Чымындуунун чымындары Аңгемелер, жомоктор ж.б чыгармалар
#41 24 Июнь 2015 - 20:29
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#42 25 Июнь 2015 - 00:18
- Алоо шеф, бул мен «кошуна». Алоо!
- Алоо «кошуна» угуп атам. Айта бер.
- Шеф, обьект көрүндү. Азыр туруп кийине баштады.
- Аа жакшы. Макул мен баарына билдирем. Сен дагы байкап тур, өткөндөгүдөй уят болбойлу.
- Жарайт шеф!
Ушуну менен ызылдаган коңгуроолор удаама-удаа кайталанып, ыкчам операция башталды.
- Алло, «короо шыпыргыч» кайдасың? Алоо, тез жооп бер мага.
- Угуп атам шеф. Айта бериңиз.
- Ордуңдасыңбы деги, ошону айтчы.
- Шеф, таң аткандан бери ордуман кете элекмин.
- Макул, жакшы. Кечөөкү кылыгыңды бүгүн кайталачу болбо. Көзүңдү оюп алам!
- Жарайт шеф.
- Обьект кыймылга өттү. Жакын арада сен жактан пайда болушу мүмкүн. Көзүңдү албагын макулбу!
- Жарайт!
Сүйлөшүү эми гана аяктап калганда телефондун үнү кайрадан чыңырып койо берди.
- Алло шеф бул мен «кошуна».
- Угуп атам «кошуна». Бат-баттан сүйлө!
- Обьект кийинип бүтүп чыгып кетти окшойт. Эч бир терезеден көрүнбөй калды.
- Макул. Рахмат кошуна. Кийинки ишиңе өтө бер.
- Жарайт шеф!
Шеф телефонду коюп эле жанындагы жардамчыга кыйкырды.
- Жетинчиге айт. Старттык режимге өтө берсин. Бол тезирээк.
- Жарайт шеф.
Жардамчы колундагы телефонду алып нары-бери бурагыча шефтин телефону кайра шыңгырады.
- Алло, «чоң эне» сени угуп атам.
- Алоо шеф, обьект сыртка чыгып, чыгыш-түштүктү карай багыт алды.
- Чыгыш-түштүктү карай дейсиңби? Эмнеге?
- Билбейм шеф.
- Макул, «чоң эне». Колдон келишинче көз салганга аракет кыл. Мен азыр «сулуу кызды» жардамга чыгарам.
- Жарайт шеф.
- Баса сүрөтүн салып жибергенди унутпа!
- Жарайт!
Ого бетер шаштысы кеткен шеф телефонду шашмалап терип жатып жардамчысына кыйкырып алды.
- 154-үнчүгө айт. Удаасы менен экөө кетсин. Жетинчинин алдынан бирөө артынан бирөө. Ылдам!
- Жарайт шеф.
- Эскертип койоюн өткөндөгүдөй «кимге, эмнеге, качан» деген суроолорун токтотушсун. Ит болобуз!
- Жарайт.
Ушул убакта шефтин колундагы телефондон жооп угулду.
- Шеф, «сулуу кыз» сизди угуп жатат.
- «Сулуу кыз». Тездик менен ордуңан тургун дагы түштүк чыгышты карай жөнө. Азыр обьекттин сүрөтүн жиберем. 2 мүнөт убакыт керек бизге.
- Шеф. Шеф. Бүгүн кезекте «чоң эне» чыгат эле го. Мен бир аз даяр эмес элем…
- Эмнеге даяр эмессиң? Эмнеге? Дагы эмнең кычап калды? Деги эркектей болсоң боло!
- Шеф туура түшүнсөңүз. Эркек болгон соң сакал-мурут деген болот экен…
- Токтот сөздү! Сакал-мурутуң менен деле чыга бер. Кончита деле чыгып атат. Керек болсо мындан нары сен дайыма сакал-мурутчан «кыз» болосуң. Түшүнүктүүбү?
- Түшүнүктүү шеф. Бирок, биз Кыргызстандабыз го.
- Эмне?! Кыргызстан болсо эмне болуптур?! Баарыбыз европаны карап түздөнөбүз. Алар сакал-мурутчан кыз болдубу, биз да болобуз! Алар кыска көйнөк кийип, көчүгүн ачтыбы, биз да ачабыз! Түшүндүңбү? ! Түшүнсөң жөнө тезирээк! Шыйпаңдайсыңбы, кыйтыңдайсыңбы бизге 2 мүнөт алып бер.
- Жарайт шеф.
Сүйлөшүү аяктаары менен арттан жардамчысы маалымат бере баштады.
- Шеф, айтууңуз боюнча биринчи 154 кетти. Экинчи 154 менен жетинчи стартта турат. Обьект жакындаары менен карматпай кетип калууга даяр.
- Жакшы. Баса, 102 эмне болду?
- Алар, автоматтык түрдө Б планга өттү, шеф. Эми эч кимиси четки катар менен айдабайт. Айрыкча аялдамалардын тушуна келгенде ортоңку катар менен шуулдап гана өтүп турушат.
- Аа, жакшы. Азаматсың. Эми тиги 105 менен 166ны абайлайлы. Бомж ордунда бекен чалчы.
- Жарайт.
- Сен бомжка чала бер. Мен Шорого чалайын.
Айтылгандай эле экөөнүн тең колдору тыбырап кнопкаларын тере башташты. Кантсе да шефтин телефонуна биринчи жооп келди.
- Алоо шеф. «Шоро» угуп атат, айта бериңиз.
- «Шоро» ордуңдасыңбы?
- Ооба, шеф.
- Азаматсың сен. Менин эң ишенчиликтүү адамым сенсиң.
- Рахмат шеф.
- Макул анда ишке өтөлү. Бүгүнкү обьект азыр сен жакка барат. Мен анын сүрөтүн көрдүм. Күндөгү эле кийими менен экен. Сен тааныйсың аны.
- Аа түшүнүктүү.
- Түшүнүктүү болсо ошол. Сен жакка барып калса бүт баарын сен аркылуу контролго алабыз. Байланышта бол! Кокус шоро иччүлөр керектүү эмес маалда келип калса, жок калды деп койо берсең болот.
- Албетте, шеф.
- Макул анда. Ийгилик!
- Рахмат шеф!
- Бомж ордунда экен. Баарын өзүнүн көзөмөлүнө алаарын айтты, - деди шефинин бошоорун эле күтүп турган жардамчы.
- Аа жакшы. Баягыдай эч жүрбөгөн маршруттардан нары-бери өткөрүп психикасын буза бер деп айтып койдуңбу?
- Ооба. Бүгүнкүгө ал 373, 9, 38дерди даярдап коюптур. Тигинин алдынан 2 сыйрадан өткөрөм дейт.
- Азамат. Баса, «зымдуу жети» эмне болду? Кабар алган киши барбы?
- Ал боюча тиги «короо шыпыргыч» жаңы эле маалымдады. Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу 7-троллейбустарга билдириптир. Эми алар кылым козголсо да кыймылдабай тура бергенге макулбуз дешиптир.
- Баракелде! 7-троллейбустардай кебелбеген азаматтар биздин шаарда гана бар. Сыймыктаныш керек алар менен. Кана эмесе. Чалчы «сулуу кызга». Эмне кеби бар экен?
- Азыр шеф!
Жардамчы күйпөлөктөп чалып атканда шефтин телефону кайра шыңгырады.
- Алоо, «Шоро» эмне болуп кетти деги? Обьект бардыбы сен жакка?
- Өлдүк шеф. Баары тескерисинен кетти.
- Дагы эмне болуп кетти? Эмне 154-чүгө отурганга жетишип калдыбы? Же жетинчи убагында кетпей калдыбы?
- Жок шеф. Неме…
- Немелебей айтчы батыраак? Эмне болду деги? 102лер планды буздубу?
- Жок шеф, уксаңыз. Тиги обьект бүгүн такыр башка тарапка кетти?
- Башка тарапка? Кайсы тарапка? Айтчы батыраак!
- Аламүдүн базары тарапка кетти шеф.
- Туй иттики!...
Шеф сөгүнүп сагынганча телефонду нары ыргытып салып башын мыжыга кармап тегеренип кетти.
- Эми кантем эми? Кайда кетип калды тиги тентиген салпаяк?!
- Карачы досьесин? Кайда кетиши мүмкүн. Батыраак!
Ары жакта компьютерде отурган узун чач жигит шакылдата тамгаларды терип отуруп сөз жаткан обьекттин маалыматы жазылган файлды чоң экранга жайып таштады.
- Кана, кана? Иштеген жери тигил адресте, өкүл атасы айлампада, дайыма каттаган досу кичи райондордо. Аа мына. Бул Бакай-Атадагы эжесине кеткен тура. Түшүнүктүү. Чал! Сулуу кызга чал. Артынан токтоосуз жөнөсүн. «Чоң эне» болсо Алматы көчөсү тарап менен айланып чыга калсын. Ылдам, ылдам!
Жанатан берки кыжылдаган кыжы-кыймадан үп тартып кеткен офистин ичи ого бетер казандай кайнап, кымкуут болуп эле жатып калды. Ар ким телефонду көтөрө чуркап кимгедир маалымат берип жатты.
- Буденовка көчөсүнө даярданышсын. Бакай-Атага кете турган 135, 260, 118-маршруттар, 21-автобус, баары тез аранын ичинде эч бир жолго, эч бир светафорго токтобой өткөрүлсүн. Баса, 21-автобус менен 260-маршрутка Буденовкага кире берген жерде даяр турсун. Качан обьект жетти дегенде үлгүртпөй, артын көргөзүп кетип калышсын. Мат кылган кандай экенин көргөзөбүз ага.
Шеф өзүнүн тапкычтыгына, адамдарынын ылдамдыгына кубангансып, кайрадан маашырлана баштады. Бирок, анын кубанычтуу маанайын жардамчысынын кабары бир аз бузуп кеткенсиди. Ооба, алгач анын айтканына көңүлү иренжип, эмне кылаар айласын таппагандай, бир аз дел боло түштү.
- Шеф, 228-маршрут менен такыр байланыша албай атабыз. Аны билесиз го, эч ким менен иши жок, өзү кааласа жүрүп, каалабаса жүрбөй койо берчү маршрут. Негизи, анда-санда жүргөн маршрут деңизчи бирок, бүгүн жүрүп калса…
- Ээхх, баягы эле жүдөгөн 228би? Ал студенттер менен окуучуларды ташып, кыбырап араң жүргөнүнө сүйүнсө болмок. Деги бизге жолтоо кылганды ким койду экен ага. Ээхх…
Бир саам не кылаарын билбегендей, кыжынып отуруп калды. Анан токтоо сүйлөп чечкиндүү чечим чыгарды.
- Анкара көчөсү менен Алмата көчөсүн бууп таштагыла.
Ушуну айтаары менен кудум жан киргенсип көздөрү жайнап кетти.
- Туптуура! Дароо бууп таштагыла. Тыгын кылып салгыла. Чүй менен Алмата көчөсүн дагы тыгын кылгыла. Болгула! Болгула!
Кайрадан кыжы-кыйма күч алды. Бир заматта кийинки пландын даярдыгы аяктап жүрөктөр ылдыйлап турганда обьектин артынан кеткен агент «сулуу кыз» шефке телефон чалды.
- Ии сакалчан сулуу, жетиштиңерби? – деп тамашалай сүйлөдү шеф ага. Бул жолу ал ийгиликке сөзсүз жеттим деп ишеничтүү отурган болчу. Бирок, агентинин жообу аны таптакыр жинди кылып таштады. Мындай жоопту ал эзели күткөн эмес болсо керек.
- Жетишкенибиз курусун шеф, - деди «сулуу кыз» токтоо гана. – Жетишкенибиз менен баардык аракетибиз текке кетти. Обьекттен биротоло кол жууп калдык.
- Кандай? Эмне болуп кетти? Машина сүзүп кеттиби? Же Авария болдубу?
- Жок шеф. Андай болсо жакшы эмеспи… Ал биз күткөн жерлердин бирөөнө да барбай туруп, базардан велосипед сатып алды.
- Велосипед?! ...
- Ооба, шеф. Так ошондой.
Шеф эмне деп жооп кайтараарын билбей артындагы орундукка шалак этип отуруп калды. Эмне кылсын, бечера. Качантан бери ушул адамга кычастык кылып, күткөн маршурутун келтирбей, автобусун жүргүзбөй, троллейбусун койо бербей, канча жумушунан калтырып, канча ишинен кечиктирип бут тосуп, ошону менен бүткүл өлкөнүн тамырына балта чаап келатты эле. Мына бүгүн ошол максаты, ошол миссиясы жыйынтыкталып, өзүнөн-өзү аягына чыгып отурат. Дайыма актык жеңет, чындык утат деген ушу тура. Мына, баардык жагынан пландап, даярдап, баардык маршруттарды, автобустарды колго алып коюп, эми жеңиш меники деп турганда капкайдагы саат баскан велосипед пайда боло калган тура. Эххх.. бүткүл үмүтү кыйрап, тиреген асманы башына кулап, шалбырап отуруп калды. Акырын ооз учунан шыбырап «бүттү, баары бүттү» деп сүйлөнгөнүн жанындагы жардамчысынан башка эч ким уккан жок. Алар дагы эле шефинен жооп күтүп, кайсы автобусту кайсы жерде 5 саат кармаарын, кайсы маршрутту жолунан буруп ийип, же кыбыратып тоткотуп салаарын билбей далдырап туруп калышты.
