Сынак учун монолог.
#1 13 Май 2013 - 02:30
Жан дуйно-жан азыгы, жарыктык издегенде, ички туюм, ички сезимдер менен, баарлашат меспизби... Ошонун сынарындай бал тамган, жада калса журоктун кынына жеткирээрлик мундуу монолог жаратуучулар да жок эмес. Мисалга алсак "Ажар" чыгармасында Ажардын апасына кайрылганы окуп, канчалык журоктун тупкууруно жетип, коздон молт-молт жаш аккан учурлар болсо керек мектепте окуп жургондо... Жана ошондой эле, жалпы талаттууларга ийгилик каалоо менен Монологтун шарттарын айта кетсем томонкучо.
Ар бир катышуучу 3 монолог жазганы укугу бар!
1-турдун акыркы мооноту 23-Майда аяктайт.
Бул жерге комментарий жазганга мумкун эмес!
Сынак учун монолог темасын, Мондур айым козомолдоп турат.
#2 13 Май 2013 - 19:39
Кээ учурда отуруп алып жалгызданып жан дуйном менен сырдашам. Жан дуйномдо айтыла элек сырларым, жазыла элек ырларым, буроого айта албаган арманым, кыялдарым, арзууларым, максаттым кооп. Жан дуйномдон булугуп, атырылып, жарылып чыгып сыр дептериме, монологко жазылып калат. Олтуруп алып кээде жаным суйгон жаным апам сиз жонундо кыялданып каламын. Канчалык кулбоюн, кубанбайын, озумду бактылуу сезбейин баары бир конулум ачылбайт. Анткени:
Конулум каалайт, ар дайым апакем сизди,
Сагынамын ар дайым апакем сизди,
Эскерем ар дайым апакем сизди,
Ойлоймун ар дайым апакем сизди.
Эх.... эмнелерди гана ойлобоймун, эмнелерди гана кыялданбаймын апаке. Билесизби апаке сизди аябай-аябай сагындым, билесизби сизди ар дайым кутомун. Аркы дуйнодо баары бир сизге жолугамын. Бул дуйнодо баары бир умут кылып сизди гана кутомун, сизди гана жаш-муун толгон коздорум менен ар куну, ар жерден издеймин. Бул дуйнодо дайым сизди эстеймин, кыялымдан мунот сайын кетирбеймин. Журогумдон сизди гана сагынамын. Кыялымда сизге гана жолугамын.Жаным апакем бир гана сиз менин сырымсыз, журоктон жазып жургон ырымсыз. Кыйналып мен азапка батканда, омур бою жолоп турган жологумсуз. Кайдасыз? Кайдасыз? Кайдасыз? Жаным, алтыным апакем. Кызым деп бир кылчайып келесизби жаным апакем? Укпайсыз менин чакырганымды. Чакырсам унум жетпейт, журоктон жазган ырларымды арнап ырдасам ырларым сизге жетпейт. Сезбейсиз сиз, мен сизди сагынып жургонумду эмнеге??? Эмне учун??? Озумо-озум коп суроолорду бере берип тажап буттум. Саргайып сагынып санаага батып буттум.Сиз укпайсыз, сиз сезбейсиз? Сиз билбейсиз. Анткени жаным апакем сиз туболуктуу уйкудасыз. Жок, жок, жок апакем сиз туболук келбес жактасыз. Жок, жок, жок апкем кара жердин боорундасыз! Жок, жок жаным суйгон апакем сиз менин жан дуйномдун сезим ыргагындасыз. Мен сеземин апаке, сиз мени мененсиз, ар дайым менин кыялымда жана журогумдун тупкурундосуз. Ар качан сагынсам эгер, сагынба сабырдуу бол жан кызым деп соротосуз. Кайгырсам эгер апакем, кайгырба, канаат кыл жан кызым деп журокко куч кубат бересиз. Сыздасам, сыздаба деп суранасыз. Бирок апаке кантип? Кантип? Сагынбайм апакем сизди. Сагынчымды бир келип тарата алсаныз кана эми. Ыйласам ыйлабай ырдап бер деп ырдатып ырымды уксаныз кана эми. Менин арманым муун-зарым жок эле.
Сизди жоготкон кундон баштап журогум кусаланып сагынып сизди ойлой берем. Тирилип келбейсиз, келбешинизди билсем дагы зарыгым, умут узбой жол карап куто берем. Суротунузго карап озунуз менен суйлошо берем. Сиз жонундо бироолорго айтып суйлошкум келет, бирок, бирок апа бироого айтпай ичиме жутам. Аткени "Атан олсо, эрке жетимсин, Апан олсо, тоголок жетимсин" деген соз жон жеринен айтылбаган экен. Ойлоп корсом чындыгында апа сиз жок тоголок жетимдеймин. Себеби жанымда акыл, кенеш, насаат айта турган сиз жоксуз. Мен кайгырсам кайгымды тен болушкон, кубанып кубанычка мен батканда кубанычыма шерик болгон, менин бактылуу кундорумдо сиз жоксуз апаке. Жыгылсам арка жолок болгон, оорусам башымдан сылаган жаным апаке сиз жоксуз. Жетим деген созду мага кекетип эч ким ачык айтпаса да, мен жонундо ошондой ойго барса керек деп неге экен ойлой берем. Ойлонуп алып, ичтен сызып оксуй берем. Озумду менен озум болуп калгандаймын. Атам жана башка апам, бир туугандарым ал абалымды сурап турат. Ошондой болсо да баары бир жаным апаке сиздин ордунуз болок, сиздин ордунузду эч ким баса албайт экен. Ошондой экен менин журогумдун сизге болгон суйуумдун ордун, сиз сыяктуу эч ким толуктай албайт. Дагынам мен жалгызсырай беремин.
Жоготтум сизди, кыштын суук кунундо,
Жоготтум сизди, айдын карангы тунундо,
Жоготтум эгиз козуларым деген созунузду,
Мээрим токкон кыштын карангы тунундо.
Бул оору кайдан келди, жаным апам,
Жоготтум сизди, ушул оорунун айынан.
Жоготтум сизди, туболук табылгыс болуп,
Жоготтум, коз тийген кундун айларында.
Кыялдарым алыстарга учуп барат,
Кыялдантып мени ар туркун ойго салат,
Журсом деймин сизди эрчип узактарга,
Журо албаймын сизди эрчип узактарда.
Апакем деп эркелеп жанынызда журо албаймын,
Сагынсам сагынчымды жаза албаймын.
Тагдырдын жазган сыноосу ушул экен.
Максат коздоп жашап журом аргасыздан.
Умут кыламын бал суйуунун бакыттынан,
Умут кыламын бактылуу эненин бактынан,
Жоготтум апаке сиздей чон бактымды,
Табармын эми оз бактымды,
Алла коргозгон ыйман жолунан.
Жаралды кыялдарым, ойлорум,
Журокттун, аруу таза сезим ыргактарынан.
Атанкулова Батма.
Билдирүүнү түзөткөн: AtankulovaB: 13 Май 2013 - 19:41
#3 13 Май 2013 - 19:56
Журогумдун арманы жаным апам,
Конулумдун кайгысы жаным апам,
Жанымда гана журсонуз болбойт беле,
Жашоо эмне мынча кыйын жаным апам.
Татаал тагдыр барган сайын татаалдашат,
Журогумдо сагынычым толуп ташат,
Сагынычымды кандырчы жаным апам,
Жыттап сагынычым кансынчы апа.
Тагдырымдын мага берген сыноосу,
Кантип журок сизди ойлобой койсун,
Жаным апам жанымдын жыргалы элениз,
Жаным апам журогумдун арманысыз.
Дуйнодо ыйыксыз жаным апам,
Кыздары учун жанын берген апам,
Сизден артык байлыгым жок эле дуйнодо,
Сиз жок эми кантип омур суробуз апа.
Кундо кайгы капа кун отот,
Сизди эстебеген тунум отпойт,
Бактылуу кунум эми качан келет,
Сизди мен качан корот экенмин.
Жаным апа сизди аябай сагындым,
Сагынам бирок тагдырга багынам,
Бактылуу кун магада бир кун келээр,
Мандайыма жазылганын кором мен.
Апасыз бул жашоодо жашоо кыйын,
Апам жок деп айтуу ото кыйын,
Апаны барында суйуп кадырлагын,
Отуп кеткенде окунуп ыйлабагын.
Окуном жаным апа окуномун,
Жанымда жоктугунузга окуномун,
Жаным апам деп эркелеген досторума,
Суктанамын эркелеткен апасына.
Жанымда аппак жуздуу апакем жок,
Конулумдо маанайым жок кулкум жок,
Комузумдан муукамдуу бир ун чыгат,
Эстейм апа сенин кара козунду деген.
Муукамдуу ыр журогумду ыйга салды,
Ырдасам козумдон жаштар тамды.
Эстейм апа сиздин айткан создорунузду,
Эстеген сайын журогум муунга толду.
Муукамдуу ун кайрыгы муунга салып,
Комузумду куулонтуп кууго салат.
Комузумдан кайгылуу арман ырлары чыгат,
Козумдон кайгы жаштары тамат.
Билсениз апа кыялымдан эч кетпейсиз,
Кыялымда сиз дайыма мени мененсиз.
Кыялымда энсейм дайым эркелоону,
Алтын кызым деп эркелеткенсип журосуз.
Жакшы кунумдо жанымда болбосонунуз,
Жаркылдап жанымда журбосонуз,
Сыпай суйлоп эркелетип журбосонуз,
Ыйлай берем кайгымды ичке жутуп.
Кимге айтам журоктогу арманымды,
Кимге айтам журоктогу сырлармды,
Айтсам эгер ким ишенмек арманыма,
Айтып буткус журоктогу сырларымды.
Жазып жатам журоктогу арманымды,
Сыяга малып аппак барак дептерге,
Арман каптап журогумду кыйнады,
Коздорумдон арман коз жашы тамды.
Апа деген соз айтсам апалар уну жанырат,
Апа деген соз уксам, коз жашым суудай агылат.
Апакем деп эркелесе кимдир бироо,
Эстеп алып изчтен сыздап ыйлаймын.
Эгер апа сизда жанымда болгонунузда,
Эркелейт элем менда сизге кубанып,
Эстейм апа, кундо сизди эстеймин,
Эстеген сайын элесимден эч кетпейсиз.
Ырымды ырдасам укпайсыз,
Туболук келбес жактасыз,
Ыр жазып сизге арнасам,
Кайрылып келе тургансыз.
Ардагым менин алтыным апам,
Алыстап кеттиниз менден качан?
Журогум сыздайт сезсениз апа,
Жашоодо жашайм сиз деп гана апа,
Сагынып кутуп ай жылдар отту,
Ырымды уксаныз кана эми апа,
Журокто сактаган сырларымды,
Бир келип уксаныз кана эми апа.
Мен журом сизге ырлар жазып,
Журоктогу арманымды ырга айлантып,
Эгер сиз жанымда болгондо апа,
Эссиз апа мынчалык окунбойт элем.
Эмне мынча жашоо кыйын болот,
Эмне мынча турмуш татаал болот,
Перзенттинен айрыса апасыны,
Жашоонун бар бекен анда кызыгы.
Мейли апа журоктогу арманым болун,
Мейли апа конулумдун чогу болун,
Журогундогу арман-кайгыга багынган,
Кызыныздын асыл заттуу апасы болун.
Жайыныз жаннаттан болсун жаным апам,
Арбагыныз колдосун жаным апам,
Ападан ыйык бул дуйнодо зат жокко,
Жашоонун жыргалын корбогон асыл апам.
Жашоодо айтылбаган сырларымсыз,
Жашоодо жазып жургон ырларымсыз,
Журогумдо сактап жургон арманымсыз,
Маанайымдын чогуп турган кайгысыз.
Билем апа бул баары бир жалган дуйно,
Отуп кеткен апакем тирилип келбейт уйго,
Откон кундор кайрылып келбейт кайра,
Апакем да мага тирилип келбейт анда.
Арманга салып сизден мени айрыган,
Тагдырыма мен аябай таарынам,
Айла канча тарынгандан пайда жок,
Суранарым оо жараткан атакемден айрыба.
Атанкулова Батма.
#4 13 Май 2013 - 23:43
Карыдыңар өстүрүп уул-кызды
Үйлөп-жайлап жайгардыңар баарыбызды
карыганда сыйыбызды көрөөрүңөрдө
Карылык ооруу экен бул өзүнчө
Кана эми ар дайым жаныңарда болсом
бапестеп карайт элем өзүңөрдү
Чарк айланып көзүңөрдүн агы менен
турмуш тиричилик менен алпурушуп
алыс кеттим айла жок өзүңөрдөн
Оорубай жүрсө экен деп күндө тилейм
Дуба кылам жатаарда өзүңөргө
тилегим жаныңарда жүрсөм экен
Жөлөк таяк карыганда болсом экен
Алдейлеп мени кандай чоңойтсоңуз
Мен силерди карыганда карасам дейм
Ак батаңар берип дайым аябай
Өстүрдүңөр эч нерседен кем кылбай
Узак жолго аттанып мен жөнөсөм
Көз жашыңыз кылгырып мени узатып
Айла жок мен да кадам таштайм
Улутунуп оор үшкүрүп күрсүнүп
Силерге каалайм чың ден-соолук
Дегдеп барсам алдымдан тосуп чыгар
Суу айлантып башымдан чачып турар
Ата-энем карыганда аман болгун
Таянар тоом аска-зоом жөлөк болоор!
Бир келип кетчи мен жакка.
#5 14 Май 2013 - 14:11
"Мен озгочомун... " Ушундай созду кулагыныз чалса керек? "Мен озгочомун! " Угуп эле жон болбостон, балким, айрым мезгилде колдонуп деле жургондурсуз? Же, айтпасаныз да, коодонунуздо бардыр?
Жашырганда не, мен да бул создорду коп пайдаланам. "Мен... Озгочомун... " Албетте, кырк эки хромосомадагы беш миндей гендердин турдуу катыштыгы, тузумдору бул создорду буйдалбай колдонууга ар бирибизге негиз берет денизчи, ошентсе да, пенде экенбиз, жонокой создорду оз маанисинен бир аз онго мааниге жылдырып, озубуздун озголордон башкача экендигибизге басым жасап эле тим болбой, ага кошумча маанини да кыстарганга улгуробуз. Мен озгочомун, демек, мен башкалардан сулуураакмын, акылдуураакмын, таланттуураакмын, байыраакмын жана башка, жана башка... Мен кыйынмын...
Кокус бироонун оор акыбалга кептелгенин корсок, ага боор ооруган (же оорубаган) менен кошо, озубузду ал байкуштан акылдуураак, тыныраак сезип, ойдодон, озубуздун бейпил орунубуздан ага унуло карайбыз. "Ии, бечара,"- деп шыпшынып да коебуз. (Кудум биздин "ии, бечарабыз" ага жардам, обок боло тургансып.) Себеби,"Мен озгочомун, эч качан мындай акыбал менин башыма келишине ишенбейм. Мен тыныраакмын. Мен анын ордунда болгонумда моминтмекмин, тигинтмекмин. .." Бироону капшыра кармаган койгой бизге ("жЫзнь! ") омурубуздо жармашпачудай туюлат. Биз канча оноктошубуз болбосун, эч качан ВИЧ, СПИД балакеттерине кабылбайбыз, канча "дунктон" татып корбойлу, эч качан ушул "чоптон" коз каранды болбойбуз, коньяк, аракты тойлордо гана алып койбосок, эч качан ботолко тубуно тушпойбуз, тамекини анда- санда гана тутотпосок, андан "уапщим" опко рагына, ашказан жараларына кабылышыбыз кумон, кумар оюндары, бул жон эле оюн, мунун артынан банкрот болуп же селсаякка айланып кетишибиз болбогон кеп. Биз озгочобуз да. Биздин организм элдикинен болок. Башкалар пенде болсо, мен ИНСАНМЫН, озгочомун, башкачамын, бийикмин, кыйынмын... Эхх...
Бир кишинин айтканы эске тушту: "Африкада канчалаган элдер ачкадан кырылып жатканы баарыбызга маалым. Ал жакта быштак менен фуа граны мындай кой, кара нанга зар болгондор канча. Ошентсе да, мындай маалыматты сыналгыдан коруп, билип туруп, унаабыздын донгологу тешилгенин же башка озубуздун "глобалдуу" койгойлорубузду миллиондогон кишини эки жутуп, бир чайнап койгон ачарчылыктан алда канча маанилуу коробуз, жогору коебуз." Бул эмне? Ашынган озумчулдукпу же акыл эстин озун- озу сактоо программасыбы?
Мейли, озгочо экенбиз, анда митингдердеги кара массалар кайдан келди? Бироо акчанын кучу менен "а" десе ага карап ооп кеткендер кайдан чыкты? Башына уйдой балээни уйгондор кимдер? Карыз акчасынан кутула албай, жанын кыйгандарчы? Оз балдарын саткандарчы? Мекенин саткандарчы?
Деги баарыбыз кыйын болсок, эмнеге Кыргызстан эл аралык аренада кыйын эмес?
"Мен озгочомун" дегенден мурда, ушул создун ичине артыкчылыктарыбыз эле эмес, кемчиликтерибиз да кире турганын унутпай, журокко туйо журсок...
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#6 14 Май 2013 - 14:55
алсызды тепселебе, бир куна анын да зоболосу которулот, бироону кыйын коруп алдында бужуробо, ал да сендей адам кемчиликтери менен. бала кезде чон атам айтып калаар эле "энкейгенге энкейгин, атандан калган кул эмес. какайганга какайгын, пайгамбардын уулу эмес", "адамдарга кылдаттык менен мамиле кыл, коргондо женил корунгон менен, которгонго оор адамдар болот. абайлап мамиле кыл, эл алдында сынып калышын мумкун" "менин кыялым менин тагдырым" деп. акыл насаат айтып атса кулактын сыртынан кетчу экен. турмуш тунгуюка такап кыйналганда тушунот экенсин маанисин. белчеден сазга батып абалдан чыга албай турганда ушул жонокой создор чыбыктай корунгону менен чынардай кучу бар экен, тишин отсо. мунун баарын айтып жатканым адамзат турмуштун катаал жолунда адам деген атынды, сынынды, касиетинди жоготпосон. бироонун убалына калбасан... бакытты, доолотту баркына жетип баалай билсен... айбан эмес адам экенинди унутпа адамзат!
#7 14 Май 2013 - 19:01
Эртеси кaрaсaм кечееги эле шордуу бaш, aвтоунaaнын aркaсынaн муздaткычын тушуруп aтaт...Мыйыгымдaн жылмaйып,бaшымды чaйкaйм.Эx,aдaмзaт aр дaйым козубуз копто,мындaй болсок эч кaчaн бaктылуу сезе aлбaйбыз озубузду,сенден жогору жaшaгaндaргa эмес,томон жaшaгaндaргa кaрaп шугур кылып жетинсен,ошондо бaктылуу сезесин озунду,ошондо тынч жaшaйсын.
Негедир 'жок,жок' деп журуп бул созду жaттaп aлгaндaйбыз же ошого уйронуп,бaшкaлaрыны озубузго боор aчытып,бир нерсе ондурууго aрaкет жaсaгaндaйбыз.
Aкчa жокбу? Чындaпбы? деп сурaйм озумдон.Бaaaр. ..бaр болсо керек дейм кумон сaнaп.Болбосо бул дукондор кaфе,ресторaндaр, ,супермaркеттер, мебельчилер кимге сaтып aтaт,ким жургузуп aтaт aлaрдын соодaсын?
Бaр! дедим ишеничтуу,бизде aкчa бaр,бирок aны иштеткенди билбейбиз,коротконду билебиз дедим.Короткондон кийин жок дегенди билебиз.Мисaлы ушул мебельдер,ушул aзыктaр,aшкaнaнын aк пaдышaсы болгон муздaткычын aйтбaйын,кaшык, бычaк,тaбaктaры бизден чыксa болбойт беле?
Жaш кыздaрыбыз,бaлдaрыбыз aкылын колдонуп,бaшын иштетсе (кaфе,ресторaндaрдa чaрдaгaнды бир aз aзaйтсa),биргелешип пикир aлмaштырышсa, тен орток болуп иш кылышсa булaрдын бaaры болуп кaлaaр деген тaттуу ой менен кaлемди колумa aлдым...
#8 14 Май 2013 - 19:53
Ухх..Тамагым кургап, башым жарылчудай өңдөнүп, муштумдай жүрөгүмдөн жаным чыгып кетчудөй согот. Эми кандай арга менен ага жетсем экен?! Үйүмдөгү көзгө көрүнөөр, колго илинээр нерсенин баары кара сууга айырбашталып, башкалардын колуна эчак өткөн. Үйдүн муздак төрт дубалы гана суз болуп көзгө көрүнөт. Аа-а, дубал демекчи, анын так ортосунда апам менен атамдын маанайы суз, саамайларын ак аралаган сүрөтү гана саргайып, бир жакты көздөй кыйшайып турат. Алтындарым! !! Күн сайын ичип келип колум да, заар, ачуу сөзүм да тийип жүрүп, акыры силер да ээрчише о дүйнөгө сапар алдыңар. Анда да "колум бошобой”, акыркы сапарга узатууга да жарабадым. Чынын айтсам ал жөнүндө ойлонгон да жокмун. Кудайымдын берген ырыскылуу күнүнөн кантип, качан куру калганымды да байкабай калдым көрүнөт. Жок, жо-ок! "Куру жалак калдым",-деп айтуу балким одоно болуп калат окшобойбу.. Ызы-чууга, ыплас нерсеге белчеден баткан, колдон келсе биринин желкесинен бири төмөн басып, аттап кетүүгө ашыгышкан пенделердин катарында, алардын шары менен кээде тоголонуп, кээде жөрмөлөп, жыла басканым да Кудайдын буйругудур. ..Учурунда кетирген каталарым үчүн берилген жаза же адамдык сапатты текшерүүчү дагы бир сыноосудур. ..
Обочорооктон мени тегерене, жүзүмдү жийиркенүү, боор оору же болбосо кайдыгер гана карап өткөн адамдарды максатсыз тиктеп мен отурам... Эмнегедир, мен мындай абалга туш болушума ким же эмне түрткү болгонун ой жүгүртүп же басып өткөн жолумду талдоого да аракет кылып көрбөптүрмүн. Ушунчалык таза көрүнгөн, тунук жана кичине нерсе менин жашоомду алай-дүлөй кыла, кыштын ызгаардуу узак түнүндөй муздактыкты тартуулаганына таңмын... Күн сайын ушул төрт тамгадан турган АРАКка кантип арбалып, анын ырайымсыз чоң ченгээлине туткундалып калганымды байкабай калдым. Акырындык менен ак никелүү келинчегимдин, артымда калган туяктарымдын ордуна, ушул төрт тамганы кучактап уктаган күндөрүм көбөйдү.
Эхх.. "Тунук досум"! Сен үчүн кандай гана курмандыкка барганымды билдиң бекен?! Кайда-ан??? Жалгыз гана мен эмес, эң боорукер, назик деген энелер, бешиктен бели чыга элек жаш өспүрүмдөр да сенин шарыңа туруштук бере албай, агымың менен кошо агып калбадыкпы. .. "Атакелеп” боздоп ыйлаган баламдын үнү, мен үчүн ач албарстыныкындай угулуп, аны жек көрүү менен карап эшикти шарт жапканымчы? ! Аттиң....! Көрсө, ошол учурда түбү жок караңгылыктын, туңгуюктун, жалгыздыктын эшигин көздөй кадам таштаганымды билбептирмин. Эми минтип, талаадагы эмгектен эмес, арактан күйүп, карарган жаак ылдый, томолонгон көз жаш эмнени чечмек??? Жүрөк кургур бүгүн акыркы жолу согуп жатканын сезгендей, демейдегиден катуулап согуп алды....
Адамзат! Кара сууга сен тийбегин,
Райымсыз, алкаш түсүн сен кийбегин,
Абайла! Оозго алба колдон келсе
Капастайт, адамдарды ооз тийгенин!
Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 14 Май 2013 - 20:06
#9 14 Май 2013 - 21:02
” Сен ким элең, сенден мен кечирим сурагандай? Качан мен сени менен түбөлүккө биргемин деп айттым эле? Мен сени сүйөм деген сөзүмдү жок дегенде бир жолу уктуң беле? Жок! Анткени сен андай сөздөргө татыктуу эмессиң! Сен элдин ар дайым артында келгенсиң, мындан ары да эң арты болуп кете бересиң! Кайдагы бир оорукчан же, акылынан жабыркаган адам сенин теңиң болушу мүмкүн, бирок мен эмес. Менин жүрөгүмдө эмес, менден 100 чакырымдыктагы айланамда да сага окшогондорго орун жок! Мага эми эч качан жазба, айтпа, жада калса көзүмө көрүнбө. Себеби сенден жийиркенемин! ”
деп айтылган сөздөрүң жан дүйнөмдү аңтарып салды. Эмне жамандык кылдым эле сага, мынчалык мени жаман көрчүдөй? Бирок мен бул суроома жооп ала албадым. Анткени мени таштап чыгып кеттиң. Арман, кайгы, ыза, күйүт, азап, ый, баары келип ”жалгыз” менден орун алды. Себеби алар да билет. Мен бул Ааламда ата энемдин ”жалгыз” перзенти экенимди... Себеби алар да билет, жашоодо ”жалгыз” гана сени сүйгөнүмдү. .. Себеби алар да билет, сенин бал тамган сөздөрүңө ишенип, карыган кезде ата-энемди ”жалгыз” таштап, сени менен ушул каргыш тийген шаарга келгенимди. Себеби алар да билет, сенин ушунча жүрөк оорутар нерселерди айтып турсаң да ”жалгыз” жүрөк ”жалгыз” сени деп, катуу айтып көңүлүнө тийип аламбы деп коркуп турганымды. .. Бул ”жалгыз” деген сөздөн качан кутуларымды булар билет болду бекен? ”Жалгыздык” деген айыккыс дарттан арылар күн бар бекен менде да?...
”Жалгыз” тамда ”жалгыз” өзүм ”жалгыз” бөтөлкөнү кучактап ичиндеги ачуу, жагымсыз даамдуу аракты мүрөк суусундай жакшы көрүп ичип жатам. Арактын даамынан да менин ичимдеги күйүтүм ачуу... Бир күн ичтим, бир аз болсо да жардам берди. Сенин айткан ачуу сөздөрүңдү убактылуу унутканга жардам берди. Сени менен аз гана убакыт болсо да, өзүмдү бактылуу деп ойлогон күндөрүмдү эске салды.
Экинчи күн ичтим. Арактын күчү сени сагындыра баштады. Кусалыгым артты. Кайра келер деп үмүт кылып ордумдан араң козголуп, сыртка чыгып сен кеткен жолго көз салдым. Бирок сенин карраның көрүнбөйт.
Үчүнчү күнү ичип олтуруп, колумдагы арак куюлган чыныга карадым. Эмнегедир бозоруп көрүнгөнсүйт. Көздөрүмдү кир алаканым менен арчысам жаш толуп калыптыр. Ыйлап жатыптырмын. Эмне үчүн ыйлап жатканымды түшүнбөдүм. Түшүнүүгө аракет кылдым, бирок кудуретим жетпеди. Акылымды башарып бир жерге топтой албадым. Бурчта турган бир топ ачыла элек арактын бөтөлкөлөрү көзүмө урунду... Кубанып кеттим. Демек аты керемет ”арактарымды” издеп ыйлаган турбаймынбы. .. Алдым да чыныга толтура куюп жутуп жибердим. Оох. Мына жашоонун жыргалы! Мына бакыттын нурлары.
Кайсыл күн экени да, кайсыл ай кайсыл жыл экени да белгисиз... Аракты иче баштаганыма канча убакыт болгону да белгисиз... Кандай болуп өзүм билбеген жерде уктап жатканым да, айланамдагы сакал-муруттары өскөн жана кир болгон кийимдеринен жагымсыз сасык жыттары буруксуп турган бир топ эркек-аялдар да ким экени белгисиз... Мен кайдамын? Ары жактан күндүн шооласы көрүндү. Ошол тарапка карай жөнөдүм, бирок кубатым жок алсызмын. Эптеп жатып араңдан жеттим. Сыртты карасам асмандан башка эч нерсе көрүнбөйт. Бийик бир бузулуп жаткан же курулуп бүтпөй калган имараттын үстүндө экенмин. Буту колдорумдагы жараттар ириңдеп, кеткенин көрдүм. Жыландай болуп сойлоп атып бийик имараттын дубалынын учуна келип жерди карап турган кезде артымдан; ”ай жигит бери тур кулап кетесиң” деген үндү уктум. Булар менин атымды билбейт тура эгер билгенде атымды айтып чакырмак... ”ай жигит дейм бери тур деп жатам!” - менин атым ай жигит эмес! Атымды эле айткыла. ”макул. Атың ким болот?” -Менин атым... Менин атым... Ким эле?...
Ойлоно баштадым. Менин атым ким? Мен кайдамын? Мен өзү киммин? Жок. Такыр эстей албай койдум.
Бир күн эптеп жерге түштүм. Кыбырап араң бараткам. Кебетемди көргөн элдердин; бери тур БОМЖ өтүп кетсин, сасып кеткенин кара уфф- деп сүйлөгөн сөздөрүнөн улам жан жагымды карап, кайсыл сасыган БОМЖду сүйлөп жатышат экен деп издеп коём. Эмнегедир андай адам көрүнбөйт...
Бир жерге келип мени карап турган кийимдери тытылып жудөгөн бир адамды көрүп калдым. Эмннгедир анын көздөрү мага ушунчалык тааныштай көрүндү. Бирок тааный албадым. Ал да мен тааный албай жаткансып карап тура берди. Акырын баш ийкеп салам бердим. Ал да салам берейин деп ойлогон окшойт. Экөөбүз тең бир убакта бирде баш ийкешип саламдашыптырбыз. Ары бурулуп бастым. ал эмне кылды экен дегенсип акырыын артыма башымды буруп тигини карадым. Ал да мени ары карап бирок башын буруп мени карап туруптур. Кой эми барып саламдашып көңүлүн сурап койойун деп кайра бурулдум да тигиге карай кадам шилтедим. Ал да ушуну эле кутуп тургансып бери карай басып келатат...мен баратам. Жакындаган соң токтодум ал да токтоду. Жакшылаап карасам киши боюнан узунураак болгон чоон күзгүнүн жанында туруптурмун. Тигил жүдөө адам мен экенмин. Андан бери арадан 6жыл өттү. Спирт ичимдиктерин такыр ичпеймин. Бирок сенден дале кабар жок. Үйүмдү да сатып жибериптирмин. Батирде турам. Иштеген жумушум бар. Бирок сен жок. Дүйнөм жарды. Ошол кундон бери ”жаыздыктын” капканынан чыга албай келем. Балким эми биздин тагдыр кесилишпес. Ошондой болсо да келер деген үмүт менен гана жашап жатам...
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#10 14 Май 2013 - 22:49
Анда экообуз жаны таанышкан кез болчу,мен учун жашоо бир гана жыргалдан суйуудон бакыттан тургандай сезилчуу.Ооба сезилчуу...Жок тагдыр адилетсиздик кылды мага арнаган аз гана бакыты учун журогумду эзген сагыныч,уйкусуз тундор тартуулады. ..
Негедир журогумдун туйлаганы басылбайт,жумушка шашып баратып озумдун атымды укканда,тык токтодум артыма караганы алым жетпейт....
Ооба мен сагынган мен куткон добуш,кулактарым чымылдап журогумдун сокконун же токтоп калганын тушунбой калдым... Ооба мен суйгон сагынган инсан артымды карап сени кордум....
Ошондогу кара каректер ошол коз ирмемдер ооба баары ошол менин кол жеткис бактымдын бир болугу. Жанындагы кичинекей бобок кызын экенин жазбай тааныдым...Жок сага айтчуу созум жок мен бактылуумун. ..Ооба бактылуумун кызынды мен деп атадын ошонун озу жетиштуу..
#11 15 Май 2013 - 09:54
- Атоов !
- Оу кызым !
- Атоов мага эмне алып келдин ?
- Эрке кызым менин чонойгонуну элес албайсын ээ?!
- Атоов мойнунан жыттап алайынчы ?
- Дадаган кызым (атам мени ушинтип эркелетээр эле ) , сен куйоого кеткенде атан кантээр экен ?
- Атоов куйоого тийбейм , апам экоонорду багам . Мен учун талыкпай кун тун иштеп , уйку козун корбой , жалгыз кызым эч нерседен кем болбосун деп кара жанынарды карч уруп , суука тонуп , ыссыкта айласыз чыдап , ач калсанар мени бел тутуп , карачечекей кызыбыз биз коргон турмушту корбосун деп болгон кучунорду жумшадынар . Ичпегенди ичирип , кийбегенди кийгиздинер ! Уркордун кызы Улпулдок сымал , боодо кишиге корсотпой ,суук коздон , суук создон сактап , ак мамыкта бапестеп чонойттунар ! Озумду ханбийкедей эле сезем, ооба бир уйдун эрке кызы , айтканым айткандай аткарып жатасынар да атоов ! ?
- Кызым коз алдымда бой тартып баратканын байкабай калганмын го ? Мен учун сен дале балтыр бешик бала бойдонсун сапсарым десе...
- Атоов ! Атоов ! Атоов дейм. Кайдасын ?
- Кызым мен мындамын .Эмне болду? Шашпай суйлочу . Энтигип калыпсын суу ичип алчы .
- Ата " Биз бактылуу уй булобуз " деген аталышта болуп откон конкурста биринчиликти алдым ! Мынакей диплом , а бул "Мактоо баракчасын " апам экоонорго берди ...
- Атоов ! Атоов ! Атоов! Ойгонуп кетсем тушум экен . Кол шал болуп , сууга тушуп кеткен улак сымал алым кетип , тердеп калыпырмын . Адатымча ата деп оозуму таптап баратып токтоп калдым . Апамы кыйнагым келбеди . Апам байкуш сай соогу сыздап , жолонор жологунон , таянар тоосунан , жанында жаткан коргоочусунан , камкорчусунан , сырдашы , мундашы болгон ,жашоодо журогундогу жалгыз адамынан , чырпыктай кезинен баш кошуп , чынардай кезинде тируулой жарынан ажырап отурса , коз жаш токтуруп , таттуу уйкусунан , тун жарымда ойготкум келбеди . Бактылуу кундорумду эстеп жатып уйкум умачтай ачылды , коз жашым жаздыкка таамп , буулугуп калган жаным тилими тишиме катып оксуп жаттым ...
Кундор отуп жатты . Атам жаш аял алып бизди таштап кеткенине жыл айланып барат . Жер безип кеткен дербиш сыяктуу атаман кабар жок . "Ат айланып казыгын табат " деген макалды конулумо туйуп алып , кундур - тундур жол кароодон тажабайм . Эшиктен эркек адамдын уну чыкса , атам мурдагыдай кызым менин эркетайым деп , келип калчудай жугуруп чыгам .Кайдан эшикте атам экообуз тиккен чынар теректен башка эч нерсе козго урунбайт .
Акыркы конгуроого саналуу кундор калды . Бутуруу кечеме келип ,жок дегенде кызынды кучактап бир гана жолу эркелетчи , ооба ата бир гана жолу , анткени ушул куну мен балалыгым менен коштошуп , уядан учкан жатам .Ата сен айткандай дале сары ооз апасынын келишин куткон балапанмын . Балапан уча албайт , балапандын душмандары коп , атаке балапан кызынды мыкаачы балдар мыжыгып ойноп олтуруп койуусуна жол бербечи !? Атаке бир канаты жараланган балапанмын , канатым жараланса да темир канатка айланып учууга далбас уруп жатам .Атаке бир гана кунунду мага болуп келип кетчи ....
Алыстан караан корунду ! Ооба ал караанды даана байкадым . Ал менин коптон куткон атакем болчу . Билгем кызынды унутпай келээринди , куткон кундорум текке кетпей ,биз жака бир кайрылып келээринди сезгем . Атакелеп жугуройун десем бутум тушалган сымал жылбай койду , оюмда атама барып адатымча тамкеки менен тер аралаш жытынан жыттап эркелеп жатам , эсиме келсем ордумда таштан чегилген эстелик сымал катып турам . Кыймылдоого дарманым келбейт . Атакем озу келип кучагына кысып , эркелет десем атам да , бир оорундан жылбай турат . Атам копко турду , акыры тескери карап менден алыстап кадам таштоодо , ата эмнеге менден терс бурулуп жатасын , мени мойнуна мингизип , мурдуман чымчып эркелетчи , ата токточу ! Сага айтайын деген жакшы кабарларым бар , ата коп ийгиликтерди багындырдым , алтын медаль менен бутуп жатам окууну , озун айткандай чет мамлекетке окууга да отуп кеттим . Апамы ыйлатпай жакшы карап жатам . Атоов озун жакшы коргон таттууларды бышырып , сенин тамшанып жеп отурганыны коргум келет , апам экоону тордо отургузуп батанарды алгым келет . Атоов токточу , сени сагынганда майкени жыттап журуудон чарчадым , ал майкеде сенин жытын да калбай калды . Ата бир тамчы коз жашымы коргун келчу эмес , карачы кызындын ыйлап жатканын , сооротчу кызынды ! Алдына алып отуруп жомок айтып берчи кызына ! ? Ата кылган ишин учун бизден уяласын , билем ата , ал учун сени куноолоп бутком . Ата сенин кечирдим деп айткым келет , ата артка кайтып келчи . Ата бутум кыймылга келбей калды , артынан жете албай жатам . Кызым мага таарынып келбей койду деп жатасын ээ ?.Жок ата , сага эркелегим келди бутумду жылбай калганын карачы . Атаке кайда кеттин ? Ата караанын корунбой калды , козум тунара баштады.
Атаке ! ......
#12 15 Май 2013 - 16:33
Козумо эч нерсе корунбой, майда-чуйдо, болоор-болбос жагымсыз окуялардан, корунуштордон коодонго бук толуп, жакындарымды жазыксыз капалантканга аз калганда ушул паркка жонойм. Менин эс алчу жайым, терс эмоцияларымдын таштандыларын бекиткен сейфим, жан дуйномо тынчтык тартуулаган табийгат болукчосу -ушул жер. Ооба, беш - он жыл мурда "баш оорутпай" эле уйдогулорго тарс- турс жарылып, женилдеп алышым толук мумкун эле. Бирок азыр эмес. Азыр бир аз да болсо чонойгон кезим.
Негедир сыртта, коомго аралашып жургон маалда, мейли жумушта, мейли конокто, мейли кочодо бизден откон сылык-сыпаа, жароокер, элпек адам жок да, уйдо эртеден кечке жыйнап жургон терс энергияны уу сымал жакындарына чачкан ажыдаар болобуз да калабыз. Жарабайт. Такыр жарабайт. Бейтааныштар коп, жакындарым аз. Бир ууч эле. Бул жол менен журо берсем уйдогу маанай эмес, уй- було мучолорунун денсоолугун, озумдун нерв клеткаларымды да "чынайм" го. Жарабайт. Такыр жарабайт.
Алгач паркка кирип баратканда эч ким козумо корунбойт, дуйно мага душмандай. Эптеп элден качып, калын колоко, коюу чоптун арасына бекинмей. Тынчынды алган эч ким жок, шаардын конумуш фонуна айланган баш-аягы корунбогон унаалардын уну бул жерге жетпейт, айлана жапжашыл. Кыйкыргым келсе да, озумду кармап бул жерге аран жеттим эле. Ошончо буркан-шаркан тушкон, мени жарып жиберчудой болгон бугум коодондун кичинекей гана жеринен орун алып, оз таарынычын алсыз ун менен кубуронуп жаткансыйт.
Козумду жумдум. Айлана тыптынч. Тыптынч... Жымжырттык. .. Салкын жел эпкини маандайымдан обот... Жалгыз озум... Башка эч ким... Мен гана... Мен...
Мен жана Парк...
Мен жана Табийгат...
Мен жана Жер шары...
Мен жана Аалам...
Аалам жана Мен...
Аалам жана мен... Аалам...
Космос...
Абасы жок тупсуз мейкиндик...
Чексиз тун...
Учу-кыйры жок Аалам...
Ушунча зорлордун арасында кыпындай мага орун жок. Жашаган омурум, койгойлорум, коодондогу бугум микромиллисекунтта кичинекей "жарк" эткен микрочан, буткул омурум - кыпын. Кайдагы ташпиш? Кайдагы койгой? Сурдуу, сулуу жана кучтуу Алптар шашпайт. Аалам шашпайт. Жер бетиндеги кайсы бир жашыл чекитте отурган, озунчо безилдеген кыпын бугун бар да эртен жок. Ал кыпын - мен. Ал эми менин жеке койгойлорум, таарынычтарым кыпынга да татыбайт. Жылмайдым. Тулку боюм, ан сезимим ушундай алптардын бир болукчосу экенине суйундум. Мейли, микромиллибирдемкеси болсом да. Бирок, азырынча мен бармын. Жашап жатам. Тируумун. (Майда-барат убактылуу чечиле элек маселелер, болоор- болбос таарынычтар тируулуктун белгиси.) Парктамын. Кайра жылмайдым. Эс ала тушконумду карачы! Козумду ачсам, айлана жапжашыл, кун мээрим чачып кулуп турат. Сейилге чыккан адамдар да конулдуу. Менин да маанайым которунку.
Жакындарымды сагынып кеттим. Уйго жонодум.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#13 16 Май 2013 - 11:32
“Адам бол!” Карылардын оозунан угуп жүргөн көп сөздөрүмдүн бири. Мейли колун жайып батасын берсин, мейли маңдайына отургузуп акылын айтсын, мейли мага айтсын,мейли ага айтсын, кандай айтылса да көп угуп, көп ойлончу болдум. Адам болууга адамдан төрөлүү жетишбейби? Денесинде башы бар, сүйлөйм десе сөзү бар, ою, сезими,каалоосу бар болуп, эки буту менен басып, эки колу менен жумуш кылып жүргөн биз өңдүү жандуулардын баардыгы эле адам эмеспи? Деги эле адам болуу үчүн эмне кылыш керек? Кандай сыноодон өтүп, кандай сууну кечип, кандай ант бериш керек?Же, “чоңураак адамга” “Чай ичип коюңуз” деп ыраазы кылсак эле ал бизди АДАМ кылып коёбу?
Көрсө, адам болуу үчүн эң алгач өзүбүздү тааныш керек турбайбы. Кандай жаралдым, эмнеден жаралдым, эмне себептер менен, кандай миссияны кылуу үчүн, кандай максатта..? Айтор, өзүмө берүүчү суроолор көп. Бул суроолорго жооп издебей, максатсыз жашаган болсок, анда айбандан айырмалай турган башка нерсебиз болбосо керек. Ушул суроолорго жооп издөө, ойлонуу - адам болуу үчүн аттанган жол болуп жүрбөсүн.? Бирок, өзүмдү таануудан мурда Жаратканды таануу керектир? Анткени, мен жаратылганмын. Ал эми мени жараткан Зат мен тууралуу баардыгын билет. Демек, алгач Жаратканды таанысам, анда издеген суроолорума жооп өзү эле табылаар.
Ырас,ата- энем мени кичинемден Жаратканды таанытып АДАМ кыла баштаган тура. Антпесе,маймылдан жаралганыбызга ишенип, айбанга теңелип калышым мүмкүн эле... Максатымды билбей, бараар жеримди аңдабай, курсактын камын гана ойлоп 1 күн менен гана жашаган малдай болуп калышым да мүмкүн эле. Демек, тарбия бул – баардыгын түшүндүрүп АДАМ кылуу. АДАМ кылуу бул – өзүн таанууга, Жаратканды таанууга түрткү болуу. Жаратканды тааныган өзүн да тааныйт, Жараткандан корккон терс иш кылуудан да коркот.
“Адам бол” деп какшап жатышкандыгы - ата-эне баласынын алдындагы милдетин аткарып жатышканды. “Адам бол” деген жөнөкөй эки сөз ичине канчалаган маани-мазмуунду камтып, эң мыкты тарбия берүүчү улуу сөз экенине ынандым.
Эптеп АДАМдын “А”сы болуп алсам мен да “АДАМ бол” деп какшап, тарбия берип калаармын. Ага чейин акыл-эсим аздан АДАМ болууга тырмышып жаткандай, жүрүм-турумум, адеп-ахлагым, башкаларга болгон мамилелерим да АДАМдыкындай болсо экен...
Билдирүүнү түзөткөн: Altyshok: 16 Май 2013 - 11:34
#14 16 Май 2013 - 12:23
Бизге мугалим оз ата энебиз жонундо жазууну тапшырма берген.
Бирок "мен эмне деп жазам. Атам-энем коз жумуп, мени байкелерим уйго батырышпайт деп жазайынбы?
Айланайын апаке жооп берчи эми эмне кылам? Сен барда менден откон бактылуу адам бар беле? Эми мен киммин? Чонойсом ким деген болом? Сабактан "5" алып уйго барсам мени "менин акылдуум " деп эркелеткен создорду эми мен кимден угам? Сиз КАНТ оорусуна чалдыгып жатып калдыныз. Жана 2 айдан кийин коз жумдунуз. Ооруп жаткан убагынызда "мен болбосом байкелерин, женекелерин бар, сени жалгыз калтырышпайт" дечуу элен. Бирок женем тургай оз агаларым мени батырышпады. Зангыраган уйдун бир бурчунан мага жай беруудон аянышат. Кун сайын мектепке кечигип барам, анткени, эрте менен" тур кызым, мектепке кечигесин" деп тургузуп, тамагымды берип, мектепке жоноткон апам эми жок. Мектепке бирде барсам бирде барбайм, анткени менин кийимимди жууган, окуу китептери менен камсыз кылган апам эми жок. Кийимимдин жакасы кир, жакасын жуусан койногумдун топчусу жок. Эмне кылаарымды билбейм. Уйдон чыгып кетким келет, бирок кайда барам, эмне кылам? Бирок уй менен кочонун мен учун айырмасы жокко эсе. Анткени уйдо мага жылуу орун жок. Устумо жапкан жуурканым жука, кышындасы жылуу кийим кийбейм. 5 женем биригип бир сендей боло алышпады. 5 женем болсода баарыбир апамдын ордун баса алышпады. Макул, мага жаман суйлосун, макул мага тамак бербесин
, ага мен нааразы эмесмин. Анткени аларга мен эчкимминда. Бирок агаларымчы? Мен алардын бир боорумунго. 5 агамдын бирида жалгыз карындашына байкелик милдетин аткарып койушпады. Бир жолу жылуу соз уксам кубанып калар элемго. Эмнеге дайым мени кемсинтишип, кагып суйлошот? Аларга эмне жамандык кылдым?
Аларга оордугум деле тийбейт.
Анткени оордугум тийчуудой эч нерсе кылыша алган жок" - деп класста копко ойлонуп отуруп козумдон жашда чыгып кетиптир. Мугалим сурады "сага эмне болду? Эмнеге жазбай жатасын" деп сурады. Мен ого бетер шолоктоп ыйлап жибердим. Мугалим мага уйго кете беруумо уруксат берди...
Кочого чыктым эми кайда барсам деп ойлонуп турам. Уйго барсабы? Уйго барып эмне кылам? Баягыле женемдин каарданып "эй жетим" деп чакырган создорун угамбы? Анда уйго барбасам андан бетер тийлдейтко" эмне кеч келдин" деп. Анткени уйдогу иштердин баарын мага жуктогонда. ..
Мен кун сайын тамак жасайм, уй жумуштарын жасайм.
Кун сайын женемден тил укпаш учун таттуу тамак жасаганды уйрондум. Эгер сен мен жасаган тамактарымды жесен ого бетер кубанмаксында, туурабы? Апаке , кана эми сен жанымда болсон, сен оорусан сага карап, таттуу тамактарды бышырып берсем, деп кыялданам. Бирок булардын куру кыял экенин туйганымда кайрадан шолоктоп ыйлайм. Эмнеге бардык кыздардын апасы бар а меники жок деп кун сайын ыйлайм. Ыйлаган убагымда коз жашымды аарчып койуунун ордуна женем мени сабайт. "башыма буткон балээ болдунго, сенден качан кутулам" деп кун сайын айтат. Мен болсо эмне кылаарымды билбейм. Байкеме айтсамбы? Ага айтсам деле пайдасы жокда. Укмаксанга салып туруп кетет. Журогум эзилип кетти. Мурун ар дайым кулуп жургон жузум азыр жылмаюу эмне экенин унутуп деле калды. Коздорум жаштан арыла албай ыйлайт...
Апаке, сени сагындым. Бирок сени эми коро албайм. Сени 1 жолу гана коруп алсам. Сенин бир жолу "кызым" деген созунду дагы бир жолу уксам армансыз бул дуйнодон отор элем.
Мына ушинтип 3 жылдан бери кун сайын ушул акыбал кайталанат. Бирок бул мага болгон ташбоордуктун качан бутушунон али дайын жок. Бир куну байкелерим, женелерим мени тушунуп, оз кучагын жаяр деген умут менен жашап келем АПА
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#15 17 Май 2013 - 19:50
Жерди, күндү, айды жана жылдыздарды,
Жаратып бир койгон ыйык бир АЛЛАны.
Аздык кылат өмүр бою мактасак да,
Болсун чексиз бүт мактоолор ЖАРАТКАНГА!
АЛЛА бирөө бирок баарын башкарат,
АЛЛА гана айткан нерсе жасалат.
Бир да жан жок ЖАРАТКАНга теңелчү,
Ал боорукер, кечиримдүү ыйык зат.
Билип-билбей кылган күнөөлөрүмдү,
Кечирер деп үмүт кылам АЛЛАдан.
Арам ойдон тазалай көр жүрөктү,
Деп АЛЛАдан тизе бүгүп жалбарам.
”Корком” чындап ЖАРАТКАНдын каарынан,
”Корком” чындап күйгөн тозок отунан.
”Корком” чындап мусурмандык парзымды,
Аткарбастан азап берчү кабырдан.
Бирок коркпойм алып кетчү ажалдан,
Анткени бар ар бир башта бир өлүм.
Чыгып бир күн чырылдаган кара жан,
Чирип кетер жер астында сөөгүм.
Мен го өлөм, бирок калган артымда,
Перзенттерим кандай күндө калышат?
Кубанычтуу окшоп башка балдарга,
Атакелеп кимге чуркап барышат?
Өз перзентин ороп аппак кепинге,
Кантип көмөт кантип чыдайт ата-эне?
Булар үчүн мындан оор азап жок,
Бирок кантсин ыйлайт жүрөк эзиле.
Жаш кезинде кийип жесир көйнөгүн,
Аза күтөт шордуу калган түгөйүм.
Мунун баары эрте келсе кантем деп,
Ойлоп дайым чындап ”коркуп” жүрөмүн.
Кыргызымдан кетппсинчи ынтымак,
Түндүк-түштүк болбосунчу чыркырап.
Деп ”коркомун” көз алдыма келтирсем,
Кайда барат кайран Кыргыз чачырап?
Ачылбастан он гүлүнөн бир гүлү,
Сойку болуп үйдөн чыккан түндөсү.
Кыздарыбыз көбөйбөсүн дер ”корком”
Балким эже же карындаш бирөөсү.
Акча үчүн ууру болуп кармалып,
Тагдырына кара боёк булганып.
”Корком” чындап жигиттерди ойлосом,
Кетип жаткан темир торго камалып.
Көчөлөрдө жана барсаң базарга,
Кайырчылар көбөйгөнү ачык кеп.
”Коркуп” кетем көзүм түшсө аларга,
Дагын канча кайырчылар келет деп...
Жаңы гана бул жашоого төрөлүп,
Жука жоолук же кагазга бөлөнүп.
Таштандыга ыргытылган бөбөктөр,
Кетпесе экен күндөн-күнгө көбөйүп.
