Жайлоо жөнүндө бир нерсе жазгыла жайлоо жөнүндө жазгыла
#21 11 Июнь 2009 - 23:11
Taza aba,salkyn jel,
Moltyr bulak,ashyy bel.
Kyrgyzdyn sonun jailoosu,
Kymyz kuymak,mynda kel.
Moltyr bulak,ashyy bel.
Kyrgyzdyn sonun jailoosu,
Kymyz kuymak,mynda kel.
Ой жеткен жерге кол жетет.
#22 18 Июль 2009 - 11:23
Жайлоо демекчи жакында жайлоого барып эс алып келдик жалан гана кыргыз уйлор менен отурукташкан.
Чынында бай эл келишет жылкылар,уйлар жайлоодо мемирейт.Кымызды суусаган жандай жутушат.Абасы аябай салкын.Бирок бир нерсе жанды кейитет ой жугуртуулору томон,замандан артта калган мындай жашоону кимге кереги бар?Аларды уй менен жылкынын жашоосу гана кызыктырат башка эч нерсе,саясат дуйнодо эмне жанылык иши жок адамдай.
#23 18 Июль 2009 - 11:39
Мурда баргам,керемет да иииий,эмнесин айтайын,жапжашыл болгон айлана чойроно,таза аба,салкын.
Быйыл жакшы эле барайын дегем,болбой калды.
Быйыл жакшы эле барайын дегем,болбой калды.
#24 22 Июль 2009 - 13:38
Мен барган жайлоо эзели эсимден кетпейт. Абасынан демим кыстыгып, башым айланып, кусуп, чопторунон аллергия болуп буттарым оло кычышып, булактагы суудан ичейин десем кызыл майда курттары журокту тушуруп. Ар кай жерлерде уйдлардын, аттардын боктору журокту айлантып, жайлоо ошонусу менен эсте калды.
Жашоо кызыксыз болуп бара жатат.
#26 13 Декабрь 2012 - 01:33
Jahonna (18 Июль 2009 - 11:23) жазган:
Жайлоо демекчи жакында жайлоого барып эс алып келдик жалан гана кыргыз уйлор менен отурукташкан.
Чынында бай эл келишет жылкылар,уйлар жайлоодо мемирейт.Кымызды суусаган жандай жутушат.Абасы аябай салкын.Бирок бир нерсе жанды кейитет ой жугуртуулору томон,замандан артта калган мындай жашоону кимге кереги бар?Аларды уй менен жылкынын жашоосу гана кызыктырат башка эч нерсе,саясат дуйнодо эмне жанылык иши жок адамдай.
Бир четинен караганда алардыкы да туура. Кыргыз илгертен эле малдын артынан,жайыттын жакшысын,суунун тазасын кууп жүрүп кылымдарды карытып келе жатпады беле. Уй менен жылкынын жашоосу-алардын да жашоосу. Дүйнөдөгү жаңылыктан кабардар болдук,саясат дегенде эт бетибизден кеттик,эмнени таптык да эмнени жоготтук?
#27 13 Декабрь 2012 - 13:05
Жайлоо демекчи салкын абасын , молтуроп аккан булагын , кышы жайы эрибеген монгусун,шар аккан суусун,жыпар жыттуу гулдорун,арча жыттуу токойлорун , кымыз жыттанган боз уйду деги деги .... коп нерселерди эстеп кеттим! Жайлоо жонундо жаза берсе соз коп.Мектепте окуп жургон убагымда жайлоого чон энемдикине барчумун!
Чон энем атайы шаардагы неберелери учун жайлоого чыкчу! Бироо кубалап жаткандай 15-20 кундон ашык журчу эмесмин(
аттин азыр болгондо 3 ай деле журо бермекмин
). Курут тоголоктоп уй сааганды ,ат мингенди , балык уулаганды, тоого чыгып карагат тергенди коп , коп нерселерди жайлоодон уйронгом
(азыр эстен да чыгып кетти) ! Казанга жабылган нандын даамы укмуш болчу! Эх жайлоого баргым келип кетти!
Билдирүүнү түзөткөн: ayildik_kiz: 13 Декабрь 2012 - 13:06
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#28 13 Декабрь 2012 - 19:13
Мен да жайлоодо коп жургонмун. Жайлоонун таза абасында уктаган олло сонунда. Эгер сыртта жамгыр жаап жаткан болсо ващще сонун болот.
Анан жайлоодо ан уулоого эч нерсе жетпейт. Мылтыгынды кармап алып бир канча км басып отконунду билбей каласын. Кээде кайсы бир жерде коен же кекиликти андып кооп отурганынды да байкабай каласын. Кээде жамгырда калып болушунча суу болуп, уйго келгенден кийин кургак кийимдерди кийип алып, ысык чайдан ичкен озунчо эле жыргал. Жайлоону мактай берсен соз коп...