Сыртта болсо жашоо өз нугунан жазбай, жер өз огунда айланып, адамдар тынымысыз нары-бери каттап жүрдү. Шаардын көчөлөрүндө, бактардын көлөкөсүндө, аялдамалардын орундуктарында нечендеген адамдар жол карап маршруттарын күтүп, автобустарын карап үмүттөнүп отурушту. Тигине, алар күткөн 7-автобус дагы кайрылыштан чыгып, аялдаманы карай шаңдуу жөнөдү. Саргая жол карагандардын үмүтү акталгансып, ордуларынан шаңдуу туруп автобустун алдынан утурлай басып жөнөлүштү. Ал тургай колуна көр-жерин салган орус кемпир дагы өнтөлөп тура берди эле, жанындагы зымпыя кийинип, чачын суулап тараган кара тору жигит кулагындагы кулакчынын чыгара калып, колтугунан аяр сүйөп жардам бере калды. Автобус жуп жете келип аялдамага токтоп, жүргүнчүлөр ачылган эшиктен аттай берээрде арттан «шыңгыр, шыңгыр» эткен жагымдуу доош угулуп, элдин баарын эрксиз артына каратты. Ооба, бул жылаажын үндүү добуш велосипеддин үнү экенин баары жакшы таанышчу. Себеби ал балалыктын, жаштыктын, эркиндиктин жана эң негизгиси жөн гана транспорт күтүп зарылбоонун үнү болчу. Баарын сагындырган, кубанычка бөлөгөн үн болчу ал…
Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 25 Июнь 2015 - 00:25
#43 25 Июнь 2015 - 00:28
#44 26 Июнь 2015 - 01:12
- Мындайларды өлтүрүп эле салыш керек, - деп дуулдап жатты кошуналары. Качан келишкени белгисиз, аял-эркек болуп он чактыдай киши топтолуп калышкан экен. Жөн гана көчөдөн өтүп бараткандар дагы аялдай калып, кызыга карап, иштин чоо-жайын жардап тургандардан сурамжылап жатышты. Арасында кызуу кандуурак кишилер да бар окшобойбу. Ызырына сөгүнүп, ал тургай тап бере калып да жатышты алар. Кокус милиция болбогондо баса калып эле өлтүрүп коюшмак окшойт. Мындай көрүнүштөргө жедеп кандим болуп калышкан тартип коргоочулар, абалды курчутуп ийбөө максатында топтошкондорду таратып жүрүшкөн экен. Колунан толгой кармаган экөө болсо, муну дегдеңдете сүйрөп барып уазиктин арткы эшигин ачты да ичине киргизип кетти.
Үй алдынан акыркы көргөнү ушу болду. Машина кыймылдап жөнөөрү менен айлан-көчөк болуп тегеренип аткан башы ого бетер айланып, шалдыратып кирди. Кыязы, жылчыгы жок машинанын ичи ысыктык кылып, толук тарабай аткан баңгиге кошул-ташыл болуп эле калды окшойт. Ошону менен эч нерсени ойлоно албай, уйкуга мас немедей гана шылкылдап келе берди. Акыл-эстин тээ түпкүрүндө гана убакыттын тездигине таң калуу сезими ойгоно калып жатты. Түшүнө албай баратты болгон-бүткөндү. Мына азыр милициянын машинасында кетип баратат. А түндөгү чычайган тамекини айланта соруп, кыжылдашып чогуу отурган шериктери кана? Алар кайда кетип калды?А андан кийинки ар кайсы ачуу сөздөрдү айтып, ызылдап аткан аялы кана? Баса, аны эшикке кууп чыкканын эстеди чала-була. Кайда түнөдү экен деп бир аз ойлонуп да койду. Анан кичинекей кызы тартылды көз алдына. Уктап жаткан төшөгүнөн башын кылтыйта чыгарып, ызы-чуу түшүп урушуп аткан экөөнү шолоктоп ыйлап, карап отурган болчу ал. Андан кийинкисин эстей алган жок. Ушунун баары көз ачып жумгуча эле өтүп кеткендей болду ага. Анан эле жулкулдатып ойготуп аткан милициялар пайда болду. Ошону менен ошолордун коштоосунда келетат. «Казакстандын милициялары болбосо болду деги». Ушул ой тык эткенде гана көзүн ачып, маңдайындагы милицияга тигиле карады. Бөөшсүнө бир аз отурган соң, биртке кайраттанды окшойт, жакындай ийилип:
- Байке, кыргызсызбы? – деп сурады.
- Кыргыз болсом эмне экен? Нары түз отур ордуңа, - деп кагып жиберди кызматкер оройлоно. Беркиге ушул эле жооп керек болчу. Кыргызча сүйлөгөн кызматкер экен, демек өз жеринде эле окшойт. Эми, коркпой эле кете берсе болот. Эртең эле чыгып кетет булардан. Көп болсо эки жүз сом алышар. Ошону менен кайра шылкылдаган боюнча келе берди. Көңүлү айланып, кускусу келип жатты. Бирок, бул ороңдогон милициялардан коркуп калган экен. Эптеп карманып келатат. Мына машина да токтоду. Күпүлдөгөн кызматкерлер кайра эки колунан толгой кармап, лакылдата сүйрөп жөнөштү. Эшиктен эшик өткөрүп келип, темир тор артына түртүп киргизип коюшту да, сыртынан шарактата кулпулап салышты. Буга ушул эле керек болчу. Эмне биринчи жолу келип отуруппу? Кудайдан болуп бош орундук бар экен, шалак эле ошого жетип жата кетти.
***
Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 26 Июнь 2015 - 01:13
#45 26 Июнь 2015 - 01:13
Жок. Болду. Мындан аркысын уга албай калды. Ансыз да зыңылдап ооруп жаткан башын мыкчый кармап, үч бүктөлүп бүрүшүп калды ого бетер. Жана эле «эми кимиси келип мени чыгарып кетер экен» деп күтүп жаткан дардайып бош орундукта. Бир – саатча жатканга эс алып калган экен, «деги эмне болсо да агам келбесе болду» деп тиленип аткан болчу. А көрсө бул «бейкуттуктун» эң акыркы мезгилдерин жашап аткан тура ошондо. Тергөөчүнүн астына кирип, иштин чоо жайын билгенде гана муну эми эч ким чыгарып кетпесин билди. Келип чыгарып кетмек тургай, түрмөнүн түбүнө тыгып, таш корумга алып көмүп салса аздык кылар кишиге айланган тура көрсө. Адатта айласы кеткенде Жаратканга жалынып кирчү эле, азыр ага да дити барбай жатты. Тек гана ичинен кан ыйлап, ичинен сыздай берди. Арга калбай, айла кетип баратканда Кудайга жалынып, Ага үмүт кылып, Андан жардам күтүү дагы адамга чоң кубат болот тура көрсө. Муну шордуу жаны минтип ага да жүзү барбай турганда сезди.
Жүрөгү эзилип, жан дүйнөсү эңшерилип баратты. Кызматкерлер айткан жакка эптеп басып, тур деген жерине туруп берип атканы менен, ички дүйнөсүндө алаамат болуп жатты. Ансыз да жаштайынан жакшылык көрбөй, жалаң жетишпеген жакырдыкты көрүп чоңойгон неме, ого бетер корсунуп, ого бетер басынып турду. Эсине тааныш-тамырлары келе баштады аз-аздан. Баары өзүн жекире карап, баары ызырынып жаткандай сезилди. Жети өмүрү жерге кирип баратты ансайын. «Бала кезиңде жайлап салсам болмок, акмак» деп жаткан элеси келди атасынын. Тээ бала кезинен тааныш заар чачкан көздөр тартылды көз алдына. Анан апасынын элеси тартыла түштү эле, чыдай албай башын булкуп, кергиштеп кетти. Чочуп кеттиби, же жөн эле колу кычышып турганбы, артындагы милиция кызматкери ызырына сөгүнүп, бөйрөк тушка бир уруп, алдыга түртүп ийди. Бирок, ансыз да жан дүйнөсү жанчылып турган неме, анын бул кылыгын этибар деле алган жок. Ушул маалда анын көз алдына эң жакшы көргөн адамы, маркум чоң энесинин элеси тартылды. Бирок бул жолу демейде кулачын жайып, бооруна кысчу чоң энесин көрө албай койду негедир. Атасы ичип келген сайын «көрүмдө күйгүзөсүң го жарыбагыр » деп наалычу эле. Эми өзүнө да ошентип наалып тургандай сезилди. Турган жеринен кулап кете жаздады ошондо. Аңгыча, жанагы күрсүлдөгөн кызматкер муну дагы түрткүлөп жөнөдү. Дүкүлдөткөн боюнча апкелип жанагы темир торго кайра киргизип камап салды анан. Өзүн бош турган орундукка да ыраа көрбөй барып бурчка тыгылды. Сүрөткө тартып жатышканын эстеди бир маалда. Журналисттер да жүргөндөй болгон эле. Көз алдына өзүнүн сүрөтү чыгарылган газета-журналдар тартылды. Мурда кийин муну тааныгандар бүт көрөрүн сезди ошондо. Ушул жерден досторун эстеди. Кечээ эле чогуу ичип, чогуу отурган жолдоштору тартылды көз алдына. Тигине, дайыма жанынан кетпеген досу Мыкан. Өзүнө окшогон немелер менен тосуп келген экен мунун Казакстандан келишин. «Эмне кайгырасың досум? Казактарга кул болуп калбай аман-эсен качып келген турбайсыңбы. Биз турабыз го. Жардам беребиз. Ме андан көрө азыр мобундан чегип ал» деп жакынсынып сүйлөп, тамекиге «жанагыдан» кошуп даярдап берип жатканы тартылды көз ирмемге. Жанатан өзүн жерге жекире жектеп отурган неме, жалгыз ошону эстегенде гана муштуму түйүлүп, ошого кыжыры келди. Азгырык шайтан так ошо тура көрсө. Аялы «Жолотпо! Жогот ошол бузукуңду! » деп каргап-шилегенине карабай шынаарлап ээрчип жүрчү эмес беле. Мына, эми. Ал муну жоготту окшойт биротоло. Анан аялын эстеди. Атаң көрү ай. Эстегени курусунчу. Кантсе да бир үйдө түтүн булатып жашаган неме, мунун ичип-чеге калма иттигин көрүп турса да, буга жан тартып, буга күйчү эмес беле. Аттиң ай, эми антпей калды го. Түбөлүккө жек көрүндү болду окшобойбу ага. Так ушул убакта кирип келди, аялы балдызы менен. Экөө тең ыйлап алышкан. Айрыкча аялынын кебетеси такыр эле кетип калыптыр. Нөөмөттө турган кызматкердин кой-ай дегенине карабай ажылдап койо берди кирип эле. Сай-сөөгүн сыздаткан сөздөр менен каргап жатты ал. Жаңы эле ойлоп отурбады беле аны. Көрсө чын эле түбөлүк жек көрүндү болгон тура. Алгач кечирим сурап ийчүдөй, же тиги жылуу сөз сүйлөп ийчүдөй элтеңдеп тура калды эле, кайра тигинин кебетесин көрүп, үн дебей, көзүн бекем жумуп отуруп берди. Аңгыча өзүнүн агасы да келди. Аялы ага да асылып, бирдемелерди кыйкырып кирди. Бирок, тиги унчуккан жок ага. Тек гана берки бүрүшүп отурган немени акырая карап, темир торго жакындап келди да «Ушундан көрө өлүп эле ал, эшек. Элдин бетин карагыс кылбадыңбы» деди ызырына. Тигилердин заарына уугуп кетти окшойт. Эки колдоп башын катып алды. Тим эле башы курсагына батса салып алчудай үңкүйөт. Унчугуп, жооп айтканга дарманы жок болчу. Ал тургай кечирим сурап, же жалынып-жалбарып жардам сураганга да дити барган жок. Көп өтпөй тигилерди да чыгарып салышты. Кайрадан жымжырттык. Ичи эңшерилип бараткансыйт. «Апаа» деп бакыргысы келет. «Оо Кудаай» деп озондогусу келет. Бирок, эч бирөөнө оозу барбайт. Убакыт токтоп калды бекен? Ажал келип, адам өлөрдө убакыт токтойт дегенди уккан болчу бир жолу. Ооба. Мындан эки-үч жыл мурун үч күнгө дааватка чыккан эле. Ошол жактан бир баладан уккан муну. Анан ошол күндөрүн эстеди. Жупуну кийинип, жупуну жүргөндөрү менен кең пейил, нур жүздүү адамдар болчу алар. Алгач кийген кийимине, койгон сакалына асылып, сын тагып, кемсинтип сүйлөп жүргөн. Кийин кандайдыр бир себептер менен өзү да дааватка чыгып келгенден кийин урматтап калган аларды. Көрсө буга чейинки өмүрүндөгү эң жемиштүү күндөрү, ошол үч күн болгон тура. Жылт этип учуп кеткен ал күндөрдү бир эсе сагына, бир эсе өкүнө көз алдынан өткөрө баштады. Ар бир сөзүн, ар бир мүнөтүн калтырбай эстегенге аракет кылып жатты. Анан орто жашап калган бирөөсүнүн «Кудай Таала өтө кечиримдүү зат. Ал керек болсо өмүр бою сойкулук кылган аялды да суусаган итке суу берип койгону үчүн кечирген» деген сөздөрүн эстеди. Ушул жерден көзүнө жаш тегеренип кетти. Өпкөсү көөп, буулугуп чыкты бат эле. Арманын айтар, күйүтүн бөлүшөр бирөөгө зар болуп турган неме чыдай албай калды акыры. Анан ботодой боздоп койо берди бетин басып. Кудайлап ыйлап жиберди. Кудум энесинин алдында жаткан жаш баладай өңгүрөп атты. «Оо Кудайым кечире кө-өр. Өз кызымды мастык менен өлтүрүп алдым. Сен баарынан кечиримдүү Затсың. Сенден башка кайрыларым калбады» деп буркурап атты. Өпкө-өпкөсүнө батпай өңгүрөп, Жаратканына жалынып, жерге башын койгулап суранып атты.
***
#46 29 Июнь 2015 - 10:47
- Алло, угуп атам агай. Ии. Ооба. Жаңы эле жеттик. Жолдо машинабыз бузулуп калып араң жеттик. Ооба, бузулуп калды. Айдоочуну алмаштырбаса болбойт деп айтып эле келетам. Машинаны жакшы карабайт бул. Ии, ооба, азыр кирип эле союп салам. Эми, жаш эле кыз экен, бөйрөктөрү таза эледир. Аа. Ооба, тездетиш керек. Макул анда. Мен жыйынтыгын айтып койом.
