Кантсе да тыңчылык тажрыйбасы бар эмеспи бир айда эки-үч күн иштесе биртопко курсак тойгудай каражат түшүп калат. Жөн эле иштебейт, жергиликтүү райондун милициялары менен иштешет. Кимдер сатып алып жатат. Кайдан келип жатат аларга "стучить"
этип турат. Кылмыш кылбаса. Өз кара башына сайынып ууланып жатса милицияларың да андайларды карабайт. Айрым бир учурда оорурак кылмыш жасаса гана кармабаса. Аракет кылса наркосооданын тепкичи менен көтөрүлүп жогору жагына деле чыкмак. Өзү жолобойт. Төмөндө жүрсө жаны аман жүрөрүн билет. Жогору чыккандар көпкө жашабайт. "Ким семирсе ал союлат" деп коюшат наркосоодада.
Аден "жайлоого чыгып" семиргиси келбейт. Оюн салып он күн жашагыча, тынч "чөптөн жапыз, суудан үнсүз" жүрүүгө тыңчылык мектепте абдан машыккан. Шимшүүрлүк өнөргө да тыңчылык жогорку мектепте абдан машыктырышкан.
Учурунда СССРдин КГБсынын тыңчылары кандай гана наркоманга издөө салынбасын,
жердин жети кабатына кирип кетсе да сууруп чыгышчу. Кайран школа. Кайран кадрлар. Далайы Адендей болуп баркталбай талаада калды. "Кошбаев атылды" дегенде эле баягы өзү "стукач"
болуп жүргөн милициялар келишип,
"Шимшип көр. Кичине
Миллионго бааланган өмүр Курч окуялуу адабий көркөм чыгарма
#22 07 Март 2013 - 03:00
эле шектүү кабар уксаң бизге кабарла" дешип тапшырма берип кетишкен. "Хоп байкелер"
дегени менен эшикке да чыккан эмес. Анткени, Кошбаевдей наркобостордун баскан изи түгүл көлөкөсүнө урунсаң башың кетерин Аден мыкты түшүнчү. Шаарга түшкөн наркотовардын 80 проценттен ашыгы Кошбаевдин салаасынан саалып чыгаарын да жакшы билчү. "Жакшы эле семирдиң. Качан союлар экенсиң" деп жүрчү ичинен. "Атып кетиптир"
дегенди укканда, "Болчусу болуптур да" деп гана койгон. Бүгүн "Атып кеткендерди же тиешеси барларды так кабарлагандарга 1 миллион доллар байге акы берилет" дегенди укканда баягы көкүрөгүндөгү өлүп уктап жаткан тыңчы шимшүүрлүк сезими ойгонуп, "ишти колго алсамбы" деп жанын коерго жер таппай турду.
#23 07 Март 2013 - 03:13
1 миллион доллар. Кылмышкерди табышым толук мүмкүн. Бирок, ай 1 миллион долларды мага эч ким бербейт го. Өзүмдүн башым ыргып кетет го. Эгер 100 миңин эле мага бериңиз. Калганын сиз алыңыз. Болгону оюнду честный ойнойлу деп бир төбөсү да көчүгү да чоңдордон көмөктөш тапсамчы? Ай ким билет. Өзүнчө быпылдай сүйлөнүп бөлмөсүндө отура албай ары-бери басып жүрдү. Кантсем ыя? "Попытка не пытка" деп көрсөм бекен. Барган сайын каны кызып стол үстүндө турган жарым шише арактан стаканга куюп туруп тарытп жиберди.
#24 07 Март 2013 - 03:16
Эми мунун жаны тынчыбай калган эле. Өмүр бою кыялданган бир таттуу ою бар болучу. Көп акчаны лотереядан утуп алып же кандайдыр бир жол менен таап алып Японияга, Америкага, Италияга саякаттап барсам. Американын,
Италиянын наркомандары кандай көрсөм деп ойлочу. Ойлогон ою мына эми ишке ашчудай. Кудай "өзүнөн-өзү шарты келди, колдон чыгарбай пайдаланып кал" деп жаткандай туюлду. Бул тыңчы адам. Тыңчылык атайын билими, 20 жылдан ашык убакытты камтыган иш тажрыйбасы бар адам. Эртеси эле киши өлтүрүү болгон районду шашпай, эч кимге байкатпай, cыртынан караганда жөн жүргөн кайбирге окшоп, бирок, тыкат изилдегенге өттү.
