- (14 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Эу, сенсиребе, сен! "Сиз" деп кайрылуу канчалык керек?
#1 06 Февраль 2013 - 17:10
Жеке мага баары бир! Же азырынча, билине элекпи? Сизге канчалык проблема кичүү адамдын "сен" деши? Баш оорута турган нерсеби "сиз-биз" дегени?
Ар бирибиз өз алдынча жооп берсек, канча жаш айырмачылык керек сылык-сыпаа болуу үчүн...
Жеңиш - менин тагдырым.
#2 06 Февраль 2013 - 17:19
adalsvards (06 Февраль 2013 - 17:10) жазган:
Жеке мага баары бир! Же азырынча, билине элекпи? Сизге канчалык проблема кичүү адамдын "сен" деши? Баш оорута турган нерсеби "сиз-биз" дегени?
Ар бирибиз өз алдынча жооп берсек, канча жаш айырмачылык керек сылык-сыпаа болуу үчүн...
Менин интервьюда баарына сенсиреп жооп берип жатканымдан келип чыккан ой эмеспи?
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#3 06 Февраль 2013 - 17:24
#4 06 Февраль 2013 - 17:33
#5 06 Февраль 2013 - 17:35
Бирок, эркек кишиге келгенде, анын жаш-курагын кебетесине карап болжолдоп, менден улуу көрүнчө "сиз" дейм, болбосо, кээ бир типоктор бар "сиз" дегенди сылыктык катары кабыл албай, сени өзүнөн төмөн көрүп алып улуусунушу да ыктымал. Өзүңдөн кичүү эле бирөө "сен" деп атса жагымсыз.
Бизде, мектепте бир жаш кичүү болсо да сиз деп кайрылуу эреже эле. Азыр да ошол "братишкалар" "сиз" деп кайрылса ыраазы боло түшөсүң.
P.S. Мен сага башында "сиз" деп кайрылчумун, өзүң "сен де", - дегенсиң, так что ... )) Likvidator дагы "сиз" деп атсам, болбой эле "Бир жаш - тең жаш: "сен" дей бер", - дейт. Анан төбөсүнө чыгып алдым сенсиреп )) А так, көптөрдү эле "сиз" дейт экенмин, andormeda , айтып коюңузчу?
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 06 Февраль 2013 - 17:37
#6 06 Февраль 2013 - 17:44
Барс (06 Февраль 2013 - 17:19) жазган:
А, балким...)))
Grad_Person (06 Февраль 2013 - 17:24) жазган:
Менде дал ушундай!
Umka220190 (06 Февраль 2013 - 17:33) жазган:
Түшүнбөдүм, үч жаш кичүү боюнча... Эмне төпөштөп саласыңбы? (жаман оюмда, нигиңден кичүү экен деп "сен" дедим)
Таллас (06 Февраль 2013 - 17:35) жазган:
Бирок, эркек кишиге келгенде, анын жаш-курагын кебетесине карап болжолдоп, менден улуу көрүнчө "сиз" дейм, болбосо, кээ бир типоктор бар "сиз" дегенди сылыктык катары кабыл албай, сени өзүнөн төмөн көрүп алып улуусунушу да ыктымал. Өзүңдөн кичүү эле бирөө "сен" деп атса жагымсыз.
Бизде, мектепте бир жаш кичүү болсо да сиз деп кайрылуу эреже эле. Азыр да ошол "братишкалар" "сиз" деп кайрылса ыраазы боло түшөсүң.
P.S. Мен сага башында "сиз" деп кайрылчумун, өзүң "сен де", - дегенсиң, так что ... )) Likvidator дагы "сиз" деп атсам, болбой эле "Бир жаш - тең жаш: "сен" дей бер", - дейт. Анан төбөсүнө чыгып алдым сенсиреп )) А так, көптөрдү эле "сиз" дейт экенмин, andormeda , айтып коюңузчу?
Эми жентельмендерге айла жок дечи...
