jigit.85 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 83 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (73 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 07 Декабрь 13
- Кароолор:
- 22 022
- Соңку аракети
- 26 Июл 2023 22:31
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 39 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 28, 1985
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Иркутск
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Ким эле кыргыз ким болду.
Жазылган күн: 30 Июн 2015
КИМ ЭЛЕ КЫРГЫЗ,КИМ БОЛДУ?!.
Ааламдардын Эгеси,
Мактоолор болсун Аллага,
Омурго мени жаратып,
Онорду берди ал мага.
Оймок ооз, ийне тил,
Ыр коозун терип саймага.
Баатырлар откон акындан,
Баш ийбей манап, байга да.
Атылган октой созу учун,
Асылып кеткен даргага.
Камчысы кандуу хандарга,
Какшык соз айткан каймана.
Бабалар баскан жол менен,
Баратам ээрчип жай гана.
Бурулбай байлык, мансаптай,
Булганыч аккан дайрага,
Калкыма тийсин комогум.
Калк коргон кунду коромун,
Кайылмын кара жармага.
Акындык таза дил менен,
«Айтсын» деп кызыл тил берген.
Ок жетпес жерге соз жетет,
Ойлосом чыны тил- мерген.
Жебедей таамай кадалып,
Женилбес эрди тил женген.
Акыйкат айткан соз учун,
Акынга болбойт жинденген.
Баа жеткис кенеш калтырган,
Бабаларыбыз бир келген.
Баш кесет, бирок тил кеспейт,
Деген соз калган кимдерден?
Бабанын созун ким чанса,
«Манкурт» деп элим чин берген.
Таба албай туура бир жолду,
Тамтандап бастык мин жолду.
Баа жеткис баба мурастын,
Баарына салып кир колду.
Торундо бийлик талашып,
Тонкоруш менен дун болду.
Тайманбай чыккан кыйындар,
Тапанча тийип тим болду.
Калкым деген азайып,
Алкым деген мин болду.
Журтум деген азайып,
Кулкун деген мин болду.
Элим деген азайып,
Жемим деген мин болду.
«Манасын гана мактаган,
Мамлекетпи же индомбу»?
Деген, какшыгын угуп бироонун,
Кайгырып коонум кир болду.
Кичине айтып отойун,
Ким эле кыргыз, ким болду?!.
Торуно малын жайлаган,
Торт тулук семиз бактырып.
Ак боз уй тигип жанына,
Аттарга мамы кактырып,
Жолоочу отсо жол менен,
Жоргочон жигит чаптырып.
Коюн союп коноктоп,
Кооздолгон уйго жаткырып.
Аттанчу конок эртеси,
Ал уйго тилеп жакшылык.
Ал азыр бизге мындай иш,
Аябай чоочун, жат кылык.
Далдаалап уйун бекитип,
Дарбаза курат айланып.
Кол- бутун жутуп ийчудой,
Короодо добот байланып.
Терезе, эшик ичинен,
Темир тор менен кармалып.
Кирген, чыккан кишинин,
Кийимине карап жайгарып.
Кайран кыргыз пейили,
Кай жакка кетти айдалып?
Карынын суусар тебетей,
Капталдан желге улпулдоп,
Санжыра айтса балдарга,
Санаты бутпой кун- тундоп.
Чанкаса суусун кандырып,
Чаначта кымыз курпулдоп.
Тарыхтан айткан жаштарга,
Так билип, айта журсун деп,
Кылгырган угуп коз жашым,
Кытайга качкан уркун деп.
Коп уккан учун карыны,
Кокурогумдо мулкум коп.
Ал азыр жаштар тынсынып,
«Колхоз» деп айтат карысын.
Унутуп элдик кааданы,
Улууга салып далысын.
Койрондор кондой кокурок,
Койноктун тап дейт жанысын.
Баарысын жасайт ата- эне,
Бакыттай коруп анысын,
Ойлобойт кобу эркелик,
Он жолдон буруп салышын.
Ак сакалдардан жок эмес,
Алпарбай дукон карызын.
