– Сиз айыл өкмөтүнө кайрылып, там салыш үчүн башка жер берүүсүн талап кылышыңыз керек. Эгерде бул суроо чечилбесе же биринчи жер тилкесин алгыңыз келсе, анда сотко доо арыз менен кайрыла аласыз. Мында жооп берүүчү тарап айыл өкмөтү жана күбөлүк алган адам болот. Сот айыл өкмөтүн сизге башка жер бөлүп берүүгө милдеттендириши мүмкүн. А балким, жер тилкеси боюнча экинчи чечимди жокко чыгарышы ыктымал.
Билдирүүнү түзөткөн: info: 24 Июнь 2010 - 15:28