Суперстан: Барс агайдын өздүк чыгармалары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (15 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...

#1 Пользователь офлайн   Барс   28 Январь 2009 - 10:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

%) Арман
(аңгеме-тамсил)


Жөжө короз энеси мекиянга нааразычылыгын билдирет имиш:
-Мага жерде кык тытып, курт-кумурска терип жебей, бүркүт болуп шаңшып көктө учуп жүрүү гана ылайык эле, а сиз болсо мени тоок жөжө кылып ачып салыпсыз…
Анда энеси:
-А, балам, күнөө менде эмес, күнөө-короз атаңда…Убагында үстүмөн канчалаган бүркүттөр шаңшып айланып учушпады дейсиң… Апапакай болуп андагы апаңды көрсөң эле…Ошолордон кызганып, баарыбызды үйүрүп айдап, бүжүрөтүп, далдадан чыгарбай койбодубу! ... Болбосо, сен да азыр көктү жиреп, асманда учуп жүргөн болот элең, чиркин!
Анда жанагы жөжө короз түнөктүн бийигирээк жерине чыгып барып:
-Эх! - деп алып, тээтиги алыстан көрүнгөн ак карлуу тоолордун баштарын бир карап, анан көктү бир карап, канаттарын каккылап күүлөнө: Ку-кер-куу! - деп баратып эле үнү буулуп чыкпай калып, өзү отурган түнөктөн кулап кетип, кайра тура калып, силкине чаңын кагып, нарыга басып кетти дешет көргөндөр.
Анын тоок башына бүркүт болуу ою кайдан келе калган, ким билди дейсиң?!.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 15 Декабрь 2021 - 14:44

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Барс   30 Январь 2009 - 18:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Ким ким?
(Новелла)
Ошондо жаз эле. Али талаачылык жумуштары баштала элек кез. Кыштан аман-эсен чыккан бирин-экин кара малды, он-он бештен кой-эчкилерди падага кошкону айдап чыгып, анан кезүүгө чыккан баланын алдына аларды салып берип коюп, жаңы чыккан көккө тончон, же ичик кийген кээлерибиз секирин гана жамбаштай жатып алып, кээлерибиз нарыдан жалпагыраак таш алып келип, анын үстүнө көчүк басып, кээлерибиз таяктарыбызга сүйөнүп туруп, үйдөгү кыжы-кужуларды унутуп, «ун байып калды…», «баланын мектепке кие турган жаз кийими жок болуп атса, жанагы ата-энелер взносу деген балекетин суратып дагы мугалими кагаз бериптир…», «баягы карызды сурап дагы келди…» деген жана башка, дагы ушул сыяктуу түк түгөнбөөчүдөй, учу-кыйыры көрүнбөгөн, бирок, ушулардын баарына жедеп көнө түшкөн биз, ошол кыжалатыктарды бир аз болсо унута түшүү үчүн маек курабыз.
-Ушу бизде, кыргыздарда, кызык эле эй… Мындай жорук башка элдердин биринде да кезикпейт болуш керек,-деди чеченирээк бир мугалимибиз- Эми казак туугандарда эле боло калбаса. Чын эле ойлоп көрсөң: балага өз атасы менен энесин «ата». «эне» дегизбей, жашынан атасын түндүктө «байке», түштүктө «аке» дегенге, энесин болсо, «жеңе» дегенге көндүрүшөт. Ошол балдар «ата» деп чоң атасын, ал эми «эне» деп чоң энесин атап чоңоюшат. Ушул нерсе улууну сыйлоо, кадырлоо жана барктоо катары түшүндүрүлүп, мунун качан башталганы белгисиз болуу менен катар эле, ушул 21-кылымга да кирип келди, тооба. Балким, мени менен пикир келишпеген бирөө жарым чыгып: «Э жо-ок. мен атамды «ата», апамды «апа» эле дейм»,-деп каяша айтаар. Мен ага макул болуу менен бирге эле эскертип койгум келет:
-Улуу урматтуу досум, мен «ата» дегениңе макулмун.Бирок, энеңди сен башкалардан айрымаланып «эже» дейт турбайсыңбы? Дегеле көөнө түрк тилинде, ошонун ичинде кыргыз тилинде да, «апа» деген сөз өзүнөн улуу ургаачы бир тууганына карата айтылган,-дейм мен. Ошондуктан, анын бетин кудай нары кылсын, ошол сен «апа» деп жүргөн адам көз жумса, «апа» деп эмес, «эне» деп өкүрөөрүңдү унутпа! Ал эми эжең көз жумса, «апа» деп өкүрөсүң, баатыр.
-И аны айтасың. Азыр атасын «папа», апасын «мама» дегендерди кантесиң, агай?-деди сакал-муруту суюк Түрсүналы- Ана ошолор, какирас агайлардын балдары… Биз жаш кезде «папа» деп ысыкты, «мама» деп абабыздын кемпирин айтчы элек. Азыр эми «кыргыз тилин өнүктүрөбүз» дейсиңер-у, кайра маалимдер өзүңөр орусча атаганга үйрөтөсүңөр. Же туура эмес айтамбы?
-О аның туура дечи. Ол ошо баягы совет мезгилинин калдыгы болуп калбадыбы, чиркин!…
Бир даары муну «туура» деп, бир даары муну «болбойт» деп, анан ошол совет мезгилин тамшана кеп кылып, кайра эле жанагы жогорку бийликтегилерди, президентин баш кылып, премьер-министрин төш кылып, спикерин дагы бир нерсе кылып сындап бүтүп, бугубузду чыгарып алгандан кийин, анан ушу ата-бала маселесине, ага аралаштырып тил маселесине түшүп кетип, бир топ айылдаштар кой паданы чыгарып коюп, бир аз да болсо маектешкени отурган элек. Адатыбызча баарыбыз бир нерсени билген кишидей болуп, кайсы бир жерлерден уккан, же укпасак деле өзүбүз чыгара койгон «мисалдарды» келтирип, бирибизди-бирибиз колдоп: «ии ошону айтсаң» деп сүрөп отурган элек.
Ошондо мезгил жаз эле. Ар бирибиз бирин-экин кара малыбызды, майда жандыктарыбызды айдап чыгып, падага кошуп, анан чоң атпайды айыл өкмөтүнөн баштап, акимин кошо, губернатору менен бириктирип, а тургай мамлекет башчыларын бирин калтырбай шыбап, алардын кемчилдиктерин чукуп, үй-бүлөсүндөгү айыптарынан бери даршан кылып, кудум өз көзүбүз менен көрүп тургандай,
бирге аралашып жүргөндөй, айткандарыбыздын баары жүз пайыз чындыктай кылып, күндөгүдөй эле соктуруп жаткан элек.
Аңгыча эле нарыдан:
-Ата-оов!- деген үн чыгып калды. Үн салган бала баятан бери сөзгө көп кошулбай отурган Кимсан акенин небереси экен. Кулагы бир аз базмын эле жарыктык кишинин укпадыбы десек, уккан экен:
-Оов!-деди.
Атасынын үнүн уктубу, же жокпу, алиги жаш бала дагы:
-Ата-оов!-деди.
Кимсан аке дагы:
-Оов!-деди.
Алиги бала топко жакын келип, дагы бир жолу:
-Ата-оов!..- десе болобу. «И,-деп ойлоп жибергенге үлгүрдүк кээлерибиз- небиресинин да кулагы чатак окшойт-ов?»
-Оов, мине дейсиң, уулум?-деди Кимсан аке бейкапар, ичи элжирей небересин карап. Ошондо небереси мине дейт десең кысталак:
-Сени чакырып атырымбы? Өзүмүн атамы чакырып атырым. Ата, сизди апам «тез келсин» деди,-десе болобу.
Кимсан аке эле эмес, ошерде отурган баарыбыз кызык абалда калдык. Көрсө, Кимсан акенин улуу уулу Ашым да ошол жерде отурган экен. Баарыбыз ага жүз буруп, ыржая карадык. Ашым жер чукуп эле отуруп калды. Наристеде эмне күнөө ал чоң атасын эмес, өз атасын чакырып жатыптыр да. Кимсан аке байбичеси дүйнөдөн кайткандан кийин үйлөнгөн аялынан көргөн эки-үч жашар баласын «ата» дедиртсин да, туурабы?..
«Э жакында кош чыгат. Жерди мине менен айдатасың? Урукту кайдан аласың?» Биз болсо чоңдорду күч жеткинче, жер-жеберине жеткире согуп, биздин ушул көртиричилигибиз
дин жетишпегендиктерине ошолор гана күнөөлүү экенине жүз пайыздан да көбүрөөк ишенип, мурунку совет доорундагы байгерчиликти дагы бир жолу ыйлабасак да ыйламсырап, тамшана эстеп, үйлөрүбүзгө тарап баратып: «Ой, кысталактыкы ой, Кимсан акенин небиреси атасын таза тууралады-ю. Меники антпес бекен? Ай ким билет ушул заманда…» деп ойлонуп коебуз дагы...

Форумчуларга суроолор: 1. Менин аңгемелеримен жадап кетпедиңиздерби? Кулак кагыш кылып койгула!
2. Эмне форумда жалаң эле акындарбы? Кара сөз кайратмандары кайда?

