Кызмончок улам бой жеткен сайын ата-энесинин жүрөктөрү түпөйүл. Кызынын ушак-айыңдан арылып, өз теңин таап, бактылуу болушун тилешет. Айрыкча Асылбек кызына билгизбей жыланды жанчып, быт-чытын чыгарып салсам дейт. Сырганын гана чырылдап, арага түшкөнүнөн калат. Элдин кеп-сөзүнөн улам, анын үстүнө Бүбү эненин баягы: “Акыры кан-жиниңер аралашып, ал силерден кетпейт!” – дегенин эстеп, эмнегедир бүдөмүк ой жүрөгүн эзет:
– Айт, жыланга! Кетсин! Көзүмө көрүнбөй кетсин! Болбосо!..
– деп кызына ачууланганын Жан канча ирет өз кулагы менен уккан. А бирок Асылбек жыланды өлтүрө албайт эле. Анын үстүнө Бүбү эненин өлөр алдында төшөктө жатып дагы бир айтканы бар...
Жүз он бешке чыккан байбиче көптөн бери сыркоо болчу. Муун-жүүнү бошоп, алсыз жаткан. Антсе да кирип-чыккандардын эсебин билип жаткандай, же ким бирөөнү күткөндөй ким-кимисине үңүлө карап, кайра чыгып баратканда да ошентип узатып калчу. Бир күнү күн чыга ал-акыбалын сурап кирген Асылбек менен Сырганы таанып, көп күндөрдөн бери үндөбөй жаткан эне бир нерсе айтчудай ишарат кыла башын алсыз ийкеген. Алы кетип, жыгачтай шалдайган колдору менен Асылбектин колун кармап, бир нерсе айта албай жаткандай көпкө кыйнала, күч-кубатын жыйнап жатып, акырында араң:
– Ти... тийбе! – деген.
Асылбек Сырганы караган. Кеп төркүнү башкаларга табышмак бойдон калып, экөө гана эненин эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнүп, Асылбек “макул” дегендей башын ийкеген. Ошондо гана эненин жүзүнө бир аз кан жүгүрүп, тамылжый түшкөнсүгөн.
Жаны жай ала, денеси тердеп, көзү илинип кеткен.
Ошол күндүн эртеси таңазан айылдан өкүрүк чыгып, ый угулган.
– Асылбек, турчу! Тигил апа кайтып кеткен окшойт! – деп шашылып кийине баштаган Сырга, Кызмончоктун жаздыгынын башында оролуп жаткан жыланды көрүп, күндүз көрүнбөй калганы менен түндөсү келип жүргөнүн түшүнгөн.
Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене
#42 05 Октябрь 2012 - 01:26
Кызмончок көзүн ачканда ата-энеси эчак туруп кетишиптир.
Терезеден кыйгач тийген күн нурунан көзүн ала качып, ары оодарыла берген кыз баш жагында өзүн тиктеп, ойлуу жаткан жыланды көрдү. Бетин жаап, жарымы жаздыгында жайылган чачынын арасынан көздөрүн балбылдатып,
кыз да аны карап жатты. Кенедей кездеринен берки бул экөөнүн ынактыгы бирок чегинен ашып, кандайдыр бир чиеленип, татаалданып баратканын барган сайын Кызмончок туйчу болгон.
А бирок эмне болуп жатканына өзүнүн да акылы айран. А бирок анын жыланга болгон мамилесинде ашыкча эч нерсе жок болчу! Ал аны адегенде башка эч кимге, эч нерсеге окшобогон, ар дайым ою менен болуп, кыймылдап-сойлоп турган, оозу, көзү бар оюнчук катары жакшы көрсө, кичине эс тартканы акылы адамдыкынан ашса ашып, акыры кемибеген аң-сезимдүү макулук катары, а кийин ишенимдүү жолдош, дос катары билчү. Кичине кезинде “жылан” дегенге тили келбей: “жан... жан...” – деп жүрүп, кийин да аны ушинтип атап калган.

#43 05 Октябрь 2012 - 01:39
Бирок бара-бара Жандын мүнөзү өзгөрүлүп, башкача боло баштады. Баягыдай көздөрүн ойноктото тиктеп, шайдооттонуп,
шоктонбой оор басырык тартып кетти. Карашы да баягыдай кирсиз, баёо эмес, эмнегедир ойлуу да, сырдуу дагы. Алда нени айткысы келип тургандай обдула түшүп, бирок кайра эле бат көздөрүн ала качып, жалтактап кетет. Ошондон уламбы, акыркы убактарда Кызмончок да өзгөрдү. Баштагыдай болуп, болгон дүйнөсүн төгүп божурап, бооруна кысып эркелетип, төгүлүп-чачыла албай, сөздүн ток этээр жерин гана айтып, токтоо мамиле кылат. Эмнегедир бук болуп да кетти. Ичинде Жандын өзгөрүлө баштаганына таң калып да, таарынып да, анын бир карап алган көздөрүнөн табышмактуу бир нерсени байкап, а бирок ошол оюнан кайра өзү коркуп кетчү...
#44 05 Октябрь 2012 - 01:48
А бирок бул сапар экөө тең бири-биринен көздөрүн тартып ала алышпай, бири-бирин нес боло тиктеп, ой алышып жатышты.
#45 05 Октябрь 2012 - 02:08
Кенедейинен адамдарга аралашып, аларга жедеп жыты сиңишип калган жылан, айбандыгы эле болбосо алардын жашоосу, тили түгүл салтын да жатка билет. Бир гана үн чыгарып сүйлөгөнгө кудурети жок болчу. Анткен менен Жандын тилин Кызмончок билет. Анын эмнени айтып жатканын, атүгүл айтылбай жаткан оюн да көздөрүнөн окучу. Бул анын жылан менен бирге өскөн он жети жыл ичиндеги табылгасы!
Бирок, соңку убактарда жыландын көзүнө тик бага албай, анын эмненин башын кылтыйтып, эмнени айта албай жүргөнүн тымызын сезип, бирок ошого ишенгиси келбей, ишенбей, деги эле жыландын сүйүүсүн жанына жууткусу жок, тайсалдап жүргөн! А бирок буту-колсуз бу жандыкты жанынан таптакыр алыстатып да сала албай, ал жөнүндө ойлонуп, толгонуп, эмнегедир эле эки анжы боло берчү...
Ушу азыр да жыландын көздөрүндөгү кандайдыр бир муңга толгон, ыйы дагы, бактысы дагы аралаш телмирген бир тереңдик аны өзүнө оп тартып, каратып турду. Ал жыландын бүт дүйнөсүн кадимкисиндей туюп, эмнегедир денеси ымыр-чымыр боло, көздөрү караңгылай, өмүрүндө адам баласынан да көрбөгөн, буга чейин туйбаган, эмне экени өзүнө да али белгисиз бир сезимден жалтайлап, сүрдөп кетти!..
Жыландын денеси да “калч-калч” эте диртилдеп, жандүйнөсүнө жашырган улуу сыры денесине батпай кеткен сыяктуу бир оор онтоп алды да:
– Мен сени сүйөм, Кызмончок! .. – деп айтып алганын өзү да байкабай калды:
– ?!. – кыз эмне дээрин, эмне кылаарын билбей апкаарып калды! “Мен эмне болуп турам? – деди оюнда өзүн-өзү алдап, жооткотуп, – Ал мени досу катары, курбусу катары айтып жатпайбы! .. А мен...”
Жылан да каректерден ой окушту билет эле...
– Жок, Кызмончок! – деди, – Мен эми жөн эле дос катары эмес, өзүмдүн айбан, сенин адам экениңди унутуп, Жараткандан келген ыйык сезимим, бүткүл жандилим менен сүйүп, өзүмдү башотум менен өзүңө тартуу кылып турам!!!
Жандын кадала караган каректериндеги ушундай жазуулардан соң, Кызмончок көздөрүн жумуп ийди да, көпкө чейин ачпай: “Жок! Жок! Жан – адам эмес да! Анчалык арзып, адамды адамча сүйгөнгө анын акысы жок! Мен чын эле жаңылышып окудум окшойм!.. Ооба, ылайым эле жаңылыш болсо экен?! Ооруп калсам керек да...” – деп ичинде кыйсыпыр түшүп, жүрөгү да кабынан ыргып кетүүчүдөй лакылдап, кара терге чөмүлө, кыйналып кетти.
Жылан болсо жандилинде эмне болсо, ошонун баарын жаналакетке түшө төгүп-чачып, ачыкка чыгарып алды:
– Мени кечир, Кызмончок?! .. Эгер сенин жүрөгүңдү оорутуп, көңүлүңдү иренжитсем, кечир?! Бирок мен...
– ?..
– Эсиңдеби, сен мени дайым: “Айбандарга окшобогон башкачасың. Акыл-сезимиң тунук. Адамдайсың! ” – дечүсүң. Сен муну сыймыктанып да, мактанып да, таң калып да, чын дилиңден айтар элең. Мен ансайын сени сүйүнткүм, бүтүндөй адамзатты айран таң кылып, жаңылык жасап ийгим келчү! Барган сайын өзүмө эмес, сага окшогум келчү! Адамга айлангым келчү! Ааламды аңтара таанып, адам менен айбандын аралыгындагы ажырымды кошкум келчү! Бирок ошол учсуз-түпсүз максаттарым эч качан аткарылбастыган билип-билбей, эми деле кимгедир, эмнегедир ишене берет элем! Бирок, ушул башкачалыгым качандыр бир өзүмдү азапка саларын кайдан билипмин?!
– ?..
– Бир жолу сага кыялымдын чеке белин айтканымда: «Жаштын тилегин берет» дегенсиң. Мен буга ишенгем. Дале ишенем… Анткени, менин акыл-эсимдин, ой-максаттарымдын, сүйүүмдүн, мындан аркы тагдырымдын Кудайы – өзүңсүң!
– ?..
Кызмончок жыландын ыйын ичине жутуп, балбаалап ыйлап турганын көрдү да, балтыр бешик кезинен бирге ойноп, бирге өсүп, жыт сиңишип калганабы, айтор... Эмнеси болсо да аны аяп да, түтпөй да кетти! Анын аянычтуу тигилген, кудум чексиздиктей мелтиреп, тунуп турган акылдуу көздөрүнөн көздөрүн тартып алды да, оюнда: “Сүйсө эмне экен?! Эмнеси жаман?! – деди өзү менен өзү сүйлөшүп , – Айткандай эле, аны айбандыктын чегинен ашып, адам болууга умтулуусуна себепкер өзүм болгон соң, эми бул ирээт кайпактаганым чекилик болор! А бирок… эмне дешим керек?!» – ушул суроого келгенде какап калды. Бирок, кандай болгон күндө да бул кыйын кырдаалдан чыгыш керек эле! Не дейт?...
Кызмончок жыланга «жалт» карап, күлүп жиберди. Кыздын “жарк” эткен жарык маанайынан улам үйдүн ичи жарык болуп, жылан да бир башкача шайдооттоно түштү. Бир колу менен жаздыгын кучактаган кыз, экинчи колун жыланга карай сунуп, жылан ысык алаканга башын койду.
Алакандын ысыгы жыландын муздак денеси ылдый жыбылжып, өзүнөн башка эч бир жылан сезбеген бөтөнчө бир ырахаттуу, сыйкырду сезимге Жандын башы айланып баратты!..

#46 05 Октябрь 2012 - 02:23
Ар бир жолу ушундай кезде Жан өзүн адамга кубулуп бараткандай сезчү! Ошондуктан ушул учурдун узакка, өтө узакка созулушун каалачу! Атүгүл Кызмончокту жаратман сыйкырчыдай туюп кетчү. Адам баласынын акыл-сезимдүү эле эмес, жокту бар кылып ийчү кудуреттүү экенине ишенгиси келчү, ишенчү! Бала кезинде болсо, элден уккан имиштерден улам: «Кызмончок кайсы бир кереметтүү күнү жыланга кубулат,» – деп ишенчү. Бара-бара, айлана-тегеректи улам арылап аңдай баштаган кезден тартып, мунун мүмкүн эмес экенине ынанып, эми Кызмончок үчүн өзү адамга кубулууну эңсечү болгон!
«Андай кереметти жаратууга мен эле эмес адамдын, атүгүл Жараткандын да кудурети жетпес болсо… андан ары эмне болот?!» – деди эми оюнда Жан. Макул, анын Кызмончокко болгон сүйүүсү жан чыдагыс! Чексиз! Чыныгы! Бирок Кызмончок анын сүйүүсүн кабыл алды дейли, андан ары эмне болот?! Эмне менен башталып, эмне менен бүтөт?!.
Ушуну ойлогондо жооп да, жанын коёрго жай да таппай кетти. Бирок ага азыр Кызмончоктун ачууланбай, жек көрбөй, кадимкидей каректерин жоодуратып, жайнай караганы эле канча эле?!.
Ушул саам да ага кадимкидей эркелеп, эркелетип, көкүрөгүнө башын жөлөп, анын дем алганын, жүрөгүнүн кагышын жакындан укусу, андан ары денесине оролуп ойногусу келип, делөөрүп кетти...

#47 05 Октябрь 2012 - 02:35
Бирок ошонусун сезе койгон Кызмончок алаканындагы жыландын башын экинчи алаканы менен адатынча эркелетип, акырын-аста сылаган болуп, жерге коюп койду да, туруп кийине баштады. Жер чийип, шуудураган ак жибек көйнөгү тал чыбыктай буралган кыздын ажарын ого бетер ачып, кундуз чачы согончогу ылдый куюлуп, эки бетинин тамылжып, албырганы ансыз деле үлбүрөгөн назик немени ого бетер сулуу кылып жиберди.
Жыландын көзүн албай, тикирейип мынчалык тиктегенинен биринчи ирет сүрдөгөн кыз чалыштай түшкөн басыгын оңдоп, жүрөгүнүн кабынан ыргып кетүүчүдөй лакылдаганын токтотууга аракеттенди. Ушундай оңтойсуз учурда ата-энесинин үйдө жоктугуна өкүндү. Жана уйку соонун ортосунда жатып, ата-апасынын Бүбү эненинкине кетип жатканын уккан кыз, эмнегедир алардын ылдам келишин каалап, Жан экөөнүн ортосудагы эч качан бүтпөчүдөй сезилген бул ыңгайсыз ирмемдер менен жүрөктү жүдөткөн дүрбөлөң сезимдерден каякадыр качкысы келип турду…
Ал сыртка чыкканда күн кыйла көтөрүлүп, чокусун ак кар, көк муз басып, асман менен айкалышкан алп тоолорго, ай ааламга алтын нурун төгүп, чачырап тегиз тийип турган. Ошол тоо тараптан соккон сыдырым жел Кызмончоктун саамайларын дирилдетип, ичи-койнун аралап, кандайдыр бир жагымдуу ичиркентип, сергитип жиберди. Көкөлөп учуп кетүүчүдөй көөдөнү өрөпкүп, көңүлү серпиле түшкөн кыз түрмөктөлүп, каякадыр сапар тартып баратышкан булуттарга көпкө чейин умсуна, узата карап турду да, апкөчүн ийинге салып, булакты көздөй кетти.

#48 05 Октябрь 2012 - 02:51
Булакка кетчү жол Бектемирлердин терезесинин түбүнөн өтөт. Ансыз деле эси-дартынын баары Кызмончок болуп калган боз улан анын кайсыл сууга өтөр маалын акмалап, эки көзү ушул жолдон өтө берчү. Ал апасынын да, элдин да айткан ушактарына эмне үчүндүр ишенчү эмес. Кичине кезинде алардын баарын тек гана жомок катары угуп, ансайын ээ-жаа бербеген балалык кыялында кыздын башкалардан башкача ажайыптыгын сезип, ансайын ага умтулуп, сырдашкысы,
сүйлөшкүсү келип, куштар боло берчү. Ал эми эс тарткан күндөн тарта ошол “жомокту” айдай сулуу периштеге карата айылдыктардын,
айрыкча аялдардын көрө албастыгы, ич тардыгы деп билчү. Болбосо, кошуна жашап, атүгүл атайын акмалап жүрүп да, кыздын бир жолу дагы ашыкча кылык-жоругун көргөн эмес.
Аны ушул ой дайыма тынчытып, санаасын басчу. А бирок ал мунун экинчи жагына да даяр эле. Кызмончок менен жылан жөнүндөгү аңыз чын болгон күндө деле ал Кызмончокту тана албайт болчу! Бирок анын бул сезимин качантан бери Жан да байкап, Кызмончокту кызганып, Бектемирди өзүнө душман тутуп, тымызын туталанып жүргөнүн жигит билчү эмес.
Жыландын кызганчаактыгын Асылбек менен Сырга тээ баштатан эле билип, эмгиче эле: “Кокус Кызмончокту коруйм деп, бирөө-жарымды чагып албагай эле!” – деп коркуп, чочулай беришет. Ансыз да араң турган эл уу-дуу түшүп, буларды жабалактап таш бараңга алышып, же айылдан кууп чыгарып салчудай, а болбосо жыландын өзүнө кимдир бирөө кол салып, мунун укум-тукуму баягыдай кун кубалап, алаамат салып келчүдөй жүрөктөрү түпөйүл. Айрыкча Асылбек таптакыр өзгөрүлүп, көптөн бери комузун да колуна албай калган.
Атүгүл бир канча ирээт жыландын уусун алып салууга даярданып, ат арытып атайын алыскы айылдардын бирине барып, ошо өнөрдү сураштырып, сүрүштүрүп, үйрөнүп да келген.
– Каяктагыны айтпачы, Асыке! Же баягы түн эсиңден чыгып кеттиби?! Башканы унутсаң да, Бүбү эненин керээзин эстечи! – деп ошондон бери эле Сыргада жан жок.
– Эй, анын анчалык деле эчтекеси жок! Бул деген жапайы жылан болбогон соң, уу безин алып коюш керек! – дейт эри.
– Койчу, Асылбек! Койчу, айланайын! Сен эле кандай коркпойсуң, билбейм! Мен корком!.. Анын үстүнө Жан канча жылдан бери биз менен чогуу эле аралашып, тынч эле жүрөт го!
– Канчалык тынч болгону менен айбан да аның! “Бөрү баласы ит болбойт” дейт. Бирде болбосо бирде...
– Кудай сактасын! Айбан болгону менен акыры кепке-сөзгө түшүнөт го!..
– Э, болуптурчу! Болду! Тим эле тууп алган балаңдай безилдейсиң! ..
– Андай болсо тээ бала кезинде ошентсең болмок да, Асыке. Эми өзүңдөй эки болуп турат... – бу саам келиндин үнүнөн жыланга эмес, күйөөсүнө кабатыр болгондугу байкалат.
– Кудай, айланайын! Суук көздөн, суук сөздөн сактай көр?! Айбан да болсо жыландын ичине ыйман бер?! Бирөө-жарымды чагып алып, элдин каргышына калбасак болду! Деги... кызым өзү теңдүү бирөөнүн колун кармап, бактылуу болсо экен?!. Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыла көрбө, Жараткан?! – деп анан адатынча басып-туруп Кудайга жалынат. Соңку убактарда бул анын оозунан түшпөс келмесине айланган. Атургай жыландын таптакыр кетип калуусун анын өзүнө угуза эле Жараткандан суранып, “Керегем сага айтам, келиним сен ук” кылганы менен, эмнегедир жыландын көзүнө тике тиктебей, кайпактап кетчү.
