kyrgyzJigit Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 202 (0,03 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Саясат жана коом (62 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 18 Июль 07
- Кароолор:
- 18 062
- Соңку аракети
- 01 Мар 2019 14:09
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 104 жашта
- Туулган күнү:
- Октябрь 7, 1919
- Жынысы:
- Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Noorlan
10 Май 2019 - 17:50 -
argen.kg4
14 Июн 2016 - 22:22 -
Patriot..kg
23 Апр 2016 - 19:27 -
beka1207
23 Июл 2015 - 21:44 -
CauseLove
04 Мар 2015 - 09:58 -
Diljolu
18 Фев 2015 - 19:46 -
Master_84
17 Фев 2015 - 22:20 -
rasulberdi
16 Фев 2015 - 23:07 -
Nurmuhammad.
16 Фев 2015 - 20:20 -
Samarbek-Nurelim
05 Янв 2015 - 18:09
Мен ачкан темалар
-
Таблиг Жамаат жөнүндө
Жазылган күн: 16 Фев 2015
Таблиг Жамаат жөнүндө биз эмнени билебиз? Бул уюмдун түпкү максаты кандай болду экен? Казахстанда, Тажикистан, Озбекистан, Россияда бул уюм экстремистик деп таыбылып, ал өлкөлөрдүн территориясында жабылган. Бул уюмду даваатчылар деп билебиз, ал эмес азыркы муфтий бул чет өлкөлүк уюмдун башчысы экени , бул агым мамлекеттин келечектеги коопсуздугуна шек келтирбейби деген ой да жаралат. Мен билген тааныш даваатчылар 3 же 40 күнгө чыгышып, алтургай кээ бири азыр бала чакасын туугандарына таштап,аялдары менен кошо даваатка кетишип атат. Ар кимге сын такпай эле коеун , бирок көбүнүн диний түшүнүгү төмөн, 5-6 жыл чыгып жүргөнү деле ошол эле түшүнүктөн көтөрүлгөнүн көргөн жокмун. Жакында интернет бул уюм жөнүндө бир материал окудум жана бул жакка маалымат катары алып келгенди туура көрдүм. Балким бул уюм тууралуу мен адашып жатам, чындыкты бир гана кудай билет жана дагы убакыт таразалайт эмеспи. -
Диний фанатизм - улуттун келечегине чабылган балта
Жазылган күн: 10 Ноя 2014
Цитата
Атамбаев ашкере исламдашуу кесепеттерин эскертти
Коргоо кеңешинин 3-ноябрдагы отурумунда президент Алмазбек Атамбаев диний фанатизмди сынга алды.
Жыйында дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынды. 2014-2020-жылдарга белгиленген бул документте дин менен мамлекеттин алака-катышын так аныктоо, диний радикалдашуунун алдын алуу, экстремизм- терроризмге каршы күрөш чаралары камтылган.
Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө ашкере исламдашуунун кесепеттерине токтолду. Анын артында улутту маңкуртташтыруу, касиетин жок кылуу, баалуулуктарына шек келтирүү саясаты жатканын кыйытты. Дин чөйрөсүндө улуттук кызыкчылык биринчи болушу керектигин эскертти:
- Адам сакал өстүрүп, дамбал кийип, намаз окуса эле мусулман болуп калбайт. Адам аны иштери, жүрөгүнүн тазалыгы, билими, адеп-ахлак, жүрүм-туруму менен далилдеши керек. Кыргыздар исламды өз менталитетине жараша, кулк-мүнөзүнө, жашоо-шартына, дүйнө таанымына ылайыктап, байыртан өткөн тарыхый оош-кыйыштардын оң-тетири жактарын эске алуу менен акыл калчап, он өлчөп, бир кесип боюбузга сиңирген калкпыз. Бул жагдайда биз эч бир элди туурабаган, диний фанатизми жок, Алла Тааланын амирине моюн сунган эл элек. Эми ал жолубуздан адаштыргысы келгендер күчөгөндөн күчөп баратат. Айрым молдолордун, саясатчылардын жан үрөп жүргүзгөн аракеттери өлкөбүздү ашкере исламдаштыруу экенин байкоо кыйын эмес.