Телефонду койду да ого бетер антаңдап сүйрөп жөнөдү. Ылдамдатпаса далай акчадан куру калчудай. Кудайдан болуп жаш балананын таза бөйрөгү табылбай турганда мобул кыздын келип калганын карачы. Баса, муну эртең менен эле «атасы думуктуруп өлтүрүп салды» деп алып келишкен экен. Тез жардам менен ооруканага жетери менен эле буга чалышкан болчу. Кыязы, ооруканага келгенден кийин карашкан деле эмес окшойт. Себеби, тез жардам менен кандай жеткирилсе, ошо бойдон эле залда туруптур. Анан бул барып алып кетпедиби. Жанагы, жалдыраган айдоочусу жолдун так ортосуна машинасын бузуп салып кечиктирбегенде, мунун бөйрөгүн эмгиче чыгарып, жөнөтчү жакка жөнөтүп коймок. Мына эми, ошонун айынан тил угуп атат. Тигил жакта сөөктүн ээлери ызы-чуу кылып аткан имиш. Дүңкүлдөгөн бойдон сүйрөп отуруп өлүк сойчу бөлмөсүнө кирип барды. Бул жердин жыты менен сүрү башка киши болгондо дене боюн дүркүрөтүп иймек. Айрыкча ичинин сууктугу да бир укмуш. А бул канчадан бери ушул жерде иштеп жүрүп көнүп деле калган. Жерди такылдата басып кирип келди да, сүйрөмө керебетти атайын столдун жанына токтото коюп, наркы курал-жарактарын көздөй чуркап жөнөдү. Барып мээлейин кийип, калган керек жарагынын баарын бир табакка салып кайра чуркап келатып буту эмнеге илинип кеткени белгисиз, мүдүрүлүп барып токтоду. Табактагы каруу жарагынан бир-экөө шагыраган бойдон жерге түшүп калды. Бир бычагы болсо тим эле тиги керебеттин астына кирип кетиптир. Ого бетер сөгүнүп-сагынып атып тигилерин терди да кайра өйдө болуп келип чакчайып туруп калды. Жаңы эле жерден алган немелерин кайра түшүп кетти колунан. Бирок бул жолу аларын карап да койгон жок. Алайган бойдон гана тиги кызды карап тура берди. Жаңы эле өлдү деп сүйрөп жүргөн кыз кыймылга келип, бери оодарылып алган экен. Анан бирөө тамашалап атабы дегенсип эки жагын карап ийди. Аңгыча кыздын денеси дагы козголду. Кантсе да өлүкканада көпкө иштеген киши эмеспи. Болбосо башка бирөө болгондо жүрөгү жарылып кетмек. Аз-аздан эсин жыйды. Аярлай басып кызга жакындады да, шейшепке орой көтөрүп сыртка алып жөнөдү. Узун залга кайра чыгып, колундагыны кайда жайгаштырарын билбей турганда телефону дагы шыңгырап калды. Ансыз да калдастап турган неме, карайлап атып телефонун таап, сууруп чыкты чөнтөгүнөн. Анан ала калып эле туш келди сүйлөй баштады:
- Агай туруп кетти. Өлбөптүр. Ой өлбөптүр дейм да, неме-е, тиги клиникалык өлүм. Ооба, ошо клиникалык өлүм. Жок, өзү туруп кетти. Залда көтөрүп турам. Билбейм эмне кылышты. Билбейм... Макул... Макул... Макул...
Телефонду койду да жанында отурган диванга отурду. Муун-жүүнү титиреп калган экен. Колундагы кыздын жүзүн карап койду акырын. Байкуш наристе кайда, кимдин колунда турганын түшүнбөй атса керек. Ал да элейип карап туруптур өзүн. Анан «кокус союп койгон болсом эмне болот эле» деген ой келе түштү башына. Жүрөгү ого бетер шуулдап кетти. Айдоочуга да, жолдо бузулган машинасына да миң мертебе рахмат айткысы келди ошондо. Бөөдө татынакай наристени жайлап салмак тура көрсө. Анан, Кудайга миң мертебе шүгүр айтты. Ичинен арам акча үчүн адам сойбоого ант берип жатты кайра-кайра. Бул минтип канчага отурмак ким билсин, бир маалда кичине кыз бытыйган колу менен тигинин жакасын тарткылап атканын байкады. Анан элейе карады эмне болду дегендей. Жанатан дымырап жаткан кыз бал тили менен:
- Байке, сиз дааватка бардыңыз беле? – деп сурады беркинден.
- Аа, дааваткабы? Жок. Бара элекмин, - деди шашыла. Байкуш кыз эсине келе албай атат го деп ойлоп койду ичинен.
- А сиздин мендей кичинекей кызыңыз барбы? –деди кыз бир саамдан кийин.
- Жок менин кызым жок. Бирок, сени менен тең уулум бар.
- Аа. Анда сиз даватка барыңыз. Болбосо уулуңуздун бөйрөгүн алып салышат. Аза бою дүркүрөп кетти. Эмне дээрин билбей отуруп калды бир саам. Анан мукактанып барып:
- Аны сага ким айтты? – деп сурады. Бул кыздын көзү ачылып атабы деген ой ого бетер тайсалдатып таштады муну.
- Билбейм ким айтканын. Мен «атаң дааватка барбаганда бөйрөгүңдү алып салышмак» деген үндөн ойгонуп кеттим го. А сиз уккан жоксузбу? – деди таң кала. Бул жолу берки жооп бере алган жок. Тек гана ичинен келмесин айтып отуруп берди.
Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 29 Июнь 2015 - 10:48
#48 16 Июль 2015 - 16:13
Асылкан көртурмуштун айынан алыскы Алайдан чыгып борбор калаага келди. Эми күзгө чейинэптеп тыйын-тыпыр таап, кредиттен кутулбаса болбойт. А тиги эрин күтүп жатаберсе жыргагыдай эмес. Акча таап салам деп кеткенине жарым жыл болуп баратат.Эмгиче бир тыйын жибере элек. Аны күтүп, оозду ачып жатып банкка үйдөгүжандыктын баарын алдырып ийгенден көрө, шаардан тикмечи болуп иштейби, жебирөөнүн полун жууйбу иши кылса кредитин жапса болду. Эптеп күзгө чейин тыбырайтурса күздөн баштап күйөөсү деле жакшыраак иш таап, акча сала баштаар...
Кыскасы баягы эле боложүргөн көрүнүш. Алгач келип тикмечиликке баш багып көрдү. Бирок, бу ийне жиптенбашка немени кармабаган аялды алар карабай коюшту. Жапжаш кыздар тим элекосмоско учуп кетчүдөй жутунуп иштеп атышыптыр. Төрөлгөндө эле машинкасынынүстүнө түшүшкөнбү деги? Бул аларга атаандаша алгыдай эмес. Акыры айласы кетипкөрүнгөн таанышынан сурап жүрүп акыры бир супармаркит дейби айтор килейгенүч- төрт кабат дүкөнгө пол жуугуч болуп ишке орношту. Айлыгы саатына жарашатөлөнөт дейт. Муну келечеги кең пол жуугуч болот дештиби, айтор дароо эле алакалышты. Болгондо да талаша кетишкеничи. Капкара шым, аппак көйнөк кийген,колуна кыбыр-шыбыр деп тынбай сүйлөп турган телефону бар эки жигит кадимкидейэле уруша кете жаздашты.
- Эй, биринчи кабатка табылбай атат азыр. Мага эле берчи.Сеники экинчини эптей турат. Биринчини өзүң билесиң бат-баттан кирдеп кишитүтпөй атат, - деди бирөөсү. Анда экинчиси,
- Дайыма эле келгендерди сен ала бересиңби? Мендеги эжеделе жаңы келди. Жакшы үйрөнө албай жатат. Экөөлөбөсө ал жак дагы ит болупкалат. Сен андан көрө наркылардан албайсыңбы, - деди. Бирок, беркиси наркыларгакөнгүдөй түрү жок.
- Мага эч кимдин кереги жок. Ушул эжени алам, - деп көшөрсө болобу. Мына сага, анан башталды. Экөөнүнталашканын көрүп Асылкандын тим эле мурду көтөрүлүп эле калды го чиркин. «Менкөрсө Алайда бекер эле темселеп жүргөн турбаймбы. Мынча кадырым бар экенин кимбилиптир? Өлүгүңдү көрөйүн жанагы айылдагы какмарлар бир көрсө ушундайды.Айрыкча жанагы Ысаштын аялы Бүзыйна бир көрсө ичи туз куйгандай ачышып өлүпкалат эле чиркин. Менин баркымды билишпей тим эле «галдир, шалп этек» депушактап калышат имиш. Мына силердин шалп этегиңердин кадырын көрүп алгыла.Биринчи эле күнү талашып атышканын карачы. Кап, мен кургур жакшыраак телефон даалып албапмын. Ушунун баарын тартат элем да чиркин. Көргөзөт элем жанагыкөрлөргө! Көргөзөт элем...» Ал ушунтип өзүнчө бир кубанып, бир кейип турганданары жактан келишкен бир жигит менен бир кыз булардан нарыраак келип токтоду.Анан кыз өзүнчө таранып, жасанып тура калды эле берки жигит телефонун каратыпалып шыкылдатып тартып кирди. Аларды көрүп Асылкан алгач көзү жайнап кетти. «Мынамына! » деди ал жүрөгү дүкүлдөй согуп туруп. «Мына, керек болсо жаштар дагы мениартына алып сүрөткө түшүп атышат. Таанымалдык деген ушул эмей эмне?»
Мына анан Асылканды көрүп алгыла. Тигил жерде экөө эки кабатты көзөмөлдөгөнжигиттер ызылдашып атса, бул бери жакта башындагы жоолугун чечип таштап, чачынбирде жазып, бирде жоолугун мойнуна орой калып эки учунан кармап башын биржагына кыйшайтып кылыктана баштады. Кудум эле жанагы жалтырак журналдардагы четэлдик артист аялдарды туурап жатты кыялында. А тиги жигит болсо муну байкаганжок. Ал бирде өз кызын туурасынан тартып, бирде узунунан тартып, бирдежакындатып, бирде алыстатып тартып жатты. Балким аларп деле эми бир-эки сүрөткө түшө калып кетип калышмак. Эч ким деле Асылканга көңүл бурмакэмес. Саат басканда жанагы кыз экиленип колун жая калып сүрөткө түшө баштасаболобу. Артта турган биздин «сулууга» анысы жакпай калды. «Бу шерменде менитакыр эле тосуп алды го» деди ал. Бир маалда чыдабай кетти окшойт, кыздыартынан бир нукуп алды эле тиги бечара тим эле бөйрөгү жулунуп кеткенсип, чаңырыпжиберди.
- Омей, эмне экиленесиң? – деди Асылкан аны акырая карап. –Мени таптакыр тосуп алганың аз келгенсип кайра чаңкылдайсың да. Мындай элдейэле болуп түш да сүрөткө!
Бечара кыз анынэмне деп атканын түшүнгөн жок. Алайып эле сөз таппай туруп берди. Дагы жакшыортого тиги эки көзөмөлчү кире калды.
- Эжеке сизге эмне болду? Тынчылыкпы деги? –деп бирөө аны бери тартты. Бирөөсү болсо тиги жигит мененкызды жайгарып нары узатканча шашты. Бирок эмне болуп кеткенин экөө теңтүшүнгөн жок. Асылкан да таарынычын ачык айта албады. «Мени тартып атса тосупалды» деп ичи тарыганын билгизбегенге тырышты. Акыры эки жигит «макул анда.Кайсы кабатты жуурун эже өзү чечсин» деп чечимди эжеге калтырышты.
- Эже сиз биринчи кабатты жуугуңуз келеби, же экинчи кабаттыжууйсузбу, өзүңүз тандаңыз. Үстүнө чыксаңыз так эле сиз курактуу жаңы келгенэже бар. Аны менен иштейсиз. Астында калам десеңиз, сизге жаштардан кошупберебиз. Себеби астыда жумуш оор. Кирген эле кишиге көрүнө турган ушул жерболгондуктан тынбай тазалап турасыз, - дешти алар. Асылкан бир саам ойлонокалды да башына жоолугун чатырата байлап туруп,
- Эң көзгө көрүнө турганы биринчи кабат дейсиңерби? Андатак ошол көрүнүктүү кабатты мага бергиле! – деди. «Көрүнчү жер болсо мен дакөрүнөйүн» деп ойлоду ал. Кыялында баягы Ысаштын аялы Бүзыйна дагы жылт этти. «Атаңгөрү килейген супармаркиттин эң көрүнүктүү жерин жалтырата жууп коюп, колумдубоорума алып турганда ошол шелпейип күйөөсүн ээрчитип кирип келсе...» депкыялданды. Артында мобуга окшош балдардын «Эжеке, эжеке биздикин кабатты датазалап бериңизчи! Жок эле дегенде тээ тиги эң кымбат айнектерди сиз жууңузчу»деп турушканы көз алдына тартылды. Аңгыча наркы четте бирөөнүн журнал карапбаратканы көзүнө илине калды эле кыялы андан нары чабыттады. «Бүтүндөй ОртоАзиянын эң мыкты пол жуугучу. Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ардагер.Атагы таш жарган Асылкан Калматова» деген бадырайган чоң чоң жазуусу бар макалаөзүнүн сүрөтү менен гезит беттеринде турганы элестеди. Кайран катын дагы көптүкыялданып, далай жыргамактыр. Анын таттуу кыялын берки жигиттер уланттырбайкойбодубу. ..
- Эже, эже, мени карасаңыз. Бул биринчи кабатка киши аябай көпкирет. Кыйналып калбайсызбы? Жумушу оор. Айрыкча... – деп келатты эле беркианын сөзүн кан буугандай токтотту.
- Балакет болсун, балам. Эч кайгырба! Эжең үчүн мындайларкеп болуп калыптырбы? ! Келечек деген алдыда. Көрөсүңөр го, дагы далай ишкылганга жарайт бул катын!
Эки жигит эмнедээрин билбей элейип калды. Аңгыча, жанагы биринчи кабатка калсын деп атканыкубанып кетти окшойт,
- Мына көрдүңбү, - деди да Асылканды «жүрүңүз» деп ээрчитипжөнөдү. Ошентип анын эң биринчи жумуш күнү башталып, тыным бербеген шааржашоосуна жигердүү кадам таштады.