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 30 Август 2013 - 14:49

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Барс   06 Февраль 2009 - 09:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Ушул орустардын басма сөзүнөн бир анекдот окудум эле. Дегинкиси анда бир кызыл аскер актардан качып калат. Качып баратканда ички сезими (внутренное чувство): "Токто. Качпа "дейт. Ал токтоп калат. Анан кайра ички сезими:"Актарга чабуул кой"дейт Ал кууп келаткан актарды качырып кирет. Анан актардын ортосунда калат. Ошондо ички сезими: "Мына эми өлдүң!" дейт. Мазмуну ушундай эле. Төмөнкү аңгемени ошол анектоддун негизинде жаздым эле. Бирок, ошол кайдан окуганымды, ким жазганын таппай калдым. Эгер форумчулардан кимдир бирөө ушуну табышып койсо, ырахмат айтат элем. Тиги "бирөөнү туурап..." дегендин ордуна мына ошону коюп коймокмун. Алдын ала ырахмат айтуу менен Барс.
«ИС» (Аңгеме) (Бирөөнү туурап...) Анын бул боюнча бекем ишеними бар эле. Ал ишенимден эч ким аны азыр да кайтара албаса керек. Балким, көп жылдар бою калыптанган бул ишеним анын бүткүл жан дүйнөсүн ээлеп, биротоло аң-сезиминен чыккыс болуп, мыкталып калгандыр. Ошондон уламбы кеп кезеги келип калган учурда:
-Э, достор, ар ким ар кандай айта берет, дей берет. Бирок, менин терең баамымда баары айланып келип эле өз акылың да, дүйнөдөгү улуу акылмандардын акылы да, а тургай ата-энеңдин акылы да өзүңдүн ички сезимиңе жетпейт. Ички сезим-адамга белекке бир берилип калган ажайып туйгу. Ал сени эч качан алдабайт!!! Аны сезе билүү, аны уга билүү, анын айтканын аткара билүү да өзүнчө чоң даярдыкты талап кылган жөндөм. Андыктан, мына ушуга жетишүүгө ар бир инсан аракет кылуусу зарыл,-деп сөзүн аяктачу.
Анын бул айткандарына көбүбүз ынанган менен, ал сезе билген деңгээлде ички сезимибиз менен баарлаша алчудай эмеспиз. Балким, ал жылдардын аралыгында көптөгөн машыгуулардан соң гана пайда болор. Же кээ бир адамдар менен кошо жаралар, ким билди дейсиң. А тургай ал өзүнүн ушул даражага жеткенине да (ал биздин министрликте кыйлы эле дурус кызматта иштечү) ошол ички сезиминин жетеги менен, шарапаты менен, анын айтканын аткаруу менен жеткенин мисал катары узакка-а саймердендентип айтып берчү.
-Мына ушундай,-дечү ал-Бир нерсеге ийгиликке жетем десең оболу ички сезимиңди ук. Аны менен кеңеш. Анан ошонун айтканын аткар. Мына ошондо гана ишиң алчы болот. Акыл деген эмне? Акыл бардык адамдарда эле бар. Анан эмне үчүн алар жогорулаша албай жүрүшөт? Дал ошол ички сезиминин нускоосун биле алышпаганындыгында. Кээлер байлык болсо ар нерсеге жетсе болот дешет. Болбогон кеп. Мына, канчалаган бай адамдар бар. Алар эмне үчүн чоң кызматтарга жетпей жүрүшөт?
-Ички сезиминин буйругун аткарышпагандан…- дей салды арадагы бирөө.
-Во-во- деди алиги- Туптуура. Мына ошондон улам гана. Алибетте, акылың да, байлыгың да болсо-жакшы. Бирок, аны менен көпкө узай албайсың. Бир гана ички сезимиң сени улам бийиктиктерге алып барат, вот так.
Мына ушулардан кийин ага өз атын атабай «Ички сезим», кыскартып «ИС» деген ысым ыйгарып салышты. Алибетте, көзү жокто дечи.
Ошентип, министрликтин иши менен баарыбыз берилген тапшырмаларды аткарып иштеп жүргөнбүз. Адаттагыдай эле бир күнү министрдин өзүндө кеңешме болду. Ар кандай маселелер талкууланды. Кээлерге мактоо, кээлерге сындар айтылды. Ошол сын алгандардын арасында бизге тааныш «ИС» да бар. Анан кеңешме бүттү. Күндөгүдөй эле ар кимбиз өз орундарыбызга жумушубузду улантканы отурдук. Кадимки эле боло жүрчү көрүнүш. Жо-жок. Ал күн кадимки боло жүрчү күндөн башкачараак болду. Муну бир баштан баяндайын.
Ошентип, биздин «ИС» министрдин кабинетиндеги кеңешмеден кийин өз ордуна барып отурат. Бүгүнкү кеңешменин жүрүшүн бир сыйра көз алдынан өткөрөт. Өзүнө берилген сынды акылга салып калчайт. Эмне, сын биринчи болуп жатыптырбы, же жалаң эле өзүнө сын айтылыптырбы? А эми министр болгон соң сындайт, урушат, ишти талап кылат, ушундай эмеспи. Өз акылында ушундай жыйынтык чыгарат. Бирок, ушул учурда кайдан-жайдан ички сезим козголуп үн кошуп, акылдын тыянагын туура эмес табат. «Болбогон кеп-дейт ал-министрдин бул кылыгы туура эмес. Эмне үчүн ал гана бизге сын айтышы керек, Биз эмне үчүн анын кемчилдигин көзүнө көрсөтүп айтып бере албайбыз?» «Ал-министр, ошондуктан акылуу»-дейт акыл. «Баары бир-дейт ички сезим-биздин да акыбыз бар. Ошондуктан, муну кийинкиге калтырбай, азыр айтуу керек!» «Жо болбой-дейт акыл-анда иш бузулуп калышы мүмкүн.» «Эмнеге иш бузулмак эле? Министр да адам. Ал, балким, өзүнүн кемчилдигин билбей жүргөндүр. Балким, «бирөө жарым кемчилдигимди айтса, аны оңдосом, ырахмат айтат элем», деп күтүп жаткандыр. Ошондуктан, азыр эле барып айтуу зарыл. Тур да, барып айт», - деп чекит кое сүйлөдү ички сезим.
«ИС» ордунан туруп, министрдин кабинетин көздөй жөнөдү.
«Токто! Болбойт!»-деди акыл.
«Токтобо! Болот!»-деди ички сезим.
Ал министрдин мындан 15 мүнөттөй мурун чыккан кабинетинин эшигине барып калды. Катчы кыз бир нерсе дегиче болбой эле ички сезим: « Шарт кирип кете бер!»-деди. Акыл а-бу дегиче, ал эшикти булка ачып кирди да, эшикти тарс жаап салды. Акыл эшикте калды.
Өз ордунда бир нерсени окуп отурган министр «ИС»тин катуу киргенин көрүп, таң кала башын көтөрдү. -Сиз… - деди «ИС» кепти неден баштаарын билбей. «Сиз дебей сен де да, башыңды көтөрүп, тартынбай ойдогунун баарын айт!»-деди ички сезим.
Башын көтөрүп, кейкейе туруп «ИС»:
-Сен-бюрократсың! – деди колун кылыч кылып-Жегичсиң! Адамдардын андай-мындайын, өйдө-төмөнүн түшүнбөгөн- дөдөй, көрбөгөн-сокурсуң. Мына, сен-кимсиң. Ушул кемчилдиктериңди тиги уяты жок бетиңе айтып койгону кирдим. Болду. Вассалом! Балким, ушул кемчилдиктериңди тактап айтып бергеним үчүн ырахмат айткың келип тургандыр. Мага сенин ырахматыңдын кереги да жок…
Ортодо ирмемге гана тымтырстык өкүм сүрдү. Министр ордунан ыргып туруп:
-Эмне дедиң? Кайталачы, эмне дедиң? - деди көзүнөн чаары чыгып, ошол эле учурда катчы кызды чакырган коңгуроосунун топчусун басып.
Ал дендарөө туруп калды. Аңгыча: « Эми энеңди дал Үч-Коргондон көрөсүң!» - деди ички сезим. Туптуура. Ички сезим аны бу сапар да алдаган жок!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 30 Август 2013 - 14:43

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Барс   14 Февраль 2009 - 16:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

"Жаңы ыр төрөгөн жаз"
(Аңгеме)
Ыр кайдан чыгат? Билген барбы жаралылыш себебин?
Сезимденби? Акылданбы? Же асмандан аста түшүп келеби?
Не болсо да, бул-кубулуш, бул-укмуш,
Болсо керек Адамзатка Жараткандын белеги!..


Мезгилдин өткөнүн, жаштыктын кеткенин киши аңдабай калат тура. Мына, кечээ эле мектепте окуп жүрдү эле. Андан мурункусу эсинде жокко эсе. Кечээ эле "Жаш ленинчи" журналына алгачкы ыры чыккан эле. Ошондо күндүзү почтачыдан алары менен кайра-кайра санаксыз жолу окуп, сансанаксыз жолу караганы аз келгенсип, түнү менен журналды койнуна катып алып, улам терезеден кирген айдын жарыгына салып, өзү жазган ырды, андагы өзүнүн фамилиясы турган бетти ачып, окулбаса да, тамгалары билинбей кара так болуп турганына карабай сыймыктана карап, кимге мактанаарын билбей (ата-энесине го көрсөтүп. алардан мактоо укту дечи!), "мактанчаак" деген наам алып калыштан чочуп, анткен менен баары бир бирөөлөргө көрсөтүп: "Мына бул-менин ырым!"-деп жарыя айткысы келип, билип турса деле апасынын: " Мине болду, уулум? Уктай кой, тегеренейин, эртең сабагыңа кечигип каласың!"-дегенине кулак какпай, ошол эртең мектепке барарын, баргандан кийин мектептеги бардык окуучуларга, агай-эжекелерине, классташтарына, айрыкча, чачына ак бантик байланган, жакында эле шаардан келген, ушундай бир сүйкүмдүү, көздөрү жалжылдаган, бөтөйгөн эриндеринде жанга жагымдуу жылмаюусу бар, ай чырай кызга бир көрүнүп койгусу, өзүнө көңүл бурдургусу келип турганы, бирок, баары бир эртеси түндөгү кыялдарынын бирин да ишке ашыра албай калганы кечээ эле болгонсуп турду.
Ошондо да дал ушундай жаз эле. Жаш чөптүн жыты азыркыдай, балким, азыркыдан курчураак, азыркыдан өткүрүрөөк жыттанып, көк чөптөргө аралаш чыккан гүлдөр маис гана ыргалып, ушундай бир назик, ушундай бир үлбүрөк, ушундай бир... киши баласы айта албоочудай, тили жетпөөчүдөй кооз болчу. Көкүрөктү бир жагымдуу нерсе көккө карай учуруп, торгойлого кошуп, ажайып абада каалгытып, асмандатып жаткан эле. Анда атын айтуудан айбыктырган, наамы тилге алынбаган, ыйыктын ыйыгындай, аруулуктун аруулугундай, тазалыктын тазалыгындай, кийин гана "Сүйүү" делинген бир сезим аны ороп-чулгап, жаз жаштыкка аралашып, жаштык сүйүүгө чырмалышып, ошонун баары анын кичинекей жүрөгүн түрсүл кактырып, апкаарытып, жыргатып, үмүттөндүрүп, кыялдандырып, ыйламсыратып, кайра сооротуп, максаттандырып, экилентип, элиртип жаткан эле.
Бүгүн да дал ошондой эргүүгө көөдөнү толуп, каны бир жогору, бир төмөнгө дүрүгүп, уюлгуй агып, башын айлантып, азыр да кээде түшүндө учкан сыяктанган сезим пайда болуп, эс-мас абалда отурду.
Оболу "Жаз"деп жазды дептерге, анан ага улай "Жаштык" деп чиймеледи.
Илгертен эле кол жазмасы начарыраак. Балким, 1-класста окубай калганынын залдарыдыр. Анткени, илгери, булар Совет доорунда, атасы башкармага таарынып, Өзбекстанга көчүп кетишип, (мурун бригадир болуп жүргөн немеге активдик кызмат бербей койгон го, кыязы...) анан бул жети жаштан өтүп, сегиз жашка келгенде айлына кайра келишип, анан гана окуй баштап, ошондо мунун жашындагылар 2-класска көчүп окуп жатышкандыктан, жалгыз баласынын өзү теңкур теңтуштарынан калып өксүбөсүн деп, мектептин мүдүрү менен сүйлөшүп, мунун тыңдыгын эсепке алышып, 1-классты аттатып, 2-класска отургузуп коюшкан болчу. Ошондон го, ошол бойдон кол жазмасын оңдогон киши болбой, ушунчеки жазып калган жайы бар.
"Жаз, жаштык болгон соң, ал жерде сүйүү да бар..."деген ой башына өзүнөн-өзү келип, дептерине мурунку жазууну улап, "Сүйүү" деп жазып салды.
Баягы жаштык кездеги өзү эсине келди. Ошондогу ай чырай кызга огеле бир топ ырларды (азыр бир да сабы жадында жок экен) арнап жазганы эсине келди.
Анан туруп-туруп эле, "Жаз, Жаштык, Сүйүү" деген жазууга улай "жана Мен" деп жазып салса болобу! "Жана" дегендин ордуна "+ " деп жазгысы да келип, андан кайра айныды.
Дептердеги жазуу бир кызыктай абалга келип, сөздөр төмөнкүдөй тартипте тизилишип турушту:
"Жаз, Жаштык, Сүйүү жана Мен"
Талыган көзүн эс алдырганы, уюган кежигеси менен далысын жазганы башын өйдө көтөрдү. Анын бет маңдайындагы күзгүдөн баягы он төрт жашар өспүрүм эмес, алтымыштагы сакал-мурутун да, чачын да ак чалган киши карап турду. Чачы да, сакал-муруту да өсө түшүптүр.
Ал селт этти. Анан күзгүнү о анчага чейин тигиле карап туруп, мыйыгынан жылмайган тейде дептерине үңүлдү да:
"Шай келсин деп мазмунуна бул ырдын,
Ак чалган сакал, чачымды
тасырайта кырдырдым... " деп улап койду.
"Чын эле чачымы жылдагыдай эле устара менен алдырганым оң окшойт",-деп ойлоду ал. Жыл сайын жаз келгенде чачын устара менен алдыруу ага адат боло баштаган болчу.
Эшикте да, үйдүн ичинде да, койчу бардык жерде Жаз өкүмүн жүргүзүп жатты. Алтымыштагы жапжашыл жаз эле-бул Жаз! Жаңы эле ыр төрөгөн жаз эле-бул Жаз!

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 30 Август 2013 - 14:46

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Барс   09 Март 2009 - 08:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Мен таштабадым беле?
(Араккечтин диалог аралаш монологу)
-Ой, мага сунуп жатасыздарбы? Коюңуздар. Мен аны таштаганым качан?.. Оозума алмак тургай, бутумду жуугандан да жийиркенип калбадымбы, чиркин! «Болсо бутуңузду жуубай-ак, курсагың ызга эле ичип жүрүң үз, убал болот».-дейсизби? Ошо убал болбосун деп жүрүп ушул деңгээлге келип, көңү лүм үч көчкөн журттай калып отурбайбы. Болбосо, «убагында мен да мен элем, кыргоол тиштеп жээр элем» деп бир ит арманын айтмакчы, мен да оңой эмес элем-ов. Канчалаган майлуу-сү ттүү кызматтарда отурбадым. Канчалаган дос-тамыр күтүп, канчалаган мактоолоду, даңктоолорду укпадым. Ушул азыр көкүрө гү менен көк тирегендер, менин алдымда күчүктө й кыңшылашып, жыландай толгонушуп, маймылдай мылжыңдашып, таманымды жалаганга даяр болушуп, кирпигимдин ирмелишине дейре байкоо салышып турушчу эмес беле? Кана, ошол сыйлар?
Там-ташым көргөн көздү уялтып, «бах, чиркин!» дегизгисип, таңдандырып, тамшандырып, сүрдөтү п, ийилтип, алмончоктой балдарым «аталашып», ак куудай алган жарым алаканына салып бапестеп, «современный үй-бүлө шундай болуш керек» дегизгисип, суктандырып, ичтерин күйгүзү п турчу эмес беле? Кана, ошолор?
Мына ошолордун баарын ушул, түбүң түшкүр, жайлабдыбы!
Ошондон улам муну «Ар ыраак!» дешет турбайбы. Бул бар жерде Ар сенден ыраактап, Ар тургай Намысың да, Уятың да узактап, сенден алыстап качат тура. Андан соң, сен баарына кайыл болуп, ушунун гана кол алдындагы бир макулукка айланат эмессиңби. Ушул: "Ит болуп үр!"- десе, үрөсү ң, ушул: «Чочко болуп баткакка оона!»-десе, оонайсың , ушул: «Күл!»- десе, күлкүң келбесе деле, арсалактап күлөсү ң, ушул: «Ыйла!»-десе, Райкан ырахматылык айткандай «качанкы өлгөн атаңды» эстеп жаткансып ыйлайсың … Аныңа бер жакта карап тургандардын бир эсе кыжырлары келсе, бир эсе шылдыңдап күлгөнү н сезбейсиң дагы. Анан сенде кайдагы Уят да, кайдагы Намыс, кайдагы Ар?..
«Эч болбосо, алдыңызга алып коюңуз» дейсизби? Ичпеген соң, аны алдыма алып не кылам? Аны алдыма эмес андан жакын жактарыма деле коюп жатпадымбы, оозумду көчөдө гү жолбун иттерге жалатып… Ошондон тапкан пайдам кайсы?
«Ден соолук үчүнбү ?..» Хи-хи, ооба, «ден соолукту оңдойт»- деп, «ден соолугубуз мыкты болсун»деп жүрүп, ушунун айынан далайлары бул дүйнө менен коштошууга алы келбей, пурсаты жетпей, оозунда келмеси жок арам өлүп кетише бербедиби, каапырдыкы! Ошондон болсо керек да, Улукман акимби, же дагы ошондой ден соолуктун пирлеринин бири муну карап туруп: «А рак!..»-деген турбайбы! Башка ооруларды мындай кой, чынбы, төгүнбү , Адамзаттын башына ажалды алып келген Рак менен СПИД ушунун кесепетинен дешет го билермандар.
Э мейли суранып эле калдыңыз көңү лүңү з калбасын, келе бери бериңиз, алдыма койсо коюп коеюн.
(Узатылган идиштеги аракты кармап туруп)
Карасаң, карасаң, култуңдаган каапырды! Мөлтүрлү гүн, тунуктугун деле мунун. Ой, азыткы, ой, азезил, түрлөнгө нүн. Өзүнө тартканын. Тамшандырып, шилкейди ичке жуткурганын. Ой, шуркуя, жылмаңдаганын. Ымдагансыганын. Анан кантип, ушуну көрүп туруп бузулбайсың , анан кантип, оозуңа алып барып, ырахаттана жуткуң келбейт. Бар а нары! Айттым го, айланайындар, муну мага жолотпогула деп. Бул азгырык кишини соо коебу?!.
(Дасторкондун ортосундагы түркүн бөтөлкө лөрдүн арасынан бирин көрсөтү п)
Ой, тетиги бөтөлкө дөгүсү эмне? Коньяк дейсиңби? Ой, атасынын көрү ошондон куйчу, ошосун көрөйү н. Мынбул шайтан көздүү мөлтүрү ңдү нары ал. Ап-балли! Кана, алып жиберели, ошол силер айткан ден соолук үчүн. Ох, мунуң түзүк неме го? Ия де, тигинин эжесиби? Мунусу кичине токтоо, сыпаа көрүнө т го жылмыңдабай. Куйчу, дагы бирди. Дурус болсо, сиңдиси менен кырк жылдай бирге болуп жакында гана ажыраштым эле, ушусу менен дагы бир канча жыл буйрук болсо, бирге жашап көрөйү н. Атаңдын көрү, деле кызарып, кымтынып, уяттуудай көрүнө т, сиңдисиндей эместир.
…Кана, куй, толтура!
…И дагы куя түш, баатыр, зыкымданбай! ..
Кана, достор-р, ичели,
Жылый түш-ш-сүн иче-ичеги!.. Ых!..

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 09 Март 2009 - 08:56

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Барс   16 Март 2009 - 19:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Жека мырзанын өтүнүчүн кыя албай, ушул аңгемемди жарыялап турган кезим.

"Мерген"
(Аңгеме)
Ал дагы кадимкисиндей эле берилүү менен баянын улантып жатты. Ошол маалда аны жакшылап байкаган адам көздөрүнөн кандайдыр бир учкун чачырап жаткандыгын, өзүнүн айтып жаткандарына чын ыкласын коюп, өтө ыраазы болуу менен өңү тамылжып, жүзү албырып жаткандыгын даана көрүп турар эле. Ошондон улам аны угуп жаткан болобу, угуп жаткандар болобу, кааласа да, каалабаса да ынтаа менен көңүл коюп отурууга мажбур болчу.
-…Атаңгөрү бир маалда өңүп келип карасам эле асканын дал ортосунда жатат жатак текеден бири. Анын энди чоңдугун айтпа… түү ата, бир чо-оң өгүздөй эле бар. «Кудай мындай бербеспи. Эми мине кылсам экен?»-деп ойлодум. Ойлодум да, таптым. Мантикирис мынтыгымдын оозуна шарды кичине үйлөп байладым да, «тырс»дедире эки мүйүздүн ортосуна аттым эле, ордунда былк этпей-ак жатып калды.
-Шарды неге байладыңыз мынтыктын оозуна?-деди бирөө отургандардан.
-И ошондо мынтыктын үнү чыкпайт эмеспи. Антпесем, башка эчкилер болсо, дуу качып кетмек да.-деди да сөзүн бузганга нааразы болгондой болуп карап коюп сөзүн улантты-Анан секирин асканы айланып, мынтыкты кайра октоп, ошо теке жаткан жерге өңүп түшүп келсем, жаткан экен бүк түшкөн бойдон. Башка эчкилер көрүнбөйт. Анан акырын мынтыкты жонго асып, үстүнө минип, мүйүздөрүн ченемекчи болуп, колумду сунганымда, кудай бетин көрсөтпөсүн, баягы текем туруп эле жүрүп берсе! Не болгонун билбейм, балким, «Апа»деп да жибердимби, айтор, үстүндөгү мен да кошулуп жөнөп бердим, тооба!...Жакшы дагы колдорум мүйүздөрүнө илешип калганы, болбосом нак аскадан учуп өлмөк экенмин. Буттарымды да алдыңкы колтуктарына тыгып алып жүрүп калдым. Тоо текенин кандай жалама аскалардан жүрө турганын мына ошондо билдим, ой бой! «Качан теке экөөбүз учуп кетебиз аскадан?» деп ойлоп, көздөрүмдү жумуп, кайра ачсам, карган-шактуу кырда кетип бараткан болобуз. Бир туруп шар аккан сууну кечип бараткан болобуз. Же асынган октолуу мынтыгымды ала алсам. Акыры мынтыкты алдым. Анан бир тегизирээк жерге жеткенибизде, башына мынтык менен басып калдым. Теке күүлөнүп барып оңосунан кетти. Үстүндөгү мен да анча жерге тоголоп барып жатып калдым. Канча жатканымды билбейм, өйдө болсом, кудайга шүгүр, соо экенмин. Баягы жатак текеге келсем, жатат даңкайып. Күн батканы калыптыр. Өлө-тала текени мууздап, терисин о итабар убакта сыйрып бүтүп, от тутанткыча караңгы да кирди. Эттин чүйгүн-чүйгүн жерлеринен кесип алып, чокко кактап бир ырахаттана жедим дейсиң, мындайы эч качан мурун болбогон.
-Анан мурун баягы мынтыкка шар байлап туруп атканыңызда тийген эмес бекен, жарыктык. Эч качан жаза кетирбейт дешчү эле го сизди?-деди бирөө кытмыр гана суроо узатып.
-Э ал башка жатак теке экен кысталак. Кийин барып көрбөдүмбү. Ал шол атылган ордунда-як калган экен былк этпей. Баягы мынтыкка шар байлап атканда үнү чыкпагандыктан, андан беридеги дагы бир жаткан жатак текени, наркы үстүнөн аткан текем экен деп, минип алып чапкылап жүрбөймүнбү, аска-зоону аралап…
-А энди мынча болгон экен. Мүйүзүнөн кармап, жакшы эле мотоциклдей тоо-ташка айдаган экенсиз. Анан шончо болгондон соң, мүйүзүнөн буруп эле Улукка карап айдап келе бербепсиз да, мына сага деп,-деди бирөө мурутун аста сылап, жымыйып гана.
-Ушу, сен бала,мага ишенбей турган окшойсуң, э?-деди ал кызарып кетип-Тоо текени да үйгө карай бурса болчу беле, кысталак, а?.. Андай болсо баары эле айдап келе бербейт беле? Э силерге айткан кайран сөз! Омиин, кеттим мен.
Ал турду да, эшикке чыга жөнөдү.
-Жакындан бери ушинтип чычалаак болуп калды, мурун кебелип койбой эле соктура берчү эле,-деди бири.
-Жашы улгайды да. Сен да жөн турбай кепти белге тептиң да. Дагы бир топ кызыктарын угат элек -деди дагы бири козголуп атып, жанагы мурутчанга.
-Мен кайдан билдим минтерин,-деп актанып койду ал.
-Чынында кыйын мерген болгон, анткен менен,-деди нары жактагы суйдаң сакалчан бирөө.
Киного кирип, жарымына, кызык жерине келгенде ток болбой токтоп калып, фильмди толук көрө албай калышкан адамдардай болушуп, баары үйдөн чыгышты.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 30 Август 2013 - 14:48

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Барс   05 Май 2009 - 22:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

"Майрамда окулган ыр"
(Аңгеме)
«Мугалим тегирмен сыяктуу.
Тегирменге тынымсыз жаңы суу агып келип,
парасын тегеретип турбаса, ал иштегенин токтотот.
Демек,чанагынан чубуруган данды негизги азык-ун кылып чыгара албайт.
Андыктан, тегирмендин суусу жок токтоп туруусу,
анын бузулуп, талкалануусуна алып келет»
Автор.

Анын бул жааматта мугалим болуп иштегенине бир айдын эми жүзү оогондо, мугалимдер күнү келип, баарысы жумуштан кийин өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилеп коюш үчүн мектептин ашканасынын залында сайран курушуп, жеп-ичип дегендей, бирин-бири куттукташып дегендей аския айтышып, тамашалашып көңүлдүү отурушту. Сөз кезеги акыры ага да келип жетип, кесиптештерин куттуктаган соң, алардын аны-муну, көр тиричиликти сүйлөшкөн сөздөрүнөн бир аз болсо да алаксытып, жан дүйнөсүнө таасир этер деген максатта, ( балким, башкалардан өзгөчөлөнгүсү келиппи же…) баарысына угуза:
-Урматтуу кесиптештер, азыр мен сиздерге бир ырды көркөм окуп берем. Эгер кимде-ким ушул ырдын авторун жана атын тапса, майрамдык белек тартуулайм. Ал 50 сом!- деп жар салды да, өтө берилүү менен окуп кирди.
«Айнегинен чагылат аккан суунун
мажүрүм тал шактары чуудаланып.
Мажүрүм тал наз менен ашкан сулуу,
тарайт күмүш саамайын сууга малып…»
.................. ..
.................. ..
.
................
Шаңдуу окуп жатты ал.
«…кылыч менен талдарды чаап шакка
кетти кызыл атчандар батыш жакка,
батыш жакка күн батып бара жаткан.»
………………………………………………
Бир кезде чочуткандай селт эттире үнүн көтөрүп:
«Кушка окшоп канатка аткан
бир жаш атчан
кулады аттан…»-деп окуусун улантты. Анын көзүнө күндүн кылкылдап батып баратканы элестеп турду. Кулагына аттардын дүбүрттөрү угулгансып жатты. Бара-бара үнүнөн кайгы, муңайымдуулук угулуп, анан барып:
«ыйлаба, мажүрүм тал, ыйлабачы,
ыйлаба,
ыйлабачы…»- деп бүтүрдү.
Баары тым-тырс болуп калышты. Баягы саясатты «сайроочулар» да, «мен башкаларга караганда билимдүүмүн» деп үн чыгарып айтпаса да, дымагынан билинип туруучулар да, «мугалим дегендин кругозору кенен болууга тийиш. Өзүң окуткан предметиңдин окуу китебинен башка да нерселерди билбесең, анан кайсы мугалимсиң» дечүлөр да, алибетте, мектепке мойнунан байлагансып келип кетип жүргөндөр да, а тургай мектептин директору да, анын орун басарлары да үн чыгарбай калышты. Өлүү тынчтык алда канчага созулду. Мунун себеби окулган ырдын көркөм касиетиби, же берилген тапшырманын татаалдыгыбы? Бул ал үчүн табышмак эле. Акыры чыдабады окшойт бир математик мугалим:
-Ой, бул Аалы Токомбаевдин ыры да…-дей салды. Анын бул айтканына караганда акын атпайлардан А.Токомбаевдин гана атын биле тургандыгы сезилип турду. «Туура эмес,»дегенчелик кылып, ал башын чайкады.
Дагы тымтырс болуп калышты. Убакыт өтүп жатты.Ал ичинен өзүнө-өзү кейип койду: «Кайдагы балээни баштадым эле?!. Мугалимдердин мынчалык экенин («өтө билимсиз экенин» дегиси келип, бирок, өзү да мугалим экенин ойлоп, анте албады) кайдан билдим кокуй?! Ушу алтымыш ашык мугалимден кантип эле бири билбесин?»
Аңгыча мектептин директору ишенимдүү өкүм үнү менен:
-Эй, жолдоштор, токтогула,-деди эле баары ага карап
калышты. «Кудайга шүгүр- деп ойлонду ал-бар экен го бир адам!..» Үмүттөнө карады ал директорду.
-Менимче,-деди директор сөзүн чоё айтып-бул жигиттин өзү да ыр жазып жүрөт деп укканмын. Абдан берилип, жүда кайдасын келтирип, айтканына караганда, бул ырды өзү жазган, ырдын атын алибетте, өзү айтат да,-деп салса болобу, кысталак ылайым кысталышта өзүңдүн да үмүттүң акталбагыр!
-Ие, туура, туура,-деген үндөр жапырт коштоп кетти.
Ал чийки май чайнагандан да жаман болуп туруп калды.
Ошол кезде бир кызык болду. Столдун о ылдыйында кенже техникалык кызматкерлер деп аталуучу топто отурган ( алар: пол жуугучтар, мектептин карагулу, электриги, от жагуучулар) бирөө:
-Биз айтсак да болобу?-деп үн салды.
-Болот,-деди айласын таппай турган неме.
-Эми биз силердей билимдүү эмеспиз,-деди ал какшык аралаштыргансып сүйлөп-Катасы болсо кечиресиңер, агайлар, эжекелер. Менимче, бул ыр түрк акыны Назым Хикметтин «Мажүрүм тал» деген ыры.
-Ой, туура!-деди ал шашып- Туптуура!!! Сый белек сеники!-деди да, 50 сомдун ордуна колуна кире калган 100 сомдук бир кагазын берип жиберди.
Дагы тымтырстык өкүм сүрдү.
Өзү бир кечиримсиз иш кылып койгондой, бардык мугалим атпайды эл алдына алып чыгып маскара кылып таштагандай болуп, ал өтө жаман кыжалат абалда барып ордуна отурду. Ошол оор, ыңгайсыз тынчтыкты бузуп:
-Ии, кандай экен?-деди о бир оокумда, ошол мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген мугалим, куду бир чоң жеңишке жетишкен шекилдүү, көздөрүн жүлжүйтө кытмыр, табалагансып, кыт-кыт күлүп, баарысын айландыра карап-Тил менен адабият сабагын огеле оңой ойлогон пенделер, кандай экен? (Ким антип ойлогонун, же айтканын айткан да жок)
оозуңарга талкан сугунуп алгансып, бириң да ооз ача албай калдыңар го!
Дагы окутуп койгон экенбиз, мына биздин окуучу жооп берди… Азаматсың-сен, ким элең, фамилияң да эске келбей турат, чорттуку?..
«Ой, өзүң кайда элең, неге өзүң жооп бербедиң?» деген да эч ким болбоду. Жанагы ырдын автору менен атын тапкан неме: «Мен бул мектептен окуган эмесмин!»-деп да айтпады.
Мындан кийин отуруш көп деле узабады. Баары үйлөрүнө тарап кетишти. Анткени, эртең сабактары бар эмеспи, окуучуларга билим беришет эмеспи!..

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 30 Август 2013 - 14:47

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Барс   07 Июнь 2009 - 09:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда


Форумга жаңы кирген Ханбийкенин өтүнүчүн таштай албай...
"Үчөө"
(Аңгеме)
  "Балам: "Балам" дейт".
Эл сөзү.
 Дегеле жайкы ысык тууралуу сөз кылганда, түштүктүн ысыгы алдыңкы оруна чыгары белгилүү эмеспи. Ошонун ичинде Аксы чөлкөмүндө Кызыл-Жардан кийинки эле ушул Кош-Дөбөнүн ысыгы болсо керек.Кимдир бирөө тамашалап алп кылып айткандай, быйылкы жылы жылдагыдан да өзгөчө ысык болуп, а тургай "ташбакалар да иттердей тилин салаңдатып жүргөнүн көрдүм" дегендей эле ысык өз өкүмүн жүргүзүп турду. Анан ошого да көнөт тура адам баласы. Ошондон улам айтылса керек да "адамдын жаны иттин жанынан да бышык" деп. Муну айтканыма себеп, ушунчалык күндүн күйгөнүнө, тактап айтканда, күйгүзгөнүнө да кайыл болуп, адамдар короосундагы, талаадагы эгин-тегинин кетмендеп чаап, чөбүн отоп жатышты. Анан да өздөрүн алаксытышып, соооротушуп: "Эй, тиги Африкада деле күндүн кырк-кырк беш градусунда иштешет имиш го. Ага караганда биздеги 37-39 градус ысык Бозбу-Атанын жайлоосундагыдай эле кеп эмеспи!.." дешип, "Анан ысык деп жатып алсам, мага бирөө жасап бермек беле? Эл мине болсо, шо да! Эртең эле кыш келет. Же ишенген айлыгым, топтогон байлыгым болбосо..." дешип, "Эч болбосо сууну токтотпой буруп беришсе болот эле жанга аким, айыл өкмөт болуп жүргөн "чоң" сөрөйлөр" дешип, бардык ачуун да, үмүтүн да, нааразычылыгын да кетменден чыгарышып, жер тырмап, тырбалаңдап жатышты.
Ошолордун бири-Ашир. Күндөгүдөй эле бүгүн да, атасы тигип, акыркы жылдары түшүм бербей картайып калган алмаларын суурутуп салып, ордуна айдалган картөшкасын отоп. чаап жаткан.
Күн бүгүн да чычаласын колуна кармай чыкты. Чекесинен аккан тер ысык кесекке тып-тып тамат. Үстүнө кийген ак жектеси тер менен чаң аралашып, саргайгандан да күрөң тартып, топографиялык картага окшоп калган. Эртең суунун нөөмөтү келмек.
Ошондуктан, Ашир күндүн так төбөдөн ачуу тийип турганына да, жанынын кыйналганына да кайыл. Баш көтөрбөй иштеп жатты.
Аширдин атасы Бөлөкбай бая эле баласына:
-Болду, уулум, күн күйүп турат. Ысык өтүп кетпесин, ишти бас кыл эми,- деп кирип кеткен эле.
-Азыр, ата, майли,-деген Ашир.
Андан кийин канча убакыт өттү. Ашир дагы деле чабыгын улантып жатты.
-Эй, болбодубу эми,-деди атасы дагы үйдөн чыгып-Бүтпөгөн иш барбы? Токтот, балам, кичине эс алып алып, анан күндүн табы кайтканда деле бүтөрөсүң.
-Мына азыр, ата...
Ал дагы деле ишин уланта берди. Кетменин чаба берди. Бир кезде талыган белин түздөгөнү башын жогору көтөрүп, үй жагын карады. Карады ды, бир эсе таң калып, бири эсе кыжыры келип, кыйкырганын өзү да сезбей калды:
-Ой, ата... сообу?.. Мине кылып жатырысыз, жарыктык?!! Кантет?..
Атасы болсо тогуз айлык неберсин (Аширдин баласын) эшиктин алдына жайылган как таардын үстүнө отургузуп, анысы аз келгенсип, үстүндөгү кийимдерин чечиндирип, кайнаган күндүн астына коюп жатпайбы, тообаң кетейин!!! Анан ошол кыжырды келтирбөөчү жорукпу, кокуй?.. Жаш бөбөк тарбалаңдап таардын үстүндө отурса... "Чын эле атам акылынан ажырап калганбы?" деген ой Аширдин мээсин чагылгандай көзөп өттү. Кантип кетменин ыргытканын, кантип баласына жетип көтөрүп ала койгонун өзү да билбей калды Ашир.
-Бул минеңиз, ата?!! Балага күн өтүп кетпейби? Көрүп турбайсызбы акыры күндүн аптабын?!-деп кызыраңдады ал.
-Ии де, күн ысып турабы? Ии де, күндүн аптабы өтүп кетеби балаңа?.. Ошол күндүн аптабы менин балама, сага да өтүп кетет. Бир айтсам, болбойсуң, эки айтсам токтотпойсуң ишиңи...
-А эми бул бөбөк да али, ата. Мага салыштырып болобу?!
-Биринчиден, сен дале мага бөбөксүң, уулум. Экинчиден, күндүн аптабы менен ата-эненин мээрими кичинеге да, чоңго да, баарына бирдей тиет. Ушуну дайыма эсиңе түйүп жүргүн.
Ашир сөз таппай туруп калды. Анткени, аны бир туруп, атанын алдындагы уялуу менен ызаттоо сезиминин толкуну каптаса, бир туруп атага болгон ысык мээримдин толкуну каптап жаткансыды.
Балким, ошол бууркандаган сезимдер дапдурустан аралаш келип, Аширге сөз таптырбай, ачыгыраагы сөз айттырбай, тамагын бууп, көзүнө жаш тегеретип жаткандыр, ким билет!??
Аширдин колундагы наристе чоң атасына бажырая күлүп, ага барууга талпынып жатты... 
Эскертүү! Аңгемеде тааныш эмес сөздөр (диалектизмдер) жолукса, жазып койсоңуздар, мен жооп берүүгө аракет кылам.[/b]


Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 30 Август 2013 - 14:41

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Барс   04 Ноябрь 2009 - 17:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Коңшулар жана тооктор.
(Аңгеме)
«-Менин бир тоогум бар.
Дайыма ичинде эки сарысы бар жумуртка тууйт.
Тоокко бастырсам,бир жумурткадан эки жөжө чыгат, тооба.
-Ой, менин бир тоогум эртең менен бир жумуртка тууса,
түштөн кийин дагы бирди тууйт, ой!
Жумуртка үйгө батпай эле жатып калды, чиркин.
-Ай, ошолор да тоокпу, кокуй. Менин бир тоогум бар. Тубарына жакындаганда аялым астына табак коюп коет.
-Неге?
-Ие, ал күндө жумуртканын ордуна табакка толтура даяр куймак тууп жатса, анан коёт да!.. »

Коңшуларынын сүйлөшкөн сөздөрүнөн.

Өзүнүн болгону беш гана тоогу бар эле. Анын да бири үйдүн артындагы коңшунун короосунда түнөсө, төртөөсү үйдүн алдындагы коңшунун өрүгүнө түнөөчү болгон. Арам өлгүрлөрдү канча айдаган менен өз короосуна түнөтө албай койгон. Күйөөсү:«Алар (коңшуларын айтып жатат) сенин тоокторуңду өзүмдүк кылып алуудан кайра тартпайт»,- деп пайгамбарлык кылган күнү да аракет кылып, кууп жүрүп өз короосуна түнөтө алган эмес. Камап да көргөн – болбогон, алда кайдан, адамдын акылы жетпеген жерден тешик таап чыгып кетишип. Дал ошонусу бардык тоокторунун башына жетти.
Там артындагы коңшусу бир күнү эле айтканың келсин деп: «Бул тоок меники. Муну тиги тооктор менен кошо Ала-Букадан алып келгенмин», - деп, кудайды ортого кошуп жатып, башын ажыратып алды. (Кудайды ортого кошкондон кийин талашып көр, эр болсоң!..)
Там алдындагы коңшусу да дал ушундай эле сөздү чыгара тургандыгы сезиле баштаганда (балким, шектенип эледир…) өзү күйүгүп, ала өпкө болсо да кууп жүрүп, калган тоокторунун баарын бир түндө кыйкылдата кармап, сойдуруп алды. Ошентип, күндө төтөлөп, тамакка жарап турган жумурткалардан куру калды.
Коңшулары ичинен жымыйып тим болушту. Аларга баары бир эмеспи, ыраспы!?.

5.05.2006-жыл.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 30 Август 2013 - 14:21

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Барс   17 Март 2010 - 21:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

"Бала тили"
(Аңгеме)

Неберем Өмүрбекке арнаймын.

«Ысык-папа; коркунучтуу- бөө, бөжү; кир, булганч-кых, (түндүктө.быкый); сиемин-чүш; кант-кака; ит-авап, бабап; эт-жиш, (түндүктө.пыйпый); машина-дүдүт; бас-тайтай; суук-офф; жагымдуу, жакшы, көркөм, сулуу-айай; көтөр-опич; нан, токоч-нана; суу-үп; бөбөк-алле, аллей; мышык-мый; миймий; тоок-түтү; кой-маа; эчки-чүчү; ат-чу…»
(Сен да улантып, билгендериңди жазып кой!)
Бөбөктөрдүн лексикасынан.

Анын тили кас-кас туруп, билинбей жүрүп, бара-бара анан басып кеткенсибей, шок эле чыгып калды. Бир күнү эле:
-Эшек-десе болобу.
Үйдөгүлөрдүн баары эле (алибетте, уккандары) делдейе түшүшүп, анан биринчилерден болуп таенеси:
-У садага болоюнум. «Эшек» деген тилиңден,- деп эле баса калып өпкүлөп жатып калды.
-Оо менин уулум чоң жигит болуп сүйлөп калган турбайбы! Кой, көз тийбесин... тфү-тфү-тфү- деп ырым кылып жерге үч түкүрүп койду таятасы.
Ал апасы экөө таятасыныкында убактылуу жашап жатышкан.
Апасы да ага мээрим менен карап, ичи элжирегенинин эч кимге байкатпоого аракет кылып, эмики сүйлөшкөндө, те алыста (Россияда) иштеп жүргөн күйөөсүнө (уулунун атасына), сүйүнчүлөөнү ойлонуп койду: «Абдан кубанып калар…»
Кийинчерээк убак өткөн сайын «ата, апа, таята, таене, тага…» деген сөздөрдү да өздөштүрдү дечи. Бирок, наристенин биринчи айткан сөзү эсте калары мыйзамченемдүү белем, качан да болсо, анын биринчи айткан ошо «эшек» деген сөзүн эстеп алышып күлүшүп,
кайра-кайра айтыша берер эле.
Ошентип жүргөн бир күнү эле, бирөө үйрөтүп койгонсуп:
-Таене - эшек-десе болобу. Ага да болбой, удаа эле:
-Таята-эшек- деди. Баарысы күлүп калышты. Буга шерденген бала кайра кайра:
-Таене-эшек, таята-эшек…- деп ырдай кылып кайталай берсе ой, кудая тооба. Ойда кызык угулат экен. «Башка бирөө укса мине дейт кокуй!..»
-Кой, уулум, уят болот минтип айтпа. Андан көрө таята-айай, таене- айай де,-дешти. Болбоду. Ошол эшегин, тактап айтканда, таятасынын, таенесинин ким экендигин сөзүнөн жаңылбай, күндө айта берчү болду. Апасы алдап да, чымчып да көрдү. Болбоду.
Акыры таятасы тамашаладыбы, же чын эле теригип чычаладыбы, айтор, бир күнү:
-Туура айтасың, уулум. Сени багып («апаң экөөңдү» деп айтпады, бирок анысы дал ошондой угулду кызына), чоңойтуп жаткан биз эшек эмей, ким эшек болмок эле,-дей салды жарыктык киши.
Мына ушунусу өтө, өтө-ө оор тийди кызына. Арына келген ал баласын кызылдай сабады. Чыңырган баланы таята, таенеси ортого түшүп жатып, араң ажыратып алышты. А тургай «өлтүрөм» деп да жулунду. Балким, ошону да кылат беле ким билет (о койчу, ал жөн опузасы болуш керек, ата-энесинин алдында актанган), айтор, кудай жалгап эртеси күнү эле кызынын күйөөсү алыстан көп акча менен келип, башка жакка көчүп кетишти.
Ошондон бери дым, кабар жок…
Ушу күндөрү таене менен таята ошол небересинин кылыгын аябай сагынып жүрүшкөн кези. Эшек болушуп, үстүлөрүнө мингизишкенге деле кайыл алар...

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 30 Август 2013 - 14:38

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   super   23 Май 2010 - 13:41

  • Маршал
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Башкы администратор
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 17 Март 08
  • Соңку аракети: 02 Апр 2021 10:35
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Араккечтин аңгемеси
(бытыгый аңгеме)
-Оу, анда ошол дүйнөдө жүргөн кезим. Бардык эси-дартым, кубанычым, бакытым, койчу адамдык чен-өлчөмүм арак, тагыраак айтканда. стаканга куюлган арак менен өлчөнүп калган кез. Кебетемди ким карады дейсиң… Жүрөм:«Кайдан бир култум чыга калаар экен?» деп.
Ошондой күндөрдүн биринде көчөдө баратсам эле, менден өтө түшүп бир иномарка машина токтоп калып эле, ичинен кудай бетин көрсөтпө, жасалгасы эле он кыздык бир толмооч келген, өңдүү-түстүү сулууча бир келин түштү да мага:"Бери кел,"-дегендей ишара кылды. Алгач бүшүркөй түшүп: "Башка бирөөгө го?.."-деп артжагымды карасам, эч ким көрүнбөйт.
-Жоо, сизди айтып жатам,-деди жанагы маңкайган аппак келин. "Ии тааныш окшойт, же бир нерсени сурайт го. Мындан 100 грамм чыкпагандан кийин не пайда…"дедим да, жанына ыргылжың басып келдим. Кеч кире баштаган кез.
-Акча тапкыңыз келеби?-деди түз эле жанагы маңкайган неме кашын серпе күлүмсүрөп.
-Кандай акча? - дедим ишенкиребей. Кудайды деле анча унута түшкөн жаным:"Кудай, эми берсең ушерден бер, ушул маңкайган ак келинден бер,"-дедим кудайга чындап жалынып.
-Сиз үчүн көп акча-деди ак келин, андан бетер оолжуй карап- Үйгө барабыз, бир аз чай-пай ичип дегендей, анан
чечинесиз…и кийинесиз. Болгону он беш мүнөт, ашып кетсе жарым сааттык иш. Анан каалаган жериңизге таштатып коём. Ушул кызматыңызга 50 бакс аласыз. Келиштикпи! ..
"Я Кудай, эмне болуп жатат өзү. 50 доллар дейби? Бул түшкө кирбеген бакыт го! Оо-уу канча бөтөлкө? Э аны азыр эсептегенге акыл жетеби, кокуй! Же дагы кичине баалашсамбы, жо-ок баалансамбы? Кой, кокуй, кайсы арыңа… Этекке чууруп куюлуп турган ырыскыны төгүп алайынбы эми."
-Макул-дедим. Макул дебей болобу!..
-Жүрүңүз анда. Машина жакка ишара кылды. Машинага жакындашканыбызда, ичинен бир келишкен жаш жигит чыкты да эшикти ачты. Шоопуру го. Эми машинанын ичин айтпа. Жөн эле укмуш жасалгаланган. Жыпар жыт башты айлантат. Арак, винонун самопалдарынын жытына көнүп калган жаным, өзүмдү ыңгайсыз сезип бараттым.
Анан ичимен ойлондум:"Мени эмнеге алып баратат деги? Эмне иш бүтөрөм? Короосунда иштеткенге кеч болуп калды. Ие шумдук, кээ бир бай аялдар эрсирегенде көчөдөн эркек таап келишип кумарын кандырат имиш деген каңшаар бар эле, ошого туш келдимби?.. Анан ушунчадан мени тандаганы кандай? Табышмак! Эгер чын эле ошого алып келатса, э кудай, быяктын ал-абалы кандай болду экен.я? Аны качан пайдаланганым да эсте калбаптыр, каапырдыкы! Э эми шерменде кыла көрбө, кудай!"
Ушуларды ойлогончо машина бир ажайып дарбазага келип токтоду эле, дарбаза өзүнөн өзү акырын эч ким жок эле эки жакка жыла ачылып баратты. Машина менен түз бейиш сыяктуу короо бакка кирип бардык. Эми үйдү көрсөң… ана, үй деп ушуну айт, атаңдын гөрү! Ичине кирип, баскандан уяласың. Бутту чечип жатып ошондо билдим байпактын жоктугун, ошондо билдим жуунуш
эстен чыкканын, ошондо билдим адамдар менен араккечтердин айрымасын. Болбосо сен деле:" Башка адамдардай элемин, а тургай мен аларга караганда мыктымын,"- деп да ойлоп жүрөт эмессиңби!
Ыңгайсыз боло түшкөнүмдү көрүп ак келин:
-Эч нерсе эмес, кире бериңиз, тазалап коюшат-деди. Мен кирип кеттим.
Бир залга кирдик. Кенен экен. Бир ат чабымдай эле сезилди мага. Күңгърт шоола берип турат жарыктаны(люстрасы).
.. Кайдандыр назик музыка чыгып жаткансыйт. Үстөлдүн үстүчү, үстөлдүн үстү толо!. Нелер гана жок. Мага жакындардын түр-түрүнөн турат.
-Тартынбай тамактардан алыңыз. Тигилерден өзүңүз эле куюп, иче бериңиз. Үй кызматкерине жооп берип жибердим эле, болбосо ошол куюп берет эле,- деди ак келин садагасы.
-Мен кийимдеримди алмаштырып анан чыгам. Анан ишти баштайбыз,-деди каапыр ак келин!
Ошондо тамак көңүлгө барабы! Коньяктан бир бокалга толтура куйдум да, биссимиласы жок эле согуп жибердим. Артынан сарымсак жыттанган колбасадан бир чоң кесимди кайсап жиберип, дагы бир бокалды согоюн деп баратып өзүмдү араң токтоттум. Анткени, ак келиндин кызматы түшүнүктүү болуп калды. Дал мен ойлогон катындан экен. Эми, бокалдын биринчиси илгери дем-кубат болчу эле. Калганын көңтөргөнгө иш бүткөн соң деле үлгүрөрмүн.
Ошентип турганымда, шуудураган жибек халат кийип ак келин кирип келди да:
-Тамактандыңызбы? -деди секет.
-Ооба-дедим шаша.
-Анда чечиниңиз,-деди ак келин кашкая күлүп туруп.
-Ой, ушердеби?-дедим чочуп кетип.
-Ооба,ушул жерге,-деди ак келин жылмаюусун бузбай.
Э мага эмне, ушерде болсо ушерде да. Чечиндим. Майкам жок экен. Турсы да жыртылып… ошол жерге келгенде:
-Болду токтоңуз, жетишет-деди ак келин сумсайып туруп.
Аңгыча не болду, залдын ичи күндүзгүдөй жарык болуп кетти.
-Бекболот, бери кир!-деп үн салды жанагы келин. Тез эле төркү эшик ачылып, бир он төрт-он беш чамалардагы өспүрүм бала кирип келсе болобу, кудая тообо!
-Мына, көрдүңбү!?. Ишенбесең, өз көзүң менен көрүп ал. Арак, ичкилик бара-бара адамды ушул абалга алып келет. Кабыргаларын кара, мойнун, буттарын кара илмийип. Ички органдары да бүткөн мунун бузулуп. Ашказаны да, боору да, бөйрөктөрү да иштен чыга баштаган. Мээси болсо араң эле арактын даамын сезгенге жарайт Эгер бул макулук ичкенин дагы уланта берсе, көп узабай өлөт!-деди оозуңду шамал учурган жанагы келин каардуу карап. Анан мага: "Кийине бериңиз, болду,- " деди жанагы шүмшүк келин.
Анан ишенсең кантип кийингенимди, кантип эшикке чыкканым, ал келин качан 50 долларды чөнтөгүмө салып койгонун билбейм, эсиме келсем, ошол бая машинага түшкөн жеримде турган экенмин...

Автор: Барс

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 30 Август 2013 - 14:37

Мезгилден артта калбаңыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Барс   23 Май 2010 - 16:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

"Көч" (бытыгый аңгеме) Атамдын арбагына багыштадым.

Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Кечигип болсо да көргөн төрт-беш жашар уулун жасалгаланган тайга мингизип, өзү алчактаган ат менен коштоп жетелеп алган. Кырк жаштарга таяп калган мезгили.
-Ата-оов!
-Оов!
-Тээтиги мине?
-О тилиңен атаң айлансын, ал-жору, уулум!
-Ата-оов!
-Оов, садагам!
-Тээтиги мине?
-О айланайын, булбулум менин, ал-жору, алтыным!
-Ата-оов!
-Я-оо, берекем менин!
-Тээтигини мине дедиң?
-Аны-жору дейт,каны-жаным. Азыр конуп отурат. Анан учуп кетет.
-Ата-оов!
-Оо, өпкө, боорумду чабайын!
-Тээтиги дагы деле отурат го, ал мине эле?
-Ушу сени берген кудайыма ыраазымын эрмегим менин, ал-жору, тегеренейиним!
-Ата-оов!..
-Оов!..

Ошондон отуз жыл өткөндөн кийин.

Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Өзү баягы атасынын курагында. Атасы ак күп болуп карыган. Бирок, атасын ушунчалык сыйлаганы билинип турат: Атты мыкты жасалгалап мингизип, башына кундуз бөрк, үстүнө карышкыр ичик, бутуна булгары маасы кийгизип, өзү коштоп жетелеп алган.
-Улум!
-Оов, ата!
-Тээтиги мине?
-Ал-жору, ата!
-Уулум!
-Оов, ата!
-Тетигини мине дедиң?
-Кайсыны? Э аны жору дедим го.
-Уулум!
-Я?
-Тээтиги мине экен?
-Сообу? Ой, аны эми эле жору деп айттым го?
-Уулум!
-Я. Дагы мине болуп кетти?
-Тетигинин мине экенин айтып койчу, айланайын уулум?
-Эй, алжыган чал, ал-жору, уктуңбу? Жору, жору!
Атанын башы шылк этти.
-Токтот атты, уулум!
Атасы аттан түштү. Көч токтоду. Баарысы айран. Сырткы кийимдерин чечти да, баласынын бут алдына ыргытты.
-Ме, уулум, сыйыңа ыраазымын. Сен менин үч-төрт жолку суроомо жооп бергенден жадап кеттиң. Сен бир нерсени жүз жолу сурасаң да ичим элжиреп жооп берчү элем. Сен сый деп түшүнчү бул чирик дүйнө, даамдуу тамак-аш, тетиги бөрү богу адамдын көңүлүнүн алдында сары чакага турбайт, уулум...
…Уулу камчысын мойнуна салып, көздөрүнөн жаш агып, кечирим сурап турду. Өткөн өмүр көчү уулунун да, атасынын да көз алдынан чууруп өтүп турду. Буга күбө калкылдаган эл жардап карап турду…

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 15 Декабрь 2021 - 14:46

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Merischka   15 Август 2010 - 02:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

osho bolup atpajby....took bashtar burkut bolobuz dep, ozun gana emes Mekenin da talkalagandar chygyp....
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Demon   18 Август 2010 - 20:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

инкубаторлор коп болуп кеткенден ушул корунуш болуп атат го, биринин кылганын кайра эле тигиниси жасап олкону белчесинен батырып коюшту ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Барс   10 Январь 2011 - 08:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Айлык
(бытыгый аңгеме)

Ушул илгери жазылган аңгеме эле. Мугалимдердин нааразычылык акцияларына кошулуу менен, аларды колдоо максатында бүгүн кайрадан илип отурамын. Автор.



Баарыбыз тапырап, кудуңдап, бирибизге бирибиз тамаша айтып купшуңдап, шайырданып жаттык. Сабактарды бүтүп, бүтпөй эле үйгө секирин зуу койчуларыбыз деле айланчыктап кете албай жүрүп калдык. Анткени, «Бүгүн мектепте айлык таркатылат, » деген миш-миш небак баарыбызга учкан куштай, ой, ошо учкан куш да кеппи, үндүн ылдамдыгындай, андан да ашырып айтсак, жарыктын ылдамдыгындай тездик менен тараган. Мында эки кабар ушундай жайылат. Алардын бири: «Эртең текшерүүчүлөр келет экен!» деген апти-ырайы суук кабар, ал эми экинчиси:: « Айлык таркатылат экен!» деген жанга жагымдуу ысык кабар. Мына ошол экинчи кабар бүгүн мектептин имаратын бүт бойдон сүйгүнчүктүү көрсөтүп турду. Ошондон улам жипсиз байланып, маталып, ушерде жүргөнүбүздүн себеби да шо. Мектепте кээде чоң-кичине иш чаралар, чогулуштар болуп турары шарт эмеспи. Мына ушундай нерселер өтө турган болгондо эле бир тобу мектептин директорунан, ал эми кээлери окуу бөлүмүнүн башчысынан уруксат алганга (Мында «жооп сурап» деп айтылат) аракет кыла башташат. Себептери ар түрдүү: Бири камыр жасап койгон, барып нанын жаппаса, «камыры көчөгө чыгып кетет», биринин үйүнө алыстан мейман келип калган, барбаса уят болот, биринин кайненеси катаал, «акырын басса, аксак, катуу басса, таскак», деп жанын сууруп алат, биринин күйөөсү: «Сабагың бүткөндөн кийин кайда жүрдүң?»-деп, ар кимден шек санап, сурак кылып чаң салат… дагы…дагы толгон токой, ар түрдүү, кээде адамдын акылы жетпеген, кээде дегеле адамдын күлкүсүн келтирген «элекке турбаган» шылтоолордун дестесин угасың. Ал эми айлык ала турган күнү алардын баары унутулат. Камыр жасалбайт, жасалса да чарасында тынч жатат. Ал күнү кыйбас конок тургай, жөн конок да келбейт. Кайненеси ошол күнү жумшарган, күйөөсү түшүнүү менен мамиле кылат. Мына, ушундай айлыктын күчү! Ошондуктан, кезек күтүп, караңгы кирип кетсе да, жадабай, бардык түйшүктү унутуп, колго айлык тиймейинче тура бермей.

Андан да азыр мурункудан айлык маселеси анча эле түзүк болуп калды, ылайым көз тийбесин! Кантсе да айма-ай берилип, бирөөлөрдөн карыз сураганга жагымдуу шарт түзүлүп. Камок-самоктогулар да кыйылып отурбай эле дептерине атыңы жазышып, ала турган нерсеңи мурункудай жалдыратышпай эле бере коюшуп жыргатып жатышпайбы бизди. Мурун бизге караганда пенсионерлерге карызды ушундай беришчү. Анткени, алардын пенсиясы биздин айлыккка салыштыргында бир топ эле убагында таратылып, бизге караганда, камоктогуларга ишенимдүүрөөк келишчү.

