Барс Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Аким
- Билдирүүлөр:
- 2 604 (0,46 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (569 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 24 Октябрь 08
- Кароолор:
- 102 659
- Соңку аракети
- 14 Июн 2024 23:38
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 76 жашта
- Туулган күнү:
- Август 20, 1947
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Айылда
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Азат Бейшенбеков
06 Фев 2022 - 14:31 -
poping.dance
22 Янв 2022 - 16:52 -
jai
22 Янв 2022 - 15:06 -
patma.mahmud-...
10 Янв 2022 - 05:15 -
biznes
02 Янв 2022 - 06:25 -
Men_ele
21 Ноя 2021 - 01:59 -
kulgutai
25 Окт 2021 - 08:44 -
Shanson
24 Окт 2021 - 20:48 -
kaysarym
22 Окт 2021 - 00:39 -
O.dembele
19 Окт 2021 - 20:22
Мен ачкан темалар
-
Жаңы 2018-жылга куттуктоо
Жазылган күн: 31 Дек 2017
ЖАҢЫ ЖЫЛГА КУТТУКТОО
Адам пендеси кызык эле жаратылган жан болот тура чиркин! Жараткан ага чектелүү акыл, ой, сезим, анан кошумчалап ойку-кайкы тагдыр ыроологон экен, ошолордун шарданы менен бирде сүйүнүп, бирде күйүнүп, төрөлгөндөн көз жумганга чейин насибин ашап, бири-бирине окшошпой жашап,келечектен жакшылыктарды үмүт этип, өмүр сүрөт өңдөнөт.
Мына азыр да григориан жыл санагы боюнча келүүчү жаңы 2018-жылды күтүп, жакшылыктардан үмүт этип, бирин-бири куттуктап, майрамдап ( жер үстүндөгү адамдардын баары эле эмес дечи!..) шаттанууга даярданып жатышат. Чын эле бүгүнкү түндүн жарымында,саат түнкү 12-00 убакытты көрсөткөндө, Жаңы Жылдын келери такпы? Чын эле эски 2017-жыл кетеби? Эртең эрте менен Жаңы жылдын жарыктык Күнү чыгыштан жаркырап чыгабы?
Анда эмнеге юлиан жыл санагы боюнча григориан жыл санагынын 13-14-январында (мындан нары ушул григориан жыл санагы боюнча белгилейбиз. ) эски жаңы жыл келет дешип,элдин бир тобу зарыгып күтүп отурушат? Анда эмне үчүн байыркы Кытайдын жыл жазмаларында жылдардын тоголушу 21-январдан 21-февралга чейинки күндөрдүн биринде деп белгилеп кетишкен? А ирандыктарды туурап биз илгерки ата-бабаларыбыз атаган Жыл ажыраттыны “Нооруз”деп атап алып, эмне себептен 21-мартта тособуз? Андан да кызыгы Бангладеште бенгал жылы 14-апрелде, 9-11-сентябрда еврейлердин Рош Ха-Шана жылы Израилде,ал эми мусулмандардын хижра жаңы жылынын башталышы быйыл 14-сентябрга туш келет... жана башка ушул сыяктуулар. ( ж.б.у.с деп коюшчу беле?)
Ко-ош,ошондо Жаңы Жыл качан жаңырат? Кайсыларга жана кимдерге ишенебиз! ?
Анткен менен Жараткандын ар бир күнү майрам! Тирүү тоскон ар бир күнүң шаң! Эмесе баарыңыздардын шаңдуу майрамыңыздар кут болсун! Жалпы Адамзатына , өз элибизге, үй-бүлөбүзгө жана да керт башыбызга тилеген жакшы тилектерибизди, ниеттерибизди Жараткан ар бирибизге берсин! Ар бир күнүңүздөр майрам болуп, майрамыңыздар майрамдарга улансын, замандаштар! !!
Сиздерди урматтоо менен БАРС.
-
Көңүл бургула, СЫНАК!
Жазылган күн: 14 Авг 2014
МЫКТЫ КОТОРМОГО СЫНАК
2014
Дүйнөлүк адабияттын (анын ичинде балдар адабиятынын) мыкты үлгүлөрүнүнкотормолору боюнча конкурстун
Жобосу
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо (мындан ары- Жобо) КР Президентинин 01.07.13. № 155 “КыргызРеспубликасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнчачаралар жөнүндө” Жарлыгынын 6-пунктунун 1-абзацына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Жобо дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн (балдар адабияты кошо камтылат)котормосуна конкурс (мындан ары - Конкурс) өткөрүүнүн шарттарын жана тартибинаныктайт.
1.3. Конкурс Жарлыкка ылайык КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнчаулуттук комиссия тарабынан, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КРБилим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданиймурастарынын “Мурас” фонду менен биргелешип өткөрүлөт.
2. Конкурстун максаты:
2.1. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн (балдар адабиятын) мамлекеттик тилдеокуганга мүмкүнчүлүк түзүү, мамлекеттик тилди өздөштүрүүгө өбөлгө жаратуу.
2.2. Көркөм котормону жандандыруу жана котормочуларга чыгармачыл дем берүү.
3. Конкурсту уюштуруу
3.1. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиятарабынан, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Билим берүү жанаилим министрлиги, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас”фонду тарабынан бекитилген кызматкерлер конкурсту уюштуруучу топтун курамынтүзөт.
Уюштуруучу топ:
• Конкурстун үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн, маалыматтык уюштурууну;
• Конкурска келип түшкөн котормолорду категориялары боюнча тандоону жанакалыстар курамына өткөрүп берүүнү камсыздайт.
3.2. Калыстар тобунун курамы КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КРБилим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданиймурастарынын “Мурас” фондунун сунуштарынын негизинде КР Президентине караштууМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
Калыстар тобу:
• Баалоо критерийлерин иштеп чыгат;
• Котормолордун конкурстун талабына ылайыктуулугун баалайт;
• Жеңүүчүлөрдү жана кызыктыруучу байге ээлерин аныктайт.
4. Конкурска катышуу шарттары:
4.1. Котормо тексти Microsoft OffiseWord документи тибинде, 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5)Times New Roman арибинде болууга тийиш. Бир конкурстук иш - бир чыгарма.
4.2. Конкурска 4.1 пункттун талаптары сакталган, мурда которулбаган чыгармалартөмөнкү номинациялар боюнча катыша алат:
• Проза (роман, повесть)
• Кичи проза (аңгеме, новелла, эссе, очерк)
• Поэзия
• Драма
4.3. Купуя ысым (псевдоним) жазылган чыгарманын басма түрүндөгү 2 нускасы, түпнускасы менен кошо кабыл алынат, ал эми автордун чыныгы аты-жөнү, чыгармасынынаты, купуя ысымы жазылган башка конверт Мамлекеттик тил боюнча улуттуккомиссиядан конкурска катышуучунун билдирме бланк барагына атайын номер алыпкатталуусу зарыл.
4.4. Билдирме бланкта автордун аты-жөнү көрсөтүлбөйт. Электрондук, басмаформада жазылган купуя ысым менен конверттеги купуя ысым дал келүүгө тийиш.Номерленген конверт конкурстун жыйынтыгы чыгарылгандан кийин жеңүүчүлөр купуяысым боюнча аныкталган расмий шартта ачылып, айкындуулук үчүн катталганномердеги маалыматтар менен салыштырылат.
4.5. Плагиаттык деп табылган чыгармалар конкурстук кароодон четтетилет.
4.6. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген жана катышуу шартына ылайыктапшырылбаган чыгармалар конкурска кабыл алынбайт.
4.7. Каттоо төгүмү – 200 сом
5. Чыгармаларды баалоо критерийлери
5.1. Жогорку көркөмдүк деңгээл
5.2. Мазмундун актуалдуулугу
5.3. Идеялык-нравалык негиздин кыргыз адабиятынын мыкты салттарына
шайкештиги
6. Конкурстун жыйынтыгы
6.1. Баалоо системасы – рейтингдик (1ден 100 баллга чейин)
• Жогорку көркөмдүк деңгээл (50 балл)
• Мазмундун актуалдуулугу (20 балл)
• Идеялык-нравалык негиздин кыргыз адабиятынын мыкты салттарына
шайкештиги (30 балл)
6.2. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат жана котормолор басмагасунушталып, котормочуга жарык көргөн китеп нускасынын 10%ы берилет.
6.3. Калыстар тобунун чечими менен басмага татыктуу чыгармалар жыйнаккачыгарылат.
6.4. Конкурска келген котормолор жыйынтык чыгарылгандан кийин КР Президентине караштууМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сайтындагы атайын баракчагажайгаштырылат.
7. Конкурстун мөөнөтү:
Конкурс 2014-жылдын август айында жарыяланып, жыйынтыгы 2014-жылдын 12-декабрь“Улуттук жазуучулардын күнүнө” карата чыгарылат. Конкурска катышууга билдирмежана конкурстук ишти кабыл алуу 2014-жылдын 12-ноябрында саат 17:00дө аяктайт.
Чыгармалардын электрондук түрү:konkurs.kg@list. ru дарегине жөнөтүлүүгө же атайын флеш-дисктерде тапшырылуугатийиш. 4.4 - пункту боюнча каттоо КР Президентине караштуу мамлекеттик тилбоюнча улуттук комиссияда жүргүзүлөт. Дареги: Бишкек ш., Бөкөнбаев к., 182,7-бөлмө (котормо бөлүмү). Маалымат үчүн тел: (0312) 31 58 75, 31 58 15
Достору
-
supernurgazy -
adalsvards -
USSR -
Kagan -
Demon -
FatimaKuba... -
anjelei -
Romantic -
Nurjanka -
Janyla -
GULLIKIZ -
serche -
skatoruk -
Azu -
Likvidator -
Altyshok -
Umka220190 -
Mondur -
T-1000 -
Erma_k-dobo -
Grad_Person -
Laura -
Aziku007 -
mr-Bau -
Nur_Islam -
Guli.kg.90 -
Jyku -
Gupa -
Beksultan01 -
patma.mahm... -
Dolbooruwka -
hanzada_sa... -
Elmara -
konfetka_love -
aruuzat88 -
jemile -
Aristokrat... -
nsk-mk -
aizul9.kg -
topozqu -
Ailyna -
KG_Beka_KG -
taarynchak -
Leylektik-... -
kyrgyzjigi... -
Kontinent -
sagyndymgooo -
new_hacker -
webayd -
Nyra.
Показать 50 случайных друзей 62 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
anjela2018
30 Янв 2019 - 12:34aijan
25 Июл 2013 - 15:24Барс
19 Июл 2013 - 07:54konfetka_love
18 Июл 2013 - 18:24dodge
09 Май 2013 - 07:43Бүгүнкү Улуу Жеңиш майрамыңыз менен куттуктайм!
Ден соолук,үй бүлөөңүзгө бакыт-таалай каалайм.Бар болуңуз.
kaitpas
12 Авг 2012 - 15:13Барс
30 Июл 2012 - 23:01historic
30 Июл 2012 - 11:44Delicacy
20 Мар 2012 - 12:39Delicacy
20 Мар 2012 - 12:39oilon
03 Мар 2012 - 06:34oilon
03 Мар 2012 - 05:57Zamira
24 Авг 2011 - 21:50Demon
22 Июн 2011 - 22:17Барс
23 Фев 2011 - 16:30