*****
#49 16 Июль 2015 - 16:20
- Ошондой да болмок беле эже? Кызыксыз го. Которунупкелиңиз, - деп кашайып чыгарбай коюшту. Ошондо ачуусу келген Асылкан бирбууракандап, бир булкунуп урушту дейсиңер.
- Эспы болбой эмирен калгыла! Ушу бойдон эле тырышыпкалсаңар гана. Көрө албас өлүгүңдү көрөйүндөр! Билем, силер көрө албайатасыңар! Жанагы Ысаштын катынына окшогон ичи тар немесиңер силер, - деп жержеберине жете урушту. Чынында башка неме болгондо бир-эки жолу ошондой чыр кылганда эле иштен айдалмак. Себеби,мынчалык каргышка чыдабай СБнын балдары чоңдоруна арызданышкан. Бирок, мындаймай токочтон кайсы жетекчи ажырагысы келсин? Эки кишинин ишин кылып атканнемени кетирип ийгенден көрө ошол эки СБны кетиргени жакшы эмеспи. Жетекчи«өзүм чечем, бара бергиле» деп аларды кетирип ийди. Анан Асылканды кабинетинечакыртты. Алгач адаттагыдай урушуп, кабагын түйүп койоюн деди. Бирок, «бу албууткатын кетип калабы» деп коркуп, жай сүйлөшмөй болду. Натыйжада өмүрүндө биринчижолу пол жуугучту жумшак орундукка отургузуп, катчы кызынан кызыл чай алдырып,алдына таттуу коюп сыйлады. Өмүрүндө биринчи жолу! Тим эле атаандаштарын, жетанапташтарын сыйлагандай сыйлады. Кайра кайра «сиз» деп кайрылып сүйлөгөнүчү. Сөөктү жибитет го чиркин!
Эми мынча-сый урмат Асылканга кандай таасир эткени баарыбызга эле маалымболсо керек. Анын бир гана өкүнүчү бар да. Тим эле өзөгүн өрттөгөн өкүнүч.Ушунун баарын жанагы боорун жеген Бүзыйна көрбөй калганын эстегенде тим элежанын койорго жер таппай кетет. «Жок» деди ал ошондо жетекчинин кабинетиндеотуруп өзүнчө. «Мунун баарын текке кетиргенге болбойт. Телефон алышым керек!Тезирээк телефон алып тартып баштабасам болбойт! Бүзыйнанын көрбөгөн көзүнөтакап туруп айтып бербесем ал шүмшүк ишенбей калсын».
- Ошол Асылкан эже. Бизде да ушундай анча- мынча керексиз талаптар бар. Бирок мунун баары убакыттынөтүшү менен чечилет. Айрыкча сизге окшогон, тигил Кенже эжеге окшогон сакалдууэжелерибиздин айтканын кантип унуталы. Сөзсүз талабыңар орундалат. Убакыт ганакерек да, - деп жетекчи кебин жыйынтыктамай болду акыры. Бирок, Асылкан үчүнанын жарым сааттан берки сүйлөгөнү бир тең болду да, ушул акыркы кеби бир теңболду. Тим эле туугандарынан жаман кабар келген немедей жайдары жүзү сустайып, мелтирептуруп суроо узатты.
- Кенже эже дейсизби? Ким ал Кенже деген? Оозунан ушул экиооз гана сөз чыкканы менен ичинде тим эле алай-дүлөй, бороон-чапкын болупжатты. «Эми кайдагы жексур чыга калды? Эмненин башын кылтыйтты бул митаам? Жебулардын менден да кыйын, менден да ишенген бирөөсү бар бекен?» Дароо оюнабаягы Бүзыйна келди. Ал кайсы бир чыкыйган, боору толо жалтыраган медалдардытагынган аялды колтуктап алып шыңкылдап күлүп туруптур. Ооба, тим эле экөө мунушылдыңдап атышат. «Эй Асылкан, сен шаарга барып эле кыйын болуп кеттим дегенитурасыңбы? Мына, мына чыныгы эмгектин ардагери! Мына бүтүндөй Азиянын мыкты полжуугучу! А сен баягы эле шалп этек Асылкансың, кургурум! » А бул убакта жетекчижанагыдай эле жалпактап, кайпактап сүйлөп жатты.
- А Кенже эжени тааныбайсызбы? Кап чогуу чакырып койсомболмок экен. Экөөң бизде иштеген эң улуу дагы, эң сыйлуу дагы эжелерибизсиңер. Ал эже экинчи кабатты жууйт. Өзү Ак Талаадан болот. Эмкиде экөөңдү тең чакырыптааныштырып койом. Сөзсүз чакырам. Сыйга татыктуу адамды сыйлаганды билебиз биздагы. Эч бир адамдын эмгегин унутпайбыз. .. анан... неме... Эжека азыр кечирипкоюңуз, мени бирөө күтүп атты эле. Бир өтө зарыл жумушум бар болчу. Эгер капаболбосоңуз кийин кененирээк сүйлөшөлү, кандай дейсиз?...
Айтмакчы, «жумуш»дегенди укканда Асылкан ордунан учуп турду. «Кап чай ичпей чамыран калгыр.Канча жумуш калды э катыгүн! Сыртта да жаан жаап атты эле балжырап эле калдыго. Ушундай маалда тиги Бүзыйна келип калса эмне дейт! Кокуй чуркайын! » Алушунтип ойлонгончо ордунан антаңдап тура калып жетекчи менен коштошуп-коштошпойчыгып кетти. Жылмаңдаган неме колун сунган бойдон же тартып аларын билбей, жебирдеме кармаарын билбей кала берди. Бир чети өзүнө да ыза болуп кетти. «Ушупол жуугуч сунган колумду кармабай кеттиби? Ушу пол жууган неме ушинттиби?Жоок! .. Деги бул жөн аял эмес. Бир сыр бербей чекчейгенин карачы. Теңине да албаймисирейет. Тим эле бүтүндөй Азияга кадыры бар немедей го чиркин! Пол жуугуч аялкантип ушундай болсун? Деги бу соо эмес? Бул аялды абайлаш керек экен болупкалды. Сөзсүз байкаш керек...» Эми чындап жетекчини санаа басты. Наркыныойлоду, беркини ойлоду! «Душмандарым жиберген агентпи» деди. «Же пол жуумушболуп жүргөн террористпи» деди. Кыскасы, ар деменин баарын ойлоду. Акыры, булаялды тыкыр көзөмөлгө алмай болду. Бирок, «пол жуугуч катынды жакшылап карашкерек» деп бирөөгө айткандан да тартынды. «Келесоо болуп калган го дешсекантем» деди ичинен. «Андан көрө өзүм аңдыйын» деген чечимге келди акыры.
***
#50 16 Июль 2015 - 16:56
Айтмакчы, ушунчажан алакетке түшүп иштеп атканы менен акыркы убакта андан негедир түшүнүксүзбир адат байкала баштады. Кээде эле экинчи кабатка көтөрүлө калат дагы кудумбирдеме издеп аткансып, айланта карап чыгып, анан кайра түшүп кетет. Тим элешыпылдап шашып чыгып, кайра шашып түшөт. Эч бир бутикке кирбейт, эч ким мененсүйлөшпөйт. Жөн гана чыгат дагы бир аз карап-карап алып кайра түшөт. Күнүгө жокдегенде бир маал ошондой. Алгач башка жумушчулар, кызматкерлер бүт байкашты.Байкамак тургай аңдып да көрүштү. Бирок, эч ким аягына чыгара түшүнө алган жок.Акыры бара-бара көңүл бурбай деле калышты.
А Асылкан болсоалардын аңдыганын дагы, таң калганын да сезип койгон жок. Урганы барбы алардынкөз карашын. Алдыга коюлган бийик максат турган соң, башкалар менен иши эмне?Көздөгөн максатка гана жулунуш керек. Кандай жол менен болбосун максаттантайбаш керек. Муну мына ушул Асылкандан үйрөнсө болгудай. Баса, анын бул жолкумаксаты эмне дебейсиңерби? Эхх-ээ, өтө бийик максат ал! Кайсы бир ат чабышкабаргансыңарбы? Же бир өтө чоң атаандаш командалар акыркы мүнөттөрдө акыркы голүчүн кандай гана ат салышаарын билесиңер да. Кудум ошондой атаандаштык, кудумошондой байгеге жетүү максаты болчу. «Азиянын эң алдыңкы пол жуугучу» дегеннаам үчүн ат салышуу болчу. Эң кыска убакытта өтө бийик ийгиликти багынтып,анан сыймыктануу менен айылга кайтуу. Айылдагы эзелтен келген атаандаштарын эчкачан кыңк эткис кылып мыш кылуу... Максат эмес бекен чиркин?
А экинчи кабаткаэмнеге чыгат дейсиңерби? Экинчи кабатта баягы Кенже бар да. Жетекчи өзүнүнатына кошуп оозанган айтылуу Кенже... Айтмакчы, өзүн тоту куштай бапестеп сыйлапотурган жетекчи өз оозу менен эске алып отурган соң, ал дагы бир укмуштуудайкатын болсо керек. Жөн неме болсо ал жерде эмнеге эскерилмек эле? Мына,Асылканга күн-түн тыным бербей ойлонткон дагы, санаасын-санга бөлгөн дагы ушул.Күнүгө чыгып карайт. Экинчи кабатка чыгып булуң-бурчуна чейин карайт. «Кыпындайболсо да жуулбай калган, чаң турган жер барбы?» деп издейт. Албетте, кээдеандай да табылат. Бурчтарда, же бир нерселердин түптөрүндө жуулбай калганжерлер табылып калат. Охоо, андайды көргөндө Асылкан тим эле энеси эркектөрөгөндөй кубанат да. Бирок ошол эле замат өзүнө таандык кабаттагы ошондойбурч эсине түшө калат. Эми бул заңгыраган соода жайларында көбүнчө үстүңкүкабат менен астыңкы кабат окшош эле жасалгаланган эмеспи. Анда бар түркүк мындаделе бар. Анда бар тепкич менен анда бар булуң- бурч мында деле бар. Айрым жерлер эле өзгөчө кооздолбосо. Ошондон улам Асылкан дагы экинчи кабаттын айрым бурчунан чаң тапканда биринчикубанганы менен артынан эле дароошектене баштайт. «Деги мен ушул бурчту тазаладымбы? Же мен дагы кашайып унутупкалдымбы? » деген ой шайтандай болуп башына шып эте калат. Анан чуркайт биринчикабатты карай. Баса бул лифт дегенди да, эскалатор дегенди да билбейт.Кадимкидей эле тепкич менен түшүп, тепкич менен чыгат. Негедир тигилерди ойлопда койгон эмес. Ошентип сызган бойдон келет да булуң-бурчарды бүтүндөй жууп,тазалап чыгат. Албетте, бул оңой иш эмес да. Булуң бурч деген түгөнөбү килейгенкабатта. Анын үстүнө биринчи кабат болсо. Киргени да, чыкканы да сөзсүз ушулкабатты тебелеп өтөт эмеспи. Кыскасы, ошону менен бир канча убакытта араңбаштан аяк бир сыйра тазалап чыгат. Анан чолоосу тийип калса кайра баратчалгындаганы. Тийбей калса, санаасы тынбай сабыркаган бойдон үйүнө жөнөйт.
Мына ушундай арыкатаал, ары түйшүктүү өмүр сүрүп жатты. Бир гана тилеги ушул Кенже дегенкатынды жеңип, ийгиликти багындыргыча жанагы Бүзыйна катын бул дүкөнгө кирипкелбесе экен дейт. Эми ал катын кайда, бул кайда? Бирок, баары бир. Заманыңтүшкүрдүн технологиясы көбөйгөндөн бери аралык да жакындап калбадыбы.Илгеркидей жолдун баары таштак, автоунаа деген таңсык заман болгондо мынчабезилдемек эмес. Бирок, ал заман кайда-а? Алайдан тим эле күнүгө такси каттайтазыр. Демек Бүзыйна да келип калышы мүмкүн. Ошол күнү бул Кенжеден калып,шалпыйып отурганын көрсө анда ушунча эмгек текке кетти дей бер. «Кош болАзиянын алтын байгеси! Кош бол гезит журналдагы мактоолор, макалалар! »
Кыскасы, күндөрушунтип өтүп жатты. Бир күнү ал адатынча экинчи кабатка чалгынга чыкты. Дагыкалп эле эки жакка суктанымыш болуп булуң-бурчтан чаң издеп жүргөн. Аңгыча элебет маңдайында турган лифт ачылып бир аял кичине баласы менен чыкты. Тим элетыпырайган немелер экен. Ээрчишкен бойдон эки жагын каранып нары басып кетишти.Бирок аларга Асылкан көп деле көңүлүн бурган жок. Тек гана бир саам ачылып токтопкалган лифтти да көзөмөлдөп коймокко босогосун жарым аттап тура калып ичинкарай баштады. «Ой!» деп сүйүнүп кетти заматта. Тигине, тээ тигил бурчтабалжырап бир нерсе төгүлүп жатат. Баса, жанагы бала колунда йогурт көтөрүпбаратты эле, ошонусунан төгүлүп кеткен го. Тим эле көңүлү көтөрүлө түштү. «Мынакир жерин таптым. Тим эле балжырап турганын карачы. Эми ушуну да көрбөсө андажетекчинин көзү кайшайып калаар. Кокус дагы чакырып алып Кенжесин мактачу болсо«ой аныңдын лифти балжырап айран төгүлүп жаткан» деп айтпай жаны жокпу.» Ушулардыойлоп алып кудуңдаган бойдон өзүнүн кабатына түшүп кетти. Тим эле жымыңдайткургур. Ал тургай тигиндейде турган күзгүдөн кебетесин карап бир саам кыялдана калгангада убакыт тапты бул жолу. Кыңылдап ырдап алган. «Менин лифтим таптаза. Аныкындаболсо балжыраган айран төгүлүп жатат! Эхх мына жеңиш деген ушул!» деген оймээсине келген сайын кубанычы койнуна батпайт тим эле. «Кой эми минтип турабербей, биротоло жеңишке жетейин» деген ой кетти аңгыча. Ошентти дачака-чукасын көтөрүп өз кабатын кайра бир сыйра жууганы жөнөдү. Тим эле огобетер мизилдетмек болду. Көргөндүн көзүн тайгылткыдай кылайын деп жатты. Оюндаболсо экинчи кабаттагы лифтте төгүлүп жаткан айран. Өз кабатындагы лифтти болсобир аз мурда эле жалтырата жууган. Анысы даана эсинде. Келген кардарлардыкиргизбей чукчуңдап кубалап ийип жууган тим эле. Кайран Асылкан, айылдан лифткөрбөсө, кантсин? Ушул дүкөндө бир эле лифт бар экени, ал кайсы кабатты бассаошол кабатка бараары оюна да келген жок. Анын оюнда ар бир кабатта «лифт» депаталган чакан бөлмө бар дегендей туюм бар болчу. Боору толо күзгүлүү немегекишилер кирип каранат го деп ойлочу. Ошондон улам өзү да кээде шашмалап жүрүп,убактысы боло калганда лифтке кире калып күзгүсүн каранып кайра чыгып кетчү.Бирок кээде эле. Балким бир же эки жолу болгондур. Андан ашык эмес...