Атамбаев Орозо Айт менен Курман Айттан башка, мисалы мамлекеттик Нооруз, Жаңы жыл өңдүү майрамдарды жерип, исламга жат жоосундар деп атагандар жакшылыкка алып барбасын белгиледи. Кээ бир молдолор Манасты жаратканга каршы коюп жатканын белгилеп, “адал”, “арам” деген сөздөрдү “халал”, “харам” деп айтууга үгүттөгөндөрдүн иш-аракети акылга сыйбайт деп атады:
- Мен айрым молдокелерге, саясатчыларга айткым келет: кыргыз элине бирөөнүн кийимин, бирөөнүн тилин, үрп-адатын таңуулабагыла! Кыргыз эли, кыргыз жери жакпаса, ошо сизге жаккан элге, өлкөлөргө барып жашагыла. Эч ким каршы эмес. Биз мусулманбыз. Ислам дини дүйнөдө дайыма болооруна ишенебиз. Бирок ошол эле учурда биз кыргызбыз. Кыргыз эли, кыргыз тили да дүйнөдө дайыма болсун деп тилейбиз. Бул тилегибизди Алла Таала өзү колдоп, кыргызга эгемендик берди. Ошондуктан биз эл-жерибизди, тилибизди, дилибизди коргоп, сактап калуу үчүн чечкиндүү кадамдарга даярбыз. Муну эч ким унутпасын!
Коргоо кеңеши 3-ноябрдагы жыйынында дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын кабыл алды. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев документтеги негизги приоритеттерди санап берди:
- Дин жана дин тутуу эркиндигин камсыздоо, башкарууга дин аралашпаган мамлекеттин кыргыз моделин түзүү жана түптөө, дин уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн чектерин калыптандыруу, дин чөйрөсүн жөнгө салуу үчүн мамлекеттин кийлигишүү жактарын аныктоо, жарандардын диний радикалдашуусун алдын алуу жана эскертүү, Кыргызстандагы диндин негизинде экстремисттик жана террорчулук ишмердүүлүктү болтурбоо, дин чөйрөсүнүн радикалдашып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн салттуу ислам катары белгилүү болгон ханафи мазхабынын матруди мектебинин колдоп жайылтуу саясаты, дин таануу жана диний билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү үчүн эксперттик жана талдоочулук потенциалды жогорулатуу чаралары каралган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун пикиринде, өлкөдөгү салттуу диндердин коомдогу жоопкерчилигин эске алуу менен аларга өзгөчө шарт түзүү керек. Спикер жаңы диний уюмдарды каттоодогу талап, диний билим берүүнүн оош-кыйыштарын белгиледи:
- Салтуу агымдарды колдоп, жаңы диний уюмдарды расмий каттоодо аларга талаптарды күчөтүү керек. Бир дагы жеткинчек бала светтик билимден четте калбашы керек. Биздин Конституциябызда жалпы билим алуу милдеттүү деп, так жана даана жазылып турат. Ошондуктан диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик стандарттагы жалпы билим берүүгө кедерги болбошу керек. Болбосо мындай диний окуу жай Конституциянын нормаларын бузган болот. Мындай кылгандарды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл.
Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын жетекчиси Максат ажы Токтомушев "Азаттыктагы" маегинде ханафи мазхабын жайылтуу иш-аракеттери жүрүп жатканын айтып берди.
- Сырткы келбети менен динди жаманатты кылгандар бар. Ички дүйнө таптакыр башка. Сакал коюп, жакшынакай кийинип, мамлекет, туруктуулук, элдин ынтымагы үчүн кызмат кылып жаткан дин кызматкерлери, молдокелерибиз бар, жок эмес.
Өлкөдөгү диний кырдаал боюнча алгачкы жолу Коргоо кеңеш жыл башында чогулган эле. Анда Алмазбек Атамбаев жагдайды өтө опурталдуу деп баалаган. Анын алдында диний коопсуздукту камсыздоо, бул жаатта мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында президентке караштуу “Ыйман” фонду да түзүлгөн болчу.
