8-Март
– Аялдардын эл аралык майрамына карата «Супер-Инфо» гезити жана SUPER.KG порталы кыргыздын «супер келиндерине» сынак жарыялаган.
Ал үчүн «супер келиндин» сүрөтү менен кыскача кызыктуу баянды жазып, окурмандар бизге жөнөтүшмөк.
Сүрөттөр 5-февралдан 25-февралга чейин кабыл алынып, SUPER.KG порталына добуш берүүгө коюлду.
Добуш берүү 7-мартта
токтотулат.
Көп добуш топтогон сүрөт-баяндардын ичинен редакциялык кеӊеш тарабынан жеӊүүчүлөр аныкталат.
Жеӊүүчү аталган алдыӊкы бешилтикти өзгөчө белектер күтөт.
Андыктан чамдаӊыздар!
- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
«СУПЕР КЕЛИН» сынагы Катышуучулардын тизмеси
#2 26 Февраль 2016 - 11:36
Аида
Аида жеңе, алгач биздин үйдүн босогосун аттаган кезиңизде сиз менен кошо үйгө бакыт, кубаныч, айтор, бардык жакшылыктар сиз менен келгендей болду. үй-бүлөбүз дагы бир мүчөгө көбөйүп, агам экөөңөр турмуш жолуна аттандыңар. Быйыл сиздин келин статусуна ээ болгонуңузга туура 1 жыл болду. Ушул аралыкта кабагым-кашым дебей, өз милдетиңизди жакшы аткарып келе жатасыз. Сиз дүйнөдөгү мыкты келиндердин бирисиз. Мен сизди жеңем эмес, өз эжемдей көрөм. Агам экөөңөр бактылуу жубайлардан болушуңарга тилектешмин.
Гүл издебей гүлзарлардан,
Аны өзүңдөн издедим.
Белек албай магазинден,
Жараттым ыр тизмегин.
Артык көрүп белектерден,
Жеңе, ырды арнадым.
Капа болбо окуп берип,
Кемибес бакыт кааладым.
Жаркылдап күлсө жанашып,
Жайнаган көзү жарашып.
Бактылуу болбойбу анда агам,
Жаныңда жүрсө бир басып.
Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.

#3 26 Февраль 2016 - 11:39
Назира
Назира жеңе, сизге баарыбыз ыраазыбыз!
Биздин эң мыкты жеңебиз бар.Кайнагама жакшы жар, кайненеме,кайнежелериме жакшы келин, 5 эркек баланын мээримдүү энеси, менин сүйүктүү жалгыз жеңем. Эртең менен саат 5.30да туруп уй саап, бизге чай даярдап мээримин төгөт. үйдөгү, эшиктеги жумуштарды жасап, түшкү, кечки тамактарды жасап баарына жетишет. Жайкысын картошка айдап, чөп да чабат. Чарчабай балдарын бакканга, үйдөгү жумуштарды жасаганга жетишет. Менин 2 кызыма да энелик мээримин төгүп багат. Турмуш-шартка байланыштуу шаарда тургандыктан айылга анда-санда эле барам. Жаңы келин болгондон баштап мага эч качан атаандашпайт. Шаардан айылга барса жакшы тосуп алат. Айылдан шаарга кетсең жакшы узатып, тамагыңды салып берет. Жеңемди көрүп суктанып “бардык келиндер, жеңелер, мен дагы ушундай болсок” дейм. Жеңеме “Супер келин” сынагы аркылуу ден соолук, эч качан жамандык көрбөй, 5 баланын урматын, менин 2 кызымдын кызматын көрүңүз. Жеңе, сизге баарыбыз ыраазыбыз.

#5 26 Февраль 2016 - 11:45
Алмагүл
Жеңем Алмагүл 28 жашта. Байкемдин сүйүктүү жары, чоң энемдин мээримдүү келини. Байкем жыл сайын Орусияга кетет. Жеңем Таласта калып үйдө эркектин дажумушун кылат. Темир ширетет, кээде кой да кыркып коёт. Колунан көп нерсе келген ыймандуу жеңем бар. Байкем экөө үйлөнгөндөн бери эки башка жашайт. Жеңем айылда, байкем Орусияда иштеп, жылына 1 эле жолу келет. Жеңем чоң энемди карап үйдө жүрөт. Ар кандай тамак жасагандан эринбейт, интернеттен карап жасай берет. Ушундай супер жеңем бар .