Ошентип ал өзкабатын дагы бир сыйра жууп чыкты. Ортодо өз лифтине да кирип, дагы бир сыйрамелтирете тазалады. Анысы бул жолу таптаза эле экен. Жанагы төгүлгөн айрандыжогорку кабаттардан бирөө тазалап койгон го. Аны бул байкаган деле жок. Бирокошого карабай бир сыйра жышып чыкты. «Менин лифтим жаркырап турушу керек» дедиичинен. Күзгүсүнөн бери сүрттү. Аңгыча кеч да кирди. Чака-чайнегин жыйыштырыпбүткөн соң бир аз убакыт таба калып экинчи кабатка чыкты да түз эле лифткебарып баскычын басты. Көп деле күттүргөн жок. Үн чыгарбай иштеген лифтмаңдайына келип кериле эшигин ачып туруп берди. Бирок бул жолу Асылкандынкебетесинен кубаныч байкалган жок. Ал тургай анын кабагына кар жаап, маңдайытырыша түштү. Тырышпай анан кантсин? Алдында тим эле кудум өзүнүкүнөн беш-бетертаптаза болуп мелтиреген лифт турса. Тим эле күзгүсүнөн бери жалтырайт. «Какмар!»деп жылаанча ызырынды Асылкан. «Атаандашчу кишини тапкан экенсиң!» деди ичинензиркилдеп. Кудум ошол маалда Кенжеси алдынан чыга калса баса калып муунтупөлтүрчүдөй ызырынып жатты. Лифт болсо мактангансып бир топко ачылып турду дабир маалда адатынча үн чыгарбай жылмышып жабылып калды. Жок, ал бечара дагы аман-соожабылганга жетишкен жок. Мына жабылып баратканда Асылкан ачуусун тыя албай ичинкарай балжырата түкүрүп жиберди. Лифт андан кийин жабылды. Ошону менендуңкулдаган бойдон өзүнүн кабатына түштү. Элдин баары кетип, жалгыз эле ушулкалган экен. Жедеп таанымал болуп бүткөн неменин чыкпаганын билген кароолчулар мунубиринчи кабаттан издеп жүрүшкөн экен. Алдынан чыгаары менен артынан сүйлөнүпжүрүп, наалып жүрүп эшикке зордоп чыгарышты. Ким билет, балким алар болбогондобул биринчи кабаттан лифтин ачып алып дагы бир сыйра тазалап жууп чыкмак. Атаганат! Ошентсе деле болмок. Балким бул дүкөндө бир эле лифт бар экенин өз түкүрүгүнөнтаанып, өзү тазалаган лифтке өзү түкүргөнүн байкап санаасы тынчымак. Бирок,андай бакыт бул бечарага буюрган эмес тура.
***
#51 18 Июль 2015 - 18:17
Асылкан адатынча түшкө жуук дагы чакасын сүйрөп, тряпка швабрасын алып лифтти жууганы келди. Алгач ал жердеги кардарларды кууп таштап чакасын сыртка коюп лифтти ачып алып жууй баштады. Бирок, ошо күнү кашайгандан лифтти эшигин жаппай күттүрүп койо турган баскычын баспай калган экен. Баса, ал баскычты ушул жерди тейлеген жигит көргөзгөн. «Лифтти жууганда ушул баскычты басып коюп жууңуз» деген эле. Ошондон бери ашкере тартиптүү Асылкан аны басып коюп жуучу. Бирок, эмнеге басып койоорун, басса эмне болуп, баспаса эмне болоорун түшүнчү эмес. «Лифт башка кабатка көтөрүлүп кетпей күтүп турат» деген оюнда да жок. Жөн гана адат катары басып койчу да шашпай жууй берчү. Бул жолу да ошентип жууп аткан. Бирок, кашайгандан тиги баскычты чала басып калган экен. Андан кийинкиси белгилүү да. Жакшы эле берилип жууп атканда эшиги жабылып калды. Асылкандын этеги аз жерден кыпчылып кала жаздады. Анан эле лифтке өзүнөн-өзү жан кирип, башы тегеренип кеткенсиди. Тула бою салмакташып ылдыйды карай ныгырыла түшкөндөй болду. «О Кудай сакта! Кудай сакта» деп күбүрөнүп көзүн чылк жумуп туруп калды. Бирок, көпкө турган жок. Эми көзүн ачып ишин улантайын деп атканда жанагы шумдук дагы кайталанды. Бирок бул жолу ныгырылгандын ордуна тим эле бүткөн бою менен калкып кеткенсиди. Жүрөгү опколжуп, башы эңди-деңги болуп түштү. Эми эки көзүн ого бетер тырыштыра жумуп, башын мыкчый кармады. Бир аз туруп тынчтана түшкөндө көзүн ачса лифттин эшиги ачылып турган экен. Маңдайында эки жаш бала турат. «Кой кокуй башым айланып атат окшойт. Жыгылып кала элегимде чыгайынчы» деп сыртка чыгып, жанындагы тумбага жөлөндү. Ошол жерде саамга эс алып туруп аз өзүн байкаса эч нерсеси деле ооруганы билинбейт. Баары эле жайында болгонсуп калыптыр. «Кой чычкан куйругун көрүп аксайт болбой, ишимди кыла берейин» деп ишин улантмай болду. Эки жагын караса суу куюлган чакасы өзү койгон жерден бир аз нары жылып калган экен. Жанагы эки бала жылдырып койдубу дегенче барып тряпкасын салып, шашпай жууп, тырыштыра сыгып алып дүңкүлдөп жууй баштады. Адатынча эч жакты карабай тынымсыз жууй берди. Бир маалда башын көтөрсө тиги бутиктеги эки кыз муну таң кала карап турушкан экен. Бул караары менен көздөрүн ала качып, бурулуп кетишти. «Өлүгүңдү көрөйүндөр чүйрүңдөгөн» деп коюп ишин андан нары улантты. Аңгыча нары жактан дагы бирөөнү байкады. Ал дагы кудум жанагы кыздардай болуп таңыркап карап жатыптыр. «Буларга эмне болгон мынча? Эмне бир жерим көрүнүп атабы, өлүгүң көрөйүндөр» деп аны да акшыя карады. Анан чакадагы суусуна барып тряпкасын жууйун деп бери бурула берип чочуп кетти. Кудум өзүнө окшоп кийинген бирөө кудум өзүнө окшоп отуруп алып чакага тряпка жууп атыптыр. Аз жерден эси ооп кала жаздады. «Кудай алдыңа кетейин, адамдын жаны чыкканда өз денесин сырттан карап калат дечү эле. Деги мен өлүп калган эмесминби? Тигил менин денем эмеспи?» деген ой мээсине бир заматта шып этти. Бирок, тигиниси тирүү немедей кыймылдап тряпкасын сыгып атат. «Жаным чыгып кеткен болсо тигил кыймылдабайт эле. Э Кудай, анда тиги көзүмө көрүнүп атабы, же жин-шайтанбы? » деп коркту эми. Оозун тындырбай кыбыратып келме айтып жатты. Бир маалда колундагы тряпка түшүп, швабрасы тарактап кулап кетти. Ансыз да коркуп турган неме күтүүсүз угулган швабранын үнүнөн чочуп айкырып жиберди. Ушунчалык шумдуктай айкырды дейсиңер, тим эле супермаркетте бомба жарылгандай болду. Бейкапар кыдырып жүргөн кардарлар алаңдап кирээрге жер таппай, бутиктерде соода кылган кыздар ар кайсы бурчка тыгылып калды. Бир заматта айлана-чөйрө кымкуут болуп кетти. Ал эми бейкарап гана тряпка жууп аткан неме да бакырган бойдон чалкасынан кетти. Анан кантсин жанындагы эле килейген тумбанын артынан бирөө чыга калып айкырып жатса. Ушундай чочуганынан чалкасынан кулап баратып алдында турган чаканы көмөлөтө тепти эле анын суусу жайнап жатып калды. Эки катындын чаңырыгы бир гана кабатты эмес, бүтүндөй дүкөндү дүрбөлөңгө салды. Коопсуздукту караган жаш балдар кайдан жайдан бир заматта чогулуп келип калышты. Элдер болсо эмнеге келгенин унутуп, ал тургай кай бири дүкөндөн чыга качты. Бир заматта чогула калган жигиттер экөөнү ары-бери тургузуп, администрация тарапты көздөй алып жөнөштү. Баса тигил чалкасынан кеткен аял эсин жоготуп койгон экен, аны колдоп буттап көтөрүп кетишти. Асылкан болсо бутуна туруп жүрүптүр. Экөө эки колтуктан алып дегдеңдете сүйрөп жөнөштү.
Качан админстрацияга кирип, бир чөйчөктөн суу ичкенде гана эсине келди экөө. Асылкан ошондо тааныды беркини. Экинчи кабатты жууган Кенже экен көрсө. Ансыз да жаш курагы тең, сыртынан түспөлдөш немелер опокшош формачан болуп күтүүсүз жолукканда өзүн көргөн немедей чочуп кетишкен тура. Элдин баары иштин жайын түшүнгөндөн кийин экөөнүн кылыгына кыраан-каткы түшүп күлүп жатып калышты. Бирок, бир гана Асылкан күлгөн жок. Ал алгач күлүмүш болуп мылжыңдаган менен бир заматта эле ачууланып, ал тургай зиркилдеп баштады.
- Сен эмне кылып жүрөсүң менин кабатымда? Менин чакама кайдан келип калдың? – деп ызырына сүйлөдү ал.
- Апей, катыгүн! Эмне дейт мунуңар? Мен сенин кабатыңда эмей эле, сен менин кабатымды жууп жүргөн турбайсыңбы? – деп таң кала жооп берди Кенже.
- Көп башымды чакпачы, жуукур! Сенин кабатыңды жуугудай мага суутуп коюппу? Же эмне мени жинди деп турасыңбы сен?!
- Өзүң жуукур, өлүгүңдү көрөйүн! Тилинин заарын мунун! Жинди болбосоң эмне чыктың менин кабатыма?!
- Так ошо сен заар! Сен менин кабатыма түштүң өлүгүңдү көрөйүн! Сен келдиң биринчи мага!
Ошентип эки катындын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып ажылдашып жатып калышты. Ал тургай бири-бирине жулунуп, чачташа турган болду эле, тегеректеп тургандар араң ажыратып калышты. Бирок, колдору жетпегени менен ооздору тынбай бири-бирин жерден алып көргө салып атты. Керек болсо жетекчинин өзү да тыя алган жок. Эч кимди көзүнө илбей ажылдашып жатышты, ажылдашып жатышты. Айрыкча Асылкан дегеле ээ бергидей эмес. «Менин кабатыма келе калганын кантейин? Өз кабатыңды жакшылап жууп ал! Мен сенден жардам сурап калган жан эжмесмин? Менде да ал бар. Менде да күч бар. Сен тим эле алдыңкы пол жуугуч эмес машаяк болуп кетсең да мен сенден жардам сурабайм» деп алкына берди. Айтмакчы, ошо күнү эч ким ага иштин жайын түшүндүрө алган жок. Кенже Асылкандын кабатына түшпөй эле, Асылкан Кенженин кабатына барып калганын да эч ким түшүндүрө албады. Керек болсо эмне болуп бул аял өз кабатын таштап үстүңкү кабатка чыгып кеткенин өздөрү да түшүнгөн жок. Кээ бирөө «бул оорукчан болуп калганбы?» деп да ойлоп жатты. Кээ бирөө «бул жөн эле долуланып атат» деген чечимге келди. А тиги Асылкан лифтке түшүп жууп аткан кезде анысы иштеп кетип экинчи кабатка чыгарып койгонун, ал эми так ошол убакта Кенже дагы чакасын ошол лифттин оозуна коюп пол жууп жүргөнү эч кимдин оюна келбеди. Балким муну бир билсе тиги айтылуу Шерлок Холмс билмектир. Бирок, андай детективдер бул дүкөндө кайдан болмок эле?
Натыйжада, бул табышмактуу окуянын жандырмагы чечилбеген бойдон кала берди. Асылканга болсо Кенже анын кабатына түшпөй эле, өзү экинчи кабатка чыгып барганын эч ким далилдей алган жок. Балким мындай чыр болоорун билгенде ага жана эле кайсы кабатта экенин көргөзүп коюшмак. Бирок, кашайганда администрация эң үстүңкү кабатта болуп, баары ошол жакка чыгып кеткендиктен иштин жайын түшүндүрө албай калышты. Баса, алар айласы кеткенде Асылканды экинчи кабатка ээрчитип түшүп суу төгүлгөн жерди көгөзөлү деп ла ойлошкон. Бирок, бул максаттары да ишке ашпай калды. Көрсө башка пол жуугучтар ал жерди эч нерсе болбогон немедей тазалап коюшуптур. Тазалабай коюат беле анан? Асылкан чырдайт эле деп деги ким ойлоптур? «Ал келсе далилдейбиз» деп карап тургудай бул жер же бир жөнөкөй жер болсочу. Борбор калаада жайгашкан атактуу супермаркет болгон соң кандай окуя болбосун бир заматта изи жашырылып, жымсалданып турушу керек. Кардарларды ашыкча кооптондуруп, же иренжитип турган неменин кимге кереги бар? А Кенженин кабаты минтип мизилдеп турганы Асылканга тим эле табылгыс далил болуп жатып калды.