#25 07 Март 2013 - 03:19
Алгач Кошбаев жашаган үйдүн өзүнүн тегерегиндеги үйлөрдүн картасын чийип чыкты. Машиналар каттаган жолдордун картасын чийди. Кошбаевди аткан "киллер"
(жалданып киши өлтүрүүчү) отурган машина кайсыл көчөлөр менен өтүшү мүмкүн алгачкы варианттарын иштеп чыкты. Арадан эки жума өткөндө, анын колунда райондун ар бир өстүрүлгөн багынан, коюлган мусур челегинен берки даана түшүрүлгөн карта турду. Аталган райондон сыртка чыгуучу жолдогу соода түйүндөрү, камоктор, жол боюна отура калып майда-чүйдө сатуучулардан бери белгилүү болду. Райондун базарчасына келип майда-чүйдө сатканга отуруп алып кулакты "кенен ачып" өзү Кошбаевди аткан күн тууралуу сөз баштап коет да, сөз учугунун уланышын күтөт.
#26 07 Март 2013 - 03:22
Базардын да өз ушагы бар. Базарчылардын бири-биринен өтүп шуулдап учуп жүрөт. "Цыган почтасы" дегениң да бул жакта калат. Базардан сөз тыңшоо менен гана чектелбей эртең менен эрте саат 6да келет да 8ге чейин Кошбаевдин үйүнүн жанынан кимдер өтөт. Өзгөчө 6 дан 7 ге чейин кимдер өтөт. Дайыма өткөн жумуш жолубу же анда-санда ылайыгы келип калганда өтөбү изилдеди. Бир айдын аралыгында күн сайын Кошбаевдин үйүнүн жанынан же коңшулаш көчө аркылуу эртең мененки саат 6 дан 8 ге чейин өтчүүлөрдүн анча деле узун эмес тизмеси түзүлдү. Кошбаевди аткандарды көрбөсө да кылмышкерлер түшкөн машинаны
байкагандары бар.
байкагандары бар.
#27 07 Март 2013 - 03:26
Себеби эртең менен эрте жумушка бараткан адам сергек, байкагыч келет да дайыма көрүп жүргөн чөйрөсүндөгү өзгөрүштү, шак көзүнө илип эсине сактап калат. Ал түгүл өзүнчө ой жоруп жыйынтыгын чыгарганга да үлгүрөт. Өзгөчө 6 менен 7нин ортосу жумушка анчалык деле шашкалактай турган учур эмес. Демек, тизмеге түшкөндөрдүн ичинен эгер Аден кылмышкерлердин
машинесы же өздөрү жөнүндө кабар берсе, күбө өтүүчүсү чыгышы толук ыктымал. Бир гана жери иликтей келгенде бул райондо негизинен жалаң жакшы турмушта жашагандар турганыдыктан, тигил тизмедегилердин баары оңой-олтоң сүйлөшүүгө мүмкүн болбогон кызматкерлер болуп
чыкты. Демек, конкреттүү факты менен гана "Сиз момундай түстөгү машинаны баланчанчы числодо көрдүңүз беле" деген суроо менен кайрылса, "көргөм" же "көргөн
эмесмин" дебесе башка жооп алышы кыйын. Эч жактан күтпөгөн күтүүсүз кабарды көчө боюнда тамеки, сагыз өңдүү майда-чүйдөлөрдү сатып отурчу кемпирден укту.

#28 07 Март 2013 - 10:01
- Ошол Кошбаевди атып өлтүргөн күнү биздин үйдүн алдындагы подвалда жашоочу кайырчы Кошбаевдер жашаган үй тараптан өкшөңдөп, бир нерседен катуу коркуп качып келаткансып чуркап келатыптыр.
Шашкалактаганы ушунча жанынан эле өтүп бараткан мени да байкабады. Ошонун астында эле тигил көчө менен бир кара машина жанагы силер "Иномарка"
дегендейи шуу өткөн. Ушул кайырчыда шегим бар. Ошол аткандарды көрүп калып эч кимге айтпай кымпыйып жүрөт.
#29 07 Март 2013 - 10:04
"Өлтүрүп кетет" деп коркот болуш керек. Эми буга өмүрдүн эмне кызыкчылыгы дейм да. Барып баарын милицияга төгүп салбайбы. Мурда ошол Кошбаев жашаган жакка көп барчу эле, эми барбай да калды -деди. Өз сөзүнө өзү деле эч маани бербей туруп. Адендин ээги шалпыя түштү. Өзү күткөн кабарды укканда ээги шалпыя түшчү. "Жиптин учугу башталды"
деди ичтен кымылдай. Кайырчыны оңой тапты. Болгону кандай кылып сөзгө тартуу ыгын ойлоно баштады. Эң негизгиси чочутуп албоо керек. Эгер чоочутса анда мындай адамдар сейфтен да жаман бекийт. Ачыш оңой эмес. Кемпирдин айтканы чын экен. Ошол күнү кара түстөгү "БМВ" mашинасы эртең мененки 7 менен 8дин ортосунда жөн эле эч нерсени көзүнө илбей шуулдап өткөнүн дагы эки камокто отургандар байкап калыптыр. Мындай кабарлар органда иштегендерге өмүрү айтылмак эмес. Аден катардагы майда-чүйдө сатып жүргөн пенде катары угуп коюп жатты.