#6 26 Февраль 2016 - 11:47
Асел Абдыкаева
Балам Улуктун сүйүктүү жубайы, кайын сиңдиси Перизаттын, кайниси Мухамбеттин, алтындай жеңекеси, кайнежеси Бурмачачтын “супер келинкасы” жана менин ыймандуу келиним Асел Абдыкаеваны майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Күнүгө таң эрте тура калып жүгүнүп батамды алып, эртең мененки чайымды берет. Жумушума узатып жатып “Апоу,бүгүн эмне тамак жасап коёюн, канчада келесиз?” деп сураса ичимден сүйүнүп Кудайыма миң мертебе шүгүр кылып келем. өткөндө 10 күндөй шаарда жүргөн учурунда кайра-кайра чалып “апоу, кыйналганжоксузбу? Биз бат эле барабыз, ээ?” деп айтса ансайын жүрөгүм элжиреп, көзүмөжаш алдым. Кагылайын менин сүйүктүү келиним. Ак жоолугун башыңдан тушпөсүн. Улугум экөөңөрдүн очогуңар, сүйүүңөр бекем болсун. Кудайым өзү колдосун, көз арткан адам болбосун. Чың ден соолукта көп жашап, наристелер ортоңордо ойносун! Бардык апаларга менин Аселимдей “супер келиндер”туш болуусун каалайм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мага ыймандуу кызды тарбиялап берген кудагыйым Динараны, Гүлбарчын чоң кудагыйымды да майрамдары менен куттуктайм!
Кайнене - Жылдыз Анарбекова, мугалим

#7 26 Февраль 2016 - 11:49
Күлипа
"Супер келин" сынагына энемдин 1960-жылдан бери Ысык-Көлдүн Дархан айылына келин болуп келаткан Күлипа апам тууралуу айтып бергим келди. Апам кайын журтуна ак кызматын өтөп, өкмөтүбүздөн “Баатыр эне" сыйлыгын алып, 5 кыз, 4 уулду татыктуу тарбиялап 33 небере, 9 чөбөрөсүнүн сый-урматын көрүп келет. 75 жаш курагында да кайын эжеси болгон Рапия эжемди көргөндө ийиле жүгүнүп саламын берип сыйын көрсөтөт. Жаш келиндердин энемден үлгү алуусун каалайбыз. Апамдын 2-март туулган күнү жана Рапия эжемди 8-Март туулган күнү менен куттуктайбыз. Уул-келиндердин кыз-күйөөлөрүнүн небере, чөбөрөлөрүнүн сый-урматын көрүп төрүбүздө отурушун каалайбыз!

#8 26 Февраль 2016 - 12:05
Назгүл
МЭЭРИМ ЖАНА КОЛ
Бир керемет жан бар, көздөрү мээримге, жүзү нурга толгон. Колдору түйшүктөн улам туурулуп калса да, ал колдор канча жанды кучагына кысты,саамайынан сылады, көз жашын аарчыды. Анын колдорундай колдор, анын мээриминдей мээрим табылбас. Ушундай кереметти камтып турган инсан - бул менин апам Назгүл. Керемет жан, үч баланын энеси, мээримдүү аял гана эмес, мыкты келин дагы. Башына ак жоолугун салынып, куттуу үйдүн босогосун аттаганына 25 жылга аяк басыптыр. Ушул күнгө чейин башынан жоолугун түшүрбөй, кайын журтка мыкты кызмат кылып келе жатат. Апамдын басып өткөн жолуна саресеп салып отуруп, келин бир гана аккызматы менен кадыр-баркка ээ болорун баамдадым.
Апа, жүзүң эч качан муңайбасын. Барым да, нарым да, мактанар байлыгым да сенсиң . Мени ушул күнгө жеткирген сенин колдоруң, сенин мээримиң.
Учурдан пайдаланып ааламды гүлгө орогон, жашоону шаңга бөлөгөн жалпы аялзатын жаз майрамы менен куттуктайм. Жашооңуздар бакытка, үйүңүздөр кут-берекеге толуп турсун!