Сакалдан арак чуурутуп,
Сактабай арын, намысын.
Кемпирин сабап уйундо,
Келинге болуп абысын.
Балит соз айтып олтурса,
Батасы кайдан жарысын,
Жоругу мындай кишинин,
Жолдойбу жаштар багытын?..
«Кырк чачы улуу кыздын» деп,
Кымбат бул макал жакшы ырдан,
Кыз- деген назик, кызыл гул,
Кырк уйдон коруп бактырган.
Ай нуруна чагылтып,
Ак бермет, шууру тактырган.
Кочкондо аттын жакшысын,
Коркомдоп жабуу жаптырган.
Саймалуу жоолук, такыя,
Салтанат менен бастырган.
Аккуудай келбет кылыгы,
Ак карлуу кышты жаз кылган.
Ал тургай сурдуу хан Жантай,
Алсырап Моорду жактырган.
Откон сон мезгил шамалдай,
Озгорду кыздар таптаза.
Кумсарып ону саргайган,
Куйгансып шорпо чачка да,
Бетине уйлоп тутунду,
Беркиден жутуп аз гана,
Айбан да кылаар иш эмес,
Абийирин сатып акчага,
Кыргыздар учун бул адат,
Кылымда болбос, маскара.
Таяктын эки жагы бар,
Тартиптуу кыздар дагы бар,
Ыймандуу кыздар бар учун,
Ырыстуу элдин багы бар.
Бузулган жагын айтайын,
Бугум бар ичте жарылаар.
Качырат алар кутуну,
Капканга туртот бутуну.
Ай отпой бойдон алдырат,
Азап го кыргыз тукуму.
Жазыксыз кайран наристе,
Жашоого болбойт укугу.
Топтошуп бийлик талашпай,
Токтотсок кантет ушуну?..
Эр жигит элдин четинде,
Энишкен жоонун бетинде.
Аталар айткан бул макал,
Ар кимдин бардыр эсинде.
Далилдеп откон Чолпонбай,
Дзотту тоскон кезинде.
«Ордонду душман басканча,
Ойгонбой уйдо жатканча,
Оронгон артык кепинге».
Ушундай баатыр создорду,
Улуулар куйган сезимге,
Тепсетпей баба арбагын,
Талатпай жоого мал- жанын.
Жесир таштап алганын,
Жетим таштап балдарын,
Уудан да ачуу намысты,
Учуна байлап найзанын.
Мекени учун кылычтын,
Мизине коюп кан- жанын.
Сыздаган бирок сынбаган,
Сыноосун тартып Алланын.
А бугун,улбуроп аран биликтер,
Узулгон турат умуттор.
Алптардын жолун улантчу,
Азайып калды жигиттер.
Торт туяк турчу такалуу,
Тогулгон этке кулуктор.
Таш болуп булчун тырышкан,
Тамтык жок кулак бырышкан.
Мандайы тердеп иш кылбай,
Манжасын аяп турушкан.
Жетоо тегиз аттанып,
Жоо чаап келчу баштанып,
Жортуулга тундоп чыгышкан.
Сугалак иттей сук артат,
Сумканын корсо домпогун.
Тыгылып маршрут ичинде,
Тытмалап элдин чонтогун.
Кой десен баары жабылып,
Койгулап жатса келтегин.
Камкору болбой мекендин,
Канкору болду олконун.
Аларды салбай тартипке,
Айланды чондор артистке,
Бийликтин соруп эмчегин.
Абалкы кыргыз той берсе,
Айылдан майрам шан чыгып.
Жети дубан кыргызга,
Жеткирип кабар айтылып.
Жебедей сызган, жел жетпес,
Жер чапчып кулук алкынып.
Кырк жигит чаап кок бору,
Кызышып атка камчы уруп.
Устукан берип жаштарга,
Улуусу нуска калтырып.
Кылкыяк, комуз, чопо чоор,
Кылымдын куусу тартылып.
Таймашса токмо акындар,
Тандайга тили жанчылып.
