мышыгыңды... Байкебай мышыгыңды ал, -деген бакырыктан баш көтөрсө, кара мышык чакчырыла түйүлө секирип тигинин улам бир жерин апчый секирип кайра колуна урунбай ойт берип жаткан экен. Бир жак көзүн бетине кошуп бүт апчыптыр. Бир кулагы шалбырап жүрөт. Беттерин колу менен калкалады эле эки колунун үстү устара менен тилгендей шыпырылды. Тигил жан далбастап эшикке качууга бет алганда, кайратын жыя калган Кайырчы:
- Ал кырааным ал. Өлтүр. Экинчи көзүн да ой. Күрөө тамырдан тиште, -деп кыйкыра бурчтагы таягын ала коюп башын каткан тигини көк шилиге болгон күчү менен соккондо, күрсүйгөн неме оңкосунан түштү. Өзү нечен таяк жеп талуу жер кайсыл экенин билип калган кайырчы чаткаягына тээп-тээп калды эле, тигил өгүздөй өкүрүп эшикке жөрмөлөп жөнөдү. Мышык дагы соо качырбай ансыз да шалбырап араң турган кулагына кайра секирип апчый түбүнөн жулуп калды. Тигил кеткенден кийин да мышыктын ачуусу көпкө тарабай күрүлдөп атты. Кайырчы кубанганынан былчыйган мурдун да унутуп койду. Күрсүгүй подвалдан эптеп аман чыкканына шүгүр деп, экинчи кайрылгыс болуп куйругун түйдү. Кийин ал күрсүгүй селсаяктардын арасынан көрүнбөй калды. Көрсө, баягы жараттары кыштын суугундай ырбап айыкпай zhарыкчылык менен кош айтышкан экен. Мышыктын мындай эрдиги кайырчы менен тентимиш селсаяктардын арасына "дүң" деп жайылып кетти да, экөөнүн жылуу, ыңгайлуу үйдүн бир бөлмөсүндөй болгон жайына көз арткандардын тилеги өчүп, "тынчтык кылып алыс болгонубуз оң" деп
Миллионго бааланган өмүр Курч окуялуу адабий көркөм чыгарма
#42 07 Март 2013 - 21:49
калышты. Анан калса мышык да өзгөчө чоң болчу, тим эле кандек итче бар. Керилип жолборстой болуп басканын кантесиң. Кайырчынын мышыгы эмес эле хандын мышыгындай.
Капкара жүнү жылтылдап дайыма семиз. Бул тегеректеги ургаачы мышыктар бүт ушунуку. Керектүү учурда түнкүсүн чыгып бир бакырганда эле жетип келишет. Нечен "атаандашам"
деп эрөөлгө чыккандар кулактарын жулдуруп, жон терилерин шыпырткан. Кайырчы мышыгынын бул жоругуна сыймыктана "катынпоз"
деп эркелетет. Мышыгы көргөн махабат жыргалын өзү көргөндөй култуңдай кубанат. Бул ушундай жоругу башка мышык. Оо бул мышык жөнүндө айтылар сөз али алдыда...
#43 08 Март 2013 - 00:06
ххх
СССР аттуу улуу империя кыйрагандан кийин дүйнөлүк деңгээлдеги башаламандык башталып кетти. Дүйнөнү дүңгүрөтүп турган империянын башкаруу системасындагы механизмдин кыйрашы, бир уучка биригип турган майда мамлекеттердин өз алдынча эркин болуп чыга келиши ХХ кылымдагы улуу өзгөрүш болуп калды. Кудай ушул жолу адамзатка чоң жакшылык кылды. Кызыл кыргын согуш башталып кеткен жок. Согуштун жыты бирде оңдон, бирде солдон жыбылжый уруп барып араң бас-бас болду. Кызыл кыргын согуш болбогону менен мына ушул империяда жашаган адамдардын психологиялык tүшүнүгү мамлекеттик bашкаруу системасы менен кошо кыйрап укмуштуудай ачкөздүк менен байышка жулунуу "оруусу" пайда болду. Балким, мына ушул мамлекеттик жетекчиликтен баштап катардагы карапайым адамга чейин бай болууга жулууну "оорусу" согушту чыгарбай сактап калды десек туура болоор. Анткени, мамлекеттин бүтүндүгүнө, анын аймагынын кол тийгистигин күйүп жүрөктү туйлатып туруучу nатриоттуулук сезим дээрлик бардык адамдарда өлүп, кандайда болсо байыш

#44 08 Март 2013 - 00:11
кандайда болсо байыш керек деген гана айбандык сезим бийлик жүргүзүп калган мезгил өтүп жатты. Мынчалык байлыкка жулунуу оорусунун микробу кайдан келди? Балким, ал көп жылдар бою канда дүргүп жүрсө керек. Империянын диктаторлук бийлиги кулап, демократия келери менен ал канды тээп чыгып өз максатына жетти. Мамлекеттик эң жогорку бийликтегилерден баштап төмөнкү чиндеги чиновниктерине чейин калеминин башын кыймылдатып койсо да пара алмай катардагы көнүмүшкө айланып, эч ким деле муну эрөөн-төрөн көрбөй калды. Чоң согуш жүрүп өткөн жердеги кыйроону ордуна келтирип оңдоого экономикасы оңолгон мамлекет үчүн аз эле жыл кетет. Ал эми коомдо жашаган жарандардын жан
дүйнөсү бузулган ооруну айыктырууга оо көптөгөн жылдар
кетээр. Бул бир kадимки жомоктогу өлбөс Каүейдей. Бир башын алсаң экинчиси кайра өсүп чыга берет. Бир гана үмүт адамдар бардык ооруну
айыктыруунун жолун эртедир-кечтир тапкан өңдүү эле мындай "жоопкерсиздик оорусунун" да дарысын эртедир-кечтир сөзсүз табышат. Тез байып кетүүгө жанталашуу биринчи кезекте, акча каяктан тынымсыз агылып түшөт? деген суроону жаратары белгилүү.

#45 08 Март 2013 - 00:15
Бул анчалык деле оор табышмак эмес. Мунайзат, спирттик ичимдиктер,
тамеки, дары-дармектер акча куюлуп турган булак. Бул булактар бат эле бөлүштүрүлүп,
бийлиги да мүмкүнчүлүгү да болуп тургандардын колуна өтүп кетти. Чабышуулар,
тартышуулар болбой койгон жок дечи. Туш тарабы кыбыла болуп турган бийлик башындагылар "менчиктештирүү"
деген чепкенге жамынышты да өз билгендерин кылышты. Биз али бүт дүйнө боюнча акчанын оргуштап турган дайрасы болгон наркосооданы айта
элекпиз. Наркосоода капчыкты толтуруунун эң кыска жолу. Карагайдын башында илинип турган алтын жамбыдай жаркылдап гана азгырат. Кол сунсаң эле алчудайсың. Бирок, татаал жол. Кандуу жол. Атам замандан бери эле байлыктын өз анты бар. Өзүнөн өзү оңой келе калбайт. Түмөн түйшүк, түмөн азабын тарттырат. Мына жетип рахатын көрөм десең кан жуткурат. Андай байлыктын он күндүк рахатын көрө электе бүт тукуму курут болгондор саман. Адам ага болбойт. Кандагы эсепсиз байлыкты, бийликти эңсеткен жегич курттар болтурбайт. Астыга жулунтат. Отко баратканын, окко баратканын билип турса да бара берет.

#46 08 Март 2013 - 00:22
Адамдын психологиясындагыжеке керт башына өзгөчө ашыкча болсо да, "дагы жетсем" деп эңсеп байлыкка жулунуу, бийликке жулунуу оорусун айыктыра турган дары да, догдур да чыга элек. Жакында чыга коерун да кудай билет. Болбосо дүйнөдө 50 миллиард доллардан ашык дүйнөсү бар байлар бар. Адамдын жеке керт башы үчүн мынча көр дүйнөнүн эмне кереги бар. Жүз милиард байлыгың болсо да бардык адамдар дем алган абадан дем алып, бардыгына тийген күндүн астында, бардыгы таянган жерге таянчыктап жүрөсүң. Мына ушуну түшүнүш оор.
Ошол байдан сурачы. Бактылуусуңбу? деп. Жок. Кайгысы толтура. Сүйүүдөн жолу болбогон. Тукумунан начар чыгып калган. Карапайым адамдардын башындагы эле кайгы. Байлык миң жыл жашатпайт.
Тескерисинче атактуу байлардын дээрлик бары дүйнөсүнүн азабын тартып жүрүп, эрте жарыкчылык менен кош айтышкан болот. Адамдын мээсиндеги, канындагы бул ооруну миң айт бары бир. Жер өз огунда айлангандай эле баары өз жолу менен кете берет.