Тема боюнча: мен 3 жаштан ары гана сиз дешим мүмкүн, бирок өзү "сен дечи" десе, мага демектен, он жаш болсо да, сен дей берем. Анткени биз тарапта, тагыраагы, атамдын үй-бүлөсүндө ата-энесин деле сен дей беришет. Менден кичүүлөр сиз десе, ыраазы деле болгонум байкалбайт, этибар албапмын, чыны... Айрыкча, өтө кичүү эместердин сыпаалыгы үчүн акырын эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп коём.
Жеңиш - менин тагдырым.
#7 06 Февраль 2013 - 17:54
#8 06 Февраль 2013 - 18:07
#9 06 Февраль 2013 - 18:19
Мен дагы да болсо өзүм жөнүндө айта турган болсом, биздин үйдө жана дегеле биз жакта үйдө өзүңдөн бир жаш, ал тургай бир канча ай улуу болсо да "сиз" деп айттырып көндүргөн.
Мени "джентельмен" депсиңер, хы-хы-хы, мен менден да джентельменирээк адамдарды билет элем. Алар менден улуу болуп туруп мени "сиз" дечү. Дегеле мени эле эмес бардык адамдарга "сиз" деп кайрылат. Менимче, бул адат, тарбиядан го..
Ал эми "Итти дагы "кет" дебей, "кетиңиз" , - деп кууйт", - деген Байдыкемдин "Ашууда берген отчетунун" курч саптарындагы кеп кошоматчы бюрократ тууралуу болуп жатканын баарыңар эле билет болушуңар керек.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 06 Февраль 2013 - 18:21
#10 06 Февраль 2013 - 18:27
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#11 06 Февраль 2013 - 18:33
Сиз деген сылык соз.
Мен озумдон 2 жаш жогоркуларын баарын сиз дейм, 1жаш тен жаш чындап эле,91 лер менен окуганмында. Бирок, озумдон кичинелер сен десе,созум айтып бутуп иним же синдим деп койом,жетсе жетет,жетпесе да жетет... Сылык болгон жакшыда баарыбир
Анан мага эч ким айтпаптыр сен дейбер деп...
#12 06 Февраль 2013 - 18:35
#13 06 Февраль 2013 - 18:36
Таллас (06 Февраль 2013 - 18:19) жазган:
Мен дагы да болсо өзүм жөнүндө айта турган болсом, биздин үйдө жана дегеле биз жакта үйдө өзүңдөн бир жаш, ал тургай бир канча ай улуу болсо да "сиз" деп айттырып көндүргөн.
Мени "джентельмен" депсиңер, хы-хы-хы, мен менден да джентельменирээк адамдарды билет элем. Алар менден улуу болуп туруп мени "сиз" дечү. Дегеле мени эле эмес бардык адамдарга "сиз" деп кайрылат. Менимче, бул адат, тарбиядан го..
Ал эми "Итти дагы "кет" дебей, "кетиңиз" , - деп кууйт", - деген Байдыкемдин "Ашууда берген отчетунун" курч саптарындагы кеп кошоматчы бюрократ тууралуу болуп жатканын баарыңар эле билет болушуңар керек.
Сөзүмдү кыстырбай жазып кетсең да, тарбиясыз экенимди жазып кеткениңе чоң ыраазычылык билдирем. Негизи ушунчалык акыл менен басып жүргөнүң үчүн форумчулар баарыбыз жабык эреже киргизип, сизди "сиииииииииииз" десек окшойт... Кандай дейсиз?
Анан, орустардан алынган адат боюнча: менин атамдын улуу эжеси 45-жылкы, чоң энем 25-жылкы (ал да сен дечү экен)... Орустар жалпы жонунан 18-жылдан кийин келишкен дей берели... Тоонун арасында жашаган чоң энем кайсы орустан "сен" дегенди үйрөнгөнүн аш кылсам, өлөйүн!
Ал эми "жентельмендерге" келсек, тырмакчага алам деп унутуптурмун. Сага окшоп, кайра-кайра түзөтүү киргизүү убарасынан артта калгам да... Жекеликке өткүм келбейт, бирок биз кайсы чөйрөнүн адамдары "сиз" дегенге ашыкча басым кыларын билебиз да.
Жеңиш - менин тагдырым.
