Эми сенин журогундо ким жашайт,ойлорунда ким бар,
Кеч киреерде эшигинди ким учун ачып,таттуу атырынды
Ким учун себесин?
Биз откоргон жайдын жылуу кечтери,кереметтуу аппак
кыш санатасы,чагылгандан жашынган жаз жамгыры,
куздун алтындай болгон сары жалбырагы.
Ох менин Джессика Альбам.Элесин коз астымдан тунаарыктап
очуп баратат.Алыстан болсо да бир коруп алсам гана.
Ар дайымкыдай эле супсулуу болсон керек.Мен озгордум,мага
Кошулуп ойум да,кебетем да озгоруп,суусап жаткан дарак
Кейпин кийип калгам.Аттин азыркы байлыгым ошондо
Болгондо кана,атандын ачуу басарын басып,кош колдоп
бермек эле го.”Билесинби,
чыныгы суйушкондор барибир
Бирге боло албайт экенин уктум,ошон учун ,сен мени коп
Суйбо, мен сени мурадыгдай суйуп журойун"дегенигде урушуп
койчумун.Убак сааты келип эки айырым жолго тушоорубузду
эч ойлобоптурмун.
Атасынан башка уйундогулор баары билет да
Суйлошорубузду,
ким колумдан алып кетмек эле деп бейкапар
Журуп булбулумду капаска салгандай эле салып кетишпедиби.
Баарын кыйратып ийчуудой жаным эч нерсеге алым жетпей,
Аса таягын жоготкон дербиштей болуп эле нес абалда калып
Калдым го.Сенин кол жазма катынды,бирге тушкон суроттор
Берген белектерин баарын канчалык асырасам да коздон кайым
Болуп баратат.Бир гана сенден элес калтырчуу нерсе бул
Менин алгачкы автоунаам.Жаманбы,
жакшыбы,алыспы,
жакынбы
Айтоор даалай жерди кыдырдык эле.Биздин суйуп уккан музыка
Лабовойго жабышкан Love is сагыздарынын чаптагычтары,
Сени эстетип турат.Азырда кусааланган кезде минбесем да
Салондо жытынды энсеп бир топко отура калмай адатым бар.
Зуулдатып айдап,сени издоого чыксам гана.Аттин журогум
Жаралагандан сон,унаанын да журогун (моторун)
Сууруп алгам. Ошол бойдон жарык корбой гаражда жатат.
Унутууга умут берчу амалдын баарын кылдым.
Азыр уй булолуу адаммын.Дартым ичимде,сыртым жылтырак
Аялым байкуш куноосуз неме ,балдарымды озумдой кылып
Тороп койгон.Сырты окшошсо окшошоор,журогу
Окшошпой калсын..
Гулмира мени койо бер эми………..
Баракча 1 - 1
Ойлорум сеники Ойлорум сеники
#2 17 Сентябрь 2021 - 14:38
Сүйүү канчалык таттуу болсо,азабы да ошончолук ачуу болот деген ушул да..
Бактылуу болуңуз.
Бактылуу болуңуз.
#3 17 Сентябрь 2021 - 16:06
Жашоо ошонусу менен кызык, чыныгы сүйүүнүн даамын татып жашайсың)).
#4 17 Сентябрь 2021 - 16:07
Баракча 1 - 1