Ошону сезген Жан бара-бара башкалар түгүл, Кызмончоктун ата-энесинен да корунуп, жашырынып жүргөнгө өткөн.

#49 05 Октябрь 2012 - 03:16
Сууга келаткан кыздын эсине бир окуя түшүп, ууртунан күлүмсүрөп алды...
Жан кичине кезинде бир кызык болчу. Кызмончоктун жанына бир ата-энесинен, бир өзүнөн башка эч кимди жакындаткысы келчү эмес. Кумурска келатса да учуп жетип, бирок эмне кылаарын билбей ойдолоктоп кетчү. Анткени ар дайым Кызмончоктун:
– Адамдар менен дос болгуң келсе, сен алардай акылдуу болушуң керек! Чагып алуу – оюңа да келбесин! – дегени оюнда турчу. Бирок, ошондо да чыдамы жетпей кетип:
– Тс-с-с!!! – деп ортого тура калмай адат тапкан.
– Жан! – дечү андайда “окутуучусу” сөөмөйүн кесеп, – Мен сага эмне дедим эле?..
Ошондо гана Жан башын ылдый шылкыйтып, күнөөлүүдөй болбурап калчу. Ал эми үйгө киши келгенде Асылбек же Сырга кызын колунан жетелеп, сыртка алып чыгып кетип, конок кеткичекти эшикте жүрө беришчү. Алардын бул кылыгы эл арасында айтылып жүргөн ушак-айыңды – Кызмончоктун жыланга айланаары жөнүндөгү имиш-имишти, күдүктүү ойлорду ырбатчу. Бири:
– Капырай, качан кирсең эле эри же катыны баласын жетелеп үйдөн чыга качат! – десе экинчиси:
– “Обу жок катын орсок уй саайт” болуп, жалгыз кызына көз тийет деп коркушат го, – дейт. А кийинчерээк болсо:
– “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт, кокуй күн! Эл айтса бекер айтпайт! Элден четтеп, качып калгандарына караганда жанагы кызынын жылан экени ырас! – дейт. Мындай шектенүүлөр бара-бара ырбап, күчөп да кеткен.
Ошондой күндөрдүн биринде Жан менен Абылайдын ак кочкорунун арбашканы кыз жөнүндөгү укмуштуу “жомокту” ого бетер эки эселентип жиберген.
Ал күнү Кызмончок короонун сыртына ойноп чыга калган.Аңгыча эле арыктын жээгинде аркандалып турган кишичил кочкор дикилдеп чуркап келип, тоголото сүзүп жүрөт! Эбелектей болгон кыз эки-үч ала салып кеткен да, эмне болуп кеткенине акылы жетпей, элеңдеп тура калган. Ошого да ыраазы болбогондой артка кеткенчиктеп барып, кайра да күүлөнүп, “учуп” келаткан кочкор кызга жетип-жетпей “тык!” токтоп, кайдан-жайдан чыга калып, бет маңдайына тикесинен тура калган жылан менен тиктешип калган!
Кызмончок этинин ооруганын да, жапжаңы көйнөгүнүн, бети-башынан чаңга оонап калганын да унутуп, ордунда нес боло түшкөн. Аңгыча ары жак-бери жактан эл чогулуп, жылан менен кочкордон көз ала албай, жабалактап калышкан. “Өлдүк!” – деген оюнда Кызмончок. Эсине ар убак элдин көзүнөн, сөзүнөн корунуп, үрпөңдөй берчү ата-энеси түшүп кеткен. Эмнегедир эриндери диртилдеп, тамагы жашка муунуп, көзүнө жаш тегерене түшкөн. Анан калса, мына бул жарданган киши азыр Жанды өлтүрүп койчудай туюлган.
– Жан! Качып кетчи, Жан! Булар сени өлтүрүп коюшат! – деп үн чыгарбай, көмөкөйүндө жыландан суранып, чебелене кыйкырып жаткан. Атүгүл: «Жанга тйбегилечи? ! Өлтүрбөгүлөчү? !» – деп элден жансоога сурайын деп, канча ирет обдулуп барып токтогон.
Албетте, Кызмончоктун жаналакетке түшкөн ушул кыйкырыгын, ой-сезимин Жан туйган. Туйган да, бир убакта арбашуудан көздөрүн тартып алып, арыктын ичине кирип, аткулактын арасына кирип, көздөн кайым болуп кеткен.
Анткен менен жыландын артынан түшүп, аны издегенге эч кимиси дааган эмес. Кочкор болсо жылан кетээр замат жер сүзүп жыгылган да, Абылай катын-балдары менен жөлөп-таяп, таканчык кылганына карабай, көпкө чейин көздөрү аңтарылып, тура албай ынтыгып жаткан.
– Шумдук! – дешкен карап тургандар, – Мал да болсо туруштук бергенин айт!
Ушул окуяга күбө болгондор жылан менен кочкордун арбашканын ого бетер укмуштантып, жыландын да жыландардан башкача, сүттөй аппак экендигин далайга чейин айтып жүрүштү. Бир гана жакшы жери, Кудай жалгап алар бул окуянын себепкери Кызмончок экенин билбей калышты. Бирок ошондон кийин кишичил кочкордун Кызмончоктон жалтактап, бет маңдай чыга калса бурула качканын байкагандар болуп, кеп төркүнү жүрүп-жүрүп отуруп эле Асылбектин кызына келип такалды.
Ушуларды ойлоп отуруп, Кызмончок булакка ылдам эле жетип калды.
Түнү бою уйкусу качып, эт-жүрөгү элеп-желеп болуп ээленген Бектемир да ушул тапта Кызмончокко айтар сөзүн камдап, булакка келаткан.
Ошону сезгендей, жылан да үйдөн чыкты...

#50 05 Октябрь 2012 - 03:30
Кызмончок жар түбүнөн акырын сызылып чыгып, таштан-ташка урунуп, сайды көздөй эдиреңдеп чуркаган тармал булактан чакаларына толтуруп алып, суунун шыңгырын тыңшап, мөлтүрөк тунугуна суктанып, көпкө чейин ойлуу отурду. Суу түбүндөгү көз тайгылткан кооз таштарды терип алып, алаканындагы ошол кооздукка суктана карап отуруп, кандайдыр бир шыбырт, дабыштан улам жүрөгү “болк” деп, бирок кылчайып кароого даабай, денесин майда калтырак басып кетти. Байлоодогу кулундай эт-жүрөгү дикилдеп туйлап турду! Ойлору чакчалекей түшүп, алда кайда чачырап кетти. Артында Жан турганын, өзүнүн ар бир кыймыл-аракетине үзүлө түшүп, кирпигинин ирмелишинен бери көз жаздымга кетирбей, тирмийе тиктеп турганын сезди кыз! Демейде “шарт” бурулуп тура калып, тегерене издеп:
– Жан? Жан! – дечү акырын кыйкырып, – Каяктасың?!
О, анан экөө кучакташып калышчу да, тээ бир далайга чейин шапшынып, суу чачышып ойношчу.
– Келсең, мен сени жуунтуп, сулуу кылайын! Керелди кечке жер сүзүп жүрөсүң! Бетиңди жууп алсаң боло! – деп кыз жыланды көк желкеден басып, сууга салар эле. Андайда Жан да калп эле кетенчиктеп, тырышып качып калчу. Атайын ошентчү. Бат эле анан Кызмончок жыландын денесин суунун агымына карай, узатасынан салып койчу да:
– Карачы, кандай сулуусуң? Сенин денең ушунчалык жакшына, – деп анын суу ичиндеги жылтылдап, күнгө чагылышкан ак денесин мактачу.
Жыланга бул ушунчалык жакчу. Кызмончоктун аппак, жумшак алакандары дулкусун жууп, сылаган сайын денеси балкычу. Кай бирде экөө сууга шапшына беришип, Кызмончоктун көйнөгү сыгып алма суу болуп кетчү.
– Ии-ий, Жан! Карачы, экөөбүз булакты аябай ылайлап салыппыз! Көйнөгүм да суу болду. Жүрү эми кургаталык. Бирөө-жарым көрсө эмне дейт?! – дечү кыз. Жыланга бул жага бербей калчу. Кээде атайылап эле куйрук-башын сууга туш келди чалпылдатып, Кызмончоктун муздак сууга ичиркенип, күлгөнүнө маашырланчу. Курганыш үчүн анан экөө кырды ашып кетишер эле.
Жыландын өзүнө болгон ашыктыгынан түк кабары жок, тек гана анын адамдай акылдуу, ак көңүлдүгүн, достукка бекем, туруктуулугун жандили менен жакшы көрчү кыз. Андан эч бир сырын катчу эмес. Атургай тизесине башын жөлөп, эркелеген жыланга эринбей отуруп адегенде жомок айтып, кийин эс тарткандан баштап күү чертип, ырдап берчү. Атүгүл атасынан уккан – Адам ата, Обо энеден берки адамзаттын жашоосунан кеп кылчу. Он сегиз миң ааламдын али адамзатка ачылбаган, жазылбаган сырлары бар экенин айтчу. А бирок Жан ошол сырды жалгыз гана Кызмончок билчүдөй, ошонун бардыгынын ажайып ачкычы анын акылдуу, сулуу көздөрүнүн ары жагында, акылынын тереңинде катылып жаткандай сезчү Жан.
О, анан да Кызмончоктун авазы укмуш! Бүтүн дүйнө, ай ааламдын өзү кошо ошол үнгө болбурап эрип, тунжурай түшкөндөй сезилчү. Убакыт да, булак да, атүгүл жашоонун өзү да токтоп калгандай, Жандын кулагына ырдан башка эч нерсе угулбай калчу.
Андай кездерде, Кызмончоктун кылактап кырды ашып баратканын байкагандар:
– Ай, карагыла! Асылбектин ажыдаар кызы баратат! – деп бири-бирине кол булгай, тээ кыраңга сереп салып калышар эле. Эгерде алар кыздын жанында адам баласы окшоп, төбөсү көккө жетип, кудуңдап, кубанып бараткан ак жыланды көрүшсөбү! .. Анда эмне болот эле?!

#52 05 Октябрь 2012 - 06:24
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#53 05 Октябрь 2012 - 09:05
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#54 05 Октябрь 2012 - 10:27
Булактын жанындагы дүпүйгөн чычырканак – Жандын чоочундардан далдаланчу жайы эле. Эми да булакка Кызмончоктон мурда жетип, ошол чычырканактын арасына кирип кетти да, демейдегидей эле кыздын тура калып, тегеринип издешин самады. Эркелетип, булакка киринткенин,
бирок бүгүн сүйүү жөнүндө гана айтып, ошол жөнүндө гана ырдап берүүсүн каалады.
Ал эми Кызмончок: “Ушундай кантип болсун?! – деди оюнда, – Кантип болсун?! Мен Жандын сүйүүсүнө кантип жооп беришим керек?! Ырас, мен да аны сүйөм. Бирок, бирге өскөн, коюн-колтук алышкан курбум катары го! Эгерде Жан адам баласы болгондо, анда кеп башка эле...”
Баарынан кыйыны эми болду!
Аттын дүбүртүнөн улам артына кылчая караган кыз, так жылан жашынган бадалдын жанында өзүнөн сүрдөп, тик бага албай каректерин ала качып, жүзү тамылжып турган уланды көрүп, коркконунан кулагы тунуп, көздөрү караңгылай түштү.
Бектемир кыздын шашып, алдастай түшкөнүн башкага жоруду. Ичинде өзүн-өзү көкүтүп, өзүнүн намысына өзү тийип: “Сүйлөшүүң керек! Сүрдөгүдөй сен эмне, кыз белең?! Кана, бол эми! Качантан бери камдаган сөзүңдү айтып, жанына барбайсыңбы! ” – деп жатты.
Өз оюнан өзү чыйрала калган улан, жоргосун так ошол Жан жаткан жапыз бадалга байлай салып, Кызмончоктун жанына келди да:
– Кызмончок! – деп саал дирилдеген добуш менен үн катты, – Кызмончок, сага көптөн бери айта албай жүргөм...
Жигиттин эки бети өрт каптап кеткендей дуулдап, алоолонуп чыкты. Денесин жыбыраган толкун каптап, ошентсе да өзүн-өзү түрткүлөп, Кызмончокко кантип жакындап, колдорун кантип кармаганын өзү да байкабай калды.
– Мен... Мен сени сүйөм, Кызмончок! – деп айтып алды анан.
Жандүйнөсүндөгү кызга болгон так ушул булактай тунук, ыйык, алгачкы аруу махабатын кандай болсо так ошондой кылып оозу менен эмес, жүрөгү менен айтканга окшоп кетти.
Кызмончок ансайын ыңгайсызданып, эмне дээрин билбей турду. Бектемирдин өзүнө болгон ашыктык сезими бар экенин бала күнүнөн билген менен, так ушул күнү өчөшкөнсүп, Жан экөө тең жарышып айтат деп ким ойлоптур?!
