Автор одноклассниктен бул жака кочуруп жататда ошон учун кутуп калып жатасынар.Ал жакта да уландысы чыга элек.
Аяш атамдын баласы
#122 19 Октябрь 2017 - 19:27
БАЛАМ...,БАЛАЛУУ БОЛГОНДО БИЛЭЭРСИН!
( АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ-2)
Менимче алардын машинасы бузулуп калган го? . Ошон учун машинанын ичиндеги адамдар жерге тушуп турушса керек. Анын устуно жайдын куну, кун да ыссык болот эмеспи. Бир жарым жаштан отуп калган Бектур тыбырчылап бир орунда турбаган учун, аны Зарема колунан жетелей ойнотуп журсо керек. Алар машинадан он метрдей бери коздой жай басып келип калышкан экен. Бизди коруп тан калган Зарема, эч нерсеге тушунбой калды окшойт. Ал артына бурулуп бир карап алды да, коздорун чон ачкан бойдон бизди тиктеп турду. Анын колунан Бектур кандай чыгып кеткенин озу да сезбей калды. Биз унчукпай эле тиктешип тура бердик. Ортодо Бектур озунчо булдурактап суйлонуп, бир убакта ал бизге карай эки колун талпынтып басып калды.
- Кел балам, Кел келе кой, деп аны коргон Алмаз эниле ага эки колун созуп чакырып кирди.
Баарыбыз Бектурду карап калыппыз. Неберемдин тамтандап келатканын коруп журогум эзиле тушту. Ангыча болбой эле мен аны утурлай бастым да аны эки колдой которуп боорума кыстым. Зарема Бектурдун артынан ээрчий уч торт кадам таштап келип унчукпай бизди тиктеп туруп калды. Анын коздоруно жашы тегерене тушкон экен.
Мен колумдагы баланы кайра кайра опкулоп жыттап алдым. Алмаз аны менин колумдан алаары менен мен Заремага карадым.
- Зарема..кандайсын?
- ....Жакшы. Жакшы эле Апа.... Сиздер бул жакта кайдан журосуздор?
Биз Алмаз экообуз унчукпай эле бири-бирибизди тиктешип алдык.
Мен эмнеден соз баштаарымды билбей бир аз онтолой
- Билесинби Зарема,.. кандай десем? Асан уйдон чыгып кеткен бойдон кайра уйго келбей журот. Анын азыр кай жерде экенин да так билбейбиз.
Зарема кабагын бир аз чытый бир мени, бир Алмазды элендей тиктеп алды да
- Апа, Ата. Суранам силерден. Аны менден корбогуло. Мен аны ошол бойдон коргон эмесмин. Ага караанымды коргозбойун деп уйго да барбай журомун.
Биз баарыбыз тиктешкен бойдон унчукпай туруп калдык. Алмаз колундагы баланы акырын жерге тушуруп, аны коюп жиберди да соз баштады
- Сен бизди туура эмес тушунуп алдын Зарема. Биз Асандын сенин жанында эмес экенин билебиз. Бирок ал сени дагы деле издеп журот. Ошондуктан сен бизди туура тушун кызым. Турмушта мындай тушунбостуктор, келишпестиктер баарында эле болуп турат эмеспи. Сага создун ачыгын айта турган болсом Зарема...,. Биз эми апан экообуз силерге каршы эмеспиз. Сен мынтип жашынып журо бербей Асанга дайынынды билгизсен жакшы болмок, деди. Бул создорду укканда Зареманын коздорунон жашы куюлуп агып кетти. Ошол учурда анын жанына Бектур барып калган экен. Ал этегине жабышкан баласын отура калып кучактап, аны жыттагылай буулугуп ыйлап жатты. Алмаз аны башка чыдап карап тура албады окшойт. Ал артына бурулуп машинага карай басып кетип калды. Зареманын ошондогу абалын карап туруу чынында оор эле. Ошол убактарда Зарема ондон азып жудоп да алган экен. Устундогу кийимдери да жонокой. Озуно карабай озун таштап жибериптир. Албетте депрессия бул оной нерсе эмес. Аны ар ким ар кандай которот эмеспи. Зарема башындагы жоолугунун учу менен кайра-кайра бетиндеги жашын аарчый мурдун шыр тартып коюп жатты. Бирок анын козунун жашы такыр эле токточудай эмес. Коптон берки бугу, бугун эми чыгып жаткандай. Мен да аны жон койдум. Ыйлап ыйлап алсын, бир аз болсо да женилдейт деп. Бир убакта ал ичиндеги ыссык демди оор дем ала сыртка чыгарып озун бир аз колго алгансыды. Бирок козунун жашы дагы деле сызылып агып жатты. Ал мага суйлойун деди окшойт. Бирок ага алы келбей дагы ыйлап баштады.