Айтыштан женген мыктысы,
Ал тойго кылган жарчылык.
Ак бата алып той ээси,
Айлында болгон барчылык.
Азыр, Той берсе чондор бапырап,
Топ жылкы соёт тапырап.
Чертилген комуз куусу жок,
Чет элден ырчы чакырат.
Чечинген жарым кийимчен,
Чет элче ырдап бакырат.
Тилдесе деле бутундой,
Тилине кобу тушунбой.
«Бали» дейт колдор шатырап.
Ак эмгек менен таппаган,
Арам дуйно чачылат.
«Бодононун» суту деп,
Ботолко далай ачылат.
Аялы душман корунуп,
Арстандай атылат.
Уркутуп сабап балдарын,
Уйунун кутун качырат.
Биригип достор жур дешип,
Бирин- бири кашылап.
Кыздар бар сауналарда,
Кызматын кылган асырап.
Арам акча коп болсо,
Азгырык ишке ким барбайт.
Азгырган шайтан кылыгы,
Адамды тургай жинди алдайт.
Ал жакта болгон жорукту,
Айтууга кызыл тил барбайт.
Акылмандар калтырган,
Айтайын элдик макалды.
«Конулун суйгон уулуна,
Корсотпо деген базарды».
Чанжырап суйлой берет деп,
Чандынбы кыргыз атанды?
Акча деп кунду батырып,
Акча деп тостук азанды.
Акчага сатып жибердик,
Ак калпак, комуз, чапанды.
Карылар айткан кайран соз,
Карытпай калды сапарды.
«Пулун болсо, кулунмун»,
Деген созго такалды.
Атасы он сом бербесе,
Мектепке барбайт баласы,
Аз акча берсен албайм деп,
Сабакка бугун барбайм деп.
Уйдо да базар карачы?
Ар- бир кызмат орундун,
Атайын койгон баасы бар.
Акылдын тийбейт пайдасы,
Акчан бар болсо сатып ал.
Беш айда иштеп кайрадан,
Бергенин уйго ташып ал.
Баш ийбесен кубалайт,
«Базарком» деген башы бар…
КМШнын базары,
Кыргызстан- деп аталды.
Кыргызда ушул акыбал.
Байлыгын болбойт арачы,
Башбаккан ажал ойнуна.
Акчасын жыйнап олгондор,
Ала жатпайт койнуна.
А коро ыйман жыйнагын.
Акча, байлык ордуна,
Кордо да бирге сен менен,
Кок тумар болуп мойнуна.
Кулкундун кулу болбостон,
Кудайдын кулу болгула!
Алкымдын кулу болбостон,
Аллахтын кулу болгула!
Кулуктордон жал кетти,
Жигитерден ал кетти.
Аныздагы дан кетти,
Адырдагы мал кетти.
Чопту, гулду куйкалап,
Чегинен ашып жай кетти.
Багбанчыдан иш кетти,
Балбандардан куч кетти.
Каада- салт улуу мурастар,
Кайрылбай баары туз кетти.
Берекеси азайып,
Пейили тарып куз кетти.
Куулонуп бакыт куш кетти,
Куйоосуз тороп кыз кетти.
Тоболдор бийлик талашып,
Торубуздон кут кетти.
Катуулап суук жылдан- жыл,
Калыбын бузуп кыш кетти.
Кесилип кыздан чач кетти,
Келинден ыйман наз кетти.
Келген конок суйулбой,
Кемегеден аш кетти.
Мондурлоп кочку сел менен,
Мээримин токпой жаз кетти.
Улуудан нуска кеп кетти,
Кичуудон акыл- эс кетти.
Алардын баарын сугунуп,
Ары жок арак жеп кетти.
Жемиштин баарын курт басты,
Жер бетинен ырк качты,
Батыштын сасык туманы,
Бардык элди чылк басты.
Жоболондуу иш жасап,
Жол бербесе да шарият,
Азайып бара жаткандай,
Адеп, намыс, ар, уят.
Татыксыз биздин пейилге,
Таарынып жатат табият.
Жок деген сайын адамдын,
Жоголуп пейли кичирет.
Пейлин тар болсо дуйно тар,
Пенделер жакшы тушунот.
Эл жаткан сайын битиреп,
Жер жаткан жокпу титиреп?..
Отурсам, турсам, бассам да,
Кунуго кечте жатканда,
Эл журтка ыйман бергин деп,
Эгемен тилейм жуз ирээт.
Тайлантка барып бир кезде,
Тайрандабады ким гана?
Эл жери кеткен бузулуп,
Мекендеп шайтан, жин гана.
Жык толуп турист дуйнодон,
Жыланач кыздар бийлеген.
Айтканга барбайт тил да ага,
Алланын тушуп каары,
Ал жерде болду «зилзала».
Пендеден канча кырылып,
Мекемелер жыгылып,
Мечиттер калды бир гана.
Кудайдын ошол белгиси,
Курдашым аны танбагын.
Башына келсе бир олум,
Байлыгын бербейт жардамын.
Ишенбей жатсан олумго,
Жети атан кайда ардагым?
Бар болсун ыйман пейлибиз,
Башынан ушул арманым.
Отурук эмес чынды айттым,
Озокто куйгон мунду айттым,
Озун бил журтум калганын!.. -
Ачуу чындык айтыш!
Жазылган күн: 11 Июн 2015
"Адашкан телефон чалуу"
Бир куну кокустан телефонума башка мага бейтааныш болгон номер чалып калды. Алсам бир кичинекей кыз
-Ата ата сенсинби сени сагындым келбейсинби деп ыйламсыраган уну угулду. Адашып тушуп калса керек деген ойдо
-Ээ кызым сен башкага чалып алдын, мен атан эмесмин дедим да телефонду очуруп койдум. Оз алдымча коз алдыма 4-5жаштагы кызды элестеттим да жылмайып койуп жолума туштум. Кечке маал эсимен чыгып кеткен экен, кайра ошол номер чалып калды. Алсам дагы эле ошол кыз
-Ата атаке сенден суранам билемин бизди багамын деп алыс жакка иштегени кетиптирсин. Кел десем келе албасынды да билем апам айтты, жок дегенде телефондон болсо да эркелетип койчу атаке сени эркелеткенинди сагындым деп суйлоп жатканда телефонумдун батарейкасы очуп калды. Озумчо ойлондум да мейли кайра чалса эркелетип койом да деген ойдо калдым. Эртеси кайрадан чалды. Алдын ала даярданып алганга шарт эле
-Ээ кызым мен да сени сагындым ананайыным, менин кичинекейим деп оозума кирген жакшы создор менен эркелете бердим. Анын кубанычына чек жок экенин, суюнгондон ыйламсырап жатканын да байкап турдум. Макул атаке эртен чалам деп дагы бирдемкелерди айтып жатканда байланыш узулуп калды. Кайра чалайын деп чалууга конулум барбады. Эртеси куттум чалып калса кичинекей кыздын конулу сынбасын, эркелетсем эмне болуптур озумдун балдарымдай эркелетип коё берем да деп койдум. Арадан 3-4кун отуп калганда баягы номер кайра чыкты. Шашып калганымдан алло дебей эле кандайсын кызым жакшыбы эмне чалбай калдын деп суйлоп жатсам телефондон чон эле аялдын
-Кечиресиз мен сизге бир нерсе айтайын дедим эле деп мукактана калды.
-Айта бер карындашым тартынбай дегиче болбой озу соз баштап калды.
-Кызым оорукчан болгондуктан атасы авариядан каза болгонун айта албай, алыска иштегени кеткен десем телефон чалып бер дегенинен оюмдан чыгарып эле ушул атандын жаны номери деп терип колуна карматып койгом. Ошол кундон тартып ал сиз менен ата деп суйлошуп жургон.
"Суйлошуп жургон" деген созу мени кыжаалат кылып шаша-буша
-Азыр кана жакшыбы озу каякта деп суроо артынан суроолорду берип жатып ал аялдын ыйлаган унунон токтоп калдым.
