Aikutino Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 210 (0,07 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (49 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 19 Ноябрь 15
- Кароолор:
- 12 878
- Соңку аракети
- 30 Ноя 2017 10:39
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 29 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 25, 1994
- Кызыгуусу:
- Жаратылыштын койнунда сейилдоого кызыгам
- Жынысы:
- Белгисиз
- Калаасы:
- Gorod Кара суу))
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Jigito
08 Янв 2021 - 01:27 -
O.dembele
31 Июл 2020 - 10:48 -
bessmertiy
23 Фев 2019 - 16:06 -
Zaika.09
10 Фев 2019 - 13:19 -
Respect.
15 Янв 2019 - 17:39 -
Nurbolot97
29 Янв 2018 - 14:55 -
aiturgasha
02 Янв 2018 - 11:18 -
realliver
05 Дек 2017 - 16:17 -
Atlantida.
27 Ноя 2017 - 20:05 -
Sofiya98
28 Июн 2017 - 15:41
Мен ачкан темалар
-
Эрке баланы тарбиялоо
Жазылган күн: 11 Сен 2016
Эжемдин баласы аябай эрке. Быйыл 3-класста окуйт. Тамакты эжем жедирет. "Оозунду ач эми, 3 кашык жеп койчу" деп. Бир нерсеге жумшасан "озун кыл!" дейт. Айткан нерсесин алдыртат. Акчасы барбы жокпу иши жок. Алып бербесен ашатып согот. Базарды башына кийип ыйлайт. Кээде нервтенип чыдабай калганда аябай урушуп салат. Урбайт. Катуурак суйлоп, урушсан эле кекечтенип, суйлой албай калат. Мисалы мен деген созду м-м-м-ме-ен деп такалып суйлоп калат. Молдого алып барса коркуп калган окуткула деди. Канча молдого окутту. Врачка алып барса витамин жетишпейт деп дары укол , логопедден бир курс окуду. Жыйынтык ноль. Урушпай айтканын кылсан кекечтенбейт. Бирок ото эле эрке. Дайыма эле айтканын кылганга болбой калат. Атасы жок. Эжем озу тарбиялайт. Эмне кылуу керек? Кантип тарбиялоо керек? Айтканын кылып, эрке болсо , эртен эжеми карабай бакпай койсочу? Айтоор суроо коп. Жооп жок. Кенешиниздерди кутом. -
Келиндердин кийим көйгөйү...
Жазылган күн: 27 Авг 2016
Мен аябай турлоп кийингенди жакшы кором. Апам айтып калат кийим жиндисисин . Турмушка чыксан куйоон алып берсе киесин болбосо жок деп.
Ошого женелерден сурайын дегем. Кийимдерди кантип алдырасыздар? Оздору билип, алып береби?
Биздин айылда келиндер копко бир халатын кийип журо берсе да, жаны халат алып берип койбойбу деп соз кылышат?
А сиздерде кандай? -
Жеӊелер тойлор башталды...
Жазылган күн: 21 Авг 2016
Кандайсыздар?
Кыздардын кулагын кызыткан куз келди. Тойлор башталды. Мына ошо тойдогу женелердин кызыктуу окуяларын жаза кетиниздер.
Тойдо кызга же балага жене болуп чыктыныз беле? Кандай болгон?
