SherKhan Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 156 (0,05 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (108 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 05 Декабрь 14
- Кароолор:
- 16 707
- Соңку аракети
- 24 Янв 2016 14:30
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 43 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 24, 1980
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Кыргызстан. Сокулук
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Жашоомдогу жагымсыз көз ирмемдер
Жазылган күн: 5 Мар 2015
9-классты аяктап жаткан кезим болчу. 11-класстар менен 9-класстар бутуруучу катары мамлекеттик сынак тапшырат эмеспи. Мен да кундо "консультация" деп эрте менен чыгып кетем да классташ кыздар балдар болуп, кечке шапар тееп журо берчу адат таптым. "Же уйдо жок же чуйдо жок" болуп уй ишине каралашып койгонго убакыт табылбайт. Курсак ач болсо да кечке кочодо журуп карангы кирип калганда уйго келем. Апам байкуш тамак берип бутуп;
- Ай балам, кундогу адатынды таштачы. Кечке кочодо самсаалаганын аз келгенсип туну да кочого чыгып тун бир оокумда келесин. Андан коро атана кичине каралашсан боло, карачы сенден кичине инилеринди, тамтандап ошолор бир ишке жарайт, сен болсон жадагалса чачынды тараганга убакыт таба албайсын.
- Апа, мени жакшы окуп адам бол деп кулагыма куюп атпайсыздарбы, мына ошол жакшы окуп сынактарды жалан 5 деген баага тапшырайын деп кечке "консультацияда" журбоймунбу.
- Ээй койчу балам. Сен тиги Айдардын алмасынын тубундо кыздар балдар топтолуп каткырып кулуп ойноп жатканынды "консультация" дейсинби? Же тиги Айтбектин кызы кайда басса, ошонун артынан эрчип жургонунду "консультация" дейсинби?
- Ха.ха.ха. Апа койсонузчу эми ушинтип андыганды. Качанга чейин мени жаш бала коро бересиз.
- Апага деген баласы 50го чыкса деле жаны туулганда кандай корсо ошол козу менен коро берет жана ошондой бала бойдон корунот балам. Бул нерсени озун ата болгонунда анан тушуносун.
Ошол тапта сырттан досторумдун ышкырыгы угулуп калды.
- Апа, мени тигилер чакырып атышат, мени кутпой жата бериниздер, мен кеч келем.
- Ай токточу бай болгур. Мен азыр сага жомок айтып жаттым беле? Кичине ата апага жардамынды тийгизсен боло. Эми кайда жонодун?
- Биз апа бурсугуну боло турган сынактарга даярданабыз тиги Эмирландыкында - деп бут кийимимди кийип чуркап чыгып кеттим.
Чыксам классташ балдарым туруптур, алар да мага окшоп курсагы учун уйлоруно жарым же бир саатка гана кетишкен.
- Таак кайда барабыз - дедим саламдашып буткон сон. Анткени бизде эч кандай максат жок болчу. Апам айткандай самсаалап кечке жургонубуз аз келгенсип тундо да кочодон кочого жон жай эле баса берчубуз.
Мындан жарым жылдай мурда менден 5-6 жашка улуу кошуна акелерим мага тамеки тарттырып кондуруп коюшкан. Кундузу эч тартпайм, бирок, тундосу балдардын алдында озумду "крутой" сезип без фильтр "КИРГИЗИЯ" деген тамекини тутотуп буркуратып тартып калам. Тигилер тартышпайт бирок менин козумчо мага суктангандай болуп сезилчу.
Самат деген бала;
- Жургуло балдар тиги Нуриктикине барабыз, бугун алар олтурушкылышат экен.
- Кайсыл Нурик?
- Тиги 11 ди бутуп жаткан 78деги Нурикпи?
- Ооба да.
- Ал жакка неге бармак элек, мээн жайындабы? Биз барсак эле келгиле деп киргизе коймок беле? Алар деген 11ди бутуп атышат. Аларга баары жарашат, биз алардын жашына жетишибизге дагын 2 жыл бар. Короче баргандан толк жок.
- Мен силерди уктум, эми силер уккула. Ал жерде деген 11-класстарбы жалан?
- Ооба.
- Алар быйылдан баштап мектепке кайра келеби?
- Жок ай неге келсин...
- Воот. Алар коштошуп атабыз мектеп менен деген шылтоо менен жумасына 3 жолунан олтуруш кылып кыздар менен "коштошууну" пландаштырыптыр.
- Ээ койчу э кайдагыны айтпай. Кыздары эмне мал беле кыздыктары менен коштошчудай?
- Ушул оюнар жаман да, туз эле жеткирип бутуруп коесунар, силер учун кыздар менен коштошуу деген созсуз кыздыгын алмай беле. Кучактап ооп жыттап дегендей, кокурокторунон кармалап коштошот да омей.
Баарынын делебеси козголуп коздору жайнап чыкты. Алардын ширин кыялдарын буздум да;
- Э Самат буларды сен кимден угуп журосун? Анан биз бардык дейли, анан биз кантип бул нерселерди коро алабыз?
- Менин братым Урмат да 11ди аяктап атпайбы, ошол кечее мага баарын айтып берди. Балдары Нуриктикинде бир жай даярдашыптыр атканада, ошол жерге кезек менен оз кыздарын жетелеп кирерин мактанып айтып берген.
Баарыбыздын коздорубуз куйуп Нуриктикине карай жоноп калдык. -
Ким күнөөлүү?
Жазылган күн: 23 Фев 2015
Жашым 32ге чыкканча такырр уйлонбодум. Анткени атам отуп кетип апам жана2 иним менен жалгыз карындашымды аталуулардан кем болбосун, менчилеп таллалап кетпесин деп буттарына тургузууга аракеттенип журо бериптирмин. Инилеримди уйлодум бирден перзенттери бар, карындашым турмушка чыкты жакында. Баары ЖОЖдон билим алышып иштеген иштери бар астында уйу машинелуу дегендей. Мен да озумо Жаш Гвардия бульварынан 3 болмолуу благоустройный квартира жана Арча бешиктен жер там алдым. Акыркы кезде апам коп ыйлачу болду, себеби мен коп жылдан бери Россиялап журом. уйлон деп жалбара берип тажатып ийишти. Макул болуп кыз издей баштадым. Алыс эле бир женем базарда чогуу соода кылган бир жаш кыз бар экенин айтты. Бирок ал кызды апасы тороп жолдун четине таштап кетиптир, ошентип ал кыз жетимдер уйундо тарбияланыптыр. Коп кыйынчылыкты, азапты, жокчулукту башынан откоргон кыз тириликке бекем келет, уй було учун жан берет деген ойдо таанышып корууну чечтим. Женем аркылуу жолугар кунду саатына чейин белгилеп чакан ресторанда жолугуштук. Узун бойлуу кара торунан келген арык чырай кыз экен. Мени тан калдырганы чачынын узундугу жамбашынан ылдый тушуп турганы болду. Себеби мындай узун чачтуулар азыр сейрек кездешет эмеспи. Ошентип таанышып маек куруп бийлеп ал тунду сонун откордук.
Эртеси апама жетим экенин, жетимдер уйундо чонойгонун айтып акырында тамаша иреетинде менин кайын журтума маараке откорсок орун устукан деп ойлонбойбуз деп койдум.
Эки кундон кийин апам ыраазычылыгын берди. Жашоодо уй було эмне экенин билбеген кыз менен бактылуу омур суруп кетишине козун жетеби? Озун ойлон балам, жашай турган сенсин, эгер жашап кетем десен ак жол кулунум деп батасын берди. Азия Ордо кафесинде чон той бердим. Озумдун машинем бар экенине карабай инилерим менен карындашым женесине белек катары тойота камри унаасын тартуу кылышты. Ошентип жашоо башталды. Алгач кыйын болду экообузго тен, анткени ал жетимдер уйунон чыккан, мен болсо бойдокчулук жашоого конуп калгам, Атайын лицейге айдоочулук курсуна окууга тапшыртып койдум.
Арадан бир ай отпой мен жокто уйго эн кенже иним келип Арча бешиктеги уйдун ачкычын сураптыр. Себеби анын кайнатасы казакстандан бир камаз буудай алып келип камазды жонотуш керек экен. Буудайды болсо ошол менин уйумо болгону 3 кунго тушуруп турууну сураныптыр. Биздин уй силерге камера хранения эмес деп ачкычты бербей коюптур. Бул окуяны менин жакындарым мага айтпай сыр катары жашырыптыр.
Дагын бир кун Апам тел чалып бугун туштон кийин уйумо келип туноп кетерин айтты. Жумушумду арыдан бери бутуруп уйго келип даярданып апамды тосуп алдык. Баарыбыз сонун олтурдук, бир кезде бир дос балам аварияга учураганы тууралуу телефондон кабарлап калды, барбасам болбойт деп жоноп кеттим. Ары бери чуркап кан берчу донор таап операция жасатып тун бир оокумда врачтар досунар эртенге чейин жата турсун анан бир дайыны билинет деп бизди жолго салды. 4-больница арча бешиктеги уйумо жакын болгондуктан эки досумду алып уйго келдик. Эшиктин сыртындагы кулпу жок, такылдатсам бир жигит эшикти ачып силер кимсинер ким керек деп сурап кирди. Эч нерсеге тушунбой калдык. Мен го уйдун ээсимин сен ким десем биз ушул жерде квартирантпыз дейт. Унчукпай уйго кеттим. Келсем апам жок аялым уктап жатыптыр. Тундосу сурак кылып уйкусун бузбайын деп чечтим да балконго чыгып апама чалдым, иним алды. Апам уктап жатат тан атканда чалынызчы дегенинен улам коштошуп коюп кирип жатып алдым.
Комментарийлер
mrs.honey92
12 Апр 2015 - 15:01sterva
24 Фев 2015 - 14:52