- (9 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
"Ислам жолу" Насаат
#1 12 Январь 2014 - 22:03
Аны сүйсөң
Аны сүйсөң айтаар сөзүм алдыңда
Айкөл болгун жүрөгүңдү тар кылба
Бар жыргалды азгырганга алдырба
Башка жолго башыңды ийип кайгырба
Отко таштап кара жаның онтотуп
Окшошпосун аккан жашың жамгырга
Аны сүйсөң жашырбастан айт чынын
Акыйкатка сүттөй болсун актыгың
Турмуштагы бекер кетпей жаштыгың
Туура таткын берген даамын бактынын
Эртең келчү кыяматты унутпа
Эске салып бул өмүрдүн аздыгын
Аны сүйсөң келечекке сунуп кол
Алсыраатар көралбастан бийик бол
Жерге нурун чачкан айдай тунук бол
Жетимдерге кубат берер үмүт бол
Арам иштер асыл жанга жарашпас
Анткендиги Анын жолу ыйык жол
Мейкиндиктей эч нерсеге теңегис
Махабаттын аягы жок ченегис
Макул болуп артка кайра жөнөгүс
Мезгил менен тең жарышып келебиз
Сүйгөн болсок Мухаммедди жүрөктөн
Сыноолордуу жемиш менен жеңебиз.
Аны сүйсөң айтаар сөзүм алдыңда
Айкөл болгун жүрөгүңдү тар кылба
Бар жыргалды азгырганга алдырба
Башка жолго башыңды ийип кайгырба
Отко таштап кара жаның онтотуп
Окшошпосун аккан жашың жамгырга
Аны сүйсөң жашырбастан айт чынын
Акыйкатка сүттөй болсун актыгың
Турмуштагы бекер кетпей жаштыгың
Туура таткын берген даамын бактынын
Эртең келчү кыяматты унутпа
Эске салып бул өмүрдүн аздыгын
Аны сүйсөң келечекке сунуп кол
Алсыраатар көралбастан бийик бол
Жерге нурун чачкан айдай тунук бол
Жетимдерге кубат берер үмүт бол
Арам иштер асыл жанга жарашпас
Анткендиги Анын жолу ыйык жол
Мейкиндиктей эч нерсеге теңегис
Махабаттын аягы жок ченегис
Макул болуп артка кайра жөнөгүс
Мезгил менен тең жарышып келебиз
Сүйгөн болсок Мухаммедди жүрөктөн
Сыноолордуу жемиш менен жеңебиз.
#2 12 Январь 2014 - 22:40
Жакшы насааттар экен.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 06 Апрель 2014 - 15:02
Кудай Таала раазы болсун ким жазса да негизи ИСЛАМ дини ото таза. Дин м.н жашаган адам эч качан бактысыз болбойт. Ар дайым бактылуу болот журогу дайыма тыптынч эч кайгы болбойт. Дин м.н жашабаса эч качан бактылуу жашоосу ар дайым бардак болот. Журогу сыгылып нерви жука болот.
#5 06 Апрель 2014 - 15:05
Дин м.н жашабаса эч качан бактылу БОЛБОЙТ деген созду таштап кетиптирмин.
#6 07 Апрель 2014 - 18:02
1.Ишенимиңиз кайсы?
Ислам.
2.Мусулман деген ким?
Чыныгы Жалгыз Кудайды таанып, жашоосун Жараткандын Пайгамбарынын жолу менен жашаган адам- мусулман.
3.«Мусулман» деген сөз кайдан келген?
Кудайдан. Мындай аталышты, түшүнүктү Кудай берген. Бул тууралуу Кудай сөзүн далил кылам.«...Ал (Аллаh) силерди мындан мурда (түшкөн китептерде) жана мында (Кураанда) да «мусулмандар» деп атады, пайгамбар силерге күбө болушу үчүн, силер (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн [1]».(Хажж:78)
4.«Ислам»кандай маанини туюнтат?
«Ислам» сөзү «баш ийүү, багынуу» деген маанилерди түшүндүрөт. «Мусулман» сөзү «Ислам» (баш ийген, багынган) сөздөн келип чыккан. Демек, мусулман дегенди Кудайга гана баш ийип, Ага гана багынып, алдына чөгөлөгөн адам деп түшүнүү керек.
5.Чыныгы, Жалгыз Кудайга баш ийүү деген эмне?
Бул Кудайды Жаратуучу катары таанып, Анын өкүм-буйруктарын аткаруу. Бул баш ийүү эрк, аң-сезимдүүлүк, ызаат жана Анын каарынан коркуп, Агасыйынуудаэч кимди шерик кылбоо.
6.Кудайга кайтуунун башка жолу барбы?
Кудайга баруунун жолу - Анын Эркинде Ага баш ийүү менен гана болот.«Албетте, Аллаhтын алдында (кабыл боло турган) дин – бул Ислам. Китеп берилген адамдар (Тоорат менен Инжил китептеринде) өздөрүнө (Мухаммаддын пайгамбарчылыгы жана дининин чындыгы жөнүндөгү) илим келгенден кийин гана өз ара көралбастыктан улам каршылык кылышты. Ким Аллаhтын аяттарына каапыр болсо, (билип алсын Аллаh - тез эсептешүүчү. (Аль-Имран:19)
«...Ким Исламдан башка динди тандаса, андан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот». (Аль-Имран: 85)
«О, ыйман келтирген адамдар! Аллаhтан чындап корккула жана мусулман (ыймандуу) болуп гана өлгүлө». (Аль-Имран: 102)
7.Эгер, Кудайга баш ийүү Ислам менен өлчөнсө, бардык жаратылгандар да Анын мыйзамы жана Ислам менен жашайбы?
Баш ийүүнү эки деңгээлде карайбыз. 1) Сөзсүз баш ийүүчү деңгээлде, тандоо эркиндиги тууралуу суроо болбошу керек. Тактап айтканда, жаратылгандар күн, ай, океан, планета, айбанаттар ж.б., Кудай тарабынан ыроолонгон жаратылыш мыйзамына баш ийет. Жогоруга ыргытылган таш абада кармалып калбаган сыяктуу, биз кааласак, каалабасак да Кудай берген тартип, тандоого баш ийишибиз керек. Ал гана эмес, Кудайдын бар экенин танган атеистердин организми да (акылдары баш бербегени менен) биологиялык жактан Кудай мыйзамына баш ийип турат. Башкача айтканда, алардын жүрөгү, кан басымы ж.б., биологиялык система кылт этип тартиптен чыгып кетсе, тагыраагы, Кудайдын жаратылыш мыйзамынан тайып кетсе, эмне болорун элестетүү кыйын...
2) Экинчи деңгээл, баш ийүүдөгү эркиндиктин болушу. Мында адамга моралдык тандоо эркиндиги берилет. Адам адал менен арамды, акыйкат менен жалганды, туура менен адашууну аң-сезимдик калыптануусу менен тандашы керек. Эгер адам өз эрк-тандоосу менен Кудайга багынса, жалпы гармонияны табат. Ошондуктан, биз Ислам-табыйгый жол деп айта алабыз. Буга Курандагы бул эскертүүнү жеткирүү жетиштүү болот:«Алар Аллаhтын дининен (Исламдан) башка динди каалашабы?! Асмандар жана жердегинин баары кааласа да, каалабаса да Ага (Аллаhка) моюн сунушту го! Алар( дын өздөрү дагы) Аллаhка кайтарылат. (Аль-Имран:83)
8.Жаралганыбызда ким болуп жаралабыз?
Исламда ар бир жан жарык таанып жаңы ойгонгондо, мусулман болуп төрөлөт деген түшүнүк бар. Ал эс тартып, акыл эси жакшы менен жаманды, туура жолду айырмалап билгичекти мусулман саналат. Бул туурасында Алла Элчисинин (саллаЛлаху алейхи ва саллам) айтканын эске салайын:«Ар бир наристе бул жашоого табиятында Кудайдын тааныган абалда төрөлөт, аларды кийин ата-энеси жөөт, христиан, же бутпарас кылып тарбиялайт».
9.Эгер адашкан пенде Исламды кабыл кылса, эмне табат?
Пенде Исламды кабыл алуу менен Кудайдын ыракматына, мээримине, ыраазычылыгына бөлөнөт! Ырайымдуу Зат Аллах өткөн күнөөлөрүн кечирип, жашоого жаны төрөлгөндөй баладай, таза барактан жашоо баштоо мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Бул туурасында Куранда айтылган бул маанини эске салалык:«(О, Мухаммад), каапырларга айт: Эгер (душмандыгын) токтотушса, өткөн күнөөлөрү кечирилет.Эгер улантышса, (билип коюшсун мурункулардын жолу өткөн! [2](Анфаль:38)
«(О, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «О, Менин өздөрүнө ысырап (көпкүнөө) кылган пенделерим! Аллаhтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллаh бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу! [3]»(Зумар:53)
Ислам.
2.Мусулман деген ким?
Чыныгы Жалгыз Кудайды таанып, жашоосун Жараткандын Пайгамбарынын жолу менен жашаган адам- мусулман.
3.«Мусулман» деген сөз кайдан келген?
Кудайдан. Мындай аталышты, түшүнүктү Кудай берген. Бул тууралуу Кудай сөзүн далил кылам.«...Ал (Аллаh) силерди мындан мурда (түшкөн китептерде) жана мында (Кураанда) да «мусулмандар» деп атады, пайгамбар силерге күбө болушу үчүн, силер (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн [1]».(Хажж:78)
4.«Ислам»кандай маанини туюнтат?
«Ислам» сөзү «баш ийүү, багынуу» деген маанилерди түшүндүрөт. «Мусулман» сөзү «Ислам» (баш ийген, багынган) сөздөн келип чыккан. Демек, мусулман дегенди Кудайга гана баш ийип, Ага гана багынып, алдына чөгөлөгөн адам деп түшүнүү керек.
5.Чыныгы, Жалгыз Кудайга баш ийүү деген эмне?
Бул Кудайды Жаратуучу катары таанып, Анын өкүм-буйруктарын аткаруу. Бул баш ийүү эрк, аң-сезимдүүлүк, ызаат жана Анын каарынан коркуп, Агасыйынуудаэч кимди шерик кылбоо.
6.Кудайга кайтуунун башка жолу барбы?
Кудайга баруунун жолу - Анын Эркинде Ага баш ийүү менен гана болот.«Албетте, Аллаhтын алдында (кабыл боло турган) дин – бул Ислам. Китеп берилген адамдар (Тоорат менен Инжил китептеринде) өздөрүнө (Мухаммаддын пайгамбарчылыгы жана дининин чындыгы жөнүндөгү) илим келгенден кийин гана өз ара көралбастыктан улам каршылык кылышты. Ким Аллаhтын аяттарына каапыр болсо, (билип алсын Аллаh - тез эсептешүүчү. (Аль-Имран:19)
«...Ким Исламдан башка динди тандаса, андан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот». (Аль-Имран: 85)
«О, ыйман келтирген адамдар! Аллаhтан чындап корккула жана мусулман (ыймандуу) болуп гана өлгүлө». (Аль-Имран: 102)
7.Эгер, Кудайга баш ийүү Ислам менен өлчөнсө, бардык жаратылгандар да Анын мыйзамы жана Ислам менен жашайбы?
Баш ийүүнү эки деңгээлде карайбыз. 1) Сөзсүз баш ийүүчү деңгээлде, тандоо эркиндиги тууралуу суроо болбошу керек. Тактап айтканда, жаратылгандар күн, ай, океан, планета, айбанаттар ж.б., Кудай тарабынан ыроолонгон жаратылыш мыйзамына баш ийет. Жогоруга ыргытылган таш абада кармалып калбаган сыяктуу, биз кааласак, каалабасак да Кудай берген тартип, тандоого баш ийишибиз керек. Ал гана эмес, Кудайдын бар экенин танган атеистердин организми да (акылдары баш бербегени менен) биологиялык жактан Кудай мыйзамына баш ийип турат. Башкача айтканда, алардын жүрөгү, кан басымы ж.б., биологиялык система кылт этип тартиптен чыгып кетсе, тагыраагы, Кудайдын жаратылыш мыйзамынан тайып кетсе, эмне болорун элестетүү кыйын...
2) Экинчи деңгээл, баш ийүүдөгү эркиндиктин болушу. Мында адамга моралдык тандоо эркиндиги берилет. Адам адал менен арамды, акыйкат менен жалганды, туура менен адашууну аң-сезимдик калыптануусу менен тандашы керек. Эгер адам өз эрк-тандоосу менен Кудайга багынса, жалпы гармонияны табат. Ошондуктан, биз Ислам-табыйгый жол деп айта алабыз. Буга Курандагы бул эскертүүнү жеткирүү жетиштүү болот:«Алар Аллаhтын дининен (Исламдан) башка динди каалашабы?! Асмандар жана жердегинин баары кааласа да, каалабаса да Ага (Аллаhка) моюн сунушту го! Алар( дын өздөрү дагы) Аллаhка кайтарылат. (Аль-Имран:83)
8.Жаралганыбызда ким болуп жаралабыз?
Исламда ар бир жан жарык таанып жаңы ойгонгондо, мусулман болуп төрөлөт деген түшүнүк бар. Ал эс тартып, акыл эси жакшы менен жаманды, туура жолду айырмалап билгичекти мусулман саналат. Бул туурасында Алла Элчисинин (саллаЛлаху алейхи ва саллам) айтканын эске салайын:«Ар бир наристе бул жашоого табиятында Кудайдын тааныган абалда төрөлөт, аларды кийин ата-энеси жөөт, христиан, же бутпарас кылып тарбиялайт».
9.Эгер адашкан пенде Исламды кабыл кылса, эмне табат?
Пенде Исламды кабыл алуу менен Кудайдын ыракматына, мээримине, ыраазычылыгына бөлөнөт! Ырайымдуу Зат Аллах өткөн күнөөлөрүн кечирип, жашоого жаны төрөлгөндөй баладай, таза барактан жашоо баштоо мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Бул туурасында Куранда айтылган бул маанини эске салалык:«(О, Мухаммад), каапырларга айт: Эгер (душмандыгын) токтотушса, өткөн күнөөлөрү кечирилет.Эгер улантышса, (билип коюшсун мурункулардын жолу өткөн! [2](Анфаль:38)
«(О, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «О, Менин өздөрүнө ысырап (көпкүнөө) кылган пенделерим! Аллаhтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллаh бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу! [3]»(Зумар:53)
#8 11 Май 2014 - 02:01
AКЫЙКАТ ДЕГЕН ЭМНЕ? "Акыйкат&
quot; сөзү араптардын "хакыйкат&
quot; сөзүнөн алынып, "Хакк&
quot; (Чындык, ак) деген өзөк сөздөн жасалган. Ал эми, "Хакк&
quot; - бул Аллах Тааланын 99 ысым-сыпатынын бири. Демек, "Акыйкат&
quot; деп Аллах Тааланын өзүн же Андан келген чындыкты түшүнөбүз. Ошондуктан Аллах Таала пенделерине түшүргөн Ыйык Куранды дагы "Хакк&
quot; деп атаган. (Куран: "Касас&
quot; сүрөөсү, 53-аят). Акыйкаттын түрлөрүЖогорудагы далилдердин негизинде акыйкат эки түргө бөлүнөт: 1) Абсолюттук акыйкат 2) Салыштырмалуу акыйкат. Абсолюттук акыйкат - бул Аллах Таала жана Андан келген эреже-мыйзамдар.
Башкача айтканда жашоонун Аллах Таала белгилеп берген формасы. Аллах Адам-Ата, Обо-Энени күнөөлөрү себептүү Жерге түшүргөн мезгилде аларга кандай жашоо керектигин,
эмне адал, эмне арам экенин үйрөткөн эреже-мыйзамдарды берген жана "Ким Менин ушул Жолум менен жашаса адашпайт жана бактысыз болбойт. Ал эми, Менин (бул) эскертүүмдөн жүз үйрүгөн адамдарды Кыяматта сокур абалда тирилтемин&
quot; деген. ("Та-ха&
quot; сүрөөсү. 123-125-аяттар) Ошентип, абсолюттук акыйкат - бул Кудайдын Сөзү, Кудайдын жолу. Андан башка чындыктардын бардыгы салыштырмалуу акыйкат. Алардын акыйкат экени Кудайдын чындыгына канчалык деңгээлде жакын болушуна карап бааланат. Адам баласы өзүнүн акылы менен эч качан абсолюттук акыйкатты биле да албайт, жасай да албайт. Анткени, анын акылы чектелген, ал эми абсолюттук акыйкаттын акылы чексиз, ал Аллахтан келген. Чектелүү нерсе чексизди камтый албайт, тескерисинче чексиздик чектелүү нерселерди камтып турат. (Куран. Аалы-Имран: 120. Анфал: 47). Акылынан азап тарткандар Эгер акыйкатты аныктоодо Кудайдын чындыгына кайтпасак, акылыбыздан азап чегип, ар бир адам өз оюнун "гүлүн&
quot; акыйкат катары таңуулай берет. Жакында бир газетадан окуп калдым: "Кудайдын мээрими түшкөн балерина&
quot; деген макала жүрөт. Бул эмне деген тантырактык?
! Кудайдын мээрими жылаңач аялга түшөбү? Тескерисинче,
Ал өз мыйзамында аялдарды уяттуу мүчөлөрүн жаап жүрүүгө буюрат! Абсурдбу? Албетте! Белгилүү немец философу Гегель адамзаттын өнүгүүсүн үч баскычка бөлгөн экен: 1) Түркөйлүк 2) Өнүккөндүк 3) Жогорку даражадагы түркөйлүк. Жашоосунда Кудайдын эч бир эрежесине амал кылбай жашаган жана дээрлик энеден туума жылаңач абалда бийлеген аялга Кудайдын мээрими түшөт дегендик жогорку даражадагы түркөйлүк болбой, эмне анан?! Бир министр, кыргыздын "каймактарынан&
quot; бири: "Бир айыбым бар, тамеки тартканды таштай албай жатам"-
дейт. Эгер таш доорунун түркөй адамынын колуна чокту сунсаң, албайт. Биздин маданияттуулар зыянды билет, бирок өзүн уулай берет. Өзүн өтө акылдуу сезгендер ар кандай аземдерде колуна аракты кармап тост айтышат. Тост дегени эмне? Тост - бул тилек. Тилек - бул суроо. Кимден? Албетте, Кудайдан. А, Кудай болсо арак ичкендердин тилегин кабыл албайт гана эмес, аларга наалат-каргыш айтат. Жогорку даражадагы түркөйлүк дегени - ушул. Бирок, аларга барып "Сен акыйкаттан адаштың"
десең балээге кабыласың. Себеби, алар өз акылын кудай кылып алышкан. Учурда ар бир кыргыздын өз акыйкаты бар. Кыргызга эркеч болот элем дегендердин да бири-бириникине окшобогон жана өздөрүнүн жеке каалоолорунан жаралган акыйкаттары бар. Тилекке каршы акыйкат деген бирөө гана болот. Аны аныктоонун бирден-бир критерийи Кудайдын сөзү. Кудай айтат: "Сен өзүңө келген АКЫЙКАТТАН бурулуп, алардын каалоолорун ээрчип кетпе!"
Куран. Маида: 48) Акка моюн сунуу Адампенде "акыйкатты өзүм табамын"
деп кежирлене бербей Кудайдан (Хакктан) келген абсолюттук акыйкатка моюн сунушу зарыл. Кыргыздарда Кудайдын акыйкатына моюн сунган адамдарды "Акка моюн сунуптур&
quot; деп коюшат. Бул "Кудайга багыныптыр,
ыйманга келиптир&
quot; дегени. Адам Кудайга багынуу менен эч кимге жеңилгис күчтү жана жана эң чоң азаттыкты табат. Ким Кудайга толук багынса, Кудай бардык макулуктарын ага моюн сундурат. Анткени, Ал "Бардык нерсеге кудуреттүү&
quot;. Риваят Күндөрдүн биринде Кудайга толук моюн сунган бир олуя киши арстанды минип, колуна уулуу жыланды камчы кылып кармап, аны менен арстанды чаап бара жатса, адамдар сурашат экен: "О, Кудайдын пендеси! Сен эң айбаттуу арстанды минип, эң уулуу жыланды кармап алыптырсың!
Бул эмнеден?"
Анда олуя мындай жооп бериптир: "Мен бул экөөнүн Ээсине моюн сунганым үчүн Ал буларды мага моюн сундуруп берди. Ким Аллахка багынса, Ал ага башкаларды да багынтып берет".
Ибарат Демек, Кудайдан келген эрежелерден башка абсолют акыйкат жок. Ким ал акыйкаттарга багынса жана ал акыйкаттарды өз жашоосунда аткарууга бел байласа, бардык нерсеге кудуреттүү Кудай ага жардам берет жана кадамын бекем кылат. Ал эми адамдардын акылынан жаралган акыйкаттардын бардыгы Кудайдын акыйкатына канчалык деңгээлде жакын болушуна карап, өз ара салыштырмалуу абзел болушу мүмкүн. "АКЫЙКАТТЫ жалган менен оробогула!
Билип туруп ЧЫНДЫКты жашырбагыла.
…Адамдарды АКЫЙКАТКА чакырганда өзүңөрдү унутпагыла!
" (Куран: 2/42,44). Аллах Таала баарыбызга толук акыйкатты табууну насип кылсын!
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 12 Май 2014 - 18:29
#9 11 Май 2014 - 02:05
КУРАН жана РАМАЗАН АЙЫ Куран ушунчалык маанилүү жана баалуу болгондуктан,
ага байланыштуу болгон ар бир нерсе улуулукка жетишет. Куран мезгил жана мейкиндикке сый тартуулаган,
жазылган кагазы менен сыясына сыймык жугузган, окуган адамы менен угуучусун кадырлуу кылган. Куран түшүрүлгөн Кадыр түн жана Рамазан айы бүткүл ыйыктыгын, улуулугун Курандан алышкан. Албетте, Куранга байланыштуу эң маанилүү мезгил бөлүгү Рамазан айы. Бул ай орозонун айы болгондой эле, Курандын айы болуп да эсептелет. Себеби, Алла Таала тарабынан Пайгамбарыбызга (САВ) жиберилген Курандын түшүрүлүүсү Рамазан айында башталып, 23 жыл уланып, ошол эле Рамазан айында аяктаган. Куран окуган адамдын жүрөгү жумшарып, өзүнөн башкаларга болгон камкордугу,
мээрими күчөйт.Садака жана зекеттердин Рамазан айында берилүүсүнүн себептеринин бири да бул болсо керек. Бизге белгилүү болгондой эле Пайгамбарыбыз (САВ) ар жылы Рамазан айында Куранды баштан аяк Жабраил периштеге окуп берчү. Ал мезгилде Пайгамбарыбыз (САВ) адаттагыдан да жоомарт, берешен болоор эле. Ким эмне кааласа, бере салчу. Ибн Аббас (р.а.) анын бул абалын: «Алланын элчиси (САВ) адамдардын эң жоомарты эле. Рамазан айында Жабраил (АС) менен жолукканда,
ансайын берешен боло түшчү. Жабраил (АС)аны менен Рамазан айынын ар бир түнүндө жолугуп, Куранды үйрөтчү. Алланын Элчиси (САВ) жакшылык иштерде шуулдап эскен желден да жоомарт эле» деп сүрөттөгөн.
#10 11 Май 2014 - 02:11
АТА-ЭНЕЛЕРДИН ӨЗ БАЛДАРЫНА КУРАН ОКУУНУ ҮЙРӨТКӨНҮНҮН ЖАНА КУРАН ЭРЕЖЕСИ МЕНЕН ЖАШООНУН СООПТОРУ Балдарыбызды Ислам түшүнүктөрү жана сезимдери менен жетик адам кылып тарбиялоо үчүн Куран аларга ар жактан үйрөтүүлүсү зарыл. Балдарыбызга Куран окууну үйрөтүү менен бирге анын баалуулугун,
маани-маңызын мүмкүн болушунча аларга жакшылап түшүндүрүп,
жүрөгүнө ыйыктык сезим орнотуу да зарыл. Коомчулукка Курандын Ислам маданиятын куруудагы башкы ролун так түшүндүрүп,
бүткүл диний илимдер менен адеп-ахлактын башаты - бул Куран экенин таанытуу керек. Илгерки атактуу ислам ойчул-окумуштуулары менен илимпоздорунун өмүрүндө Куран кандай баа жеткис рол ойногонун ылайыктуу шекилде балдарыбызга түшүндүрүп берүүгө милдеттүбүз.
