ID-паспорт алуу үчүн кандай документтер керек?
Баракча 1 - 1
ID-паспорт алуу үчүн кандай документтер керек? Редакцияга келип тушкөн суроолордон
#2 15 Октябрь 2012 - 19:02
Damira_Arstanova (15 Октябрь 2012 - 19:00) жазган:
ID-паспорт алуу үчүн кандай документтер керек?
ID-паспорткокеректүү документтер жана төлөмдөр
1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
2. Ата-энесинин паспорттору (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
3. Аскердик билет (1-26-беттердин көчүрмөсү) же аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүк (1-2-беттердин көчүрмөсү) жана түп нускасы.
4. Жашаган жеринен маалым кат.
5. №1-форма карточкасы (бул жергиликтүү паспорттук столдон берилет).
6. Сүрөт 4 даана (4Х6 көлөмүндө, түстүү, ачык фондо, баш кийимсиз жана көз айнексиз).
7. Социалдык коргоо күбөлүгү.
8. Салыктарды төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк (паспортту жасоого 1,18 евро (72 сом), арыз бланкына 0,43 евро (26 сом) жана мамлекеттик төлөм 30 сом. Бул төлөмдөр банкка же паспорттук столдун ичиндеги кассага төлөнөт).
Паспорттук столдун иш тартиби:
Дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
Кээ бир аймактарда шаршемби күнү саат 12:00гө чейин гана иштейт.
Түшкү тамактануу – саат 12:00дөн 13:00гө чейин.
Ишемби жана жекшемби – дем алыш.
Эскертүү! Паспортко төлөнүүчү төлөмдөр КРнын Улуттук банкынын еврого болгон курсу менен эсептелинет (10-октябрга карата 1евро=60.88 сом).
Жогорудагы маалымдамалар КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынан алынды.
#3 07 Декабрь 2012 - 08:01
Менде мындай жагдай орун алды:
Өткөн жылы паспортумдун мөөнөтү аяктап калгандыктан, айылдагы каттоодон чыгып, шаарга келип катталып, паспортту алмаштырып алайын дегем. Бирок райондун кызматкерлери каттоодон чыгарам деп "Катталды" деген мөөрүн бакыйтып басып коюшуптур, аны шаарга келгенде байкадым... Бул жерге келип айрым себептер жана жогоруда айтылган мөөрдүн айынан каттала албай калдым.
Убакыт тар болгондуктан, кайра айылга барып отурбай, мамлекеттик каттоо кызматынын "тез арада" паспорт дайындоо бөлүмүнө кайрылып, жаңы паспорт жасатып алдым... Эми жаңы паспортумда (ID карта) айылдагы адрес боюнча катталып турам, алар эски паспорттун негизинде жасашты жана мен айылдан каттоодон чыгып кеткенимди билишкен жок, мен да айткан эмесмин...
Эми менде мындай суроо, мен каттоого (учетко) турушум керекпи же МККдан катталгандан кийин автоматтык түрдө айылда катталып калдымбы?

Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#4 17 Апрель 2013 - 16:46
zzz (07 Декабрь 2012 - 08:01) жазган:
Менде мындай жагдай орун алды:
Өткөн жылы паспортумдун мөөнөтү аяктап калгандыктан, айылдагы каттоодон чыгып, шаарга келип катталып, паспортту алмаштырып алайын дегем. Бирок райондун кызматкерлери каттоодон чыгарам деп "Катталды" деген мөөрүн бакыйтып басып коюшуптур, аны шаарга келгенде байкадым... Бул жерге келип айрым себептер жана жогоруда айтылган мөөрдүн айынан каттала албай калдым.
Убакыт тар болгондуктан, кайра айылга барып отурбай, мамлекеттик каттоо кызматынын "тез арада" паспорт дайындоо бөлүмүнө кайрылып, жаңы паспорт жасатып алдым... Эми жаңы паспортумда (ID карта) айылдагы адрес боюнча катталып турам, алар эски паспорттун негизинде жасашты жана мен айылдан каттоодон чыгып кеткенимди билишкен жок, мен да айткан эмесмин...
Эми менде мындай суроо, мен каттоого (учетко) турушум керекпи же МККдан катталгандан кийин автоматтык түрдө айылда катталып калдымбы?
Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков жооп берди:
Бул маселе боюнча шаардагы туруктуу жашаган жериңиз боюнча райондук паспорт бөлүмүнө кайрылсаңыз, паспорт бөлүмү көйгөйүңүздү сизди айылга жибербей туруп эле шаардан чечип беришет.
#5 11 Май 2013 - 13:06
Документер тапшырылган сон,ID-паспорту келген же келбегени туралуу интернеттен билсе болобу?
Акчасына карап кесип тандаба.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
#6 24 Декабрь 2013 - 11:52
Alima96 (11 Май 2013 - 13:06) жазган:
Документер тапшырылган сон,ID-паспорту келген же келбегени туралуу интернеттен билсе болобу?
Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Абдылдаева Рита жооп берди:
- Жарандардан ID-карт даярдоого документтерди кабыл алып жатканда, даяр боло турган мөөнөтү алдын ала айтылат.
Андан тышкары, документ даяр болгон тууралуу маалыматты жарандар телефон аркылуу ала алат.
Интернет аркылуу мындай маалымат берилбейт.
#7 21 Октябрь 2014 - 13:43
Саламатсыздарбы!
Тезинен жаңы паспорт алуу керек эле,кимге кайрылсам болот? Бишкек шаарындамын.
0709253640 менин номерим.
#8 06 Февраль 2015 - 20:55
саламатсыздарбы?
азыркы мезгилде id картага канча толонот ? штрафына 100 сом экен андан башка да толонобу?
#9 08 Апрель 2017 - 23:40
Саламатсыздарбы.
Суроо: - Менин паспортум мөөнөтү өтүп кетиптир. Алмаштырайын десем катталган жериме барганга шартым жок болуп жатат. Бишкектен алсам болобу?

#10 14 Апрель 2017 - 22:13
Биометрикалык данныйларды тапшыра элекмин эми эмне болот???
С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
Вот чего я хочу...
#11 14 Апрель 2017 - 22:21
#12 15 Апрель 2017 - 14:14
#13 19 Июнь 2018 - 21:24
Саламатсынарбы жоголгон lD карттын штрафы канча болот билгендер айтып койгулачы бугун барсам 1150 сом дейт балчайтып
Баракча 1 - 1