-3-4кун мурда талмасы кармап катуу ооруп жатып жылмайып "атам мени эркелетти, атам жакшы адам а" деп жатып аманатын тапшырды, атасынын артынан кетти, мени жалгыз таштап кетти деп ыйлап жатып телефонду койоордо дагы бир жолу бизди кечирип коюнуз деп очуруп койду. Кайра чалып кантип кайрат айтаарымды билбей башым ман болуп калды деп созун аяктады. Турмушта ушуга окшогон кызыктуу нары кайгылуу окуялар ар бир адамда кездешээрин угуп калчумун. Эми минтип оз башымдан отту дейт эски таанышым.
(Кочурулду) -
Өлкөбүздөгү эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаев каза болду.
Жазылган күн: 1 Июн 2015
Бүгүн эртең менен өлкөбүздөгү эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаев каза тапты. Бул тууралуу 1-июнда жакын досу Нурлан Алишеров SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, анын сөөгү 3-июнь күнү өзү туулуп-өскөн Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында жерге берилет.
Айта кетсек, Жеңишбек кант диабети жана бөйрөк оорусунан жабыркап келген. Анын айынан 4-5 ай мурун ордунан тура албай калган жана бир бутун кестирген.
Жеңишбек Райымбаев 1979-жылы Ак-Кыя айылында жарык дүйнөгө келген. Анын боюнун узундугу 2 метр 32 сантиметр болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жеңишбек Райымбаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. -
Саманчынын жолу
Жазылган күн: 28 Май 2015
Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерде көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын.
Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам Нагийма Айтматова сага арнаймын.
1
-Амансыңбы, кутуу талаам?
-Аманчылык. Келдиңби, Толгонай? Былтыркыдан да карый түшүпсүң го. Чачың куудай, колуңда таяк.
-Өмүр өтүп бара жатпайбы, жер-энем, арадан дагы бир жыл өттү. Бүгүн менин сыйынуу күнүм.
-Билем. Келериңди күтүп жаткам, Толгонай. Бул жолу сен баланы да ээрчитип келмек эмес белең?
-Ооба, бирок бул сапар да жалгыз келдим.
-Демек, сен ага эчтеке айткан эмес экенсиң да, Толгонай.
-Жок, айталбадым.
-Айтор, эртеби-кечпи, акыры бир күнү ал угат да, Толгонай. Элдин арасында оозу бош бирөө-жарым жок дейсиңби?
-Аның чын. Эртеби-кечпи, акыры бир күнү билет. Аркы-теркини түшүнө тургандай чоңоюп да калды өзү. Бирок мен үчүн ал дагы эле чалагайым бала сыяктанат. Корком, балалык кылып, өткөн-кеткенди туура түшүнө албай, ичи сууп калабы деп аярлайм. Анткен менен адам чындыкты бир күнү билиш керек да. Мен билген чындыкты сырдашым, касиеттүү жер, сен билген чындыкты, элдин баары билген чындыкты азырынча жалгыз ал гана билбейт. Аны укканда эмне дээр экен, кандай ойлорго кабылып, кептин аныгына жеталар бекен? Канткенде баланын жүрөгүн үшүтпөй, жаштайынан турмуштан көңүлүн калтырбай, сырымды айтып бере алар экенмин? Эки ооз сөз менен түшүндүрүп берчү иш болсо кана. Кийинки күндөрдө ойлогонум эле ушул, күнү-түнү ойлоном. Кышында сыркоолоп, төшөктө жатканымда, өлүмдөн анча коркон жокмун, ажал жетсе, каяша кылбай.