baby_k Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 115 (0,04 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (65 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 24 Октябрь 15
- Кароолор:
- 9 532
- Соңку аракети
26 Янв 2016 14:06
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 38 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 7, 1986
- Кызыгуусу:
- Психология жана саякат кылуу.
- Жынысы:
-
Эркек
- Калаасы:
- Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Махабатымды талкалаган Москвачылык.
Жазылган күн: 12 Дек 2015
– Мен кинолор кызыктуу башталып, аягы аянычтуу бүтсө абдан нааразы болуп, эгер бактылуу башталган жашоо бир маалда аянычтуу, кайгылуу болуп уланып барып, кайрадан бактылуу аяктаса абдан кубанчу элем. Азыр кинодо кездешчү окуялар тагдырымдан орун алып, мени өйдө-төмөн болушунча калчап келип, эми оор абалга кириптер кылып турат. Бирок менин киномдун аягы жакшы бүтөбү же кайгы менен караңгылыкка сүңгүп кетеби, али билбейм…
Атым Аида. Учурда жашоомдун чейрек кылымын чыгарып жыйырма бешке толдум. Кимге болбосун 25 жаш деген курак кырчындай жаштык, кулпурган сулуулук эмеспи. Ырас, менде да ушундай болгону менен бул аз убакыттын ичинде турмушумдан көп нерсе көрүп, назик кыз болсом, чыйрак аялга, унчукпаган секелек болсом, эми керек жерден катуу айткандан тартынбаган адамга айландым. Анан да тамчыдай тунук эки наристеге эне болуп, барк билбеген бир адамга кор болдум.
2008-жылы банк кызматкерлигине окууга тапшырып студенттик жашоону баштадым. Турмушка чыгуу тууралуу ойлоно элек кезимде эжемдин курбусунун иниси менен таанышып калдым. Таанышууда ага жар болуу оюмда жок болчу. Убакыттын өтүшү менен бизде бири-бирибизге карата сезимдер ойгонуп, тез аранын ичинде баш кошуу чечимин кабыл алдык. Күйөөм окуумду бүтүрүп берүү убадасын берди. Анын мага болгон, менин ага болгон сезимдерибиз ак, таза эле. Ата-энем Ош шаарынын алдыңкы жашоочулары, кайын журтум да жакшы турушкан адамдар болгондуктан өзүбүздөн аянбайлы деп дүркүрөгөн той бердик. Кудай бетин салбасын, тоюбуз туура беш күнгө созулуп, ак көйнөк кийинген мага, мени өздүк кылып алып жаткан күйөөмө жашоо жомоктой эле болуп атты. Жакшылык эле жакшы да. Ал тойдун таасири көпкө чейин тарабай, эки-үч ай сүйүүгө, сезимге мас болуп жашадык. Анан жакындарыбыздын кеңеши менен күйөөмдүн Москвадагы туугандарына барып кошулуп, тиричиликти улантууга бел байладык. Алмаздын жакындары ал жакта туруктуу жашашып, жакшы орундарда иштешкен адамдар болушкандыктан ал жактан эч кандай кыйынчылыкка туш болгон жокпуз. Дароо иш табылып, мен ашпозчу, Алмаз дүкөндөргө товар ташуучу болуп иштей баштадык. Ишибиз башталганда эле итибиз чөп жеп айына жүз миң сомдун тегерегинде киреше кирип жатып заматта Ош шаарынан үч бөлмөлүү үй алдык. Ушул маалда кыздуу да болуп бактыбыз артты. Кийин кызыбызды менин эжеме каратып коюп иштеп жүргөн кезде экинчи ирет кош бойлуу болуп калдым. Бул маалда Москванын жакшы жеринен батирге чыгып, жеке ишкердигибизди баштап, эки машиналуу болгонго жетишкенбиз. Төрөтүм жакындаган кезде Алмаз артымдан барып калмак болуп, мен Кыргызстанга учуп кеттим. Көп өтпөй күйөөм келип, мен уул төрөдүм. 23 жашымда үй-бүлөм, кыз десе кызым, уул десе уулум, иштерман күйөөм, үй, машина, чакан да болсо бизнес ордубуз болуп мен жашоого абдан ыраазы элем. Күйөөм көп кармалбай Москвада калган ишибизге шашып кетти. Азыраак убакыт өткөн соң эки баламды алып мен артынан бардым. Ал жактагы жакындарыбызга жентек той берип дагы бир ирет кубанычка бөлөндүк. Тойдун эртеси аяштарыбыз болуп үйдө олтурсак мага «элчиликтен чалып жатабыз, Алмаз деген бала бир кызды зордуктаган экен. Жооп бериши керек» дешти. Аяштарыбыз абдан тамашакөй болушкандыктан ошолордун оюну экен деп кабатырланган деле жокмун. Бир-экөөнө айтсам каткырып «Алмазда москвачылык болуп кеткен го» деп коюшту. Алмаз эч нерсе болбогонун жай гана айтты. А москвачылык деген ал жактагы кыргыздардын улуу-кичүү дебей кумар үчүн бири-бири менен жатып ала беришкени. Бул чалуудан 10 күн өтпөй күйөөм үч күнгө жоголуп кетти. Эки балам менен жол карап күтүп, акыры досторуна билдирдим. Достору мүмкүн болгон жердин баарын кыдырып, эки баламды сүйрөп алып мен бутум жеткен тараптардан эки күн издеп таппай койдук. Ошентип, үчүнчү күн дегенде түнкү саат 3тө эшик кагылды. Адатта Москвада саат 11ден кийин эшикти ачпайт. Мен илгери үмүт менен ачсам күйөөм бети-башы кан, кийимдери тытылган, топурак болуп кирип келди. Жүрөгүм оозума тыгылып өнтөлөп калдым. Жайын сурасам «чёрныйлар кылышты» деди. Ал жакта “чёрный” дегендерге бизнесибиз үчүн акча төлөп турчубуз. Иш ушул үчүн болгон экен деп ашык кеп сураган жокмун. “Калган акчаны жеткирип беришим керек”, - дегенде үйдө акча жок болгондуктан жакында эле туулган күнүмө карата белекке келген алтын шакек, чынжырымдын баарын кармата салып узаттым. Эртеси таңда келген бойдон эки күн толук турбай кайра дагы жоголуп кетти. Бул жолу он күндөй жоголду. Дагы “чёрныйлардын” колуна түшүп калган экен деп уйкусуз жашап калдым. Достору табышпайт. Бир туугандары болсо “кайда?” деп сурай беришип, акыры анын телефону өчүк болгону үчүн мени коркутуп,“дайынын тап” деп башташты. Ошондой маалда күйөөм кайра пайда болду. А аны “чёрныйлардын” кармаганынын себеби мындай экен.
***
Ошол келгенинде Алмаз дароо эле алдымда чөгөлөп: «Сенин алдыңдагы күнөөм тоодой. Кечирип, жардам кыла алар бекенсиң?» - деди. «Адам өлтүргөндөн башканы кечирем», - десем «сен уулубузду төрөгөнү Кыргызстанга кеткен маалда мен бул жактан бир кыз менен жатып алгам. Анын боюнда болуп калган экен. Ошол төрөп, эми бала менден экенин мойнуна алгыча сабагыла деп мени “чёрныйларга” салып берди. Бая күнү ошол үчүн жоголуп, ошол үчүн токмок жеп келгем. Эми “баланы колуңа ал” деп жатышат. Жакында каны текшерилсе дароо алышым керек. Жардам берчи», - деди. Мен үчүн канчалык оор болсо дагы күйөөмдү бул абалдан чыгарып кетүүнү алдыңкы планга коюп, чыр чыгармак турсун, үнүмдү да бийик чыгарган жокмун. Ойлонуп олтуруп баланы багып алууга чын дилимден макул болдум. Ошентип, болгон акчабызды канды Лондондон текшертип келүү үчүн тапшырып отуруп калдык. Кызыктын баары кандын жыйынтыгы чыгып келгенде болду. Бала менин күйөөмдүкү эмес экенин аныктаган жыйынтык кагазды алып жатып кыздын аты-жөнүн окуп нес болуп калдым. Күйөөм менен москвачылыкка барып бузулуп жүргөн ал менин парталаш классташ кызым экен. Мектепти аяктагандан бери кабарлашпаганыбыз үчүн ал менин күйөөм менен ойноп жүргөнүн билген эмес окшобойбу. Анысы аз келгенсип жанагынча “чёрныйды” жалдап күйөөмө догурунуп атса, анысы да туура эмес чыгып калып ит болду. Анын бул жүзүн буга чейин көрбөй келгенден кийин эми биротоло көрбөй эле коёюн дедим. Ошентип, мен (азыр ойлосом ошол кездеги жаштыгым, жаштык акылсыздыгым менен) күйөөмдү кечирип жашообуз кайрадан уланып калды. Бул тууралуу экөөбүз тең жанталашып жашырып атып досторуна да, кайын журтума да эч бир шек билдирген жокпуз. Аял байкуш үй-бүлөсүн сактоо үчүн баарына чыдайт тура.
Жашообуз өз нугуна түшүп бул кылыгы унутулуп калган кезде күйөөм кайрадан жоголуп кете баштады. Бир туруп 3 күн, бир туруп бир жума жоголуп кетет. Менин андай-мындай деп айткан акылым ага чымын чакканчалык да болгон жок. Ошентип жүрүп бир күнү кеткен бойдон үч ай жоголду. Кичинекей эки бала менен тамак-ашсыз кесерип, батирдин акысын төлөй албай кыйналганымды айтпай эле коёюн. Ошентип, кайра пайда болуп калган кезинде сүйлөшөйүн десем «ушул маалда сүйүү келип калса эмне кыл дейсиң. Мен эми ансыз жашай албай калдым», - деп күйгүздү. Көрсө, ал бул маалда өзүнөн сегиз жашка улуу аял менен жашап алыптыр. Менин кебимди кеп дебей билгенин кылып, үйгө келген кезде сөзсүз мас болуп келип мени ашканага киргизип алып сабачу адат тапты. Андан да кыжырга тийгени демейде карадан башка труса кийбеген күйөөм сары, кызыл болгон бир укмуш түстүү трусаларды кийип келчү болду. Ошондой күндөрдө кайын журтумду бүт чогултуп өткөн окуяны ачыкка чыгарып, ызамдын баарын айттым. Бирок менин бул аракетимден эч кандай майнап чыккан жок. “Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деп тарап кетишти. Анын эртеси күйөөм сыртка кетип жаткан маалда: “Акча таштап кетчи”, - десем “кайдагы акча?! Кайсынысына жеткирип, эмне акча таштайын”, - деп урушуп кетип калды. Жакшы санаалаш эжеге сырымды айтып жүрчүмүн. Ошол күнү ал эженин жардамы менен күйөөмдүн артынан аңдымак болдук. Артынан эле чыгып такси кармадык. Эжеге шашылыш чалуу болуп иши чыгып калганда ал мени таксистке тапшырып, өзү калып калды. Мен болсо эки баламды колума алып күйөөмдүн артынан түштүк. Бир маалда ал азык-түлүк сатуучу дүкөнгө токтоп, кирип кетти. Мен айдоочуга баарын ачык айтып, анын кардары катары чалып кайсы даректи айтар экенин билип беришин өтүндүм. Ал мен айткандай чалса турган жеринен башка даректи айтты. Дароо эле мен чалып дайынын сурасам достору менен жүргөнүн айтып, таптакыр башка