#9 26 Февраль 2016 - 12:10
Зарина
Менин атым Айпери, 22 жаштамын. Мен силердин гезиттен "Супер келин" сынагынын жүрүп жатканын окуп алып өзүмдүн супер жеңем жөнүндө кыскача макала жазып жиберүүнү туура көрдүм. Анткени менин жеңем сиздердин гезиттин эң чоң күйөрманы.
Жеңемдин аты Зарина, 23 жашта. Сыртынан көргөндөр жеңемди дагы деле мектепте окуйт деп ойлошсо керек. өзү кичинекей, арык, анан да бир үйдүн жалгыз эрке кызы. Жеңем жапжаш болгону менен, оокатка абдан тың. Чынын айтсам, кээ бир айылдын келиндерине караганда жеңем алда канча кыйын. Жеңем келиндик доорун 19 жашында баштады. Абдан эле кыйналды, бирок бат эле көнүп кетти. өзү ачык мүнөз, шайыр жан, эл менен бат тил табышат. Жеңем биздин үйгө келгени биздин үй-бүлө күлкүлүү окуяларга бай. Мен кыскача окуяларынан айтып берейин.
Жаңы келгенде жеңем тамактын оңой эле түрлөрүн билчү эле. Анан бир күнү апам манты жасайлы деп жеңеме камыр жууруганды үйрөтмөкчү болду. Апам жеңеме камыр жууруганга керек нерселерди алып кел десе, чара, ун, туз, жылуу суу анан ачыткы да алып келиптир. Баарыбыз күлүп эле калдык. Жеңем эч нерсе түшүнбөйт. Апам ачыткыны нандын камырын ачытуу үчүн керектигин айтса, жеңем да боору эзилгенче күлдү. Азыр манты жасаган сайын ошол окуяны эстеп күлүп калабыз.
Жеңем жыл сайын жайында балдары менен чоң кайненесиникине барып жардам берип келет. Таенемдин колунда келини жок болгондуктан ал жыргап эле калат. Бир күнү үйгө коноктор келип калып, таенем жеңем менен кичинекей небересин дүкөнгө жиберет. Экөө баратышса жолунан улгайган апа келе жаткан болот. Жеңем жакындаганда эле жүгүнсө, ал апа жеңемди тааныбай, таенемдин кичинекей небересин таанып, "ии, Табигат, бул сенин жеңеңби? Ай, сен кимдин келини болосуң? Таалайгүлдүнбү же Таалайбектинби (Таалайбек бул апамдын иниси)?" десе жеңем күлүп "Гүлдүкү, апа, Гүлдүкү" дебеспи. Тиги улгайган апа күлүп эле "ии, күчүгүм, ыймандуу келин турбайсыңбы" деп батасын бериптир. Чынын айтсам, апам мурун айылга барарда жеңеме бир саат үйрөтчү эле "айылга барганда антип баспа, минтип күлбө, көп сүйлөбө" деп. Азыр болсо эч нерсе дебейт. Анткени жеңемди айылдагы апалардын баары жакшы көрөт. Айылга мен же байкем бара албай калсак байкашпайт, ал эми жеңем барбай калса дароо эле "жанагы шыпылдаган тың келиниң кайда?" дешет.
Чынын айтсам, силерге жазганымдын эң башкы себеби - бул жеңемдин сиздин гезитиңердин бетинен өзү жөнүндө ушу макаланы окусун дегеним. Анткени ар бейшемби күнү кимибиз үйгө эрте келерибизди сурап анан ошого "Супер-Инфо" гезитин алып келип берүүсүн суранат. Ошол эле болсочу, эртеси күнү 2-3 жолу СМС жөнөтөт "гезитти унуткан жоксуңарбы? " деп, анан чалып да текшерет "алып келтасыңарбы? " деп. Күлкүң келет. Анан баарыбыздан биринчи окуп анан бизге берет. Бул макаланы жеңем эле эмес, Кыргызстандын баары окусун жана билсин супер келин – бул менин жеңем экенин.

#10 26 Февраль 2016 - 12:14
Айчүрөк
Мен Айчүрөктүн кайнежеси болом. Биздин үй-бүлөгө келгенине 9 жыл болду. өзү мамлекеттик кызматта иштейт, 7 жылдан бери жаштар уюмунун төрайымы. Биз кээде эле кийим сатып албасак, баарын өзү тигип берет. Аял киши күндүз жасаган жумушту ал кечинде жасайт. Ага 3 саат же 5 саат уйку жетет. Андан ашык уктаганын 9 жылдан бери көрө элекпиз. Күндүзү эл кызматында, кечинде кайнене кызматында. Анан аябай кичипейил. Баарыбыздын көңүлүбүздү алганга аракет кылат. Анан байкоо сезими өтө күчтүү. Биз эмне дээрибизди карап туруп айта электе билип коёт. Анан дагы бир кызыгы - 9 жылдан бери апасынын үйүнө барып жатып кала элек. Барат да кайра кайтат. Тарбиясыбы же дээриненби билбейм. Же ата энеси да ушунчалык түшүнүктүүбү .
Менин жолдошумдун көзү өткөнүнө 5 жыл болду. Эч ким мага кайра жа ң ы жашоо бар экенин айткан эмес. Мен Айчүрөк аркылуу сүйүүмдү жолуктурдум. Жашоодо сүйүп жашоо кандай экенин сездим .

