Ысык-Кол районунун бир айылындагы молдоке: Нике кыйганга - бир кой (козу эмес), жаназа тушургонго 3 мин сом, дем салганга 10 мин сом талап кылат экен. Бул эмне деген шумдук? Шыпаа беруучу Аллахтын созун соода-сатыка айлантуу, бул озу кандай корушун?
Ал тургай Бишкектеги молдолор Куран окутуп (мисалы кафеге) бериш учун 1500 сом ставкасын талап кылышаарын уктум, анысын бермейинче басып барышпайт имиш. Андан тышкары эт-устукандырын уйуно жеткируусун талап кылышат экен.
Молдо чыкырган киши албетте, конулунон чыкканды берет дечи, ыраазы кылат, бирок кээбир молдолордун "ставкасын" сураганы, тариф койгону жаман болуп жатпайбы.
Союз учурунда молдолор акча сурамак тургай, маркунмдун уйуно бир нече кун конуп, Куран тушуруп турчу экен. Азыркы молдонун кобу "коммерциялык" коз караштарга отуп кеткенине кандай карайсынар? Жана кайсы жерде жоон кекиртек "бизнесмен" молдолор бар экенин ушул темага тушурсок деп ойлойм.
Билдирүүнү түзөткөн: abdumator: 16 Январь 2014 - 13:39