admin_superstan (26 Февраль 2016 - 11:36) жазган:
Аида
Аида жеңе, алгач биздин үйдүн босогосун аттаган кезиңизде сиз менен кошо үйгө бакыт, кубаныч, айтор, бардык жакшылыктар сиз менен келгендей болду. үй-бүлөбүз дагы бир мүчөгө көбөйүп, агам экөөңөр турмуш жолуна аттандыңар. Быйыл сиздин келин статусуна ээ болгонуңузга туура 1 жыл болду. Ушул аралыкта кабагым-кашым дебей, өз милдетиңизди жакшы аткарып келе жатасыз. Сиз дүйнөдөгү мыкты келиндердин бирисиз. Мен сизди жеңем эмес, өз эжемдей көрөм. Агам экөөңөр бактылуу жубайлардан болушуңарга тилектешмин.
Гүл издебей гүлзарлардан,
Аны өзүңдөн издедим.
Белек албай магазинден,
Жараттым ыр тизмегин.
Артык көрүп белектерден,
Жеңе, ырды арнадым.
Капа болбо окуп берип,
Кемибес бакыт кааладым.
Жаркылдап күлсө жанашып,
Жайнаган көзү жарашып.
Бактылуу болбойбу анда агам,
Жаныңда жүрсө бир басып.
Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.