Naziko_Bayazet Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 134 (0,05 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (68 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 22 Ноябрь 16
- Кароолор:
- 9 170
- Соңку аракети
- 07 Ноя 2017 08:58
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 30 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 18, 1993
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Апа, мен качан басам?
Жазылган күн: 7 Ноя 2017
kuba1985 (10 Июль 2017 - 10:19) жазган:
Кудайга шугур кичуусу ден соолугу чын болгонуна. Ак-Суудан бир келиндин 3 баласы тен оорукчан экен. Коруп алып журогун ооруйт.Менин улуу балам да , ооруган кызымды майда барат жумушум буткучо карап берет. Чонойгондо врач болуп дарылап коем, анан сен ыйлабай каласын деп мени андан бетер ыйлатат. Ылайым ден соолуктары чын омурлору узун болсун балапандардын. -
Темасы: Кайним тажатып жиберди
Жазылган күн: 27 Окт 2017
Ассалому алейкум автор. Ошончо кеткен акчалар сиздин чөнтөгүңүздөн кетпеген чыгаар , жолдошуңуз бир тууганына алып берип жатат ага эч киришпеңиз . Сизди тойгозуп жатабы болду шүгүр кылың. Айтканыңар чын болсо барына шүгүр кылыңыз. Балким кайниңизде да бардыр, биз билип-билбей бир тараптуу жаза беребиз. Башканы билбейм, мен кийин -кийин жакшы иштеп калсам жолдошумдун акчасына эмес өзүмдүн акчама кайнилериме акыркы моделдеги уюлдук телефондорду алып берем деп кыялдана берчүмүн. А кайната-кайненеми Дубайга эс алууга жиберебиз деп күйөөмө көп айтчумун. Сен жаман болсоңда ичиңдеги ниетин таза болсун ,мен кандай болбоюн ичимде жалан гана жакшы план , жакшы ниет ойлорум бар болчу . Ошого адамдын жүрөгүндөгү ойу таза болсо , Аллахым баарын өзү таразалап алат экен. -
Темасы: "Капаланба" аттуу китеп тууралуу
Жазылган күн: 25 Окт 2017
СЕНДЕ АЛТЫ АРАЛАШКАН ДААРЫ БОЛГОНДОН КИЙИН ЭМНЕГЕ КАПАЛАНАСЫН?
1.Аллахга ишененүү
2.Бардык нерсе тагдырга жазылгандай болооруна ишенүү
3.Сыноо келгендер үчүн сабырдуулуктан жакшы нерсе жок
4.Эгер сабыр кылбасам эмнеге амал кылам?! Анда өз жаныма жардам бербеген болом
5.Мындан да жаман нерсеге кабылып калбашым үчүн ыраазылык билдирем
6.Алдыга убакыт өткөн сайын жеңилдик боло берет -
Темасы: "Капаланба" аттуу китеп тууралуу
Жазылган күн: 25 Окт 2017
ТӨРТ НЕРСЕДЕН САКТАН
1.Аллахтын жазган тагдырына каардануу жана нааразы болуу
2.Күнөө иш кылып , ага тообо кылбоо
3.Адамдарды жек көрүү, өч алууну эңсөө жана көрөалбастык кылуу
4.Аллахты эстөөнү каалабоо -
Темасы: "Капаланба" аттуу китеп тууралуу
Жазылган күн: 25 Окт 2017
Асссаламу алейкум! Бүгүн сиздерге пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассаламга келген, эң оор сыноону баян кылып айтып беребиз. Балким жүрөгүңүздө таруучалык ыйманыныз болсо, көзүңүзгө жаш келер. Аягына чейин көңүл буруп, окуп чыгыңыз. Балким чоң сабак аларсыз. Пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассалам 50 жаштан өткөндө уулду болуп, кубанычы койнуна батпай, 7 күндөн кийин акыйка кылды. Уулум Иброхимдей адам болсун деп, уулунун атын Иброхим койду. Уулу 5,6 жаш болгондо ооруп калды. Пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассаламдын көңүлү ушундай чөктү, чырак жакса да жарашпайт эле. Ыйлап хужурасында олтуруп алып,дуа кыла берди. Я Аллахым уулума шыпаа бер деп, олтурган терезеге көзү түштү. Караса уулу Иброхим чуркап үйдөн чыгып калды. Пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассалам кубанып кетип, я Алла өзүнө шүгүр дуамды кабыл кылдын деп айткычы жанына Жабрейил периште Аллахтан вахи алып келип, пайгамбарыбыздын желкесине башын коюп,ыйлап калды. Пайгамбарыбыз саллалоху аллейки вассалам ээ Жабрейил неге ыйлап жатасыз, кыяматтын кабары келип калдыбы деп сурады. Жабрейил периште ыйлап, жок Расулаллах сиз балам оорудан айыкты деп кубанып жатасыз. Уулуңузду жакшы көрөсүз ээ деп ыйлай берди. Пайгамбарыбыз, я Жабреил уулумду чындыгында жакшы көрөм, бирок бул дүйнөгө аны ишенбей кетем деди. Жабреил периште дагы ыйлап сурады, я расуллалох билесизби мени менен кошо ким келгенин? Пайгамбарыбыз ким келди ? - деп сурады. Жабрейил периште Азрейил периште келди деди. Бүгүн уулунуздун жанын алат деди. Аллах сизге эч качан уул перзент бербейт экен, уулунузду сизден кийин адамдар пайгамбар деп албашы үчүн, бир жүрөктө эки нерсеге махабат бирикпейт же үмөтүңүздү тандаңыз же уулуңузду тандаңыз деди. Пайгамбарыбыздын бүт денеси титиреп кетип, ыйлап жиберди. Я роббим,я Жабрейил, карыган чагымда көргөн баламды бул кандай сыноо болду деп, ыйлап олтурду. Жабрейил дагы ыйлап айтты, я рассуллалох мен бардык периштелердин колун ачтырып койдум. Өзум да дуа кылам, келиниз сиз дагы дуа кылыныз уулунузду сиз дүйнөдөн өткөндөн кийин жанын алсын деп Аллахтан сураналы деди. Аллах кабыл кылат. Пайгамбарыбыз ыйлап, я Жабрейил мен уулунун өмүрүн сураганы келген пайгамбар эмесмин да деди. Макул деди пайгамбарыбыз, мен үммөтүмдү тандадым деди, бардык периштелер колдорун ачкан болсо дуа кылышсын, мен дагы дуа кылам, сиз дагы дуа кылыңыз үммөттөрүмө уулумдун ордуна садакаттуу, диндар перзенттерди берген болсун деп ыйлап дуа кылды. Расуллалох айтты уулум менен коштошуп алууга уруксаат берилеби деди? Жабрейил периште Азрейил периште сизден уялып кирбей жатат, күтөт сиздин уруксаатыңызды деди. Пайгамбарыбыз саллалоху алейхи вассалам чыгып караса, баласы жакшынакай болуп сахаба балдар менен ойноп жүрүптүр. Көзүнө өзүнүн баласы эң жакшы көрүнүп кетти. Сулуу, мүнөздүү, адептүү бала эле. Расуллалох узаак баласына карап туруп, эй көзүмдүн кареги бул жакка келиңиз деди. Уулу чуркап келди эле , башынан сылап, уулум сиз сапарга кете турган болуп калдыңыз го деди. Уулу кубанып андай болсо, жаңы кийимдеримди кийип алайын ээ деди. Рассуллалох ыйлап, жок сиз кийим керек болбой турган, дүнүйө керек болбой турган сапарга кетесиз деди. Үйдөгү бир мейманды зыярат кылып чыгыңыз деди. Уулу атасына окшоп, зээндүү бала эле дароо түшүнүп, колундагы жаңгакты көрсөтүп,ушуну