#14 06 Февраль 2013 - 19:05
Чынымды айтсам, жогорку жоопту күткөн эмесмин, айрыкча сенден
P.S. Ушул билдирүүмдү 3, жок, төрт жолу өзгөрттүм: элге окшоп бир дегенде эле катасыз жаза албайм кээде. Ушунум үчүн мени кечиргейсиздер.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 06 Февраль 2013 - 19:11
#15 06 Февраль 2013 - 19:17
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#16 06 Февраль 2013 - 19:33
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#17 06 Февраль 2013 - 19:36
Цитата
Ооба, "таксыр" жана "молдокелер" ушинтип кайрылышаары маалым. Бул жагы дагы да болсо аймактык өзгөчөлүктөргө келгенде алсыздык кылат. Мисалы, менин "ошол чөйрөдөн" тааныштарым милйон. Бирок, көлдүк жана чүйлүк жарандар баары бир өздүгүн бербей "сенсиреп" эле жүрү ))
Кайра мага кайрылып келе турган болсок, мен "ошол чөйрөгө" аралаша электе эле "сизиң-бизиң" болуп жүрчүкенмин.
#18 06 Февраль 2013 - 19:36
#19 06 Февраль 2013 - 19:45
Айрыкча, Таллас менен талашуудан. ..)))
Иттик менден кетти. Уланта берсек, анда дискуссияны. ..
Жеңиш - менин тагдырым.
#20 06 Февраль 2013 - 20:00
Таллас (06 Февраль 2013 - 18:19) жазган:
Мен дагы да болсо өзүм жөнүндө айта турган болсом, биздин үйдө жана дегеле биз жакта үйдө өзүңдөн бир жаш, ал тургай бир канча ай улуу болсо да "сиз" деп айттырып көндүргөн.
...Менимче, бул адат, тарбиядан го..
adalsvards (06 Февраль 2013 - 18:36) жазган:
Анан, орустардан алынган адат боюнча: менин атамдын улуу эжеси 45-жылкы, чоң энем 25-жылкы (ал да сен дечү экен)... Орустар жалпы жонунан 18-жылдан кийин келишкен дей берели... Тоонун арасында жашаган чоң энем кайсы орустан "сен" дегенди үйрөнгөнүн аш кылсам, өлөйүн!
Ал эми "жентельмендерге" келсек, тырмакчага алам деп унутуптурмун. Сага окшоп, кайра-кайра түзөтүү киргизүү убарасынан артта калгам да... Жекеликке өткүм келбейт, бирок биз кайсы чөйрөнүн адамдары "сиз" дегенге ашыкча басым кыларын билебиз да.
Ушул жерден бир нерсени кошумчалай кетүүгө уруксат эткейсиздер. Мен "тарбия" деп айтканыма.
Биздин үйдө "сизиң-бизиң" болгону менен мурунку муунда, ошол атамдын бир туугандарынын арасында улуу-кичүүгө карабай эле бирин-бири, ал тургай чоң ата, чоң апамдарды да атам жана анын бир туугандары "сен" дейт. Мүмкүн, аларды мага окшогон тили кычышкан эме "силер тарбиясызсыңар" , - деп көрүнөө-көмүскө айткан чыгар. Ошол себептен уламбы, кийинки муун - мен жана менин бир туугандарым, ошондой эле аталаш бир туугандардын арасында "субординация" деген түшүнүк бекем орнотулган. Непадам, улууларды "сен" деп айтып алсаң, анда "бан" алчубуз )) (Дагы да кайталап кетем, мен жекеге өткөнүм жок эле жогоруда, бул - актануу эмес, тактоо. Тактоо киргизбесең, эмоция жана башка факторлордон улам ар кайсы адам ар кандай түшүнүп алуусу да ыктымал экен да-а)
Эгер, качандыр бир убакта бала-чакалуу болсом, анда биздин үйдө (то есть менин үйүмдө) сөзсүз "сизиң-бизиң" бийлик жүргүзөт деп сөз берем
P.S. Ушуну менен чакан "пикир алмашууга" чекит коюлду. Темага кайтып келебиз.
- (14 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »