Мен кайсы бир сайттан жаны жомок окуп калып, болгону мында кочуруп келип койдум.
Баракча 1 - 1
Жаңы жомок
#2 15 Декабрь 2019 - 14:09
Жаңы жомок
Саман Уранкай
Тээ алыстан аттардын дүбүртү угулуп, добулбастын коштоосунда кырк кило пахта артынып келаткан "кырк мырктын" карааны көрүндү. Ыш каптап турган ордонун чок ортосунда опол-тоодой ак өргөөнүн ичи кажы-кужу болуп, бай-манаптар былчылдата май чайнап, беш бармакка он манжасын матыра сугунуп, маал-маалы менен Матырайдын тукумуна дуа кылып отурушкан эле. Ак өргөөнүн төрүндө төрт кабат мамык төшөктө Былкэтпес хан отурат. Сол жагында Асылаке бий, оң жагында каман терисин жамынып, астына алты кабат мамык төшөк салынып кадимки Рамилон баатыр отурат. Сабы алтынга ширелип, өрмөгү калктын шили терисинен өрүлүп, араптын асыл таштары менен шөкөттөлгөн өрмө камчысын отургандарга кезей Рамилон баатыр кеп баштады:
- Ээй простой смертнийлер! Уккула менин сөзүмдү! Менин адресиме жаман сөз уксам жарчыңды да, малчыңды да, деги койчу иливоюңду зынданга тыгам. Мамлакатка кол салды деп мазгимди тоңкойтконуңарды токтоткула, мырзалар! Бу жалганда эки гана ак бар. Бири эненин сүтү болсо, экинчиси мен"-деди. Отургандар биринен сала бири" Туура! Туура! " дешип кубаттап, кай бири оордуларынан тура да калышты. Тура калгандардын арасында жүз жыйырма башы Дасисфантастиш бек да бар эле. Былкэтпес хан унчуккан жок. Ак да дебеди, көк да дебеди. Хандын көзүнөн "Каңкретний дадил жок болсо, "каңк" эттире башка чап! " дегендей ишаарат байкалып турду. Калдайган кара кытайдын үлбүрөк целлофан баштыгандай болгон Өкмат аке да башын өйдө көтөрүүдөн айбыгып, чылкый май шорподон ууртап отурду...