Чындык издебе. Детектив, триллер, мелодрама.
#42 08 Ноябрь 2019 - 02:22
Димедра айым амансызбы,ооруу сыркоодон алыссызбы?Мынчалык зарыктырбачу элениз?
#43 08 Ноябрь 2019 - 07:48
Күбөлөрдү суракка алуу башталып биринчи эле айдоочу жигит чакырылган.
Айыптоочу алдын ала даярдалган суроолордун жаадырып, жигит тергөөдо айтылган жообун кайталап бүтөрү менен кезек жактоочу тарапка жетип келди. Илимбеков шашпай жигиттин жүзүнө бир карап темир тор артында турган Айжанага бир карап алып, кайрадан көздөрүн жигитке такап туруп ойлуу суроо узатты.
-Сиз канча жылдан бери айдоочулук кыласыз?
-төрт, деди жигит мунун эмне тиешеси бар дегендей.
-төрт жылдын ичинде күнүнө бир каттам жасаганда да жылына орто эсеп менен үч жүз алтымыш каттам кыласыз, ошондо 1440 адамды ташып койгон болот экенсиз, төрт жылдын ичинде болжол менен 5760 адам. Эми айтынызчы ошолордун унаанызда олтуруп айткан ар бир сөзүн ушундай толук түрдө айтып бере аласызбы?
-жок албетте, алардын баарын эмне себептен эстеп калмак элем. Болот арасынан, кээ бир адамдардын кызыктуу сөздөрү эсте калат.
-Демек кызыктуусу гана. Менин жакталуучумдун айткан сөздөрү сизге эмне себептен кызык туюлду эле, ырас баарын эстеп калыпсыз.
-Эркин Макеевичти кызыгуу менен сурап калганы, кайрадан шаарга жеткирип коюмду өтүнүп артка кайтып келгенибиз, көп өтпөй кичине кыз жоголду деген кабар. Мындай көрүнүш ар күн эле боло бербейт.
-Туура айтасыз, менде да ар күн ушундай дал келүүчүлук боло бербейт. Мен да сиздин ар бир сөзүңүздү эстеп калат болушум керек. Себеби мага табышмак болуп жатат, бул кыз сизден өзүнүн классташы тууралуу сурап койгондон кийин эле жанагындай шумдук болуп кеткени. Сиз болсо баарын ийне жибине чейин эстеп калганыныз. Баарынан кызыгы тергөөчү сизди издебей эле сиз тергөөчүнү издеп келгениниз. Балким бул башынан ойлонушулган иш болуп жүрбөсүн. Бул кыз эмнеси менен сизге жакпай калды?
Ал күтүүсүздөн эле сөзүнүн акырында ушундай суроо берип салды.
Тергөөчүнүн каршы болгонуна карабай сот айым суроону туура деп таап, күбөнүн жооп берүүсүн күтүп калышты.
-эмнеге? Тескерисинче аябай ачык айрым жакшы кыз экен, экөөбүз жакшы баарлашып келгенбиз.
-Эркин Макеевичти сиз кайдан тааныйсын?
Кайрадан суроо узатылды.
-кошуна айылдан болобуз. Мамлекетке аты чыгып келе жаткан адамды айылдаштары тааныбай калса уят болбойбу. Кийин ал адам өзү жаш болуп туруп көпкө жетишти, айылдаштардан да бат баттан кабар алып турат.
-түшүнүктүү, демек ал кишиге жеке "симпатияныз" бар экен. Өсө турган адамды колдогон жакшы да ээ, деп жылмайып коюп ордуна отуруп алды.
Анын сөздөрүнүн түпкү маанисин сот айым да айыптоочу да жакшы түшүнбөй кала беришти. Кийинки күбө катары сот залына мейманканада кабылдамада олтурган жигит чакырылып, айыптоочу суроолорун берип бүткөндө Илимбеков өз ишин баштап ага да жанагындай эле суроолорду берип өттү.
-сиз ушул кызды андыгандан башка дагы кандай жумуш кылдыңыз ал күндөрү. Жана эмне себептен көңүлүнүз Айжанага түштү, балким бул буйрук болгондур, сиздин да Макеевичке жеке "симпатияныз" барбы?
Жигит какап кетти.
-жок мен ал кишинин тааныбайм деле. А Айжананы байкабай кою мүмкүн эмес эле.
-Демек байкабай кою мүмкүн эмес. Бүттү менин башка суроом жок, күбөлөрдүн ушуга окшогон сөздөрү эске алынса дейм, деди да ордуна отуруп алды, дагы табышмактатып.
Башка күбө жок болчу.
Илимбеков туруп алып кошумча сөзүн айтып өттү.
-Кудай урсун мен эч нерсе түшүнбөй турам. Айжана эмне себептен азыр темир тор артында олтурат. Же азыр бирөөдөн башка тууралуу сурап кою кылмыш болуп калганбы? Же мейманканада жашап жаткан адам ар бир кадамын кабылдамага айтып турушу керекпи? Бул жигиттердин айтымында менин жакталуучумду байкабай кою мүмкүн эмес, ал бизге деле көрүнүп турат. Кызык эгер ушул кыз чындап күнөөлү болсо, кантип башка эч бир адам аны байкабай калды экен, кызды мектептен алып кеткенин, чип сатып алганын аны жабырлануучунун үйүнө алып барып таштаганын.
Ал айыптоочуга андан кийин сот айымга карап, ийинин куушуруп койду.
-Сиздерге кандай бирок мени аябай кызыктырып жатат, ошон үчүн сурабасам болбос. Жабырлануучуга суроом бар, мүмкүнбу?
Бул жолу да сот айым жактоочунун өтүнүчүн орундуу деп таап, Эркинди ордунан тургузду.
-Эркин Макеевич башкаларды түшүнө албай жатам, сиз айтынызчы, азыркы айтылган сөздөрдүн бири да Айжананын күнөөсүн далилдей албайт, ошого карабай сиз ишенимдүү түрдө аны күнөөлүү деп жатасыз, себеби эмнеде? Ал эмне себептен ушул жолго барышы керек? Же мындан алдын да ушундай сөз уктунуз беле классташыныз тууралуу?
Эркин жактоочуга каардуу карап көрдү эле, ал камырап да койгон жок. Тескерисинче кытмыр жылмайган Илимбеков ичинде, "кучук бул сага биринчи сыноо, ит болом десең менин колумдан кутулуп көрчү" деп ойлоп турган.
-Мен дагы бир ирет кайталайм, кызымды уурдап, кордогон так ушул адам. Сот отурумун тездет кызынды көргүн келсе деп мага буйрук келип жатпадыбы, айткандай эле отурум алдында кызым пайда болуп жатат. Ушунун өзү далил болуп жатпайбы.
-Сиз экспертизанын жыйынтыгын билесизби, кызыныз зордук зомбулукка кабылбаганы тууралуу маалыматыныз барбы? Демек кордолгон эмес уурдалган гана азырынча, деп оңдоп койду да суроосун кайра кайталады.
-менин Жакталуучумдун кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн, сиздин кызды урдагыдай. Акча өндүрүш үчүнбу? Айжананын эсебинде канча акча жатканын билесизби? Ал да аздык кылат, анын мурунку жолдошу такыр эле жолго таштап кеткен жок, ай сайын анын эсеби жүз миңдер менен толукталып турат. Мен ойлойм Айжана акылдуу кыз, кичине акча алуу үчүн бар байлыгынан кол жууп калаарын түшүнүп туруп мындай кадамга барбайт эле. Кийин сиздин акыркы созунуз дегеле акылга сыйбайт. Кайсы келесоо өзүнүн камалуусун тилеп сотту тездет демек. Кызыныз кайткан учурда Айжана абакта эле да, ал кантип бир убакта эки жакта болуусу мүмкүн, бул акылга сыя турган эмес. Бул жерде албетте үчүнчү жак бар.
Эркиндин эми чындап ачуусу келип кетти.
-Менин кызым айтып жатат, аны аял киши алып кеткенин. Анын сүрөттөөсу Айжананын келбетине дал келип жатат.
-аа! Демек сүрөттөөсу. Кызыныз сүрөттөгө жарап жатса демек анчалык да жаман абалда эмес экен. А эмне үчүн аны бул жерге чакыртпай жатасыз, сүрөттөгөн адамын тирүү көрсө даана таанымак да туурабы. Баарыбызды кыйнап туйшолтпой эле ошондой кылсаныз болмок. А бирок сиз кызыныз табылганча эле менин жакталуучумду күнөөлөп жаткансыз да, ким билет балким өзүңүз ошонтип үйрөтүп койгон чыгаарсыз. Менимче Айжанадан ала албай калган кегиниз болсо керек, аны да ачыктабай жатасыз.
-Бул жерде мен жабырлануучумунбу же айыпталуучумунбу? Мен сиздин суроонузга түшүнбөй турам. Менин мурунку жана кийинки жашоомду суруштуруу үчүн чоулганбызбы бул жерге?
-Жок албетте, бул жерде адилеттүүлүк издеп отурабыз. Биз сизден кем эмес кызыкдарбыз күнөөкөр таблуусуна. Темир тор артында отурган бир алсыз назик кыздын тагдыры так ошондон көз каранды болуп олтурат. Мен ойлойм сиз да чыныгы күнөөкөр табылсын дейсиз, же адашамбы? Максат эптеп бул кызды абакка салуубу? Кайсы күнөөсү үчүн? Эмнеге башка адамдын азабын бул байкуш тартышы керек? деди да сот айымга бурулуп, менин суроом бүттү деп ордуна отуруп калды.
Эки тараптын айтышуусуна убакыт келип жеткенде сот айым Илимбековдун сунушун четке кагып коё албады. Ал сурагандай айыптоочу тарапка далилдердин жетишсиздигин айтып, ишти кайрадан карап материалды толуктап келүүсүн буюруп, сот угууну башка күнгө калтырды.
Айжананын колун кыса учурашып жылуу жылмайып коштошкон соң Илимбеков кагаздарын жыйып сыртка карай шашып жөнөдү. Артынан эле жетип келген айыптоочу аны далыдан таптай токтотуп, жылуу саламдашып катарлаш басып калды.
- Мен бул отурумга кирбей туруп билгенмин жеңиш сиздики экенин. Айтынызчы эмне себептен кыздын боштондугун талап кылбадыныз? Бүгүн сиз өзүңүзгө окшобой турасыз.
Илимбеков каткырып күлүп коё берди.
-Мен өзүм кандай экенимди билбейт экенмин, кандай элем? Балким каарып бараткандырмын. Кызга келсек, ал кимдедир күмөн болуп калуусун каалаган жок. Бул залдан күмөну жок акталып чыгууну каалады, деди да кечирим сурап шашылыш экенин башка жайда кийинки отуруму башталып жатканын айтып бат баттан басып унаасына түшүп кетти.
"Сен да карышкырга айланып бараткан экенсиң" деп ойлоп койду ал, унаасын буруп жатып, арт жакты коргозгон кузгудон өзүнөн көзүн албай карап турган айыптоочуга карай. "Сага албетте мүмкүнчүлүк берем, бирок бул ирет эмес. Бул ирет сенден да күчтүү карышкырды жолуктуруп калдым, кечиктин" деп өзүнчө сүйлөнө, ууртунан жылмайып алып жөнөй берди.
Айыптоочу да кыйла эле эрегишип калгандай, Эркиндин каршы болгонуна карабай кызды сот залына күбө катары чакырууга мажбурлап жатты.
-Андай кылбаска бизде башка арга жок. Болбосо айыптоодон баш тартыныз. Эки гана жол бар, башкасы каралбаган.
Эркин башын мыкчый отуруп үн катты.
-Макул, ырас башка жолу жок болсо ошондой болсун. Бирок кызымдын биринчи каршылыгына чейин гана, ал жаңы гана өзүнө келип жатат.
-Жарайт, деди айыптоочу. Жактоочу да кызынызга суроо берет болуш керек, андан ар нерсени күтсө болот, өзү да өтө эле табышмактуу болуп жатат. Ага биз тыю сала албайбыз, сизден да суранып кетем ага каршы катуу суйлобонуз. Эсинизде болсун Илимбеков менен айтышуу сиздин эмес менин жумушум. Аны да туура түшүнүү керек, ал да өз жумушун аткаруусу кажет. Болгону кызыныз сизге айткандарын отурумда так айтып берсе болду.
Биринчи угуудан экинчи отурумга чейин бир апта убакыт берилген болсо да Илимбеков Айжанага келип экөө кеңири отуруп баарлашышпады. Бул көрүнүштү айыптоочу чындап эле түшүнбөй жатты, ал болсо тергөөчүго кайрылып материалдын кем жерлерин толуктап келүүсүн буюуруп өзү да катуу даярданып жүргөн. Балким Илимбековдун өткөндогу каткырык күлкүсү анын алышуу кумарын козгоп койгон болсо керек. Анан каршылашы тигинтип кенебей жүргөнү эмнеси, чындап эле каарып баратабы же башка көздөгөнү барбы? Ушул ой жеп жатты аны.
*******
Азат менен Жанара айылга келип бир үй булоо болуп жашай баштагандарына да бир аптанын жүзү болуп калган. Жанара жакшы келин болгудай түрү бар, Азаттын айтканына көнүп чоң той дебей айыл аксакалдардын батасын алуу менен эле чектелип тим болду. Келгенден бери буту бутуна тийбей кызматта жүрөт. Баарынан бактылуусу эле Азаттын апасы ондонот, жаңы келген келинин алкап эле олтурат. Баарына карабай Азат өзүн эч бактылуу сезе албай жатты, канча жубайына жакындайын десе да кандайдыр бир күч аны түртүп тургандай эч эле жакын боло албай койду. Жакындаса эле Айжананын элеси четтен карап жээрип жаткандай сезиле берет. Кантип ошол түнү жанагындай жорукка барганын али да түшүнбөй башы маң. Бирок арманын кимге айтаарын билбей ичинен сызып гана тим болот.
"А баса мени түшүнгөн бир адам бар эмеспи" деп, өзүнүн тапкан акылына өзү кубана телефонун сууруп чыгып Москвадагы досу Замандын номурун тере баштады.
-Жаш күйөөнүн колу эми тийген го досунан кабар алганы, деген тамаша сөзү угулду Замандын, телефондун ары жагынан, ар дайымкыдай жайдары.
-Кечир досум, болгону сенин жумушуна тоскоол болбоюн деп жаттым, деп ал акыбал сурашкан соң Азат күтүүсүздөн эле,
-Мен жакында барам сенин жанына, деди.
-Албетте досум, келээр кунунду айтып койсоң мен батир таап даярдап турам.
-А эмнеге? Эски жашаган жайыбызчы?
Заман бир азга ундобой туруп калды.
-мага болгон ачуусун сенден алыдыбы кожоюну, деп Азат тынчсыздана кетти.
-Жок досум, бул жерди билесиң да үй булоолу адамга жарабайт. Биз сонун батир таап башка жашайбыз.
Заман канчалык жайдары болууга аракет кылганы менен үнү чын көңүлдөн чыкпай жатканын сезди Азат телефондон болсо да.
-Мен өзүм эле барам досум, Жанара апамдын жанында калат, деди ал да көңүлсуз.
-Эмне болду досум? Жаңы гана бир апта болбодубу. Балким каражат керекдир, мен эле… деп келе жатканда Азат анын сөзүн үзүп кетти.
-Жок досум, баары жакшы. Болгону… Кийин түшүндүрүп берем, деди сөзүн кыскарта.
-Эмне сен бирөөр жарымдан сөз уктунбу? Эч нерсе эмес досум, эч ким аппак эмес, кийинкиси жакшы болсо болду.
Замандын бул сөзүнө Азат маани бербегендей жакында барып калаарын айтып коштошуп телефонду өчүрдү. Чындап ушундай кылбаса болбойт, балким алаксып акылын бир жайга коюп келээр.
Заман болсо ичи түпөйүлдоно досунан кыжаалат болуп калды. Аларды узатып келген күндөн бери батирде ага тынчтык жок болуп жаткан. Жанаранын акыркы "капчыгы" анын жанын койбой Азаттын дарегин сурап, Жанараны таап берүүсүн өтүнүп жанын койбойт. Балким ошол адамдан кабар жетип барганбы деп, досунун турмушу бузулуусун каалабай кыжалат болуп жаткан учуру. Ананчы өзү отуздан ашып үйлөнсө, анан тигиндей аял туш келгени эмнеси дейт. Аттин эмнеге алдын билген эмес экен Жанаранын кылктарын. "Балким жанагы түнкү окуяны өзү эле уюштурган болсочу? Чындап эле аялы бар эркек менен мамиледе болгон кыз кантип эле таза болмок. Азат да аргасыз эле уйлонбодубу, каап шашпай коё турса болмок экен. Баарына мен күнөөлүүмүн, кайдан да экөөнү жакындата койдум эле." деп кыжаалат. "Мейличи, кандай болсо да мындан аркы жашоосун алып кетишсе болду эмеспи." деп жүргөн да эми мынтип Азаттын келем дегени аны аябай кыжаалатка койду. Ал келгенче баарын жайгарышы керек, башка батир табуусу абзел, антпесе батирдеги киши менен чоң жаңжал чыгып досунун үй булоосу бузулуп кетүү коркунучу бар. " И баса, ал кишинин сөзүнүн чын тогунун текшерүүнүн бир жолу бар эмеспи" деп капысынан акылына келе калган ойду ишке ашыруу үчүн батирге чуркады. Өткөндө ачылган шампандын калдыгы калган болсо керек, ошону татып көрүү керек. Иштин баары ошол ичимдикте болуп жүрбөсүн, досу жөн жерден тузакка түшүп калган болсочу…
Уландысы бар.

#44 08 Ноябрь 2019 - 07:51
Эже капа болбойт деп ойлойм,башка жактан көчүрүп келгеним үчүн. Күткөндөр үчүн)
Билдирүүнү түзөткөн: Amin16: 08 Ноябрь 2019 - 07:52
#46 08 Ноябрь 2019 - 17:04
#47 09 Ноябрь 2019 - 02:01
#48 09 Ноябрь 2019 - 02:28
#49 09 Ноябрь 2019 - 06:49
Бул жакшы жөрөлгөбу жаманбы, айтоор Заман күткөндөй эле бөтөлкөнүн түбүндө кичине шампан калган экен. Көп ойлонбой туруп бөтөлкөну көтөрө жутуп салды да шалдайып отуруп калды. Бирок ал күткөндөй дароо эле башы айланып уйкуга тартып кеткен жок. "Демек жаңылышкан экенмин" деген ойдо тошончусун тошонуп жатып алып ар ойдун учугун чубап жаткан, качан уктап кеткени белгисиз, бир убакта бутунан бирөө тартып жатканынан ойгонуп кетип караса бөлмөлөш баласы, жумушка кечигесин деп жаткан экен. Анын айтуусу боюнча саатынын конгуросу үч жолу кайталаса да ойгонбоптур.
"Таң калычтуу"
деп койду өзүнчө, адатта сергек уктоочу эле. А баса жанагы күнү да эч нерсе сезген эмес эле го. Балким Азат да ошондой эле болгондур. "А Жанарачы?"
деп ойлоно кетти, а ал ичти беле? Алып эле отургандай болгон. Баары ага табышмак болуп кала берди.
*****
Бир апта убакыт да бат эле өтүп белгиленген күнү чакырылган адамдар сот залына жыйылышты. Бүгүн Илимбеков өзгөчө шайыр, сот келгенче темир тор артында турган Айжанага апенди айтып кулдуруп өткөнгө да жетишти.
Угуу башталып, талап боюнча толуктоолор корсотулсун делип сот залына Эркиндин кызы психологдун коштоосунда чакыртылган.
Кыз баарын жакшы сүйлөп, аны окуудан атасына алып барам деп бир аял алып кеткенин баяндап өтөөру менен, сот андан
- ал аялды ушул жерде отургандардын катарынан тааный аласынбы? деп сурады.
Кичине кыз тегерене карап, аны жакшы эстей албай калганын айтып ыйламсырап жиберди.
Эркин кызынын таламын талашып аны коё берип жиберүүлөрун өтүндү эле Илимбеков сөзгө аралаша кетти.
-Уруксат берсеңиз менин бир суроом бар, кийин болду бул наристени кыйнабайбыз.
Соттун уруксаты менен айыптоочу далил кылып коргозгон видео жазууну дагы бир ирет коюп берүүсүн өтүндү. Психолог кыз менен кеңешип даяр экенин айткандан кийин, Эркиндин каршы болгонуна карабай катчы жигит туруп барып видео жазууну коюп турдуро баштады.
Кичине кыз көзүн албай карап туруп жазуу бүткөндөн кийин, эч кимдин суроосун күтпөй эле,
-мен бул жайды билем, деди.
-Бул эмне болгон жай кызым?
Илимбеков өзүнүн суроолорун ушинтип баштады.
-мени бул жайга атам алып барган. Тагыраагы, кантип барганыбыз эсимде жок. Көзүмдү ачканда атам мени ал жайдан көтөрүп чыгып бараткан экен. Кийин ал кайрадан мени тиги эженин үйүнө алып барып кетип калыптыр, уктап ойгонсом жанымда жок экен.
-кызым сен жаңылышкан жоксуңбу?
Илимбеков жумшак сүйлөп кызга суроо узатып жатты.
-жок. Тигинде атам да, бирок ал эмне деп сүйлөгөнү эсимде жок, деди сомойу менен экран тарапты коргозуп.
Жактоочу сотко карап мен бүттү дегенчелик кылып бир аз ийилип коюп ордуна отуруп калды.
Айыптоо тараптан сөз жок, алар мындай бурулушту күтпөгөн болсо керек. Бир аздан соң гана өзүн жыйып,
-андан кийин сен атаңды дагы көрдүңбу? деп суроо узатты айыптоочу.
-эженин үйүндөбу? деди кыз анын сөзүн тактап алууну чечкен өңдүү.
-Ооба.
-жок атамды кайра ал жайда көргөн жокмун. Келеби деп кутком келбеди. Кийин эжеден мени чакыртып жибериптир.
-ал үйдө силер эмне кылдыңар?
-билбейм, мен уктап жаткам.
Наристе кыз өзүнүн канча күн ал жайда болгонун да билбейт өңдүү. Бир ай ашык, ошончо күн уктап жата бермекпи. "Бул жерде бир нерсе бар" , деп ойлонгончо Илимбеков айыптоочунун оюн окуп тургандай,
-туур эле айтып жатат го кыз. Экспертиза көргөзгөндөй анын психикасы да ден соолугу да жабыркаган эмес, деди ордунан туруп алдындагы жайылып жаткан кагаздарга карап.
Сот да алдында жаткан эксперттин жыйынтык кагаздарын бир тиктеп коюп, залдагыларга кайрылды.
-Дагы суроолор барбы?
-Урматтуу сот, менин кызым азыркы сөздөрдү кайдан алган билбейм, бирок ал эч качан болбогон сөздөрдү сүйлөп жатат. Алдын кызым мага мындай деп сүйлөгөн эмес. Суранам ал менен мен сүйлөшүп алышым керек.
Эркин түшүнөн ойгонгон адамдай эми гана ордунан тура калып көзүнө жаш ала сүйлөп кирди. Аны кызынын сөздөрү чындап эле шал кылып койгон эле.
-мунун баарын ушул кылды. Соомойу менен Айжанага коргозуп. Ал менин кызымды сыйкырлады. Болгону менден качанкы кегин алып жатат, деди ачуулу кыжынып.
Ушул жерине келгенде Илимбеков аралаша кетти.
-сизде кандай кеги бар болушу мүмкүн менин жакталуучумдун?
-сиз да булардын арасында барсыз, сиз анын арам оюн ашырууга жардам бергенсиз, кызымды өзүмө кайрып койгонсунар. Ооба мен жаштык кезде ката кетиргем, күч колдонуп Айжананы намысынан ажыраткам! деп өкүрүп бакырып жатты.
-Кудай сакта. Жакшы мен ал убакта жанынызда жок болгом, антпесе мени
ал ишинизге да күнөөлошунуз мүмкүн эле, деп билинер билинбес сүйлөп коюп отуруп алды Илимбеков.
Сот алып баруучу үстөлгө жыгач таякчасын уруп тынчтанууну сурап,
-Сиз башка жайда суйлошосуз, бул жерде жеке мамилелер чечилчуу жай эмес, деди да башка толуктоо жок болсо эки тараптын жыйынтыктоо сөздөрүн угууга кезек келгенин айтты.
Тараптарды угуп болгондон кийин чечим чыгаруу үчүн чыгып кеткен сот көп өтпөй кайрылып келип жалпыга чечимди уктура баштады.
"Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылган өкүм!... " Далилдердин жетишсиздиги Айжананын актыгын далилдеп, иш кайрадан тергөөдо кароого кайтарылды.
Ансыз да белгилүү болуп турган жыйынтыкты угаары менен буйрук күтүп турган жаш милиция кызматкерлери Эркинди өздөрү менен алып чыгып кетишти. Илимбеков жылмая Айжананын колун бек кысып темир тордон чыгарып алып, жанаша басып чыгып баратканын көргөн айыптоочу аргасыз башын чайкай ууртуна күлкү алып карап турду. "Карт карышкыр, ушуну көздөп жүргөн экенсиң да. Деги сенде амал түгөнобү" деп кубуронуп алды.
-Кандай сулуу, ным жерде жатып кыйналып калдын ээ. Эч нерсе эмес баары өттү, эми чындап адилеттүүлүк орноду. Кеч болсо да кылган күнөөсүн мойнуна алганы чын болсун, эми чегинен ашык жазасын алат ал.
-Рахмат сизге!
Айжана жактоочусуна карап назик жылмайып койду.
-Ушуну тим эле койсоң болмок. Баарын өзүң бутурбодунбу, мен болгону кичине оозумду кыбыратып эле сүйлөгөнүм болбосо.
-Мени түшүнгөнүнүз үчүн, бүгүн эсебиниз толукталат, сүйлөшкөндөй. Азыр болсо экөөбүз жеңишибизди майлашыбыз керек, деп алакан чаап алдыга карай бир эки кадам секирип койду.
-Жаштык кандай сонун, карачы, деп жаш кары бири бирин кубаттап басып баратышты.
Илимбеков көңүлүнүн түбүнөн ыраазы болуп турган Айжанага. Анын ойлоп тапкычтыгы, көргөн кордугуна карабай адилеттүүлүгү, ожорлугу, эң башкысы өзүнүн баасын билгенин баалаган. Ушунча жыл өтсө да өзүн тебелеген адамды басып өттү, Эркин ал каалагандай өз ооздору менен качанкы жасаган күнөөсүн мойнуна алды, аны эч ким зордогон жок. Эми Айжана кордолгон учуру үчүн арыз жаза алат.Ушулардын баарын жасап, башка бирөөнү жабыр тарттыртпай кынтыксыз бүтүрүү үчүн көп акыл керек эле. Иши кылып Айжана Илимбековдун да акылын айран калтырды.
Алар ашканада бет маңдай отуруп чай ичип отурушуп Илимбеков сөз баштап калды.
-Кудай акы мен акырына чейин күмөн кармап жүрдүм, кыз сен айткандарды айтпай башкача сүйлөп койсочу деп. Сенин ишенимин эмнеде эле?
-сизде. Айжана ушундай деди. Сиз турганда мен баары бир темир тор артында калмак эмесмин да.
-жок албетте. Кандай болсо да сени ал жайда таштамак эмесмин, болгону кыз башка нерселерди сүйлөп турса, балким сени таанып койсо деп чочуладым да.
-Ах байке, мен ошончолук эле акмак коруномунбу. Эртеңки күнү капысынан маңдайыныздан чыгып калсам сиз да мени тааный аласыз деп айта албайм, деп кыткылыктап күлдү Айжана. Кызга келсек ал жанагы видео жазуудагы учурду да эстей албайт, менин жүзүмдү эмес. Ошентсе да мен этияттык менен жүзүмдү боеп барганмын. Кыз бир гана ал жайдан чыгып баратканын жана үйдө өзү уктап жаткан керебетти билет, башка баарын эсинен чыгарган. Муну текшербей туруп коё беришмек эмес, ал адамдар да өз ишинин усталары сиз сыңары эле. Мен эч качан текшерүүдөн өтпөгөн адамдар менен иш алып бармак эмесмин, деп айтып жатып, бул күнгө даярдалган бир катар аракеттерин элесинен өткөрүп жиберди.
"Наристенин кийинки жашоосуна кедерги бербей турган болсун," деп суранган. Психотерапевтер болсо "жок албетте, бул дары 4 саатка гана таасир берет. Адам каалаганын жасайт бирок эске тутулбай калат ал учурлар. Кийинкисине эч кандай зыянын тийгизбейт. " деп ишендиришкен. Чынында эле ошондой болду, кыздын эсинде калуусу керек болгон учурда гана дарынын мөөнөтүн узартып берип жатышты. Болбосо такай ар төрт саатта тамакка кошуп ичирип жатышкан. Ал кадимкидей ойнойт, сүйлөйт, бирок уктап тургандан кийин эстей албайт.
Андан аркысын театрга барып, ал жердин башчысы менен сүйлөшүп аткаруучулардан Эркиндин дене мүчөсүнө дал келген эркекти тандап алып кеткен, видео жазууну даярдаш үчүн. Ал эле эмес Эркиндин балдарынын жанында жүрчүү психолог аялга да колу жеткен, өзү кеткен күндөн анын ролун так ошол аял аткарып, өз убагында дарыны берип турбадыбы. Айжана камакка тушоорун да алдын ала билген, жада калса өзүнө каршы күбөлөрдү да даярдабадыбы. Ошентсе да коркуу сезими болбой койгон жок, ошондуктан Илимбековго да алдын ала кайрылып, даярдап койгон. Не бар не жок ал киши өзүн темир тордун артында калтырбасына туура көзү жеткен эле, себеби анын алып барган иштери менен таанышып чыгып, өз кесибинин чыныгы адиси экенине ынанган.
Анын терең ойлорго чомулуп кеткенин көрүп отурган Илимбеков тишин соруп кызга сырдуу карады.
-Дагы эмнелерди ойлонуштуруп жатасың?
Айжана да ага сырдуу карап ойлонуп калды, ичиндеги сырын айтсамбы айтпасамбы дегендей.
-Эркиндин "шефи"! Ал кандай адам?
Илимбеков ордунан секирип кетейин жаздап өзүн араң кармап калды.
-Сен эмне биздин элиталарды четинен кырганы турасыңбы?
Айжана жактоочунун сөзүн кулак сыртынан кетиргендей, андан ары сөзүн улады.
-анын аялы негизги "персона" экенин билем. Эгер ал кааласа жолдошу турган ордунан ошол учурда ыгыйт деп угам. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
Илимбеков сөздү эмнеден баштаарын билбей көздөрүн жулжуйто аны тиктеп отурган, бир кезде анын көздөрү чоң ачыла түштү, кудум коркуп качкан чоң жылан алдынан чыга калгандай. Анын жүзүн көрүп Айжана да чочугандай мойнун артка буруп ал караган тарапка карай берип, алардын так маңдайында эки кишинин коштоосунда
кирип келе жаткан Арманга көздөрү такала түштү.
Ооба так өзү. Басканы да ошол ошо бойдон, шамдагай, күлкүсү ачык, артка таралган кара кою чачтары, мезгил өткөнү анын көркүнө көрк гана кошуптур. Гезит, сыналгыдан көргөндө мындай сезимдер болгон эмес, бирок азыр ушул учурда Айжананын жүрөгү кабынан чыгып эле кетейин жаздап турат.
Илимбеков анын ойлорун бөлүп жиберди.
-Кандай жолдуу адамсын. Бул сенин шорунбу же жыргалынбы билбейм, бирок издегенин дайым алдындан чыккан кыз экенсиң. Тигине Эркиндин "шефи".
Ооба Айжана ушул күнгө чейин Арманды жек көрүп, андан качанкы өзүнө жасаган мамилеси үчүн жообун алам деп жүргөн, бирок ал менен бет маңдай чыгууга күч топтоп даяр боло элек экен. Ал депутат болгону үчүн эмес, өзүнүн жүрөгү акылына каршы чыгаарын эске албаганы үчүн…

#52 10 Ноябрь 2019 - 16:37
#53 11 Ноябрь 2019 - 13:38
Арман да өзүнө тигилген көз караштарды туйдубу айтоор кылчая карап Айжана экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Жанагы эле жылмайган күлкүсү жыйылып, өңү кубарып, бир заматта озгоруло калды.
"Демек сенде да эски сезимдерден урук калган" анын көздөрүнө тигилип туруп ушуну ойлонду кыз. "А балким жек көрүп жаткан болбосун, кантип эле жардамчысы мени менен бет келишип жатканын айтып бербесин. Качандыр унуткум келген окуяны жарыя кылган ушул учурда ундобой калмак беле Эркин" дейт, кайрадан акылында башка пикирлерге орун берип. Ушул ойлордон кийин гана ал өзүн бир аз колго алгандай болду, эски сезимдерге алдырбай.
"Эркин сенин ушул даражага жетишине себепкер болду эле, менден ажыратып мартабалуу жердин кызы менен тааныштырып. Кана эми сен Эркинди менден куткарууга аракет кылып көрчү, колуңдан келээр бекен. Жоок сен антпейсин, сен өзүңдү гана ойлогон жансын. Башканын тагдыры, көз жашы сен үчүн эч нерсеге арзыбайт" . Айжана бир көз ирмемде өзү менен өзү ушунча диолог кылып жетишти. Арман болсо али да аны карап ордунан жылбай турат.
Илимбеков ал экөөнүн көз карашынан ушуларды түшүндү, ал ойлогондой Айжана Арманга Эркин үчүн очошуп эмес, өзүнчө катуу кеги бардыгын, Арман көп жылдар бет кап алдында жашап азыр гана байкабастан ал бет кабын чечип алганын. "Демек алдыда бул кыздын дагы бир өнөрүно күбө болобуз" деп ойлоп койду ал, Айжананы кичине болсо да билип калган болсо анда ал артка кайтпайт. Бирок өзү жактоочу катары даярбы, Арман менен карама каршы чыгууга. Ал Эркин эмес, эл өкүлү аталган депутат, кол тийбестик укугу бар. Аны Эркин отурган жерге алып баруу үчүн көп мээнет керек. Андай иш ойлоп тапкан кезде да анда акча бар, баарын акчанын күчү менен басып коюуга кудурети жетет. Үй бүлөсүнүн коопсуздугу да мыкты каралган, жубайы тараптан колдоосу күч. Бир гана жылчык кайын атасында, ал киши Арманды бийиктерге учурган, ал киши гана бутунан тартып түшүрө алат. Ал адамга жетүүнүн бирден бир жолу анын кызы, Армандын жубайы. "Демек" деди ал, "Бул жолу Айжана өз намысын аттап өтүүгө туура келет". Чынында Илимбеков эмне тууралуу ойлоп жатканы азырынча өзүнө да ачык эмес, бирок көптү көргөн карт карышкыр алдын ала бир демени сезип жаткандай.
Айжананын акылына кандай ой келгени белгисиз, алдын карап жактоочу менен шашылыш коштошту да ордунан туруп кетти. Бул учурда Арман али да турган жайында катып, көзүн Айжанадан тартып кете албай турган. Кыз шашылыш басып баратып анын жанына жеткенде басыгын жайлатып көзүнүн кыры менен тиктеп токтоюн деп барып кайрадан башын буруп басып кетип бара жатканда каарылуу колдор аны билектен уучтап калды. Айжана көздөрүн жумуп демин ичине тартып алды, "иштеди" . Бул жолу да ал аракетти өз учурунда жасай алды, Армандын өзүнө тигилген көз карашын көргөндө түшүнгөн, так азыр баарын жасабаса кеч калат, бир аздан соң ал да өзү сыңары акылын жыйып улгуруп калышы мүмкүн, а азыр болсо акылын жоготкон абалда. Учурдан пайдаланып аялдык чаарын чачып, эң жакшы иштөөчу ыкманы колдонуп көрүүнү чечкен, адашпаптыр. Мындай учурда эркектин акылы тегеренбей калат, бир гана көз алдында турган нерсени көрүп ааламды көз жаздымда калтырышат алар. Алардын бул алсыздыгын Айжана көп жылдардан бери жакшы өздөштүргон. Арман да башка эркектерден эч айрымаланбады, ал азыр кыздын көздөн кайым болушунан гана коркту.
-Айжана!
Кыз көздөрүн жумган абалда ундобой тура берди, ал тарапка бурулуп караган да жок.
Бул анын экинчи кылтагы эле, ичиндеги таарынычы менен бирге ага болгон сагынычын коргозгусу келди.
-качпа! Менден качпа суранам! деди өзүнө тааныш конур үн кулак түбүнөн шыбырап.
Айжана дем алганынан көкүрөк тушу кыймылдап жүрөк согушу сыртынан билинип турган абалда ал тарапка бурула берди. Мындай абал ар бир эле эркекти эсинен тандыраарын ал билбей коймок беле. Бирок качан ал көздөрүн ачып Армандын коюланган көздөрүн көргөндө баардык көрүп жаткан аракеттерин унутуп калгансыды, ошол кара кою көздөрго чөгүп жок болуп кеткиси келип.
Анын сүйүү толгон көздөрү Арманды эсине келтргендей, кай жерде турганын, айланадагылардын коз жоосун алып жатканын эстеп кызды колдон ала сыртка жөнөдү. Ал ушундай тездик менен басып бара жаткан артындагы жандоочулары эстерине келип чуркап келгенче, унаага отуруп айдоочуга - айда! деп буйрук бере жөнөп кетти. Азыр аны жапайы бир күч башкарып жаткандай.
Бул көрүнүш Айжананы коркутмак түгүл жагып турду, көп жылдардан бери ушул күн үчүн жашап келгендей жан дүйнөсү жыргап бар тирүүлуктү эстен чыгарып бара жатты.
Убакыт токтоп, жашоонун чегине жеткендей абалда Арман да акылын жоготуп үнсүз термелет.
Кээде адамзат жан дүйнөсүн тыншап эмне керек экенин түшүнүп жетпей эле керексиз нерселерге умтулуп өмүрүн текке кетирип коёт тура, а бакыт өзү качкан жолдо кала берет экен бул экөөнө окшоп.
Бир гана айдоочунун акылы бош эмес. Кайда айдаарын, эмне болуп жатканын түшүнбөй, же кожоюнунан сурай албай туйшолуп, унаанын башын ойду келди буруп айдап жүрөт.
Бир убакта гана Арман Айжананын далысынан аяр кармап өзүнө тартып көрдү эле, кыз каршылыксыз анын кучагына башын жоолой берди. Ушуну эле күтүп тургандай ал айдоочуга карап башын он тарапка карай силкип ымдап койду. Анысы кожоюнун үнсүз түшүнүп көнүп калса керек, дароо эле он тарапка буруп шаардын чыгыш тарабын көздөй айдап, жаңы курулуп бүткөн көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдына келип токтоп калды. Арман кызды колдон жетелей түшүп эки жагын каранып алып катар турган подьездердин бирине кирип жок болушту.
Айдоочу көнгөн адатта унааны курулдотуп айдап, кожоюнунун жумушун көздөй жөнөп кеткен. Ушундай жол менен ал Армандын артын тазалап, кайдалыгын жашырып жүрө турган.
Эки эски суйушкон жуп, лифт менен көтөрүлүп жетинчи кабатта жайгашкан батирлердин бирине кирип кетишти. Экөөнүн сагыныч кумары айтпаса да көздөрүнөн көрүнүп турат, биринен өтүп экинчиси катуу дем алып. Миң акылдуу болгон ченде да жүрөк оюнга аралашса ал акылдан пайда жок болуп калат тура. Анын далилин азыр Арман коргозуп жатты, кызга жапайы жандыктай жабышып.
Анын одоно кыймылы Айжанага жакпай баратты, качанкы Эркиндин жоругун эстетип. Баары бир аял да назиктикти, сүйүү сөздөрүн угуп гана ачылат. А Армандын андай кылганга убактысы жоктой шашып жаткан. Айжана аны өзүнөн оолак түртүп алыстамакчы болду эле Арман ага көнөор эмес. Байкуш кыз акыры бар күчү менен аракет жасап, андан бошонуу аракетин көрүп жатты. Бирок кеч болгон экен. Анын көп жылдар сүйгөн, көңүлүндө асырап баккан, жана эле сүйүү толгон көздөрү менен карап турган адамы өзү тааныбаган айбанга айланып болуптур. Ал алдындагы кыздын ким экенин да унуткандай, ач карышкыр сымал, жалбарган сөздөргө да карабай жапайы кумарын кандырып болуп оодарылып жатып калды. Бир аздан соң гана эсине келгендей жерде кыймылсыз жаткан Айжанага унулуп, жүзүнөн сүймөкчү болду эле кыз жүзүн тартып кетти да, шашылыш туруп өзүн иретке келтире баштады. Анын жүзүндөгү жийиркеничти көрүп Арман намысына келе түштү, көптөн бери ага эч ким мындай карай элек. Жок, ал дегеле эч качан эч кимден мындай жийиркеничти көргөн эмес экен, барган жеринде сыйлуу, күтүлгөн конок болуп, сүйлөгөн кыздары сүйүп, тийишип койсо өздөрүн бактылуу сезишчуу эмес беле. Ошондой мамилеге көнгөн экен, Айжананын мындай карашын эч эле кабыл ала албай турду. "Ал ким Арманды тоготпой койгондой. Байлык да бийлик да азыр анын колунда турганда эч кимдин ага мындай карашка акысы жок". Өз күнөөсүн мойнуна алыш кыйын болуп ушундай бет тырмачылык жасадыбы же эски сүйгөнү ал күткөндөй кумар тартуулабай койдубу айтоор анын акылына ушундай жаман ойлор келип жатты.
-Эмне эркелейсин! Өзүң деле каалабадынбы бул нерсени, деди ал жерде жаткан калыбынан козголбой туруп.
-Менби? Жок мен муну каалаган жокмун. Сен жанылдын Арман, катуу жанылдын. Биздин жолугушуу башкача болуш керек болчу, эми тагдырына таарынба!
Айжана ызаасын жашыра албай тишинин арасынан сүйлөп жатты.
Арман каткырып күлүп жиберди.
-Эмне мени Эркин менен салыштырып жатасыңбы? Менин ким экенимди укпаган өңдүүсүн. Анда угуп кой! Мен тагдырга таарынбай, тагдырды таарынтып калганмын. А экөөбүздүн жолугушууга келсек, ал башкача болмок, эгер сен өзүңдү барынча тутсаң, асмандан түшкөндөй болбой. Өзүң мени ээрчип келбединби, мен сени зордоп алып келдимби? Же эмне 15 жашар кыз белең бир үйдө эркек менен аял жалгыз калганда эмне болоорун түшүнбөгөн. Эми мага жалгандан көз жаш төкпө, мен андайдан коркуп кетчүү жан эмесмин, айрыкча жанагындай уркутуу сөздөрүндү айтчуу болбо мага. Байлык да бийлик да менин колумда, чындык издейм деп убараланба, сен ишенген мамлекет да мага зыян бере албайт!
Айжана экинчи ирет ушундай Арманды көрүп турат. Биринчи ирет коштошуу сөзүн айтаарда ушинтип сүйлөп басып кеткен, азыр болсо андан эки эсе ачуу сөздөрдү сүйлөп өттү. Мындай көрүнүш да ал үчүн экинчи ирет кайталанып жатат, биринчисинде кандай алсыздык сезсе азыр да кудум ошондогудай алсыз. Арман чын айтат, ал анын үстүнөн арызданып кайда бара алат, баары бир эч ким жардам бербейт ага азыр, жада калса Илимбеков да мунун алдында алсыз. Арман тарапка бир карап, ызалуу көз жашын сүртүп алып тозок үйдөн чыгып кетти. Ал ичине ызаасы батпай, алсыздыгына дагы бир ирет арданып, Армандын сүйүүсүнө ишенип алганына жинденип бара жатты. Сүйүүсү акча менен бийликке байланган адамдан дагы да үмүт кылганына, өз койгон кадамынын курмандыгы өзү болгонуна куйугот.
Ичи өрт менен жалын болуп баратып кантип өзү жашаган мейманканага жетип келгенин да билбейт, бөлмөсүнө кирип каалганы жабаары менен бук түшүп тизесин кучактап отуруп алып ыйлай баштады. Солуктап, жүрөгү бошоп, денесинде туздуу суу калбай калганча көз жаш төгүп ыйлады. Өзүнүн денесинен жийиркенип, тагдырын жээрип ыйлап жатты. Канча отурганын билбейт, убакыттын өтүп же өтпөй жатканы да белгисиз. Качан гана жүрөгү бошоп ыйлаарга кучу калбай калганда гана ордунан туруп кийимдерин ойду келди чечип ыргытып жуунчу бөлмөгө жөнөдү. Суунун алдында да көпкө турду ал, бир гана ушул таза суу аны сактап кала тургандай, денесиндеги кирди бүтүн жууп салып энеден туулгандай таза аруу адамга айлангысы келип турду.
Аттин, кана эле адам денесиндеги кирди кетире алгандай, суу менен жан дүйнөсүндөгү тактарды да жууп тазалай алса.
Кыйладан кийин гана Айжана чаарчык оронуп чыгып келип керебетке денесин сулк таштап жатып калды. Башка эч нерсеге алы калбаптыр, кандай кылууну ойлонууга акылы да жетпей турду. Азыр жөн гана шыпты тиктеп жаткандан башка арга жок. Жанагы көз жаш андагы бардык адамдык жакшы да жаман да сапатты жууп кеткендей, жан дүйнөсүндө боштуктан башка эч нерсе калбаптыр. Өкүнүч, ызаа, арман, кубаныч, сагынуу, - эч бир сезим жок көңүлүндө.
Ошондой абалда канча жатканы белгисиз, күнбү, түнбү андан да кабарсыз бир чекитти тиктеп жата берди. Каалга такылдап, жатканы да алаксыта албады аны. Бир убакта каалга ачылып, кабылдамада олтурчуу жигит кирип келди. Ал керебетте кыймылсыз жаткан Айжанага жакын келип, ирмелбей бир чекитти тиктеп жаткан көздөрүнө көпкө карап турду да, ак конвертти көзүнүн тушунан ары бери кыймылдатып койду. Качан Айжана көздөрүн ирмеп жигит тарапка башын бурганда ал ылдый болуп тизелей отура кетти.
-Жакшы элесизби? Балким бир нерсе айткыныз келип жаткандыр.
-Жок! Баары жакшы, деди Айжана суз гана.
-сизге муну таштап кетишти, колунузга берүүм керек экен, кол коюп алдым. Суракка чакыруу дейт, деп колундагы конвертти сунду.
Айжана анын колундагыны алууга аракет да кылбады, кандай сурак экени да кызыктырбады аны.
Жигит конвертти керебеттин жанындагы үстөлгө койду да кызга карап бир аз отуруп кийин ордунан туруп кетти.
-бир нерсе керек болсо айтаарсыз.
Кыздан жооп болгон жок. Ал каалгага жете бергенде гана,
-Рахмат сага! деди Айжана.
-эмнеге? Жигит артына бурула берди.
-аны сен жакшы билесин.
-сиз менден жаман нерсе суранган жоксуз, болгону көргөнумду, чындыкты сүйлөп бер дегенсиз, деп чыгып баратып токтоп калды.
Эгер башка нерсени сурансаныз аны да аткармакмын, деди да кызга сырдуу карап чыгып кетти.
Айжана андан ары көзү менен чекит тартып жатуусун уланта берди. Конверт жаткан тарапты карап да койгон жок. Ал үчүн азыр аалам антарылса да баары бирдей. Телефонунун конгуроосу чалына берип, акыры ала да токтоду, чарчаса керек. Канча жатты, дагы канча жатаар эле белгисиз, ал убакыт менен эсептешпей калбадыбы.
Бирок ал канча ааламды унуткусу келгени менен аалам аны унутпагандай. Дагы каалга такылдап баштады, жооп болбогон соң кабылдамадагы жигит кирип келди.
-Сизге жактоочунуз келиптир, кийируумду суранып жатат.
-жок! деди Айжана өктөм.
Аңгыча каалга артында турган Илимбеков кирип келди уруксатысыз эле.
-Айжана сүйлөшүп алуубуз керек.
-Азыр эмес.
-Азыр. Сен өзүңдү карма, баары жайында. Бул ирет да утуш сеники. Бул арызга кол кой, ал жасаган жоругуна жооп берет. Мен сага сөз берем! ...

#54 12 Ноябрь 2019 - 18:36
#56 15 Ноябрь 2019 - 15:38
Айжана Илимбековдун колундагы кагазды алып окуп жатып ордунан ыргый туруп кетти. Ал кагазда ошол түнкү болуп өткөн окуя толук утур чекитине чейин сүрөттолуп жазылыптыр.
"Болушу мүмкүн эмес" деди ал ичинде. "Эмне Илимбеков анын артынан аңдып жүрдү беле? Жоок, ал андай кылууга улгурбогон.
Арман өзү айтып бердиби? Эмне себептен?"
Акылына бир ой келе калгандай, үстөлдүн үстүндө жаткан жанагы жигит таштап кеткен конвертти алып, жыртып жиберип ичиндеги кагазды сууруп чыкты. " Чакыруу" дейт, суракка күбө катары чакырылыптыр,
Армандын сурагына. Айжана канча аракет кылып акылын иштеткиси келгени менен эч майнап чыкпай жатты. "Ал эмнеге суракта? Мен кандай күбө болушум керек?"
-Айжана! деген Илимбековдун сөзү анын оюн бөлүп жиберди. Ал жана өзү окуп кармата салган кагазды сунуп турган экен.
-Кечиресиз, мен сизди түшүнбөй турам. Бул кагазды эмне үчүн мага алып келдиңиз? Деди Айжана таң калып жаткан адамдай кыжырдана.
-Мен сени коргоого сөз бергенмин, ошол сөзүмдүн үстүнөн чыгуум керек.
-сиз сөзүңүздүн үстүнөн чыктыныз, ал үчүн рахмат дагы бир жолу. Бирок азыр мен коргоо издей турган маселе жок. Адашып калдыңыз, деди да аларды четте карап турган жигитке бурулуп,
-силер кардарлардын тынчтыгын ушундай камсыз кыласыңарбы? Мен эс алгым келет, отуном эч ким менин тынчымды албасын, деп барып керебетке жатып алды.
Илимбеков жигитке бир карап алып, кызга жакын басып келип.
-Өзүңдү кыйнаба. Андай оор жүктү көп жылдар жүрөгүнө түйүп жүрүп эмне болдун. Айжана эс алып бүтүп мага чал, мени менен сырдашсан болот, деди да жооп күтпөй эле дароо бөлмөдөн чыгып кетти, себеби азыр ага эч ким жооп бербесин билет.
Мына Айжана бөлмөдө жалгыз калды, бирок айланасында адам жок болгону менен мээсинде миңдеген жандар жашап жаткандай. Алар баары жапырт сүйлөшүп, бирине бири кезек бербей чурулдашат. "Арман эмнеге суракта? мен үчүн эмес, бул айкын нерсе, тергөө мени жабырлануучу эмес күбө деп чакыртыптыр. Башка нерсе болгон. Кызык муну ал алдындан билип атайын ушундай кылдыбы же кокустук болдубу. А Илимбеков бул жайда эмне кылып жүрөт? Ал ким тараптык? Чындап эле мени коргоо үчүн бир нерсе ойлоп таба койгонбу? А балким бул Армандын Эркин үчүн жасап жаткан аракети болбосун. Жоок, бул адамдар башканы ойлоп өздөрүн курмандыкка сала тургандардан эмес. Алар эч кимди коргобойт, алар өз кызыкчылыктары үчүн гана жашаган жандар. Илимбеков ким, Арман ким, алардын айырмасы аз эле. Бул жерде башка нерсе жатат" деген түрдүү ойлор биринен сала бири келип акылын жеп жатты. Муну билүүнүн бир гана жолу бар, ал да болсо чакырылган жайга баруу. Бирок Айжана ал жайга барбайт, барганда эмне өзгөрөт. Арманга жардам берем деп бармак беле. Ал андан ары ошол жатышын улантып кала берди. Акылында билип турат, баары бир аны тынч коюшпайт. "Макул" деди оюнда, "аяна турган эмнем калды, эмне болсо көрө жатаармын. Мен сенден кек ала албасам сен коркпогон тагдыр сени жазаласын, колумдан келсе ага жардамдашам" деди да көздөрүн жумуп жатып калды. Ал өзү билбеген тейде эки күн көз ирмеп суу жуутпай, бир калыптан жазбай жатып койгон эле. Ошол себеп көздөрү жумулаар замат уйку өзүнө тартып кете берди.
Канча уктаганы белгисиз, жанында бир караан айланып жүргөндөй болгонунан көзүн аста ачып караса, кабылдамада олтурчуу жигит жүргөн экен.
-Сиз муну ичип алышыныз керек. Каршылык кабыл алынбайт, наар татпасаныз мени бул жайдан кетет экен деп ойлобонуз, деди ал үстөлдүн үстүндөгү падносту алып керебеттин үстүнө коюп жатып.
Анда ак калың кружкада кара кою кофе жана ошондой эле калың тарелкада "наполеон" тортунан бир кесим коюлган экен. Бул Айжананын эң жакшы көргөн тамагы, ошондуктан азыр каршы чыкмак эмес.
-Муну кайдан таптын? деди жылмайып.
Акыркы мезгилде чын жүрөктөн жылмаюну да унутуп бараткан экен.
-сиз ар дайым ушундай кофе айттырат эмессизби, а бул тортту өзүм жакшы көрөм ошон үчүн кошуп койдум, муну жеген адамдын көңүлү сөзсүз көтөрүлөт, деп барып уруксатсыз эле жабык турган пардаларды ачып үйгө жарык киргизип койду.
Айжана да анын эч бир кыймылына каршы чыкпады. Эмнеге болбосун, жок дегенде бир адам ага кам көрүшү керек да, жада калса өзү өзүнө жардам бере албай жаткан соң.
-кыздарды айтайын, бөлмөнү жыйыштырсын ээ? деди жигит айлананы карап чачылган кийимдерди көрүп.
-жок! Айжана шашып калды. Керек эмес.
-анда тамагыныз таттуу болсун! деди да жагымдуу жылмайып чыгып кетти жигит бөлмөдөн.
"Кандай акылдуу жан! Ар ким өз жумушун ушундай аткарса ээ". Айжана жигиттин аракетине суктанып алып ордунан козголуп жуунчу бөлмөгө жөнөдү.
Эс алганбы же союлдун алдынан чыкканбы белгисиз, күзгүдөн өзүнө карап чочуп кетти. Көздөрүнүн алды көк шишик, чачтары ар тарапты карап сапсайган, башы да жарылайын деп ооруп араң эле бутуна турат, бир ай катар токтотпой ичимдик ичкен адамдай. Уктап жатканда да кайдагы түштөр кирип эс алдыртпады аны. Кайдагы тааныш эмес жүздөр, арасында Москвада көрүп жүргөн адамдар да бар, жанакы батирден узатып чыккан жигит да жүрөт алардын арасында. Баш аягы жок түшүн эстегиси келбей башын чулгап алды. Эптеп жүзүн чайып чыгып ар жерде чачылган буюмдарын көрүп уялып кетти, жигиттин бөлмөнү жыйнасын дегенчелик эле бар экен. Баарын жыйнашы керек, аларды чогултуп жатып өткөн окуяны дагы бир ирет көз алдынан өткөрүп алды. Бирок бул ирет көз жашын көл кылып ыйлабай, ызаасын ичине жутуп койду. Ызаадан өткөн күчтүү күч жок, алар топтолуп сыртка чыкканда эч ким токтото албай турган алааматка айланат.
Кийимдерин чогултуп кир машинеге салды да келип эң жакшы табит менен үстөлгө олтурду. Карды аябай ачкан экен, бир кесим торт эч нерсе болбой калды. Телефондун туткасын кармап, кабылдамага чалып тамак айттырайын деп, кайра ал оюнан кайтып кетти. Жигиттен уялды көрүнөт, "анын менден башка да жасай турган жумушу толтура эмеспи, өзүм эле чыгып келейин" деп ойлоп койду.
Ал дагы адатынча кара кийимдерди кийишти баштаган, жүзүнө да ошондой оор макияж чаптап алып сыртка жөнөдү. Кабылдамада олтурган жигит кыздын караанын көрүп кубанып кетти, демек ал Айжананы жашоого кайтара алды.
Жакынкы жерден тамактанып кайра кайтып келсе, кире бериште кабылдаманын жанында аны Илимбеков күтүп турган экен. Ал кызды көрө коюп алдын торой басты.
-Айжана акыбалын кандай?
-Эн жакшы. Сиз экөөбүз чоң жумуш бутурбодукпу, көксөөм сууп олтуруп калдым. Дагы бир ирет рахмат, өткөнкү учур үчүн кечирим сурайм, ашканада жалгыз калтырганым үчүн, деди ал токтой калып.
-Эч нерсе эмес, деп тамагын кырып алып андан ары сөзүн улады Илимбеков маанилүү нерсе эсине түшкөндөй. А баса ошол учур жөнүндө. Арманды алдын таанычуу белең?
-Ооба таанычуумун.
Илимбековдун, кыздын жүзүнөн бир озгоруш коромунбу деген үмүтү таш каап, Айжана жай гана эч өзгөрүүсүз кыска жооп берип койду.
-Бирок бул нерсе анын жоругун актабайт да ээ? Тааныш болгону үчүн эле кечирип жибербейсин да анын кылганын.
Айжана жактоочунун жүзүнө көпкө тигилип изилдеп туруп гана жооп узатты.
-Сиз эмне жорук тууралуу айтып жатканынызды түшүнбөй турам, чынында.
Анткен менен өз оюнда "Эмне каалайсын менден карт бөрү" деп ойлоп турду, анын азыр өзү тарапта эмес экенин билсе да акылында эмне жатканын биле албай.
-Айжана кел ачык сулошолу, бөлмөнө көтөрүлүп.
Бир аз ойлонуп туруп кийин макул дегендей баш ийкеп алдыга жүрүп кетти кыз.
-Карачы сырткы келбет адамды кандай өзгөртөт. Сен кандай кийим кийсен да жарашат, бирок мына турганын ичтеги назик жанды жашырып сырткы дүйнө менен чабуулга чыкчуудай туюлат экен. Керек болсо мен да сурдоп турам, сөзүмдү эмнеден баштаарымды билбей апкаарып, а көчөдөгү жаш чунактарды элестетип жатам, деди Илимбеков бөлмөгө кирип босогодо "Эмне айтасыз" дегендей туруп калган кызга карап.
-Менин келбетимди коё туралы, сиз ал эмес ажыдардын терисин жамынып алгандарды да сүзүп өтүп кетчүү жан эмессизби. Ошондуктан куру эле апкаарыбай айта бериңиз. Эмне болуп жатат өзү?
-Айжана сен суракка чакырылганынды билесиң да, деди Илимбеков, али ойноп жатканы же түз чабуулга өткөнү белгисиз.
-Ооба кабарым бар. Бир аз ундобой туруп, - күбө катары, деп кошумчалап койду Айжана.
-эмнеге барган жоксуң? Суракка чакырылганда жүйөлүү себеби жок барбай коюуга болбойт экенинен да кабарын бар да, күбө катары болсо дагы. Алар күч колдонуп алып кетүүсүн куттунбу?
-Күч органы болгондон кийин андай кылууга укуктары бар албетте, бирок менин ага жеткирбоо мүмкүнчүлүгүм бар эле, эгер экинчи жолу чакыртуусун жөнөтсө балким бармакмын.
Илимбеков артына бурулуп терезе тарапка басып келди. Анын эч бир аракетинен майнап чыкпай жатат, "баары бир билет эмеспи иштин чоо жайын, азыр эле айтып коё берсем бекен. Билбей туруп арызын жазып койгондо эле баары бутмок, бирок бул чунак кыз да айтканынан кайтпаган көк да. Эгер баарын айта салсам эле Арман айткандай дароо көнө койоор бекен. Бул кызда ал ойлогондой сезимдер жокко окшойт, болсо да Арман өзү өчүрүп алган. Эми бул кандай болсо да өч алат андан. Эмнеси болсо да айтып тушундуройун, балким мени тындаар, кантсе да бирге жүрүп конушо тушподукбу. " деп өзүн өзү ичтен кондуруп, артка келип үстөлгө олтура кетти.
-Айжана силер ашканадан кетип кайда барганынарды билем. Армандын жаман жоругун билээримден да кабарын бар. Ал кечирилгис ката кетиргенин моюндап отурат, жооп берүүгө да даяр. Бирок жасаган жоругу үчүн гана. Ал учурда үйүндө эмне болуп жатканын билбеген да ал байкуш да, антпесе ошону жасамак беле. Ал үйүнө кайткан убакта кире бериштен аялынын жансыз денесин тапкан. Албетте дароо милицияга кабар берген. Азыркы учурда Арман кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайда жатат. Бул кылмышты ал жасабаганы экөөбүзгө маалым, бир убакта эки жайда болуусу мүмкүн эмес эле анын. Өлүм саат тогуз ондор чамасында болгон, ал учурда силер бирге элеңер. Муну сен гана тастыктап бере аласың. Ал күнөөкөр ооба, бирок өлүм эмес зордуктоо фактысы боюнча. Жасаган кылмышын мойнуна алып жазасын алууга да даяр. Адилеттүүлүктү менден да жакшы көрөсүң, ошон үчүн арызынды жаз, ал адилеттүү жазасын алсын…