Табият илимдери менен философия тармагында төгөрөктүн төрт бурчуна белгилүү болгон, чыгармалары менен замандарга шоола тараткан Ибни Сина, Бейруни, Хорезми ж.б. жүздөгөн улуу илимпоздордун бала кезинен, тырмактайынан тарта Куранды жаттап чыккан соң, илим алууну баштагандарын эскертип туруу керек. Балдарга Куран окууну үйрөтүүдөн мурда эң оболу Куранды сүйдүрүү керек. Мусулман адамдын жашоосунда Курандын кандай маңыздуу да баалуу орду бар экенин мисалдар менен түшүндүрүү зарыл. Куран тарбиясын оболу Курандын беттеринен окууну үйрөтүү менен баштоо керек. Мындай Куран үйрөтө баштоодон мурда балдарыңызга Куранды сүйдүрүп, өтө баалуу, кымбат жана ыйык нерсе экендигин такай жан дүйнөсүнө орнотуңуз. Бул жөндөм үй-бүлөдөгүлөрдөн башталат. Ата-энесинин Куран окуп жатканын көргөн балдар Куран окууну бериле үйрөнүшү мүмкүн. Ар бир ата-эне өз балдарына Алла Таала тартуулаган мээрим-боорукерлик сезими менен өлөрчө күйүнөөрү белгилүү. Бирок бала тарбиясында туура эмес ыкмаларга жол бербөө, же кандайча жакшы тарбиялоо, ыймандык, адеп-ахлактык бекем ишеним негизинде элге жарамдуу урпактарды өстүрүп жетиштирүү оңой-олтоң иш эмес. Дегинкиси Жараткан Алла Тааланы, анын ыйык китеби Куранды тааныбаган,
сүйбөгөн жана бул багытта тарбия ала албай калган адамдар бул өмүрдө жана акыретте далай кордукка, азапка кабылат. Жок эле дегенде мындай адамдардан урабас ишенимди, адамзатка пайдалуу иштерди, эң сонун адеп-ахлакты күтүү кыйын. Ошондуктан,
балдарыбызды кичинесинен тарта Куран менен тыгыз байланышта тарбиялоонун маңызын мен мусулман деген ар бир ата-эне бекем көңүлгө түйүүбүз зарыл. Балдарына күйүнгөн ата-энелер алардын материалдык жагына эле эмес, моралдык жагына да жакшылап көңүл буруу керектигин пайгамбарыбыз (САВ) бир топ хадистеринде баса белгилейт. Айрыкча өз балдарына Куран үйрөтүүнүн ата-энелерге түбөлүк бакыт эшиктерин ачар себептердин бири экенин көрсөткөн: «Кимде-ким баласына Курандын бетинен Куран окууну үйрөтсө, өткөн жана келечектеги күнөөлөрү кечирилет. Кимде-ким баласына Куранды жаттатса, Алла Таала ал адамды кыямат күнү толгон айдай нур жүздүү кылып тирилтет. Анын баласына «оку!»деп айтылат. Баласы окуган ар бир аят аркылуу Алла Таала ата-энесинин даражасын көтөрөт да, баласы жаттаган акыркы аяттарга чейин даражалары көтөрүлө берет». Ата-энелер күнүмдүк жеңил максаттарды көздөбөстөн,
өз балдарына Куран үйрөткөн болсо, акыретте бул дүйнөдөгү эч бир нерсеге өлчөгүс улуу урмат-сыйга жана соопторго жетишет. Акыретте Курандын шапаат кылаары айтылган хадистердин биринде пайгамбарыбыз (САВ) бул абалды мындай баяндайт:«Куран окуган адамдын энесине жана атасына наркы бүт дүйнө менен да өлчөнүп бүткүс эки сыйра кийим кийдирилет.
Алар: «бизге булар неге кийдирилди?
» деп сурашканда:
« Балаңар Куранды үйрөнүп, Куранда көрсөтүлгөндөй жашагандыктан сыйландыңар» деп айтылат». Демек, Курандын арабчасын окуу эле жетиштүү эмес, аны менен бирге Куранды сүйүү, Куран акыйкаттарын коргоо жана Куранда көрсөтүлгөндөй өмүр сүрүү керек. Андыктан,Курандын арабча текстин жаттап коюу же окуп коюу менен эле чектелип калуу мусулман үчүн уят. Куран акыйкаттарын үзгүлтүксүз үйрөнүп, Куранга тыгыз байланган нурдуу жашоо үчүн күн сайын алга жылуу ар бир мусулман үчүн баш тарткыс милдет. Балдарыбызга Куран үйрөткөндө,
андагы түпкү асыл эреже-мыйзамдарды үйрөтүүдөн мурда, Куранда келген пайгамбарлардын жашоо өрнөктөрүн анын түшүндүрмөлөрүнөн,
котормолорунан окуп берүү керек. Ошондой эле балдарга түшүнүктүү тил менен анда келтирилген мисалдарды кайталап Куранды сүйдүрүү зарыл. Балдардын зээнин мисалдар жана аңгемелер өзүнө тартат. Андыктан бул аңгеме-мисалдар алардын эсине сакталып,жан-
дүйнөсүнө аруу таасир калтырат жана алардын аң-сезим дүйнөсүн калыптандырат.
Алар жакшы-жаманды пайгамбарлардын мисалы менен үйрөнөт да,Куран акыйкаттарын өз өмүрүнө сиңирүүгө даяр болот. Муну менен бирге кыска сүрөлөрдүн мазмундарын да ошол сүрөлөрдү жаттоо учурунда ылайыктуу түрдө балдарга түшүндүрө кетүү зарыл. Алар жаттаган Куран тексттеринин негизги мазмунун кошо үйрөтүү балдардын эң жакшы мусулман болуп жетилүүсүнө аябай пайдалуу. Кыскасы, арганын барынча курулай жаттатуудан сактануу зарыл. Пайгамбарыбыз(САВ) Куран кызматчыларынын ата-энелерине акыретте берилчү сыйлыктын кандай жогору болорун баяндап мындай деген: «Кимде-ким Куран окуп, ошол Курандагыдай өмүр сүрсө, кыямат күнү анын атасына кудум бир үйдүн ичинде жаркыраган күндүн жарыгынан да көркөм асыл таажы кийдирилет.
Эми Куранда көрсөтүлгөндөй жашап өткөн адамдын ошондогу абалын өзүңөр ойлоп көргүлөчү!
». Бул хадисте Куран окуган жана анда көрсөтүлгөн эрежелер менен толук жашай билген чыныгы мусулман адам менен анын ата-энесине берилчү сооп жана сыйлар окшотуу шекилинде түшүндүрүлгөн.
Бирок андай мусулмандын өзүнө берилчү сыйлык сүрөттөлгөн эмес да. Демейде мындай сыйлыкты ааламдагы ар кандай бир нерсеге окшотуп түшүндүрүп берүү мүмкүн эместиги туюнтулган.
Куран окуу жана андагыдай жашоонун акыретте тек гана ата-энеге эмес, үй-бүлөлүк туугандарга да шапааты тийип, бейишке жол алдырат. Башкача айтканда, пайгамбарыбыз (САВ) менен кошо Куран да шапаат кылат. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай дейт: «Кимде-ким Куранды окуп, анда көрсөтүлгөндөй өмүр сүрө билсе, Алла Таала аны бейишке киргизет.Куран,
Куранды окуган кишинин үй-бүлөсүндөгүлөрдөн тозокко өкүм кылынган он кишиге шапаат кылат». Психологдордун изилдөөсүнө ылайык, курсактагы кезинен баштап10 жашка чейинки аралыкта балдардын ички туюму, көмүскө аң-сезими калыптанат жана башка ар кандай тарбия-билимдер ушул негизги туюмдун үстүнө конот.Ошондуктан,
баланы төрөлгөндөн тарта багыттуу, илимий тарбиялаганда демейкиден зээндүү жана жетик адам болуп өсөөрүн айтышат. Кээ бир мусулман илимпоздор ушундай тыянакка таянып, жаңы төрөлгөн баласына ай сайын бир ирет Куранды баштан-аяк угузушкан. Натыйжада беш жашка жеткенде баласы өтө кыска убакыт ичинде Курани Каримди толук жаттап алганга жетишкен. Анткени төрөлгөндөн бери ага угузулуп турган Куран баланын ички туюмуна орногон да, оңой эле жаттап бүткөн. Сүймөнчүк балдарыбызга Курандын көркөм кырааты менен баштан-аяк толук угузуп турганыбыздын пайдасы бар. Ымыркайынан тарта телевизор жарнамалары,
бузукулукка чакырган фильмдер жана чакчелекей музыкалар алардын аруу сезимин, туюмун,ой-пикирин булгап, талкалабасын десек, дүйнө-акыреттик бакыттын башаты болгон Куранды бөбөктөрүбүздүн жан-дүйнөсүнө гүл бакчадай эгип, жайгаштыруубуз керек. Үй ичинде Куран окулган мезгилде, ал жерде жашагандар үчүн үй кеңейет. Периштелер пайда болуп,шайтандар качышат. Ал үй абдан берекелүү болот.
#11 11 Май 2014 - 03:16
JoldoshMantekov (12 Январь 2014 - 22:03) жазган:
Аны сүйсөң
Аны сүйсөң айтаар сөзүм алдыңда
Айкөл болгун жүрөгүңдү тар кылба
Бар жыргалды азгырганга алдырба
Башка жолго башыңды ийип кайгырба
Отко таштап кара жаның онтотуп
Окшошпосун аккан жашың жамгырга
Аны сүйсөң жашырбастан айт чынын
Акыйкатка сүттөй болсун актыгың
Турмуштагы бекер кетпей жаштыгың
Туура таткын берген даамын бактынын
Эртең келчү кыяматты унутпа
Эске салып бул өмүрдүн аздыгын
Аны сүйсөң келечекке сунуп кол
Алсыраатар көралбастан бийик бол
Жерге нурун чачкан айдай тунук бол
Жетимдерге кубат берер үмүт бол
Арам иштер асыл жанга жарашпас
Анткендиги Анын жолу ыйык жол
Мейкиндиктей эч нерсеге теңегис
Махабаттын аягы жок ченегис
Макул болуп артка кайра жөнөгүс
Мезгил менен тең жарышып келебиз
Сүйгөн болсок Мухаммедди жүрөктөн
Сыноолордуу жемиш менен жеңебиз.
Аны сүйсөң айтаар сөзүм алдыңда
Айкөл болгун жүрөгүңдү тар кылба
Бар жыргалды азгырганга алдырба
Башка жолго башыңды ийип кайгырба
Отко таштап кара жаның онтотуп
Окшошпосун аккан жашың жамгырга
Аны сүйсөң жашырбастан айт чынын
Акыйкатка сүттөй болсун актыгың
Турмуштагы бекер кетпей жаштыгың
Туура таткын берген даамын бактынын
Эртең келчү кыяматты унутпа
Эске салып бул өмүрдүн аздыгын
Аны сүйсөң келечекке сунуп кол
Алсыраатар көралбастан бийик бол
Жерге нурун чачкан айдай тунук бол
Жетимдерге кубат берер үмүт бол
Арам иштер асыл жанга жарашпас
Анткендиги Анын жолу ыйык жол
Мейкиндиктей эч нерсеге теңегис
Махабаттын аягы жок ченегис
Макул болуп артка кайра жөнөгүс
Мезгил менен тең жарышып келебиз
Сүйгөн болсок Мухаммедди жүрөктөн
Сыноолордуу жемиш менен жеңебиз.
Сен жонундо соонундалган угам кеп,Сен айткандай жалбарамын кудай деп,Сен омурго бакыт изин коргоздун,Сен касиет,сен улуусун,Мухаммед! Махабатым Аллах учун сен учун,Мен озунду кумон балким корушум,Оо Мухаммед,сен бар учун бейиште,Ойлоп энсейм акыреттин бейишин. Мен мусулман жолдо баскан кыялап,Мухаммед деп,каректен жаш куланат,Эгер сенин нурун,очсо омурдон,Эчак келмек бул дуйного кыямат. Сыноосу оор сегиз кундук жалганда,Сенин созун укпай кеткен арманда,Болбосом да замандашын, кантейин,Бактылуумун уммот болуп калганыма.
#12 11 Май 2014 - 10:17
Укчу досум...
Акыл айтар мен карыя эмесмин,
Укчу досум ашыкча соз дебесмин.
Сендей эле мен да адам жердеги,
Тилегим бар бироонукун жебесмин.
Укчу досум кулак сага берилген,
Онолбостур бул дуйнодо керилген.
Жонокой бол,ким болсон да жашоодо,
Сага айтар создорум бар терилген.
Эн биринчи ыйман болсун журокто,
Кубанбагын курсак тойсо,кун отсо.
Илим уйрон чын жашоого жол куруп,
Амал кылгын уктабастан тун отсо.
Акыл айтар мен карыя эмесмин,
Укчу досум ашыкча соз дебесмин.
Сендей эле мен да адам жердеги,
Тилегим бар бироонукун жебесмин.
Укчу досум кулак сага берилген,
Онолбостур бул дуйнодо керилген.
Жонокой бол,ким болсон да жашоодо,
Сага айтар создорум бар терилген.
Эн биринчи ыйман болсун журокто,
Кубанбагын курсак тойсо,кун отсо.
Илим уйрон чын жашоого жол куруп,
Амал кылгын уктабастан тун отсо.
Билдирүүнү түзөткөн: suyom_seni: 11 Май 2014 - 10:18
#13 12 Май 2014 - 18:30
banda.312
, көмүскө жарнамага тыюу салынган!
Ali_A. A.Ch.J, провокация жарата турган билдирүүлөргө жол жок!
Ali_A. A.Ch.J, провокация жарата турган билдирүүлөргө жол жок!
#14 13 Май 2014 - 01:33
Сен бейишти издесең.
Осуят бар Пайгамбардан калкымда,
Океандай сырлар жатат баамымда.
Эгер чындап сен бейишти издесең,
Энелердин таманынын алдында.
Көөдөнү бош ыйлаганды билеби,
Көз жаш акса кимге экенин билели.
Бийик турат баарысынан жогору,
Билгендерге энелердин тилеги.
Бир бала бар энесинен арданар,
Бир эне бар баласынан зарланар.
Бир тамчы жаш тозок отун өчүрсө,
Бир тамчы сүт гүл бейишке айланар.
Жэнишбек Жумакадыр
Осуят бар Пайгамбардан калкымда,
Океандай сырлар жатат баамымда.
Эгер чындап сен бейишти издесең,
Энелердин таманынын алдында.
Көөдөнү бош ыйлаганды билеби,
Көз жаш акса кимге экенин билели.
Бийик турат баарысынан жогору,
Билгендерге энелердин тилеги.
Бир бала бар энесинен арданар,
Бир эне бар баласынан зарланар.
Бир тамчы жаш тозок отун өчүрсө,
Бир тамчы сүт гүл бейишке айланар.
Жэнишбек Жумакадыр
#15 13 Май 2014 - 01:38
Үч арман!
Ойлор-ойлор,
Башка батпай күч алган.
Кымбат, улуу кыргыз элек,
Көк асмандан кут алган.
Бабаларым баркты сактап,
Бузбай таза наркты сактап,
Бизге чейин жол салган.
Бирок азыр билбей келем,
Сапар тартсам кош аягым,
Санаалардан тушалган.
Көкүрөккө батпайт экен,
Аягы эч түгөнбөгөн,
Ааламдагы бүт арман.
Антсе дагы айткым келди,
Алдыңарга үч арман:
БИРИНЧИ АРМАН
Кантип көрбөйм,кантип укпайм,
Каным бирге, жаным бирге Кыргыз элди.
Ушул улуу кыргызымдын,
Мээрими зор мекенине кимдер келди?
Үстөк-үстөк азапты үйгөн келди!
Өз төрүндөй өтүгүн илген келди!
Балдарыңды өз динден чыгарышкан,
Пачкалаган акчага сугарышкан,
Бурмаланган туура эмес диндер келди.
Жашыңды да, карыңды да,
Жинди сууга азгырган жиндер келди!
Жинди кылган кыргыздарды,
Жинди суу деп айтпаска аргам барбы?
Калп деп айтчы калааңарда, айлыңарда,
Ичпеген чалдар барбы?
Ичкиликти унутушуп,
Иштеген балдар барбы?
Ичип жатат, балакатка толгон бала жаңы да,
Ичип жатат, босогодо төрдө отураар карыя.
Ичип жатат, эжелер да жеңелер,
Калбагансыйт уят, намыс, ары да!
Ала-Тоомду каптагансыйт "арак" аттуу дарыя!
Касиеттүү мекенимде турчу эле го кут жанып!
Урпактарды ойлобостон ушунчалык уктадык!
Кагылайын кымыз жыттуу мекеним,
Баратпасын арак, түтүн жыттанып!
Айтчы, аталар кычкыл сууну кыйбай неге татасың?
Кыдыр салган жолду көрбөй, кыйшык неге басасың?
Кыбылага бутту керип,
Кудай берген кутту жерип,
Кесирленип жатасың!
Нарктуу дастан, санжырыдан кеп салбай,
Наспайыңды атасың!
Салт кармаган аталардын сакалынан арак турса куюлуп,
Мен алардын кантип алам батасын?!
Чыркыраган бул дүйнөдө,
Чындык аз да жалган көп.
Кубаныч аз, арман көп.
Ылайыгы эч келбеген,
Кыргыздардын арасында,
Ырым-жырым андан көп.
Кекиртекке шылтоо кылып,
Көргөн жерде ичишкен,
Өнөр болду өргө чапкан,
Өлгөн жерде ичишкен.
Жамандыкта жаман сууну,
Журтум неге койбойсун?!
Акыбалын арбактардын,
Журтум кандай ойлойсун?!
Арак менен көңүл айтып,
Айткылачы арбактарды,
Журтум неге кордойсун?!
Акылга кел ичкен жандар,
Акыл болсун укканың,
Тарбиябы кичүүлөргө,
Ачкыл сууну жутканың.
Өзүңдү-өзүң өрткө салып,
Өзөгүңдү бузбагын.
Арак менен арам болот жегениң,
Арам болот кусканың.
«Арак-арак»- дей берсеңер,
Бечел болот балдарың,
Безер болот кыздарың,
Эй, Кыргызым!
Башка жерден эч бир душман издебе,
Арак сенин душманың!
Арагыңды ойлобостон,
Талабыңды ойлогун.
Учуруңду ойлобостон,
Тукумуңду ойлогун.
Кумарынды ойлобостон,
Убалыңды ойлогун.
Келечекте келе турган туягыңды ойлогун.
Дарты күчтүү ушул арак,
Дагы эмнени айтмакмын.
Түпкүрүнө жетсек деймин,
Тилек менен максаттын.
Аракты эч ким жеңген эмес,
Жеңген бирөө бар болсо,
Алтын медаль такмакмын!
Ич аракты ошончолук эгер бийик бааласаң!
Ич аракты өзүңдү-өзүң кыргыз дебей,
Айбан кылып тандасаң!
Ич аракты урпактардын манкурттугун кааласан!
Аллах бизди жаратаарда,
Чындык бол деп жараткан.
Акыл берип адам кылып,
«КЫРГЫЗ бол!»- деп жараткан.
Түшүнгүлө ичке жандар,
Түпкү атабыз өлгөн эмес арактан.
Билесиңер арак-арак,
Кол-бутуңду шал кылат.
Төрт аяктуу мал кылат,
Көкүрөгүң тар кылат.
Билесиңер, ысык болсоң муздатат.
Узун болсоң кыскартат.
Катуу болсоң жумшартат.
Түбү келип түшүнгүн,
Түбөлүккө уктатат,
Арак менен өтө албайсың төргө да,
Чыга албайсың өргө да,
Баса албайсың жерге да,
Жага албайсың элге да,
Көз жумган соң бүттү дебе,
Арак үчүн жазасы бар Аллахтын,
Тынч жаткырбайт көргө да.
Биз КЫРГЫЗбыз ийри жолду түзөгөн,
Жыртылганды бүтөгөн,
Мен Кыргызмын кыргыз үчүн чындыкты айтып,
Күчөгөнүм күчөгөн.
Жаратканга дуба кылам,
Ичкендерди чыгаргын деп шишеден.
Канча жоону жеңген Кыргыз,
Аракты да жеңээрине ишенем!
ЭКИНЧИ АРМАН
Биздин кыргыз сулуу кыздар жөнүндө,
Кыз дегенде гүл кулпурат көңүлгө.
Кыздар барда дүйнө сулуу көрүнөт,
Бул чындыкты чыгара албайм төгүнгө.
Каникейдин баштап кеткен жолу бар,
Кыз Сайкалдын, Курманжанжын таштап кеткен жолу бар.
Ушул улуу энелердей боло албай,
Азыр кыздар кандай катты шоруңар?!
Кыргыз кыздын ыймансызын ким көргөн?
Доллар үчүн көчөлөрдө дене сатып күн көргөн.
Баары турат, эмне жетпейт буларга?
Заманага шылтоо кылат,
Заман эмес, адам пейли бузулган!
Бирөө барбы угаарга?
Же, сулуулар алмаштыбы,
Кыргызстанды, кырыгыздарды, намыс-арды,
Беш мүнөттүк кумарга?
Түз кете албай туңгуюкта телчишкен.
Кыргыз турса акча үчүн,
Кытайлады ээрчишкен.
Кайдан көрөм мөлтүрөгөн аруу, таза,
Кыргыз кыздын элесин?
Сонун болбой минип алса,
Сойкулуктун кемесин.
Жүрөгүнө кадап алса,
Бетсиздиктин жебесин.
Бул күн эмес Үркүндө да Ажарлар,
Талкан үчүн саткан эмес денесин!
Эй, сулуулар! Жеңил ойлуу сулуулар!
Жан бакканга бул жашоодо миң жол бар!
Баарынан да адам үчүн,
Адал чындык бир жол бар.
Денеңердин баасы канча айткыла!
Алаарыңар жүз доллар, же бир доллар,
А базарда итер турат эң арзаны
Миң доллар!
Эй, сулуулар!
Көрүнгөнгө чыкпасынчы тамтыгың.
Келечекте энесинер,
Мен силерден көргүм келет,
Аялзаттын артыгын!
Чет өлкөгө, чет элдерге, өз элдерге,
Дене саткан кыздарга мен каршымын!
Оо, сулуулар! Оо, бото көз сулуулар!
Ойлонгула жакшылап,
Акча, дүйнө убактылуу азгырат,
Жүрөк карыйт дене талыйт,
Сойкулук -бул келечегиң таш кылат.
А көрөкчө издегиле бактыны,
Адал жолдо издесеңер,
Бакыт жолун ачтырат,
Бактылуулук оңой эмес, чыдаш керек,
Кудай дагы сабырдууну жактырат
Эй, сулуулар! Оо, бото көз сулуулар!
Силер үчүн кыргыздардын көөдөнүнө,
Арман деген таш кулап,
Карек бүтүп, жүрөктөрдөн жаш кулап,
Денеңерди Америкага, арабдарга, кытайларга сатканча,
Кыргыздардын короосунда,
Күң болгонуң жакшыраак!
Же, силерди бакканга байлар жокпу?
Же, силерди алганга жандар жокпу?
Кыргыз үчүн кыргыздар күйүп жансын,
Кыргыз кызын кыргыз алсын!
Кудайдан уруксат бар,
Алсын! Алсын! Алсын! Алсын!
Ичиңерден чыккан бала,
Кытай болуп төрөлгөнчө,
Кыргыз болуп бизде калсын!! !
ҮЧҮНЧҮ АРМАН
Үчүнчү арман тил жөнүндө.
Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар.
Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз болуп жаралгандар,
Кыргыз тилин унутууга,
Айтчы кандай акың бар?!
Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген,
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн,
Араңарда кыз-уландар жокпу же,
«Салам» менен «приветтин» айырмасын билбеген!
Ырчылар да, сынчылар да,
Орусчалап үндөгөн.
Казактарды карагыла,
Казакча гой жырлары.
Өзүбекти карагыла,
Өзүбекче ырдады.
Орусчалап сүйлөгүн деп,
Орусчалап бийлегин деп
Силерди ким кыйнады?
Чет тилди да үйрөнөлү,
Анын дагы сүйлөй турган жери бар,
Ата-Бабам айтып келген.
Ар нерсенин чеги бар,
Айткылачы кыргыздарым,
Ала-Тоодо кыргыз тилдин,
Кай жеринен кеми бар?
Тил кармаган тизгиниңди,
Кай тарапка ыргыттың?
Тил жоголсо билбейсинби,
Жоголоорун кыргыздын?
Таза туруп баттык окшойт санаага,
Ак нерсени алмаштырдык карага,
«Ата» дешти алмаштырдык папага,
«Эне» дешти алмаштырдык мамага.
Башка тилдер минип жүрөт мерседес,
Кырыгз тили минип калган араба!
Кыргыз дебейм,
Көксөбөгөн кыргыз үчүн максатты.
Кыргыз дебейм,
Сатып жүргөн өз мекенин там-ташты.
Кыргыз дебейм,
Элди бөлгөн, жерди бөлгөн айгакты.
Кыргыз дебейм,
Өз кызына аңги болгон акмакты.
Түн да көрксүз,
Асмандагы жылдызсыз.
Жер да көрксүз,
Ала-Тоодо кыргызсыз.
Кырылбаган кыргызым,
Кырылбастан келе жаткан кыргызбыз.
Кыргыз келген Ала-Тоодо төрөлүп,
Кыргыз келген ак бешикке бөлөнүп,
Неберелер көбөйүп,
Чоң аталар ат үстүндө,
Чөбөрөсүн өңөрүп,
Кыргыз келген,
Арчалардай соолубастан көгөрүп,
Кыргыз келген,
Ала-тоодо кыргыз болуп төрөлүп.
Кыргыз болуп төрөлүп,
Кыргыз болуп төрөлүп,
Кыргыз болуп төрөлөлүк!
Келгилечи, КЫРГЫЗ бойдон өлөлүк!!!
Жэнишбек.Ж
Ойлор-ойлор,
Башка батпай күч алган.
Кымбат, улуу кыргыз элек,
Көк асмандан кут алган.
Бабаларым баркты сактап,
Бузбай таза наркты сактап,
Бизге чейин жол салган.
Бирок азыр билбей келем,
Сапар тартсам кош аягым,
Санаалардан тушалган.
Көкүрөккө батпайт экен,
Аягы эч түгөнбөгөн,
Ааламдагы бүт арман.
Антсе дагы айткым келди,
Алдыңарга үч арман:
БИРИНЧИ АРМАН
Кантип көрбөйм,кантип укпайм,
Каным бирге, жаным бирге Кыргыз элди.
Ушул улуу кыргызымдын,
Мээрими зор мекенине кимдер келди?
Үстөк-үстөк азапты үйгөн келди!
Өз төрүндөй өтүгүн илген келди!
Балдарыңды өз динден чыгарышкан,
Пачкалаган акчага сугарышкан,
Бурмаланган туура эмес диндер келди.
Жашыңды да, карыңды да,
Жинди сууга азгырган жиндер келди!
Жинди кылган кыргыздарды,
Жинди суу деп айтпаска аргам барбы?
Калп деп айтчы калааңарда, айлыңарда,
Ичпеген чалдар барбы?
Ичкиликти унутушуп,
Иштеген балдар барбы?
Ичип жатат, балакатка толгон бала жаңы да,
Ичип жатат, босогодо төрдө отураар карыя.
Ичип жатат, эжелер да жеңелер,
Калбагансыйт уят, намыс, ары да!
Ала-Тоомду каптагансыйт "арак" аттуу дарыя!
Касиеттүү мекенимде турчу эле го кут жанып!
Урпактарды ойлобостон ушунчалык уктадык!
Кагылайын кымыз жыттуу мекеним,
Баратпасын арак, түтүн жыттанып!
Айтчы, аталар кычкыл сууну кыйбай неге татасың?
Кыдыр салган жолду көрбөй, кыйшык неге басасың?
Кыбылага бутту керип,
Кудай берген кутту жерип,
Кесирленип жатасың!
Нарктуу дастан, санжырыдан кеп салбай,
Наспайыңды атасың!
Салт кармаган аталардын сакалынан арак турса куюлуп,
Мен алардын кантип алам батасын?!
Чыркыраган бул дүйнөдө,
Чындык аз да жалган көп.
Кубаныч аз, арман көп.
Ылайыгы эч келбеген,
Кыргыздардын арасында,
Ырым-жырым андан көп.
Кекиртекке шылтоо кылып,
Көргөн жерде ичишкен,
Өнөр болду өргө чапкан,
Өлгөн жерде ичишкен.
Жамандыкта жаман сууну,
Журтум неге койбойсун?!
Акыбалын арбактардын,
Журтум кандай ойлойсун?!
Арак менен көңүл айтып,
Айткылачы арбактарды,
Журтум неге кордойсун?!
Акылга кел ичкен жандар,
Акыл болсун укканың,
Тарбиябы кичүүлөргө,
Ачкыл сууну жутканың.
Өзүңдү-өзүң өрткө салып,
Өзөгүңдү бузбагын.
Арак менен арам болот жегениң,
Арам болот кусканың.
«Арак-арак»- дей берсеңер,
Бечел болот балдарың,
Безер болот кыздарың,
Эй, Кыргызым!
Башка жерден эч бир душман издебе,
Арак сенин душманың!
Арагыңды ойлобостон,
Талабыңды ойлогун.
Учуруңду ойлобостон,
Тукумуңду ойлогун.
Кумарынды ойлобостон,
Убалыңды ойлогун.
Келечекте келе турган туягыңды ойлогун.
Дарты күчтүү ушул арак,
Дагы эмнени айтмакмын.
Түпкүрүнө жетсек деймин,
Тилек менен максаттын.
Аракты эч ким жеңген эмес,
Жеңген бирөө бар болсо,
Алтын медаль такмакмын!
Ич аракты ошончолук эгер бийик бааласаң!
Ич аракты өзүңдү-өзүң кыргыз дебей,
Айбан кылып тандасаң!
Ич аракты урпактардын манкурттугун кааласан!
Аллах бизди жаратаарда,
Чындык бол деп жараткан.
Акыл берип адам кылып,
«КЫРГЫЗ бол!»- деп жараткан.
Түшүнгүлө ичке жандар,
Түпкү атабыз өлгөн эмес арактан.
Билесиңер арак-арак,
Кол-бутуңду шал кылат.
Төрт аяктуу мал кылат,
Көкүрөгүң тар кылат.
Билесиңер, ысык болсоң муздатат.
Узун болсоң кыскартат.
Катуу болсоң жумшартат.
Түбү келип түшүнгүн,
Түбөлүккө уктатат,
Арак менен өтө албайсың төргө да,
Чыга албайсың өргө да,
Баса албайсың жерге да,
Жага албайсың элге да,
Көз жумган соң бүттү дебе,
Арак үчүн жазасы бар Аллахтын,
Тынч жаткырбайт көргө да.
Биз КЫРГЫЗбыз ийри жолду түзөгөн,
Жыртылганды бүтөгөн,
Мен Кыргызмын кыргыз үчүн чындыкты айтып,
Күчөгөнүм күчөгөн.
Жаратканга дуба кылам,
Ичкендерди чыгаргын деп шишеден.
Канча жоону жеңген Кыргыз,
Аракты да жеңээрине ишенем!
ЭКИНЧИ АРМАН
Биздин кыргыз сулуу кыздар жөнүндө,
Кыз дегенде гүл кулпурат көңүлгө.
Кыздар барда дүйнө сулуу көрүнөт,
Бул чындыкты чыгара албайм төгүнгө.
Каникейдин баштап кеткен жолу бар,
Кыз Сайкалдын, Курманжанжын таштап кеткен жолу бар.
Ушул улуу энелердей боло албай,
Азыр кыздар кандай катты шоруңар?!
Кыргыз кыздын ыймансызын ким көргөн?
Доллар үчүн көчөлөрдө дене сатып күн көргөн.
Баары турат, эмне жетпейт буларга?
Заманага шылтоо кылат,
Заман эмес, адам пейли бузулган!
Бирөө барбы угаарга?
Же, сулуулар алмаштыбы,
Кыргызстанды, кырыгыздарды, намыс-арды,
Беш мүнөттүк кумарга?
Түз кете албай туңгуюкта телчишкен.
Кыргыз турса акча үчүн,
Кытайлады ээрчишкен.
Кайдан көрөм мөлтүрөгөн аруу, таза,
Кыргыз кыздын элесин?
Сонун болбой минип алса,
Сойкулуктун кемесин.
Жүрөгүнө кадап алса,
Бетсиздиктин жебесин.
Бул күн эмес Үркүндө да Ажарлар,
Талкан үчүн саткан эмес денесин!
Эй, сулуулар! Жеңил ойлуу сулуулар!
Жан бакканга бул жашоодо миң жол бар!
Баарынан да адам үчүн,
Адал чындык бир жол бар.
Денеңердин баасы канча айткыла!
Алаарыңар жүз доллар, же бир доллар,
А базарда итер турат эң арзаны
Миң доллар!
Эй, сулуулар!
Көрүнгөнгө чыкпасынчы тамтыгың.
Келечекте энесинер,
Мен силерден көргүм келет,
Аялзаттын артыгын!
Чет өлкөгө, чет элдерге, өз элдерге,
Дене саткан кыздарга мен каршымын!
Оо, сулуулар! Оо, бото көз сулуулар!
Ойлонгула жакшылап,
Акча, дүйнө убактылуу азгырат,
Жүрөк карыйт дене талыйт,
Сойкулук -бул келечегиң таш кылат.
А көрөкчө издегиле бактыны,
Адал жолдо издесеңер,
Бакыт жолун ачтырат,
Бактылуулук оңой эмес, чыдаш керек,
Кудай дагы сабырдууну жактырат
Эй, сулуулар! Оо, бото көз сулуулар!
Силер үчүн кыргыздардын көөдөнүнө,
Арман деген таш кулап,
Карек бүтүп, жүрөктөрдөн жаш кулап,
Денеңерди Америкага, арабдарга, кытайларга сатканча,
Кыргыздардын короосунда,
Күң болгонуң жакшыраак!
Же, силерди бакканга байлар жокпу?
Же, силерди алганга жандар жокпу?
Кыргыз үчүн кыргыздар күйүп жансын,
Кыргыз кызын кыргыз алсын!
Кудайдан уруксат бар,
Алсын! Алсын! Алсын! Алсын!
Ичиңерден чыккан бала,
Кытай болуп төрөлгөнчө,
Кыргыз болуп бизде калсын!! !
ҮЧҮНЧҮ АРМАН
Үчүнчү арман тил жөнүндө.
Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар.
Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз болуп жаралгандар,
Кыргыз тилин унутууга,
Айтчы кандай акың бар?!
Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген,
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн,
Араңарда кыз-уландар жокпу же,
«Салам» менен «приветтин» айырмасын билбеген!
Ырчылар да, сынчылар да,
Орусчалап үндөгөн.
Казактарды карагыла,
Казакча гой жырлары.
Өзүбекти карагыла,
Өзүбекче ырдады.
Орусчалап сүйлөгүн деп,
Орусчалап бийлегин деп
Силерди ким кыйнады?
Чет тилди да үйрөнөлү,
Анын дагы сүйлөй турган жери бар,
Ата-Бабам айтып келген.
Ар нерсенин чеги бар,
Айткылачы кыргыздарым,
Ала-Тоодо кыргыз тилдин,
Кай жеринен кеми бар?
Тил кармаган тизгиниңди,
Кай тарапка ыргыттың?
Тил жоголсо билбейсинби,
Жоголоорун кыргыздын?
Таза туруп баттык окшойт санаага,
Ак нерсени алмаштырдык карага,
«Ата» дешти алмаштырдык папага,
«Эне» дешти алмаштырдык мамага.
Башка тилдер минип жүрөт мерседес,
Кырыгз тили минип калган араба!
Кыргыз дебейм,
Көксөбөгөн кыргыз үчүн максатты.
Кыргыз дебейм,
Сатып жүргөн өз мекенин там-ташты.
Кыргыз дебейм,
Элди бөлгөн, жерди бөлгөн айгакты.
Кыргыз дебейм,
Өз кызына аңги болгон акмакты.
Түн да көрксүз,
Асмандагы жылдызсыз.
Жер да көрксүз,
Ала-Тоодо кыргызсыз.
Кырылбаган кыргызым,
Кырылбастан келе жаткан кыргызбыз.
Кыргыз келген Ала-Тоодо төрөлүп,
Кыргыз келген ак бешикке бөлөнүп,
Неберелер көбөйүп,
Чоң аталар ат үстүндө,
Чөбөрөсүн өңөрүп,
Кыргыз келген,
Арчалардай соолубастан көгөрүп,
Кыргыз келген,
Ала-тоодо кыргыз болуп төрөлүп.
Кыргыз болуп төрөлүп,
Кыргыз болуп төрөлүп,
Кыргыз болуп төрөлөлүк!
Келгилечи, КЫРГЫЗ бойдон өлөлүк!!!
Жэнишбек.Ж
#16 29 Май 2014 - 05:52
Пайгамбарым
Ашыктыктан жаралып ой таттуусу,
Айтылсын момундардын ой жакшысы.
Аллахтын саламдары болсун дейлик,
Акыйкаттын нурланган жол башчысы.
Ааламдар урматына жаратылган,
Адамзаттын таажысы, чоң бактысы.
Үммөтүм деп көзүңдөн жаштар акты,
Үммүттү намаз менен таңдар атты.
Таасын ойду чындыкты жеткиргенге,
Таманыңдан сызылып кандар акты.
Эчендеген азапка сабыр кылып,
Эч турмушту көрбөдүң балдай таттуу.
Сен болбосоң улуу жолду билбейт элек,
Сезим уулап карарып кирдейт элек.
Жаралган отко, ташка кулдук уруп,
Жаратканга башыбызды ийбейт элек.
Намыс, уят көкүрөктөн талкаланып,
Напсилердин буйруктарын сүйлөйт элек.
Баа жеткис асылдардын асылы элең.
Баатырлардын чыныгы баатыры элең.
Мээримине мемиретип кубандырган,
Жетимдердин жүрөгүнүн жакыны элең.
Толкуган сыноолорго сабыр кылган,
Табылбас акылмандын акылы элең.
Туңгуюктан чыгарган ал сен элең,
Дилди ыйманга сугарган ал сен элең.
Аялзатка теңдик берген ал сен элең,
Акыл ойго кеңдик берген ал сен элең.
Душманды да кечирип азат кылган,
Даанышман айкөлдөрдүн айкөлү элең.
Илими мол сүннөтүңө кантип жарайм,
Ибадат аз жаннатты кантип самайм.
Кыяматта жолугарым эстегенде,
Көкүрөккө кусалыкты кантип камайм.
Үммөт болуп үммөтчүлүк иш кылдымбы,
Уялбастан жүзүңдү кантип карайм.
Аллахтын атын айтып мактадымбы,
Адашып далай жолдо баспадымбы.
Кулпунган бийиктеги гүлдү көрбөй,
Кумардын каалгасын ачпадымбы.
Энелердин бут алдында бейиш дедиң,
Энекемдин ак сүтүн актадымбы.
Сен көрбөгөн уйкуну биз уктадык,
Сезе албадык чындыкты чымчыкчалык.
Жан эсеби акыретти ойлобостон,
Жан дүйнөдөн жабыр тартып кырсыктадык.
Адашкан арабыздан жандар чыкты,
Айыкпас арман чыкты унчукпадык.
Адашкандар багытын карманбадың,
Акча, дүйнө беришти алданбадың.
Үммөтүңдүн акыбалын ойлоп ыйлап,
Үмүтсүз бул жалганда щаңданбадың.
Сүйгөнүмдөй Аллахты жүрөгүмдөн,
Сүйөм сени, сүйөм сени, пайгамбарым.
Нес болгондой айтканыңды аткарбадык,
Напсибизди токтотуп башкарбадык.
Шаңдангандын үстүндө үммөтөрүң,
Шүгүрчүлүк Жаратканга айта албадык.
Жарты болуп жүрөктөр ууга батып,
Жамандыктан пенделерди кайтарбадык.
Максаты жок жасалма бийик болдук,
Мансап үчүн чуркаган күлүк болдук.
Өзгөлөргө кол сунган үмүт болдук,
Өлүк жандай пайдасыз тирик болдук.
Күндү тосуп карарган булут болдук,
Күнөөлөрдү моюнга үйүп койдук.
Ушак чыкса кулакты түрүп койдук,
Уятсызды улуудан бийик койдук.
Ачуулуунун колуна бычак берип,
Акылдууга ишенбей күлүп койдук.
Көздүү туруп көкүрөк көргө айланып,
Акыйкатты айтпаган дудук болдук.
Сен билгенди аттиң ай, биз билгенде,
Суранып саждаларда ыйлар элек.
Чагылгындый жаштыкты ылайлабай,
Чеги менен жалганда жыргар элек.
Карегине кайгынын отун жакпай,
Кадырлап ата-энени сыйлар элек.
Сен билгенди аттиң ай, биз билгенде,
Сүннөтүңдү тирилтип сактайт элек.
Өлүмдүн каалгасын тыкылдатып,
Өкүнтөөр чылым алып тартпайт элек.
Тил учуна тикенек илип алып,
Төгүн сөздү жайылтып айтпайт элек.
Бейиштин не экенин биз билгенде,
Байлыктан көп садага кылаар элек.
Балакет напсибизди тыяр элек,
Толкуткан азан үнүн угар элек.
Тозок менен көр азабы сезилгенде,
Түндө ойгонуп намазга тураар элек.
Кадырыңды кадырлап билген барбы,
Как жүрөгүн калк үчүн тилген барбы.
Караңгыга ай болуп тийген барбы,
Кайратынан таш жарылган гүлдөр барбы.
Өрттөнөмүн айтарга сөзүм жетпейт,
Өзүмдүн да кантейин дүйнөм жарды.
Таттуу туруп уулаган балды кантем,
Түнгө нурун чачпаган айды кантем.
Намазы жок агарган таңды кантем,
Алкымынан акылы төмөн болуп,
Азгырылма көөдөнү керең болуп,
Адалдыкты булгаган жарды кантем.
Жалгыз өсүп кыйылган талды кантем,
Жакасы арак жыттанган чалды кантем.
Тирегинен ажырап түбөлүккө,
Динин саткан дил бузар жанды кантем.
Жетим, жесир, жардыны карабаган,
Тайкы тилек текебер байды кантем.
Дилибизге бакыт нуру куюлсун дейм,
Дубабыз Жаратканга угулсун дейм.
Көөдөн бошоп жаныбыз чыгар кезде,
Көздөрүбүз саждада жумулсун дейм.
Акыйкатта ар момундун тилеги ушул,
Аллах бизге шапаатыңды буюрсун дейм.
Айтылса бүтпөйт ичте армандарым,
Азаппы, же жыргалбы барар жайым.
Мухаммед деп каректерден жаш кылгырат,
Момундар алаканын жайган сайын.
Сүйгөнүмдөй Аллахты жүрөгүмдөн,
Сүйөм сени, сүйөм сени, пайгамбарым!
Ж.Жумакадыр
Ашыктыктан жаралып ой таттуусу,
Айтылсын момундардын ой жакшысы.
Аллахтын саламдары болсун дейлик,
Акыйкаттын нурланган жол башчысы.
Ааламдар урматына жаратылган,
Адамзаттын таажысы, чоң бактысы.
Үммөтүм деп көзүңдөн жаштар акты,
Үммүттү намаз менен таңдар атты.
Таасын ойду чындыкты жеткиргенге,
Таманыңдан сызылып кандар акты.
Эчендеген азапка сабыр кылып,
Эч турмушту көрбөдүң балдай таттуу.
Сен болбосоң улуу жолду билбейт элек,
Сезим уулап карарып кирдейт элек.
Жаралган отко, ташка кулдук уруп,
Жаратканга башыбызды ийбейт элек.
Намыс, уят көкүрөктөн талкаланып,
Напсилердин буйруктарын сүйлөйт элек.
Баа жеткис асылдардын асылы элең.
Баатырлардын чыныгы баатыры элең.
Мээримине мемиретип кубандырган,
Жетимдердин жүрөгүнүн жакыны элең.
Толкуган сыноолорго сабыр кылган,
Табылбас акылмандын акылы элең.
Туңгуюктан чыгарган ал сен элең,
Дилди ыйманга сугарган ал сен элең.
Аялзатка теңдик берген ал сен элең,
Акыл ойго кеңдик берген ал сен элең.
Душманды да кечирип азат кылган,
Даанышман айкөлдөрдүн айкөлү элең.
Илими мол сүннөтүңө кантип жарайм,
Ибадат аз жаннатты кантип самайм.
Кыяматта жолугарым эстегенде,
Көкүрөккө кусалыкты кантип камайм.
Үммөт болуп үммөтчүлүк иш кылдымбы,
Уялбастан жүзүңдү кантип карайм.
Аллахтын атын айтып мактадымбы,
Адашып далай жолдо баспадымбы.
Кулпунган бийиктеги гүлдү көрбөй,
Кумардын каалгасын ачпадымбы.
Энелердин бут алдында бейиш дедиң,
Энекемдин ак сүтүн актадымбы.
Сен көрбөгөн уйкуну биз уктадык,
Сезе албадык чындыкты чымчыкчалык.
Жан эсеби акыретти ойлобостон,
Жан дүйнөдөн жабыр тартып кырсыктадык.
Адашкан арабыздан жандар чыкты,
Айыкпас арман чыкты унчукпадык.
Адашкандар багытын карманбадың,
Акча, дүйнө беришти алданбадың.
Үммөтүңдүн акыбалын ойлоп ыйлап,
Үмүтсүз бул жалганда щаңданбадың.
Сүйгөнүмдөй Аллахты жүрөгүмдөн,
Сүйөм сени, сүйөм сени, пайгамбарым.
Нес болгондой айтканыңды аткарбадык,
Напсибизди токтотуп башкарбадык.
Шаңдангандын үстүндө үммөтөрүң,
Шүгүрчүлүк Жаратканга айта албадык.
Жарты болуп жүрөктөр ууга батып,
Жамандыктан пенделерди кайтарбадык.
Максаты жок жасалма бийик болдук,
Мансап үчүн чуркаган күлүк болдук.
Өзгөлөргө кол сунган үмүт болдук,
Өлүк жандай пайдасыз тирик болдук.
Күндү тосуп карарган булут болдук,
Күнөөлөрдү моюнга үйүп койдук.
Ушак чыкса кулакты түрүп койдук,
Уятсызды улуудан бийик койдук.
Ачуулуунун колуна бычак берип,
Акылдууга ишенбей күлүп койдук.
Көздүү туруп көкүрөк көргө айланып,
Акыйкатты айтпаган дудук болдук.
Сен билгенди аттиң ай, биз билгенде,
Суранып саждаларда ыйлар элек.
Чагылгындый жаштыкты ылайлабай,
Чеги менен жалганда жыргар элек.
Карегине кайгынын отун жакпай,
Кадырлап ата-энени сыйлар элек.
Сен билгенди аттиң ай, биз билгенде,
Сүннөтүңдү тирилтип сактайт элек.
Өлүмдүн каалгасын тыкылдатып,
Өкүнтөөр чылым алып тартпайт элек.
Тил учуна тикенек илип алып,
Төгүн сөздү жайылтып айтпайт элек.
Бейиштин не экенин биз билгенде,
Байлыктан көп садага кылаар элек.
Балакет напсибизди тыяр элек,
Толкуткан азан үнүн угар элек.
Тозок менен көр азабы сезилгенде,
Түндө ойгонуп намазга тураар элек.
Кадырыңды кадырлап билген барбы,
Как жүрөгүн калк үчүн тилген барбы.
Караңгыга ай болуп тийген барбы,
Кайратынан таш жарылган гүлдөр барбы.
Өрттөнөмүн айтарга сөзүм жетпейт,
Өзүмдүн да кантейин дүйнөм жарды.
Таттуу туруп уулаган балды кантем,
Түнгө нурун чачпаган айды кантем.
Намазы жок агарган таңды кантем,
Алкымынан акылы төмөн болуп,
Азгырылма көөдөнү керең болуп,
Адалдыкты булгаган жарды кантем.
Жалгыз өсүп кыйылган талды кантем,
Жакасы арак жыттанган чалды кантем.
Тирегинен ажырап түбөлүккө,
Динин саткан дил бузар жанды кантем.
Жетим, жесир, жардыны карабаган,
Тайкы тилек текебер байды кантем.
Дилибизге бакыт нуру куюлсун дейм,
Дубабыз Жаратканга угулсун дейм.
Көөдөн бошоп жаныбыз чыгар кезде,
Көздөрүбүз саждада жумулсун дейм.
Акыйкатта ар момундун тилеги ушул,
Аллах бизге шапаатыңды буюрсун дейм.
Айтылса бүтпөйт ичте армандарым,
Азаппы, же жыргалбы барар жайым.
Мухаммед деп каректерден жаш кылгырат,
Момундар алаканын жайган сайын.
Сүйгөнүмдөй Аллахты жүрөгүмдөн,
Сүйөм сени, сүйөм сени, пайгамбарым!
Ж.Жумакадыр
#17 29 Май 2014 - 06:00
Ой санат
Бул дүнүйө кимге майрам кимге арман
Бул дүйнөдөн кимдер кетип ким калган
Учуп кетер кайран өмүр жарымы
Уйку тилеп каректерди жумгандан
Акыл менен кармабасаң мезгилди
Алдап жүрүп көмөлөтөт шум жалган
Жаралгансың топурактан ыйлайдан
Жар боорунан канча жандар куланган
Колу менен жылдыз терип алгансып
Коркпой жашап жүргөндөр бар убалдан
Көкүрөктү керген менен асманга
Кутулбайсың кудуреттүү Кудайдан
Текеберлер тектүүмүн деп озунат
Түбү келип бир дөбөгө кошулат
Опол тоодой байлык жыйып кээ бирөө
Октон качып жашап жүрөт чочулап
Бул жалганда ырахаттын чеги ушул
Бийлигиң да,байлыгың да топурак
Аалам сырын барбы терең аңтарган
Акылмандар акыйкатты жар салган
Беделине доо кетирбей сыланып
Бектер өткөн жан сакчылар кайтарган
Бектери ким,кулдары ким мүрзөдөн
Барбы азыр адаштырбай айталган
Кечиримдүү адамдардын асылы
Кекчил болот жан дүйнөсү жакыры
Жакшы аргымак желдей сызып чуркаса
Жаман аттын катуу чыгат басыгы
Өкүндүрүп ата-энеңди кордосоң
Өз балаңдан көрөрүң чын акыры
Бул турмушуң азап жана салтанат
Билбегенге кыйын болор байкамак
Дартың болсо айыгууга үмүт кыл
Дайым эле гүлдөй бербейт чар тарап
Көп билгендер аз билем деп толгонот
Көп билем деп аз билгендер айталат
Оюң турсун окшоп толкуп деңизге
Опол тоодой эмгектенип көп иште
Оюн куруп жаштыгыңда пайдасыз
Оңой-олтоң кирем дебе бейишке
Басыгыңды бир күн келип токтотор
Пайгамбарлар жанын алган периште
Кудайды ойло мээрим төккөн сезимге
Кудайды ойло эртең менен кечинде
Кудай дагы жардам берсин сени эстеп
Кыйынчылык тартып турган кезиңде
Ойлон досум эч бир жандан пайда жок
Оролгондо этек-жеңсиз кепинге
Сөөлөт күтүп эл сөзүнө калбагын
Сөз сүйлөсөң калпып сүйлө каймагын
Көкүрөктү нурга айлантып жашасак
Көрөрбүз да тагдыр башка салганын
Тагдыр десе,жазмыш ушул экен деп
Балды ыргытып уудан ичип албагын
Кереметпи аялзаты мынчалык
Келет булар кылым бою ырдалып
Кара көздүн караанына жете албай
Канча пенде зарлап өткөн муңканып
Бизди таштаар сулуулар деп жүрөбүз
Бизди күткөн сулуулардан кур калып
Сүйбөй жүрүп сүйгөн кандай ырахат
Билбей жүрүп билген кандай ырахат
Жетпей калса сүйгөнүнө акылсыз
Жанын кыят кара жерди кулачтап
Жан бүткөнгө жетпей калыш жеңилдир
Жаратканга жетпей калыш миң азап
Адалдыкты сайрасаң да улардай
Арагынын кумарынан чыгалбай
Уятсыздык ордосунда жүргөн бар
Уйпаланган бийкечтерин кыялбай
Төшөнчүсүн булгап келип бирөөнүн
Төргө отуруп акыл айтат уялбай
Жандар канча жалган айтып жасанган
Жандар канча башы чыкпас катардан
Азамат бар элдин камын ойлонуп
Ар мезгилде карылардан бата алган
Атагыңды аалам угуп турса да
Ашалбайсың сени тапкан атаңдан
Көрүнгөнгө колуң сунуп күн дебе
Көпкө турбай батып кетет күн деле
Кандан бүткөн жакындарың болсо да
Казанына ашын салбайт күндө эле
Мансап үчүн сатып кетсе досторуң
Мындан өткөн түйшүк жоктур дүйнөдө
Гүлдөр сүйлөп дарак үндөйт бу жайда
Буйрук менен толкуп агат суулар да
Биз көрбөгөн табышмакка бай дүйнө
Бизден таза болот кээде була да
Жымыңдашып турган менен асманда
Жылдыздар да сажда кылат Кудайга.
Ж.Жумакадыр
Бул дүнүйө кимге майрам кимге арман
Бул дүйнөдөн кимдер кетип ким калган
Учуп кетер кайран өмүр жарымы
Уйку тилеп каректерди жумгандан
Акыл менен кармабасаң мезгилди
Алдап жүрүп көмөлөтөт шум жалган
Жаралгансың топурактан ыйлайдан
Жар боорунан канча жандар куланган
Колу менен жылдыз терип алгансып
Коркпой жашап жүргөндөр бар убалдан
Көкүрөктү керген менен асманга
Кутулбайсың кудуреттүү Кудайдан
Текеберлер тектүүмүн деп озунат
Түбү келип бир дөбөгө кошулат
Опол тоодой байлык жыйып кээ бирөө
Октон качып жашап жүрөт чочулап
Бул жалганда ырахаттын чеги ушул
Бийлигиң да,байлыгың да топурак
Аалам сырын барбы терең аңтарган
Акылмандар акыйкатты жар салган
Беделине доо кетирбей сыланып
Бектер өткөн жан сакчылар кайтарган
Бектери ким,кулдары ким мүрзөдөн
Барбы азыр адаштырбай айталган
Кечиримдүү адамдардын асылы
Кекчил болот жан дүйнөсү жакыры
Жакшы аргымак желдей сызып чуркаса
Жаман аттын катуу чыгат басыгы
Өкүндүрүп ата-энеңди кордосоң
Өз балаңдан көрөрүң чын акыры
Бул турмушуң азап жана салтанат
Билбегенге кыйын болор байкамак
Дартың болсо айыгууга үмүт кыл
Дайым эле гүлдөй бербейт чар тарап
Көп билгендер аз билем деп толгонот
Көп билем деп аз билгендер айталат
Оюң турсун окшоп толкуп деңизге
Опол тоодой эмгектенип көп иште
Оюн куруп жаштыгыңда пайдасыз
Оңой-олтоң кирем дебе бейишке
Басыгыңды бир күн келип токтотор
Пайгамбарлар жанын алган периште
Кудайды ойло мээрим төккөн сезимге
Кудайды ойло эртең менен кечинде
Кудай дагы жардам берсин сени эстеп
Кыйынчылык тартып турган кезиңде
Ойлон досум эч бир жандан пайда жок
Оролгондо этек-жеңсиз кепинге
Сөөлөт күтүп эл сөзүнө калбагын
Сөз сүйлөсөң калпып сүйлө каймагын
Көкүрөктү нурга айлантып жашасак
Көрөрбүз да тагдыр башка салганын
Тагдыр десе,жазмыш ушул экен деп
Балды ыргытып уудан ичип албагын
Кереметпи аялзаты мынчалык
Келет булар кылым бою ырдалып
Кара көздүн караанына жете албай
Канча пенде зарлап өткөн муңканып
Бизди таштаар сулуулар деп жүрөбүз
Бизди күткөн сулуулардан кур калып
Сүйбөй жүрүп сүйгөн кандай ырахат
Билбей жүрүп билген кандай ырахат
Жетпей калса сүйгөнүнө акылсыз
Жанын кыят кара жерди кулачтап
Жан бүткөнгө жетпей калыш жеңилдир
Жаратканга жетпей калыш миң азап
Адалдыкты сайрасаң да улардай
Арагынын кумарынан чыгалбай
Уятсыздык ордосунда жүргөн бар
Уйпаланган бийкечтерин кыялбай
Төшөнчүсүн булгап келип бирөөнүн
Төргө отуруп акыл айтат уялбай
Жандар канча жалган айтып жасанган
Жандар канча башы чыкпас катардан
Азамат бар элдин камын ойлонуп
Ар мезгилде карылардан бата алган
Атагыңды аалам угуп турса да
Ашалбайсың сени тапкан атаңдан
Көрүнгөнгө колуң сунуп күн дебе
Көпкө турбай батып кетет күн деле
Кандан бүткөн жакындарың болсо да
Казанына ашын салбайт күндө эле
Мансап үчүн сатып кетсе досторуң
Мындан өткөн түйшүк жоктур дүйнөдө
Гүлдөр сүйлөп дарак үндөйт бу жайда
Буйрук менен толкуп агат суулар да
Биз көрбөгөн табышмакка бай дүйнө
Бизден таза болот кээде була да
Жымыңдашып турган менен асманда
Жылдыздар да сажда кылат Кудайга.
Ж.Жумакадыр
#18 02 Январь 2015 - 14:58
Талашта ким
женет:
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа
саллам, айтты:
«Өзүнүкү туура болсо да, талаш-
тартышты таштаган адамга Бейиштин
четинен хансарай берилишине
кепилдик беремин. Тамашаласа да,
жалган айтпаган адамга Бейиштин
ортосунан хансарай берилишине
кепилдик беремин. Кулк-мүнөзүн
оңдогон адамга Бейиштин төрүнөн
хансарай берилишине кепилдик
беремин». (Имам Абу Дауд)
Ал эми башка хадисте Алланын Элчиси,
саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Алланын кулу жалган айтып
тамашалаганын таштамайынча толук
ыйман келтирбейт». (“аль-Аусат”, ат-
Табарани)
Абдулла ибну Масъуд, радыяллаху анху,
айтты:
«Чындап да, тамашалап да жалган
айтууга болбойт. Эгерде (билгинер)
келсе, Алланын бул сөзүн окугула:«Эй,
ыйман келтиргендер! Алладан корккула
жана чынчылдар менен бирге
болгула». Тауба сүрөөсү (9:119); (Ибну
Абу Шайба)
Жогоруда айтылгандан жалган айтып
тамашалоонун күнөө экендиги
белгилүү болду. Ал эми кимде-ким
адамдарды күлдүрүш үчүн жалган
айтса, анда мунун күнөөсү андан да
чоң. Бул туурасында Пайгамбар,
саллаллаху алейхи уа саллам, мындай
деп айткан: «Адамдарды күлдүрүш үчүн
жалган сүйлөгөн адамга азап болсун,
азап болсун, азап болсун!». (Имам ат-
Тирмизи; Имам Абу Дауд)
«Көңүлдү көтөрүш үчүн чындыкка туура
келген сөздү айтып тамашалоого
уруксат. Бирок муну адат кылып албаш
керек. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа
саллам, да кээде тамашалаган, бирок
чындыкты гана айткан. Ал эми
жалганды айтып тамашалоого болбойт.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа
саллам: «Адамдарды күлдүрүш үчүн
жалган сүйлөгөн адамга азап болсун,
азап болсун, азап болсун!»,– деп
айткан». (“Мажмуъ фатауа уа макалаат
женет:
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа
саллам, айтты:
«Өзүнүкү туура болсо да, талаш-
тартышты таштаган адамга Бейиштин
четинен хансарай берилишине
кепилдик беремин. Тамашаласа да,
жалган айтпаган адамга Бейиштин
ортосунан хансарай берилишине
кепилдик беремин. Кулк-мүнөзүн
оңдогон адамга Бейиштин төрүнөн
хансарай берилишине кепилдик
беремин». (Имам Абу Дауд)
Ал эми башка хадисте Алланын Элчиси,
саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Алланын кулу жалган айтып
тамашалаганын таштамайынча толук
ыйман келтирбейт». (“аль-Аусат”, ат-
Табарани)
Абдулла ибну Масъуд, радыяллаху анху,
айтты:
«Чындап да, тамашалап да жалган
айтууга болбойт. Эгерде (билгинер)
келсе, Алланын бул сөзүн окугула:«Эй,
ыйман келтиргендер! Алладан корккула
жана чынчылдар менен бирге
болгула». Тауба сүрөөсү (9:119); (Ибну
Абу Шайба)
Жогоруда айтылгандан жалган айтып
тамашалоонун күнөө экендиги
белгилүү болду. Ал эми кимде-ким
адамдарды күлдүрүш үчүн жалган
айтса, анда мунун күнөөсү андан да
чоң. Бул туурасында Пайгамбар,
саллаллаху алейхи уа саллам, мындай
деп айткан: «Адамдарды күлдүрүш үчүн
жалган сүйлөгөн адамга азап болсун,
азап болсун, азап болсун!». (Имам ат-
Тирмизи; Имам Абу Дауд)
«Көңүлдү көтөрүш үчүн чындыкка туура
келген сөздү айтып тамашалоого
уруксат. Бирок муну адат кылып албаш
керек. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа
саллам, да кээде тамашалаган, бирок
чындыкты гана айткан. Ал эми
жалганды айтып тамашалоого болбойт.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа
саллам: «Адамдарды күлдүрүш үчүн
жалган сүйлөгөн адамга азап болсун,
азап болсун, азап болсун!»,– деп
айткан». (“Мажмуъ фатауа уа макалаат
Алдыга куч
#19 02 Январь 2015 - 15:06
НИКЕЛЕШУУ АРАМКЫЛЫНГАН АЯЛДАР БАЯНЫ.----------
-------- Киши оз апасына жанаата- апасы тарабынан болгон чонэнелерине уйлонушу адал эмес , бултууралуу Алла Таала :ﻪﻟﻮﻘﻟ :ﻰﻟﺎﻌﺗ ْﺖَﻣِّﺮُﺣ} ْﻢُﻜْﻴَﻠَﻋ {ْﻢُﻜُﺗﺎَﻨَﺑَﻭ ْﻢُﻜُﺗﺎَﻬَّﻣُﺃ[ 23 :ﺀﺎﺴﻨﻟﺍ ]( Силерге оз апанарга жана озкыздарынарга уйлонуу арам кылынды )деп айтат.Бул аятта " апа " созу тилдик жактан "негизги " деген созду берип, чонэнелерди да оз ичине камтып кетет,ошондой эле чон энелерге уйлонууарам экендиги тууралуу ижматарабынан да бышыкталган.
------------------- Жогорудагы аяттаайтылгандай киши оз кызынауйлонушуу да арам кылынган, ушулменен бирге киши оз баласынынкызына жана мындан да томонуно( баласынын кызынын кызына )уйлонушу адал эмес ижма тарабынан.--
------------------- Ошондой эле киши озкарындашына жана карындашынынкыздарына жана бир тууган агасынынже инисинин кыздарына жана тайэжесине жана чон апасына уйлонушуадал эмес, себеби булардын никелерида жогорудагы аятта арам кылынган ,жана жогорудагы аятка баардык чонапалар, тай эжелер жана ага-инининкыздары кирет, себеби аят аттарабынан жалпылыка корсотмо берет.----------
-------- Киши оз аялынынапасына ( аялына жыныстык жакындыккылганына же кылбагандагынакарабай ) аялынын апасына уйлонууадал эмес. Буга томондогу аят далилболот , Алла Таала :" ﻪﻟﻮﻘﻟ :ﻰﻟﺎﻌﺗ ُﺕﺎَﻬَّﻣُﺃَﻭ} {ْﻢُﻜِﺋﺎَﺴِﻧ [ :ﺀﺎﺴﻨﻟﺍ23]( Аялдарынардын апалары силер учунуйлонууго арам кылынды) деп айтат.Бул аятта аялына жыныстыккошулуштук же кошулбастык аныкайтылган эмес.------------
-------Киши жыныстык жактанкошулган аялынын алдынкы эриненболгон кызына да уйлонушу адал эмес.Аялдын алдынкы эринен болгон кыз алкишинин карамагында же башкабироонун карамгында экендигинекарабай уйлонушу адал эмес.------------
---------- Ошондой эле киши озатасынын жана чон ата бабаларынынаялдарына уйлонушу да адал эмес. Бултууралуу Алла Таала :ﻪﻟﻮﻘﻟ :ﻰﻟﺎﻌﺗ ﺍﻮُﺤِﻜْﻨَﺗ ﻻَﻭ} ﺎَﻣ َﻦِﻣ ْﻢُﻛُﺅﺎَﺑﺁ َﺢَﻜَﻧ{ِﺀﺎَﺴِّﻨﻟﺍ [ 22 :ﺀﺎﺴﻨﻟﺍ ]( Атанардын никесинде болгонаялдарга уйлонбогуло ) деп айтат.----------
---- Киши оз балдарынын жанабалдарынын балдырынын аялдарынада уйлонушу адал эмес. Бул тууралууАлла Таала :ﻪﻟﻮﻘﻟ :ﻰﻟﺎﻌﺗ ُﻞِﺋﻼَﺣَﻭ} ُﻢُﻜِﺋﺎَﻨْﺑَﺃ ْﻦِﻣ َﻦﻳِﺬَّﻟﺍ{ْﻢُﻜِﺑﻼْﺻَﺃ [ 23 :ﺀﺎﺴﻨﻟﺍ ]( Озунордон болгон балдарынардынаялдары да силерге арам кылынды )деп айтат.----------
------- Ошондой эле киши сутэмизген энесине жана эмчектеш биртууган болбогон эже- карындаштарынауйлонушу адал эмес. Бул тууралуу АллаТаала :ﻪﻟﻮﻘﻟ :ﻰﻟﺎﻌﺗ ُﻢُﻜُﺗﺎَﻬَّﻣُﺃَﻭ} ْﻢُﻜَﻨْﻌَﺿْﺭَﺃ ﻲِﺗﺎَّﻠﻟﺍ{ِﺔَﻋﺎَﺿَّﺮﻟﺍ َﻦِﻣ ْﻢُﻜُﺗﺍَﻮَﺧَﺃَﻭ [ 23 :ﺀﺎﺴﻨﻟﺍ ]( Силерди эмизген эненерге жанаэмчектеш эже – карындартарынаргауйлонуу силерге арам кылынды ) депайтат. Ошондой эле улуупайгамбарыбыз (сав) :ﺓﻼﺼﻟﺍ ﻪﻴﻠﻋ ﻪﻟﻮﻘﻟ " ﻡﻼﺴﻟﺍﻭ ﻦﻣ ﻡﺮﺤﻳ ﻉﺎﺿﺮﻟﺍﺎﻣ ﻡﺮﺤﻳ ﺐﺴﻨﻟﺍ ﻦﻣ ".( Туугандак тараптан уйлонуу арамболгондой эле эмчектештик тарабынанда уйлонуу арам болот ) деп айтат.----------
---------- Ошондой эле киши эже-синдини бир эле убакта никелейалбайт жана эже-синдилер кул болсо ,анда экооно тен жыныстык катнашкыла албайт. Бул тууралуу Алла Таала :ﻪﻟﻮﻘﻟ :ﻰﻟﺎﻌﺗ ﺍﻮُﻌَﻤْﺠَﺗ ْﻥَﺃَﻭ} {ِﻦْﻴَﺘْﺧُﺄْﻟﺍ َﻦْﻴَﺑ[ 23 :ﺀﺎﺴﻨﻟﺍ ]( Силерге эже-синдини бириктирипуйлонушунор да арам кылынды ) депайтат. Улуу пайгамбарыбыз (сав) :ﻪﻟﻮﻘﻟﻭ ﺓﻼﺼﻟﺍ ﻪﻴﻠﻋ ﻡﻼﺴﻟﺍﻭ ﻦﻣﺆﻳ ﻥﺎﻛ ﻦﻣ "ﻪﻠﻟﺎﺑ ﻡﻮﻴﻟﺍﻭ ﺮﺧﻵﺍ ﻼﻓ ﻦﻌﻤﺠﻳ ﻢﺣﺭ ﻲﻓ ﻩﺀﺎﻣﻦﻴﺘﺧﺃ "( Ким Алла жана кыямат куну мененыйман келтирсе , бир убакта суусунэже-синдинин жатынына токпосун ) депайтат.
Алдыга куч
#20 02 Январь 2015 - 15:29
Келечектеги перзенттеринин камын
көрүү – аларды ким төрөп, тарбиялайт -
деп жар тандоодон башталат. Абул-
Асвад: «Мен силер үчүн - башка
бирөөлөр артынан сөз ыргытпаган, элге
жамандыгын көрсөтпөгөн энелерден
тандап, силер төрөлгөнгө чейин эле
келечегиңер жөнүндө кам көргөм» деп
балдарына мактанган экен.
Пайгамбар Мухаммед с.а.в.: «Аялдар
байлыгы, сулуулугу, ата- теги жана
ыйманы менен турмушка чыгышат.
Береке тапкыр, колуң чаң болсо да
ыймандуусуна жеткенге аракет кыл»
дейт. «Колуң чаң болсо да» дегени –
аялың кедей болуп, өзүң кара жумуш
аткарып калсаң да дегени. Анткени, аял
байлыгына карабай ыймансыз болсо –
өзүмчүл келет да байлыгына чиренип
күйөөсүн башкарууга умтулат. Албетте,
күчтүү эркек буга жол бербейт жана
ортодо жарака кетет. Искендер
Зулкарнайн: «Күйөөсүн башкарууну
каалаган кыз экен» деп падыша
Дааранын кызына үйлөнбөй койгону
тарыхтан маалым. Чыгыштын белгилүү
бир акылманы: «Аллах аялдын
байлыгы үчүн үйлөнгөндүн
жакырчылыгын көбөйтөт» деген.
Аял сулуу болгонуна карабай ыймансыз
болсо – даңкка ач болот. Ал дайым
көңүл борборунда болгусу келип, өзүн
гана ойлогон эгоист келет да адатта көп
эрге тийип, акыры бактысыз өтөт. Араб
акылманы Аксам ибн Сайфий: «Оо,
жаштар! Силерди ата-тектин тазалыгын
сактаганга караганда аялдын
сулуулугуна берилүү жеңип кетпесин,
албетте бети чүмбөттөлгөн аялдар
сыймыктын тепкичи» дейт.
Ата-теги жакшы же «элитанын» кызы
болгонуна карабай ыймансыз болсо –
андай аял атасына кача берип, күйөөнү
да ата- энесин да нүрөтүп, түшкөн
жерин жарытпайт.
Ошентип, аялдын байлыгына карап
курулган нике – кедейлик келгенде,
сулуугуна карап курулган нике
карылыкта, ата-тегине карап курулган
нике алардын абалы өзгөргөндө
бузулуп кетүүсү мүмкүн. Бир гана
ыйманына карап курулган нике бекем
болот. Ыймандуу аял өзүнүн
байлыгына, ата-тегине, сулуулугуна
карабай эрге баш ийет, анын бар
жогуна моюн сунуп, балдарын жакшы
тарбиялап өстүрөт.
Үй -бүлөөнүн негизги максаты тукум
улоо болгондуктан, перзенттерди
тарбиялоодо эненин ролу чоң.
Пайгамбар с.а.в.: «Таштандынын
(мусордун) үстүндө өскөн сулуу гүлдөн
качкыла» дейт. Ал гүл - тарбиясы жок
же жүрүм-туруму начар ата-эненин
кызы. Ал кыз жакшы тарбия
албагандыктан келечекте балдарына да
жакшы тарбия бере албайт.
Пайгамбар с.а.в.: «Аялдардын
жакшысы – карасаң кабагыңды ачканы
буйурсаң көңүлүңдү тапканы, сен жок
кезде өзүн жана байлыгыңды бек
тутканы» деген. «Карасаң кабагыңды
ачканы» - анын сулуулугу, кийминин
тазалыгы жана толук зыйнаты жөнүндө
кабар берет. «Буйрусаң көңүлүңдү
тапканы» – анын жакшы жердин кызы
экендигине жана жакшы тарбия
көргөндүгүнө ишарат кылат. Ал эми
«Сен жокто өзүн жана байлыгыңды бек
тутканы» - анын дининин күчүн жана
Аллахка, Анын элчисине болгон
ишениминин билдирет. Демек, аял -
ички жана тышкы дүйнөсүндө дайыма
күйөөсүнүн ыраазылыгын табууга
шашылуусу жана макулдугун эрчүүсү,
күйөөсүнө жүрөгүнөн берилип, анын
жогунда намысын сактоосу жана анын
байлыгына бек туруусу зарыл.
Ислам улуу окумуштуусу имам Газали
уулуна аял тандоо жөнүндө: «Эй,
уулум! Аялың тарбия көргөн, адеп-
ахлактуу, жүзү жарык, денеси таза,
оокатына тың, тамак-ашка эпчил, ак
көңүл болсун. Тууган-туушкандарды
урматтоочу, айылдаштарыңды
сыйлоочу, ар-намысыңды, кадыр-
баркыңды коргоочу, айткандарыңды өз
убагында аткаруучу аял гана – Аллах
сүйгөн чыныгы жар боло алат. Мал
дүнүйөсүнө кызыгып аял алба, көз
каранды болуп, эркин жашай
албайсың. Аялга көз каранды болсоң
сен өзүң аял, аялың эркек болуп калат.
Аялга көз каранды болуу эркектин
кубатсыздыгын белгилейт. Аялдын
сулуулугуна кызыкпа, сулуулардын көбү
ойнош күткөнгө кумарланат» деп
насыйкат кылган экен.
Чыгыштын бир даанышманы: «Аялдын
сулуулугу үчүн үйлөнбөгүлө, анын
сулуулугу өзүн кууратышы мүмкүн.
Байлыгы үчүн үйлөнбөгүлө, анын
байлыгы өзүн соолутушу ыктымал.
Силер диндеги кызга үйлөнгүлө, кара
малай болсо да, диндеги аял
артыгыраак» деген экен.
көрүү – аларды ким төрөп, тарбиялайт -
деп жар тандоодон башталат. Абул-
Асвад: «Мен силер үчүн - башка
бирөөлөр артынан сөз ыргытпаган, элге
жамандыгын көрсөтпөгөн энелерден
тандап, силер төрөлгөнгө чейин эле
келечегиңер жөнүндө кам көргөм» деп
балдарына мактанган экен.
Пайгамбар Мухаммед с.а.в.: «Аялдар
байлыгы, сулуулугу, ата- теги жана
ыйманы менен турмушка чыгышат.
Береке тапкыр, колуң чаң болсо да
ыймандуусуна жеткенге аракет кыл»
дейт. «Колуң чаң болсо да» дегени –
аялың кедей болуп, өзүң кара жумуш
аткарып калсаң да дегени. Анткени, аял
байлыгына карабай ыймансыз болсо –
өзүмчүл келет да байлыгына чиренип
күйөөсүн башкарууга умтулат. Албетте,
күчтүү эркек буга жол бербейт жана
ортодо жарака кетет. Искендер
Зулкарнайн: «Күйөөсүн башкарууну
каалаган кыз экен» деп падыша
Дааранын кызына үйлөнбөй койгону
тарыхтан маалым. Чыгыштын белгилүү
бир акылманы: «Аллах аялдын
байлыгы үчүн үйлөнгөндүн
жакырчылыгын көбөйтөт» деген.
Аял сулуу болгонуна карабай ыймансыз
болсо – даңкка ач болот. Ал дайым
көңүл борборунда болгусу келип, өзүн
гана ойлогон эгоист келет да адатта көп
эрге тийип, акыры бактысыз өтөт. Араб
акылманы Аксам ибн Сайфий: «Оо,
жаштар! Силерди ата-тектин тазалыгын
сактаганга караганда аялдын
сулуулугуна берилүү жеңип кетпесин,
албетте бети чүмбөттөлгөн аялдар
сыймыктын тепкичи» дейт.
Ата-теги жакшы же «элитанын» кызы
болгонуна карабай ыймансыз болсо –
андай аял атасына кача берип, күйөөнү
да ата- энесин да нүрөтүп, түшкөн
жерин жарытпайт.
Ошентип, аялдын байлыгына карап
курулган нике – кедейлик келгенде,
сулуугуна карап курулган нике
карылыкта, ата-тегине карап курулган
нике алардын абалы өзгөргөндө
бузулуп кетүүсү мүмкүн. Бир гана
ыйманына карап курулган нике бекем
болот. Ыймандуу аял өзүнүн
байлыгына, ата-тегине, сулуулугуна
карабай эрге баш ийет, анын бар
жогуна моюн сунуп, балдарын жакшы
тарбиялап өстүрөт.
Үй -бүлөөнүн негизги максаты тукум
улоо болгондуктан, перзенттерди
тарбиялоодо эненин ролу чоң.
Пайгамбар с.а.в.: «Таштандынын
(мусордун) үстүндө өскөн сулуу гүлдөн
качкыла» дейт. Ал гүл - тарбиясы жок
же жүрүм-туруму начар ата-эненин
кызы. Ал кыз жакшы тарбия
албагандыктан келечекте балдарына да
жакшы тарбия бере албайт.
Пайгамбар с.а.в.: «Аялдардын
жакшысы – карасаң кабагыңды ачканы
буйурсаң көңүлүңдү тапканы, сен жок
кезде өзүн жана байлыгыңды бек
тутканы» деген. «Карасаң кабагыңды
ачканы» - анын сулуулугу, кийминин
тазалыгы жана толук зыйнаты жөнүндө
кабар берет. «Буйрусаң көңүлүңдү
тапканы» – анын жакшы жердин кызы
экендигине жана жакшы тарбия
көргөндүгүнө ишарат кылат. Ал эми
«Сен жокто өзүн жана байлыгыңды бек
тутканы» - анын дининин күчүн жана
Аллахка, Анын элчисине болгон
ишениминин билдирет. Демек, аял -
ички жана тышкы дүйнөсүндө дайыма
күйөөсүнүн ыраазылыгын табууга
шашылуусу жана макулдугун эрчүүсү,
күйөөсүнө жүрөгүнөн берилип, анын
жогунда намысын сактоосу жана анын
байлыгына бек туруусу зарыл.
Ислам улуу окумуштуусу имам Газали
уулуна аял тандоо жөнүндө: «Эй,
уулум! Аялың тарбия көргөн, адеп-
ахлактуу, жүзү жарык, денеси таза,
оокатына тың, тамак-ашка эпчил, ак
көңүл болсун. Тууган-туушкандарды
урматтоочу, айылдаштарыңды
сыйлоочу, ар-намысыңды, кадыр-
баркыңды коргоочу, айткандарыңды өз
убагында аткаруучу аял гана – Аллах
сүйгөн чыныгы жар боло алат. Мал
дүнүйөсүнө кызыгып аял алба, көз
каранды болуп, эркин жашай
албайсың. Аялга көз каранды болсоң
сен өзүң аял, аялың эркек болуп калат.
Аялга көз каранды болуу эркектин
кубатсыздыгын белгилейт. Аялдын
сулуулугуна кызыкпа, сулуулардын көбү
ойнош күткөнгө кумарланат» деп
насыйкат кылган экен.
Чыгыштын бир даанышманы: «Аялдын
сулуулугу үчүн үйлөнбөгүлө, анын
сулуулугу өзүн кууратышы мүмкүн.
Байлыгы үчүн үйлөнбөгүлө, анын
байлыгы өзүн соолутушу ыктымал.
Силер диндеги кызга үйлөнгүлө, кара
малай болсо да, диндеги аял
артыгыраак» деген экен.
Алдыга куч
- (9 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »