Meruet84 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 3 282 (0,94 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (1106 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 09 Март 15
- Кароолор:
- 76 144
- Соңку аракети
- 24 Июл 2021 23:47
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 40 жашта
- Туулган күнү:
- Август 31, 1984
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Кыргызстан
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
Мен ачкан темалар
-
Мухаммед пайгамбарыбыз (С. А. В.) өмүр баяны
Жазылган күн: 18 Мар 2016
✏❤❤❤❤СУЙУУКТУУ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙКИ ВАССАЛЛАМДЫН ОМУР БАЯНЫ .❤❤❤.
1⃣.МЕККЕ ДООРУ . (1-БОЛУК)
Мухаммед С.А.В Пайгамбарыбыздын тупку ата теги.
Алла Таала адамзаттын тупку атасы азирети Адамды жараткан эле......
Адам (а.с) башын которуп , асмандан ото коркомдуу нур менен ""Ахмад ""деп жазылган бир ысымды корду .Кызыгып минтип сурады :
-Оо, Жараткан ! Бул эмне болгон нур?.
Алла Таала айтты:
-Бул сенин урпагындан чыккан бир Пайгамбардын нуру.Анын аты кокто Ахмад , жерде Мухаммед .Эгер ал болбосо , сени да жаратпас элем.
Биз терен ыйманыбыз менен кабыл алган бул улуу чындыкты , ошондон миллиарддаган жылдардан кийин дуйного келген ошол нурдун ээси да анык айткан эле.
Кундордун биринде , сахабалардан Абдулла бин Жабир (р.а) минтип сурайт:"" Оо, Аллахтын Элчиси , баарынан мурун Аллахтын эмнени жараткандыгын айтып бересинби?" ".
Пайгамбарыбыз С.А.Вбул жоопту берет:
""Баарынан мурда , сенин Пайгамбарындын нурун Оз нурунан жаратты .Ал нур Алла Тааланын кудурети менен каалагандай кезип жургон.Ал убакта Лахул -Калам да, бейиш -тозок да, периштелер да , асман -жер да , Кун Ай да , адам баласы менен жиндер да жок эле"".
Ааламды жарык кылган нур , акыры эн биринчи Азирети Адамдын бешенесине жарык берди.Андан кийин пайгамбарлардан пайгамбарларга отуп олтуруп , Ибрахим (а.с) чейин келди.Андан пайгамбарлык уулу азирети Исмаилге откон.
Пайгамбарлардын бабасы болуп эсептелген азирети Ибрахимдин уулу болгон :Исхак жана Исмаил (а.с).Ал уулу Исхактын (а.с) урпагынан бир канча пайгамбардын келерин АллаТааланын илхамы менен билген .Бирок ото суйгон аялы Ажардан туулган уулу Исмаил (а.с) дын урпагынан бир пайгамбардын келер келбеси белгисиз болчу .Ошентсе да Ибрахим (а.с) акыр заманда бир улуу пайгамбардын келе турганын билчуу .Ошол себептен сонку пайгамбарлардын жанынан артык коргон уулу Исмаилдин урпагынан келишин каалачу.
Азирети Адам жер бетиндеги алгачкы ибадат жай болгон Каабаны биринчи болуп курган жана ал имарат кылымдар откондон кийин урап , жер менен жексен болгон эле .Азирети Ибрахим бул ыйык и мараттын кайрадан курулушу учун Алла Тааладан буйрук алып , уулу Исмаил (а.с) менен дароо курулуш иштерин башташат.
Каабанын курулушу бутоору менен ата бала колдорун кокту коздой жайып Алла Таалага мындайча жалбарышат:
Оо, Жараткан Эгебиз ! Уругубуздан чыккан момундардын арасынан бир пайгамбар жонот.Ал аларга аяттарынды окусун, Сенин китебинди жана даанышмандыкты уйротсун .Аларды (пенделерди) куноолордон тазаласын "". (Бахара суроосу , (2). 129-аят).