балдардан аманатка алдым эле,берип коёюнчу деп суранды. Муну угуп пайгамбарыбыз саллалоху аллейки вассалам ыйлап жиберди, я роббим ушундай аманатчым бар эле да деп. Уулу барып жаңгакты берип, бардык балдар менен кол алышып коштошуп чыкты. Кээ бирөөлөрү менен чоң кишилерче жүзүнө жүзүн тийгизип кучактап коштошту. Жабрейил периште токтобой ыйлап турду, я расулаллох дуа кылалык деп. Расуллалох ыйлап баласын узатып турду. Уулу келип ата кана баштаңыз, сиз ата жөнүндө көп хадис айткансыз сиздин алдыңызда бассам урматсыздык болоор деди. Бул пайгамбарыбыздын жүрөгүнө от салды. Я роббим ыймандуу, акылдуу уулум бар эле да деп ыйлап басты. Жолдо сахабалар менен дагы коштошту. Абу Бакр Сыддыкты кучактап коштошту бала. Алар түшүнбөдү эмнеге расуллалох ыйлап жатканын. Үйгө киргенде бала Азрейил периштени көрүп, ата бул мейман ким мен аны карасам, андан коркуп жатам деди. Расуллалох коркпоңуз бул мейман ушундай зат. Атаны баладан ажырата турган, дүйнөнү түгөтө турган, көүстөндү гүлдөтө турган зат деди эле баланын башы катуу ооруй баштады. Баласы башым катуу ооруп жатат деп калды. Расуллалох тизесин бүгүп, кел балам тиземе башынды коюп ал деди. Уулун катуу кармап туруп, я Жабрейил периште, Азрейил периштеге айт баламды Аллаха бердим, жанын оорутпай алсын деди. Жабрейил ыйлап жатты. Баласы титиреп атасына карап, бир жылмайып, жан берди. Расуллалох уулун өзү жууп, өзү кепиндеп, өзү көмүп бүтүп, буркурап ыйлап жиберди эле сахабалар я Расуллалох өзүнүз кайтарган нерсени өзүнүз кыласызбы дегенде, силер бүгүнкү окуядан кабарыңар жок, бүгүнкү окуя башка бир адамдын башына түшкөндө чыдап туралмак эмес. Эгер балам силердин балаңар болгондо азыр ойноп жүргөн болор эле деди. Сахабалар болгон окуяны угуп, Аллах сага сабыр берсин дешти. Ээ, диндеш бир туугандар, бир пикирге келели, эртең пайгамбарыбыздын саллалоху аллейхи вассаламдын алдына барганда көзүнө кантип карайбыз? Баласын Үммөтүм деп бизге,сизге алмаштырды эле, биз ошол урмат- сыйды кантип кайтарабыз ОЙЛОНОЛУ! !! Дайыма кай жерде болбосун пайгамбарыбыз саллалоху аллейхи вассаламдын атын укканда артынан саллалоху аллейхи вассалам деп айтып,жазып жүрөлү. Досторуңарга айтып бөлүшкүлө. Сизден Аллах ыраазы болсун. Талыкпай жазган инсанга Аллахым эки бактылуулукту берген болсун! Мына жалган дүйнө ушундай өтөт экен. Эр адам өз жолу менен кетет экен. Саждага мындай күндө тийбеген чеке, Жүрөк таза деген сөз бекер экен. Бирөөлөргө бул дүйнө ,арман экен. Жалган дүйнө бизи алдаар экен. Лондон,Париж барууга арман болсо, Сокурларга күндү көрүү арман экен. Музыка мээбизди уулар бекен, Кайгыга баскан журөгүмдү эми кантем. Керең болуп туулган бир адамга, Азан үнүн бир угуу арман экен. Шарап ташып жүрөбүз дүкөндөрдө, Кудай эмес коркобуз төбөлдөрдөн. Кантээр элек буту жок майып болгон пенде болсок, Аллаха сансыз шүкүрлөр болсун, Бизге ушул күндөрдү насип кылган!! !
Комментарийлер
Naziko_Bayazet ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?