– Күйөөм менен бирге жашабай калганыма көп убакыт болду. Бирок ортобузда кызыбыз бар. Ал азыр 5 жашта. Учурда жолдошумдун кайда жүргөнүн билбейм. Анын биз менен байланышы жок, эч качан кызымды багууга, тарбиялоого көмөк көрсөткөн эмес. Андай атанын фамилиясын кызымдын алып жүрүшүн каалабайм. Кызымдын фамилиясын өзгөртүп, өзүмдүкүнө жаздырайын дегем. Бул мүмкүнбү? Айгүл, Балыкчы шаары.
– Мыйзам боюнча, Үй-бүлө кодексинин 64-беренеси төмөнкү шарттарда баланын фамилиясын өзгөртүүгө жол берет:
Баланын ата-энеси чогуу жашабаса, экинчиси жубайлардын ата-энелик укугунан сот аркылуу ажыраса;
Атасы же энеси белгисиз болсо, анын кайсы жерде жүргөнүн аныктоо мүмкүн болбосо;
Экөөнүн бири “психикалык жактан жабыркаган,
өз жоругуна жооп бере албайт” деп табылса;
Жубайлардын бири баланы багууга материалдык,
моралдык жардам көрсөтпөсө жана тарбиялоодон баш тартса.
Жогорудагы далилдер болгондо гана ошол адамдын макулдугу жок эле балдарга кам көрүү органы аркылуу баланын фамилиясын өзгөртүүгө болот. Бул маселени чечүүдө баланын кызыкчылыгы,
ою мыйзам боюнча 10 жашка чыккандан баштап эске алынат.
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1