Ошондон кийин Жараткан чын пейилден чыккан бул дубаны жоопсуз калтырбай , азирети Исмаилдин тукумунан келген пайгамбарлардын башчысы катары Пайгамбарыбыз Мухаммед С.А.Вди жиберуу менен алардын дубасын иш жузуно ашырды .Бул чындык тууралуу ааламдын улуу Пайгамбары С.А.В:
""Мен атам Ибрахимдин дубасынан жаралгамын "".
Азирети Исмаилдин уул неберелери барган сайын кобойуу менен Араб жарым аралынын баардык тарабына таркайт.Алардын ичинен Аднан уулдары , алардын ичинен Мудар уулдары жана алардын ичинен Курайш уулдары алардын ичинен хашимийлер уруусу башкаларга караганда кобуроок атак данкка ээ болчу.
Бул тууралуу Пайнамбарыбыз С.А.Втомондогудой айтчу:"" Аллах Ибрахим уулдарынан Исмаилди , Исмаил уулдарынан Кинана уулдарын , Кинана уулдарынан Курайшты , Курайштан Хашим уулдарын , Хашим уулдарынан мени тандап алган "". (Муслим Сахих 7/5) -
Кулагыңа күмүш сырга
Жазылган күн: 14 Янв 2016
"ИНТЕРНЕТ КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН КУЛАГЫНА КYМYШ СЫРГА"
Абдышукур ажы Нарматов.
Google, Facebook, Twitter, WhatsApp сыяктуу байланыш тармактары терең деңиз сыяктуу. Ал деңизде көпчүлүк жаштар, карылар адеп-ахлагынан ажырап, акылынан айрылып кала жаздады. Деңиздин толкундары секелек улан-кыздардын уятын жутуп, көпчүлүк адамдарды кыйроого алып келди. Деңизге терең кирип кетүүдөн сактангыла!
Бал аары жыпар-жыттуу гүлдөргө конуп, адамдарга даамдуу бал тартуулайт. Силер да аары сыяктуу болгула! Пайдалуу маалыматтарды гана окуп пайдаланып, пайдалуу маалыматтарды гана тараткыла.
Таза, таза эмес экендигине карабай, туш келген жерге конуп, өзү билбеген абалда адамдарга оору жугузуучу чымын сыяктуу болбогула! Жаман, жалган, элдердин ынтымагын ыдыратуучу маалыматтарды таратуудан сак болгула!
Интернет - чоң базар сыяктуу. Эч ким товарын бекер бербейт. Ар-бир сатуучу товардын оордуна бир нерселерди алгысы келет. Кээ бирөөлөр товарын берип, адеп-ахлакты бузса, кээ бирөөлөр өзүнүн жаман пикирин таратат. Алардын арасында атак-данк каалагандар бар. Жакшы саалих пенделер да бар. Товарды тандап, тазасын гана алгыла!
Талашып-тартышуудан, айтышуудан жана ушак-айыңдан алыс болгула! Арам нерселерди көчүрүп алуудан, же арамдын жайылуусуна шерик болуп калуудан сактангыла! Бул нерселер соодага коюлган жакшы же жаман товар сыяктуу, сатыка коюп жаткан же сатып алып жаткан товарларыңарга каргыла!
Кандайдыр бир маалыматка комментарий жазуудан, же аны башкалар менен бөлүшүүдөн мурда ойлонгула!
Көзүңөр менен көрө элек адамдын достугуна ишенбегиле! Жазганына карап адамдарга баа бербегиле! Кээ бир адамдар, түлкү терисин жабынган карышкырдай, сырты жалтырап турсада ичи чирип кеткен жемиштей болот. Алардын адеп-ахлактары жасалма, сөздөрү кооз болот. Алар өздөрүнүн чыныгы жүздөрүн жашырышып, жакшы адамдын кейпин кийип жүздөрүн маска менен жаап алышат. Жалганды чын кылып жарыялап, чындыкты жашырышат. Канчалаган бузуку акмак адамдар бар, алар өздөрүн дин жолунда жүргөн адамдай кылып көрсөтүшөт. Канчалаган көрксүз, уятсыз адамдар бар, алар өздөрүн кооз кылып көрсөтүшөт. Канчалаган сараң адамдар бар, алар өздөрүн берешен адам кылып көрсөтүшөт. Канчалаган коркок адамдар бар, алар өздөрүн баатыр, тайманбас адам кылып көрсөтүшөт.
Жашырын коюлган аттардан (өз атын жашырып, башка ат коюп алгандардан) сактангыла! Анткени, андай адамдар өздөрүнө ишенишпейт. Өзүнө-өзү ишенбеген адамга ишенгенге такыр болбойт. Өзүңөрдүн атыңарды жашырып, башка ат коюп алуудан сактангыла! Анткени, Жараткан Алла, караңгы түндө, кап-караңгы үйдө, кара таштын астында басып бараткан кара кумурсканын дабышын угуп, көкүрөктөрдөгү сырларды билип турат.
Силерди акарат кылган адамды, акарат кылбагыла! Тентеке теңелип, терек бою секирбе. Ал да, силер да кандай адам экендигинерди ошол учурда билдиресиңер. Силер анын эмес, өзүңөрдүн адебиңерди көрсөтөсүңөр. Казанда бары чөмүчкө чыгат деген сөздү эсиңерге түйүп алгыла!
Жазып, көчүрүп жаткан маалыматтарды тандап алгыла! Анткени, силер жазып жаткан учурда, периштелер да силердин кыймылыңарды жазып жаткан болот. Алла Таала баарын көрүп, көзөмөлдөп турат.
Бул, интернет деген коркунучтуу деңизде, арам нерселерди, бузуку кадрларды көрүп туура жолдон адашып калуудан сактангыла! Эгер ушул күнгө чейин арам нерселерди көрүп жүргөн адамдар болсо, бүгүндөн баштап интернетти өзүңөрдү оңдоо үчүн, динди Адеп ахлакты жайылтуу үчүн, элдерге туура багыт берүү үчүн жана элдер менен байланышуу үчүн колдонгула! Эгер такыр арамдан алыс боло албай жаткандар болсо, интернет деген ааламдан алыстагыла! Жырткыч айбандан качпаган жаныбар жырткычка жем болот. Арамдан сактанбаган адам тозок отуна туш болот.
Шайтандын эң чоң куралы адамга арам ой салып, аны капылетте калтыруу. Бул экөөсү интернеттин устуну.
Интернет бизди азгыруу үчүн эмес, биз интернетти колдонуубуз үчүн түзүлгөн. Интернет силерди эмес, силер интернетти колдонгула! Интернет силерди кууратып, кыйратып жок кылбасын. Кыямат күнүндө силерге каршы эмес, силердин пайдаңарга күбөлүк болуусу үчүн интернетти туура пайдалангыла!!! -
"Манас" эпосунан билсеңиздер үзүндү айтсаңыздар
Жазылган күн: 24 Апр 2015
Урматтуу форумчулар мен мектепти бутконумо коп болуп ""Манас" "эпосунун ыр турундогу текстин билбейт экем .Баламын жакында Алиппе майрамы болот ошондо ""Манас ""айтасын дептир эжекеси .Озум да атасы да билбейт экенбиз .Билсениздер жазып койсонуздар .
Эгер мындай тема болсо бириктирсенер болот , карабадым .
Достору
-
Гука -
jakshylyk -
Kana -
belleza -
aidemi -
rnurzida -
bermet104 -
aliko78 -
zzari-83 -
Clara_Zh -
tynara81 -
Bogotik -
jetinur90 -
rumaika5544 -
daniyar93 -
suyom_seni -
Shaa-82 -
Samarbek-N... -
sister -
Bermet_Kas... -
emilbek1 -
Alibekova2 -
kerakg -
Nurzada_0111 -
Sheke-brat -
eliza5566 -
Leylektik-... -
azamat-1992kg -
guljigit96 -
Tatli_Melek -
Shalunka1215 -
Ainuuurka -
Jazim93 -
kalima88 -
aiturgan2015 -
Oylonkyrgyzym -
nargis -
guljigit. -
TYKYH4O -
Emirulan -
Baatur7777 -
Asalim-99 -
defne15 -
Azizbeksultan -
Akkyz2017 -
Yago.limon -
Uhti18
Комментарийлер
Meruet84 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?