даректи айтты. Аңгыча баштыктарды толтуруп чыгып калды. Ошондо ачуум менен алдынан тосуп чыктым. Мындайды күтпөгөн күйөөм нес болуп эле туруп калды. Бир ооз да унчуккан жок. Колундагы баштыктарда толтура кымбат арак, вино, мага өмүрү алып бербеген шоколаддар бар экен. А үйдө эч кандай азык-түлүк жок эле. Бери баскан соң менин орус таксист менен келгенимди билип: «Бул орусту кайдан таап алгансың? Эмнең болот сага анча күйгөн», - деп тийише баштады. Ошондо тиги орус аны бир урду да: «Керек болсо сени бул кылыгың үчүн милицияга азыр жетелеп барып түрмөнүн түбүндө чиритем. Мен Фрунзеде чоңойгом. Ошондуктан мен башка улуттардан кыргыздарды бийик көрүп, сыйлап жүргөм. Көрсө, кыргыздар бузулган турбайсыңарбы. Анысы аз келгенсип келип алып Москваны да бузуп атасыңар», - деп тилдеди. Бул билген кишиге октой сөз. Бирок менин күйөөмдүн мээсине жеткен деле жок. Ошондо кайын журтумду дагы бир ирет чогулттум. Бул жолу эч ким Алмазды колдогон жок. “Үйдү Аидага бер да жайына кой” дешти. Ошондон көп өтпөй бир күнү күйөөм: “Даярданып тур. Азыр сени Кыргызстанга салам”, - деди. Мен анын бул сөзүн тамаша же мени коркутуусу катары гана кабыл алып: “Даярданса даярданып турайын”, - деп койдум. Себеби биз эки-үч айдай жашабай калган кезибизде ал мени менен жашабай атканын эч кимге билгизбей ушинтип “даярданып тур” деп айтчу. Анан балдар менен мени алып конокторго барып жакшынакай отуруп, анан кайра таштап кетип калчу. Антип конокко барганыбызда аяштарыбыз “жарашкан түгөйлөрсүңөр. Кандай гана бактылуу аялсың” деп суктанышчу. Ошондой болуп дагы бир жакка барабыз го деп ойлоп даярдандым. Бирок күйөөм чындап эле мени Кыргызстанга салып жиберди. Ал билетти даярдап, каттоодон да өткөзүп койгону үчүн баш тартууга кеч болуп калды. Ошентип, мен Ошко келдим да баягы үйүбүздө жашап калдым. Кайнатамдарга абалыбызды айтып барганымда ал баласына абдан нааразы болуп: “Мен анын балалыгынан кечем. Сен өзүңдү жакшы карап жашай бер, неберелеримди жакшы бак. Ылайыктуу бирөө жарым чыкса, жаштыгыңды куру кетирбей турмушка деле чыгып ал. Нааразы эмесмин”, - деди.
Азыр менде баары жакшы. Уулум менен кызымды бала бакчага алып барам. Бала багуучум да бар. Ак эмгек менен иштеп жүрүп жакында эле машина алдым. Бир гана маселе күйөөм бар туруп орду бош турганында болуп жатат. Жакындан бери чалып жарашуу тууралуу айта баштады. Кебине караганда баягы батирибизде жашабай калыптыр. Иши да орунсуз болуп бир кезде экөөлөп иштеп жүрүп алган үч машинабыз тең жок болуптур. “Азыр таптакыр акчам жок. Кабыл алам десең, жол киреге акча таап алып барам. Кайра жашайлы”, - дейт. Бирок азыркы жашоомду анын айынан кайрадан бузуп албаймынбы деп чочуп турам. Акча бар кезде мага болгон кордукту кылып, эми эч нерсеси жок калганда мага жалбарган күйөөмө ишенеримди же ишенбесимди билбей кыйналып жүрөм. Балдар деп жалгыз бой жашап жүрдүм. Мен алардын атасыз болушун чынында каалабайм. Кээде анын «эми отуң менен кирип, күлүң менен чыгайын» дегенине ишенип кетем. Бирок ошол эле маалда кайрадан жарамды сыйрып, жаман абалга таштап кетпес бекен деп корком. Бул окуялар кайталана турган болсо, балдарымдын аң-сезимине таасир этери сөзсүз да... Айтор, москвачылык талкалаган махабатым, москвачылыкка курман болгон бактым эми кайра уланар бекен, жанар бекен? Азыр мен Москва деген сөздү уккандан заарканып, Москва деген сөздөн чыйрыгып жашайм. Ал жерди эми желкемдин чуңкуру көрсүн.
Аида
P.S Окуя башка булактан алынды. -
Бактымды баалай албадым......
Жазылган күн: 10 Дек 2015
Досум журналист.Журок сырлары,суйуу жонундо статьяларды жазат.Ошолордон болушойун дедим,албетте, анын уруксаты менен.