#47 08 Март 2013 - 00:27
ххх
Мамлекеттик бийликтин механизми кыйрап, баш-аламандык күчөп кеткенде, наркосоода гүлдөп кетти. Аз эле жылдын ичинде республиканын аймагында кеңири тарап тамыры жайылды. Кыргызстан дүйнөдөгү наркосоода жолуна
кирген мамлекеттердин катарына кошулду. Наркосоода коомдо жашаган адамдарга гана зыянын тийгизбестен, мамлекеттик башкаруу механизмине да ириңдеген жарадай таасир берээрин бийлик башындагылар кечирээк түшүндү. Эң башкы кемчилдик акчанын жыты келсе, башы айланып кеңгиреп, акылынан айнып калчу адамдар bардык жерде отурарын дайым унутканыбыз. Кечирээк болсо да наркосоодага каршы күрөш башталды. Өзгөчө оор түйшүк ички иштер кызматкерлеринин
мойнунда жүктөлгөнү мыйзам ченемдүү иш.
ххх
Ашкананын караңгы бурчунда эки эркек тамак ичип отурушту.
- Демек сени Ошко которушат экен да.
- Кааласаң да, каалабасаң да барасың. Оштогу бөлүмдү күчөткөнү жатабыз, - деп полковник ачык айтты.
- Оштогу бөлүмдү мейли күчтөшсүн. Бул жакчы. Бишкек жыргап кетиптирби. Бул жөн эле экөөбүздү экиге бөлүүнүн амалы го дейм. Көптөргө жакпай жүрөбүз деп айтчу элем го. Экөө тең гражданча кийинип отурушканы менен органдын кызматчылары эле.

#48 08 Март 2013 - 00:31
Болгондо да "Наркосоодага каршы күрөшүү" бөлүмүндө иштешет. Кең далылуу, бою узун сөөк-саактуу келген, чап жаак субагай жүздүүсү милициянын капитаны - Мурат. Орто бойлуу, чымыр денелүү, коюу кара чачтуу, кара торусу милициянын майору - Тариел. Бир бөлүмдө өнөктөш болуп чогуу иштегендерине үч жылдан өттү. Бири-бирине көнүп бүтүшкөн. Биринин мүнөзүн да бири жакшы билет. Шаардагы наркомафиоздор эле эмес, органда иштегендердин көбү экөөнү жактыра беришпейт. Экөөнүн колуна түштүң бүттү. Мейли министр сурансын кайра тартмай жок. "Тарамыш болуп тырышып калышкан экен" деген сөз да ушундан улам чыгып отурат. Бул жерге келип отуруштарынын эки себеби бар. Биринчиси, Кошбаевдин өлгөнү үчүн "жүз грамм" ичип коюу, экинчиси капитан Мурат Ошко которулуп жатат. Кичине чогу отуруп өздөрүнчө эркекче ажыраш аяк өткөрүү. Ортодо бир шише арак, эки стаканга
#49 08 Март 2013 - 00:40
жүздөн куюлган боюнча "Кана алып
ийбейлибини" айтыша элек. Экөө чүчпараларын ичип бүткөндө шыпылдаган ашпозчу шишкебек көтөрүп келип, жука тууралган пиязы менен кошо астыларына кое салды да, бошогон идиштерди алып кетти.
- Кел эмесе мобул байкуштарды жалдыратпай алып жиберели. Мына экөөбүз колубуз качан жетет? Кантип колго түшүрөбүз? деп жүргөн Кошбаев да жок болду. Экөөбүздүн колубуз жетпеген менен кудайдын колу узун экен, -деп Тариел тост көтөрдү. Экөө тең шап алып жиберишти да, ачуркана пияз кошкон шишкебек чайнай үнсүз отуруп калышты.
- Кандай дейсиң Таке, Кошбаевди кимдер жайлатты экен? Менин оюмча эрдемсип жүргөн жаштардын бирөөлөрүнүн кыжырына тийип коюп күтүүсүз өлдүбү дейм.
- Ким билет. Буга бир кийлигишсе Орус мафиясы менен Чечен мафиясы кийлигишет. Кошбаев экөөнүн ортосунда кылтыңдап коюшу мүмкүн. Экинчиси, сен ойлогондой өзүнчө эрдемсип жүргөн "Көңдөй баштардын" бирөөлөрүнүн ызасына тийип койсо, "Мына сага" деши мүмкүн. Эгер андай болсо, ал "Көңдөй баш" качып кутула албайт. Жердин түбүнө кирсе да табышат.
- Адам деген кызык да мунайзаттан түшкөнү деле жетет эле го наркосоодага эмне аралашты? - дейм да.
- Эсиңдеби мен Кошбаевдин өзүнө айтпадым беле наркосоодадан соо
чыккандар болбойт.

#50 08 Март 2013 - 10:15
Эртедир-кечтир эсебин алат - деп. Ошондо экөөбүздү шылдыңдап күлгөн. "Силер эмне мени наркобизнеске кошосуңар. Мен тазамын" деп. Минтип башы окко жарылып тырайып өлгөндөн көрө экөөбүздүн kолубузга түшсө ашса жети-сегиз жылга кетмек. Aкчанын күчүнө салып эки-үч жылда кутулат эле. Акылына кирсе дени соо жашап турмак.
- Ошондо Таке көзү ачыктык кылыпсың.
- Наркомандарың менен тытышып жүргөнүмө он беш жыл болду. Мен билбеген эмне бар. Тилди алган жок эле ит өлүм менен өлүп отурат. Экөө дагы жүздөн куюп, алып жиберишти.
- Тигилерди кара, - деди шишкебек чайнап жаткан Тариел башын жаңсай. Ашкананын ээси толмоч жигитти эки спортсмендерче
кийинген жигит кекетип жаткан экен. Мурат тиктеп калды. Тигил жигиттердин бири ашкананын ээсин кекиртектен алып муунта баштады. Мурат ордунан тура калды.
- Ээй Мурат отурсаңчы. Булардын бизге тиешеси жок. Жок дегенде бир жолу тынч тамак ичеличи. Мейли бири өлүп бири калсын.
- Коетур Таке, мен беш эле минутада. Мурат тигилер жака жөнөдү. Тариел Мураттын барыбир
болбосун билчү.
Чөнтөгүнөн соткасын алып чыгып бөлүмгө телефон чала баштады.
- Эй жигит, ашпозчу сага эмне кылды - деди Мурат тигилерге жакындай. Ашпозчуну муунтканы колун кое бербей туруп жанындагыга "Жаагын жаап кой" деди.
- Байкеси, бул жерде

#51 08 Март 2013 - 10:17
сиздин кенедей да ишиңиз жок. Өзүңүз
аман соодо жолуңузга түшсөңүзчү, - деп астын тороду орто бойлу чымыр денелүүсү.
- Мен эмес азыр экөөң тең бул жерден сыйыңар менен жоголгула да экинчи бул ашканага келген жолду унуткула.
- Им-нээ. Мен сага. Тигил колун шилтеп калды эле Мурат туура ээгине жете
бергенде муштумду шап кармады да, тез кайрып туруп силккенде "карс"
деген сөөк сынган же чыккан үн угулуп, кыйынсынган спортсмен "Апаа" деп бакырып жиберди. Сол колунун кыры менен кекиртекке
урганда, дым үнү чыкпай мешоктой кулап түштү.

#52 08 Март 2013 - 10:19
Ашпозчуну жакалаганы иштин жайын илгиртпей сезип кача жөнөгөндө бир секирип жетти да, кежигеге урганда көмөлөнүп түштү. Тигил кайра тура калып "Балдар"
деп
кыйкырганга үлгүрдү. Экинчи сокку чыкыйга тийгенде "шалак" деп бурчка кулады. Эшиктен жүгүрүп дагы экөө кирип келишти. Бири жүгүрүп келатып эле
"Ки-аа" деп түйүлө секирип тээп калды. "Ме сага ки-аа" деген Мурат буттан шап кармап өзүн көздөй силкип туруп
чатка урганда "Уу-уу" деп тигил ордунда чимирилип-чимирилип барып кулады. Экинчиси килейген бычагын сууруп алып качырып сала берди. Бычак кармаган билектен шап кармап артына толгой кайрып туруп колдун кыры менен чыкыйга урду эле көзү аңтарыла түшүп барып сулай
жыгылды. Тариел бурчта эч бейкапар кино көргөнсүп тамеки чегип карап отурду.