#11 26 Февраль 2016 - 12:16
Мыкты
Менин курбум Мыктым 24 жашта. Жалал-Абад шаарында жашайт, азырынча 1 кыздын апасы. Сулуу келин болгон курбуларым көп. өзүм да келинмин, бирок мен ушул келин жөнүндө айткым келет. Анткени ал үй-бүлөсүндө жалаң эркек балдардын арасында жалгыз кыз болсо да эрке болбой тың. үй жумуштарын мыкты билген кыз болгон. Эң биринчиден белгилей турган сапаты - ал тамакты эң мыкты жасайт.Европа, чыгыш, биздин улуттук тамактардын майын чыгара жасайт. Керек болсо тандырга нан жаап, ичегилерди тазалап, быжыларды катырат. Тамакты мыкты жасагандыктан биз тез-тез конокко барып турабыз. Азыр мен Ошто, ал башка шаарда болгондуктан көздү күйдүрүп күнүгө шедевр тамактардын сүрөтүн жиберип турат. Жадакалса ал курбулары үчүн тамактардын справочниги десек болот. Баарыбыз тамактардын десертин кантип жасаш керек деп сурап турабыз. Жалпы жонунан алганда ал кандай супер ашпозчу жана таза келин экенин анын күйөөсү Саматты карап билип койсо болот. Ал дайыма толуп, кам көрүлгөн абалда жүрөт. Ошол эле учурда биздин курбубуз дайыма татына болуп жүрөт. Мыкты заманбап жана улуттук кийимдерди кайсы жерде кантип кийишти билет. Төрөт маалына чейин банкта мыкты кызматкердин бири болгон. Юрист кесибинин ээси. Тамашакөй жана бийлегенде эч кимди алдына салдырбайт. Ыймандуу, 5 маал намаз окуган, кайын журтту мактаган мыкты жар, мыкты курбу жана супер келин.

#12 26 Февраль 2016 - 12:27
Гүлжаз
Жүрөктүн түбөлүк ээси
Алтыным бир гана сенсиң,
Тартуулап тунук сүйүү
Кубантып мени келесиң.
Колу ң дан кармап бекем
Келечек к е умтулам,
Ардагым болду ң менин
Жалгыз мага буюрган .
Таарынып каласы ң бат
Э ркелеп назик жаным,
Жылмайып кайра күлсөң
Чеги жок кубанамын .
Те ң деши жок ааламда
Э неден кийинки сен,
Тү г ө нг үс ж ү р ө кт ө г ү
С ү й үү мд ү билеси ң сен.
Арнадым ө м ү р ү мд ү
Б айланып сага бекем,
Д ү йн ө д ө кымбаттардын
Бири болду ң сен эркем.
Жаркылдаган ү йд ү н куту алтыным,
К ү л ү птурса ң ошол менин бакытым.
О кшош болсо ң болду менин апама,
Мээрим т ө г ү п акыл айткан балдарга