#30 07 Март 2013 - 18:21
ххх
Кайырчы "Старик"
каргашалуу күндөн
кийин дайыма баягы
чакан базарды айланып
Кошбаевдер жашаган
райондогу берекелүү
чоң базарга барбай
калды. Кошбаевдин
өлүмүнө өзү күбө
болгонун бирөө көрүп
койгонсуп коркуп жүрдү.
Чоң базар деген чоң
базар болчу. Келдим-
кеттим да көп. Киреше
да түшчү. Кичине
базардан курсак
тойгудай бир нерсе араң
түшөт. Ушундай
күндөрдүн биринде
демейде машина
токтобогон базарчанын
оозуна чейин капкара
машина ары-бери өткөн
элди көзүнө илбей
качыра кайырчыга
кичине эле жетпей
келип токтоду да
ичинен баягы чачын
кыска алдырган жигит
баш болгон үчөө түшүп
базарга кирип кетишти
Кайырчы "Старик"
каргашалуу күндөн
кийин дайыма баягы
чакан базарды айланып
Кошбаевдер жашаган
райондогу берекелүү
чоң базарга барбай
калды. Кошбаевдин
өлүмүнө өзү күбө
болгонун бирөө көрүп
койгонсуп коркуп жүрдү.
Чоң базар деген чоң
базар болчу. Келдим-
кеттим да көп. Киреше
да түшчү. Кичине
базардан курсак
тойгудай бир нерсе араң
түшөт. Ушундай
күндөрдүн биринде
демейде машина
токтобогон базарчанын
оозуна чейин капкара
машина ары-бери өткөн
элди көзүнө илбей
качыра кайырчыга
кичине эле жетпей
келип токтоду да
ичинен баягы чачын
кыска алдырган жигит
баш болгон үчөө түшүп
базарга кирип кетишти
#31 07 Март 2013 - 18:34
Тигил жигитти Кайырчы көрөрү менен тааныды. Аз жерден ордунан атып туруп качып жөнөй сактады. Тизелери калчылдап турууга дарманы келбеди. "Садага, садага..."
деп сайраган тили да күрмөөгө келбей, эриндери кыбырап жер тиктей бүрүштү. Тигилер эч бейкапар сүйлөшүп шайдоот баса жанынан өтүп кеткенден кийин гана кичинеде барып эсине келе баштады. Көз кыйыгы менен карай машинанын номерин эсине тутту. Унутуп калбаш үчүн акчага айлантып туруп эсине тутту. Эмнеге эске түйдү түшүнбөй, маани бербей туруп эле ошентти. Эгер кандайдыр бир цифраны эсине туткусу келсе акчага айдандырып туруп, баланча сом десе өмүрү эсинен чыкчу эмес. Арадан бир саатча өтпөй кайра өтүштү. Дагы эки декилдеген жигитке толтура-толтура төрт-беш баштыкты
көтөртүп алышыптыр.tКайырчынын жанына келгенде баягы "Киллер" жигит:
көтөртүп алышыптыр.tКайырчынын жанына келгенде баягы "Киллер" жигит:
#32 07 Март 2013 - 18:40
- Эй биздин эсептен кайырчыга садага таштап койчу, - деп тигил баштык көтөргөн жигиттердин бирине кайрылды эле, берки эки жолдошу каткырып калышты. Берки эч үн дебей колундагы
баштыктарды жерге кое коюп чөнтөгүнөн акча алып чыкканда:
- Титиреп битирленбе. .. Көп эле таштай бер -деди да эки 50, төрт 100 сомдукту өзү тигинин колунан жулуп алып кайырчынын шапкесине ыргытты. Акча шапкесине түшкөндө, Кайырчынын көзү чекчейе түштү. - Садагаңар кабыл болсун. Кудай силерди сактасын, - деп тили да сайрай түштү. Акча түшө электе шып ала койнуна урду. Тигилер жанагы баштыктарды машинага салып алаксып жатканда, ордунан жыла туруп жылт койду. "Старик" tажрыйбалуу кайырчылардан. Тигил машина кетери менен жанагы акчасына ичи ооруп калгансыган эргул кайра келип, баарын албаса да бир тобун кайра тартып алышы толук мүмкүн. Бербей тырышып "кайырчыны сабап жатат" деп чуу көтөрөт дечи. Ошондо да ашыкча келтек жешти ким кааласын.