- Зарема. Болду эми. Коп ыйлай бербе, деп мен андан Бектурду тартып алдым да
- Барып бетинди муздак сууга жууп ал Зарема. Бир аз болсо да озуно келип эс алып каласын, дедим.
Ал ордунон туруп сууну коздой бет алды.
Алмаз Бектурду жетелеп шафёр бала экоосу аны алаксытып ойнотуп журушту. Биз Зарема экообуз жолдун четиндега талдын колокосундо суйлошуп отуруп калдык. Корсо Зареманы чындап эле апасы илгерки эски досунукуна жайгаштырыптыр. Ал аял жалгыз мектепте окуган небере кызы менен чогуу турчу экен. Зарема аныкына келгенден кийин уйдо жон отурмак беле. Ошол жердеги жолдун боюндагы кафеде ашпозчу болуп иштеп журуптур. Эптеп убакыт откоруп Бектурду эки жаштан откоруп алсам, аны апама таштап коюп россияга кетсемби деп жургом деп айтып отурду Зарема мага.
Мен анын создорун ойлонуп унчукпай угуп отурдум да
- Зарема, чынын айтсам мен Асандан коп жакшы нерселерди умут кылчумун. Ага катуу ишенчумун. Бирок бул да болсо кудайдын башыбызга салган буйругу экен. Ошондуктан бизди да туура тушун. Мен да балам учун канча санаага тушуп канча азаптанбадым. Бирок айла жок. Мандайынарга экоондун тагдырынды бир кылып жазганы чын болсо, анда сени кабыл албай кайда да бармак элем. Акыры силерди тушунууго аргасыз болуп отурам.
Зарема тунжурап козунун жашын сызылтып ойлуу отурду.
- Мени кечирип койгула Апа. Чынында мен, ...мен силерди да, оз апамды да аябай коп кыйнап койдум. Озум да кийинки кундору бул жонундо ойлоно берип жинди болуп кетейин дедим окшойт.
Ал башын жерге салып оор ушкурунуп алды
Анын ушул азыркы абалын жанатан бери карап отуруп ага боорум ооруй тушконсуду. Алмаз айтмакчы чындап эле бул да болсо бироонун баласы эмеспи. Мен ушул жерде анын апасын эстеп кеттим
- Зарема апан кандай журот? Ал сага келип турса керек? дедим.
Ал мага, ооба дегендей башын ийкегилеп жатып, бир колу менен бетин басып бышактап ыйлап жиберди. Мен аны коруп тынчсыздана туштум.
- Зарема, Сага эмне болду? Апан жакшы элеби?
Ал бир аз ыйлап алган сон, бетиндеги жашын аарчып жатып
- Ооба. Жакшы. Кудай буйруса жакшы эле.
Ал улутуна оор дем алды да, озун ондоно ойлуу отуруп созун улады.