Негизи той женелерсиз кызыбайт. Кызматты да кылышат. Келгиле тема тууралуу жазалы! -
Оюм онго, санаам санга болунот...г
Жазылган күн: 6 Янв 2016
Кенеш сурап келип калдым.... Мен универде 2-курста окуйм. Зирек, мамилелеш, чыйраак болгонум учун тез эле универден оз ордумду таап, Жаштар Комитетинде иштеп калдым. Тааныш , дос арттырдым. ЖКнын торагасы болуп Бека деген бала жаны шайланып калды. Аябай келишимдуу жигит болчу. Мен ал менен чогуу иштешкениме аябай суйунуп журот элем. Суйлосо, кулсо ушундай да сулуу адам болобу деп тиктеп отура берчуумун. А мен болсо ээн жонокой эле кызмын. ЖКда 2 кыз 4 бала иштейт элек. Болушунча Бека айткан иштерди убагында жасап, анын конулунон орун табууга аракет кылат элем. Албетте суйгон айымы катары эмес, жакын адамы, сырдашаар досу катары. Ушундай кундордун биринде универде сулуулар конкурсу болот деп биз даярдык коро баштадык. Мен Айка деген дос кызым менен чогуу жашачуумун. Ал группанын атынан сулуулар конкурсуна катышып калды. Чынында сулуу кыз болчу. Биз конкурска билет, сахна даярдап жургондо, Айка конкурска даярданып журду. Буткондо мага келип , кеттикпи деп кутуп турчу. Анан экообуз ээрчишип алып уйго кетчуубуз. Мен уйго барганда Айкага , мен бироону жактырып калдым деп айта берчуумун. Бирок атын айтчу эмесмин. Ал Бека болчу. Ал деле атын айтпаганыма конуп калган. Беканын суротун ватсаптан карап эле отура берчуумун. Жазгым келип , кайра кой, кыз биринчи жазса уят эмеспи, балким девушеасы бардыр деп ойлоп жазчу эмесмин. Ал болсо " паран буткондо кабинетке кел. Бугун чогулуш эсинен чыкпасын" ушинтип эле ватсаптан жазчу. Кыскасы мен аны ичимден жактырчуумунБир куну дагы Айка келип калды " кеттикпи?" деп. Мен азыр деп, Бекага кетип атканымды айтып чыгып кеттим. Уйго барсам : дос мага бир жакшынакай жигит керек, сахнага чогуу чыкканга - деп калды. Курсташтардан тандап королу дедим. Эртеси Бека : сен кетпей тур чогулуштан кийин, сенде созум бар- деди. Озумчо толкунданып, суйунуп алгам , эмне созу бар экен депчи. Же убакыт отпойт, чогулуш бутпойт. Бир маалда чогулуш да бутуп бары кетти. Кабинетте Бека экообуз эле калдык. Угуп атам эмне созунуз бар эле - десем. Кел, берегирээк отурсан деп озунун жанындагы столду корсотту. Унчукпай барып отурдум. -
Суйуу жазы...
Жазылган күн: 27 Дек 2015
Мен анда 2-курс элем. Шаарда окуп , коп нерселерди кыйла оздоштуруп калгам. Эжемдер менен жашачуумун. Окуган жеримден бир топ эле алыс болчу. Кийинчерээк окуума жакын жерге досум менен квартирага чыгып алдым. Зангыраган 2 болмолуу уйдо досум экообуз эле жашачуубуз. Ал кезде агент деген оруу бар эле. Бир куну досум айтып калды сенин логининди акам сурап атат деп. Эмнеге? Десем , ким менен жашайсын деди эле досум менен десем анда тааныштыр деди деп. Макул анда бере бер дедим. Акеси менен ошентип агенттен таанышып калдым. Фондо укмуш соонун суротум турчу. Тойдо тушкон элем. Ошону коруп сулуу кыз экенсин деп жаза баштады. Кундо тун бир маалга чейин жазышчуубуз. Ал Москвада болчу. Иши женил болгонго агентте коп отурчу. Досум кээде тамашалап , жене болот окшойсун. Акем менден сени сурап атат деди. Акен жакшынакай экен, болсом боло берем жене деле деп тамашалап кулуп калдым. 1 ай агентте суйлошкондон сон, унунду угайын номеринди бер деди. Макул деп бердим. Уну аябай соонун, конур ун экен. Агентте коп суйлогону менен телефондон суйлошкондо анча суйлой албай тайсалдап жатты. Мына ушинтип кундон кунго арабыз жакындап, сырдаш боло калдык. Бир куну Арууке жигитин барбы?- деп калды. Жоок , суйлошком мурдаа, аны суйуу деп деле ойлобойм, болгону балалык сезим болушу мумкун дедим. Сиздинчи? Кызыныз барбы?-дедим. Ооба, бар болчу. Жакындале урушуп кеттик деди. Себеп?-десем. Мен крда жургондо жакшынале суйлошчу. 1 жылдай суйлоштук. Анан Москвага келгенден кийин , анча жазбай, чалсам албай калды. Урушуп кайра жарашып эле жургонбуз. Бир жолу коп убакытка суйлошпой калдык. Агентке мурунку жигити мн кучакташып тушкон фотосун коюп коюптур. Аябай ачуум келип , болду мага такыр суйлобо , экообуз бири-бирибизди тааныбайбыз деп айткам. 2,3 кундон кийин мен сени сынагам кызганат бекен деп - деп агенттен жазат. Ошондон кийин конулум калып кетти- деди. А азыр суйлошосунорбу? - десем. Озу эми артымдан ээрчип журот. Бирок менде ага деген журокто эч нерсе жок- деди. Кечирип дагы суйлошуп корун- десем, жоок бул биринчи жолу эмес, онорлорун коп эле жолу корсотту, эми оз билгенин кыла берсин - деди.
Комментарийлер
Aikutino ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?