Мындай жолго барган сөрөй бул апа,
Эмне үчүн наристесин кыйнады?
Корккшпайбы ЖАРАТКАНдын алдында,
Деп ойлодум. ”Корктум” жүрөк ыйлады.
Бир жорук бар дагын мени ”коркуткан”
Бул коркунуч кенен тарап бараткан.
Кутулушат экен качан Кыргызым?
Түбүң түшкүр ушул арам ”арактан”
Качан бизде ишсиздикти жоюшат?
Качан бизде катуу тартип коюшат?
Эл акысын жеген атка минерлер,
Кайсыл күнү жебес болуп тоюшат?
Өркүндөсүн менин Кыргызстаным!
Көз тийбесин биздин элге башканын.
Оо замандаш сенден ыйлап суранам,
Мен сыяктуу ”КОРКОК” болуп жашагын!! !
Билдирүүнү түзөткөн: Mondur: 17 Май 2013 - 20:46
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#16 17 Май 2013 - 19:51
туугандар, мен бактылуумун! алтындай ата-энем куулу-кучтуу алдан тайыбай, элге аралашып эмгектенип келишет. бобокторум уйго барганда жарыша чуркап, кубанычтуу кыйкырып, мойнума асылып эркелеп тозуп алышат. жаныман чыгышпай бир нерселерди чулдурашып артыман ээрчип алышкандарычы. ..
жолдошум бар суйуктуу, турмуштун ысык-суугун чогу тарткан, омурлук тугойум. кайын энем, кайын атам бар келин дебей жаным кызым деп турган. кайнилерим бар эл суктанган, женелеп оорумду колумдан алган.бассам турсам ата энелерибизге ден соолук тилеп келем. дайым бар болуп биздин жакшылыгыбызды корушсо экен. синдим, инилерим келечекте эл керегине жараган инсандардан болушса экен.
анан дагы уулубуз бар атасына окшогон, коздору меники />. кун сайын жаны кылыктары менен кубандырган. чарчап чалыгып алыстан келсем апалап бытыгый колдорун сунуп мойнума асылып тозуп алган. жаратканым ушуга шугур!
жолдошум математика жана механика илимдеринин кандидаты.
жолдошумдун апасы уулду болгондо менчилеп мандайы жарыла суйунгонун, бала кезиндеги кылыктарын айтып тугото албайт. апаке ушундай уулду тарбиялап остургонунузго рахмат! кайын атам 30 жыл аптекада эмгек кылган. оорусам ой-боюма койбой апам экоо кичинекей кыздай кылып жетелеп доктурга жоношот. атамдын торундо эркелеп чонойсом, келин болгону андан эркелетишет. жаратканым ушунуна шугур! ооба ооба мен бактылуумун!
Билдирүүнү түзөткөн: ROUSE: 18 Май 2013 - 15:24
#17 17 Май 2013 - 22:06
Апаке мээрмиңди төккөн жаным,
Жылуулук берип турчу кундө дайым.
Ардагым апакем ай сыздаттың го,
Жалгыз кызың сен таштап сапар алдын.
Мен мында сар санаага ойго баттым.
Атакем болсо неле кыйбай жанын,
Ар түркүн каптап барат ойдун баарын,
Апакебай кыйнайсың не?
Жалгызыңдын курган жанын.
Кара жер тойбойт тура алып баарын,
Кучагында кара жердин сен жатасың.
Жалгыз кызың сени ойлоп күндө дайым,
Көздөрүнөн куят жашын мөлт-мөлт дайым.
Караан болуп бербейт белең атаке.
Билбейм ата сенден кандай айрылгам,
Бул тагдырдын сыноосуна кабылгам.
Апакемди жөлөк кылып жүргөндө.
Таш боор тагдыр апакемден айрыган.
Ата деген сөздү гана жаңыртам,
Карааның жок эркелетип чакырган.
Бул дүйнөдө көзүн тирүү болгондо,
Жөлөйт белең жалгыз кызың артынан.
Кандай жашоо арнап берген бактыма,
Жалгызмын дейм күндө сени сагына,
Бүл дүйнөдө көзүң тирүү болгондо,
Мындай нерсе болбос эле бактыма.
Мен жалгызмын жапжаш калгам ааламда,
Кеттиң неге таштап мени азапка.
Жалгыз кызың болсо неле жаныңда,
Болбойт беле мындай арман, азап да.
Башка балдар атакелеп чуркаса,
Ички дүйнөм туз куйгандай тызылдайт.
Атаке деп ичтен айтам арманым,
Ыйламсырап жүрөк булкуп ызылдайт.
Көздөрүмө жаш айланта термелип.
Көктү тиктейм ызыранам жетпеймин.
Ата деймин ата жытын энсеймиң,
Ыйласам да карааныңа жетпеймин.
Ата үнүң уксам деймин ар качан,
Ташбоор жашоо алып кетсе кантейин.
Эркелеткен карааныңды билбеймин,
Эркелетчү атакем жок кантейин.
Азап салып жалгыз кызың башына,
Таштап мени кетсең эми кантейин.
#18 17 Май 2013 - 22:15
Балалык! Балалыктан бизде бир гана бактылуу коз ирмемдер сакталып калат тура.. Ошол ак-ниет журоктун тунуктугу тунарып, ак баракты кара сыя булгагандай булганганын байкабай да калат экенбиз. Эне! Эне учун бала дайыма аппак болот экен, карга да баласын аппагым дегендей. Апам! Апа! Апакебай сенден алыстап ошол куну, алгачыкы ирет алыска сапар тартып кетип бара жаттым, жерди карадым, абадан кере-кере дем тарттым, да самолетко туштум. «Баары башкача болот»-дечумун сенден алыстап мен бактылуу, да башкача да боло албадым. Кундо чалып мени сагынып, атам экоон «Кантти биздин эркебиз»- деп аяп олтурганынарды сезгенде, жаным жаман туйлачуу. Силерден кем эмес айылымды сагынганда, байкемден жашырынып, кичи балдар сейил багында, окусуп-оксуп ыйлаган кундорум баары калптай, бироо укса туштой, сыяктанса керек. Жок мен буларды ойумдан чыгарбадым, бул менин айтыла элек сырларымдын бири эле….. Жер! Жер-эне Кыргыз жерим. Кагылайын караанындан Кыргызстаным! Сени эстегенде коз жашым тогулгонун озум да байкабай калам. Ак монгулуу тоолорун менен, молтур сууларын менен аман турасынбы кутман жерим! Сен жерлердин сулуусусун, азыр кыздай жасангандырсын, тоо-таштарындын баары гулго оронгондур. Жер эне билесинби балалык чагымда жан болушкус сырымды, жалгыз сага ыраа коруп айтчуу элем. Чонойдум, курбу куттум, балалык аео сезимдер жок, журогумдо туман. Баягы кор турмуш, окуш керек, акча табыш керек, жана баарынан озуп кетуу керек, эл козуно корунуу керек. Мунун баары эмнеге? Дипломду, байлыгымды, талантымды мен сенин кучагына киргенде кошо алып кире аламынбы. айтчы жер эне? Буткул омурумду жумшап ошол диплом, ошол ашынган данк, ошол байлык, ошол сезимдер менен кучагына киргенде мага эмне пайдасы? Эки тыйын учун, бир «5» деген баа учун, таланттуу деген наам учун мен жумшаган кучумду сени, мени, аны жараткан АЛЛАХ учун жумашадымбы?
Жер эне.
«-Жоок кагылайын алтын кызым. Кыргызстанын турат, ал да калган олколордой кучагымдын чордонунда. Мен аны озгочо абайлап турам. Санаан менен алпурушуп озунду жектегенди токтот! Ооба бизди жараткан жалгыз АЛЛАХ ! Анын окумуно баары баш ийет, мына ошон учун сыноо деген дуйно бул. Албетте кучагыма сен ошол мал-мулк, атак-данк, жана ашынган талантынды алып келе албайсын. Мен сени кучагыма жалгыз кылган жакшы иштерин, ыйманын журогун толо нур менен, урмат-сыйга мол пейилин менен, байкуштунардын керегине жараган, жардам колун сунуп алкышына татыган, «Кичи пейил жакшы адам»,-деген ат менен, же болбосо ошол корунушко таптакыр карама-каршы жаман, жексур нечен адамды сыздаткан мыккаачы, бироонун бактысына балта чабып, жин-шайтандын оюну менен ойногон, «Начар адам»- деген ат менен гана киресин, жана туболук ошол наам менен каласын. Кызым сага ишенем, дагы убакыт бар кеч эмес, "Жакшы адам эле"- деген атка умтула бер»… -Деген жоопту кутом. Бирок ошол жоопту мен жан дуйномдон таптым. Азыр кеч эмес, экенин туям. Ушул сыятуу каттарды мен журогумо кандын сыясы менен жазып, коодонумо бекем катып келе жатам. Жер энем! Кыргыз жерим корушкончо аман тур алтын кызын (……..)
Билдирүүнү түзөткөн: Suniya: 17 Май 2013 - 22:29
#19 17 Май 2013 - 22:17
Жалгызсырайм бул жалганда бир өзүм,
Жараткандан үмүтүмдү үзбөдүм.
Апакемден айрылсам да ишенбей,
Келеби деп күдөрүмдү үзбөдүм.
Жалгыз жатам караңгы түн жамынып,
Ээн калгандай бул жалган да жансыздык.
Шырп эткендей үндү уксам капыстан,
Апакем деп жалт караймын ашыгып.
Жалгыз бөлмө бир бурчунда мен жатам,
Жалгызсырап ойлор менен сырдашам.
Болсо гана азыр алтын апакем,
Жатпайт белем күндөгүдөй сырдаша.
Ээн талаада калгандаймын мен өзүм,
Алсыздыкпы, жалгыздыкпы жүдөдүм.
Кең ааламда канча жандар жүрсө да,
Жалгызсырап эч бир жерге түтпөдүм.
Күндөр улам алмашкандан- алмашат,
Жалгыздыкка улам түртүп баратат.
Жансыз калган адам өңдүү өңдөнүп,
Жол жээгинде мен басамын санааркап.
Болбосо дейм адамзатка жамандык,
Ата-Энеден айрыбасын азаптык.
Алар кетсе адашкандай жолдордон,
Жалгызсырап калат тура азаттык.
Билдирүүнү түзөткөн: XuLiGaNkA: 17 Май 2013 - 22:18
#20 18 Май 2013 - 05:04
Эсимде сиз кетээрде 'тaйэнен оорукaнaдa,aны коруп келе коем' деп кеткенсиз.Aндaн бери он уч жыл отту,'оорукaнaгa' кеткен сиз дaгы эле келе элексиз.Кичинемде оюнчук ойноп,досторум менен ойноп aлaксып кетчумун,бирок бaргaн сaйын мaгa бир нерсе жетишбей aтты. Кутуп жолду кaрaп,жолдо келе aткaн aялдaрды сизге окшотуп дaлaй жолу жaрым жолдон кaйттым.Сен жокто мен кaнчa жолу ойноп журуп жыгылдым,ошондо сен кaяктa элениз aпa...,бироонун мени жaкшы соз aйтып эркелетишин сaмaдым,чaчымдaн сылaп мaгa aкыл уйротушун,досторумдун aпaсынa окшоп кеч киргенде 'уйго кел' деп чaкыруусун сaмaдым,сырдaшып, дaрттaшып,кызыккaн суроолорумду сурaсaм деп сaмaдым,досторум менен ойноп aтып урушуп кетсек мени коруп,колдогон бироонун жaнымдa болушун сaмaдым,сиз ошондо кaяктa элениз aпa!!!
Бир куну уйго келе aтсaм кийимдери кир,чaчтaры чaтышкaн мени коруп кошунa эжелер жaлооруй кaрaды, 'Оруссиядaн келбес болду бунун aпaсы' деген созду кулaгым чaлды,ошондо сенин оорукaнaгa эмес,aлыстaргa кеткенинди билдим .Буттaрым тушaлып,козум кaрaнгылaп сенделип эптеп уйго келдим,кичинекей кезимде,озумдун тaттуу дуйномдо кутуу менен,умут менен жaшaп aткaндa бул соз мaгa оор сокку болду,бaлaпaн журогум бугa кaнтип чыдaсын,сен ошондо кaерде элен aпa,уйго киреерим менен Оруссиягa унум жете тургaнсып 'aпaa!' деп aчуу кыйкырып aлдым,жердеги килемге кулaдым,aры-бери тоголунуп,дубaлдaрды тепкилеп ыйлaп aттым,ыйлaп aтып козумду aчсaм дубaлдaр устумо жыгылчудaй бaшым aйлaнып aтыптыр,кaнчa ыйлaп жaткaнымды билбейм,бир мaaлдa эсиме келсем китептин бетин сызгылaп aтыпмын,ушундaй куч менен сызыпмын,китептин бaрaктaры кaтaр кaтaр жыртылып кетиптир(ошондо эле жaзгaнды, бaрaккa сырымды,куйутумду токконду жaкшы корот экен элем).
Мени беш жaшымдa aтaм менен жaлгыз тaштaп кaнтип кеттин aпa,кaнтип бугa конулун чыдaды,эч ойлогон жоксунбу бул кыз менсиз кaнтет деп, 'тaйэнеси келип кетип кaрaлaшып турaт' депсин,aпaдaн бaшкa эч бир aдaм aпaнын ордуну тутa aлбaшыны билбейсинби aпa!Менден дa aкчa кымбaт беле,менден дa кийим,мaшинa кымбaт беле aпa...Мен сенин жaнындa чонойсом болбойт беле aпa...
Aтa деген эркек aдaм болгону учунбу aпaдaй кызгa жaкын боло aлбaйт экен.Aны жоктоп,aгa кaмкоордук коро aлбaйт экен.Бечaрa aтaм бир буту чолок дa болсо тaпкaн тaшыгaны менен мени бaккaнгa aрaкетин aябaйт эле.
Бaргaн сaйын 'aпa' деген созду унутуп,ичимде бир сыздоо пaйдa боло бaштaды, 'aпa' деп бaрaктaргa кaнчa жолу кaйтaлaп жaзсaм дa,aпaм жонундо соз суйлочу эмесмин,aйткaндaн уялaт элем же коркот элем,aзыргa чейин билбейм.Эн сонун кундорумду, тaптaзa бaлaлыгымды, бaлaлык эркиндигимди сaттын,булгaдын aпa!Сен куноолусун бугa!Мен сени aзыр корсом же сен мени aзыр корсон бири бирибизди тaaныбaйт болушубуз керек,ошого мен сизге 'сен' эле дегеним туурa го дейм.Сен жок мен тируулой жетим кыз болуп чонойдум,курсaгым кееде ток дa,кееде aч,колум десен кирден 'кыш' туруп кеткен...бaaры менден жийиркенет, нaн берсе дa aстейдил узaтышaт...Ошол жийиркеничтуу кызынды кочодогу селсaяк бaлдaр он торт жaшындa aлдaп,кыстaп 'кыз' деген aтыны очурду!! ! Aлaр мени aлдaп,aрбaп aткaндa сен кaяктa элен aпa!!!
Aндaн бир жыл отуп отбой шордуу aтaмды жерге бердим,озу оорукчaн болсо,кaроосуз кaлсa,aгa кусa,умут кошулуп бaйкуш aтaм которо aлбaй кaлды окшойт,жaлгыз бaшымa уйго ээлик кылып тaйэнемдин жaрдaмы менен тaжиягa келгендерди узaттык,ошондо сен кaятa элен aпa...
Он сегиз жaшымa келгенде бaшкaчa кыз болуп чыгa келдим,тaш боор,эч кимге ишенбеген,aкчaсы бaрлaрды онойлук менен aлдaп койгон,бирок aкчaсынын ордунa эч нерсе кaйтaрып бербеген,керектуу жерлерде сылык,керексиз жерлерде орой болуп озгоро кaлгaн,колунaн aр иш келген,шыпылдaгaн кыз болдум,aпa...Тaгдыр, турмуштун эн кaтaaл кундорун мaгa буюруп мерез кыз кылып тaрбиялaды.Билем aлдоо менен кунум отот,бугa сулуулугумду жaнa тилимди гaнa колдоном,кичинемдегидей жaкшы коргон нерсеге жете aлбaй кaлуу деген жок aзыр менде,кaaлaгaн нерсеме жетем,aлaм жaнa aл менин болот,болот десем болот,коздогон нерсеме жеткенге чейин aрткa кaйтыш жок!
Менин эн жaкшы озгочолугум мaндaйымдaгы aдaмдын козунон,кaбaгынaн, эрининен жaнa кол aрaкеттеринен aлaрдын aзыр мaгa эмне aйтaaрын сезе билгеним.Бунун жaрдaмы менен кaнчaлaгaн менменсиген соодaгерлер сызгa отурду.A,бaсa мени боор aчуу сезимимди ойгото тургaн жaлгыз нерсе aл кaроосуз жaш бaлдaр.Aлaрды коргондо мен озумду кузгудон коргондой болом.
Aзыр менин бир гaнa мaксaтым сени тaбуу,мени эмнеге тaштaп кеттин себебини билуу,бaрсa-келбес жер болгон Оруссиягa келем жaкындa aпa,aз кaлды,aл жaкты коздой сaпaр aлуудaмын,сени тaбaм,коздогон нерсеме жеткенге чейин aрткa кaйтыш жок!
Билдирүүнү түзөткөн: elif: 18 Май 2013 - 16:11