venchik Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 79 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Кыз-жигит (15 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 27 Август 07
- Кароолор:
- 17 094
- Соңку аракети
21 Дек 2018 15:23
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 86 жашта
- Туулган күнү:
- Октябрь 5, 1937
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
unt_75
12 Фев 2019 - 01:41 -
Jazdyn_tany
23 Окт 2017 - 23:39 -
Shair87
15 Янв 2017 - 21:52 -
Umar.
25 Окт 2016 - 00:08 -
Abaika22
28 Авг 2016 - 15:53
Мен ачкан темалар
-
Экс-сүйүүлөрдөн калган эстеликтер сакталганбы?
Жазылган күн: 4 Май 2016
Кыз-жигит болуп жүргөндө баары кызык эмеспи, өзүнчө эле романтика. Бирок тилекке каршы бардык эле сїйлошуп жургон тугойлор баш кошо беришпейт. Менде деле романтика учурлар коп болгон. Сурот, открытка, мишка, белек-бечкек дегендер... Аларды тим эле аздектеп сактачумун. А бирок тагдырдан качып кутула албайт экенсин да, башка адамды суйуп, башка адамга турмушка чыккандан кийин подаркалардын баарын жок кылып салдым. Силерден да сурайын дегеним, суйуу очкондон кийин эстеликтерди эмне кыласынар? Же дагы деле мурунку жашоосун унута албай сактап жургондор дале барбы?
-
Жалкоолор клубу
Жазылган күн: 12 Апр 2016
Туугандар, мен эч эле жалкоолугумду жене албай жатам. Силердин аранарда да мага окшош жалкоолор барбы?Айткылачы, ушул адатымды кантип калтырсам болот? Улам эле иш кылам дейм да алаксып отура берем жалдырап
. Уффф, айткылачы, кантип жалкоолукту женесинер? Кенешинер менен болушкулочу. Мен жалкоолордун жалкоосумунбу же менден ашкан жалкоолор да барбы????
-
Стиляга президентибиз.
Жазылган күн: 17 Мар 2016
Өткөндө телевизор көрүп отурсам президент Атамбаев сүйлөп жатыптыр. Биринчи эле көзүм желкеси түшүп турган костюмуна көзүм түштү. Бир кезде "Суперге" саясатчыларды стилисттерге сындаткан материал чыкканы эсиме түштү. Анда президентибиз өзүнө чоң костюм киерин айткан болчу. Эми ал жөнөкөй адамга деле көрүнүп турбайбы. Ошондон кийинөзүнө туура костюм кийип калгандай сезилген. Эми кайра "мешокко кирип алыптыр". Башка өлкөлөрдө жолугуу болгондо да биздин президент жүдөгөндөй көрүнө берет. Башка президенттер чыкчыйышат тим эле. Акаевдин өзүн алып жүргөнү мага аябай жакчу. Бакиев да ушундай "стилде" кийинчү менимче. Не президенттерибизге жарашыктуу кийинте турган киши жокпу, ыя? Лидерлерибиздин жүдөгөндөй абалын көрүп эле кыжырым кайнай берет
.
-
Светке эмне эле көп чыгып жатат десе...
Жазылган күн: 17 Мар 2016
Фейсбуктагы Баяна Кулова деген журналисттин бул посту көңүлүмдү бурду. Мен ушул убакка чейин квитанцияны бир да текшерип коргон эмес экемин. Сиздерде да ушундай окуя болду беле?
Ишемби күнү келген 9086 сомдук светтин акчасы чыккан дүмүрчөктү көтөрүп алып таң атпай түндүк электр ишканасына бардым. Кирип барсам колу буту калтырап карыган апалар, жаш балдар акча төлөп жатышыптыр. Мен өз келген максатымды түшүндүрүп, кимге кайрылам десем биздин аймакты текшерген текшерүүчүнү таап беришти. Өзүнчө эле генерал чиркин!! генаралдар да мындай чалкалабайт. "Эмнеге мынча көп жазгансыз, дээрлик мен бир айда үйдө болгон жокмун, анан да жылыткыч сайган жокмун, лампочкага ушунча чыгыптырбы. Кандай кылып эсептедиңиз" десем жакканыңды унутуп калдыңбы дейт. Кыскасы экөөбүз катуу айтыша кеттик. "Төлөйсүң, сендей наглыйлар жанга батты, кыйын экенсиң 70 тыйын болуп жатканда төлөбөйт белең" -десе болобу? 70 тыйын болгондо эсептеп барбайт белең дедим. Сен кайдан чыккан кыйынсың деп такыр моюн сунбайт. Экөөбүз тартышып жатып акыры начальникке кирип кандай жол менен эсептегенин абоненттик баракчадан мага көрсөтүүсүн талап кылдым. Көрсө менин акчам 230 эле сом экен. Уятсыздар десе!!! "сен өзүңчө эле мыйзамды талап кыласың да, кайда иштейсиң" дейт. Журналистмин дедим. Көрүп ал анан алардын бөйпөңдөгөнүн. Карындашым, (заматта карындашына айландым генералдын) кой эми, тиргилик кылышыбыз керек да дейт. Тиргиликти карапайым элдин канын соруп жасайсыңарбы? деп дагы бир жолу ушундай кылса сот залынан жолугуп калаарыбызды эскерттим. Эгер дагы бир жолу ушундай иш жасаса сот залынан жолугабыз. Баса, тигил текшерүүчү мени менен кошо чыгып жалаң чоңдор айдаган укмуш 470 лексус айдап кетти. Кайсыл акчага айдады? Кайсыл акчага алды? Ушинтип карапайым элдин канын соруппу? Адал жол менен мага десе самолёт айдап алсын чатагым жок. Бирок карапайым элдин үстүнөн акча жасаган мындайлар кыжырды гана кайнатат экен... -
Кош бойлуу кезде УЗИ, допплерге түшүү зарылбы?
Жазылган күн: 15 Дек 2014
Менин бир байкаганым, биздин гинекологдорго барсаң эле УЗИге жөнөтө беришет. Сурайын дегеним, силер да кош бойлуу кезде УЗИге көп түшөсүңөрбү? Мен УЗИге эгер ден соолук жакшы болсо үч жолу эле барыш керек экенин кийин гана билип калдым. Учурда биз 27 жумадабыз. Бирок ушул кезге чейин эле УЗИге үч жолу түшүп койгом. Өткөндө гинекологго барсам кайра УЗИге жөнөттү. Аны угары менен жолдошум каршы чыгып, ашыкча түшкөн балага зыян деп такыр жолотпой жатат. Анан да допплерди жакшы деп уккам. Перзенттин курсакта болгондогу абалы, баарын билип, вдруг туура эмес бир нерсе болсо дарыласа болот дешкен. Аны да гинекологго барып өзү направление алган болчумун. Допплердин зыяндуулугу күчтүү экен деп жолдошум ага да жолотпой жатат. Эми кантем? Мен болсо балабыздын ден соолугу чың, баары жакшы экенин билип, көңүлүмдү тынч алып жүрсөм дейт. Жолдошум такыр сөзгө келбей жатат. Эмне кылсам болот? Бир жагынан алганда, чынында эле мурунтан ата-энелерибиз допплер, УЗИси жок эле төрөшпөдү беле... Иши кылса башым катып жатат((((. Мага кеңштериңерди бере кетсеңер. Бир жагынан балага зыян кылгым келбейт. Бир жагынан баламдын абалын билгенче шашып жатам(((.
Комментарийлер
Sagy
21 Май 2013 - 01:23