Азыр "Тез жардамды"
"Кеч жардам" деп эле атап алсак болчудай. Алардын келиши чон мушкул. Жакында менин аталаш байкем инсульт болду. Жыгылып калганда "Тез жардамга"
чалышса аты-жөнү, эмне болду? канчанчы жолу жыгылып жатат? ж.б. суроолорду сурап, анкета толтуртканча жарым сааттай убакыт отуптур. Анан жолго чыгып, кыскасы, 1 саат убакыт биздин "жардамчыларыбызга"
кетиптир. Алар келгенче байкем комага тушуп, ошону менен чыкпай калды . Балким алар атына заты жараша иштеп, тезирээк келишсе, байкеме биринчи жардамды корсотуп, аман калмак. Бул бир гана адамдын арманы, окунучу, ызасы, ыйы. Буга окшогон окуялар, сыздаган уй-було жуздоп саналарына шегим жок. Неге мынча алардын келиши жай? Неге алар адамдын омурун тобокелге салышат. Адам омур-олумдун ортосунда, жаны менен алышып карайлаган учурда аларга абдан муктаж болосун. Анан алардын камырабаганы зээн кейитет. Урматтуу форумчулар,
силер "тез жардамдын"
ишине канааттанасыздарбы?
"Тез жардамбы" же кеч жардамбы? Балким айрымдар алар батыраак келсе аман калышмак...
#2 06 Сентябрь 2011 - 14:22
Биринчиден байкениздин арты кайрылуу ,жаткан жери жайлуу болсун!Эми биздин тез жардам жонундо кеп кылсак,качан адам жыны тынып-тынчып калганда аран келет.Мен КРде жургонумдо эле тез жардамга чалсан бензинге акча толосонуз келебиз деп куйдурушкон эле.Дагы деле ошондой эле кайдыгерлик,
ошондой эле ситуациа тура.Эми качан биздикилер Европадагы тез жардамдай болушат экен,бул жерде комага тушту же болбосо эс учун жоготту дегенде заматта келе калышат,кудай сактасын бир жол кырсыгы болсо вертолет менен учуп келишет.Булардын ар бир районуна таандык оздорунун тез жардамдары,
врачтары бар,бизге окшоп тээ четтен келишпейт.Эмнеси болсо да Кыргызстандагы тез жардамыбыз кеч жардам эмес,тез жардам болуп калаарына умут кылалы!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#3 06 Сентябрь 2011 - 14:55
Тез жардам бул өзүбүздүн эле машинебиз болуп калды,машинеси жоктор кошуна-колоңдордун,
тууган-туушкандардын машинеси менен алып барышат болницага.Антпесе тез жардамдын өз убагында келүүсүнө ишенич аз.Тез жардам келгенде да машинеси толук кандуу жооп бербейт азыркы талапка.Тез жардам көрсөтүүчү аппаратуралар эски боюнча же жокко эсе.
Бизде кудага шүгүр пробка деген нерсе жок почти жокко эсе.Мен бир жолу твдан көрүп калгам "Германияда чоң трассада авария болуп,канчалаган миң км-де турган машинелер 10минутага жетпей 03кө жолду ачып беришкен.Россияда болсо трассаларда жолдун ортосунда тез жардамга атайын өзүнчө линия бар.Ал эми биз аларга жетише албасак да тез жардам өз убагында келип жардам көрсөтсө,адам өмүрүн алып калат беле.
Дагы бир айта турган нерсе ар бирибиздин үйүбүздө,машинелерде тез жардам аптечкасы болгону дурус.Жеңил жараатка тез жардам машинеси келгичекти өзүбүз да жардам берүүнү үйрөнүшүбүз керек.
Эч качан оорубайлы ,кыргыз элиме ден-соолук каалаймын! !!

#4 06 Сентябрь 2011 - 15:46
Тез жардамды сотко берсениз болот деп ойлойм. Саат канчада звонок кылгансыз аларга? Анан ошол тез жардамга барып сураныз алар оорукчан адамга же дарекке канча минутта келиш керек. Мисалы милициянын охранында Банкты же козомолго алган жерлерди тоноо болуп кетсе группа 7 минутта барыш керек. Менин оюмча тез жардам дагы 7 минутта келиш керек эле. Айтканым ушул, жаман болуптур. Конул айтам.
P.S Тема оз болумуно жылдырылды!
P.S Тема оз болумуно жылдырылды!
#5 07 Сентябрь 2011 - 04:35
Ммм окунучтуу, байкениздин жаткан жери жайлуу болсун. Биздин олкодо каражаттын аздыгынан тез жардам машиналары да ото эски, анан албетте кеч келишет да. бензинине каражат болунбогондуктон да бензиндин акчасын бер десе керек. Бир жагынан аларды да тушунсо болот. Чет мамлекеттерге окшоп медицинага жакшы конул бурушбайт, ушул нерсе жан кейитет. Буйруса биздин мамлекет да онугоор ар тараптан...
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#6 08 Сентябрь 2011 - 14:42
мен жакында эле таанышыбыздын азыркы абалын угуп шок болуп калдым, байкуштун денесинин 95% куйуп калды деп врачтар айтты, озунун аман калганына суйунсон бир чети кара-курон болгон куйуктон эч бир жери корунбой калганын коруп ыйлагын келет((( чак тушто эле жумуш жасап журуп короодон бир нерсе болуп от чыгып кеткенин угуп чуркап барып эле кирип кетип ичинен бир газ.балонду алып чыга коем деген жеринен жарылып кеткен экен, тез жардамга чалышса алар туулган жеринен баштап баарын сурап айтор кечиккенинен жонокой эле так#### жеткизип кой дешсе анысы да "жоок менин салонумду булгайт бунунар" деп макулдугун бербей, аран салонуна капты (мешок) салып жеткизиптир,
ошентип кыйналып жеткиче денесинин 5% эле куйбой калган экен, ошону м-н азыр абалы ото оор, доктурлар востановлениеге-
3-5 жыл кетет ошол убакыттын ичинде чала жан болуп журот деп жатышат. эгер тез жардам убагында келгенде мындай болмок эмес деп кейип жатат....
#7 08 Сентябрь 2011 - 17:46
Тез жардамга кунун тушкондон кудайым озу сактасын!
Бирок тируу жан болгондон кийин кунун тушот экен да!чондор элдин мээнетин жеп кош-коштоп таунхаус,коттедж салгыча медицинага транспорт жагынан жардам кылса жакшы болмок!жакшылыктан умут кылалы жана тез жардамчыларга аллах ыйман берсин!
#8 09 Сентябрь 2011 - 01:35
Бизде корупция деген аябай гүлдөптүр,тез жардамдан баштап доктурларга чейин,тез келген күндө деле доктурларың акчанын суммасын айтпасаң эч нерсе кылбайт экен өкүнүчтүү,Айдашка эже айткандай жакшы нерсеге умтулуп жашайлык.
#9 11 Сентябрь 2011 - 19:49
Salamtsyzby? Baikenizdin arty kairylu bolsun!!!
Adamdardyn omuruno kaidyger karagandygy,chyndygynda ele ayabai jandy keiitet. Biilikti talashyshkandan koro ushundai koigoiluu maselerge konul bolbogondoru okundurot. 19zamir87 aitkandai Germaniyada 1zamatta joldu boshotup berishet. A bizdikiler jol boshotup bergendin orduna kaira jaryshyhat (men Bishkekten korup kaldym ele) Kandai bolgon kundo dagy baary bir umutubuzdu uzboi jashap kelebiz.....
Бири кем арман дүйнө...
#10 13 Сентябрь 2011 - 12:19
Баарынарга рахмат, кайгымды болушконунорго.
Адамдын суусу тугонгондо ар нерсе шылтоо болот деп коюшат. Чын эле суусу тугонуп шылтоо болгондур балким. Бирок кээде ойлоп кетем да дарыгерлер ата-баласына чейин сураганча эрте жетип келишсе депчи. Келгенден кийин деле сураштырып жазганга жетишет да. Врачтар адамдын омуру кээде алардан гана коз каранды экенин билип коюшса деген ой да.
#11 14 Сентябрь 2011 - 03:51
Врачтар озу ушундайларды коро берип тажап калышабы же тоготпой калышабы билбейм,бул жакта шашылып тез айыкса экен тез келсе экен деп сарсанаа болуп отурсан,аларга баарибирр экен,жогоруда жазгадардай чын эле менде да Кыргызстанда ушундай окуя болгон тез жардам чакырсак кайсы жерде ,эмне,кантип,
качан аты,жону,сиз кимиси болосуз ар жак бер жак деген нерселери толтура экен,дагы тез жардам келип алып больницага чейин бензин мынча куйсан жеткиребиз болбосо уйдо даарылана берсин деп куйгузгон болчу. Ушуларга да бир чара коруп,ошо телефонго жооп берип отургандарды четинен жумуштан айдап бир ызы чуу кылып козгоп койсо жакшы болмок,коркуп иштеп калышат эле.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#12 14 Сентябрь 2011 - 08:31
Байкендин жаткан жери жайлуу , арты кайырлуу болсун !
Жараткан озу сактасын го, эгер кокустан ооруп же кырсыка кабылып калсан оз уунан менен же такси менен эле оорууканага барган жакшы . Батырак жетесин да . Тез жардамдын пайдасы жакшы болуп кайтканда гана тийиши мумкун . Бирок умут узбой КЫРГЫЗ тез жардамы жакшы болот деген ойдо болойлучу.

Билдирүүнү түзөткөн: Likvidator: 14 Сентябрь 2011 - 08:33
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#13 17 Октябрь 2011 - 00:54
мен тез жардамдын жумушунан жакшы кабардармын.
эмне учун баардык учурда тез жардамды куноолой беришет. мисалы: сиздин тууганызды алайлык. Арты кайрымдуу болсун. Бирок, эмне учун убагында догдурга корунбогон.
Геморрогический инсулть бул бир кундо эле пайда боло кала турган оору эмес. Кеминде бул адам 5 жылдан бери ооруган болуш керек. Акыркы бир айдын аралыгында акыбалы бир топ начарлаган.
Эмне учун ошол учурда ооруканага же догтурларга корсоткон жоксунар. Олгондо гана, устуно комгон болуп куйпулоктоп каласынар.
Озгочо шаарга башка жактан келип жашаган ата-энелер мени аябай тан калтырат. Бир жерде айлап-жылдап жашаганына карабай адрессин билишпейт. Озгочо колунда жаш балдары бар ата-энелер. Балдары ооруп калса кулап, тошоктон турбай калганча уйундо кармап отура беришет. Качан балдарынын акыбалы оорлогондо куйгон адам болуп "тез-жардам" деп чуркашат. Чон адамдарго мейли, бирок жаш алдей бобокторго ата-энелер бир аз жоопкерчиликтуу болуш керек да. кантсе да оздорунун балдары го. Мыйзам боюнча беш жашка чейинки балдар бекер дарыланат. Башка жактан кочуп келсен дагы, жашаган жериндеги эмканага каттоого туруп, ар бир айда баланы педиатрга корсотуп туруш керек да. Ооруну дарылагандан кору , алдын ала алган абдан женил болот. Кыш жакындап келе жатат, быйыл грипптин озгочо турлору эпидемия болуп жатат, ошон учун озунор каттодо турган эмканага барып, жок дегенде прививка алып койгула, кыштан женил чыгасынар. Болбосо чучкурсонор деле тез жардам деп чуркай бербей.

#14 17 Октябрь 2011 - 01:31
сизге айтарым, кудайга шугур тобо кылсаныз болот эле. Дененин 95% куйуп калганда тируу калуу 100:1 болугуно барабар. Тез жардамдан ошол замат барганда деле эч нерсе озгорбойт болчу. Тируу сактап калганына медиктерге рахмат айтсаныз болот.
Анын устундо тез жардамды кеч келет деп какшангандарга: Бишкек шаарынын тез жардам бекетине бир кундо 600-800 чейин чакыруу тушот. Болгону 36 бригада иштейт. Орто эсеп менен алганда бир бригадага 15-19 чакыруу болунот. Эми озунуздор эсептеп корунуздор. Жолдогу тыгындар, тез жардам сигнал берсе , кайра алар менен кошо жарышка тушкон биздин ой жугуртуусу томон жердештер, же болбосо жалган чакырып оюндай коргон адамдар жана дагы бир адрестен экинчи адреске жеткичекти убакыт.
Ошон учун урматтуу форумчулар жана коноктор, сиздерге айтарым кулап калганга чейин журо бербей, убагында дарыгерлерге баргыла. Медиктер деле сиздерге окшогон адамдар, аларды жамандай бербей, озубуздон баштайлы. Жакшы кеп бар эмеспи:" Улуттун ден-соолугу канчалык бекем болсо, ал мамлекет ошончолук кучтуу болот"

#15 17 Октябрь 2011 - 09:03
[quote name='mariam77'
date='17 Октябрь 2011 - 00:54' timestamp='1318791261'
post='560423'
]
мен тез жардамдын жумушунан жакшы кабардармын. эмне учун баардык учурда тез жардамды куноолой беришет. мисалы: сиздин тууганызды алайлык. Арты кайрымдуу болсун. Бирок, эмне учун убагында догдурга корунбогон. Геморрогический инсулть бул бир кундо эле пайда боло кала турган оору эмес. Кеминде бул адам 5 жылдан бери ооруган болуш керек. Акыркы бир айдын аралыгында акыбалы бир топ начарлаган. Эмне учун ошол учурда ооруканага же догтурларга корсоткон жоксунар. Олгондо гана, устуно комгон болуп куйпулоктоп каласынар.