#53 08 Март 2013 - 13:49
- Ох ата айла жок мушташат да. Ох ата... ох ата, - деп коет Мурат сокку урган сайын. Төртөөнү төрт жакка жаткырган Мурат колдорун ушалай ордун көздөй басканда ашпозчу чуркап келди да,
- Эми булар мени оңдурбайт. Сиз кимсиз? Ашканамды өрттөп ийишпесе болду - деп ыйламсырады.
- Ашканаңыздын өрттөнбөшүн кааласаңыз тергөөдө түз көрсөтмө бериңиз -деди Мурат бейкапар.
- Сиз mилициядансызбы? Оо кудай эми кантем. Менттерди атайы чакыргансың деген да балээге калат турбайымбы. Аңгыча сиренасы менен милициянын эки машинасы жарыша келип токтоду да, капитан баштаган жулунган милициялар кирип келишти. Капитан Муратты да Тариелди да тааныйт экен.
- Капитан мырза, ушул тегерекке рэкеттик кылып жүргөн так ушулар. Жакшылап суракка алгыла да бир нече жылга тиякка жибергидей кылгыла.

#54 08 Март 2013 - 13:52
Эртең бошонуп кетип жүрбөсүн - деди Тариел.
- Майор мырза, буларды өзүбүз да колго түшүрө албай жүрдүк эле. Кам жебеңиз - деди капитан шыпылдай. Милициялар жаңы эсине келе баштаган тигилерди бир бирден сүйрөп кетишти.
- Үч күн спорт залга барып койсо эле "спортсменмин" деп чыга калуучулар көбөйдү. Чын эле спортсмен экен деп муштасаң мешок. Мурат өзүнчө кыжынып койду.
- Төртөөнү тең красиво сулаттың Муке. Мушташтан сага айла жок. Ошентсе да абайла, бир күнү чыныгы
профессионалга жолугуп калып арка- мойнуңду сындырып жүрбө.
Арактын калганын бөлө куйду.
Экөө ээрчише ашканадан чыкканда саат ондон өтүп калган. Бүгүн да экөө сыр
чечише жайма-жай отура алышпады.

#55 08 Март 2013 - 13:55
ххх
Аден кайырчынын тамырын улам тартып жакындай берди. Кайырчы мурдагыдай боюн ала качпай экөө кадимкидей бажактап сырдашчу болду. Кайырчы өзүнө окшогондор чөнтөгүнө кенен акча түшкөндө барып ысык тамак жасатып ичип мончосуна түшүүчү чоң көчүк аялдан бери Аденге тааныштырды. Күндөрдүн биринде
экөө жүз граммдашып орто кызуу болуп калганда, Аден аяр сөз баштады.
- Кошбаев деген миллионерди атып кеткен тура уккан белең? Кайырчы мас
болсо да сестейе түштү да:
- Миллионериң менен менин эмне ишим бар. Менин болгон байлыгым мышыгым хи-хи-хи, -деп күлүп калды. "Ого бул оңой куу чал эмес окшойт" деп калды Аден да. Ошентсе да сөздү улады.
- Мына ошол Кошбаевди атып кеткендер жөнүндө көрүп же билип калгандар болсо, эгер так маалымат берсе, миллион доллар берет экен. Кайырчы кулагын түрө дым чыгарбай угуп, ал түгүл соолуга түшкөнсүдү. Бирок, үн чыгарган жок.

#56 08 Март 2013 - 13:57
Кекиртегине эт тыгылып калгансып үңкүйдү да турду.
- Ту-уу ата. Миллион доллар деген эмне деген акча. Элестете да албайм. Өмүр бою бейиште жашап өтсөң болот. Эгер көрүп калган же билген киши болуп эбин таап акыл менен кабарды жеткирчү жерге жеткизсең, байлыка марыйсың да каласың. Аден тилинен чаң чыга такылдап чексиз байлык жөнүндө кыялдана сүйлөп жатып, көз кыйыгын кайырчыдан албады. Кайырчы күтүүсүз ордунан турду;
- Аден мен кетишим керек. Эптеп жарыкта түнөгүмө жетип алайын - деди да Адендин жообун күтпөстөн эле жолуна түштү. "Коетур бул шишени
бүтүрүп коелу" дегенди кулагынын сыртынан кетирди.