- Апам атам экоо баш кошушкандан кийин мага чейин да алар эки балалуу болушкан экен. Бирок алар экоосу тен турбаптыр. Анан мен торолом. Мен алты жашка келгенде атам авто кырсыктан каза тааптыр. Азыр ойлосом Апам байкуш ошол кундордон баштап эле кыйын кундорго туш келген экен. Аны туугандары эптеп ынандырышып башкага турмушка беришет. Эмнегедир апам ал киши менен аз эле убакыт жашап ажырашып кетти. Андан бир уулу бар. Ошентип Апам, иним экообузду атабыз жок озу жалгыз кыйналып чонойтту. Убакыт отуп мен бой жеттим. Элден кем кылбай Апам мени жогорку жайга окутту. Бирок..., бирок ал азыркыга чейин менин тагдырымдын азабын тартып келет. Анысы аз келгенсип айылдагы элдин ушак создору да бизди коп жудотуп жиберди. Бир убактарда мен озумо озум аябай катуу соз берген элем. Мен кучтуумун. Мен бардык кыйынчылыктарга чыдай алам, деп. Максатым турмуштан оз ордумду таап, апамдын мээнетин кайтарып аны да бактылуу кылсам дечу элем. Бирок мен канчалык кучтонгон сайын, тагдыр мени ошончолук коп сыноолору менен кыйнап салды окшойт. Озумду озум сооротуп бул кундор да отоор. Бир аз чыдайын. Жакшы кундор али алды да дейм. Бирок Апамдын акыркы убактарда ооруп калганы мени дагы чоктуруп салды. Ал мага сездиргиси келбегени менен анын онунон эле ооруганы корунуп турбайбы. Ашпозчу болуп иштеп тапкан акчамды анын дары-дармектерине жонотуп турам. Кудайга шугур апам да азыр жакшы жылыштар бардай.
Мен Зареманын создорун угуп, башымды ийкегилей озумчо оор дем алып алдым да
- Зарема, баары эми отуп кетти. Апан да жакшы болуп кетсин. Кудай буйруса мындан бул жагына жакшы нерселерди умут кылалы. Биз атан экообуз силерге ыраазычылыгыбызды берип жаткан сон, калганы эми озунордун колунарда, дедим
Ангыча Зарема менен чогуу жол жургон шериктери ага кыйкыра кол булгалашып аны чакырып калышты. Корсо алар чындап эле ылдыйдан ойдо коздой баратып машиналары бузулуп туруп калышыптыр . Зарема иштеген кафе мындан ойдороокто экен. Бугун алар атайы оздоруно керектуу буюмдарды сатып алуу учун, ылдыйга тушушуптур.
Биз Алмаз экообуз кайра кайра Бектурду бетинен опкулоп жатып алар менен коштоштук. Чынын айтсам Бектурдун Асанга коп окшоштуктарын бугун байкадым. Жаным десе. Мурда сага эмнеге мынчалык маани бербедим экен деп алдым ичимден.
Зарема мени менен коштошуп жатып мага бир нерсе айтчудай болуп туруп калды. Мен унчукпай эле ага тиктедим
- Апа билесизби... ? Бул жашоодо айрыкча кыз бала! Тагдырынды оз колун менен озун жасай албайт экенсин. Бирок аны адамдар сен озун жасап алгансып, сени куноолой беришет экен. Эгер менин колумдан келгенде мен..., мен Асанга чейинки турмушту башымдан откорбойт элем. Бул жерде менин болгон куноом, менин бул дуйного кыз-бала болуп жаралып калганымда.
Зареманын козунун жашы дагы сызылып агып кетти. Анын эмне жонундо айтып жатканын мен жакшы тушундум. Ошондуктан мен ага унчукпай эле козумду жумуп, башымды ийкеп койдум.
Биз андан ары жолубузду уладык. Алмаздын конулу которулуп озунчо ал Бектурду соз кылып баратты. Мени дагы деле ой баскан. Зареманын акыркы айткан создору журогумдон кетпей туруп алды. "Менин болгон куноом, менин бул жашоого кыз бала болуп жаралып калганымда" ! Ооба. Бирок чынында ошондой. Сен ага макулсунбу жокпу, аны менен эч кимдин иши жок. Алар сени ой боюна койбой ала качышат. Эгер минтип отурбай, жашабай койсон сени куноолошот. Анысы аз келгенсип кийинки барган жерин да сени куноолойт. Ооба ошондой. Бардыгына сен озун куноолуусун. Кыз баланы сыйлоо керек, аларды коргоо керек дейбиз. Бирок андай эмес. Аялзаты баарыбыз Эне болгонубуз менен керектуу жерде оз балабызды коргойбуз да, бироонун баласын каралайбыз. Башка бироонун баласынын алдында ЭНЕ деген касиетибиз жоготуп коёбуз. Анан дагы мен Энемин деп кокурок кагып коёбуз.