Жүрөгү дүкүлдөп, алапайын таппай кеткен кыздын көздөрү улам Жан тарапка элеңдейт. Анткени, бир канча курдай Жан бул жигитти жек көрөрүн айткан. Мына эми, азыр учуп жетип, жигит менен кыздын ортосуна тикесинен тура калып, атүгүл кызганычтан Бектемирге кол салып ийчүдөй сезиле берди. Анткени жылан да так ушул маалда ошону ойлоп, а бирок Кызмончоктон тартынып, алапайын таппай турган.
Сүйгөн бийкечинин тынчсыздана бергенин Бектемир башкача түшүндү: “Баланчанын баласы менен шынаарлашып турат”, – деп көргөндөр узун ушак, кеп кылмак.
Кызмончок болсо жигитти кантип алыстатуунун айласын издеп:
– Мени апам издеп калды го, барайынчы! – деп чакасына эңкейди эле, Бектемир андан мурда озунуп:
– Мен көтөрүп барйын, – деп эки чаканы колуна ала койду. Айласы түгөнө түшкөн кыз жерден апкөчүн алып, жигиттин соңунан басты.
Бадалдын тушуна келгенде Жан менен Кызмончоктун көздөрү урунуша түштү. Баятан берки сөздөрдү угуп, жигитке болгон жек көрүүсү башынан – куйругунун учуна чейин каны менен кошо чуркап, кайра мээсине чыгып, ызасы ичине батпай чыңалып, мына-мына азыр “тарс!” жарылып кетүүчүдөй денеси чатырап турган жылан адатынча кышылдап, катуу бир онтоп алды! Анткен менен бир эле ирмем тиктешүү аркылуу алар көп нерсени айтышып алышты:
– Сен ага ишенбегин, Кызмончок! Ал сени мен сүйгөндөй сүйө албайт! Мен сен үчүн керек болсо азыр... алдагы адамчага эле эмес, бүт айылга, ай-ааламга алаамат салып ийүүгө даярмын!
– Анткениң жакшы эмес, Жан! Анда сен мендеги бардык жакшы сезимдерди, жакшы ойлорду кошо ойрон кыласың!
– Кызганыч менен жек көрүүдөн өрттөнүп баратсамчы? !
– Өрттү акыл менен бас! Айтпадым беле, адам баласы менен аралашкан соң, сен да алардай айкөл, сабырдуу, кечиримдүү болушуң керек!
– Адамдай сүйүүгөчү?! Ага акым жокпу?!
– Ал жөнүндө дагы ойлонуубуз керек!..
Кызмончоктун ушинтип кеткени Жанды ордуна ого бетер ныгыра басып, башы жерге “шылк!” дейт түштү. А бирок: “Ойлонуубуз керек!” – дегени анын үмүтүн үлпүлдөтүп, улап койду.
“Сабырдуулук! Айкөлдүк! ..” Деги бул эмне деген түшүнүксүз, оор жүк?!” – деди оюнда жылан. “Кечире бил! Көтөрө бил!.. Унчукпа! Тийбе!..” Тээ кенедей кезинен эле Кызмончок ушуларды анын кулагына куюп келет! Демек Жан Кызмончокту башкалар сүйүп, башкалар жандап жүрсө да макул болуп, сабыр кармап, кечирип, денесине батпай кеткен ушунчалык ызаны көтөрүп жүрө берүүсү керекпи?! А эгер антпесечи?! Кудум жыланча алиги адамга айбаат кылып, аны кармашка чакырсачы?! Эрдик көрсөтүп, көөдөнүн кере, көкүрөгүн көтөрүп, анан ашыгынын аяк алдына сойлоп келип, башын тартуу кылсачы?!. Жок! Кызмончок анда кечирбейт! Анткени анда аны да, ата-энесин да айылдын эли таш бараңга алышат... Муну ал далай ирээт Сырга ападан уккан. Демек... чыдаш керек!
Ушуларды ойлогону менен, баары бир кызганычтан Жандын өзөгү өрттөнүп, жандүйнөсү сыздап, дүйнөсү астын-үстүн болуп талкаланып жатты!
Тээ бир оокумда гана жер чапчып, кошкурган аттын добушунан баш көтөрдү. “Жада калса Айтуягын да унуткан тура!..” – оюнда ушинтти да ордунан жылып чыгып, түбүнөн булак сызылып агып чыккан береги асканын боору менен өйдө чыгып баратып, качан гана айылды көздөй кетип баратышкан кыз менен жигиттин карааны даана көрүнгөндө токтоп, экөөнү карап жатты Жан.

#55 05 Октябрь 2012 - 10:38
Ушул убакта суу алганы булакка кыз-келиндер келишти. Так төбөсүндө өздөрүн карап жаткан жыланды алар адегенде байкашкан жок.
– Ай-ий, жанагы Кызмончок деген кызыңар кер маралдай керилип, укмуштай сулуу экен, ээ? – деди ушул айылга жакында эле келген жаш келин.
– Ий, ошону койчу! – деди кетирекей кара кыз ичи тарыгандай, жактырбай мурдун чүйрүп, – Эмнеси марал болуп кетиптир?! Аны деген айылдыктар бүт “ажыдаар кыз” дешет!
– Апей! Эмнеге?!
Кыз бир укмуш нерсе айтуучудай адегенде көздөрүн алайта, оозун ача жеңесин саамга тиктеп турду да:
– Билесизби, ал деген түнкүсүн жыланга кубулат дешет. Ал эми баралына келгенде ажыдаарга айланып, бүт айылды оп тартат имиш!
– И-ий, койчу кызыке! Антип жүрөгүмдү түшүрбөсөң!
– Калп айтсам элеби, алиги Караалы таздын катыны болоюн! Ошон үчүн анын ата-энеси эч кимге кошулбай, ээндеп жашайт. Үйүнө оңой менен киши киргизишпейт!
– Койчу?!
– Койбой эле! Сиз эмне, уккан жок белеңиз?! Коңшу айылдыктар бүт билишет го?
– Уккам дечи... Бирок, ишенген эмесмин.
Андан ары угууга Жандын дарманы жетпей кетти. Адамдардан алыс-алыс, кайдадыр кетип калгысы келип, ордунан жылганда, суу алып олтурушкан кыз-келиндердин жону-башына, чакаларына майда шагыл менен топурак-кум куюлуп түшө баштады. Адегенде анчалык деле этибар албай жогору караган кыз-келиндер жакын эле жерде, жар боорунда сойлоп чыгып бараткан сомодой ак жыланды көрүшүп, чындап эле Кызмончок жыланга айланып келип калгандай туш тарапка чачырап, чаңыра качышты...

