Философтор бут нерсени акыл мн чечууге аракет кылышкандыгы учун коомчулукту жетектеп ээрчитип кетуу мындай турсун, оздеринин баш аягын таппай калган. чындыгында эгер акыл бут нерсени чече ала тургандай кучке ээ болгондо, туура жолдун жолбашчыларына,
б. а. пайгамбарларга муктаждык жаралмак эмес, Демек, акыл ыйык Курандын жана суннеттин жетегине муктаж.
Философ Ойчулдар үчүн.
#242 25 Январь 2015 - 21:02
Акыл бычак сыяктуу. адамга кылмыш да, жакшылык да жасатат. жандуу жансыздын эн ардактуусу болууга акылдын жардамы болбой жетууге мумкун эмес, ошону мн бирге адамды копчулук учурда айбандан да томон даражага тушурууге да акыл себеп болот. ошондуктан акыл белгилуу бир тартипке салынышы керек, ал тартип ыйык Куран жана суннеттун тартиби. ошол себептен акыл жалгыз Алла Тааланын гана ыраазылыгына багытталган адал жолдун алкагына алынышы кажет.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#243 25 Январь 2015 - 21:14
философиянын акыйкатка жетуу максатында кайрылган жападан жалгыз булагы бул "акыл".
негизинен ар бир философиялык окууда акыл философиянын бир болугу болгон рационализмдегичелик "кудай"
даражасына чыгарылбаса да, жалпы философтордун жалгыз таянычы катары эсептелет.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#244 28 Январь 2015 - 22:25
Жогорудагы kerakg таксыр абдан даана, так, кыска жана таамай жазган экен...
#245 28 Январь 2015 - 22:30
Дүйнө таанымы боюнча атактуу философко караганда, жөнөкөй жана терең илимдүү диндар (ислам) адам алда канча өйдө !
Билдирүүнү түзөткөн: guard: 28 Январь 2015 - 22:35
#246 28 Январь 2015 - 22:41
иш качан бүтөт эчкачан!
качан эки метр жерге кирип кеткенде гана бүтөт!
(мен)
качан эки метр жерге кирип кеткенде гана бүтөт!
(мен)
#247 12 Февраль 2015 - 20:05
Дилин уккан адам Жараткан Алланы да угат.
Дил - бул жан-дуйнонун озогу.
Акылы бар, эси жок. Акыл томонку акылга жана жогорку акыл-эске болунот. Томонку акыл-ой дененин муктаждыктары менее гана чектелген. Ал эми Жогорку акыл-эс жан-дил аркылуу келген Жараткан Аалам ээси Кудуреттин буйруктарын аткарууга умтулат.
Шариат акыл-ой учун. Куран болсо дил учун.
Шариат - томонку акыл-ойдун чындыгы. Акыйкат - дилдин жана Жогорку акыл-эстин чындыгы.

"Дил жолу" китебин "Нуска" китеп дуконунон жана "Санат" Кыргыз китеп борборунан сатып алсаныз болот.
"Санат" Кыргыз китеп борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда жайгашкан.

#248 09 Декабрь 2015 - 21:35
Мага,филасофтордун айткан сөздөрү керек болуп аттыле. Ким билет.?
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#249 09 Декабрь 2015 - 22:34
Сократтан окуучуларынын бири:
– Айтыңызчы, сиздин кабак чытып, каш
бүрккөнүңүздү көрө албадым. Ар дайым куунак
болот окшойсуз? – дегенде Сократ:
– Анткени жоготкондо күйүнө, тапканда сүйүнө
турган эч нерсем жок, - деп жооп кайтарыптыр.
Ак жеринен өлгөн жакшы
Бир аял Сократты өлүм жазасына тартып алып
бара жатканын көрөт да, көз жашын көлдөтүп
туруп:
– Оо, дүйнөң менен куруп кет, алар сени эч бир
күнөөсүз жерден өлтүрүшкөнү жатышпайбы, -
дегенде Сократ:
– Оо, чоркок акыл, өлүмгө ак жеринен кетпей,
күнөө кылып кетишимди каалайт турбайсыңбы,
- деп жооп бериптир.
Кайсынысы жакшы?
Чөптүн тамырын жеп жаткан Сократты көрүп
бир киши:
– Биздин бекке кызмат кылсаң чөптүн
тамырын жегенге чейин барбайт элең, - дегенде
ал:
– Чөптүн тамырын жеп көрсөң, бекке малай
болууга чейин барбайт элең, - деп жооп
бериптир.
Кайсы учур ыңгайлуу?
– Тамактануу үчүн кайсы учур ыңгайлуу? - деп
Сократтан сураганда ал:
– Колунда барлар үчүн курсагы ачканда,
колунда жоктор үчүн тамак табылган учурда
тамактануу ыңгайлуу, - деген экен.
Кимдин шору?
Сократ күндөрдүн биринде бир бай менен
сапарга чыгып, бир оокумда каракчылардын
кошууну турган жайга келип калышканын
билишет. Бай:
– Таанып калышып менин шорумду кайнатат
го? – дейт. Анда Сократ:
– Мени таанышпаса шорум кайнайт го, -
дептир.
Бооруң ачыр эле
Бирөө Сократка:
– Сенин кедейлигиңди көрүп туруп жаман
боорум ооруйт, - десе ал:
– Эчтеке эмес, - деп жооп берет, – эгерде сен
турмуштун кедейлер көргөн жыргалын көрсөң,
мени коюп, өзүңдү аяп бооруң ачыр эле.
Ал эмнеге капа?
Сократка дагы бирөө кезигип алып аны:
– Кишилер сенин сөзүңө түшүнүшпөйт, - деп
айыптаса ал:
– Анысы мени анча деле кейитпейт. Эгерде сен
мени “кекеч экенсиң” деп айтсаң, балким, капа
болор элем, - деп жооп бериптир.
Сократ менен аял
Сократ өтүп бара жатып бутакта асылып турган
бир аялды көрүп:
– Атаганат, дарактын баары ушундай мөмө
байласа кандай сонун болор эле, - деп басып
кетиптир.
***
Бул сөздөрдү Сократ айткан:
– “Эң улуу жеңиш – адам өзүндөгү жаман
ойлорду жеңгени”.
– “Мен бир гана эч нерсе билбей турганымды
билем”.
– “Ким кааласа жолун табат, каалабаган
шылтоо табат”.
– “Ким ааламды өзгөртүүнү кааласа, алгач өзүн
өзгөртсүн”.
– “Ар бир адамда күн бар. Болгону анын
жаркырашына мүмкүнчүлүк бергиле”.
– “Жеш үчүн жашабай, жашаш үчүн жешибиз
керек”.
Улуу грек филасофу Сократтын айткандарын таап алдым.

#250 14 Январь 2016 - 14:25
Кара ниеттүү жүрөктүн ойлогонун, алдамчы жүз жашырып коёт тура..
Жүрөктөгү такка караганда, беттеги боёк жакшы...
Жүрөктөгү такка караганда, беттеги боёк жакшы...
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 14 Январь 2016 - 14:26
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#251 17 Сентябрь 2017 - 08:30
Башкалардын созу болсо анда кыргызчалап жазсанар эгер окшош тема болсо кечирим сурайм. Мен баштап берсем.
Эртеменен уйкудан козунду ачып ойгондунбу, демек сенин кылатурган маанилуу иштер бар, бисмилах менен иш башта шугур менен бутургун.
Эртеменен уйкудан козунду ачып ойгондунбу, демек сенин кылатурган маанилуу иштер бар, бисмилах менен иш башта шугур менен бутургун.
#252 18 Сентябрь 2017 - 14:24
"Ойчул философтор.
(Mаde in Kyrgyz)" темасы менен бириктирилди.