Мыйзамсыз алынган жерлер мыйзамдаштырылып,
кызыл китеп берилет деп жатышат. Ушул сөз чынбы? Качан Бериле баштайт?
Баракча 1 - 1
Жерлер мыйзамдаштырылабы?
#2 24 Декабрь 2013 - 11:43
Compact (02 Декабрь 2013 - 18:51) жазган:
Мыйзамсыз алынган жерлер мыйзамдаштырылып,
кызыл китеп берилет деп жатышат. Ушул сөз чынбы? Качан Бериле баштайт?
Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Абдылдаева Рита жооп берди:
- Мыйзамсыз алынган жерлерге укук күбөлөндүрүүчү документтер берилбейт.
#3 25 Июль 2015 - 03:46
Саламатсызбы?
Менин берейин деген суроом турак-жайга байланыштуу,
мумкун болсо жол корсотууго жардамдашып койсонор жакшы болот эле.Мен Жалалабат шаарынын,Сузак районунан 2013 жылы декабрда жер там сатып алгам,бирок ушул бугунку кунго чейин озум жашай элекмин.Себеби,
бизге саткан учурда орус улутундагы квартиранттар бар экен.Бизге кызыл китепти откоруп беришип,эми чыгышат 3-4кундо дешкен,бирок бир жарым дыл болду чыга элек.Уйдун ээси Орусияда жашагандыктан,
жакын тууганына доверенность таштап кеткен.Ошол доверенность боюнча,тамды откоргонбуз озубузго.Чыкпай жатышкан учун сотко кайрылганбыз,
сотко биз тарапка эле чечилет дайыма.Анан эле бир пункту бар экен 10 кундун де болбосо 30 кундун ичинде арыздансанар болот деген,ар кандай шылтоолорду айтып,убакытты созуп чыкпай журот.Кайра кайра арыз жазып жалгандан.Биз куч колдонуп чыгаралы десек соттор болбой жатышат.Андай кылган туура эмес деп.Колунда же эч кандай докум.жок болсо,а менин колумда кызыл китеби турса,акчам эчак толонсо мен эмне кылуум керек.Сот бир да жолу сураган жок,жалган болсо сен алып келчи озундун документинди деп.Озум болсо батирлеп журом уй булоом менен.Мен карапайым эле адаммын,эч кандай таанышым же бере турган ашыкча акчам жок.Мен кандай кылсам туура болот жардам берип койгулачы сураныч.Акыркы умутум силерден.
#4 29 Сентябрь 2015 - 03:31
admin_superstan (24 Декабрь 2013 - 11:43) жазган:
Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Абдылдаева Рита жооп берди:
- Мыйзамсыз алынган жерлерге укук күбөлөндүрүүчү документтер берилбейт.
2015-жылы мыйзамсыз алынган жерлерге документтер берилет, эгер мындан кийин да жерлер басылып алына турган болсо аларга берилбейт деп атышты эле, ошол чынбы же калппы? Чын эле документтер берилеби 2015-жылга чейинки басылып алынган жерлерге?
#5 15 Октябрь 2015 - 14:45
Rashinboy (29 Сентябрь 2015 - 03:31) жазган:
2015-жылы мыйзамсыз алынган жерлерге документтер берилет, эгер мындан кийин да жерлер басылып алына турган болсо аларга берилбейт деп атышты эле, ошол чынбы же калппы? Чын эле документтер берилеби 2015-жылга чейинки басылып алынган жерлерге?
Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөзү жооп берди:
Тийиштүү органдар тарабынан мыйзам чегинде укуктастыктоочу документтер берилбегендигине байланыштуу, Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан мамлекеттик актылар берилбейт жактоо катоо жүргүзүлбөйт.
Баракча 1 - 1