#57 08 Март 2013 - 13:59
Шишенин калганын оозуна тыгын тыгып жанына салган Аден Кайырчынын артынан акмалай жөнөдү. Ичинен буга эмне болду деп ойлоп коет. Арам ой ойлонуп жатабы? Өзүм жалгыз барып тиешелүү адамдарга айтып акчаны жалгыз алайын деген жаман акылга салган турабы? Анда бүт иштин өлгөнү. Адендин санаасы санга бөлүндү. Кайырчынын Кошбаевдин өлүмү тууралуу бир нерсе
билээрине анык көзү жетти. Бирок, кантип кепке келтирип сүйлөтөт. Экөө ичип отурганда мен кеп баштасам эле былжырап төгүлө баштайт деп ойлогон. Андай болбоду. Кайырчы оңой данек эмес экен. Чагыш жеңилге турбайт көрүнөт. Алдап үйүнө алпарып алып уруп, кыйнап көрсөбү? Оюна келгенди дөөрүгөн тескери кабарларды
берип башын айлантсачы. Балким өзүнчө ойлонуп көрүп сыр бөлүшөйүн деп чечээр.

#58 08 Март 2013 - 14:01
Эмнеси болсо да сыртынан кайтарууга алууну туура көрдү. Эгер кайырчы өз алдынча аракет кылууга ниеттенсе, анда эптеп үйүнө алпарып байлап салып кыйнап болсо да сырын айттырууну пландады. Кайырчы түз жатагына кирди да кирип кеткен бойдон кайра чыккан жок. Аден сыртынан түнкү саат 12ге чейин аңдып отурду. Эртеси таң атпай саат 6да келди. Кайырчы саат 8ден өтө бергенде чыгып күндөгү эле кайыр сураган базарын көздөй жөнөдү. Аден
мунун эч кимге деле жүгүрүп барып билгенин айта салууга ниети жок экенин билди.

#59 08 Март 2013 - 14:04
ххх
Кайырчы Аденден миллион доллар жөнүндөгү кабарды укканда, чын эле кекиртегине эт тыгылгансып дем да алалбай калды. Көз алдына баягы чачын кыска алдырган бала тартыла түштү. Астына ала жүрөгү түпөйүл болуп ичкен
арагы кайда кеткенин билбей солууга түштү. Тагдырдын нечен ысык- суугунда күйүп, бул тоголок баш кайда гана урунбаган. Күнүмдүк өмүрүнүн өткөнүнө ыразы болуп жүргөн кезинде, ашыкча түйшүктүн кайырчыга кереги барбы. Оо башында айттык го бул жөн кайырчы эмес тажрыйбалуу кайырчы деп. Ушул
кайырчылыкка моюн сунгандан бери өзү да башка тирүүчүлүктү ойлогусу келбей, "аягым кыбырап турса, курсагым тойсо болду" деп калган. Анан кара мышыгын сылап эркелетип, кучактап жатып караан тутчу.

#60 08 Март 2013 - 14:07
Болгон дүйнөсү ушу гана болуп калган. Сырттагы миң-миллиондогон адамдар эмне күн көрүп, эмне жашоо менен жашап жатат. Коомдо эмне өзгөрүү. Жер өз огунда айланып жатабы же токтоп калды беле иши да болчу эмес. Каргашаны карачы
бири-бирине чырмалыша байланган адамдардын жашоо жиби муну да кезеги келгенде кайрадан муунтуп тарта баштаганын. Кантсе экен. Кайдан да ошол каргашалуу күнү Кошбаевге темтеңдеп барып калды экен десең. Жүрөгү жөн дүпөйүл болчу эмес эле. Ай арты жакшылык болбойт го. Кайырчы жатагын көздөй үңкүйүп келатып мына ушуларды ойлоду. Жатагына кирээри менен түпкүчтөй ийилип уктап жаткан кара мышыгын кучактай бурчка тыгылды. Мышык ээсинин колуна башын сөйкөй "Мага эч нерсе алып келген жоксуңбу" дегенсип "мы-яф, мыя-яф" деп койду. Ээси көбүнчө бир кесим болсо да эт ала келчү эле. Алып келбесе деле мышык көп капа болбойт. Болгону атасынын колунан таттуу жеп көнгөн балача эркелегени.