#29 13 Декабрь 2012 - 21:12
Д.Акулованын 'Жайлоодо'
деген ырын эстеп,уккум келип кетти. Менда сонун элестетем жайлоону,бирок барган эмесмин. Талас-Бишкек тасмасындагы жайлоону коргум барда...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#30 14 Декабрь 2012 - 04:05
Жаштыгымдын жарымы эле жайлоодо өттүго чирикин.Атактуу Каракулжанын Ажике жайлоосу эле,кооздугун сөз менен да жеткире да албайсың.Жылаңайлак чыбык минип алып,бийик бетти аралап ышкын,кымыздык терип жүргөнүң элеске түшөтко биринчи эле.
Эх кандай гана бактылуу күндөр эле ошол күн.Дагы да кой кайтарып жүрүп жамгырда калып кеткениңди айтсаң.
Эрте туруп уй саамай,кулундарды желеге байламай,кой кайтармай жок издемей,курут тоголоктоп ушундай майда иштер менен алек болотко жайлоого чыккандар.Эгер журтун жанынан өтүп калсаң бүттү сени кыстап кустурмайынча жибербейт, дагы келип тур деп
койот.Бир аз бассаң дагы бир журт.Кыскасы оюн-күлкү тамаша кечкиси.

#31 14 Декабрь 2012 - 06:05
Жайлоо демекчи. Жайлоого барып биттеп кеткеним эсиме тушуп кетти..) Быйыл мектепке бермек элек деп апам мн атам тополон салып, алып келишип чырылдатып отуруп чачымы тазалашкан эле)
Балдар кыздар мени оюнга кошушчу эмес кичинекейсин деп. Ага болбой эле анылдап ыйлап, чон энеми ээрчитип келип кошулчумун.
Жайлоо - мен учун жомоктогудай элес калтырган.
Балдар кыздар мени оюнга кошушчу эмес кичинекейсин деп. Ага болбой эле анылдап ыйлап, чон энеми ээрчитип келип кошулчумун.
Жайлоо - мен учун жомоктогудай элес калтырган.
#32 14 Декабрь 2012 - 10:57
chike87 (14 December 2012 - 04:05) жазган:
Жаштыгымдын жарымы эле жайлоодо өттүго чирикин.Атактуу Каракулжанын Ажике жайлоосу эле,кооздугун сөз менен да жеткире да албайсың.
Мен да барганмын Ажике жайлоосуна ! Ал жакта кодо беле (эстей албай жатам) иши кылып чобу жакшы болгондуктан бээнин суту башкача ,кымызынын даамы сонун болчу!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#33 14 Декабрь 2012 - 22:18
Мен да жайлоону жактырам,бирок жайлоого барган эмесмин. Силер айтсанар кызыгып кеттим аябай.
#34 15 Декабрь 2012 - 14:54
#35 16 Декабрь 2012 - 17:45
Сагындым жытын,арчанын.
Сары гул гулдоп,ачканын.
Сагынып жетпей жайлоого.Сыгылат ичке арманым!
Сагындым жайлоо абасын.
Кок шибер,жайлоо талаасын.
Шанкыган буркут бийикте.Когултур булут асманын.
Сагындым жайлоо кымызын.
Сары май,толо чынысын.
Сары оору болуп калдым мен.
Сагыныч кыйнап тымызын!

#36 16 Декабрь 2012 - 23:08
Мен таап такыр жайлоого барган эмесмин. Жогоруда жазылгандарды окуп, жайлоодо жургондой эле болдум.
#37 21 Декабрь 2012 - 16:49
мен Ноокат рай.караштуу Жаш жайлоосуна коп барчумун таэнем чыкчу эле эхх кандай сонун жаратылыш таза аба, топ топ ээрчишкен кундун бетин кез кез жаап кубалашкан аппак булуттар, мупмуздак таштан ташка урулуп шынгырап аккан монгунун суусу таэнемдин казанга жапкан ыссык нанды жаны тартылган каймака матырып матырып майлуу айранды чоон чыныга куюп жутуп отурганымчы,
ии анан жайлоонун сары майга болгон ыссык жупкасы,каттамасы,
боорсогу азыр деле даамы оозумда. Тан эрте мн кундун чыгышын утурлап таэнем уй саап анан музоого аяка судуролуп бияка судуролуп куч жетпегенде музоонун куйругунан тартып тушто дарыяга тушуп чомулуп озунчо эле бака шака тушкон жайлоодогу кундоруму эстеп москванын ызгаарын айнектен карап жалдырап отурам.
#38 24 Декабрь 2012 - 03:59
Жайлоонун керемети коз кубандырат жайлоого чыгып эргип кетип илгери элдер эл ырын чыгарышкан "Жайлоодо"
-аттуу ырды ! Жайлоодо болгон адамга эн эле кооп жардамы ден-соолугуна анан аябай соонун эс алуусуна ынгайлуу жер кокомун соз менен айтып буткус бейиш сымал кыргыздын жайлоолору!
Жүрөккө эмне толсо, ооздон ошол сөз чыгат...
#39 24 Декабрь 2012 - 10:58
Жайлоонун шамалын сагындым гул жыттанган.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#40 24 Декабрь 2012 - 20:16
Жайлоо мени жонокойлуко,
адамгерчиликтуулукко,
тиричиликке уйротту. Алгач эле жайлоодогу уйду жарышып саап, курутту жарышып тоголоктогон кундорум эсиме тушту. Нанды казанга жаап, ыссыгында чон энем каймакка мычкып жасап бергени дале тандайымдан кетпейт.
Балалыгымдын коп болугу ошол жайлоодо откон. Мектепте окуп жургон убагымда, каникул сайын барат элем, шаардык кыз деп баары мага озгочо мамиле кылаар эле. айтор жайлоонун пайдасы мен учун коп. Азыр да жайлоодогу кундорумду эстеп баргым келип кетти. Эх жайлоо.