#56 05 Октябрь 2012 - 10:51
ии анан.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#57 05 Октябрь 2012 - 10:55
Ошондон кийин Бектемир менен Кызмончок бат-баттан жолугуша турган болду. Кызынын минтип, кичинеден элге аралаша баштаганына Асылбек менен Сырга жетине албай калышты. Атүгүл бир кечте Асылбек качантан бери кармай элек комузун колуна алып, күүгө салып, эки жеңин түрүп таштап, манжаларын аркы-терки шартылдата,
көздөрүн бекем жумган тейден, чекесинен чыбырчыктап чыккан тер жаагы ылдый салаалап аккычакты тыным албай ойноду. Сырга да ошого жетине албай, кудум баягы кездегидей буту-колу жерге тийбей эпилдеп, күйөөсү жакка улам жагалдана “жалт” карап, учуп-күйүп калды.
“Кудай берет деген ушул, айланайын! Кызым жанагы эмеден кутулуп, элдин кыздарындай жигит сүйүп, анан күйөөгө узатып, атасы экөөбүз да элдей куда-сөөк күтсөк!.. – дейт басып-туруп оюнда, – О, кудай, айланайын, Асылбектин да, менин да билип-билбей жасаган көп күнөө, аз айыбыбыз болсо кечирип, тилегибизди кабыл кыл?!.”
Кызмончок ата-энесинин минтип жетине албай кубанып, бири-бирине жымыңдай караганын көрүп, аларга боору ачып, аяп кетет. Экөөнүн өмүрлөрүнүн акырына чейин ушинтип, бактылуу болушун каалап, анын баары бир Кудайдын, бир өзүнүн гана колунда экенин билет. Анан калса жаштайынан эле экөөнүн тең чачтарына ак кирип, беттерине бырыш түшүп кетти.
Муну Жан билбейт дейсиңби? Билет. Атүгүл акыркы убактарда Асылбек менен Сырганын эмнеге сүйүнүп жүргөнүн, аларды кубантыш үчүн Кызмончоктун Бектемир менен бат-бат жолугушарын да түшүнөт. Ушунун баарын көрүп, туюп, бирок Жан баары бир Кызмончокту унута албай, кете албай койду. Анткени ал сезчү, Кызмончок канчалык жашырганы менен, Жанга таптакыр кайдыгер боло алчу эмес. Эмнегедир эле жылан эсинен кетпей, жигит менен сүйлөшүп туруп деле эси-дарты Жан тарапка бурулуп, тартыла берчү. Ансыз да аларды айланып-тегеренип жүргөн Жанды бул ого бетер байлап, кетирбей тушап алчу... Кызмончок да өзүн-өзү алдап, ушунун баарын жокко чыгаргысы келип, канчалык чымырканганы менен жүрөгү: “Жан! Жан!” – деп кагып туруп алчу да, Жандын кайрылгыс болуп кетээрин эстегенде асман-жери аңтарылып кетчү...

#58 05 Октябрь 2012 - 11:15
Кайсы бир күнү, Кызмончок үйдө жалгыз кезде Жан баягы жолу менен үйгө кирди. Ал жолду кыздын өзү, ата-энеси да билчү. Бирок эч кимиси аны жаап салуу жөнүндө ойлогон да эмес.
Бу жолу да Кызмончок жатчу үйдөгү чычкандын уюгундай тешиктен Жандын башы кылтыйып, анан денеси өйдө суурулуп чыга баштады.
Жүктүн бурчунда Бектемирге арнап бетаарчы саймалап отурган кыздын жүрөгү “болк!” этти. Эмнегедир ийне кармаган колдору титиреп, денеси дүркүрөй түштү. Көздөрүн жумуп, башын жүккө сүйөй чалкалай түшүп, демин ичине каткан кыз бул сапар жыландын эмнеге келгенин билген жок. А балким ич күйдүлүк менен айбандык кылып, уусун чачыратаар? ! А балким айкөлдүк кылып, кечирим сурап өз журтуна бет алаар?!
Жан да кыздын алдында көпкө чейин унчукпай, сулк жатты да, качан кыз көздөрүн ачканда гана качантан бери жакындан карай албай, куса кылган сулуулукка сук арта тиктеп калды. Ошондо гана кыз күч-кубатын жыйып, жыланды карабай туруп, калчылдаган добуш менен үн катты:
– Жан! Сен акылдуу жансың! Сен баарын билип, түшүнүп турасың! Бармактайыбыздан экөөбүз бирибиздин адам, бирибиздин айбан экенибизге кайыл болуп, эзилишип, эрчишип эгиз өстүк. Сенсиз менин күндөрүм супсак, муздак болуп, сен көрүнбөй калган күндөрү чыр салып, ата-энемди кыйначумун. ..
– Мен да сени ар убак сагынып, самап, сага гана бүт өмүрүмдү, башымды сайып, ата-бабамдын салтын бузуп, сени сүйдүм, Кызмончок!
– Билем, Жан! Бирок баарын өзүң түшүнүп, билип турбайсыңбы! Мени аячы! Ата-энемди, өзүңдү да ая! Эми артыңа кайт!.. Сенин дагы, менин дагы «акты – ак, караны – кара» деп айыра билип, өз-өз ордубузду табууга мезгилибиз жетти!
– Шашылбай турсаң... А балким биз, алмуздактан бери келаткан бул ааламдын, тирүүлүктүн мыйзам ченемин бузуп, ажайып жаңы сырын ачаарбыз?! . Адам менен айбандын ортосундагы ажырымды бириктирип, бир бүтүндүк жасап, экөөбүз жаңы тукум улаарбыз?! .
– Кантип, Жан?! Кандай тукум?!
– Кандай болсо, ошондой! Эмне экен?! Ал сенин, менин – экөөбүздөн ишибиз! Биз менен эч кимдин иши болбосун үчүн алыс-алыс жактарга, аска-зоолордун арасына кетип, ошол жакта өмүр улап, өз дүйнөбүздү жаратаарбыз? !
– Жок, Жан! Капкайдагы ойлорду ойлоп, жокту эңсебе!
– Мени «адамдык асыл касиеттерге» окутуп жатканыңда: «Калоосу жарашса – кар күйөт» дечү эмес белең?!
– Токто, Жан!!! Дегеним чын! Бирок анын бу жерде эч тиешеси жок!
– ?!..
– Экөөбүз жандилибизди кошконубуз менен, эч качан жуурулушуп, кан-жинибизди кошо албайбыз, Жан!!! Сен эмнеге ушуну ойлобойсуң? !
