bekbolotabdullaev Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 5 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Саясат жана коом (2 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 04 Июнь 19
- Кароолор:
- 3 504
- Соңку аракети
- 04 Июл 2020 22:18
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 20 жашта
- Туулган күнү:
- Март 13, 2004
- Кызыгуусу:
- Адабий чыгармаларга, мотивация берүүгө, волонтёр болууга
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Джалал-Абад
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери
Жазылган күн: 14 Дек 2019
Мамлекеттик жаштар саясатынын негизинде мектептерде мектеп парламентинен тышкары жаштар комитетин түзүүгө болобу? Билгендер жооп берип койсоңуздар! -
Жаныбарларга болгон мамиле
Жазылган күн: 24 Ноя 2019
Жаныбарлар-тирүү организмдер дүйнөсүнүн эң чоң бөлүмү: органикалык дүйнөдөгү негизги эки топтун бири.
Жаныбарлар да адам сыяктуу эле бир нече касиеттерге ээ жандык. Аларда да жашоо бар, алар да көбөйөт, өнүгөт, жаратылышка салым кошот. Бирок жаныбарлардын кескин азайышы, аларга болгон мамиленин коштугу жер жүзүндө актуалдуу проблема. Жер эне да жаныбар атыккан балдарын коргой албай, армандап келет.
Адам баласы эзелтен эле жаныбарларга аңчылыкка чыгып, алар менен азыктанып келген. Аңчылыктын кесепетинен айрым жаныбарлардын кескин азайышы орун алган. Жаныбарларды коргоо үчүн дүйнө эли ар кыл иш-аракеттерди жүргүзүп келет. Алардын негизгиси кызыл китеп. Кызыл китептер, коруктар жана коргоочу уюмдар жаныбарларды коргоочулар катары айтылып келет.
Бирок мыйзам турса да жаныбарлардын азайганы уланып эле келет. Буга эмне күнөөлү? Албетте, браконьерлер. Же болбосо коомчулуктун өзү.
Ал Тургай экс-президент да эркин жаныбарларды үйүнө ташып, мыйзамсыз 30 дай жаныбарды кармап олтурган факт катталган. Арасынан кызыл китепке киргени да бар.
4-октябрь Жаныбарларды коргоонун эл аралык күнү катары кабыл алынган.
Эчен жылдан бери дүйнө эли жаныбарларды коргоого чакырык жасап жаткандыгы менен натыйжа жоктой.
Жер жүзүндө жыл сайын миңдеген жаныбарлар жок болууда.
Жаныбарлардын жок болуусунун негизги себептери:
⚡ Күнүмдүк тамак-ашка иштетүү;
⚡ Баалуу терилерин керектөө;
⚡ Жаныбардын мүчөсүн катыруу менен мыйзамсыз жерлерге көрктөө катары коюу;
⚡ Кийим продукцияларына иштетүү;
⚡ Үрп-адат, каада салтка карата иштетүү же жана башка нерсе.
ЮНЕСКО уюму тарабынан 2005-жылы өткөрүлгөн биотүркүм боюнча конференцияда жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн 25 миңден 50 миңге чейинки түрү жок болуп кеткендиги айтылган.
Кыргызстанда да кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга тыюу салынганы менен ал жаныбарлардын азайып жаткандыгын даана байкайсыз. Жаныбарды атпайбы деген өкмөт курал-жарак алуунун жеңилдигин эсепке алган эмеспи, айтор майзамдуу да, мыйзамсыз да куралы менен жаныбарларга аңчылыкка чыкканы бар.
Негизи эле улуттук оюн катары бааланган көк бөрүгө каршы элем. "Улак" аталган жаныбарды кан жадатып, аны атка тебелетип, атты да кыйнап, бир жаныбардын өмүрүн алган оюндун эмнесин баалоого болот? Мыкаачылыкты ачып берип жатпайбы?
Айтор жаш досум, жаныбар да сен сыяктуу жаратылыш укуктарына ээ. Алардын өмүрүнө кол салып, кылмышка барба! Жаныбарлардын да жашоого, тукум улоого укугу бар. Алар да биз сыяктуу #ЖЕРЭНЕ нин балдары. Өз бир тууганыңдай болгон жаныбарларга кыянаттык кылуу сага жарашпайт.
Баса, жаныбар этин жебеген оорум бар Алдымда эт турса өлүп жаткан жаныбарды көргөндөй болуп кетем.
Демек, баарыбыз биригип жаныбарларды коргойлу. Жаныбарлар да жаратылыштын бир бөлүгү!
Блогдон алынды!
Урматтуу форумчулар, сиздердин жаныбарларга болгон мамилеңиздер кандай? Көк бөрү оюнуна кандай карайсыңар? Браконьерлерди эмне кылуу керек? -
Жаштар үчүн кандай уюм керек?
Жазылган күн: 8 Ноя 2019
Салам форумчулар, биз жаш активисттер биригип бир уюм түзөлү дегенбиз! А бирок ар кандай идеалар келип жатат. Максатыбыз жаштарга жардам берүү. Сиздерден сурарыбыз азыркы убакта жаштарга эмне керек? Биз эмнени тренинг, семинар, же проект жазуу аркылуу, же дебат, форум аркылуу үйрөтүшүбүз керек? Кенен ой бөлүшүп койсонуздар! Эгер кааласаныздар ишеним телефонубуз: +996708157694 WhatsApp
Достору
bekbolotabdullaev Досторду кошо элек
Комментарийлер
bekbolotabdullaev ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?