Так ушундай теманы коро албадым. Болсо кечирим сурайм.
Бир чон ападан угуп калган жайым бар: " Эрди куто билиш керек. Эрдин эрдей туйшугу бар.",-деп. Мындайча айтканда омурлук жар болчу адам идеалдуу болбойт. Кыялдар дуйносундо жашаган кыздардын элестеткениндей эрте мененки тамакты тошогуно алып келип, каприздерине чыдап, чекенден сылап уктатып, айтканына макул боло бербейт. Андай болгон учурда да, сен ал камкордуктун жообун бере ала турган болушун керек. Бироого баш байлаардан мурда анын жыргалчылыктары менен бирге туйшугун жана жоопкерчиликти ойлонушубуз керек. "Уй- булолуу" деген статуска ээ болоордон мурун ойлонуп, таразалачу милдеттер ото коп.
Ушуларды ойлоп отуруп ал бакыттан биротоло эле баш тартып коем го деп ойлочумун. Анткени, колумдан келбеген, отосуно чыга албаган иштерди эч качан жасаган эмесмин. Бир ишти конулго толоорлук жасашыма козум жетпегенде аны баштабай коюуну туура кором. Анда апам айтып калат :"Адамдар бул дуйноого жуп болуу учун жаратылган, тукум улоо биздин милдетибиз" ,-деп.
Чындыгында, чондордун созу тогун эмес экенине кундон кунго ынанып бара жатам. Эркек жана аял бири-бирин толуктаганда гана бир бутун болот окшойт. Кыздын алсыздыгы, дайыма жолоноорго бироону издеши, жакшы создорго муктаж болушу, коргоолууну, суйулууну каалашы жана ар убак бироодон колдоо кутушу менин оюмдун озгоруусуно себеп болду окшойт.
Кучтуумун дейм озумо ар дайым, бирок ыйлаганда коз жашымды арчып "Баары жакшы болот" деген созун айтуучу,эркелетчу жана мага эркелечу, жарты жанымды толуктачу, жашоомдун тиреги болуучу адамга муктаж экенимди сезип баштадым окшойт.
Бул кыздын чыныгы сыры
Билдирүүнү түзөткөн: lilokoo: 13 Ноябрь 2013 - 20:14