Булак: Азаттык сайты Элеонора Бейшенбек кызы
Президентибиздин акыркы коопсуздук кеңешинде көтөргөн маселеси негизинен туура болду, Ушул нерсеге жеткизбей мамлекетт убагында диний тармакка көңүл бурулушу керек эле. "Ат минбеген минип өлтүрөт" дегендей, жетимиш жыл дин көрбөгөн элибизди, ар кайсы диний миссионерлер, даваатчылар келип "дин деген ушу" -деп,мээсин айлантып, манкуртчулукга алып баратат. Батыштан дагы, Чыгыштан дагы келген миссионерлер, даваатчылар каптап келип өз саясатын, кыргыз элинин салтына,үрп адатына, маданиятына каршы коюп элге жайылтып атышат. Башка өлкөлөрдө тыюу салынган "Таблиг Жаамат" уюму муфтиятты басып алып, муфтий баш болуп, ушул уюмдун кызыкчылыгы үчүн иштеп атышканы ачык болсо дагы, эмнегедир бийлик тарабынан бул уюмга көңүл бурулбай келе жатканы суроо жаратат.
-
Жаман үйдүн коногу бийлейби?
Жазылган күн: 2 Окт 2014
Цитата
Бүгүн Бишкекте 16 кытай жараны милиция кызматкерин сабап салышты
Бишкекте Кытай Эл Республикасынын 16 жараны милиция кызматкерин сабап салышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен бүгүн, 1-октябрда билдиришти.
Маалыматтарга караганда, бүгүн тоноочулук боюнча түшкөн арыздын негизинде аймактык милиция кызматкери Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишине барган. Ал жактан курулушта иштеген кытайлык жарандардын бири коомдук жайда тартип бузуп жаткандыгын байкап, аймактык милиция кызматкери ага эскертүү берген. Бирок экөөнүн ортосунда уруш келип чыгып, курулушта иштеген башка кызматкерлер да милиция кызматкерин ур-токмокко алып башташкан. Кытайлык жарандардын бул учурда мас экендиктери байкалган. Алар милиция кызматкерин арачалап калмакчы болгон жаранды да сабап салышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аймактык милиция кызматкерин кытай жарандары бир топ убакытка кармап отурушкан. Кийин укук коргоо органдары келип, тартип бузгандар Ленин РИИБине жеткирилди. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.
16:11 01-10-2014 Автор: Мирлан Өмүралиев
Кайран кыргыз, оз торундо ушинтип таяк жеп отурсан, болгондо да бийликтин окулу болгон, милиция озун коргой албай атса , карапайым калк озун кантип коргойт??? Кытайлар менен болгон чырлар акыркы мезгилде кобойуп атат. Кочкордо, Токмокто, Кара-Балтада ,Чуйдо, Бишкекте кытайлар иштеген ишканаларда бийлик окулдоруно баш ийбей, кол которгон учурлар болгон. Ошол эле биздин чондор анча мынча алардан акча алып "крыша болуп", баарына коз жуумп басып коюшат. Чет элдик жарандарга иштегенге квота болгонду кыскартыш керек, оз элибиз жумуш таппай чет жерде журсо, биз мыйзамсыз кытайларды, туркторду кийирип атабыз. Эмне учун миграция кызматы аларды текшербейт, депорт кылбайт. Бир дагы жолу миграция кызматы, чет элдик жарандарды депорт кылды деп уга элекмин. Милиция уйдо баатыр, жоодо жок болуп калды. Алар учун бийликкге чындыкты бетке айткан жарандарды камап коюш оной, кайдагы бир паспорту жок, зек кытайлардан таяк жейт. Миграция кызматы , куч органдары, коомдук уюмдар менен бирге Дордой,Кара- Суу базарларын кытайлар, турктор иштеген ишканаларды керек болсо кун сайын рейд кылып текшерип туруш керек. Эгер мамлекет оз милдетин аткара албаса , эл озунун коопсуздугу учун бул милдетти озуно алат. -
Баягы эле Жириновский
Жазылган күн: 7 Июл 2014
Цитата
Жириновский Кыргызстанды Орусияга кошуп алуу тууралуу дагы бир билдирүү жасады
Орусиялык депутат Владимир Жириновский Кыргызстан тууралуу дагы бир талкуу жарата турган билдирүү жасады. Мамлекеттик Думанын жыйындарынын биринде депутат “Кыргызстанда өлкөсүнүн Орусиянын курамына кошулушун каалаган саясий күчтөр бар” деп билдирди. Кремль Кыргызстан менен жакшы иштешпей жатканын айткан Жириновский:
“Орусияга калктын бир агымы Кыргызстандан келет, бирок биз начар иштеп жатабыз. Кыргызстанда келерки парламенттик шайлоодо Бажы биримдигине кирүү жөнүндө гана эмес, өлкөсүнүн Орусиянын курамына кошулушун талкууга алып чыга турган саясий күчтөр бар. Омск же Ростов сыяктуу жөнөкөй облус эмес, мүмкүн, кандайдыр бир кошумча укуктарды берүү менен...”- дейт.