#33 07 Март 2013 - 18:44
"Ач кулактан тынч кулак" бул жерден жылт койгону оң эмеспи.
ххх
Кайырчыдан үч-төрт кадамча жерге мүшөгүн жая салып Аден чемичке сатууга отурду. Көзүнүн кыйыгы менен караган кайырчы ичинен "Жер таппай калгансып келген жерин кара" деп күңкүлдөп койду да өз ишин уланта берди. Аден болсо кайырчынын отурган-отурбаганына да көңүл бөлбөдү. - Чемичке алгыла?
Чемичке алгыла?!
Чаккан да арманда.
Чакпаган да арманда. Май чемичке. Экологиялык таза
чемичке. Чемичке алгыла?!
Ары өткөн, бери өткөндөр ала башташты. Аден кесек акча сунгандарга кайдан тапканын ким билсин он тыйындыктар менен элүү тыйындыктардан, кайрып берет.

#34 07 Март 2013 - 18:47
Бир ууч кылып. Бир ууч тыйынды айрымдары санабай туруп эле кайырчынын шапкесине ыргытып басып кетишет. Кайырчынын да иши оңоло түшкөнсүдү.
Алгач жактырбаса эми "Ырас жакын турган тура. Майда тыйынды чөнтөгүнө салгысы келбегендер мага таштайт экен" деп кымылдап калды. Деги бул күнү иши жакшы жүрдү. Кечке жуукка жетпей Адендин саткан чемичкеси түгөндү. Ордунан туруп күбүнө кагына кетип баратып "Бүгүн соодам жакшы жүрдү. Берекелүү жер экен. Эртең да келем" деп кубанган түр көрсөтө кайырчыга 70 тыйын кайыр таштады да кете берди. Аден кеткенден кийин кайырчы да жолуна
түштү.
түштү.
#35 07 Март 2013 - 18:50
Кайырчы менен Аден жанаша отуруп төрт күндөн бери иштеп жатышса да, бири-бири менен кобурашып жөн-жай да сүйлөшпөдү.
Күн сайын кетип атканда Аден 70 тыйын садага берип коет. Кайырчы Адендин жүдөө кейпин карап ичинен "кара мунун мага тыңсынып турганын. Өзүңдүн кейпиң меникинен деле айырмаң жок экен" деп кекерлеп калса да унчукпайт. Байкаса, Аденге бул тегерекке чемичке саттырбай кубалаган милициялар да тийбейт экен. Жанынан байкамаксан болуп өтүп кетишет. Ал түгүл бир жолу бир милиция Аденди ээрчитип кетти эле
кайра бир баштык чемичке көтөрүп келди. "Ии эргулум,
милициялардын чемичкесин сатат экенсиң го" деп калды кайырчы ичинен.
кайра бир баштык чемичке көтөрүп келди. "Ии эргулум,
милициялардын чемичкесин сатат экенсиң го" деп калды кайырчы ичинен.
#36 07 Март 2013 - 18:53
"Эй шүмшүк чал. Жогол бул жерден" деп ары өтсө да, бери өтсө да тийишип калчу мышмыйган сары сержант милиция да тигиге унчукпайт. Түшкө жакын келет да:
- Чемичкеңден чөнтөкө салчы, -дейт.
- Хоп шеф. Чемичке сизден айлансын, -деген тигил чемичкеге кошо бүктөлгөн акчаларды да тигинин чөнтөгүнө уруп жатканын бир жолу кайырчы көз кыйыгынан байкап калды. "Омээй жүдөмүш балээ го. Мында бир сыр бар" деп кайырчы кызыгып калды. Күндө эки үч жолу жаштар же кыздар келет да, кичине шыбырай сүйлөшүшөт. Тигилер беркиге ууч
акча карматат. Берки болсо чемичкеге кошуп кагазга оролгон бир нерсени тигилердин
чөнтөгүнө урат. Ал эмне экенине кайырчынын башы жете бербейт.

#37 07 Март 2013 - 18:56
Бир күнү Аден кайырчыга кайрылып:
- Эй ушинтип кайыр сурап отургуча чемичке сатпайсыңбы? Кечки тамагыңа жеткидей тыйынды чемичкеден деле табасың - деди тыңсына. Кайырчы ичинен ардана "кара муну" десе да.
- Мага чемичкени ким берет? - деди.
- Ким берет. Ким берет. Төрт-беш күндүк тамагыңды тарта ичип чогултсаң, тигил оптовиктерден аласың да, кайра бул жерде сатасың. Ушинтип уланып кетесиң.

#38 07 Март 2013 - 21:27
- Менин ден-соолугум начар. Мешок көтөрүүгө жарабайм, - деди кайырчы. Такыр байкуш боло. Чындыгында ден- соолугу деле жарамак мешок көтөргөнгө.
Болгону чемичке ташып, өтөт-өтпөйт деп сары-санаа болгуча субай-салтаң келип тилин бир аз сайратып отуруп тыйын таап алып басып кеткени жакшы эмеспи.
- И-и ошондой деймда, -деп кейип койду Аден. -Эмнең ооруйт?
- Ээ-э иничек мен айтпайын сен укпа. Авариядан кийин бир өпкөмдү алып салышкан. Көрсө, эки кабыргам сынып өпкөмө кирип кетиптир да, көпкө жатып калгандыктан өпкөм жарабай калыптыр. Буту-кол, омурткалар бүт талкаланган. Кантип тирүү калганымды да билбейм. Догдурлар аман алып калышты. Аман калып калганы курусун минтип... Жарым жан болуп... Жыргаган киши кайырчы болобу... Ээриндерин кемшиңдете кир жеңи менен көзүн аарчый үнүн каргылдантты. Чынында көзүнөн жаш деле чыккан жок. Айтып жаткандары да беш жыл илгери бир өлгөн кайырчыдан уккан таржымалы. -Ошондо өлүп деле калсам болмок экенмин.

#39 07 Март 2013 - 21:34
- Кой эми. Кайрат кыл. Сен өлгөндө эле жер тоймок беле. Тирүүнүн иши тирүү. Байкабай жараңа тийип алдым. Кечирип кой. Күнөөм үчүн кечки тамагың менден.
- Жөн эле кой. Өзүмдүн деле кудай буюрган ырыскым бар.
- Кой антпе.
Кечинде экөө Аден ээрчитип барган жеке менчик ашканадан Өзгөн күрүчүнө жылкынын этинен мыктап басылган аштан тойгуча жешти. Тамака тоюшкандан кийин кызыл чай менен бир шише таза аракты бөлө тартышты. Бул күнү кайырчы жатуучу подвалына көңүлдүү кайтты. Келип кара мышыгына жана күрүч жеп жатканда Аденге байкатпай чөнтөгүнө сала койгон чоң майлуу этти берди да: - "Ээ "илбирсим" сени кайда болсо унутпайм. Бул дүйнөдө сенден башка мени cыйлаган жак жок десем сыйлагандар да бар экен тобо. Көрдүңбү кандай таттуу тамак жедим", -деп мышыгы менен сүйлөшө жонунан сылап койду.

#40 07 Март 2013 - 21:38
ххх
Кара мышык да ээсине эркелей көздөрүн жуумп магдырайт. Чындыгында эле мышыгы экөө абдан ынак эле. Кышында чыйылдап карда жатканда таап алып баккан. Көзү да ачыла элек болчу. Нанды аябай чайнап туруп колу менен оозуна салчу. Дайыма сүт алып аны апкелип керагазга жылытып берчү. Көзү ачылып ирденгиче колтугуна салып жүрдү. Азыр да мышыгы ошол бала кезин эстейби кээде туруп-туруп эле колтугуна башын салып калат. Андайда Кайырчы:
- Кой эми Илбирсим чоңойдуң. Сага кайдагы колтук. Батпайсың, - деп эркелетет.
- Кыштын суук түндөрүндө экөө кучакташып бири-бирин жылытып жатат.
- Бир жолу адам таң каларлык окуя болду. Ошондон кийин кара мышыктын баркы ого бетер көтөрүлдү.
- Күндөрдүн биринде күрсүйгөн селсаяк кирип келди да кепке-сөзгө келбестен:
- Эй итирейген мээкайык. Жогол бул жерден. Экинчи жытыңды да искебегендей болоюн. Уктуңбу?! - деди.
- Кое тур тууган. Бул жер менин көп жылдан бери жашаган үйүм. Кепке кел, - деди эле.
- Мен мына минтип кепке келем, - деп керилип туруп тумшукка басты. Байкуш кайырчы тебетейдей учту. Жөн эле мурду бет болуп былчыйып калгандай болду.
- Кана дагы сүйлөшөлүбү? - деп жакындап келаткан күрсүгүйдөн коркуп бетин калкалап ордунан тура албай жөрмөлөй качкан кайырчы.
- Мамаа-а, ма-ма, ал