ю шыр эле жүрүп кетмекмин. Бирок, көзүм жумулуп кетсе айтаар керээзимди айтып жетишеалбай, өзүм менен кошо көр астына ала кетемби деп, аябай жүрөгүм түштү. Ал эси жок аны кайдан билсин, демейде тентек чалыш неме мектепке да барбай калып, жанымдан чыкпай жүрдү. Апасын тарткан күйөрман: "Эне кай жериң ооруйт? Суу ичесиңби, же даарыңдан берейинби, эне? Үстүңдү жылуулап коёюнбу?" -деп эле турат. Ушинткенде- оозум барбады, кудуретим жетпеди. Байкушум эч кандай арамзасы жок, жеткен бир ишенчээк, дагыле наристе бойдон. Эчтекеден күмөн санап койбойт. Анан мен кантип айтмак элем. Ушуну менен эле сөздүн учугун таба албай алекмин. Минтип да, тигинтип да таразага тартып көрөм: жөн эле айтып берчү жомок эмес экен да. Айланып келип бир пикирге такалам: болгон чындыкты бала туура түшүнүш үчүн мен ага жалгыз гана анын тагдырын эмес, бүт замандын тарыхын, өткөн кеткендер жөнүндө, өзүм жөнүндө, баарын күбө болгон, касиеттүү талаам, сен жөнүндө, ал түгүл ушул кезде эчтекеден бейкапар минп ойноп жүргөн велосипеди жөнүндө айтып беришим керек. Балким мына ошондо гана туура болор. Турмуш баарызды бир түйүнгө байланыштырып, камырдай жууруп салган турбайбы: эчтекесин жашырып, эчтекесин кошумчалай албаймын. Ал эми бала эмес, кексе киши дагы бул ишти ар кандай түшүнөр. Көзүм тирүү турганда, ушул ыйык парызымдан кутулсам, өлсөм да арманым болбос эле...
-Бул айткандарың туура, Толгонай. Сен отурчу бери, ташка, бутуң оорулуу эмеспи. Олтур, бир акылын табарбыз. Алгачкы жолу ушунда келгениң эсиңдеби, Толгонай?
-Андан бери нечен замандар өтпөдүбү,эстей албасмын.
-Жок сен ошону эстеп көрчү, Толгонай. Башынан түшүп эстечи.
-Эсимде жакшы калбаптыр. Кичинемде, орок малында ата-энем мени жетелеп келишип, чөмөлөнүн түбүнө отургузуп коюшчу эле.
-Ооба, ыйлабасын деп колуңа бир сындырым нан берип коюшчу.
-Кийин, чоңоё түшкөнүмдө, эл жайлоого көчкөндө, ушул арада эгин коруп чуркап жүрчү элем. Анда мен тызылдап жүгүргөн, саксайган сары кыз эмес белем. О, балалыгай, ал дагы өзүнчө кызык дооран экен! Малдуулар тээ төмөнтөн, Сары-Жайыктын түзүнөн түп көтөрө көчүп жөнөшчү эле. Биринин артынан бири утурлап, жайлоого, салкын төрлөргө ашыга жол жүрүшчү. Ошондогу, менин эселек чагым ай! Үйүр-үйүрү менен сабалап, кишенишкен жылкы тебелеп кетчүдөй келе жатса, буудайдын ичинен секирип чыгып, аларды үркүтчү элем.
"Эй, жерден чыккан, албарсты, сениби!" -деп жылкычылар укуругун үйүрө кууп беришчү.
Нечен миң кой туяктары мөндүр ургандай дыбырап, ушул жол менен өтө турган. Алардын соңунан бай айылдарынан көчтөрү жүрүп, жорго минип, кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндерди көргөндө таң калып, суктана карай турганмын. Көпкө чейин алардын артынан ээрчип жүгүрчүмүн. Чиркин, ушундай жоолук салынып, ушундай көйнөк кийсем ээ-деп ойлочу элем.
Мусулман мусулмандын бир тууганы, ага зулумдук кылбайт, кыйынчылыкта жалгыз таштабайт. (Хадис) -
Ким канча күү билет?
Жазылган күн: 27 Май 2015
Ким канча куу билет жана кайсы комузчунун куулоорун жактырып чертесинер и угасынар?
Комментарийлер
Argymak007
20 Дек 2013 - 09:03Argymak007
20 Дек 2013 - 09:02