Саясатчы убагында кыргыз менен казакты экиге бөлүү туура эмес болгонун айтат. “Кыргызстан менен Казакстанды өз-өзүнчө бөлүүдө москвалык чиновниктер эмнени көздөгөнүн түшүнбөйм. Булар бир эл. Бир тил, бир маданият. Кайсы бир мезгилде буларды кыргыздар деп эле аташчу. Алар бизге баарынан жакшы мамиле кылышат. Булардын тарыхы Красноярск крайынын түштүгүн көздөй кетет. Мына, Хакасия, булар ошол жерде калып калган кыргыздар”, - дейт депутат.
15:01 07-07-2014 Автор: Автандил Добулбеков
Жириновскийдин билдируусуно аяр жана кылдат конул буруу керек. Бир чети жинди адамдай корунгону менен, анын оозу менен Кремлдеги чон саясатчылар суйлойт. Жириновскийдин оозу аркылуу, алар элге "мессеж" кабар берип элдин бул маселеге болгон кабагын-ырайын билип, иш кылышат. Бир гана мисал, эсинерде болсо керек, Украинада митингдер жаныдан болуп атканда, Жириновскийдин айтканын "Крымды тартып алыш керек, Чыгыш Украинаны болуп алып Россиянын карамагына кошулушу керегин" 1 каналдан кайра-кайра корсотуп турушкан. Ал кезде украиналыктар Жириновскийдин бул созуно маани берген эмес "клоун" суйлой берет деп , кайдыгер болушкан. Ошондон коп отпой эле Орусия Крымды Украинадан болуп алды, Украинанын чыгышын Орусияга кошкусу келип ачкан согуш эмигиче токтобой атат. Бул айткандарына Кыргыз бийлиги кандай жооп айтышат коро жатаарбыз. Мени ойлондурганы, ал айткан Кыргыз Республикасындагы Орусияга кошулунуу колдогон саясий-кучтор, партиялар кимдер??? Эсинерде болсо керек былтыркы парламент шайланганда Москвага дээрлик коп партиялар барып орус чиновниктери менен жолугуп (жен ичинен Орусиянын кызыкчылыгын коргойбз деп убада берип), элге келип Орусия мына мени, биздин партияны колдойт деп ТВ жашиктен кайра-кайра оздорун жарнама кылышпады беле. Ал партиянын копчулугу азыр парламентте отурат, алар Ата-журт,СДПК, Ата-Мекен, Ар-Намыс, Республика. Кийинки жылы боло турган шайлоого азыртан даярданып Москвага барып жагалданып жардам сурап, бийлик учун Кыргыз мамлекетинин эгемендуулугун, кызыкчылыгын сатканга даяр аткаминер-депутаттарыбыз кимдер? Ар-Намыс партиясынын лидери Кулов ачык эле Россияга кошулууга даяр экенин айтканы гезиттерге чыккан, андан кийин "дежур" чалдар , "дежур" саясат тануучулар Орусияга кошулууга макулбуз деп айтып чыгышты . Калган 4 партиядан Ата-журт,СДПК, Ата-Мекен, Республика эмнени кутсок болот???? Жириновскийдин билдируусундо толук айтылды го Бажы Биримдиги (ТС) менен дагы ар кандай ушундай союздардын максаты кандай экенин. Союздун акырынан жем жеген , кулдук сезим мээсине синирилген саясатчылардан эмнени кутсок болот келечекте??? Кантип оз олкобуздун кызыкчылыгын, озубуз коргой алабыз, кантип келечектеги урпактарыбызды Орусиянын, Кытайдын же АКШынын кулу болгондон куткарып калабыз???
Комментарийлер
kyrgyzJigit ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?