-Досум,таанышып көрсөң ушул кыз менен.Кыз жандап сен деле,сүйүүгө кабылсаң боло.Мыкты кыз,сулуу десең сулуу,билимдүү десең билимдүү,эң башкысы жөнөкөй.Кээ бир сулуу кыздардай текебер эмес-деген досум Бектин берген кыздын дарегин алып,телефонумдун бир жерине жазып сактап койгом.Азыр менин эч нерсеге көңүлүм жок эле.Бөлөм менен алардын бир бөлмөлүү үйүндө бекер жашап жатканым менен,тамак аш,кийим-кечек, жол кире дегендерге каражат билинбей эле кетет эмеспи.Окуумдан тышкары,курсташ балдар менен ар кай өзүбүздүн окуубузга байланыштуу жумуштарды жазап койчубуз.Андан деле кыйратып акча таппайбыз.Ата- энем айылда,алардан деле кээде гана алам.6-класстан эле шаарга окууга кетип калып,баарына өзүм жеткенге аракет кылдым.Эми минтип Кыргызстандагы белгилүү эл аралык университтетердин акыркы жылын окуп жатканмын." Жаңы жыл өтсө,бир аз каникулда оордугуна карабай жумуш табайын"деп, күнүмдүк окшош күндөрдү өткөрүп,сессиянын да бүтүрүп,Жаңы жыл күнү достор менен чогулдук.Достор чогулган жерде эмне болоору белгилүү да."Сессияны ийгиликтүү бүтүшүбүз менен!Жаңы жылыңар менен!" деп ичип олтурдук.Ал майрамдоо 2-январга чейин созулду.Бөлөм айылга ата-энеси менен тоскону кеткен.Кудай берди болуп,каалаган убагымда келип,кетип жатып,30-декабрдан бери 4 күн катары менен тынбай ичиптирмин. Байкуш ашказаныма да боорум ооруган жок.2-январь түнү досум үйгө алып келди.Ушунчалык өзүмдү башкача сезип жаттып.Денемдин баары талыкшып ооруп,башым жарылып кетчүдөй,журөгүм лакылдайт,кабыгынан суурулуп чыкчудай.Досум кетейин деп камынып жатса "Жок,кетпе. Бул жакта кал"дедим. Өлүп калам го деп корктум.Ал таңкы 4-5терге чейин олтуруп," Чоң апамды эртең менен вокзалга алып бармакмын" деп үйүнө кетти.Андан кийин ашказаным аңтарылып,үзүлүп кеткиче раковинага барып окшудум." Экинчи ичпейм"дедим өзүмө.Бирок кайдан..андан сөз берүүлөр көп эле болгон.Төшөккө барып жатып калдым.Ошону менен түн бир оокумдунда ойгондум.Телефонумду карасам,өчүп калыптыр,заряды жок.Аны туташтырдым. Турайын десем башым зыркырайт.Бир топко чейин шыпты тиктеп жаттым.Акыркы өткөргөн күндөрдү эстеп.Кайсы күйүтүмө ичип жатканымды деле билбейм.Өзү адамзаттын көбү күйүтүн ачуу менен басыш үчүн ичет экен,мен ары жок кайсы күйүтүм үчүн ичип жатканыма тушунбөй күлкүм келди.Бир эки саат жатып,турдум. Туруп эшиктеги кычыраган кыштын суугуна карабай,терезени ачып,үйдү желдетип,жыйнап, чаңын сүртүр,кир кийимдеримди жуумакка топтоп койдум.Андан кийин үйдөгү бар продуктуну алып,тамак жазап,ичтим. Эсиме кичине келе түштүм окшойт.Андан кийин,төшөгүмө барып жатып,телефонумду ачсам,толтура телефон чалуулар келиптир:ата- энем,эжелерим, байкем,дос балдарым.Бирине да кайра чалбастан," Одноклассники" ге кирдим.Бир азга карап чыгып,эсиме Бек берген кыз түштү.Аты жөнүн жазып,издеп, достук жибердим.Сүрөттөрүн кирип көрөйүн десем,достору гана көрө алат экен.Айла жок,анын достукка кошуусун күтүп калдым.Бирок, күтүү көпкө узаган жок.Дароо эле "Кандайсың? Ден соолуктарың жакшыбы?" деп жазып,сүрөттөрүн карадым.Орто бойлуу,чачы кундуз,бакыраң көз,борпойгон эрди....кыскасын айтканда чынында эле сулуу кыз экен.Ал аңгыча андан жооп келди "Кудайга шүгүр,биз таанышпызбы? "деген.Жагдайды айтып,экөөбүз бат эле тил табышып кеттик.Аябай шайыр,тил табыша билген,билимдүү, кыргыз орус тилинен башка,француз, англис,түрк тилинде эркин сүйлөгөн кыз экен.Мен да окуум англис,түрк тилинде болгондуктан, ал тилдерде да бири-бирибизге фразаларды айтканга да үлгүрдүк.А баса,ал ошол убакта өзүнүн университетинен атынан да КВНге катышып,тамашакөй кыз болчу.Адамдар менен көп тил табыша бербеген мен,ага кандай ачылып,кээ бир жан адамга ачпаган сырларымдын четин да ачып алдым.
