Билдирүүнү түзөткөн: salta000: 04 Март 2019 - 01:41
Баракча 1 - 1
Маданият кызматкерлеринин маданиятсыздыгы Маданият кызматкерлери - коомдун күзгүсү
#1 04 Март 2019 - 01:39
Салам Суперстандыктар!
Уф чындыгында мен сыяктуу баарыныздар эле интернеттеги маданият кызматкерлеринин ызы-чуусунан тажадыныздарбы?
Кайсы сайтты ачпа ( инстаграм,супер ж.б) эл алдында жургон канчалаган жаштар кумир туткан адамдар(Кенже-
Айжамал,Анжелика -Айчурок, Гулзат Мамытбек-куйосу,
Илим Карыпбеков -Бек Борбуев ж.б) бири-бири менен урушуп ооздорунан ак ит кирип кара ит чыгып жаткан учурду гана окуп же корууго болот. Бир жагынан мындай ызы-чуу аты чыкпай жатканда атын чыгаруу учун кара пиар болсо,экинчи жагынан маалымат каражаттары учун акча табуу,учунчу жагынан бири-биринин денгээлин тушуруу уяткаруу ондуу максаттары болуп жаткандары баарыбызга эле айдан ачык. Урматтуу окурман сиздин пикиринизче ушундай нерселер жаштарга терс таасирин тийгизиши мумкунбу? Канткенде маданият кызматкерлерин маданияттуулукту чакыра адабыз?
#2 04 Март 2019 - 01:58
Буларды мен маданият кызматкери деп деле эсептебейм.
Маданият кызматкери маданияттуу болот, маданият кызматкери каяктагы болбогон инстаграмм,
подписчиктер ж.б. ушул сыяктуу нерселер үчүн той бербейт.
Маданият министрлиги эркекче иштегенде биздин маданият өнүгөт. Ага чейин акчасы көптөр фальшивый "маданият кызматкери" , "эл артисти" болуп жүрө беришет.
Маданият министрлиги эркекче иштегенде биздин маданият өнүгөт. Ага чейин акчасы көптөр фальшивый "маданият кызматкери" , "эл артисти" болуп жүрө беришет.
#3 04 Март 2019 - 08:15
Тажасак да айла канча, андан башка жанылык жок болсо. Ырчы Каникей бир маегинде "мен ырчы болгонго чейин жоош кыз элем, бул тармак мени озгортту "-деп. Анын сынарыдай булардын маданиятсыздыгын элге чыгып жатканынан эле билсе болот. Аа бекер жылдыз болбоду деп.
#4 04 Март 2019 - 11:21
Булар накта маданиятсыз шайтандын жолундагыларда,
айрыкча Анжелика менен Мамытбек кызынан жүрөгүм айланып кускум келип калган)).
Спорт ден-соолуктун булагы.
Баракча 1 - 1