Мен бул ирет Зареманы чын журогумдон тушундум окшойт. Себеби мени деле Алмазга алып качышканда кандай абалда болгон элем. Колумдан келсе мен да ошондо ал уйдон чыгып, Аман менен кетип калбайт белем? Жок, колумдан келбеди! Кайрадан мени куйгузушуп Аман менен жолуккандан он, он беш минутадан кийин алып качышпадыбы? Аманды узатып ал менен чогуу аэропотрко барганга да жеткире коюушпады. Мен ошондо кандай гана орттонуп, кандай гана куйбодум. Кулго гана айлангам го ошондо.
Мен бир убакта машинанын айнегинен сыртты карай шопур баладан кайсыл жерге келгенибизди сурадым.
Сага дагы айтаарым Зарема, менин буга чейинки сага кылган мамилемди журогуно кармаба.

#124 19 Октябрь 2017 - 22:19
БАЛАМ.., БАЛАЛУУ БОЛГОНДО БИЛЭЭРСИН!
( АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ-2)
Жетинчи болум.
- Алмаз, Заремалардын айлына жакындап калыптырбыз. Эгер анын апасына жолугуп отсок кандай болот?
Алмаз артына бурулуп мага тан калычтуу коздору менен кулуп карап турду
- Сага эмне болду Алтынай? Эмне Зарема сенин башынды да бат эле айландырып алдыбы?
- Койчу Алмаз ушундай тамашанды.
Мен ага таарынгандай тур корсоттум.
-Койбой эле. Озун айтчу элен го. Ал Асандын башын айлантып алган деп. Демек сенин да башынды бат эле айландырып алды да туурабы? ха-ха ха-аа
Алмаз машинанын ичин жанырта кулуп жатты. Мен унчукпай эле аны тиктеп отура бердим. Бир убакта ал козунун жашын аарчый кулкусун токтотуп жатып мага
- Чындап эле Алтынай. Эмне болду сага? Эмнеге антип жатасын? деди
Мен унчукпай оор дем алып алдым да
- Алмаз. Зареманын апасы ооруп журот экен.. Анан калса Асан менен Зарема табышкан кундо да ал оз уйуно келе албайт да. Ошондуктан ал аялга жолугуп койсок, конулу тынчтанып калабы дегеним.
- Чынын айтсам Алтынай. Мен аны жана эле Зарема экоон суйлошуп отурганында ойлогом. Мага койсо Зареманы да азыр эле озубуз менен чогуу алып кетким келди. Бирок биз аны каалаганда уйдон айдап чыгып, каалаганда кайра уйго алып кете бергидей ал бизге буюм эмес да. Анан калса биз анын апасын уйубузго барганда кандай тосуп алдык эле ? Эми азыр эле анын уйуно курук кантип кирип барабыз? Ошондуктан уйго барып, жакшылап суйлошуп, бираз каада-салты менен келсекпи деп ойлоп жаттым эле.
Алмаздын созунон кийин мен да ойлонуп калдым. Кантсек? Биз барсак ал аял бизди уйунон кууп чыкпастыр. Себеби бул жерде бизди да туура тушунуу керектир, деп ойлойм. Ар ким биздин ордубузга озун коюп коруп анан жыйынтык чыгараар. Менин ойлогонум эле ал аялды бир кун болсо да санаадан эртерээк арылса деймин. Ошентип Алмаз экообуз ары ойлонуп, бери ойлонуп Зареманын апасына жолугуп отмой болдук. Чон жолдон Заремалардын айлына бурулуп андан ары жагына бат эле жеттик. Он беш жыйырма мунотко жетпеген жол экен. Айылда баары бирин-бири жакшы тааныйт эмеспи. Биз алардын уйун сураштырып жатып кочосун бат эле таап алдык. Биздин машинаны кочодогу адамдар баары карашып оздорунчо соз кылып жатышты окшойт. Зареманын уйуно жетпей жол боюнда отургучта отурган эки аялдан уйду дагы бир жолу тактап сурап алдык. Эки уй нары барып биз ал аялдын уйунун тушунан машинаны токтотуп ичинен туштук. Мына алардын уйу. Сырты акталган ото чон эмес эскирээк уй экен. Жол тарабы атайын остурулгон жашыл кашаа менен тосулуптур. Биз уйдун дарбазысын каккылап бир аз турган сон, ичинен муруту жаны эле чыга баштаган жаш жигит эшикти ачты.
- Ассалоом айлейкум жигит! Бузейнеп эженин уйу ушулбу? Биз адашпай эле келдикпи? деп биздин шопур бакылдай ал жигит менен кол алышып учурашты.
- Ооба ушул уй. Келиниздер.
Жигит бизге тан кала, басып келип Алмаз менен кол алышып учурашты.
- Аа жакшы. Эже уйдобу?
- Апам жана эле уйдон чыккан болчу. Азыр келип калат.
Ангыча ичкериден аялдын уну чыкты
- Замир ким экен алар? Кимдер экен? деген аял басып келип биз менен учурашты. Ал да бизге тан кала, кочонун эки тарабын карап алды да
- Алыстан келген окшойсуздар. Кочодо турбай уйго киргиле. Кирип отуруп турунуздар. Эжем азыр келип калат, деди.
Биз унчукпай эле анын артынан ээрчий уйго кирдик. Замир велосипедине минип апасын чакырганы чыгып кетти окшойт. Аял озун бизге эженин жакыныраак туугандары, синдиси болоорун айтып ашкана тарапка басып кетти. Уйдун алдындагы жузумдун астына коюлган сорудо отуруп мен айланага коз жугурттум. Эшик алды кенен экен. Таза. Буюмдары да баары орду ордунда. Короосунда момо жемиштери коп окшойт. Мен ордуман туруп короо жагына карап бастым. Уйдун ары жагындагы жапыз сарайынын эскилиги жетип калгандай. Ошентсе да анын эшиктери сырдалып ага катар навестин астына шактын отундарын кыркып, дубал боюу тизип жыйып коюушуптур.
Мен кичинекей арыктан аккан таза сууга келип колумду чайкап отурсам, артымдан Алмаз басып келди.
- Уйлору аябай жакшы жерде экен. Короолору да кенен. Чынын айтсам Алтынай, айылдын жашоосун ушунчалык сагындым.
- Бизге да аз калды Алмаз. Убакыт деген бат эле отуп кетет. Балдардын баарын уйлоп жайлап алсак, анан биз да айылга барып тынч жашайт элек. Мен ошондо сага атайын очокко от жагып аш демдеп берем, деп ага карап тамашалай кулдум.
Биз Алмаз экообуз озубузчо кобурашып ошол жерге жакын жердеги жапыз отургучта, короо тарапты тиктей отуруп калган экенбиз. Ангыча дарбазанын эшиги ачылып уйго Замир менен апасы ээрчише кирип келишти. Аларды коруп Алмаз экообуз ордубуздан туруп аларга карап бастык. Бизди коргон Бузейнеп эженин ону бозоруп эле, бизди тушунбой тиктеп туруп калды.
- Саламатсызбы Эже. Биз жайынча эле сизге жолугуп коёлу деп келип калдык, деди Алмаз бир аз онтойсуздана .
- Саламатчылык. Балам уйго бироолор келди деп барса, силер деп бир да ойлободум эле. Алмаз, Алтынай силер мага келип бекер убара болупсунар. Менин кызым силердин баланар менен чогуу эмес. Туура Асан мага Зареманы издеп акыркы жолу мындан эки айдай мурда келип кеткен. Бирок мен аны кайра эле оз жолуна салгам.
Биз Алмаз экообуз унчукпай эле бири бирибизди тиктешип алдык.
- Билем эже. Аны билебиз. Биз сизге бугун, такыр башка максат менен..., башкача айтканда балдарды кайрадан табыштырып койсокпу деген ниет менен келип отурабыз. Ошондуктан Бузейнеп эже. Сиз бизге капа болбой, бизди туура тушунунузду суранат элем. Кантсе да озунуз бизге караганда копту билип, копту коруп, тушунуп калган акылдуу жан эмессизби эжекем.
Алмаз ага бир аз эниле бир колун кокурогуно коюп суйлоду. Бузейнеп эже уккан кулагына ишенбегендей делдейе туруп калды. Анын онуно бир аз кызыл жугуруп, анан барып суйунгонунон козуно жаш тегерене тушконсуду. Ал бир азга унчукпай ойлуу турду да оор ушкуруно
- Алмаз чынын айтсам мен силерден мындай нерсени куткон эмес элем. Силерди коруп чочуганымдан оюм такыр башкага кетип калыптыр. Силерге орун корсотуп ызыт кылганды да такыр эле унутуп калган турбаймынбы. Кана эмесем анда бул жерде турбай соруго келип отургула. Отуруп алып анан кенен суйлошолу, деди.
Бузейнеп эже уйунон синдиси экоо жаны жер тошокторун алып чыгып бизге башкадан тошок салды. Дасторконун жайнатып уйундо болгон тамак ашынын баарын алып чыгып койду окшойт. Биз эжеге жолдон Заремага кантип жолукканыбызды айтып берип отурдук. Аны уккан Эже, Зарема мага чалып койсо болмок экен, деп телефонун эстеп аны уйдон алып чыкты. Бирок биз ага Зарема биздин бул жакка келишибизди билбей турганын айттык. Ошол убакта карасам саат кечки алтыдан отуп калган экен. Биз кетишибиз керек болчу. Бирок ага Бузейнеп эже такыр конбой койду. Анын бизди уга турган туру жок. Ал болбой жатып заматта кошунасын аялы менен чакыртып бизден союшка батаа алды.
-Эже бизди аябай эле уят кылып, онтойсуз абалга салып койдунуз го, деген Алмазга ал
- Жок Алмаз антип айтпагыла. Мен озумду силердин алдынарда аябай куноолуу сезип журдум эле. Мен ошол куну силерге барбаганда, силерде ошол балакеттуу кун болбойт эле. Анан калса жакшылык менен кирип келген конокторумду жон чыгаргым келбеди. Каада салты озунор айтмакчы анан деле боло береттир. Бирок бугун биз ортодогу коп таарыныч, тушунбостукторду кечиришип элдешип отурабыз. Ошондуктан биздин жакшылыктарыбыздын башын жон калтырбай мен баштап берейин, деди.
Ошентип ал куну эже менен кенен кесири суйлошуп отурдук. Ал аралыкта Зарема апасына телефон чалып суйлошуп, биздин келгенибизди угуп ал да аябай суйунуп калды окшойт. Бузейнеп эже чынында эле кийинки кундору ооруп жургонго ондон азып кеткен экен. Ошентсе да бугунку кун ага бир топ эле дем бергендей, ал озун аябай эле жакшы сезип, биз менен жакшы суйлошуп отурду. Биз ал жерден тунку саат он бирлерден отуп кайра жолго чыктык.
Уйго тун убакта келгенибиз учун эртеси мен ордумдан шашпай турдум. Алмаз айласыз эрте менен эрте туруп жумушка кеткен. Мен ал куну кечке конулдуу журдум. Кечкиге чон илхам менен даамдуу тамак даярдап, балдардын баарын столго чакырдым. Алмаз баш болуп тамагымды макташып жеп уй-булобуз менен суйлошуп отурдук. Балдарыбыз бизден, Зареманын жакынкы кундордо уйго келээрин угушканда аябай суйунушту. Аида баш болуп баары Ура- аа! деп уй менен бир болуп кыйкырып алышыптыр. Усон ордунан туруп келип мени ой боюма койбой которуп алып
- Дуйнодогу эн суулу менин апам! деп эки уч айландырды да кайра жерге коюп эки бетимен ооп койду. Алмаз бизди коруп озунчо каткырып кулуп отурду. Анан эле Усон бизге бир сунуш киргизди.
-Ата, Апа эгер макул десенер, мен эки кундон кийин барып Зареманы озум уйго алып келейин. Асанга анын бул жакка келгенин айтпай ага сюрприз кылалы, деди. Балдарыбыздын баары анын созун кубатташып биз да ага макулдугубузду бердик.
Ошентип арадан эки кун отуп Усон барып Зареманы уйго алып келди. Балдарым аларды чыдамсыздык менен даярданышып кутуп отурушкан болчу. Усон Бектурду которуп дарбазадан кирээри менен эле балдарым баары ага карап чуркашты. Усондун артынан кирген Зареманы Аида барып эле мойнунан кучактады. Ошентип азыр биздин уйдо ызылдашып ойногон балдарыбыздын уну дайыма угулуп турат. Анын устуно неберебиз Бектур да бир орунда турбаган аябай эле тентек бала болуптур. Бирок азыр биздин кутконубуз эле Асан болуп жатат. Усон аны бардык жактан сураштырып издеп таппай журот. Асан озу да бизге коптон бери телефон чала элек болчу. Ичимден ага кыжаалат болуп, анын званогун кутуп коюп журом. Ал аралыкта биз Усондун кызына барып кудалашып сойко салып келдик. Эми Асан келсе эле Зареманы торкулотуп айылга уйуно алып барып келишибиз керек.
