AZIK01 (06 Декабрь 2014 - 21:44) жазган:
Бизде династия эмес, бийликке сиз да, мен да барууга укуктуубуз, туугандар. Азыркы бийликтегилерден татыктуусу жок болушу мүмкүн, бирок, келечек президенттери арабызда.
Бийликке жалгыз жетип баруу мүмкүн эмес. Биздин шартта. Сөзсүз өз командаң болушу керек. Болгондо да бир ишеничтүү. Президенттик башкаруу туура. Ошол учурда да, президенттин ыйгарым укуктары чектелүү. Бийликтин жазылбаган мыйзамдары толтура. Аларга баш ийип ордун кармап турат. Өз позициясын баарынан жогору коюп, пландарын ишке ашыруусу керек, президент. Элдердин сөзүн да угуу абзел, алар менен эсептешиши керек. Бирок, баардык сөздөрүн уга берген менен өз позициясын кашасын чыгарат. Элди бир агымга салуу керек. Туура, ар бир адам кемчилиги менен. А.Атамбаев да алардын катарында. Атамбаевтин шайланганы мага да жаккан эмес. Шайланды, иш бүттү. Ал шайланбаса да, ошого окшогон бирөө шайланат эле. Бийлик алмаштырууга үйрөнүп алдыкпы, айтор "бул да тез аранын ичинде кетет, жеп жатат, иштей албай жатат"-деген сөздөр башталат.
Аны кетирип, башкасын алып келсек, ал тоюп жегенге чейин дагы да артка кетебиз го?!
Президент жалгыз эч несе кыла албайт.
Создорунузго кошулам. (уважаюго ушул байкени)