Баятан бери ичимдиктиктен башым ооруп жаткан,мен кадимкидей эс ала түштүм.Ал ошол убакта айылында экен каникулда.Экөөбүздүн жазышууларыбыз кеминде 2-3 саатка уланды окшойт.Андай жазуушуулар бир айга чейин уланды.Мен эркектей болуп,телефон номерин да сураган жокмун.Анткени анын сүрөттөрүндө өзүнүн сүрөттөрүнөн башка,жигиттин сүрөтү жок болгону менен,статусунда "Жашоомо бакыт тартуулаган сага ыраазымын,Кутман" деген жазуу 1 жылдан бери турганын көрүп,ал кыздан көп үмүт кылбадым.Тек гана виртуалдуу дүйнөдөгү досум катары сыйлап жүрдүм.Ал айылдан келип,шаарда окуп жаткан болчу.Мен болсо окуу менен үйдүн ортосунда барып келип коюп жүрдүм.Ичимдикке да жолобой,досторум чакырган жерлерге да барбайм.Сабактан келип эле,компьютеримди күйгүзүп,Асеманы күтөм.Ошондой күндөрдөгү жазуушуубузда "Эмне кылып жатасың?" деп сурап калдым,кеч кирип,саат 7лер болуп калган."Айылдан туугандарыбыз келиптир,келинчеги каттуу ооруп.Атамдар акча салып жиберген экен,алып келгени чыгып жатам"деди.
-Мен дагы барсам болобу?
-Өзүң бил.Кааласаң, макул-деди.
Дарегин алып эле шашылып чыгып кеттим.Шаардагы жеке клиникалардын бирине бармак.Анын алдына келсем,эшиктин алдында ары бери басып турган кыз турат.
-Асема-дедим жанына басып барып эле.
-Урмат?-деп келип,жүзүмөн өөп учурашты.Хе хе,мен минтип кыздар менен эч учурашпаптырмын, эркек болсом да бетим кызарып,денемди жагымдуу жылуулук курчап өттү.
-Мен сени башкача элестеткенмин- деди күлүп.Анткени, мен сүрөтүмдү соц тармакка жүктөгөн эмесмин.
-Ошончолук эле страшный бекенмин?-десем. Күлүп жиберди.
-Жоок,жакшынакай, кыргыздын эле кара тору жигиттеринен экенсиз.
-А сен болсо сүрөттөгүдөн чырайлуу,сулуу экенсиң.
-Рахмат.Бир суроом бар,эмнеге бүгүн мени менен келем дедиң?
-Эмиии...караңгы кирип калса,сендей сулуу кыз көчөдөй жүрсө,корктум да жалгыз жибергенден
-Аа..-деп жылмайган бойдон калды.Экөөбүз ал күнү Жаш гвардия бульварын айланып,дагы да болсо жакшы тааныштык.Үйүнө кетмекчи болуп,маршруткага түшөйүн деп жатса,айдоочү менен гана досу бар экен ичинде,мен Асема менен түшүп алдым.Ал мени "Сен да барасыңбы?" деп таң кала карап калганы менен,унчуккан жок.Анын жанынан чыккым келбей эле,оюма койсо таң атканча сүйлөшмөкмүн. Аны үйүнө жеткирип,өзүм үйгө келгенде,бөлөм да жумуштан келип калыптыр.Мен кечиксем ал мени ичип келет деп ойлогон окшойт.А мен Асема менен сүйлөшкөндөн бери,ачууга жолой элек болчумун.А баса,ичимдиктен өтүп,чылым да чекчүмүн.Күнүнө бир кутучаны түгөтүп,экинчисине да өтүп кетчүмүн кээде.Асема экөөбүз сейил бакты айланып жүргөнүбүздө, чылымымды чегейин деп оозума салсам,алып сындырып ыргытып койду.Экинчисин алайын десем,бүт кутучасы менен алып,урнага салып салды.Мен унчуккан жокмун.Балким, башка болсо,жинденип кетсем керек эле,бирок,ага унчукпадым.
Ал биринчи жолугушуубуздан кийин,экинчи жолугушууда болду.Ал күнү экөөбүз тең окуудан качып чыгып,баарын унутуп коюп, шаарды айланып жүрө бердик.Бутубуз ооруганга деле карабадык.Мен анын жигити жөнүндө сурабадым,ал менден "Кызың барбы?"деп ооз ачпады.Кеч кирип калган,экөөбүз көчөлөрдү айланып жүрө берип,ачка болгонубузду да сезбептирбиз. Экөөбүз курсагыбызды тойгуздук окшойт,булочныйдан. Ошол жерди кийин экөөбүз тең жакшы көрүп калдык.Дайыма жолуккан сайын,ошол жердин таттууларынан даам сызмайынча кетчү эмеспиз.
Биздин 3-жолку жолугушуубуз, тагыраагы кичинекей саякатыбыз, казак баурлардын Алматы шаарына болду.Негизи Асема өзү эле бармак,аны угуп калып,мен дагы барам дедим.Ооба,чын мен аны кызгандым.Анткени айланасында көп жигиттер курчап,аны менен мамиле кургусу келип,сүйүүсүн арнагандар көп болчу.Эки күндүн ичинде эң кызыктуу,көңүлдүү күн өткөрдук.Анын кубанычтан жаркылдап күлгөн элеси менин көз алдымда өмүр бою калса керек.Жадакалса, ыйласа да көздөрүнөн күлкүнүн нуру кетчү эмес.
Ошондой жолугушуулар уламдан улам көп болуп жатып,кыз-жигитке айландык.Бирок, биз жөнүндө бөлөм гана билчү.Мен досторума Асеманы жетелеп барып,сүйүктүүм деп да тааныштырбадым.
Мен Асемага чейин бир кызды каттуу сүйгөнмүн.Аябай каттуу сүйгөм,ал үчүн баарына даяр элем.Далай жигиттер менен ал үчүн мушташып,көңүлүн алыш үчүн көп аракет кылгам,бирок, ал менин сезимдерим менен ойноп,бирок, ошол эле учурда башка жигиттер менен да жүрүптүр.Аябай көңүлүм калган.Ошондон бери кыздардан көңүлүм калыптыр,баардыгын акырындык менен болуусун кааладым.
Асема мага айтпаганы менен аныма капа болсо керек,бирок, мага кабагым кашым дебеди.
Бир күнү үйгө чакырдым.Бөлөм түнү менен жумушта болмок.Кыйылып жатып келди,супсулуу болуп алып.Көптөн бери көрбөгөн адамдай кучактап көпкө турдум.Бул кылганыма таң калды го дейм.
-Ушунча сагындыңбы?
-Ооба аябай сагындым-дедим. А экөөбүз эртең менен эле жолукканбыз.
Үйгө кирип,кино көрүп олтурганбыз. Жанымда экрандан көзүн албаган Асемага жакындап кучактасам, каршы болбоду.Эриндеримди эриндерине тийгизип,денени каптаган жылуулук менен жагымдуу баш айланткан сезим мени азгырып бара жатты.Сандарынан кармап,белине өткөнүмдө эле,менден башын тартып алды.
-Кечир....кечир. .мен кармана албай эле..-дедим жалтактап.
-Мен кетишим керек.Ал ушул сөздү айтты дагы,сумкасын алып,чыгып кетип калды.А мен ордумда каткан бойдон кала бердим.Чуркап барып,кечирим да сурабадым.Арадан бир саат өткөндөн кийин эсиме келип,такси менен бардым үйүнө.Телефон чалсам албайт,смс жазсам жооп бербейт.Биринчи жолу үйүнө узатып барганда,бөлмөсүнүн терезесин жа билип алгам,жерден кар алып айнекке урдум.Бир маалда жарык күйүп,Асема терезеден көрүнүп ,аны ачты.
-Эмне кылып жүрөсүң?-деп шыбырайт.
-Сени көргүм келди.Телефонүңдү албайсың...десем.
-Анан көрдүңбү?-деди адатынча.Асемам дерзкая болчу орусча айтканда.Эмнени ойлосо ошону айтат.
-Кечирип койчу...дедим мен башымды жерге салып.Бир аздан кийин "эй" дегенинен карасам," бар үйгө бар,эртең сүйлөшөбүз" деп терезесин жапты,бирок, ордунан жылбай,менин жалдырап карап турганымды көрүп,тилин сунуп алып жарыкты өчүрдү.Чынын айтсам,кичинекей эле кыздай.Алардай эркелеп,таарынып. Ошол эле маалда акылдуу,көптү көргөн адамдардай эле.Бир айдын ичинде мен аны жакшы эле билип калган болчумун.
Эртеси күнү экөөбүз адаттагыдай жолуктук.Шайыр кыз,эч нерсе болбогондой, таарынычтарды унутуп,экөөбүз шаар кыдырдык.Мен аны кафеге,киного алып кирсем деле болот эле,бирок,билбейм, чынын айтсам эмнеге аларды кылбаганыма. Түшүнбөйм.Ошол убакта үй бүлөө,бир туугандарым менен жакшы мамиледе болбой жүргөм.Бирок, өзүмдү актагымда келбейт.Менин жанымдагы сулуу кызга,ага татыктуу мамиле кылбаганым, мени өкүндүрөт.
Асема менден аларды талап кылчу эмес,балким, күтсө керек,бирок, ал мени менен өткөргөн убактысына дайыма,коштошордо "мен жакшы күндү өткөрдүм сени менен"деп ыраазычылыгын айтчу.
Мен аны суйом деп ойлойм,бирок, ошол эле маалда мен кабыл албадым ал сезимди.Мен аябай "гордыймын" .Мен андан эч качан жардамымды аябадым.Колумдан келишинче жардам бердим.
Мен ал жонундо дайыма мактап буто албайм.Орозо маалында дайыма кундо келип ооз ачканга тамак даярдап берет,озу сабакан чарчап келсе да.Турлоп жазайт,биринчи, экинчиси...таттууларычы. ..баарын жазап бутуп,тазалап кайра,уйуно кетет,анткени эжесинин уй булоосу менен турчу,кеч калчу эмес.Анан калса,уйго келген сайын менин жумушка деген кийимдеримди дайындап,утуктоп, жууп,тазалап коюп кетет.Ал баардык жигиттер каалагандай келин боло бере алат.Болом айтып калчу "Асема жашоонузга келип жакшы болду''деп. Ооба,ал жашоомо келгенден кийин ичимдикти да,чылымды да токтоттум.
Ойдодо жаздым го "гордыймын' 'деп,ооба ошонун айынан мен Асеманы коп азапка салдым окшойт.Мамилебизге 10 ай болгондон кийин,Асема менден суйууну талап кылды.Башта айттым эле го ал баарын бетке айткан кыз деп,ошо бир куну жумушунан (ал кезде окуусун бутуп жумушка кирген)уйуно жеткирип бардым.Адатта "жакшы тур"деп коштошуп кирир кетчу,ошол куну андай кылган жок,маанайы да жогураак го билбедим.Аны карап:
-Алтышка,сага эмне болду?-дедим. Ал бир топтон кийин,ун катты.
-Канчага чейин уланат?
-Эмне канчага чейин уланат?-дедим тушунбой.
-Сен,мен -деп экообузду корсотуп-Канчага чейин сенин сезимдеринди кутуп жашайм?Менин сага деген сезимим экообузго жетпейт,угуп жатасынбы?Билесинби, кыздын сезимдери жоопсуз болгон ото кыйын!Мен кулуп жайнап журсом эле баары жакшы деп турасынбы?Андай болсо сен ото жаныласын.Мен тажадым.Мен мындан ары сенин суйуунду кутуу учун курошконго алым калбай калды.
Мен анын создоруно шок болуп эле туруп калдым.Эч кутпогон элем.Ооба,билем мен ага суйом дебедим.Кээде мамилем да катаал болуп кетчу.Урушсак да,ал биринчи чалат эле мен куноолуу болсом да.
-Мен...билесин го отумушумдо кыздан конулум каттуу калган-дедим мен.
Ал мени бир жалт карап алды.Анын коздорундо жек коруу,таарыныч, окунуч дагы бар болчу.
-Отумуш..отумуш. ..Качанкыга чейин отумуш менен жашайсын?! Сен азыр башка Урматсын,озунду карачы?Сенин ал отумушундогу сенин сезимдерине баары бир болгон кыз мен эмесмин.Мени эч качан ага салыштырба. Ага караганда мен сени суйом,уктунбу! -деп эшикти каттуу жаап кирип кетип калды.
Отурган ордумда нес болуп,копко олтурдум.
Ооба,отумушумдон алган чон сабакты эске алып,бир да адамды суйбойм деген болчум.Биок, журокту башкара албай Асеманы суйдум да,ошол эле учурда ал сезимди акылым экообуз кабыл албай жургонбуз.
Мен эртеси куну Асемага чалдым,смс жаздым,бирок жооп жок.Уйуно барып,тан аткандан кеч киргенге чейин куттум,бирок келбеди Асема.
Жумушуна бардым.Ал шаардагы ресторандардын биринде алминистратор болуп иштечу.Жумуш убактысы буткучо кутуп олтурдум.Бутуп, баш ийкешип учурашып коюп,машинага олтурду.Эмне деп соз баштаарымды билбей,унчукпай олтурдум.Адаттагыдай эле ал баштады созду.
-Эмне кылабыз?
-Асем....мен.. иши кылса мен эмне дешимди билбей жатам-деп соз таппай такалдым.-Менин отумушумдо. ..
-Уффф,менин отумушум,менин отумушум....Сеникинен башканыкы кызыктырбайбы? Мисалы,меники? !Сенин отумушундо кыз суйбой койсо,менин отумушумдо мени суйгон адам каза болгон,ал жок.Мен сени жоготуп алуудан корком.А мага караганда сенин жараатын женилирээк. Ал кызга караганда мен сени суйуп жатам,Урмат. Сен отумуш деп жашай берсен,башкага эмес озуно жаман.
-Асема...деп мен созун болгонго аракет кылдым.
-Жок,менин созумду ук аягына чейин.Мен бул он айдын ичинде сени жакшы эле билдим.Сенин эмне ойлоп жатканынды, кылык жоругунду,жадакалса, досторун менен журуп,мага башканы айтып калп айткандарынды да билем.Мен сени мени суйот деп ойлогом.Бирок, жанылган окшойм.Бул убакыттын ичинде сезимдеринди айтышынды кутком.Досторун менен тааныштырбаганына, суйушкондордой киного же бир романтикалуу кечтерди уюштурбаганына да кайыл болуп,сезимдеринди айтуунду кутком.Бирок, кутуунун да чеги болот,менде да сеникиндей журок бар,бирок,мээрез эмес сеникинчелик. Сени кечетен бери ойлонду го дегем,бирок, сен дагы да отумушунду айтасын.Андыктан. ...баарын ушул жерден токтотолу.
Анын акыркы созунон чочуп кеттим.
-Жок,жок...андай дебе Асема.Билесин го мен сага муктажмын.Сага жолуккандан кийин жаман сапаттардан арылдым.Андай дебесен...
-Сен мага муктаж болгонун менен суйбойсун.А мага сенин суйуун керек.Суранам, кел уруш талашсыз эле эки жолго тушолучу,макулбу? -деп мени карап калды.А менден бир да соз чыкпайт." Токтотолу...эки жолго тушолу...кантип? "дей бердим ичимден.Бир маалда,Асеманы карап:
-Мен сени суйом-дедим.
-Эмне?-деген Асема каткырып кирди.-Сен мениби?-дейи токтоно албай.
-Эмне кулдун?-дедин тушунбой.
-Оо,Кудай аай,Урмат.Сен мени токтотуш учун эле айтып жатасын.Оозундан чыкканы менен журоктон чыкпай жатпайбы.
-Мен чын айтып жатам.Асема башын чайкады.
-Андай болбойт,Урмат. Мен бул созду он айдан бери кутком,а сен болсо азыр мени кое бербеш учун колдонуп жатасын.
-Асема;тушунсон. ..
-Жок,Урмат,жок. Чарчадым.Токтолу. Сен оз бактынды тап,мен озумдукун.Кош. -деп жузумдон суйуп,чыгып кетти.
Мен Асеманы ал кетээри менен сагындым.Жан дуйном муздай тушту.Чечкинсиздик кылып жургонумо,жакшынакай, мени суйгон кыздын журогун оорутканымды ошондо сездим.Окунучтуусу ал менден кеткенден кийин. -
Кек
Жазылган күн: 8 Ноя 2015
Апапакай үлпөт көйнөгүмдү кийип,улам күзгүнүн алдынан чыкпай,каранып отурган менин жүрөгүм опкоолжуп турду.Ал ансайын убакыт да токтоп калгансып кыбырайт.Улам улам саатты карап,бирде ары бери басып,бирде керебеттин четине отура калып эле жайымды таппай жаттым.Негедир Даниярда кечигип жатты.Махабаттын дайрасында чогуу сүзүп,өмүр жолубузду,ачка ток,күлкү кубаныч,жокту барды бирге өткөрөбүз деп ушул күндү көпкө күткөнбүз.Мына эми ал күн да келип,биз эле эмес бүт жакындарыбыздын да сезимдерин дүрбөлөңгө салып турду.Апам улам кирип чыгып,менин толкундоомду көрүп,же бир сөз айта албайт,эне жүрөгү байкуш чыйпылыктап кетип жатканын сезсем да,араңдан зорго "Менде баары жакшы"деп күлүмүш этем.
Куда тарап болжошкон убакыттан кечигип жатканына атам Касым да жинденип кетти.Дээринен айткан сөзүнө,дегенине так атама бул көрүнүш жат эле."Мен эмне болуп атам.Шашкан шайтандын иши эмеспи,келишээр, акыры"деп өзүнө өзү сабыр тилеген,эшиктеги атамдын сөзүн ачык терезеден угуп калдым.
Бир аздан кийин менин телефонум шыңгырап калды.
-Алло,алло жеңе.....Данияр байкем...,-деген Даниярдын карындашы Толкунайдын ыйлаган үнүн угуп чочуп кеттим
-Даниярга эмне болду?
-Жеңе...Данчик байкем эртең менен кеткен бойдон жок.Күтүп жатып келбегенинен издеп баштаганбыз, таппай жатышат.
-Оо кудайым,аман болсо экен...-деп оозума келген биринчи сөз ошол болду.Көзүмдөн жаш агып отурган менин абалымды кирип келген курбум Нурай көрүп чочуп кетти.
-Айсулуу,эмне болду?Эмнеге ыйлап жатасың?
-Данияр...менин Даниярымды таппай жатыптыр....
Бир заматта эле баары дүрбөлөңгө түшүп,шаарды көтөрүп Даниярды издеп калышты.Менин тилегеним эле аман болсо экен.Эртең менен атайын достору болуп белгиленген жерге барып,тойго деген машиналарды алып келебиз деп кеткен бойдон дайынсыз.Жолугушчу жерге жеткен эмес.Анын кечикенинен достору байланыша албай,үйдөгүлөрүнө чалып,ошондон издөө башталган.
Апамдардын алып келген тамагынан ооз тийбей,бөк түшүп төшөктө үч күндөн бери жатам.Атам өзүнүн кызмат абалын колдонуп,атайын оперативдүү топтордун тызылдап издегенинен да жыйынтык боло элек болчу.Кечке ашканада атам,апам жана байкемдин "Чоң Арык айылы жактан Даниярдын унаасына түспөлдөш унааны көргөн күбөлөр бар"деп сүйлөшкөн сөздөрүн угуп калдым.Мен бир суроого жооп таба албай турдум."Эмнеге Данияр тою болгону жатса Чон арыкка барат?"деген. Санаа,ойлордун кучагында кыйналып,түнү бою Жараткандан менин махабатымдын амандыгын тилеп жатып,таңга жуук көзүм илинип кетиптир.Түшүмдө Даниярым тойго деп костюм шым кийип,колунда бажырайган роза гүлдөрүн кармап алып,жылмая мени карап турат."Сен кайда кеттиң?Мен сени күтө берип кыйналып кеттим"деп сүйлөйүн десем,тилим күрмөөгө келбейт.Колумду сунсам жетпейм." Данияр...Данияр. ..."деп кыйкырып,ыйлап жатып ойгонуп кеттим.Менин кыйкырыгыман атам менен апамда чуркап келиптир.Өзүм кыйналганым аз келгенсип,айыпсыз ата-энемдин кыйналганына боорум ооруп кетти.
-Айсулуу,кызым. ...,-деп жалооруй караган атам мени өзүнө тарта кучактады.
Кичине кезимде жайлоого барып,тоого чыгып кетип,токойдо адашканда,атам мени издеп келип,карагайдын түбүндө бүрүшүп,коркуп жаткан мени кучагына кысканда,ага чейинки болгон коркунучтун баары бир заматта жоголуп кеткен эле.Атамдын ошол жылуу кучагы баардык коркунучту айдап салгандай эле.Азыр да ошол бала кезимдей,көзүмдөн салаалап аккан жашты аарчыган жылуу алаканы менен жаш баладай койнуна кыса кучактаган атамдын кучагы баардык коркунучту айдап салса гана.
Атам менен апам экөө ортосуна отургузуп,алда маанилүү сөз айтчудай,көздөрүн алакачып отуруп калышты.Алардын үнсүздүгүнө чыдабай кеттимби,айтоор
-Ата,апа....бир нерсе болдубу?,-деп сурап кайра жообун уккандан коркуп турдум.
-Кызым,бүгүн таң эрте Даниярдын машинасын табышты.Бирок, ........
Оо,кудайым ай.Жоок,атаке айта көрбөчү аягын.Даниярымды жок дебечи эми атаке....Байкуш тыбырчылаган жүрөктү көп эле азап салып коёбуз э?Тим эле жаш жүрөгүм тымызын тез-тез согуп,азыр эле кабынан суурулуп чыкчудай болуп баратты.Көз алдымда,апамдын көзүнүн жашын сүртүп жатканы элестелип барып,аягы караңгылыкка айланып кетти.
Комментарийлер
baby_k ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?