bayana1987 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 15 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Суперстан (3 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 29 Март 14
- Кароолор:
- 6 257
- Соңку аракети
- 15 Янв 2022 15:19
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 37 жашта
- Туулган күнү:
- Август 21, 1987
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Ортомчу жеңелердин ролун аткаргандарга кыжырың келеби?
Жазылган күн: 30 Ноя 2016
ОО эр издеген жагынан жеңелерим "спорттун мастери" деген наам ала турган болуп калышты. Жада калса журналист болгондуктан жогорку кызматта иштеген байкелерге чейин "четкий" досу менен таанышып коюуумду өтүнүшөт. Же аларга мен жакпайм, же мага алар жакпай, кыскасы кырылышып жүрөбүз. Качан эр тапканда өзүм кетем дедим эле. Мен негизи ошол ортомчу жеңелерди абдан жаман көрөм. -
Темасы: Кызыктуу жана логикалык диний суроо-жооптор...
Жазылган күн: 4 Фев 2016
Кызык, массаж деген деги эле динде жок, ойлонуп жазгылачыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыы -
Темасы: КҮНДӨЛҮК...
Жазылган күн: 23 Окт 2015
Курбуларым сенин жашооң сонун, бала бакпайсың, күйөөң менен урушпайсың. Кааласаң уктайсың турасың дешет. "Кыйраттың" дейм ичимден. ООба сонун дейм сыртымдан. Бала багып күйөө менен урушкан чексиз бакыт экендигин кантип сезишпейт ушулар такыр түшүнбөйм. Үйдө күйөөсүн күтүп, тамагын жасап баласын багып олтурган келинден өткөн бактылуу жан барбы дүйнөдө?? Кечке парламентте депутаттар менен аралашып иш алып бармай. Ар кандай кырдаалдарга даяр болмой, күтүлбөгөн окуяларга күбө болмой, иш кагаздар ызы чуу. Колум толо ачкыч, тепкичтерден чуркап жүрөсүң. Тамакты да чуркап жүрүп ичесиң. Ошентип чымын куюн болуп жатып кеч кирет. Үйгө келсең аңгырап төрт дубал тосуп алат. Аргасыз сыналгыны коём. Экк, күндүзөзүм аралашып жүргөн эле иштер, музак жаздыкты кучактап уктамай. Мына сага күндөлүгүм. Ананчы ээ, жамгыр жааган күндөрү терезеге олтуруп алып сыртты карайм. Жамгырлар, кудум менин көз жашымдай төгүлүп төгүлүп кетет. Анан кайра муздак төшөккө куламай. Интернет карамай. Кыскасы оой окшош күндөр. Дагы жакшы Кудайыма шүгүр кесибим бар, болбосо анык Чым-Коргонго мен барып калмакмын. Жанымды коёоорго орун таппай жатып муздак жаздыкты кучактамай. Анан эртең менен сыр бербей жасалма күлүп кайра парламенттин босогосун аттамай. ОО Кудай, башкаларга берген бакыттан мени куру калтырбай мага деле бакыттан бир үзүм берчи деп Кудайга жалынмай! !!!!! !!! ИИИИИИИИИиииииииииииий, тажадым эк....Менин да көчөмдө майрам болот. Буйруса дейинчи -
Темасы: КҮНДӨЛҮК...
Жазылган күн: 23 Окт 2015
Күндөр тим элечи коёндой окшош. Эртең менен тургум келбей заарканып атып араң турам. Маңдайымда жалгыздык. Жанталашып саламын берип. Ага көңүл бурбай иштейин деп кийинип алып жумушка жөнөйм. Уффффффффффффф. ... костьюм юпканы кычырата үтүктөп, чачты бийик түйүп жумушка келмей. Маек алмай, учурашуулар, кофе чай, жана башкалар иш кагаздар, кагаздар иштелбей жаткан, көчүрүлбөй жаткан маектер... Жаным кашаят. Безип жоголуп кетким келет. Мына азыр да иш кагаздарды карап олтурам. Ушундан көрү бала карап үйдө олтурсам эмне кылыгына тойбой. Үйдө эле жолдошума ысык чай даярдап олтурсам эмне? Анан да ата-энеме тирүү экенимди билдирип телефон чалышым керек. Алар болсо сөзүн эрге тий менен бүтүрүшөт. Эмне албаса жармашып тиймек белем, тажаткырлар. Мына сага деп таарынымыш этип сүйлөшпөй койдум. ОО анан жалгыздыгым такыр жанымдан кетпейт. Сен журналистикага турмушка чыгып ал дейт эжем тажаганда. Кыйраттың, качан эле чыгып алгам дейм жиним келип ичимден. "Буйруганы тургандыр" деп илкип үйүнөн чыгам. Өзү чакырып алып ушинтет эй. Барбай койбосомбу? Кайда жоголуп кетсем, эмне кылсам, кантип бул тозоктон кутулам ыя? Жумушка барбай койгум келбейт. Аз болсо да алаксыйм. Эмне кылайын анан, ыйлаар балам, күтөөр күйөөм жок болсо. Меники деле болот. Буйруса -
Темасы: "Абысын - аңдышкан жоо".
Жазылган күн: 22 Окт 2015
Оо Кудай, жакшы абысындуу кыла көр. Аңдышпаган, сырдашкан сыйлашкан..эжем же сиңдим болуп бере ала турган.... ушинтип көтөрүнүп алып барып жайма жай олтуруп бугумду жазып келе турган...
Комментарийлер
bayana1987
19 Фев 2016 - 15:17