– Ойлодум, Кызмончок! Эгерде жандилибиз чындап кошулса, сен гана жалгыз мендик экениңди билдирип, бары-жогуна кайыл болуп, “сендикмин” десең, анын жолун мен табайын!
– Жок, Жан! Жок! Мен эч качан сендик боло албайм! Мен корком, Жан! Корком!.. Баарынан корком! Ата-энемди азапка салгандан да, сенден да, сенин аска-зоолордогу жашооңдон да, баарынан корком! Түшүнөсүңбү ушуну?! Түшүнчү, сенден суранам?!
– !..
– Кечир мени, Жан?! Бирок... эгерде сен мени чындап сүйсөң, махабатыңдан кайт! Эли-жериме, ата-энеме, эч кимге зыян кылба?! Суранам, Жан?!.
Жан Кызмончоктун жашка жуулган жүзүн – жамгырга жуулуп жаткан гүлгө окшошуп, эс-мас карап тура берди. Нымдалган узун кирпиктерин алсыз ирмеп, балбылдаган чоң көздөрү менен жыланды ансайын жалооруй тиктеди кыз:.
– Суранам сенден, кетип калчы?! Кетчи, Жан?!
Кыздын жалдырап, жалооруганы Жандын муун-жүнүн бошотуп жиберди. Андан ары карап тура албай, жек көрө да албай, терс бурулду да, эми жанагы оюк менен эмес, саал кыңайып ачылган эшиктен чыгып баратты Жан!

#60 05 Октябрь 2012 - 11:36
Каякка баратканын өзү да билбей, үйдөн чыгып туш келди эле чымын-куюн болуп кетип бараткан Жан адамча ыйлап, кандайдыр бир аянычтуу кышылдаган үн чыгарып, кечээ эле керемет туюлган кең дүйнөсү бүгүн тарып, асманы аңтарылып, жери көчүп баратты! Ушул ирет да адам болбой, жылан болуп калганына өкүндү! Же болбосо Кызмончокту жылан кылып кубултуп алып, жанына жандай эрчитип, аска-зоолордун арасына алып кете албаганына,
анткен менен жылан болуп жыландарга да кошула албай, адамга арзып калган тагдырына таарынды!
А бирок ушул эле бир учурда өзүндөгү адам баласынан оошкон кандайдыр бир улуу касиетти туйду да, жандилинде кайра ошого алданып, соороно түштү. Ал улуулук эч бир айбандын акылына да сыйбаган айкөлдүк, кечиримдүүлүк менен сабырдуулук жана туруктуу, ыйык махабат болчу! Жада калса аны өзүнөн алыстатып, жакын жуутпай кубалаган күндө дагы Кызмончокту жек көрүп, таарынбады. Кек сактап, жамандык кылбады. Тескерисинче аны ошончолук кайра көкөлөтө сүйүп, ыйык жана бийик тутуп, эч нерсеге, эч кимге теңей да, ыраа да көрө албай аяп, анын бактылуу болуусун Жараткандан суранып, коштошуп баратты!..
Бирок эсине бир нерсе түшө калган сыяктуу жылан бир убакта “тык!” токтоду! Кандайдыр бир түйшөлүү жолунан тосуп: “Мен кетсем, аларды ким арачалайт, кара өзгөй адамдардан ким коргойт?!”– деген суроо кайра артка имерилтти.
Анткени ар бир үйдө Кызмончоктун ажыдаар экендиги, атүгүл эртеңдерден айылга залакасы тийери жөнүндө толгон токой ушак чындыктай жашап, элдин шектенүүсү менен жек көрүүсү күн сайын күчөп бараткан. Атүгүл кадимки эле Бектемирдин апасы күнүгө бир канча жолу айылдын аяк-башына угузуп:
– Ажыдаар кызды үйүмө алып келсең, эки дүйнөдө нааразымын! Энеликтен кечип коём! Эр болсо эле Асылбектин жыланы үйүмдүн босогосун аттап көрсүн! Ичин жарып, ичеги-кардын чубап өлтүрөм! – деп жүргөнүн билет. Ошондон улам го, эмнегедир Жандын көз алдына Кызмончоктон ажыраган, Асылбек менен Сырганын буркурап-боздогону элестеп, мээге жегендей башы “зырп!” дей түштү! “Жок, жок! – деди анан оюнда, – Мен үй бүлөмдүн антип, кор болгонун каалабайм! ”
“Үй бүлө!..” – ушул сөз Жанга эчактан, тээ Асылбектин үйбүлөсүнө аралашкан кенедей кезинен жагымдуу. Анткени ар убак Кызмончок:
– Ата, айтсаңыз, Жан да биздин үй бүлөгө киреби? – деп бышыктап сурай берет эле.
– Ооба, чогуу жашап жаткандан кийин ал да биздин үй бүлөгө кирет! – дечү атасы.
– Бир үй бүлө болгон соң, демек бири-бирине күйүмдүү, ишенчиликтүү болуп, жакшылык-жамандыкта бири-бирин колдоп, бири-бирин эч качан кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылбоо керек! – дечү Сырга да. Анын бул айтканынын ары жагында Жанга карата: “Уугум сага айтам, уулум сен ук” деген түшүнүк жатканын түшүнчү да, оюнда: “Жок, мен силерди эч качан кепке кемтик кылбайм! Уятка да калтырбайм! Эч кимге залакамды тийгизбейм! Бирок, силерге кимдир бирөөлөрдүн залакасы тийип жатса... кантип чыдайм?!” – дечү Жан.
Эми да: “Бектемир менен кезигишип, сырын тартып көрсөмчү?” – деп, кайра: “Кантип?! ” – деген суроого какай түштү. Ырас эле кантип?! Биринчиден ал Кызмончоктой жыландын тилин билбейт да! Экинчиден Бектемирдин азыр Жылан жөнүндөгү чындыктан эч кабары жок. Ал жөнүндөгү укмуштуу ушактарга ишенгиси да келбейт. А эгер Жанды көрсөчү?! Анда... анда деле Кызмончокту өзүнө жуп кылып, өмүрлүккө кол сунабы же апасы менен айылдыктардын ушагына ишенип, жек көрүп калабы?! Анда Кызмончок кантет?! Андан аркы тагдыры эмне болот?!”
Ушул кезде оюна бир азгырык сезим “кылт” этти: “Коё турчу... а балким Кызмончок анда... биротоло мендик болуп калар?!.”
Не болсо да көкүрөк-көңүлүн өйүп турган ушул суроого жооп табыш үчүн келатты. Бирок бу жолу өз үйүндөй болуп калган Асылбектикине эмес, Абылайдыкын карай бет алды.