- Кана сенин кабатыңдагы жайнап калган суу? Кана?! – деп ого бетер күч алды ал.
Андан кийин астыдагы Асылкандын кабатына келишти эле сааттай болуп кимдир бирөө анын чакасын жылдырам деп суусун чайпап төгүп койгон экен, Асылканга Кудай берип салбаспы!
- Мына төгүлгөн суу! Мына көрүп ал! – деп ого бетер безилдеп берди. Тегеректеп жүргөндөр араң токтотту. Кичине төгүлүп калган сууну ошончо бетине кармаган неме төгүлбөй чакада калган сууну карап да койгон жок. Анткени менен ошол күнкү окуя баары бир Асылкандын жүрөгүндө бүдөмүк бойдон кала берди. Ооба, Кенже чалкасынан кеткенде чакада эч нерсеси калбай төгүлгөнүн өзү да көргөн. Бирок минтип кайра келгенде суусу куюлуп калганы анын оюнан кетпей туруп алды. Ошондон тартып «Кенже көрө албай дубаладыбы, же акылыман айный баштадымбы? » деген ой андан арылган жок.
***
#53 25 Июль 2015 - 18:05
(5-бөлүм)
Ошол күнү бул окуя жетекчиликти кошуп элге уят кылганы менен дагы эле Асылканды жумуштан айдаган жан болгон жок. Себеби, жетекчи аны кетиргенде ордуна башка бирөөнү таба алаарына дагы эле көзү жетпей жүрдү. Натыйжада, офисине чакырып анча мынча чай беримиш болуп, акыл-насаатын айтты да, артынан жумушчуларды чогултуп сөгүш берилгенин жарыялады. А сөгүш-мөгүш тууралуу кыйраткан деле түшүнүгү жок Асылкан анысын кенеп да койгон жок. «Эскертүү алдым окшойт» деп өзүнчө ойлоп койду. Анткени менен Кенженин айынан эскертүү алганы, анын атаандаштык сезимин ого бетер күчөттү. «Сенин айыңан эскертип кетишти. Эми сени да эскерткидей, ал тургай иштен кетиргидей кылам» деп ызырынды. Бирок, канткенде ошол максатыма жетем деп далай күн башы катты. Далай күн түнү бою кирпик какпай ойго батты. Бир жолу ошентип ойлонуп жатып баягы экинчи кабаттагы лифтке төгүлүп калган айран эсине келди. «Кап ошону көргөндө жетекчи ага сөзсүз сөгүш эскертүүсүн бермек. Көрбөй калды да» деп ичинен сыздады. Ошондо жетелеп келип көргөзбөгөнүнө жаны кашайып, итатайы тутулду. «Эмкисин сөзсүз көргөзөм» деп кекенип жатып араң уктады ал күнү.
Ошондон тартып «дагы айран төгүлүп калды бекен?» деген үмүттө күнүгө экинчи кабатка байкатпай чыгып лифтти карачу болду. Жарыктык өзү биринчи кабаттан жаркырата жууп коюп, экинчи кабатка чыгып карап атканын ойлогон да жок. Тек гана качан болбосун Кенженин кабатындагы лифт дагы жаркылдап турганын көрүп ызырынып жүрдү.
Бир күнү ал түшкү тамактануу маалында жүрүп, азык-түлүк сатылган бөлүктөн так эле баягы бала көтөрүп жүргөндөй йогуртка көзү түштү. Өзү дегеле татып көргөн эмес аны. Бирок төгүлгөндө кандай болуп калаарын жакшы билчү. Баягы лифттеги көрүнүш тим эле көз алдынан кетчү эмес. Азыр дагы йогуртту карап туруп ошону эстеди. Анан эле көзү жымыңдап, жүзү жарк дей түштү. Дароо акчасын аябай туруп бир йогурт сатып алды. Тим эле колу калтырайт. Кимдир бирөө оюн билип койчудай шашкалактаганычы. Акчасын төлөп кайтарымын алаары менен өзүнүн кабатына чыгып бөлмөсүнө барды. Негизи түз эле экинчи кабатка бараткан. Бирок, колуна йогурт кармап баратканын бирөө көрүп калабы деп чөнтөгүнө салды эле анысы тултуюп калды. Ошондо айласы кетип, жакшыраак катып чыкмакка бөлмөсүнө кирген. Бир топко буйдалып атып араң катты жашырды. Анткени менен жакшылап караган кишиге баары бир билинип калгыдай. Себеби, колкабына салып тултуйтуп кармап алган болчу. Бул пол жуугучтардын колкабы чүпөрөк болсо да бир жөн эле тоголоктошуп калыптыр дегидей. Булардыкы желим колгап да. Анын ичинде кырдуу бир нерсе бар экени жакшы караган кишиге даана эле байкалмак. Ошентсе да Асылкан тобокелге бармай болду. Анын башка чарасы да жок болчу. Экинчи кабатка йогуртту катып чыкканга дегеле башка жол жоктой сезилди.
Тумпуйган колкабын бооруна кыса кармап алып шек алдырбай түптүз басып экинчи кабатка көтөрүлдү. Алгач бурчка далдалана калып айланасына абай салды. Кенже жакын арада байкалбайт. Жанындагы жардамчысы да жок. Ары-бери баскан кардарлар менен бутиктердеги кыздар буга карап да коюшмак эмес. Дагы бир саам акмалап турду да жанагыдай эле басык менен лифти карай жөнөдү. Жуп жетээрде каролчу балдардан бирөө көрүндү. Асылкан башка чапкан немедей шарт бурулуп туш келди бир бутикке кирип кетти. Мунун кирип келиши ал бутиктеги кыздардын кадимкидей шаштысын кетирди. Тим эле эң каардуу жетекчи киргендей ордуларынан тура калып кайра-кайра учурашып жиберишти бечаралар. Асылкан болсо араңдан зорго алик алганга жарады. Тагыраак айтканда оозу араң кыбырады. Баса, айткандай эле ал бутиктеги кыздарды дегеле теңине албайт. «Илмийген байкуштар. Бир койсом тоголонуп каласыңар го чиркин. Силерге Азиянын алдыңкысы болуш кайда» деп шылдыңдай карачу. Азыр деле ошондой түр көргөздү. Дегеле адам катары санап койгон жок. Жанагы каролчу деген неме өтүп кетээри менен кайра шек алдырбай чыгып, лифтти карай багыт алды. Мына бир аз басса жетет. Он кадам. Тогуз кадам. Сегиз кадам...Беш. Үч... «О шайтан алгыр!» тигил бурчтан тейтеңдей басып үчүнчү кабаттын көзөмөлчүсү пайда болду. Тим эле шукулдаган неме. Эркек башы менен майда-чүйдөнүн баарын байкаган кыраакы. Колкабындагы йогуртту ушул шукулдак байкап коюшу мүмкүн. Дагы шарт бурулуптуш келди бир бутикке кире качты. Бул жерде дагы жанагы көрүнүш кайталанды. Баары тең буга бир чети кызыгып, бир чети «эмне шумдук баштаганы келди?» дегенсип чочулап учурашышты. Бул болсо ооз учунан гана алик алды. Көзүнүн кыйыгы тиги шудуңдаган немеде. Кудай жалгап ал буга көңүл бурган жок. Шашкан бойдон ылдыйкы кабатка түшүп кетти.
Асылкан кайра бутиктен чыгып лифтти карай басты. Мына бат эле жетип барды. Лифттин баскычын басып күтө баштады. Тим эле убакыт токтоп калгансыйт. Демейде бат эле ачылчу лифттин эшиги жымырайып жабык бойдон турат. Эки жагын чыдамсыздана карап күтө берди. Күтө берди. Акыры лифттин эшиги да ачылды. Бирок, ойлогон ою дагы эле шыр ишке аша калган жок. Ичинде кишилер бар экен. Баарын тегиз акшырая карады да адатынча «Чыккыла! Жууйм!» деп бурк этти. Ичиндегилер алгач түшүнгөн жок. Бирок, тиги лифтке кирбей да, чыкпай да туруп алган соң күңкүлдөп-мыңкылдап чыгып кетишти. Асылкан бир саам ичине кирип-чыгып, калп эле убакытты созуп турду да бир маалда колкабындагы йогуртту шашмалап чыгарып оозун сыйрып жиберип төгүп таштап басып кетти. Атаң көрү, ошондогу анын калчылдаганы ай. Жүрөгү лакылдап соккону тим эле бүтүндөй дүкөнгө угулуп жатты окшойт. Аз жерден жүгүрүп кетчүдөй дүкүлдөп, шыпылдап жүрүп өз кабатына түшүп, бөлмөсүнө араң жетти. Жетээри менен эшигин ичинен кулпулай калып, далайга отурду. Көпкө жүрөгүн кармап, өпкөсүн басып отурду. Чынында качан бирөө келип эшигин каккылаар экен деп күтүп жаткан. Ал тургай «Кенже өзү жетип келээр бекен» деген да ойдо болду. Бирок, эч ким келген жок. Акыры чыдамы кеткенде эшигин ачып өзү чыга келди. Караса деги эле бир да өзгөрүү жок. Элдин баары эч нерсе болбогондой бейкапар жүрүшөт. Швабрасын колго алып, чакасын каруусуна илип суу алчу жакка билмексен болуп басып көрдү. Жымжырт. Муну караган бир да жан жок. Ошондо гана жүрөгү ордуна келди. «Байкабай калышыптыр» деп кымылдады. «Эми Кенжени кармашат. Лифти таза эмес деп сөгүш берилет» деп ойлогондо тим эле жүрөгү алеп-желеп болуп кубанды. Ошентип кудуңдаган бойдон чакасына суу алып, тряпкасын жууп алып өзүнүн лифтин карай жөнөдү. «Аныкы батылдап турган күнү меники жаркырап турушу керек» деп ойлоп баратты. Кыялында «баарың Асылкандан үлгү алгыла. Кенже эже, сиз дагы андан үлгү алыңыз. Карагылачы анын лифти кандай таза!» деп жетекчиси мунун лифтин көргөзүп жатты. «Оохх! Жашоо кандай сонун!» деп терең дем алып тим эле эч ким жок жайлоодо бараткандай күлүмсүрөгөн бойдон керилип басып баратты. Ээхх атаганат! Тагдырдын бул жолу да анын бактысын кыска кылып койгонун карагылачы. .. Аттигиң ай, аттигиң!
Бечара Асылкан лифтин көпкө деле күткөн жок. Андан бир аз эле мурдараак кимдир бирөө чыгып кетти эле, эшиги жабыла электе эле Асылкан жетип барды. Атаң көрү ошондогу анын чакчайган көзүн, эби-сыны жок кыбырап, жыланча ышкырынган оозун көргөнүңөрдө тим эле желмогуз көргөндөй качып бермексиңер. Ооба, Асылкан так ошондой зыркырап турду лифттин оозунда. Себеби, так эле жанагы Кенженин лифтине өзү төккөндөй йогурт анын лифтинде да балжырап жатты. Кудум эле ошонун өзүндөй. Ачуусу шакардай кайнап жаңы эле лифттен чыгып кеткен киши тарапты карады. «Шүмшүк сени Кенже жиберген экен» деп күбүрөндү ызырынып туруп. «Менден өч алыш үчүн жиберген турбайбы! Карап тур сени, экинчи лифтке жолгус кылбасам! » Ошону менен ал алкынган бойдон жанагы кишиге жетип барды да, дүңк эткизе далыга бир койду. Байкуш киши эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Дагы баягыдай ызы-чуу башталды. Дагы баягы тартип коргоочулар чуркап келди.
- Лифтиме эмне айран төгөсүң я? Мен аны кандай тазалаганымды билбейсиңби сен? – деп ажылдап урушуп жатты Асылкан. Тиги киши болсо эми колунан келишинче актанып берди.
- Ой мен киргенде эле төгүлүп жаткан ал. Мен эмнеге төкмөк элем. Керек болсо андай йогуртту йогурт ичпейм дагы. Жаш бала белем эмне, - деп актанды ал. Тартип сакчылар аны көп деле актантып убара кылышкан жок. Тескерисинче кечирим сурап кетирип жиберишти. Бирок, алар бул жолу Асылкандын үстүнөн да арызданышкан жок. «Жетекчи баары бир ага эч нерсе кылбайт» деп болжошту алар. Ошону менен окуя тынчып калды.
Бир гана Асылкан тынчыган жок. Ал лифтке йогурт төкмөйүн дагы нечен жолу кайталады. Бир канча жолу экинчи кабаттан лифтти шалтактата булгап, кайра биринчи кабаттан өзү жууду. Кээ бирде болсо ага чейин эле башка кабаттагылар тазалап коюп жатты. Кыскасы, бул окуя Асылкан тажагыча улана берди. Акыры өзү тажап, жетекчинин «көрбөгөн көзүнөн» биротоло түңүлгөндө гана анысын токтотту. Болгону ичинен гана капа болуп, сынып жүрдү. «Мен канчалык таза болгонума карабай Кенжесине болушат тура. Кыязы экөө жердеш окшойт» деп жетекчиге таарынды. Бирок «ак ийилет бирок сынбайт. Баары бир бир күнү менин эмгегим бааланат» деген ой анын эч качан үзүлбөгөн үмүтүнө айланды.
(азырынча улана элек)
#56 03 Август 2015 - 11:58
Бир күнү ал адатынчаөзүнүн кабатын жууп жүргөн. Аңгыча эле бир бала колундагы кагазын тоголоктоптигиндейрээкте турган таштандынын чакасын карай ыргытып калды. Бирок анысынташтандыга түшкөн жок. Кырына бир тийди да так эле эскалатордун алдына түштү.Ачуусу келген Асылкан тиги баланын сазайын бергени эми жөнөп калды эле нарыжактан келаткан эки жигиттин бирөөсү жанагы тоголоктошкон кагазды байкабай тээп өтүп кетти. Камгактай жеңилучкан кагаз түз эле барып эскалатордун биринчи тепкичине конду. А эскалаторболсо бир калыпта жылган бойдон аны экинчи кабатка көтөрүп кетти. Асылкан эмижанагы ыргыткан баланы бир карап, экинчи кабатты карай кетип бараткан кагаздыбир карап туруп калды. Балким ал кагаз биринчи кабатта тура бергенде тигибалага барып бир тиймек. Жер жеберине жетип урушуп туруп алдырмак аны. Бирок,кагаз экинчи кабатка көтөрүлүп баратпайбы. Ал жакта эзелки душманы, айтылууКенже бар эмеспи. Тигине, тоголоктошкон кагаз акырын жылып отуруп экинчикабаттын кырына конду. Андан кийин артынан чыккан бирөөнүн бутуна илешип анданнары кетип, көзүнө көрүнбөй калды.
Бул көрүнүш Асылканүчүн укмуштуудай ачылыш болду. Кудум эле айтылуу Ньютондун улуу ачылышы. Ал кишида капилеттен башына түшкөн алма аркылуу чоң жеңишке жеткен эмеспи. Мына,Асылкан дагы бүгүн эскалатордун касиеттүү күчүнө күбө капылеттен күбө болупотурат. «Таппасаң сыйпалап кал» деп аны ойлоп тапкан кишини алкап-жалкапжиберди. Артынан эле «Ушуну эмгиче көрбөгөн көзүм кашайып калсачы» деп өзүнө-өзүнааразы болду. Кыскасы, ошондон тартып Асылканда жаңы күч, жаңы дем пайдаболду. Так эле жанагы экинчи өпкөсү ачылды деген сөздүн өзүндөй жаңы кубаткирди.
Эми ал акырынташтандыларды тээ алда кайдан шыпыргысы менен шыпырып, швабрасы менен түртүпжүрүп так ушул эскалатордун түбүнө чогултчу болду. Анан эки жагын карап, аңдыптуруп анысын акырын эскалаторго түртүп койот. Мына, анан калп эле билмексенболуп, айланчыктап калат. А тиги ыпыр-сыпыры болсо жыбылжып көтөрүлүп отурупКенженин кабатына чыгып көздөн кайым болот. Айрыкча, тоголоктошкон кагаздар,чубалжыган жип шууларды узатып ийгенди жакшы көрөт. «Атактуу Кенжеге айтылууАсылкандан белек» деп койот анысын узатып жатып. Жанагы троллейбустарда «Кыргызэлине Жапон элинен белек» деген жазуу жүрчү эмес беле. Көзүнө ошол жазуутартылат ыпыр-сыпырын өйдө чыгарып атканда.
Ошентип ал күнсайын топ-тобу менен белектерди жибере баштады. Алгачкы күндөрү «Орус элиненкыргыз элине белектер» кетти. Анан «кытай элинин белектерин» жөнөттү. Анданкийин «Американын гуманитардык жардамы» жөнөдү. Кыскасы, ыпыр-сыпырын жибергенсайын анын кыялы чабыттап, көңүлү ачылды. Көзгө көрүнгөн кандай таштанды болбосун баарын Кенжеге тартуулады. Жөнөтүпжатты, жөнөтүп жатты...
Бирок, бул бечараАсылкандын төрөлгөндө эле таалайы тайкы жаралган окшобойбу. Жакшы эле эч кимгебайкатпай, жакшы эле кылдаттык менен жиберип аткан. Ал тургай «мына эми жеңишкежеттим, эми Азиянын алдыңкы ордун эч ким менден талашпайт» деп турган болчу.Көрсө, эрте кыялданып алган экен бечара. Көрсө, бу эскалатор деген немени ойлоптапкан киши деле жыргатпаган бир бечара тура. «Бир бороондук алы жок» экен анысы.Тигине үч күн ыпыр-сыпыр ташыгандан кийин төртүнчү күнү тыгылып эле турупкалды. Жакшы эле бир канча кишинин боосун, балмуздактардын сыртын, кимдир бирөөтүшүрүп койгон топ ачкычты, ал тургай жаркылдаган айдоочу күбөлүк менен жалпак паспорттукошо швабрасы менен сүрүп келатты эле, жакындап келгенде караса эскалаторужалдырап турат. Кыймылдайын деген ою да жок. Үмүтү үзүлбөгөн Асылкан бир топкоайланчыктап турду. «Жүрүп кетээр бекен» деп баягы чогулткан таштандыларыныргытпай, бир далайга ошол жерди айланчыктады. Ал тургай «балким күүлөнтүпийсем иштээр» деген ойдо эскалаторгокелип буту менен ныгыра басып түртүп да көрдү. Дегеле жылайын деген ою жок.Акыры үмүтү үзүлгөндө «О өлүгүңдү көрөйүн эскилатур болбой куруп калгыр! Бирбороондук алы жок бечел даана сен турбайсыңбы. Үч күн ишке жарабагандан кийинсени кайсы шордуу ойлоп чыгарды экен өлүгүңдү көрөйүн!» деп наалып-напчыпсүйлөнгөн бойдон басып кетти.
Ошондогу анын ачууланганынайтпа! Булкулдайт тим эле. Эскалаторго акыр-чикирдин баарын түртүп атып өзүбузуп койгонун ойлогон да жок. Эсине ким келбесин бүт каргап чыкты. Ушундайнемени ойлоп чыккан ойчулун дагы, аны дүкөнгө койдурган жетекчисин дагы, аныток менен иштеткен электригин дагы, ал тургай убагында жакшы иштебей акчанынбаарын жеп кеткен Бакиев менен Акаевди дагы каргады. Бүт каргады. Кенжеденболсо эч нерсе калган жок. Кыргыз элиндеги айтылуу каргыштын баарын агажолдоду. Көзүн чыгарып, алты санын шал кылды. Ата жотосун тозокко салып,укум-тукумун соолутуп таштады. Кыскасы, Асылкандын жаңы эле ачылып келетканкабагына кайрадан ак кар, көк муз токтоду.
***
Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 03 Август 2015 - 11:59
#58 04 Август 2015 - 13:21
Айтмакчы, бара- бара бул деле максатынан тайып, атаандаштык сезими өчөйүндеп калды. Өзү кыялында таап алган «Орто Азиянын алдыңкы пол жуугучу» дегеннаамдан биротоло үмүтү үзүлүп, көңүлү сууду. «Баары бир таанышың болсо танкасыңдеген ушу тура. Балакет болгон күндө да Кенже жердеши да, ошого тартып атпайбы»деп эң биринчи эле жетекчиге ишеними өчтү. Ал тургай бир жолу чайга чакырды элекудум энесин коркутуп аткансып барбай койду. «Иш көп. Чайын иче берсин» депкүңк этти чакырганы келген жигитке. Көз алдына болсо тиги жетекчи баягы өзүнөжагалдангандай жагалданып Кенже менен чай ичип отурганы тартылды. Ошондонтартып ого бетер итатайы тутулду. Бир маалда өзүн кармай албай швабрасынчака- чукасы менен туш келди таштап салып, бөлмөсүнө кирип кетти. Ичинен бекитипалып буулугуп көпкө олтурду. Бир саам көзүнөн мөлт-мөлт жаш куюлду. «Өлүгүңдүкөрөйүн жексурлар» деген сөз кайра-кайра оозунан чыгып жатты. Оюна ким келсебаарына нааразы болду. Кенжени да, жетекчини да, Бүзыйнаны да, ал тургай эчакказа болуп кеткен кайненесин да жер жеберине жеткире каргады.
Ким билет ушунтипкейип- кепчип отуруп ачуусу басылганда кайра эле ишине чыгат беле. Бирок, аныжөн отургузушкан жок. Капыстан эле эшиги акырын тыкылдап калды. «Жанагы келди»деди оюнда. «Жойпуланган жетекчи дагы чакырткан го» деди. «Иче берсин Кенжесименен. Анын чайына таңсык болгон киши жок» деп өзүнчө таарына кетти. Анткенименен эшик тыкылдаган сайын көңүлү жибип баратты. Анан калса жетекчининөткөндөгү жылуу мамилеси эсине келип, сезимине кандайдыр бир жылуулук тарады.Акыры «Кой, неси болсо да барып көрөйүн. Ушунча чакырткан соң барайынчы, недээр экен?» дегенсип ордунан чечкиндүү туруп, үстү башын оңдоп алып эшигиначты. Ачса сыртта тартип караган жигиттердин бирөө турган экен. КолунаАсылкандын швабрасы менен чакасын кармап алыптыр. Кабагы тим эле түктөйөт.
- Ушукантип жакшы болсун эже?! Буларды эмне залга таштап салгансыз! –деп бир тийсе болобу. Жаман оюнда жетекчи кайра-кайрачакыртып атат деп турган Асылкан үчүнбул сөз мээге чапкандай эле болду. Алгач бир кызарып, бир бозоруп оозуна кепкирбей турду. Анан мына сага, ак ит менен кара итти үйүр үйүрү менен агытыпкирди. Автомат менен пулемет жолдо калсын тим эле.
- Эмнесен менин артыман жыйнап калдың беле?! Же мени сен тартипке саласыңбы? – дегенденбаштап тиги жигитти көрдөн алып жерге, жерден алып көргө салды. Бечара бала жеайтаарга кеп таппай, же «эжекелеп» токтото албай, же качып кутула албай айласыкетти. Канча айдан берки бугун чыгарды бейм Асылкан.
- ЖанагыКенже да сага окшош митаам. Жеткен жексурду мага атаандаштырып коюп кайра анынбир да кылыгын көрбөйсүңөр. Анын лифти канча жатты айран төгүлүп балжырап.Ошону көрдүңөрбү силер? Анын кабатынан канча чаң чыкты, аны көрдүңөрбү? Жок көрбөйсүңөраны! Анан келип бир жолу швабрам жерде жатып калса ошону көрөсүңөр. Уу жүзүкаралар! Эмне мени коркот деп турасыңарбы? Керек болсо ошол Кенжеңерди баш кылыпабийриңерди төгөм.
Ал ушунтип кыйкырыпэкинчи кабатка кол кезегенче өйдө карады да дендароо болуп катып калды. Тим элепульт менен өчүргөндөй токтоду. Ансыз да эч нерсени түшүнө албай турган жигит,бул көрүнүшкө ого бетер чамасы жетпей Асылкан караган тарапты карады. Бирок, алберки көргөндү көрө алган жок. Жанатан бери ажылдап аткан неме эмнени тиктептуруп калганын билбей кайра-кайра карады. Эч нерсе жок. Кадимкидей эле экинчикабатта кардарлар басып жүрөт. Наркы үчүнчү кабатта деле кадимкидей жашоо жүрүпаткансыйт. Канча аракет кылса да Асылкан көргөндү көрө алган жок. Көрмөк даэмес чынында. Себеби, алайган көз окшош болгону менен наркы мээнин иштегенибашка да. Кимдир бирөө асманды көрөт, кимдир бирөө булутту көрөт дегендей. Асылканболсо үчүнчү кабаттан экинчи кабатка эскалатор менен түшүп келаткан Кенжениатып ийчүдөй тиктеп турган.
Ансыз да ичи отменен жалын болуп турган немеге Кенже тим эле кер маралдай керилип, ого бетербараандуу, ого бетер сындуу көрүндү. Кудум эле эң бийик атак-даңкка жеткеннемедей койкойгонучу. Колундагы телефон менен кимдир бирөөгө жыргап сүйлөпатат. «Ооба, бүгүн беришти. Орто Азиянын эң алдыңкы пол жуугучу болдум» депжаткандай туюлду анысы. «Жүзү каранын тим эле мактанып келатканын карачы? Ананкалса эскилатурга түшөт тим эле! Көргөзөм сага эскилатурду. Көргөзөм! » депшыбырады Асылкан өзүнчө. Анан алдында аңкайып турган жигитти түртүп жиберипжанындагы эскалаторду карай чуркады. Бирок бул өйдө чыкпай, ылдый түшө тургантепкич экенин ойлогон да жок. Антаңдап чуркаган бойдон келип тепкичтен тепкичкеаттады. Алгач жакшы эле өйдөлөй түшкөн. Бирок, бир маалда өзүнө каршы жүргөнтепкичтерден өзүн кармай албай жыгылып кетти. Жаны жок эскалатор аны аяйбы,акырын жылмыштырып келип жерге таштап койду. Бул аны ого бетер ызалантты. Өзүтыбырап тура албай атканда Кенженин койкоюп гана түшүп келатканы көз алдынатартылды. Дароо ордунан тура калып кайра өйдө жөнөдү өжөрлөнө. Анткени мененмунусу мурункусунан да натыйжасыз болуп чыкты. Этегине чалынып, эт бетиненкетип кайра шыпырылды. Дагы жакшы артынан баягы өзү урушкан жигит келипкалыптыр. Ошол колтуктан шып илип алып артка тартып кетти. Асылкан аны көрүпандан бетер арданды.
- Жоголнары! Жогол! – деп энтиге сүйлөп нары түртүп салып кайра жөнөдү эле бул жолуэкинчи тепкичтен нары кете алган жок. Так ошол учурда эскалатордун өйдө жагынанжетекчиси көрүндү. Ал мунун жыгылып кеткенин эми көрдү окшойт,
- Ойабайлаңыз эжеке! Абайлаңыз, - деп сүйлөнгөн бойдон эки аттап ылдый түшүпАсылканга эңкейди. Бечара аял анын минтип жалооруй калганына чыдабай ошолотурган бойдон бетин басып буркурап ыйлап жиберди. Тим эле энесине эркелегенбаладай шолоктоп ыйлады. Анан кантсин байкуш! Качантан берки бугу ичине батпай,көкүрөгүн жарып бараткан эле. Акыры ушунтип жарылмак. Тээ келген күндөн беркиыза-кордугу мунун өпкө боорун куйкалап бүтүп, жанар тоодой атылайын деп калган.Мына эми анысы так ошол жетекчинин алдында оозун тээп булкунуп чыкты.
Кантсе да адам эмеспи, жетекчинин мээрими ошол күнү ойгонду. «Кап байкушаялды аябай кыйнаган окшойбуз. Биз аз тыныгуу бербесек болгудай эмес» деди ал.Ошентип ага бир жума тыныгуу бермей болушту. «Жакшылап эс алып, бала-чакаңызгажолугуп келиңиз» деди. Ал тургай айлыгынан сырткары да акча бердирди. Эмикыйраткан деле акча эмес анысы. Алгач сейфиндеги бир таңгак акчадан беш алтыны суурупчыкты да, андан дагы үчтү сууруп алып, калганын кайра таңгакка кошуп сейфкесалып оозун бекитти. Бирок колундагы бөлүп алган үч купюранын да экөөнү алыптартмасына салды. Андан кийин колундагы жалгыз кагаз акчаны бир саам кармапойлонуп туруп сырттан катчысын чакырды.
- Ме,мобуну майдалатып келчи, - деди ага колундагыны сунуп туруп. – Эки беш жүздүккылып кел, - деп кошумчалады тиги кыз чыгаарында. Эки беш жүздүк кыздын өзүндөэле бар окшойт, кайра тез эле кирди. Жетекчи беш жүздүктөрдү алып бирөөнү эчойлонбой тартмасына салды. Анан жаңы конверттен бирди алып ага берки бешжүздүктү салып баратып кайра токтолду. Кыязы кыйбай атты окшойт. Тим эле жанынкошо сууруп кетчүдөй көрүндүбү, айтор кадимкидей чекеси бырыша түштү. Бирмаалда чөнтөгүнөн намыянын сууруп чыгып аңтарып карай баштады. Жанагы пайдаболо калган бырыш намыяндан эки жүздүк чоң сарыдан бирди сууруп чыгыпкелатканда гана жазылды. Ошентип, ачылган конвертке эки жүз сомду салды даоозун жакшылап чаптады. Андан кийин жанагы тартмага салынган акчалардын баарынчогултуп, тиги эки беш жүздүктү кошуп кынаптап бүктөп туруп кайра сейфин ачып,жанагы таңгагына кошту. Ошондон кийин гана көңүлү ачылып сейфин бекитти.
Бул убакта Асылкан бөлмөсүндө жели чыккан топтой болуп бугу тарап шалпыйыпотурган. Тим эле өтө узак сапарга аттанып жаткансып кийимдерин чечип, түптүзкылып илип коюптур. «Бүттү. Баары бүттү» деп жатты оюнда. «Канча кишининалдында баарын уят кылдым. Эми эптеп мени кетиргени калышты окшойт» дегенишеним негедир мээсинен кетпей койду. Балким жетекчи «кетпей туруңуз» дебегендежана эле акырын басып жок болмок бул жерден. Анын үстүнө ушуга чейинкииштегенин да эсептеп беришмей болбодубу. Эми жок дегенде ошол эмгек акысын алыпкетейин деп отурат.
Мына, күткөн убакыт да келди. Жетекчи бирөөнү жиберип бөлмөсүнө чакыртыптыр. Кудум эл караган бери жер карап, жедеп уят болгон немедей шылкыйган бойдонтепкичтен тепкичти басып отуруп жогорку кабатка чыгып, жетекчинин бөлмөсүнөбарды. Эскалаторду дегеле көрөйүн деген көзү калган эмес. Лифтти болсо бечарадагы эле биле элек. Ал дагы эле ошол күзгүлүү бөлмө бойдон оюнда калды. Кыскасыбышылдап тердегенине карабай тынымсыз басып отуруп жетчү жерине жетти. Жетекчианы өтө сылыктык менен тосуп алды. Бирок мурдагыдай көп сүйлөгөн жок. Айлыкакысын эсептетип койгон экен анысын тапшыртып, тиешелүү кагазга кол койдурду.Андан кийин жанагы өзү даярдаган конвертти өтө чоң белек берип аткансыпсыймыктана сунду.
- Мынаэжеке, мобу акчаны аз болсо көптөй көрүп керек-жарагыңызга жаратып коюңуз –деди жадырап туруп. «Аз болсо көптөй көрүп» дегенди атайын кошуп айтты. Сөздүтаап айтып көңүл алганды жакшы үйрөнгөнүн далилдеп турду мунусу.
Анткени мененАсылканга бул ого бетер катуу тийди. «Таш менен урганды аш менен урганды билгенкиши экен» деди ичинен эрдин кесе тиштеп туруп. «Кайра-кайра чакыртса да барбайкөк беттенгеним аз келгенсип, канча кишинин көз алдында бышактап ыйлап уяткылдым. Сооп болот мага! Дагы жакшы киши экен» деп өзүн кемирип- кесипжатты. Ооз учунан араң гана «рахмат» деген сөздү айтты да, эптеп коштшшумушболуп бөлмөдөн чыгып кетти. Ошону менен түз эле тепкичти көздөй багыт алып,биринчи кабатка түштү. Ал жерде канчадан бери көзүнө ысык көрүнүп калган таанышаянтын бир карап алды да оор үшкүрүнүп алып сыртты карай жөнөдү. Ошол ошолболду. Асылкан кийин бул дүкөндүн босогосун бир да жолу аттаган жок.
Жетекчи болсо аныканча издетип да таба албады. Өмүрүндө кимдир бирөөнүн телефонун, дайын-дарегиналбай калганына мынча өкүнгөн эмес чыгаар. Өзү келген немеден анкета толтуртупкоюшканга да жарашкан эмес экен. Мына эми минтип биринчи кабатты тазалата албайар ким менен согушуп, жумушчудан жумушчу түтпөй кыйсыпыр түшө башташты. БашындаАсылканчылап бир эле жумушчу алалы дешти эле, эч ким чыдабай койду. Кийин экиаял алышты. Бирок, алар дагы чыдабай бат эле качып кетип жатышты. Үч аялалганга болсо жетекчинин чөнтөгү жол бербей турду. Бир кабат үчүн үч аялгаайлык берүү ал үчүн барып турган акылсыздыктай сезилди. Кыскасы, Асылкан биркелген бакыттай бир жылт этип пайда болду да, кайра ошол пайда болгонундай жылтэтип жок болду.
Баса, Асылкан ошолбойдон айлына да барган жок. Күйөөсү ишке орношуп, баягы кредитин төлөпбүткөнүнө карабай темселеп шаарда жүрө берди. Же «Азиянын алдыңкы пол жуугучу»боло албай калганына ардандыбы, же жаман да болсо шаар көрүп калганга айылдычандыбы, айтор, бирде дагы бир ишканага тазалыкчы болуп кирсе, бирде туш келгентигүүчү цехте туш келген милдетти аркалап шаарда жүрө берди. Айылдагы короо-жайын, анча-мынча мал салын бирөөгө тапшырып коюп, бала-чакасын шаарга алыпкелди. Андан кийин күйөөсүн көндүрдү. Ошону менен карандай чайдан шоркуратаичип, борбор калаанын тээ чаң баскан конуштарында кимдир бирөөнүн эки бөлмөлүүжалпак тамына бала-чакасы менен тыгылып күн көрө баштады. Турмушу жаман даэмес, жакшы да эмес, кадимки эл катары. Күйөөсү бир базарда жүк ташыйт.Балдарынын бирөөсүн догурунуп жүрүп ошол аймактын мектебине киргизген. Бирөөсүболсо окууга жарай элек. Анысын жанындагы кошунасына калтырат. Өздөрү таңданкечке тытынып иштеп, кечинде тырп этээрге алы калбай жатып калышат. Макаронменен бөлкө нан, арзан май менен карандай чай булардын айныгыс тамагы. Айылдагыайран- сүткө, эт-ашка көнгөн курсактар алгач кыйналганы менен, кийин сезбей делекалды. Жок, баса. Курган ашказан анын баарын сезди. Бирок, куураган мээ гана сезгенжок. Качан сапатсыз тамактан дарманы кетип, жүрбөй калганда, качан дарыгердендарыгерге чуркап карайлап калганда сезет эмеспи андай мээлер. Ага чейин биркейибей жүргөнү жүргөн булардын.
Күнүмдүк турмуш өтөберет тура шаарда. Тиги айылдагы Бүзыйна гана көрбөсө болду. Айылга барып агакөрүнгөнчө, ушул жердин жайкысын мээ кайнаткан ысыгына да, кышкысын он жылыткычсайса да жылыбаган муздагына да чыдаганы жакшы. Эптеп бир оңу келген күнүкөпчүлүккө кошулуп бир жерди басып алса, ылайдан чампалап-чумпалап там салыпалбай жаны жокпу. Ага чейин тигүүчү цехтин чаңына да, пол жуугандын бөйрөктөнбөйрөк калтырбай талкалаган суугуна да чыдайт бул. Ии, атаң көрү! Айтам депунуткан турбаймбы. Асылкан азыр Асылкан да болбой калган. Аны азыр Аська дешет.Асолька дегендер да бар. Кыскасы, шаарга келген карапайым кыз келиндин бир дасапаты муну кыйгап өткөн жок. Баары бар мында. Баары бар...
#59 08 Август 2015 - 18:57
Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 08 Август 2015 - 19:06
#60 08 Август 2015 - 19:03
Чочоңдоп басып, жаныбарларга мээримдүү мамиле кылыңыз. Ал тургай ит-мышык, козу-улак, ат-эшек менен өбүшүп, тоголонуп ойносоңуз да болот. Бирок, адамдарга такыр жолобоңуз. Алардан жийиркенип, ал тургай качып турсаңыз андан да жакшы. Ошондо сиздин таза, тыкан жана жан-жаныбарларды жакшы көргөн боорукер жан экениңиз билинет.
Кокус алдыңызга тамак келип, үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп калса фотоаппаратыңызды, же телефонуңузду сууруп чыгып тартып баштаганыңыз оң. Андан кийин аларды интернетке жайгаштырыңыз. Бул учурда сизде интернеттин болушу же болбошу маанилүү деле эмес. Өзүңүзчө жылмайып, телефонуңузду чукулай бергениңиз жетиштүү. Ошондо гана сиздин досторуңуздун арасында кадыр-барктуу экениңиз билинет.
Колдон келишинче орус тилиндеги сөздөрдү колдонгонго аракет кылыңыз. Маанисине карап, тандап деле отуруунун кажети жок. Болгону көп тантырап кетпей, тез-тез сүйлөгөнүңүз жетиштүү.
Жумуш жасаганга чакырып атышабы? Келесоо немелер го! Такыр макул болбоңуз. Таптакыр! «Билбейм» деген эң сонун сөз бар. Баса, орусчасы «не знаю» же «не могу». Бул сөздү керек болсо түнү менен кайталап чыгыңыз. Кокус бул сөздөрдү да айта албагыдай абал болуп калса (мисалы келин болсоңуз, же күйөө бала болсоңуз) анда.. анда паникага алдырбаңыз. Шашылбаңыз. Алгач өзүңүздү бекем кармап, терең-терең дем алыңыз.. Андан кийин жөн гана кимдир бирөөнү жардамчы кылып алууга аракет кылыңыз. Өзгөчө өзүңүздөн жашыраак бирөөнү. Башталгыч класстын окуучусу болсо андан да жакшы. Ал баарын кылат. Сиз жардам бересиз. Жумуш бүткөндө болсо баарын сиз кылган болуп каласыз. Себеби, элет жеринде кичине баланын эч бир жумушу бааланбайт. Баса, эгер ээрчите келген балаңыз, же кызыңыз болсо бул эң сонун мүмкүнчүлүк. Ага улам көз салып, ыйлатпай карап, ичирип-жедирип, керек болсо туалетке алып барып, жылуулап жаап уктатып туруу сизди далай жумуштан куткарат. Мындайда балаңыздын улуту, жынысы, жаш курагынын эч кандай айрымасы жок. Айыл эле түшүнүктүү болот. Шаардык балдардын укмуштуудай мажүрөө болоорун билишет жана керек болсо өз жумушун таштап сизге жардам кылышат. Бирок, эскертип койойун. Эч качан, эч качан ооруга шылтоолобоңуз. Элеттин ысык-суугуна көнгөн кишилери бир жери сынып калмайын оорудум деп айтпайт. Ошондуктан сиз дагы алты-саныңыз аман туруп ооруп калдым, башым ооруйт, ичим ооруйт дегениңизди коюңуз. Муну кайра-кайра эскертем. Ооруп атам дебеңи! Балким, үшүп калыпмын, чыйрыгып атам (Чый-рыгып, ч-ы-й-р-ы-г-ы- п. Бул сөздү жакшы үйрөнүп алыңыз. Көп жерде пайдасы тиет) десеңиз бир аз аяп мамиле кылышы мүмкүн. Бирок, оорураак жумуштарда бул деле жардам бербейт. Эң жакшысы бала.
Карыган кишилер менен, жашы улуу кишилер менен сүйлөшпөңүз. Алардан качыңыз. Кары кишилер сиздин качан, кайсы убакта айылдан кеткениңизди бат эле билип алат. Бир заматта ата-жотоңузга чейин тактап, канча жашка чейин айылда жашап, буга чейин кандай иштер менен оокат кылганыңызды аныктап чыгышат. ЭСКЕРТҮҮ! Кары киши менен сүйлөшүүдө өзүң тууралуу сыр алдырбоонун жолдорун азырынча эч ким таба элек. Ошондуктан, алардан мүмкүн болушунча качып кутулууга гана аракет кылыңыз.
«Эч ким укпайт, эч ким билбейт» деген ойлор сизде такыр болбосун. Айылдын керек болсо бак-дарагына чейин микро чиптер орнотулган. Ар бир кыймылыңыз кимдир бирөөлөр тарабынан көрүлүп, угулуп турат. Ар бир кыймылыңыз! Бир кадам кылт эттиңизби, бүттү. Атом бомбасын жардым деп ойлоно бериңиз. Буга да азырынча эч ким коргонуу жолун таба элек. Бул жаатта супер нано технология айылдыктарда. Баса, кокус кайсы бир иш-аракетиңиз жалпыга жайылып кетсе, андан көп деле сар-санаа болбоңуз. Шаардыктардан төрттөн үч бөлүгү так эле сиздей абалга туш келген. Калгандары болсо келечекте түшөт. Баары бир түшөт. Тагдырдын жазмышы ошондой. Жазмышка айла барбы...
Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 08 Август 2015 - 19:04