и так эле жетчу чегине жетип калган экен.Ошентип озумо чакан буюмдарым менен 17 жашымда чон жашоого кадам таштадым.2 досум менен квартира снимайтетип жашап калдык.Окууга барам андан кийин автомойкага жумушка кирип алдым,жол кире ар жак бер жагыма шугур эле жетип жатты.Выходной грузчик болуп орношуп алып иштеп журдум.Таяктан конулум калган экен мындан ары эч кимге кол тийгизтпейм деп бокска жазылып алдым.Вторник,
Четверг,Суббота окуудан чыгаарым менен автомойкага барам саат жетиге чейин иштеп жетиден кийин тренировка жономой.Огой атам жумушта кезде уйго барып апама жана карындаштарыма жоолугуп кетмей.18 жашымда аябай катуу рисковайтеттим,
понт дегенде жанталашчубуз.
Авторитет топтомой менен алек болуп окуум калып баратты.Башка окуу жайдын балдары менен мушташмай,айтор ушу нерселерге батып кеттим.Ал убакта кошуна Казахстандан пикаперлер келип мастер класс откоруп жаткандарын угуп дос балдар болуп кызыгып барып калдык,негизи жакшы эле нерсе экен.просто тилеги Канчалык коп кыздарды багындырсан ошончолук кадыр барктуу болот экенсин
#17 07 Май 2018 - 00:04
Ал убакта айылда Жаке тайнемдер менен кырылышып аялы экоо озунчо болунуп кетишкен,шаарда жургон ортонку тайкем женем кыздары болуп айылга таенемди караганы барышты.Нурик болсо уйлоном деп кыз таппай жургон кези болчу.Негизи менин апам 11 бир тууган,7кыз 4 бала.Тайжемдер баары тен билимдуу шаарда жогорку кызматтарда иштешет,бирок негедир кобунун турмушу болбоду.Тайнем болсо арагын маал маалы менен ичип журду.Эки келинин кимиси башын жазып берсе ошол келини алтын болуп калат беркиси жаман.Балдарын болуп жарып атып ынтымагы чачырап баары тен бири бирин коргусу жок.Ботончо балдары бири бирине душман чыгышты.Ошентип жатып уйдо чон мушташ чыгып Жакем мене ортонку тайкем (Баха) экоо кызыл чеке болуп мушташып,Баханы уй булоосу менен тун ичинде чон уйдон тайнем баш болуп кууп чыгышыптыр.
Байкуш тайкем кайра шаарга келди.Нурике аял алып беришип жашап жатып калышты.Мен мунун баарын уксам дагы чын журоктон баары бир болчу,бирин олуп бирин кал деп журо бердим.Тайжемдердин дагы уйуно барчу эмесмин,анткени кичинекей кезимде айылдан каникулга келгенде кагып силкип атышып конулум калып калыптыр.Кийин айылда дагы ызы чуу болуп Нурик аялын алып шаарга келип жашап калышты.Чон уйдо таенем жалгыз калды.Таежемдер шаарга алып келип канча даарылашты,
кичине токтотот дагы кайра баштайт.
#18 07 Май 2018 - 00:20
#19 07 Май 2018 - 00:21
Уланткын , орус мектепте окуган баласынбы деп койдум божомолдоп.
Билдирүүнү түзөткөн: Bazana: 07 Май 2018 - 00:22
#20 07 Май 2018 - 00:25
А мен мурдагыдай эле окуп иштеп журо бердим.1чи курсту аяктап 2 курс болгон кездее шоктонгонум аябай кучоду.Достор арасында кадыр баркым которулуп,топтогон авторитетиме ыраазы болуп тренировкамды таштабай барып журдум.Кичуу курстун балдарына налог салмай,братандарга налог толомой,ызы чуу чыкса мушташмай.Бироолорду уруп тономой.Кудайым озу кечирсин кыздарды коп капа кылдым.Капа кылганда эмне кылып капа кылдым,суйом деп калп эле алдап эртеси башкасы менен журуп кетчумун.Бирок тун турат бироосун дагы бузган жокмун,анткени эс тартып кыз менен суйлошуп баштагандан бери кыздык белги мен учун чон роль ойночу.Обушуп жытташып баштаган кезде кызсынбы деп сурайм,ооба десе тиймей жок.Которулуп калган давлениени эптеп тушуруп озумду алдап соолап кучактап уктаганга шашчумун,эгер такыр эле болбой калса туалетке кирип кол менен тушуруп койчумун.,антпесе бел кубатын алсыздатып жиберет деп улуу братандардан угуп калчумун.Ошентип кан кайнап турган кезде тее кичи кезимде колу тийген адамдарды жанчый баштадым.Классташ балдар айылдан окууларын бутуп келишкенде дос баланын туулган кунун шылтоолоп особняк снимайтетип,
чакырдым баарын.Вечер кызыгына келип калган кезде шаардагы дос балдар менен баарын тепкилеп сабадык.Сукалар унутуп калдынарбы мурунку откон кеткендерди?
Жоок мен унуткан жокмун деп сабап туруп кубалап салдым.Ошол вечерде анан Жибек менен таанышып калдым..Эх Жибек..сен келбей же мен барбай койсом кана..
- (11 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »