Менин бир досум Ошто народныйда охрана болуп иштечу. Озунун сменин бутуп, эртеси бир шериги "менин ордума да туруп берчи сураныч " дегенине макул болуп. 2-куну да уктабай туруптур. 3-куну кайра озунун сменинде дале уктабай охранага турмак болуп турат экен. Жанакы рация менен суйлошуп турушат эмеспи алар. Рацияга звонок келсе , ал досум рацияны албай эле жанында турган ручканы ала коюп жооп берип коюп коет экен. Мына 2 сутка уктабай коюп 3-суткада болгон адамдын психологиялык абалы.
Уйку жөнүндө кызыктуу маалыматтар
#22 16 Июль 2014 - 13:07
Мен жогорудагы тести текшерип кордум, менде 6 "ооба" жообу бар экен. Демек менин уйкум жакшы эле экен. Кээде уйку канбай калуусу дагы туура, уйкум жакшы канбай калганда эртеси эрте уктап уйкумду толуктап аламын. Негизинде мыкты кенештер экен, авторго ырахмат.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#24 21 Июль 2014 - 14:19
Уйкусу жоктордун арасына мен да кирем.
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#25 28 Октябрь 2014 - 11:49
сонун тема экен
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#26 29 Октябрь 2014 - 16:14
#27 29 Октябрь 2014 - 16:14
Menin uykum chala bolup kalsa bawym ailanat.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#28 30 Октябрь 2014 - 08:42
Бир жарым жылдан бери таң атканча уктабайм. үч төрт саат уктасам ошол жетиштүү.
#29 30 Октябрь 2014 - 10:23
Толук эс алуу жана көпкө созулган уйку ыңгайлуу төшөктө гана мүмкүн. Төшөктү таза кармап, мезгил-мезгили менен кагып, чаңдан арылтып, матрац, жаздыктарды көбүрөөк желдетип, күнгө кактоо зарыл. Кыймыл жана дем алууга тоскоол кылбаган ич кийим кийип жатуу керек. Уктаганда чүмкөнүп жатууга болбойт, ал дем алууну кыйындатат.
Уктоочу бөлмөдөгү аба таза болууга тийиш, күн жылуу мезгилде терезени ачып, кышкысын уктарда бөлмөнү желдетип же форточканы ачып коюу сунуш кылынат. Уктаардын алдында 10— 15 мин. сейилдөө абдан пайдалуу, ал нерв системасын сеп алдырат. Уйкунун алдында ваннага түшүү же бутту ваннага (ысык эмес) салуу да жакшы. Тамакка абдан тоюп же ачка жатса да уйку тынчсыз болуп, ар кандай түш көрөт. Ошондуктан уйкунун алдында майлуу эмес, эти азыраак тамак жеп, кофе же чайды көп ичпей жатуу талапка ылайык. Уктарда тамеки тартпоо керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#30 30 Октябрь 2014 - 10:25
Жакшы уйку кишинин ишке жөндөмдүүлүгү менен ден соолугун бир калыпта кармоодо абдан маанилүү. Уйкунун узактыгы жаш өткөн сайын азаят, мисалы, 1 жашка чейинки бала суткасына 18, чоң киши 7—8 саат, улгайганда андан да аз уктайт. Кээ бир кишилердин уйкусу тиешелүү убакыт созулса да, уйкусу канбай калат. Мындай терең эмес, тынчсыз уйку акыл эмгеги менен көп иштегенде же абдан кызыктуу китеп окуганда болот. Терең уйкуда түш көрбөйт. Мындай уйку нерв клеткаларын абдан жакшы калыбына келтирет. Бирок жакшы, терең уйкуда мээ кыртышынын клеткаларынын бардыгы эле бир өңчөй тормоздолбойт.
Уйку канчалык катуу болсо да, уктаган киши кээ бир дүүлүктүргүчтөргө сезгич келет. Мисалы, эне чарчап катуу уктаганда кыйкырыкты,
түрткөндү сезбейт, ал эми баласы акырын эле ыйласа ойгонот. Киши дайыма жетишсиз уктаганда ишке жөндөмдүүлүгү,
нерв системаларынын абалы начарлайт. Көп учурда уйкунун бузулушу (уйку басуу же уйку качуу) оорунун белгиси болушу мүмкүн. Ал учурда врачка кайрылуу зарыл.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#31 30 Октябрь 2014 - 10:48
Уйкунун таасири
Мында организмдин ишке жөндөмү, айрыкча борбордук нерв системасы калыбына келет. Уйку маалында жогорку нерв системасынын иши басаңдап, булчуңдар бошоңдойт, зат алмашуу төмөндөйт, жүрөктүн иштеши, дем алуу сейректейт, кан басымы төмөндөйт. Уйкунун мезгилдүүлүгү организмдин тиричилигинин суткалык биологиялык ритми менен байланыштуу. Демек мээ менен кошо бардык ички органдар да «эс алат».
Мында организмдин ишке жөндөмү, айрыкча борбордук нерв системасы калыбына келет. Уйку маалында жогорку нерв системасынын иши басаңдап, булчуңдар бошоңдойт, зат алмашуу төмөндөйт, жүрөктүн иштеши, дем алуу сейректейт, кан басымы төмөндөйт. Уйкунун мезгилдүүлүгү организмдин тиричилигинин суткалык биологиялык ритми менен байланыштуу. Демек мээ менен кошо бардык ички органдар да «эс алат».
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#32 02 Ноябрь 2014 - 19:05
Maga kerektuu keneshter eken ,men da sutka je bir jarym sutka ishtegenime baylanyshtuu uktabay juro berem .Uykum takyr ele kelbey koet ,nochton chygyp uygo baryp uktaym dep baram da saat 1, 2 bolup ketet .Anda da aran jatyp jatyp uktaym koop ubakytta . Bul korunush albette menin den sooluguma taasiri tiydi , kozum kyzaryp ooruyt,bashym tez tez oorup dary ichkenge majbur bolom .BUYRUSA bul kenesterdin baaryn atkarganga araket kylyp korom, RAHMAT baaryna
#33 02 Ноябрь 2014 - 19:10
Мен уйкунун атасынын баласынын кошунасы болом.Кааласам бир сутка ордумдан турабай уктай берем.Кааласам эки сутка уктабай журо берем.Ошону бир калыпка салышым керек эле
#34 03 Ноябрь 2014 - 18:08
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#35 04 Ноябрь 2014 - 16:34
Испаниянын медицина адистери көмкөрөсүнөн жатып уктоо зыян экенин изилдеп чыгышкан. Мындай абалда уктоодо дене ашказанга, табарсыкка оорчулук келтирип, кан айланууну начарлатат.
Физиологиялык жактан эң эле туура абал - оң капталда уктоо. Мында ички органдар кысылбай, кыр арка эркин болот.
Организмдеги майды азайтууга таасир берген адамдын бой гормону уйкуда, өзгөчө уйкунун алгачкы 2-3 саатында бөлүнүп чыгат. Демек, ашыкча салмактан арылуу үчүн кандыра уктоо зарыл.
Уктаар алдында жана уктап жатканда суюктук көп бөлүнбөйт. Ойгонгондо ооздун кургап калганы ушундан.
Жатаарда сууну, тамакты көп ичүү, чатакташуу - уйкунун оор, тынчы жок болушун шарттайт.
Дем алыш күндөрү керелден кечке уктап "эс алгандан" көрө, жумуш күндөрү уйкунун убактысын көбөйтүп коюу оң.
Физиологиялык жактан эң эле туура абал - оң капталда уктоо. Мында ички органдар кысылбай, кыр арка эркин болот.
Организмдеги майды азайтууга таасир берген адамдын бой гормону уйкуда, өзгөчө уйкунун алгачкы 2-3 саатында бөлүнүп чыгат. Демек, ашыкча салмактан арылуу үчүн кандыра уктоо зарыл.
Уктаар алдында жана уктап жатканда суюктук көп бөлүнбөйт. Ойгонгондо ооздун кургап калганы ушундан.
Жатаарда сууну, тамакты көп ичүү, чатакташуу - уйкунун оор, тынчы жок болушун шарттайт.
Дем алыш күндөрү керелден кечке уктап "эс алгандан" көрө, жумуш күндөрү уйкунун убактысын көбөйтүп коюу оң.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#36 12 Июнь 2015 - 00:07
Уйкусурап жатасызбы? Энергия тартуулаган азыктарды кабыл алыңыз
Кээ бир тамак-аштар маанайды көтөрөт же түшүрөт, уйкусуратат же сергитет. Кээде энергия тартуулайт. Ал эми төмөндө күнүмдүк энергия тартуулоочу азыктар болуп эсептелет.
Алма
Алманын курамында бир топ витаминдер, кичи элементтер жана каротин бар. Алмадагы пектин заты организмден холестеринди жана катуу металлдардын тузун чыгарууга көмөк көрсөтөт. Андыктан күнүгө эртең менен алма жеп коюңуз.
Банан
Банан аритмия, атеросклероз жана жүрөк-кан тамыр ооруларында жардам берет жана организмде эндорфин гормондорун иштеп чыгууга түрткү болот. Ал эми бул гормондор медицинада "бактылуулуктун гормону" деп аталат. Күнүнө 1-2 даана банан кабыл алуу менен энергияңызга энергия кошосуз.
Ананас
Курамындагы калий тузунун жогорку кошундусу энергия тартуулоодон сырткары организмди ашыкча салмактан жана суюктуктан арылтат. Ананастын курамындагы пектин заты ичегилердин жакшы иштешине түрткү болсо, бромелайн заты тамакты сиңирүүгө, канды тазалоого жана иммунитетти чыңдоого жардам берет.
Бирок, ананасты ач карын жегенге болбойт.
Болгар калемпири
Кызыл болгар калемпири А жана С витаминине бай жана курамындагы ликопин заты рак оорусунун алдын алат. Күнүнө 3 даана кызыл болгар калемпирин жеп турууну сунушташат. Аны бадыраң, сыр жана буурчак менен аралаштырып жеңил салат кылса, жегиликтүү болот.
Кара шоколад
Кара шоколад – күнүмдүк энергияңызга энергия кошуучу азык жана анын курамында какаонун өлчөмү жогору болгондуктан, маанайды көтөрүүчү көптөгөн кичи элементтердин эң жакшы булагы болуп саналат. Бирок көп колдонуу маанайды көтөрүү менен бирге салмак кошууга да таасир берет. Андыктан күнүнө 57 граммдан ашык колдонбо керек.
Дарбыз
Дарбыз шишик, цистит, жүрөк-кан тамыр ооруларына, унутчаактыкка жакшы жардам берет. Анын курамындагы фолий кислотасы зат алмашууну жөнгө салат. Анын ширеси теринин өңүн жакшыртып, бырыштарды жазат.
Ашкабак данеги
Бул азык магний, темир жана кальцийге бай. Маанайын көтөргүсү келген адамдарга ашкабактын данегин чагуу керек. Анткени мында организмде серотониндин иштелип чыгышын шарттаган микроэлементтер камтылган. Дагы бир жакшы жагы, башка жаңгактарга караганда жеңил. Андыктан түшкү тамактан кийин 20 грамм ашкабак данегин жеп алсаңыз болот.
Сабиз
Сабиздеги бета-каротин ракты пайда кылуучу эркин радикалдарды жөнгө салат. Ошондой эле теринин жана көрүүнүн абалына оң таасирин тийгизет. Бирок бета-каротин организмге май менен кошулганда жакшы сиңерин унутпашыбыз керек. Андыктан сабизден жасалган салатка өсүмдүк майын же каймак кошуп коюу туура болот.
Лимон ширеси
Лимон кошулган муздак же ысык сууну ичүү аркылуу организмди энергия менен камсыз кыласыз. Мындан сырткары организмди витаминдер менен камсыздайт. Ошондуктан күнүңүздөрдү бир чыны лимон суусун ичүүдөн баштаңыз.
Ботко
Сулу организмдеги холестеринди эритип чыгаруучу жөндөмгө ээ, андыктан күнүнө эртең менен сулу акшагынан жасалган ботко жесеңиз, энергия бергенден сырткары жүрөк ооруларынын алдын алат.
Кулпунай
Кулпунай – биздин организмибизге зарыл болгон минералдардын негизги булагы болуп эсептелет. Анын курамында көп өлчөмдөгү витаминдерден тышкары темир, магний, калий, кальций, цинк, фосфор жана башка минералдык заттар бар.
Орточо чоңдуктагы бир лимондо канча С витамини бар болсо, кулпунайдын беш даана мөмөсүндө дал ошончо С витамини бар. Бул витаминге каныккандыгы жагынан кулпунай жемиштердин арасынан кара карагаттан кийинки экинчи орунда турат.
Ал эми курамындагы фолий кислотасы боюнча жүзүм менен малинанын алдында. Андыктан күнүнө 400 грамм кулпунай жеп, иммундук системиңизди, жүрөк булчуңдарыңызды бекемдеп алсаңыз болот.
Булардан сырткары күч-кубат берүүчү азыктардын катарына бадыраң, мөмө-жемиштердин кактары, ачытылып, туздалган капуста, сельдерей жана башка азыктар да кирет.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!