Дегеле «Айлык» деп аты эле шоорат берип тургандай, алар акчабыз айдан айга гана араң жетип, арта турган түрү жок. «Жылдык» дээлинбегенден кийин ошо да. Артышпаган соң, бул айдан наркы айга чейин бир топ эле карыз болуп каларыбыз чын. Анын үстүнө ала турган күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы да тынымсыз ашып, алар маяналарыбыз күнүмдүк гана тамак-ашка араң жетпесе, өп-чап эле болуп калат көпчүлүк айларда.

Ошентип, эшикте кужулдашып турсак эле, биринчи кирип кеткен биологиядан сабак берген эжеке чыкты ичкериден кумсарып:

-Ой, ушул да айлыкпы?-Колунда он сомдуктардан беш-алтоо эле жүргөнсүйт- Кантип күн көрөбүз, а? Бир ай темтеңдеп жүрүп, үйгө ушу алтымыш сомду апарамбы? Сырттагы карыздарыма минени берем эми, кокуй!

-Калган айлыгың анан кана?-деди математик мугалим билип эле туруп.

-Кармап атпайбы, көрүнгөн нерсеге!…

-Эмнелерге кармайт экен?-деп бир тобу жаалап суроо берип жиберишти.

-Ой, башың адашат. Обшый расхот дейби эй, гезитке дейби эй, толгон токой эле нерсеге кармап алышты. Нары жактан айыл өкмөттүн кассири эки-үч нерсеге кармаса, бержактан өзүбүздүкүлөрдөн үчөө отурат шылыганы. Налогчусу менен соцфондусу дагы бар. Эң аягында сууга кармагандарга и электириктерге туш келесиң. Кызарган жериңди коёр эмес, кагылайын! ..

-Ой, энеңди с-с…-деп эле бирөөсү тилденип жиберди уят сөздөр менен. Анысын өзү байкабай деле калды окшойт. Баарысы аны жалт карашты. Момурайып эле жүргөн географ мугалим экен алиги тилденген. Адепсиздик кылганын байкай коюп, актангандай:

-Анан ушу жакшыбы? Акыры бала-чаканы багабызбы, же болор болбос тие турган айлык болумушту да, көрүнгөнгө кармата берип, куру эле аңыртка чаап иштеп жүрө беребизби? Бул бейзабрастыкка качан чек коюлат деги?-деп эле албуутанып кирсе, тооба. «Жооштон жоон чыгат» дегени ушу окшойт!..

-Чын эле. Гезитке деп районодон бир кармаса, энди айыл өкмөтүнөн айлык алгандан бери, буларга бөлүнгөн гезиттин пулу да айылдагы беш мектептин мугалимдеринин мойнуна илинди. Бу гезит дегенге өз каалоосу менен жазылат дечү эле. Совет доору кеткенине канча болгонуна карабай, да деле зордоп жаздырмай калбай келатат гу. Ким билсин бул өзү качан ада болот,-деп, секирин жылдырып койду химик мугалим.

-Ал өзүбүздөн, агай-эжекелер, -деди кыргыз тил мугалими-Мине кылса деле, кың дебесек. «Комиссияга мынча сом сарп болду», десе, «куп», «райондон мынча кармап калды», десе деле, «куп», «каналга мынча сом», десе деле, «куп». Анан сага кармайт да. Өз укугубузду коргоп бирар сөз айта албасак. Текшерүү келсе, «аман-эсен бүтсө экен, төрт абийирим төгүлбөсө экен»менен пайпастап, кандай калчаса, ашык окшоп, каалаганындай түшүп берсек… «Улак эле соёлу», десе, «Кой а, уят, кой соёлу!» десек, анан кайдан айлык акыбызды толук алмак элек. Бизге өзү сооп жок.

Чын эле өткөндө келген текшерүүчүлөрдү сыйлоо үчүн мастаат курганыбызда, ушул тилчи мугалим: «Адеп эле чабыла бербей семиз эле бир улак соёлу» дегенде, бир тобубуз: «Ушунчалык келишиптир, «жеген ооз уялат» деген, кой эле соёлу»,-деп салганбыз. Ал ошону айтып жатат, бизге тийгизип.

-Туптуура айтасыз! Мен сизге жүз прасент кошулам,-деди тарых мугалими адатынча, тилчи агайды кубаттап. Ал дайыма мейли чогулушта болсун, мейли жөн гана аңгемелешүүлөрдө болсун тилчи агайдын айтканына туура болсо да, болбосо да «жүз пайыз кошулганы» кошулган. Муну калган мугалимдер эрээн-төрөн деле албай калышкан. Кайра мыйгынан күлүп гана тим болушат.

-Чын эле өзүбүздө күнөө,-деди нарыдан окуу бөлүмүнүнү башчысы. Биз анын мында экенин байкаган да эмес экенбиз- Ичибизде сабакты жөндөп өтө албаганыбыз барбы? Бар. Сабак алганга келгенде «келе эле, келе», деп беш колду оозго тыгып, көп алып алып, анан азыр күндөлүк план тургай календарлык пландарыбызды али тактай албай, бекиттиргенден качып жүргөндөрүбүз барбы? Бар. Мына жарым жыл болоюн деп калды. Окуткан балдарыбыздын билими болсо, өзүбүзгө тайин. А тургай кээ бир жаңы бүтүп келген, э койчу мурункуларынан деле бар, мугалимдерибиздин окуткан сабагы боюнча өздөрүнүн билим деңгээлдери деле тайин, чынбы? Мунун баары өткөндөгү текшерүүнүн жыйынтыгынан көрүндү го. Аны директор экөөбүз текшергендерге аке-жакелеп жүрүп араң жаптык. Анан дагы айлыктан кармап калды деп вайвайлайбыз. Андыктан өзүбүздү да бир айнектен карап алайлы да! («Күзгүдөн карап алалы», дегени)

Баарыбыз бир азга унчукпай калдык. Айтса, айтпаса төгүнбү? Бар андайларыбыз. Ага окшогондорубуз жылдан жылга көбөйүп да баратат. Анан кыргыздын ар бир айылы сайын эле жогорку окуу жайы болуп, алар шуулдатып эле мугалимдик кесипке ээ деген дипломдорду берип жатса, көбөйбөй койчу беле! Же алардын ичинен тандап алганга мүмкүнчүлүк болсо да бир жөн. Ишке киргизерде орточу көп. Райондон телефон, а тургай облустан, жада калса, дал Бишкектин өзүнөн телефон чалып турса не дейсиң. Андан башка да мында мугалим жетишип турса да сонун болбойт беле, чиркин! Өздөрүнө тың дээлинген мугалимдердин көпчүлүгү эле, мектепти таштап, базарга чыгып, же Россияга, же Казакстанга кетип калгандарына анча болду го. Алардын кеткендеринин негизги эле себеби-мугалимдердин айлыгынын аздыгы. Анан ошол аз айлыктын да толук тийбей жатканы жаман болуп, бизди күйдүрүп жатпайбы!

Дайыма айлык аларда жүрөкзаада кылган маселе да ушу-бу сапар да канча сомдон расход деп кармалат? Мурунку алган карыздардан кутулганга алган айлык жетер бекен деген сар-санаа? Андан башка да тирүү жан ошо күнү казанды түзүгүрөөк кайнатып, бала-чаканы да бир тоюндуруп коюуга ниеттенесиң да. «Кембагалдын бир тойгону, орто байыганы» дечү беле? Артышып калса го аялыңа, балдарыңа кийим, анан өзүң да мугалим болгон соң, шүмүрөйбөй, башкалардын алдында баш көтөрүп жүрө тургандай жамынчы алганың дурус болот эле го. Башкаларды кой, кээ бир окуучуларыңдын эле кийингенин карап туруп, басмырланып калып жүргөнүң жалганбы?! . Кана, ага болбой эле чакан жууркан сыяктанып, бутуңду жапсаң, башыңа жетпей, башыңды жапсаң, ылдый жагың ачылып, балээ болуп жатпайбы! ?

-Анда шунтип эле жүрө берейли жарыбай,-деди жанагы тилчи өзүнүн сөзүн жактап-Бизге караганда тиги көчөдө симичке сатып жаткан биздин окуучубуз көп табат бизден. Анын жаза турган планы да жок, текшере турган завучу да жок.

-Ошол оңой болсо, анда баарыбыз семичке сатып кетип калалы,-деди окуу бөлүмүнүн башчысы.

-Ушинте берсеңер, ошондой да кылабыз да мээдеге тийгенде…

-Ой, муну биз кылып жатыппызбы, директор экөөбүз. Биздин эле байманабыз ашып-ташып кеттиби!?- деп күйүп кетти окуу бөлүмүнүн башчысы

-Эй, койсоңорчу, болбогон кепти. Андан көрө буйруган айлыгыңды ал да, үйүңө бар да. Мине кыласың жыйытыгы жок сөздөрдү. Эч нерсе колуңдан келбегенден кийин, бул кыжылдашкандарыңар бир пул. Мектептен кете да албайсың, мындай кыл деп эч кимге айта да албайсың. Кете тургандар эбак кетип бүткөн. Азыр биерде эч жакка кете албаган жалаң «билим берүүнүн патриоттору» калганбыз. Так что, тынчтаналы, -деди ушулардын улуусу деп эсептелген орус тили мугалими. Ушу сөздөр баарыбызга макул келди.

Макул келбей коймок беле. Мындай нааразылык сөздөр канча жолу болду. Канча жолу жанагы чыгып жаткан элдер окшоп, пикет уюштуруп жибермей болдук. Канча жолу иш таштамак болдук. А тургай ачкачылык жарыяласакпы деп да көрдүк. Бирок, муну баарына даай алган эмеспиз. Сөздүн чынын айтканда, уюша албай койгонбуз. Балким, ушунубуз деле тынчтыр. Өзүң тарбиячы болсоң, анан жанагинтип көчөлөп жүрсөң, кандай болот эле я? Андан көрө тиги агай айткандай: «бергенин ал да, үйүңө бар…»

Ушундан кийин кезек менен кирип, кармай турганын карматып, аз болсо да колго тийген акчабызды алдык да, бирден-бирден тарап кеттик. Эртең иш күнү эмеспи. Өтө турган сабактарыңа даярданышың керек го акыры…

Эң акыркы мугалим саат канчада алды айлыгын, ким билди дейсиң.

17.02.2007-жыл.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 10 Январь 2011 - 09:01

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   begisha   21 Октябрь 2012 - 19:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 18 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 16:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Tushungongo maanisi jakshy jazylyptyr
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Барс   23 Ноябрь 2012 - 18:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения begisha (21 Октябрь 2012 - 19:29) жазган:

Tushungongo maanisi jakshy jazylyptyr


Чын эле!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Sherik200992   05 Февраль 2013 - 18:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 231
  • Катталган: 30 Август 12
  • Соңку аракети: 23 Апр 2015 03:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалал-Абад

Боорум ий боорум! Боорду эзетко, чыгармаларыныз оркундой берсин! Аябай жакты!
Шерик
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Basmachy111   16 Февраль 2013 - 05:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 922
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 12 Янв 2014 18:23
  • Жынысы:Эркек

Ошол тоок башын буркут дениз. Ха ха ха ха.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Барс   06 Март 2013 - 17:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 999
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: Кечээ, 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

"Башка дүйнөдөн келген күч күйөө"
(Аңгеме)

Кээде бир көргөн адамга эле кишинин жылдызы жанып, эзелки таанышыңдай болуп калган учурлар көп эле кездешет эмеспи. Бүгүн да дал ошондой болду. Кыз айылдын үстү жагындагы булактан суу алганы барып, булактын мөлтүрсуусуна жүзүн чайып, ар кандай кыялдарга азгырылып отуруп, анан гана баканга суу толгон эки чакасын илип алып, ичинен кыңылдап ырдап коюп келе жаткан.

Булак менен айылдын ортосунда калың бак бар. Азыр андагы алмалардын кыйгач гүлдөп турган учуру. Кыз ошол бакка жакындашкан кезде нарыдан:

- Саламатсызбы, карындаш. Бир азга аярлай аласызбы? – деген эркектин жагымдуу коңур үнү угулду.Кыз токтоп бурула карап, кийген кийими да, мүчөсү да келишкен бир жигитти көрдү. Тааныш эмес. «Башка жактан келе жаткан жолоочу, же ушул айылга келген коноктордун бири окшойт» деп боолгоду кыз. «Менде эмне иши болду экен? Же сулуу кыздарды көрсө эле артынан ээрчип, каксаң да ыржаңдап тийшкен аңгилердин бириби?» Муну ойлогондо кыздын ичи жыйрыла түштү. Жоок, жигит андайлардан эместей. Сыпаа гана келип:

- Келиңиз,сууңузду мен көтөрүп алайын,- деди сылык гана.

-Жоок, - деди кыз күлүп да, шылдың аралаштыра - жигит кишинин бакан көтөрүп суу ташыганын бала болуп башыма жүн чыкканы көрө элекмин, уят болот.

-Ошондойбу? Анда кечиресиз... – деди да, жигит бир аз күймөнө түшүп, анан кайрадан кепке келип –анда бир аз тигинде отурбайлыбы. Эс алып да аласыз.

Кыз:

- Жо..., -деп баратып эле, кандайдыр бир билинбеген сырткы күчтүн таасири менен –Макул, отурса отуралы, -дей салды да, бир таман жолдун жанындагы чоң түп алманын түбүнө барып, баканын ийнинен ала баштаганда, тиги жигит, шамдагайлык менен баканды суусу толо чакалары менен алып, этияттап жерге коюп койгондо, чакадагы суулар төгүлмөк тургай, чайпалып койбойду.

Анан алар алманын астындагы чөпкө отура кетишти. Бир аздан кийин ээн эркин сүйлөшө баштаганын сезбей да калышты. Бактын арасынан ар түркүн куштун үндөрү кулакка сүйкүм угулуп, алмалардын гүлүнүн жыттары мурунду өрдөп, жагымдуу кырдаал өзүнөн өзү эле түзүлүп турду.

- ... ошентип, Сизди атайын издеп жүрүп, араң таптым, - деди жигит сөзүн улантуу менен кызга сүйкүмдүү карап.

-Жер үстүн койбой кыдыра издедиңизби? – деп кыз күлүп койду.

-Жер үстүнөн эмес,планеталар арасынан издедим, - деди жигит.

-Оуу, сизге убал болгон экен!.. –деп какшык аралаштыра сүйлөдү кыз. Бул маектешүү ага да жагымдуу эле.

- Жок, чын айтам. Жер планетасында экениңиз анык болгонго чейин, канчалаган башка аалам кезбедим... – жигит кыйналгандай түр көргөзүп – бирок, Тагдырдын буйругу менен Сизге мына жолугуп отурамын. Бул - мен үчүн улуу кубаныч!

-Кудайдын буйругу менен десеңиз, –деп оңдоду аны кыз. «Ушул жигиттердин көкүрөк какмай апыртмалары качан калат деги?..Эми мунусу планеталарды аралап кетпедиби! Кичине чындыкка жакындаштырса боло...» деп ойлоп жибергенге үлгүрдү ал. Анткен менен ага өтө деле кыжыры келбегенине өзү да таң калды.

-Жо-жок, биз кудайга эмес, тагдырга гана ишенебиз...–деди жигит шашыла.

-Кызык экенсиз!Кээ бирлер окшоп, мусурманчылыкты жээрип,башка динге өтүп алгандардан эмессизби? Мисалы, кээ бирлер Иса пайгамбарды Кудай деп таанып, баптист болушуп, бир даары Буддага сыйынып, кээлери байыркы бабаларыбыздын дини дешип,Теңирчилик дешип... башты да айландырып бүтүштү...

-Бизде дин деген жок. Бир гана Улуу Тагдыр бар. Биз ошого ишенебиз жана ошонун гана жолу менен жүрөбүз. Мына мен да ошол Улуу Тагдырдын буйругу менен колуңузду сурап, Сизге келип олтурамын.

«Мына, башталды!..» деп ойлоду да:

- Азыр эми кыргыз кыздар ким калыңды көп берсе, улутуна, динине карабай тийип кете берет деген ушак-айыңды угуп алып, келип калган турбайсызбы. .. –деп, сумсая каш кага сүйлөдү кыз.

-Ал калың дегени эмне? –деп сурады жигит.

-Сиз эмне кыргыз болуп туруп калыңды билбейсизби? Айдан түшкөн жоксузбу?.. –кыз акырын гана назик күлүп, какшыгын жылдырды.

-Жок, мен Сириустан* түштүм,- деди жигит чын дили менен мойнуна алып – Чын эле калыңды билбеймин. Бул сөз биздин сурап алмада* жок өңдөнөт... Мен кыргыз эмесмин.

Кыздын көзү алая түштү. «Ай, дагы элдин кыздарычылап, башка улутту мындай кой, башка эле облуска тийчү болсоң,экинчи жүзүңдү карабайбыз. Топурагымды түйүп берем...»

Бой тарткандан бери кайра-кайра кулагына куйган апасынын ушул сөзү анын эсинде жаңырып, каардана караган элеси көз алдына тартыла түштү. Баятан бери сүйлөшүп отурган жигитти кайрадан башынан аягына дейре сыдыра карады. «Баары ордунда: өңү-түсү деле, тили деле, кийген кийими деле, сымбаттуу келбети, орундуу сөздөрү, өзүнө тарткан жагымдуу мамилесин эске албаганда, биздин айылдагы балдардан айрымасы деле жок го? Анан кантип кыргыз эмес?.. Тамашалап жатат, кыязы... Ай , койчу ай, азыр эле ушуга тийип кете тургансып, менин да чочуп кеткенимди кара,капырай! ..» Кыз ушинтип ойлоду.

- Тамашакөй окшойсуз... – деди кыз жигитти дагы бир жолу имере карап. Анан атын сурабаганы эсине түшө калып, күтүлбөгөн жерден эле:

- А баса, менен атым - Айгүл. Сиздин атыңыз ким?

Алгачкы жолу кыз-жигит жаңы таанышканда, жигиттер биринчи аттарын өздөрү айтуусу шарт деген купуя эреже шашылганынан эсинен чыгып кеткенин кыз кеч байкап калды. Канчалаган бейтааныш жигиттер тамшаныша артынан чуркап , атын сураганда да, же айтпай коюп, же калп эле башка оозуна келген атты айта салып, жалдыратпады беле. Эми минтип... Кыздын бети уятынан кызарып чыкты.

-Мен сиздин атыңызды билемин, Айгүл. Менин атым Тарро. Силерче айтканда Таалай!

- Абдан кызык экен жомогуңуз... Андай болсо менин атым силерче кандай айтылат?

Кыз өзүнүн уялганын билдирбөөнүн амалында, кайра эле өзүнүн эркинен тыш ушул суроону берип салды.

- Бизче сиздинатыңыз Арро!- деп жылмайып жооп берди жигит.

-Охо, укмуш го!Тарро-Арро уйкаш турбайбы аттарыбыз,-деди кыз тамашага айландырдыгысы келип.

-Ооба. Туптуура! Ошондон улам Улуу Тагдырдын буйругунда экөөбүз бир үй-бүлө болуп бирге жашоо буйрулуп жатпайбы!

-Мына эмесе, али менин колумду сурап, сурабай жатып эле, сиз мага үйлөнүп, колуктуу кылып алып да койдуңузбу, жигит?!! Баракелде, мына ушуну тапкычтык десек, мына ушуну кыялдануу десек болот! Балким, нике кагазыбыз да жазылып даяр болуп калгандыр?..

- Биздин никебиз биз жарык дүйнөгө келе электен миң жыл мурун эле кыйылып, «Улуу Тагдырдын буйрук Китебине» жазылып калгандыктан, аалам кезип, издеп келип, дал болжогон күнү Сизди таап, сүйлөшүп отурбаймынбы! Анын көчүрмөсү мына!

Ал жылтырган бир металлдан жасалган сыңары сүйрү төрт бурчтук немени костюмунун жан чөнтөгүнөн алып кызга сунду. Ал кол телефондон бир аз чоңураак, бирок, нетбуктан анча кичине болчу. Кыз аны колуна алып, таң калганынан не дээрин билбей тилсиз туруп калды. Анда өзү менен тиги жигиттин кол кармашып түшкөн сүрөтү көрүнүп, анан ал сүрөт жанданып, алардын келечектеги тагдырында болуучу окуялар кино тасмадагыдай көрүнүп жатты. Бир гана телефондон айырмачылыгы: анын бетине жеңил эле билинер билинбестей кол тийип кетсе, тиги көрүнүштөр чоңоюп, бет маңдайда, жөн эле абада кадимкидей даана көрүнүнгөнү аз келгенсип, ал сүрөттөрдү кол менен кармоого боло тургандай экени андан бетер таң калыштуу эле. Андагы окуя экөөсүнүн үйлөнүү тоюнан башталып, бактылуу турмушу көз алдыда өтүп жатты. Улам убакыт өткөн сайын тиги экөөнүн жаштарынын бир аз улгайганы билинип, анан бара-бара буларды ээрчиген эки уул, эки кыз пайда болду.

-Булар - биздин балдарыбыз, - деди жигит тигилерди кызга көрсөтүп түшүндүрүп жатып, аларды элжирей карап. Анын ушул көз карашынан эле, абдан боорукер, сүйкүмдүү ата жана асылкеч жар боло турганы даана байкалып турду. Кызды бул нерсе алгач бир аз чочутканы менен, барган сайын улам кызыгуусун арттырып, аны өзүнө тартып баратты. Балким, бул да УлууТагдырдын буйругунун күчүдүр?!!

* * *

Мындан кийинки окуялар абдан бат өнүктү. Жигит менен кыз жаадырап жайнап, кыздын үйүнө барышты. Кыз жигитти ата-энеси менен тааныштырды. Аларга жигит жакты. (Анан жакпай коймок беле ааламдын наркы четинен келип жатса...) Алар экөөнүн баш кошуусуна макулдуктарын беришти. Жигиттин алдына бир гана шарт коюлду: башка жакка кетпей, ушул жерде гана жашайсың! Жигит бул шартты кабыл алды. Бул да болсоТагдырдын буйругу да! Экөөнүн үйлөнүү тою болуп көрбөгөндөй шаңдуу да,салтанаттуу да, дал эле бакта кыз өз көзү менен кино сыяктуу көргөндөй өттү.

Ал эми калган турмуштары ошол бакта көргөн сымак жомоктогудай уландыбы, же Тагдырдын боло жүрчү оош-кыйышына туш келдиби, ага бул аңгеменин автору кепилдик бере албайт.Анткени, муну Тагдыр деп коёт. Ал эми баарын тескөөчү Жараткандын ар бир жандыктын тагдырын заматта кайсы нукка салып коёруна жана кайсы тарапка бурарына алдын-ала кимдин акылы жетмек эле?!!

________________________________________________________________

*Сириус- Күн системасындагы абдан жарык жылдыз.

* сурап алма-справочник.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 30 Август 2013 - 14:51

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (15 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Апр 2023 07:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: