Супер менин суроом бар. Бул суроону көптөн берейин деп жүргөм. Бүгүн жетээр жерине жетти.
Азыр көпчүлүк айдоочулар ксенон лампаларын өз автоунааларына коюп алышкан. Аларды атайын техникалык көзөмөлдөн өткөрбөй туруп жолго чыгат да, каршы келе жаткан айдоочунун көзүн алып жатат. Же оң рулдуу автоунааларды айтсак. Аларда да фаралары биздин жолдун талабына жооп бербейт. Тагыраак ацтканда сол тарабында фарасы өйдө көтөрүлгөн,
биздин жолдо жүрүү эрежелерине жооп бербейт. Анысы аз келгенсин атайын салондон көтөрүп алышкан. Бул билинбеген менен чоң көйгөй. Кырсыкка да алып келип жаткандыр. Өзүнө ыңгайлуу окшойт ошондой айдаган. Бирок башкаларга денсоолугуна зыян кылып жатат.
Эмне себептен мамлекеттик деңгээлде катуу тартипте техникалык көзөмөл жүргүзүлбөйт ? Эмне себептен ГАИ кызматкерлери көрсө да чара колдонбойт ? Атайын уруксат берилген жарык чыгарган (люмен) деңгээлден ашкан автоунаанын айдоочунун айдоо күбөлүгүнөн ажыратпайт ?
Баракча 1 - 1
Ксенон лампалар, оң рулдуу автомобилдеги жарыктар Талапка жооп бербей, көздү алган фаралар
#2 31 Октябрь 2017 - 09:16
Супер, жооп алып бергилечи . Эгер чара көрүлбөсө мен дагы ксенон салып алайын деп жатам. 1 жумадай көзүм ооруп жүрдү.
#4 01 Ноябрь 2017 - 09:18
#5 01 Ноябрь 2017 - 10:09
Баракча 1 - 1