Сиз тез жардамдын жумушунан чын эле кабардар экенсиз же кызматкерсиз. Акыл уйротконунузго рахмат, бирок сиздин оюнузга келген нерсе бизге деле келет, алдын ала корунуп туруу деген. Мен козу откон адамдын тарыхын айтпай эле коеюн, Сиз болжогондой акыркы бир айда начар болбой жакшы эле жургон, ар дайым корунуп турчу. Биз деле анча-мынча болсо да сабаттуу эле адамдарданбыз, андыктан, учурунда корсоткон жоксунар деген каралоонуз негизсиз! !!

#16 20 Октябрь 2011 - 21:34
Тез жардамдын кыргызстанда иштегени аман эле болсун..... Эгер тез жардам керек болсо бир жума мурун жазылып коюш керек.... анан бир жумадан кийин келип калса керек.... откондо бейтапканага барып калсам тез жардам менен бир кишини алып келди... Карапайым адам экенин бат эле тушундум. анткени ал киши инсульт алып келсе караган бир врач жок... Ошол жерде турган балдарга ал кишинин келинчеги жалдырап журуп киргиздирди.
.. бир врачы болсо телефон менен суйлошуп олтурат...
#17 21 Октябрь 2011 - 04:49
Байкенин арты кайрылуу болсун!!
! Тез жардам кызматы, озубуздун мамлекеттин денгээлинде жакшы эле иштеп жатышса керек. Себеби биздин мамлекет башка олколордой болуп жетиштуу машина, дары дармек, апарат сапарат алып бергенге шарты жок болуп жатат. Тез жардам кызматынын куноосу жок бул жерде 2 эн глобалдуу пробема бар:
1. Озубуз- анткени тез жардам кызматын качан айласыз болуп, турбай калганда чакырабыз,а ошол ооруну алдын алып 1жылда жок дегенде бир жолу больницага барып анализ тапшырбайбыз.
2. Кайра эле озубуз - себеби кыйратып биз шайлаган(акчага сатылып) депутат, президенттерибиз медицина тармагына конул болбой эле, кресло талашып, кресло болушо албай анан олконун казынасын талап жатышат. Жок дегенде жылына 100 машина алып турса ар бир 20уйбулого бирден тез жардам машинасы болуп калмак

Bek A.
#18 17 Февраль 2012 - 01:36
Байкениздин жаткан жери жайлуу болсун!!
Менда ооруп чакырганда бат эле келишкен (20минутанын ичинде). Бирок тилекке каршы эч нерсе билбей эле кеткендаа кайра...
#19 17 Март 2012 - 19:45
Тез жардам чындыгында озундун машинан, же такси. Ошол аларды чакырып кутуп отургуча машинага салып больницага алып бара койгон онураак азыркы заманда. Кудайым эч кимди больницага коргулук кылбасын.
Балам бактым-балам базарым!
#20 03 Апрель 2012 - 15:59
Байкениздин арты кайрымдуу болсун... Тез жардамга чалсан,анкета толтуруп,анан бензин куйуп бересинер деп айтып келсе кичине жакшы. Кээде чалып,адресин айтсан,бул мкр-нду биз карабайбыз,
озунордун мкр-дун тез жардамына чалгыла деп куйгузот да,трубканы коюп салат да келбей. Бир жолу аламедин базарында, бир аял эпилепсия болуп жыгылып калды. Отуп бараткан адамдар болуп 1-жардам корсотуп,тез жардамга чалып адрести айтсак, А.базары бизге карабайт, аламединдин тез жардамына кайрылгыла дебеспи,ой анда аларга чалып айтып койгула десек,озунор чалгыла дейт. Анда тел номерин бергиле десек,бизде алардын тел номери жок дегенде,умутубузду уздук. Ошентип так#### салып больницага барсак,бизге документи жок кабыл албайбыз деп киргизбей койду,башка больницага баргыла деп. Анан айткан больницасына барсак,деги камаарашпай биздин врачтар кетип калган,кабыл албайбыз деп куйгузот. Эптеп жалынып атып, врачы кабыл алган. Адам олуп атабы аларга бары бир экен. Жакшы акча толосон карайт имиш наша рашадай