#13 26 Февраль 2016 - 12:32
Нурайым
Кызыктуу баян
Жашоомо жарык нурун берип турган жубайым Нурайым. Курагы 22 жашта болсо да акылдуулугуна, жөнөкөйлүгүнө, ыймандуулугуна, сабырдуулугуна, ошондой эле ар бир адамга жасаган мамилесине баа берип сыймыктанып, суктануу менен тойбой келем. Турмуш жолунда кезиккен ар кандай көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды өзүнүн жылмаюусу менен гана жеңип келгенине таң берем. Жаңы жыл астында баа жеткис бакыт тартуулап мойтойгон кызымды төрөп берип, мени «ата» деген атка кондурду. үйдө Нурайкам мээримдүү эне, сүйүктүү жар болуп апам Райханды өз энесиндей сыйлап, апамдын кеңешчиси жана сырдашчысы да болуп алды. Досторумдун тилин таап «супер келин» милдетин кемчиликсиз мыкты өздөштүрүп келет. Ийкемдүү ийилип, үйдөгүлөргө, келген коноктордун баарына жүгүнүп жатып өмүрүндө жүгүнүп көрбөгөн жездемди да жүгүнтүп жиберди. Адам баласы бук болот эмеспи, аялзаты өзгөчө. Кээде жубайымдын көздөрү жашыккан сыяктуу болуп калат. Жанына барып «эмне болду?» деп сурасам, эч сыр бербей жылмайып гана «эч нерсе, жөн гана оозумду ачып эстеп койгонго көзүмдөн жаш чыгып кетти» деп жооп берет. Ичимден чарчаганын, бук болгонун сезип турсам да мага даттанбай, арызданбай, “чарчадым, тиги анан бул” деп ыйлактабаганына терең ыраазымын жана ушул сапатын баалайм. Жасаган ар бир жумушу таза, так, тыкан, аягына чейин майын чыгарат. Басып бара жатып эле жумуштарды бүтүрө кетет. Мисалы, эшикте жүрүп ысык суу алганы үйгө кирсе, сууну алып эле чыгып кетпей, суу менен кошо жерге түшүп калган майда-чүйдөлөрдү терип, таштанды салган чаканы, итке берчү тамакты даярдап аны кошо ала чыгып, жолдон чачылып калган бут кийимдерди да жыйнай кетет. «Биринчи тиги жумушуңду жасап коюп эс алып алып анан деле, же эртең деле бул жумуштарыңды жасабайсыңбы? » десем, күлүп «Бурулуш таенем мен кичинекей чакта эжемдерге «ай, койкоюп эле ары-бери “шагом марш” болуп баспай, тиги жумушуңду да бүтүрө кетпейсиңби биротоло!” деп айткандарын кулагыма күмүш сырга кылып сактап алгам. “Азыр жумуштардын баарын эжемдер жасаса, алар күйөөгө тийип кетсе бул жумуштардын баарын мен эле кылам, мага да ушундай сөз айтылбасын, таенемдин ар бир сөзүн жаттап алчумун» деп бир чети мактанып кетсе, бир чети күлдүрүп маанайды көтөрүп жооп берет. Нурайкадай кызга мени жолуктуруп экөөбүздү кошкон Жаратканга жана тагдырыма ыраазымын. Силерге да өзүнчө терең ыраазычылыгымды билдирем. Биздин сүйүктүү гезитибиз «Супер-Инфого» ушундай мыкты сынак жарыялап, үйдө отурган биздин алтындай апаларыбыз жана эже-сиңди, жеңе-келиндерге, сүйүктүү жубайларыбызды кубандырып оригиналдуу куттуктаганга мүмкүнчүлүк түзүп бергениңерге терең ыраазычылык билдирем.
Урматым менен Нурайканын өмүрлүк жолдошу Нурбек.

#14 26 Февраль 2016 - 12:38
Медина
Жеңемдин аты Медина, биздин үйгө келин болуп келгенде 17 жашта болчу . А гам аны бир көрүп эле жактырып алган . Жеңем болсо агамды көргөн эмес . Ала качып келе жатып жолдо н машинасы бузулуп башка машинага отургузуп, ал бир аз жүргө ндөн кийин анын бензини түг ө нүп калыптыр . Дагы башка унаа чакырып , айтор, жеңем унаадан-унаага отуруп келиптир . Келгенде чатак салып акыры отуруп калды . Ө зү ачык, шайыр болгондуктан бат эле к ө нүп кетти . Жеңем чабандын кызы , жайында Суусамырдын жайлоосуна чыгып , кой кайтарып , эшек минип , кой союп , ичеги артып , кымыз жасап жүрчү экен . Той болуп калса кыз куумайга түшчү экен . Жаңы келин болуп келгенде ошол күндөрүн сагынчу окшойт. Мага “бирөө келатс а айтып кой” деп короодогу атты минип, чарбактын ичин айлантып чаап алчу. Атасы менен телефондон сүйлөшүп калса, дароо эле “мал-жан кандай, жылкылар каякта, жайытта жүр ө бү же үйдөбү?”деп сурайт .
Жеңем ашканада да тың . Бардык тамакты даамдуу жасайт , к ө бүнч ө ж етим күлч ө жасайт . Биз вилка менен жесек, ал дайыма камырды колу менен жейт . Ишт үү, өзүнө кийим тигип кийип , балдарына байпак токуп берет . Учурда агам эк өө нүн эки баласы бар. Агамдын үйдө жогун билгизбейт. Эми ү й - б ү л ө болгондон кийин казан - аяк кагышат . Жеңем менен агам эк өө б ө лм ө с ү н ө н урушса дагы эч нерсесин билгизбей ата-энемдин алдында жеңем к ү лүп турат . “ Таарынганды үйрөнүш керек эле . К үйөөм менен урушуп кетсем мени бир өө аны көздөй түрткөнсүп , оозумду тырмагансып өз ү м биринчи с ү йлөп баштайм” дейт . Кемчилиги - тамашаны чынга окшоштуруп салганы. Эң негизгиси, сүйүктүү жар жана мээримдүү апа. Окуусуна, үйдөгү жумушка, балдарына, агама көңүл бурганга жетишет.
Мен жеңемди келе жаткан 8-Март майрамы менен куттуктайм. Бардык жакшылыктарды каалайм, ал ошого татыктуу. Ө мүрү узу н болсун. Азыр кандай болсо, эч ө зг ө рбөй ушул бойдон карысын дейм.Балдарынын жакшылыгын көрсүн. Окуусун ийгиликтүү аяктап, мектепте тарых сабагынан билим берип, көптөгөн окуучулардын ыраазычылыгын алган мугалим болсун.

#15 26 Февраль 2016 - 12:58
Александра
Келиним анык супер келиндеген аталышка татыктуу
Саламатсыздарбы, "Супер - Инфо" гезитинин жамааты!
Менин келиним анык супер келин деген аталышка татыктуу деп 100 пайыз кепил боло алам.Бизде жалгыз эркек уул жана 3 кыз бар. Ошол жалгыз балам жогорку окуу жайда 6 жыл бирге окуган курсташ орус кызына үйлөнгөндө “кыргыздан кыз табылбай калдыбы ?” деп бир жума ыйлап жаткам. Кайнене болуп кылдан кыйкым таап бир ай сынадым. “Кыңк” деп өйдө карап үн чыгарган жок. Айткандарымдын баарына башын ийкеп, жер карап угуп "апа, үйрөтө бериңиз , мен сиздин айтканыңызды бүт үйрөнүүгө аракет кылам" деп бир ооз жооп берчү. Бара-бара ал менден үйрөнбөй эле мен жана кыздарым андан көп нерсени үйрөнө баштадык. Уйду шакылдата сааганы, тоонун боорундагы карды жиреп ат чапканы, тамакты түрлөп даамдуу жасаганы, мейман тосордо дасторконду гүлдөтүп кооздоп, конокторго тыпылдап чай куюп чуркап жүргөнүнө тан берем . Анан да тазалыгы на сөз жеткис. үй жыйнаганда "чычкандын тешигинен" бери шашпай кырып жышып чыгат. Келгенине 3 жыл болду. Татынакай кыз, кара көз эркекти удаасынан төрөп берди. Күйөөсү менен бир урушуп, катуу үн чыгарганын уга элекмин. Эрте келеби, кеч келеби жылмайып тосуп алат. Балдарына катуу үн чыгарбаган ушуну көрдүм. Бошобой жатса да жасап жаткан ишин токтото коюп, алардын суроолоруна да жооп берип, чекесинен сылап өөп турат. Айтор , баарыбызга кылган мээримдүү сый мамилесинен улам биз да аны жакшы көрүп калдык. Бирөө жөнүндө айтып “ ооруп-кыйналып жатыптыр ” десең , көзүнүн жашы даяр. Акыркы нерсесин берүүдөн кайра тарпайт. Үй-б үлөдө туулган күн болгон сайын дасторкон жайып, белектерин камдап турат. Ар бир баламдын туулган к үнүндө мага да кошо белек берип "апа, бул сиздин да майрамы ң ыз" деп турат. Балдарын бала бакчага жеткирип коюп, жумуштары менен чуркайт . Кечинде баары жаткандан кийин түн бир оокумуна чейин архитектуралык долбоорлорду чийип акча да табат. Иши кылып бир мүнөт бош отурганын көрбөйм . Ошентип "кайнене" болоюн десем да шылтоо таппайм. Эми "ата-апа, силерди Түркияга жиберем , эс алып келгиле ” деп акча чогултуп жаткан кези . Айтор, Александра келиним орус эле болбосо, анча-мынча кыргыздын келинине алмашкыс. “Энесин көрүп кызын ал ” дегендей , апасы мыкты аял. Иши кылып көз тийбесин. Отурган жерде кээ бир аялдар келиндерин жамандаса, мен мактанып эле отурам. Кайра өзүмдү урушам, көз-сөз тийбесин деп. Туугандарым болсо “ унчукпай эле жыргап отура бер, сага Кудай мыкты келинди берди ” деп калышат. Кудайга шүгүр , ыраазымын. Келиниме, уулума, неберелериме бакыт, ден соолук, ынтымак каалайм, өсүп-өнүгө беришсин.
Таттыгүл, 56 жашта.

#16 26 Февраль 2016 - 13:04
Малика
Бул сүрөттө мен апам (кайненем Малика) жөнүндө баяндайм. Апам биздин үйүбүздүн көркү, 5 баланын кадырлуу энеси. Кесиби мугалим, мээримдүү, ак ниет,чынчыл адам, келиндерин өз кызындай көрөт. Апамдын боорукерлигине аябай таңкалам. Биз кичине сыркоолоп калсак, өзү бат айыктырып коёт. Ал эми бул сүрөттө апам эки баласын тең үйлөп кубанып турган чагы. Ар бир ата-эне үчүн бала бакыт дегендей, апам да бул күндү көптөн күткөн. Учурдан пайдаланып апама узун өмүр каалайм, ар дайым сый-урматыбыздын үстүндө бар болуңуз!

#17 26 Февраль 2016 - 13:06
Ширин
Апакем менин идеалым!
Сүйүктүү гезитибиздин дал ушул сынагы менин чырагыма май тамызгандай эле болду. Себеби апакем 24-фераль күнү 60 жашка толду. Апакемдин бул кутман курагы, ага катарлаш 8-март майрамы менен оригиналдуу куттуктоого шарт түзүлдү.
Апам Садырова Ширин мектепти шаардан аяктап бюджеттик бөлүмгө окууга тапшырып, 1-курсту аяктаган кезде атакебиз тоонун этегин көздөй ала качып кетиптир. Куттуу үйдү чанып кете албай тагдырга моюн сунуп келиндик кызматты мыкты өтөп 5 перзентти жарык дүйнөгө алып келди. Учурда апамдын улуу-кичүү дебей баардык кайын-журтту сыйлап, мактап, кеңешип турганын гана көрөсүң.
Мен эмне үчүн апамды идеал тутам? Себеби апакем баардык адамды суктандырган жан. Анын кичи пейилдиги, жөнөкөйлүгү, элпектиги, жан дүйнөсүнүн тазалыгы, берешендиги, ак көңүлдүүлүгү адамдарды өзүнө тартып турат. Апам мыкты аялзаты, аял кишиге таандык жумуштарды аткары билет. Кийиз жасайт, килем токуйт, сайма саят, үйдөгү төшөктөрдү көктөп, парда тиккенге убакыт табат. Ар бир конок тоскон сайын кыргыздын сыйлуу тамактарын унутта калтырбай быжы, олобону сөзсүз жасайт. Апам китепти абдан баалайт. Сүрөттөгү 270 китебинен да бөлөк башка китептери көп. “Окуу, окуу жана окуу” деген девиз менен химия, биология сабактарынан билим берип келет.
60 жыл мурун маймыл жылында,
Кыш узап, февралдын аягында,
Улуу согуш ардагердин үйүндө,
Апакебиз келген жарык дүйнөгө.
Апакебиз болду бештин энеси,
Азырынча бар 13 небереси.
Айтып турат мыкты мугалим экенин,
"Эл агартуунун отличниги" төш белгиси.
Пенсияда болсо дагы апакем,
38 жыл аркалоодо мугалимдик өнөрдү.
Кайын журтка, бир тууганга урмат-сыйлуу асыл жан,
Багындырды бул жылы 60 жылдык өмүрдү.
Атабыз менен 42 жыл турмушта,
Ынтымакта ырыскы-бак табууда.
Куда күтүп, дос, жар менен катышып,
Ызаат, сыйдын даамын бирге татууда.
Апаке, майрамыңыз кут болсун!
Ар дайым көнүлүңүз ачык болсун!
Жашооңузда боло берсин жакшылык,
Мындан дагы ого бетер артылып!

#18 26 Февраль 2016 - 13:08
Асел
Алга, жеңе!
Алгач эле “Супер-Келин” сынагы жөнүндө гезитке жарыяланганда оюма жеңем келди. Анткени сынак ак көңүл, шайыр, келиндик кызматын мыкты өтөгөн жана өтөп келе жаткан, жеңекеме жана жеңем өңдүү аялзатын куттуктоо иретинде чыгарылыптыр деп түшүндүм.
Асел жеңемди мактабасам да сүрөттө баары чагылдырылып турат. Тушоо той болгон сайын жеңем минтип жаш кыз-келиндерди чаңында калтырып келет. Бул жолку тушоо тойдогу жарышта да эч кимди астына чыгарган жок. Той-аштагы сынактарда гана тим болбостон жеңем үйүндө тың келин, байкемдин сүйүктүү жары, сегиз баланын мээримдүү энеси. Жеңемдин эч бир терс мүнөзүн көргөн жокмун. Барга көппөй, жокко чөкпөй, сыноолорду сабырдуулук менен акыл калчап жеңип келет. Табиятынан ары тамашакөй, ары шайыр келген Асел жеңем эч бир жандын көңүлүн оорутуп, бирөөгө жаман сөз айтпайт. Мен өзүм студентимин, эс алуу күндөрү дал ушул жеңем менен байкемдин үйүнө барып калам. Качан барсаң шаң-күлкү.
Жеңе, сиз күн сымалсыз. Күн да теребелге тегиз нур, жылуулук берет эмеспи. Айланаңыздагыларга жылуулук тартуулаган, чар тарабыбызды көрккө, шаңга бөлөгөн жеңеке, ар дайым ушундай жаркылдап жүрө бериңиз.
Аялзаты, сиздер дүйнөнүн гүлү, күнү, көркүсүңөр. Сиздер барда аалам жарык.

#19 26 Февраль 2016 - 13:51
Айжан
Сонун келин Айжан
Мен жакшы көргөн келин. Мына азыр да маңдайымда чай сунуп отурат. Бул келиндин башкалардай эмес өзгөчөлүгү, албетте, мен үчүн анын жароокерлиги. Ар дайым үйүнө баш баккан адамга жылмайып учурашып, жүгүнүп тосуп алат да, конок бөлмөсүнө чейин узатып, жайлуу орунга отургузуп коюп өз бөлмөсүнө шашылат. Ал жактан башындагы жоолугун сөзсүз түрдө апакай жоолукка алмаштырып салынып чыгат. өзүнө куп жарашкан ак жоолугу, татынакай жүзүндөгү жылмаюусу, ишенчээк бала кыял мүнөзү, келбети кандай гана жарашыктуу. Он жыл өтсө да биринчи келгенин биринчи күнү келин болуп келгенде айтылган насаат сөздөрдү унутпай, өзүн тартиптүү алып жүрдү. Маанайы канчалык жок болсо да, жылуу мамилеси,орундуу сүйлөгөнү адамдын жан дүйнөсүндөгү капаны кайдадыр бир алыска кубалапжок кылат. Ар дайым бул келиндин үйүнөн узап бара жатып мүнөзүнө,адамгерчилигине ыраазы болуп алкыш айтам.
Айдай келин, ай, келин, атына заты жарашкан,
Назик келин садагам, аман-эсен көз жарып ал!
Кайнежең Зоя.

#20 26 Февраль 2016 - 13:52
Кошбаева Майрам Темиркуловна
Урматтуу «Супер-Инфо» гезитинин жамааты. Мен сиздер өткөрүп жаткан “Супер келин” сынагына өзүмдүн сүйүктүү апакемди жазгым келип жатат. Апамдын аты-жөнү Кошбаева Майрам Темиркуловна. Ал Чаткалдын керилген сулуу кызы, Токтогулдун акылкарачач келиндеринен болот. Апакемдин сапаттарына токтоло кетсем, айкөл, акылдуу, сулуу, ар бир кадамын сабырдуулук менен чечкен аялзаты. Ар бир адам өз энесин эч нерсеге теңелгис асыл адам катары билет. Бирок бул инсан Токтогул жергесинде абдан кадыр-баркка ээ. Атама турмушка чыгып, жолдошун өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, кайын журтуна азыркы тил менен айтканда “супер келин”. Үч кыз, эки уул тарбиялап, бардыгын өз тууруна кондуруп, 13 неберенин чоң апасы, таенеси. Кайын энесинин сүйүктүү келини болуп, алты кайын сиңдисин, эки кайнисин турмушка берип үйлөндүрүп, кайненесинин батасын алып, 90 жашында аны жерге берди. Азыр бардык кайын журту сыйлап, Токтогулдун элине Курманжан датка деген статуста жүрөт. Азыркы учурда 60ка чыгып калса да, келиндеринен биринчи өзү жүгүрүп жумуш кылып жүрөт. Ардактуу эс алууда болсо да Токтогул ветеринардык лабораториясында иштейт. Кызыл дипломдун ээси болсо да өзүн эч качан жогору койбойт. Келиндерин көтөрмөлөп, өз акылын айтып, кыздарынан да жогору көрөт. Сөзүмдүн аягында бардык аялзатын 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттукайм. Бардык элдердин сүймөнчүгү болгон, талашып окуп жума күндү күттүргөн “Супер-Инфо” гезитине ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп бергенине абдан ыраазыбыз.
“Супер-Инфо” гезитин барактайлы,
“Супер келин” таймашы башталды.
Жадыраган жаз майрамында,
Аялзаттын аруулугун даңктайлы.
Добуш берип чамдайлы,
Кыргызымдын келиндерин тандайлы!
Кызы Айжан Адылбекова.