КАБЫРГА САМСА.
(25 самсага ылайыкталды).
Эт 500 гр.
малдын кабыргасы 13 шт.
пияз 4 баш.
Маргарин 250 гр.
Жумуртка 5 шт.
Малдын ич майы 50 гр.
Жаш малдын эти м/н пиязды майда туурап алабыз да, татымына жараша туз кошобуз.
Эми мунун үстүнө бир аз суу сээп, 20 мүнөттөй дымдап коюш керек. Бул аралыкта пияздын ширеси чыгып, самса бышканда ичиндеги шорпосу даамдуу болот.
Малдын кабыргасын даярдап алабыз. Эттүү бир кабырганы экиге бөлүп, эки самсага жеткирсе б/т.
Маргарин,
суу, жумуртка, татымына жараша туз кошуп камыр жууруйбуз.
Камырды жайып, бетин малдын сызгырылган майы м/н майлап, узун кылып оройбуз.
Оролгон камырдын четинен тоголок кылып кесип алып, аларды кайрадан жаябыз.
Жука эмес, тегерек б/п жайылган камырга туурамжы салып, жалбырак формасында түйөбүз.
Духовкада 200 градуста 30-40 мүнөттө бышат.
ЭСКЕРТҮҮ!
Тандырга бышырууга болбойт. Камыры тандырга жабышпайт.
Дегустатор самсы)) Кыргызстандагы самсалардын рейтинги
#81 25 Июнь 2015 - 17:08
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#82 25 Июнь 2015 - 17:09
ШОРПОЛУУ ТАНДЫР САМСАСЫ. (80 самсага ылайыкталды).
КЕРЕКТҮҮЛӨР:
Эт 4 кг
пияз 2-2,5 кг
малдын ич майы 2кг
ун 16 кг
өсүмдүк майы 1 литр
жумуртка 8 шт
татымына жараша туз.
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
Сууга май, жумуртка, татымына жараша туз салып, катуу кылып жууруйбуз. Эгер камыр жумшак болуп калса, тандырга жабышпай, түшө берет.
Этти сөөгүнөн ажыратып алып, пияз экөөнү майда туураш керек. Буларга татымалдарды (зире, мурч ж.б.) жана укроп кошуп аралаштырабыз. Малдын ич майын эт туурагычтан өткөрүп, аны туурамжыга кошобуз. Бул майдан сырткары ар бир самсаны түйүп жатканда ичине 3 чоңураак кесим май салып, тегерек кылып түйөбүз. Майлар самсанын ичинде шорпосунун көп болушун шарттайт.
Тандырдын табын кетирбей жабыштырып, ысык чыкпагандай оозун бекитебиз. Бышуу убактысы 45 мүнөт.
Самсанын камыры калың болгондуктан, тандырда какталып бышып, бир аз катуураак болуп калат. Ал үчүн фаршка тууралган эттин сөөктөрүн казанга салып кайнатып, жыт жана даам берүүчү ашкөктөрдөн (укроп, сарымсак, райхан, петрушка) кошуп атайын шорпо даярдалат. Самса бышканда ага кошуп бир чыныга шорпо да берилет.
ЭСКЕРТҮҮ!
Самсанын бул түрүн духовкада бышырууга болбойт, себеби камыры тандырга ылайыкталып жасалат.

#83 11 Сентябрь 2015 - 09:23
ЭЙ туугандар сасыны тандырга жана духофкага бышырганда камырын ачытабы же ачытпай эле кыла береби тушундуруп айтып койгулачы сураныч
#85 11 Сентябрь 2015 - 09:51
Edik_86 (11 Сентябрь 2015 - 06:53) жазган:
ЭЙ туугандар сасыны тандырга жана духофкага бышырганда камырын ачытабы же ачытпай эле кыла береби тушундуруп айтып койгулачы сураныч
Ачытат
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .