Жардам бөлүмү: Темалар опциялары.
Ар бир теманын үстүндө опциялардын тизмеси чыга турган “Опциялар” менюсу бар.
Бул менюда төмөнкү опциялар бар:
Бул менюда төмөнкү опциялар бар:
- Бул теманы көзөмөлдөө – бул опция темадагы бардык өзгөрүүлөр тууралуу сиздин электрондук дарекке кат аркылуу кабарлап турат. Кененирээк маалымат үчүн “Жаңы билдирүүлөр тууралуу кабарландыруучу кат” жардам бөлүмүн караңыз.
- Шилтеме жиберүү – бул функциянын жардамы менен кимдир бирөөгө атын жана электрондук дарегин, тилин көргөзүп, теманын шилтемесин жөнөтө аласыз.
- Теманы басып чыгаруу – теманы стандарттык шаблондордун жардамы менен басып чыгарууга ыңгайлуу болгон форматта көрсөтөт.
- Теманы көчүрүү – теманы ар кандай форматта көрсөтүү. “Басып чыгаруу үчүн версия” – теманы басып чыгарууга ыңгайлашкан барак түрүндө көрсөтүү. “HTML версияда көчүрүү” – теманы компьютериңиздин эс тутуучу дискине көчүрүү. Бул функциянын жардамы менен сиз кийинчерээк форумга кирбей, теманы браузер менен көрө аласыз. “Microsoft Word форматында көчүрүп алуу” – теманы компьютериңиздин эс тутуучу дискине көчүрүп алып, Microsoft Word`дун жардамы менен интернетке кирбей көрө аласыз.
- Темага жазылуу – бул функциянын жардамы менен жазылган форумдагы жаңы темалар тууралуу электрондук дарекке кабарландыруучу кат келип турат. Кененирээк маалымат үчүн “Жаңы билдирүүлөр тууралуу кабарландыруучу кат” жардам бөлүмүн караңыз.
Ошондой эле сиз теманы көрсөтүүнүн үч түрүнүн биринде көрсөтө тургандай кылып жөндөп алсаңыз болот.
- Кыска мазмуну – бир билдирүүнү көрсөтүп, алдына калган билдирүүлөрдүн тизмесин бак түрүндө кылып көрсөтөт.
- Стандарттык – теманы стандарттык түрдө көрсөтөт: администратор белгилегендей тартипте, билдирүүдөн кийин билдирүү.
- Линиялык+ – сандарттык түргө окшош, биринчи билдирүүсү сиз кайсы бетте болбоңуз, ар дайым үстүндө көрсөтүлүп турат.