Зарема келгенден бери уйдогу жумуштардан такыр эле бошоп калгандаймын. Анын уйду таза кармаганы, ашканада жакшы кожейке экени менин ичимди жылытып журот. Экообуз да жакындан суйлошуп ынак болуп бараткандайбыз. Алмаз айткандай эле ал турмуштун ысык-суугун жаштайынан апасы менен чогуу тартып журуп коп нерсеге тушунуп калгандай. Жаш экенине карабай анын турмушка болгон коз карашы да салмактуу. Анын кесиби тамак-аш инженери эмес беле. Ошондон болсо керек, кээде озунчо жаны салаттын турун жасап калат. Бугун да ал тушку тамакты даярдап ашканада жургон. Мен телефондон суйлошуп бактын тубундогу креслодо отургам. Бир убакта эле дарбазадан кутуусуз кирип келген Асанды коруп, аны тиктеп эле отуруп калыпмын. Телефонумду анан барып эсиме келе очуруп салдым. Асан туура менин жаныма келип, чоголой отурду да мени эки колумдан кармап опкулоп кирди.
- Апа, мен сизди жакшы кором.
- Келдинби балам....
Менин коздорумо жашым толо аны башынан жыттадым.
- Рахмат, Апа сизге. Мен сиздин бир куну бизди тушуноорунузду билгем. Мен сизге ишенгем.
Мен баламдын чачынан сылай отурдум
- Бизди куттуруп каяктарда журдун балам?
- Зареманын уйуно бардым Апа. Анын апасынан баарын уктум. Ага чейин каякта жургонумду жасаган жумуштарымды анан баарын Атам экооно айтып берем Апа.
Мен озумчо оор дем алып алдым. Карасам ошол убакта Зарема ашканадан чыгып суйунгонунон бизди тиктеп ыйлап турган экен. Асан ордунан туруп барып Зареманы кучагына кысты.
Асан келген кундон баштап биздин уйдо тыным жок. Тойго даярдыктар башталды. Уйубузго келген кеткен адамдардын саны кобойду. Кайненем азыр ушул жерде. Билбегенибизди андан сурап Алмаз экообуз кээде ага кенеш салып калабыз. Эки баланы бирдей уйлоп, эки башка жер менен кудалашып жатканыбыз учун туйшугубуз да аябай кобойду. Кээ бир жерлерине башыбыз жетпей, кантээрибизди билбей ойлонуп отуруп калабыз. Ошентип тойго бир жума калганда Зареманы торкулотуп айлына барып келдик. Ызылдатып тууган урукту да озубуз менен кошо аябай коп алдык. Бузейнеп эже да бизди тууган уругу менен чогуу жакшы тосуп алды.Туугандары буту буттарына тийбей кызмат кылышып бизге жакшы сый корсотушту. Кайтаарыбызда Зареманы уйуно таштап кайтык. Себеби той куну Асан достору менен чогуу барып аппак койнок кийген Зареманы уйунон алып чыгып кетмей болду. Тойду шаардагы эн чон ресторанга белгиледик. Эл да аябай коп келиптир. Той башталып музыка жанырып элдин коштоосунда менин балдарым ичкери кирип келатышты. Жар жар айтылып Асан-Усонумду колтуктай катарлаш баскан келиндеримди коруп аябай толкунданып козумо жаш алып карап турдум. Акырын жанымда турган Алмазды карасам ал да менден калышпай суйунуп турган экен. Мени байкаган ал мага бир карап алды да акырын колумдан кармады.
Аягы.

#126 13 Март 2019 - 14:24
Эх кандай сонун !!! Мен да толкунданып алдымго бир сыйра, бактылуу болушсун!
!!
#127 15 Март 2019 - 00:51
Сооонун чыгарма экен мурунураак неге окубадым экен деп озумду жемелем атам.
#128 24 Март 2019 - 22:29
Эми учунчусун да чыгарсаныз экен автор . Балдарыныздын балдары уйлонгонун.
Сонун азаматсыз